Quantcast
Channel:
Viewing all 382 articles
Browse latest View live

МУКАШ БАЗАРКУЛОВ АГАРТУУ АЙДЫӉЫНЫН БАБА ДЫЙКАНЫ

$
0
0

Кыргыз эли бүгүнкү күнү өлкөнүн билим берүү тармагынын оту менен кирип, күлү менен чыккан, агартуу айдыӊынын бала бакчасынан тарта жогорку окуу жайына чейин астыртан саресеп салып, анын  ар бир укумдай жерине өзүнүн опол тоодой салымын кошкон улуттун уӊгусу, улуу журттун чыгаан уулу Мукаш Базаркулов агайыбыздын 80 жылдык мааракесин белгилеп олтурат. Учурда Кыргыз мамлекетибизде жетимиш беш миӊдей мугалим болсо, алардын көч башында туруп, өзүнүн жаӊычылдыгы, билим берүүгө кошкон бараандуу салымы менен айырмаланып ЭЛ МУГАЛИМИ атанган, чыныгы устаттыгы аркылуу таанылган 24 залкар инсанды жакшы билебиз. Салыштыра келсек, сөөлөтү пайгамбарга тете, устаттык өнөрдүн туу чокусун багындырган мына ушул касиеттүү адамдардын арасынан жашоо-тагдырын жаштарды өстүрүүгө, аларды жаркын келечекке багыттоого арнаган, “алдыга салса ак жолтой, аркада жүрсө сан колдой”, өзүнүн калдайган карааны менен жалпы журтка дем берип, бүгүнкү күндүн Бакай атасындай образды тартып бере алган улут даанышманы тууралуу сөз учугун улагым келет.

Улуу педагогдун өрнөктүү өмүр жолу

Билим берүүнүн күжүрмөнү, Баба Дыйканы, бүтүндөй өмүрүн агартуу тармагына арнаган, мекенчил инсан Базаркулов Мукаш Базаркулович 1935-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Саз» колхозунда туулган. Ал Дөрбөлжүн кыштагындагы Сталин атындагы орто мектепти аяктаган соӊ, 1953-жылы Нарын шаарындагы мугалимдердин эки жылдык институтуна кирип, аны 1955-жылы бүтүргөн. 1955-1957-жылдары Ак-Талаа районундагы «Жаӊы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине өтүп, аны 1962-жылы аяктаган.

1974-жылы КПСС Борбордук Комитетинин Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектебин сырттан окуп бүтүргөн.

1962-жылдан 1965-жылга чейин Ак-Талаа районундагы 1-Май орто мектебинде мугалим, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору жана башчысы болуп эмгектенген. 1965-жылдан 1968-жылга чейин Ак-Талаа райондук партия комитетинин уюмдаштыруу бөлүмүнүн башчысы болгон.

1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин инспектору болуп иштеген.

1971-1979-жылдары Талас райондук партия комитетинин биринчи секретары болуп эмгектенген.

1979-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз Республикасынын билим берүү министри болгон.

Ал он үч жыл бою республиканын Билим берүү министрлигин жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, жаӊычыл педагогикалык ой-пикирлерди, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалим кадрлары менен камсыз кылуу жана окуу жайларынын окуу-материалдык базаларын жакшыртуу боюнча пландуу түрдө иш жүргүзгөн.

1984-жылы ССР Союзундагы новатор-педагогдор И. Шаталов, В. Ильин, А. Амонашвилилердин иш-тажрыйбалары боюнча басмадан чыккан «Педагогикалык изденүү» деген китепти кыргыз тилине котортуп, бардык мектептерге жайылткан.

Ал жетекчилик кылган ар жылы райондордо, шаарларда чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин слету өткөрүлүп, жыйынтыгы жеӊүүчүлөрдүн республикалык слетунда чыгарылып турган.

1986-жылы М.Б.Базаркуловдун жооптуу редакторлугу менен Москвадагы СССР Педагогика илимдер академиясынын «Педагогика» басмаканасынан «Антология педагогической мысли Киргизской ССР» аттуу эмгек китеп болуп басылып чыккан.

Чыныгы педагог-жетекчи окуу китептеринин сапатын жакшыртууга, алардын оригиналдуулугуна өзгөчө көӊүл бурган.

Кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн кыргыз тили, кыргыз адабияты, чет тили, музыка боюнча окуу китептери конкурстук негизде чыгарылып турган.

Камкор жетекчи

Мукаш Базаркулов жетекчилик кылууда авторитардык жол менен эмес, кесипкөйлүк менен адамгерчиликти айкалыштыра билип, башкарууда алдыӊкы тажрыйбаны колдонуп, убакытты,            кадрларды, мүмкүнчүлүктү рационалдуу пайдаланып, кемчилик-катачылыктардын себептерин, ийгилик-жетишкендиктердин сырларын эӊ мыкты өздөштүргөн. Дасыккан жетекчи утурумдук, күндөлүк иштерди эле ийгиликтүү аткарып калбастан, өлкөнүн билим берүү тармагынын келечектеги өнүгүүсүн камсыз кылуучу улуу максат, пландарды алдыга коюп, чечкиндүүлүк менен ишке ашырып келген.

Агартуу тармагында ал жетекчилик кылган жылдар аралыгында мугалимдердин, мектеп окуучуларынын кызыкчылыгын коргоо боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн. Мугалимдерди жайкы дем алуу учурунда, окуучуларды окуп жаткан мезгилде башка чарбалык жумуштарга пайдаланууну чектөө боюнча атайын республиканын Министрлер Советинин токтому кабыл алынган. Иш билги жетекчи мугалимдердин кесиптик билим алуусун башкы планга койгон. Ага ылайык 1990-жылы мугалимдердин 74% жогорку билимдүүлөр болсо, бала бакчалардын тарбиячыларынын 22% жогорку билимдүүлөр, 62 % атайын орто билимдүүлөр болушкан.

Агартуу тармагынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоодогу камкор жетекчи катары республика боюнча 70% ашык мектептин спорттук залы жок болгондуктан, бардык мектептердин спорт аянтчаларына металлдан жасалган спорт жабдууларын койдурган. Ошондой эле республика боюнча мектептердин 45%  «Корвет» компьютери менен камсыз кылдырган.

Мукаш Базаркулов – коомдук ишмер

Мамлекетке, элге жасаган ак эмгеги үчүн, жалпы журтунун колдоосуна татып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин депутаты жана Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары 1993-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын кабыл алышына активдүү катышкан.

Кесиптик даярдыкты күчөтүү жана мамлекеттик тил маселесине болгон мамиле

Мукаш Базаркулов билим берүү тармагын жетектеп турган мезгилде Кыргыз мамлекеттик университети баш болгон 13 жогорку окуу жайынын алтоо педагогикалык кадрларды даярдаган. Фрунзе шаарында кыргыз мектептерин, кыргызча бала бакчаларды куруу иши башталган.

М.Б.Базаркулов 1989-жылы «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алышына активдүү катышкан. Министрдин буйругу менен 1990-1991-окуу жылында орусча окуган мектептерде кыргыз тилин окутуу киргизилген. Бул улуттук тилди жалпы мамлекеттик тилге айландыруудагы мекендин келечегине чынынан күйгөн, атуулдук милдетти чоӊ жоопкерчилик менен аткарган ыйык парзы эле.

М.Базаркуловдун башчылыгы менен жогорку жана атайын орто билим берүүгө айрыкча көӊүл бурулган. 1990-жылы республикадагы эл чарбасында иштеген миӊ адамга эсептегенде жогорку жана атайын орто билими бар 350 адис туура келсе, анын ичинен 163 адам жогорку билимдүүлөр болгон.

М.Базаркулов министр болуп иштеген 1979-1991-жылдары республика боюнча 348 миӊ окуучу орундук 452  мектеп, 64 миӊ орундук  379 бала бакча курулган. Ата-энесиз жетим калган балдар үчүн 17 мектеп-интернаты курулуп пайдаланууга берилген. Өкмөттүн токтомуна ылайык 1985-жылы 11 жылдык окууга өтүү толук аяктаган. 1990-жылы 8-классты бүтүргөндөрдүн 97% толук орто билим алууга жетишкен.

1984-жылы Союзда биринчилерден болуп Фрунзеде балдарды аскердик жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдай турган 650 орундук атайын мектеп-интернаты ачылган.

М.Базаркулов 1992-жылдан 2006-жылга чейин Чүй облустук билим берүү башкармасынын башчысы болуп эмгектенген. Ошол мезгилде облуста жаӊы типтеги 49 мектеп иштеп, 31 мектепте айрым предметтер окуучулардын каалоосу боюнча тереӊдетилип окутулса, ал эми 7 гимназияда жана 11 лицейде таланттуу балдар окушкан.

Токмок шаарындагы №11 мектеп-лицейинде, Кант шаарчасындагы №5 орто мектебинде, Сокулук районундагы агрардык профилдеги Фрунзе мектеп-лицейинде окуучулар жалпы орто билим алуу менен жогорку класстардын окуучулары ар кандай майда кесипчиликтерди алып чыгышкан.

Облуста билим берүүгө көмөк берген 6 райондук фонду, 151 мектепте мектептин фонду түзүлгөн. Областтагы мектептердин 85% компьютер менен камсыз кылынган.

1992-2005-жылдары 13 миӊ окуучу орундугу бар 47 мектеп курулган.

Элинин сыймыктуу уулу

Кадырлуу агайыбыз Кыргыз ССР Жогорку Советинин IX, X, XI, XII чакырылышынын (1975-жылдан 1995-жылга чейин 20 жыл бою) депутаты болуп шайланып келген. Кыргызстан Компартиясынын XVI, XVII, XVIII, XIX съезддеринде Борбордук Комитеттин мүчөсү болуп шайланган (1975-1991-жылдар). Бул мисалдар мугалимдин жалпы коомчулуктагы аброюнун, салмагынын орду толгус экендигинен кабар берип турат.

Элине кылган ак кызматы, билим берүүдөгү баа жеткис эмгеги үчүн улуу устатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 1994-жылы «Кыргыз  Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими», 2005-жылдын сентябрь айында «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими» деген ардактуу наам ыйгарылган. Ал эми 2000-жылы  «Даӊк» медалы менен сыйланган.

Агартуунун алпы, улуттун баркы

Мукаш Базаркулов Ата Мекендин сыймыктуу уулу. Анын кылган ар бир иш-аракетинен жалпы элге, өлкөгө, билим берүү тармагына, мектепке, балдарга болгон сүйүү сезиминин ашып-ташып тургандыгы баамдалып турат. Ошондуктан анын калк арасындагы, билим берүү жаатындагы, педагогикалык коомчулуктагы аброю өтө жогору. Агартуу айдыӊынын күжүрмөнү, Баба Дыйканы болгон Мукаш агайыбыздын өрнөктүү өмүрүнөн сабак алсак, өлкөбүздүн келечек тагдыры үчүн кайдигер карабаган адам болуп калыптанар элек. Жүзүнөн нуру төгүлүп, өтө жөнөкөй, аталык мээримин ар бир кыргыз атуулу сезе алган, сүйлөсө оозунда нуска сөзү, насаат кеби, карасаӊ калдайган карааны менен жалпы журтка дем-күч берген улуу устаттын колунан мекендин канчалаган баатырлары тарбияланып чыкпады экен. Дегеним, Эл баатыры да МУГАЛИМ деген асыл адамдын колунан тарбияланып чыгары айныгыс чындык эмеспи. Ал эми ошол баатырды баатыр кылып эли-журтун, улут намысын коргоого калыптаган, күлүктү күлүк кылган саяпкер, кушту алгыр кылган мүнүшкөр сыяктуу УЛУТТУН УЛУУ УСТАТЫнын ак эмгеги бул чыныгы баатырдыктын жеткен чеги деп түшүнөбүз.

Рахат Сулайманова,

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к., профессордун м.а.


МУГАЛИМ —ӨЗҮ УЛУК, КАДЫРЫ БИЙИК БОЛУУГА ТИЙИШ

$
0
0

Өмүрүн мектепке арнайм деген жаштар көп

 Ушул күндөрү жаш педагог Кайырбектин кубанычында чек жок. Ал бала кезинен бери эӊсеп келген кыялына 1-сентябрда жетип, алгачкы жолу чыныгы мугалим катары окуучуларга сабак өтүп, алгачкы жолу мугалим үчүн эӊ улуу “агай” деген сөздү укту.

Байтик уулу Кайырбек быйыл Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетин кызыл диплом менен бүтүп, эмгек жолун Бишкек шаарындагы №68 гимназиядан баштап отурат. Ал бала кезинен ата-энесинин, бир туугандарынын жолун жолдоп мугалим болом деп тилек кылып келген. Тандап алган кесибин сүйгөн жаш педагог алдыда кандай оор күндөр турса дагы эч качан мектепти таштап кетпейм деп өзүнө бекем сөз берди.

- Өзүм төрт миӊ сом төлөп батирде турам. Эмгек акым канча сом болоорун билбейм, ал жөнүндө ойлонгон дагы жокмун. Бош убактымда кошумча иштегенге аракет кылам. Буюрса, мен баштаган ишимди эч качан, кандай гана кыйынчылыктар болбосун таштабайм, — дейт Кайырбек.

Бишкектеги №89 мектептин башталгыч классынын мугалими Нурланбек кызы Айгерим болсо үч миӊ сом эмгек акы алганына карабай 1-сентябрда сүйүктүү окуучуларын кайрадан мектептен тосуп алды. Ал былтыр Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин башталгыч класстарды окутуу бөлүмүн аяктап, мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу №89 мектептен эмгек жолун баштаган. Өзү мектепке жакын жерде үч миӊ сом төлөп батирде турат. Алган эмгек акысынын бир тыйынын коротпой батирге төлөп берип, ата-энесинин колун карап отуруп калганына карабай, быйыл кайрадан сүйүктүү мектебинде ишин улантууда.

- Азырынча мени ата-энем багып жатат. Алган эмгек акым эч нерсеге жетпей жатса дагы башкаларга окшоп кесибимди таштап кетип кала алган жокмун. Анткени окуучуларымды жанымдан артык көрөм, жан дүйнөм балдар менен бирге, — дейт Айгерим.

Канча кадр жетишпейт

 Тилекке каршы, жыл сайын миӊдеген жаштар мугалимдик кесипти тандап алып, төрт, беш жыл жогорку окуу жайында билим алып, убактысын да, каражатын да короткону менен Айгерим менен Кайырбектей болуп мектепке барып иштегендердин саны аз. Быйыл республика боюнча жаӊы окуу жылына карата 2340 мугалим жетишпей жаткандыгын, бул кемтикти толтуруу үчүн  жогорку окуу жайын бүткөн 1884 жаш адис мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу мектептерге жөнөтүлгөндүгүн Билим берүү жана илим министрлиги маалымдоодо. Алардын канчасы иш ордуна баргандыгы 10-сентябрдан тарта тактала баштайт.

Жылдагыдай эле быйыл дагы эӊ көп мугалим жетишпеген аймак болуп Чүй облусу эсептелет. Былтыр бул облуска жалпы 759 мугалим жетишпесе, быйыл 574 мугалим жетишпейт. Андан кийинки орунда Жалал-Абад облусу турат. Бул аймакка дагы 457 адис жетишпейт. Бишкек шаарынын мектептеринде болсо 327 мугалимдик орун бош. Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук, кадрдык жана мамлекеттик кызмат башкармалыгынын адиси Мамбетакунова Нургүлдүн айтымында, негизинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда орус тилинде окуткан мектептерде мугалимдер жетишпейт, кыргыз мектептерде болсо мугалимдик бош орун жокко эсе.

Мектептерде эки миӊден ашуун мугалим жетишпей жатса, быйыл жогорку окуу жайын 4779 жаш педагог аяктады. Анын 2381 бюджеттик негизде, 2398 контракттык негизде окуган. Былтыр болсо жалпы 4406 студент бүтүп, анын 1977 мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу мектептерге жөнөтүлгөн. Бирок жыл сайын төрт миӊден ашуун жаш педагог окууну бүтүп, анын эки миӊге чукулу мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу жөнөтүлүп жатканы менен жетишсиз мугалимдердин орду толбой келет.  Былтыр республика боюнча жалпы 2476 мугалим жетишпесе, быйыл анын саны анчалык деле өзгөргөн эмес. Былтыр мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу жөнөтүлгөн бүтүрүүчүнүн 1435 гана иш ордуна барган. Быйылкы жолдомо алган жаш адистердин канчасы иш ордуна бараарын азырынча эч ким так айта албайт. Бирок быйыл бюджеттик негизде окуган студенттерди кайрадан мектепке тартуу үчүн Өкмөт атайын токтом кабыл алды. Ага ылайык мамлекеттик гранттын эсебинен окуган ар бир студент мектепте үч жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Андан баш тарткандар мамлекет короткон акчаны кайра төлөп бериши керек. Бул жылы мамлекетке иштеп берүүдөн баш тарткандар ар бир окуу жылы үчүн 30 миӊ сомдон, орто кесиптик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү 28 миӊ сомдон төлөп берүүгө тийиш.

Супарасы курук болбошу керек

 Республикада педагогдор 12 жогорку жана төрт орто кесиптик окуу жайында дайындалат. 12 жогорку окуу жайдын төртөө гана борбордо жайгашса, калганы республиканын башка аймактарында. Бирок ар бир облуста экиден окуу жай педагогдорду даярдап жатканы менен мугалимдердин жетишсиздиги жоюлбай, билимдин сапаты жогорулабай жаткандыгы маселе жаратпай койгон жок. Билим берүүнүн сапаты жогорулашы үчүн ириде мугалимдер социалдык камкордукка алынышы керек экендигин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дагы Билим берүү кызматкерлеринин үчүнчү съездинде баса белгиледи. Анын айтымында, мектепке жаӊы барган жаш адис мамлекет тарабынан да, жергиликтүү бийлик тарабынан дагы камкордукка алынышы керек. Андыктан бул милдетти мамлекет башчысы Өкмөткө жүктөп, эӊ алгач мугалимдердин эс алуусуна жана ден соолугун чыӊдашына шарт түзүп берүүнү милдеттендирди. Агартуучулардын турак-жай маселесин чечүүүчүн ипотекалык негизде үй берүүнү колго алуу зарылдыгын дагы айтып, мугалимдерге карата камкордук программасын кайрадан карап чыгууну сунуштады. Мамлекет башчысы мугалимдер камкордукка алынганда гана билимдин сапаты жогорулаарына токтолуп, учурда квалификациялуу педагогдорду даярдоо маселеси орчундуу болуп жаткандыгын да баса белгиледи.

- Азыр биздин жарандар билимдин сапатына нааразы болуп жатышат.  Албетте, билимдин башатын мектеп, анын өзөгүн мугалим түзөт. Андыктан бизге жогорку билимдүү, ар тараптуу маалыматка сугарылган, чыгармачыл мугалимдер керек. Бир канча жыл мурун педагогикалык факультеттерди аяктаган студенттердин 17% гана мектепке барып иштесе, азыр бул көрсөткүч 30% өстү. Бирок бул дагы аз. Бул мугалимге социалдык колдоо начар болуп жаткандыгын айгинелеп турат, — дейт өлкө башчысы.

Президенттин айтымында, заман талабына жооп берген педагогдорду даярдоо үчүн алгач мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл. Ал үчүн ишти бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдөн баштоо керек. Себеби жождор бюджеттин эсебинен мамлекетке кереги жок адистиктерди окутуп, мамлекеттин каражатын текке кетиришүүдө. Ошол эле учурда акыркы жылдары табигый илимдерди окуй турган адистиктерге жаштардын барбай жаткандыгын мамлекет башчысы дагы, съезддин катышуучулары дагы секциялык иштерде баса белгилешип, бир канча жылдан кийин химия, физика, математика сабактарын окута турган мугалимдер калбай калуу коркунучу бар экендигин айтышты.

Акыркы кездерде билим сапатынын төмөндөшүнө мектеп жогорку окуу жайын күнөөлөсө, жож мектепти күнөөлөп келет. Бирок тилекке каршы, эки тарап теӊ биргелешип иштөө аракетин көрбөй, керек болсо практикага барган студенттерди мектеп албай жаткандыгын, же аларга тийиштүү көӊүл бурбай жаткандыгын съезддин катышуучулары “Педагогикалык билим берүү” секциясында биринчи маселе катары карашты. Жогорку окуу жайларда бир күндү сөзсүз “Мектеп күнүнө” арнап, студенттин бир күнүн толук мектепте өткөрүү менен, анын теориялык алган билимин практика менен айкалыштырууну жолго коюу зарыл. Андан сырткары токтоосуз түрдө мугалимдерди жаӊы стандартка тууралап даярдоо зарыл. Билим берүүнүн жаӊы стандарты түзүлгөндүгүнө байланыштуу жождор дагы программаларын өзгөртүүгө тийиш. Себеби жождун программасы азыркы жаӊы стандартка туура келбейт.

- Тез арада  иш тобун түзүп, жождун билим берүү стандарттарын мектепке тууралап оӊдоп, же жаӊы стандарттарды даярдашыбыз керек. Себеби азыр билим берүүнүн философиясы өзгөрдү. Демек, ошого жараша студенттерди даярдашыбыз керек, — дейт Кыргыз билим берүү академиясынын Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясынын башчысы Кыргызбай Добаев.

          2015-2016-окуу жылына карата мугалимдердин жетишсиздиги

Область, шаар Мугалимдер жетишсиздиги
Ош облусу 301
Ош шаары 249
Талас облусу 63
Чүй облусу 574
Нарын облусу 28
Баткен облусу 164
Ысык-Көл облусу 177
Жалал-Абад облусу 457
Бишкек шаары 327
Республика боюнча 2340

 

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

СТАМБУЛ ЖЕРДИН ЖҮРӨГҮНДӨЙ

$
0
0

 (Башталышы өткөн санда)

Мугалими менен дарыгерин  сыйлаган өлкө

 “Түркия аба жолдору” авиа компаниясы Кыргызстандан барган журналисттердин тобуна өз ишмердүүлүктөрүн көрсөтүп бүткөн соӊ, эртеси Стамбул шаарын атайын гид менен кыдыртып, бир катар маданий, тарыхый жерлерине алып барышты.

Бизди Стамбул боюнча тааныштырып жүргөн гид бир убакта Түркияда эӊ көп айлык  дарыгерлер менен мугалимдерге төлөнөт, дарыгерлер эки миӊ доллардан ары алса, мугалимдер миӊ доллар алат деп тамшана түштү. Мен чын эле ушундайбы деп тактап сурадым.

- Ооба, — деди ал сөзүн улап, айрым дарыгерлер керек болсо төрт миӊ долларга чейин айлык алышат. Ал эми орточо айлык 450 доллар. Андан аз маяна төлөгөн ишканага айып пул салынат, — дегенде биздин оозубуз ачыла түштү.

- Бизде, тескерисинче, эӊ аз айлыкты мугалимдер алышат, — дешти журналисттер кичине санааркай түшүшүп. Мугалими менен дарыгерин сыйлаган өлкө кантип өнүкпөсүн дедим ичимен.

 Стамбул Түркия боюнча өндүрүштүн эле эмес илим, билимдин, академиялардын да негизги борбору. Мында жүздөгөн окуу жайлар, илимий мекемелер иштейт. Айтылуу Стамбул университетинде эле 140 миӊ, Мармарада 55 миӊ студент окуйт. Мармара университети көп тилдүү окуу жайы болуп эсептелет. Мында айрым факультеттер англис, немис, француз тилинде билим алышат.

 Түркиянын жалпы салыгынын 40 пайызы ушул Стамбулда чогулат. Кийинки 20 жылдан ашуун мезгилде Стамбул болуп көрбөгөндөй өнүктү дешет. Анын оожалышына  азыркы президенти Эрдогандын чоӊ салымы бар экен. Ал Стамбулдун мэри болуп бир катар жылдар иштеген мезгилде шаар гүлдөп, экономикасы ай чапчыптыр. Ошондой опол тоодой эмгеги үчүн эл аны президент кылып шайлап алышты.

 Стамбулга 24 жыл мурун барган адам азыр барса адашат, өнүккөнүн көрүп калпагы жерге түшөт. Мына, өсөт, оӊолот деп ушуну айтат. Кыска аралыкта алар Босфордун жээгине эки асма көпүрө курушту. Көпүрө тургай деӊиздин эки жээгин туташтырган суу астындагы метротуннел салышты. “Түркия аба жолдору” авиа компаниясы дүйнөнүн чар тарабына учуп турат. Өнүгүүнүн баары мугалимге байланыштуу, алар мыкты окутат, ЖОЖдору кесипке татыктуу даярдайт. Бул билим айлампасындагы мыкты сапат Түркиянын бүгүнкүсүнөн көрүнүп турбайбы.

Туристтер каптаган шаар

 Стамбул Түркиядагы туристтер эӊ көп келген аймак. Орто эсеп менен бир жылда 12 миллиондон ашуун турист келет. Бул жагынан дүйнөдө бешинчи орунда турат. Туристтер үчүн аймактар дагы да болсо кеӊейүүнүн үстүндө. Мисалы, 2000-жылы келген туристтердин саны 2,4 млн. болсо, 2012-жылы 11,6 млн. болгон. Өсүү темпин салыштырып көрүӊүз. Туристтерди тартуу, аларды тейлөө, рекламалоо жагынан Стамбул дүйнөдө бешинчи орунда турат.

Шаарда 70 музей, 64 мечит, 49 эзелки чиркөөлөр бар. Байыркы чептер шаар ичинде дале бузулбай Константинополду (мурунку аты) эске салып, тарыхый ордунда айлантылып курулган боюнча турат. Топкапы сарайы, Ая-Софи эле бир жылда 30 млн. доллар таза киреше берет. Топкапыдан Мухаммед пайгамбардын кылычын, кесесин, буюмдарын көрдүк. Султан Ахмет мечитине барып, куран багыштадык. Стамбулда негизинен мусулмандар жашайт. Арак ичип, мас болгон кишини көрбөйсүӊ. Баары түрк чайын ичип олтурушат. Соода сатыктагы паритеттик ички дүӊ продукциясы 301.1 млрд. доллардан ашкан шаардын тургундары бизге токпейилдей көрүндү. Жулунган эч ким жок, жашоо жакшы. Стамбул миллиардерлердин да шаары. Айрым булактардын маалыматында шаарда 30дай миллиардерлер жашайт.

Биз Мрамор деӊизин бойлоп басып жүрүп, анын жээгинде эс алгандарды көп көрдүк. Самоор кайнатып, тамагын жайнатып, бир нукум жерин таштанды кылбай олтурушат. Мрамор деӊизин бойлото бетондолгон чоӊ жолдун аркы бети көк жайык. Ошол жерде атайын эс алыш үчүн отургучтар коюлган. Спорттук шаймандар да орнотулган. Тиги жагында деӊиздин боюндагы чоӊ аска таштардын арасында мышыктар балдарын ээрчитип жүрөт. Мышыкка алар тийбейт экен. Мынча келип, деӊизге түшпөй кетсек уят болот деген Адилет кесиптешимдин демилгесин колдоп, баарыбыз Мармара деӊизине чабак урдук. Туздуулугун айтпаӊыз. Ысык-Көлүбүз ага караганда булактын суусу болуп калат экен. Мармара деӊизи чалкып жатат. Бул да өзүнчө деӊиз транзити катары чоӊ роль ойнойт.

Стамбулда бизге салыштырмалуу кыш деле болбойт. Кышы биздин эрте жаздагы аба ырайындай. Мен муну мурда кыш мезгилинде барганымдан улам айтып жатам. Мекемелерде, үйлөрдө атайын ток жылыткычтар сайылып турат. Ошолор менен эле кыштан чыгып кетишет. Бирок кышында Мрамор деӊизи тараптан келген муздак шамал мээӊди чакчудай болот. Ошентсе да, Стамбулга кышта барсаӊыз өтө жылууланып тон кийбей эле койгонуӊуз оӊ. Үшүбөйсүз деле. Жайы өтө ысык эмес, 30 градустан ашпайт. Деӊиз курчап тургандыктанбы, абасы таза, ак көйнөктү жуубай бир жума кийсеӊиз болот.

Босфордогу бейиш

 Стамбул өзү калкынын саны жагынан Европадагы үчүнчү шаар. Бул жакта 15 миллионго чукул адам жашайт. Такталбаган маалыматтарда 20 миллион деп да жүрүшөт. Ушунча калк жашаган шаардын тазалыгын айтпаӊыз, гүлдөр жайнап көчөлөрү күзгүдөй көрүнөт. Түрк эли бири-бири менен көп араздашпаган эл. Бири-бирине жылуу мамиле кылышат. Жалпы Түркия дегенде жанын беришет. Стамбулду аралап жүрүп кыйкырып урушкан, машинесин туура эмес токтотуп корстон болгон, бир аз аярласаӊ сигнал берип шашкан, сөгүнгөн адам жокко эсе. Баары иш менен алек. Чоӊ, бензинди көп жеген жол тандабас машинелерди көчөдөн көргөн жокпуз. Эмнеге сейрек деп сурасак, бензин кымбат дешти. Чакан, жаӊы машинелер кыйма-чийме жолдордун көркү болуп берет. Эли байманасы ашып турса да сарамжалдуу жашаганга көнүшкөн.

“Түркия аба жолдорунун” өкүлү Селим бей бизди Босфорду көрсөткөнгө шашты. «Стамбулга келип, Босфорду көрбөй кетсеӊ анда бул жакка келбегендик болуп калат», — деди. Илгери орустун акыны Сергей Есенин Босфорго барам деп чамынгандай, биз да эртеӊки күндү күтүп, чамынып калдык. Босфор – Стамбулдун көрөр көзү, көкүрөгү. Кара деӊиз менен Жер ортолук деӊизди туташтырып, ортодо Босфор кызыгы аркылуу бир жылда 200 млн. тонна нефти ташылып өтүп турат. Хайдарпаша, Амбрали, Зейтинбурну портттору эӊ ирилерине кирет, майдаларын айтпай эле коелу. Биз ошол айтылуу Босфордо кемеде чайпалып, көп жүрдүк. Стамбулдун азия жана Европа тарабын байланыштырган Босфордогу эки асма көпүрө көз тайгылтат. Үчүнчү көпүрө да салынышы мүмкүн дешти.  Өндүрүшкө айланган деӊиздин чарчаар түрү жок. Кемелер байма-бай туристтерди ташып жатат. Деӊиз жээгиндеги үйлөрдүн баасы эӊ кымбат, миллион долларга чейин барат дешти. Бул жак Стамбулдагы эӊ кымбат райондорго кирет экен. Кечкисин ошол Босфордун жээгиндеги эӊ абройлуу ресторанында сый тамакка бардык. Түрк элинин ашканасы эӊ бай келет. Бир эле тамактын жүз түрү бар. Акчаӊ болсо тандап жей бер. Бул да болсо ашкана технологиясынын алдыга бара жатканын көрсөтүп турат. Кааласаӊ жээкке токтогон кораблдын ичинен түштөнсөӊ да болот. Ар жагында балыктын түрүн жейм десеӊ тез арада кууруп келе калчу атайын кафе иштеп турат. Биз алардан туристтерди кантип тейлеш керектигин барып үйрөнүшүбүз керек.

 Стамбулда чыгыш менен батыштын маданиятын теӊ көрөсүӊ. Ошон үчүн чыгышы да, батышы да деӊиздин куймасындай бир жерден жолугуп, жуурулушуп кете берет. Сиз ал жерден светтик жашоону да, диндик салтты да тереӊ байкайсыз.

 Туризм бешбармак деген тамак менен эле өнүкпөсүн турмуш өзү далилдеп жатпайбы. Алар миллиондогон туристтерди кабагым-кашым дебей, биздегидей кээде этке, чучукка уулантып ийбей тамагын берип, тейлеп жатышат. Тейлөө да эӊ сонун. Сен өзүӊдү кадырлуу кудаӊдын үйүндө конокто отургандай сезесиӊ. Тейлөөчүлөрдүн баары эркектер. Жашы да, орто жаштагысы да жүрөт. Биздегидей официант 20 жаштан ашпасын деген чектөө жок. Биз андан ары аягына чыксаӊ суй жыгылчудай болгон Гранд базарын да араладык. Байыркыдан бери келе жаткан Гранд базарынан алчу кийимиӊди кадимкидей соодалашып аласыӊ. Билбей барсаӊ бул жерден арзан оокатты эки эсе кымбат сатып алышыӊ да мүмкүн. Стамбулду бир дем менен айтып бүтө албайсыӊ. Анын ички духун тереӊ билиш үчүн жылдап жашаш керек.

Майрамбек Токторов,

“Кутбилим”, Бишкек — Стамбул — Бишкек      

P.S. Стамбулга карата уюштурган мындай журналисттердин пресс-туру үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине жана “Түркия аба жолдоруна” сөз кезегинде тереӊ ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Куш канаттуу  “Түркия аба жолдору”  менен учуӊуз

 “Түркия аба жолдору” авиа компаниясы өткөн саныбызда кабарлагандай дүйнө жүзүндө эӊ ишенимдүү, жогорку сапаттагы авиа компания катары таанылган. Бул бир эле аталган авиа компаниянын эмес, бүтүндөй Түркия Республикасынын ар намысы, мактанычы экендигин да айтпай кетүүгө болбос. Ошондуктан өткөн 2014-2015-жылдары  эл аралык каттамдагы жүргүнчүлөрдүн саны 6,8 пайызга өскөн. Ал бизнес-класста эле эмес, эконом-класста да бир нече ирээт эӊ мыкты компания деп табылган. Мындай дүйнөлүк аброй “Түркия аба жолдору” үчүн чек эмес. Алар дүйнөлүк “учуу космосунун” алдыӊкы гана сабында турууну көздөшөт. Дүйнөлүк коомчулук бүгүнкү күндө “Түркия аба жолдорунун” азыркы жетишкендигин танбайт жана дээрлик миллиондогон адамдар ишенимдүү болгондуктан бул компанияны тандап, алардын учактары менен беймарал учуп келишет. Эӊ негизгиси, борт инженерлери болгон учкучтардын, стюардессалардын кесиптик даярдыгы, тейлөөнүн мыктылыгы, учактардын жаӊылыгы, заманбап талаптардын бардыгына жооп берип тургандыгы эртеӊ  дүйнөнүн алыс тарабына, жердин наркы бетине барам дегендердин зор ишеним артышы бир эле бул “Түркия аба жолдору” авиа компаниясынын жетишкендиги эмес, жалпы эле адамзаттын жеӊиши катары бааланышы керектигин да айтпай кетпесек болбос. Ушундай дүйнөлүк эгедерлике жетише алган Түрк туугандарыбызга бир чети таӊ калып, бир чети тереӊ ыраазы болбой койбойсуз. Эмесе, миллиондогон элдерди аман-соо асманга учуруп, жай кондура бериӊиз, куш канаттуу “Түркия аба жолдору” компаниясы!

ТӨРТҮНЧҮ МУГАЛИМГЕ МОСКВАГА ЖОЛ АЧЫЛДЫ

$
0
0

Cанжарбек Данияровдун фонду тарабынан Чүй облусунун башталгыч класстарынын мугалимдери арасында өткөрүлгөн “Биринчи мугалим” конкурсунда башкы сыйлыкты Ортоӊку-Чүй айылынын №1 орто мектебинин мугалими Уланова Наталья жеӊип, Москва шаарына он күндүк саякатка жолдомо утуп алды.  

Сынактын экинчи туру 5-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУда өтүп, биринчи турдан тандалып алынган үч конкурсант: Сокулук районуна караштуу Средне-Чуйск айылынын №1 орто мектебинин мугалими Уланова Наталья, Кемин районундагы Чым-Коргон айылынын А.Казакбаев атындагы орто мектебинин мугалими Абдразакова Бактыгүл жана Панфилов районундагы  К.Жуматаев атындагы орто мектептин мугалими Мырзабекова Нагызгуль баш байге үчүн ат салышышты.

Сынактын биринчи турунда Чүй облусунун башталгыч класстарынын мугалимдери “Үйүндө китеби жок балдарды көркөм адабият окууга кантип үйрөтсө болот” деген темада дилбаян жазып жөнөтүшкөн.  Андан эӊ мыкты жазылган үч дилбаян калыстар тобу тарабынан тандалып алынган. 1-турдун жеӊүүчүлөрү окуучулары менен биргеликте Бишкек шаарына экскурсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ал эми сынакка катышуу үчүн дилбаян жазып жиберген мугалимдердин баардыгы жыйынтыктоочу экинчи турга чакырылып, алар дагы “10 жашка чейинки балдар үчүн менин сүйүктүү китептерим” деген сынакта ат салышып, ар кандай суроолорго жооп беришти.

- Экинчи турдун программасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кызыктуу болду. Калыстар тобу, катышуучулар, сүрөөнчүлөр жана коноктор активдүү талкуу жүргүзүшүп, баалоо критерийлери алдын ала айтылып, ар бир сынакка упайлар өз учурунда берилип турду. Мугалимдерге кызыктуу болушу үчүн атайын Токтогулдан жазуучу Турусбек Мадылбайды чакырганбыз. Ал мугалимдер менен тажрыйба бөлүшүп, балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруунун жолдорун айтып берди. Ал 32 тилде эркин сүйлөйт жана үч тилде китеп жазат. Андан сырткары англис тилиндеги мыкты дүйнөлүк китептерди кыргыз тилине которуп чыккан. Андан сырткары кыргызстандык жазуучу Олег Бондаренко мугалимдерге өздөрү түзгөн сайт тууралуу айтып берди. Сайттан акыркы жылдардагы жазуучулардын чыгармалары, чыгармачылыгы жана башка көптөгөн чыгармаларды орус, кыргыз тилинде тапса болоорун жана жаш окурмандар “Том Сойердин жоруктарынын” кыргыз тилиндеги вариантын көчүрүп алса болоорун билдирди, — дейт фонддун жетекчиси Асель Даниярова.

Баш байгени утуп алган Уланова Наталья жакын арада фонддун жетекчиси Асель Даниярова жана конкурстун 2013-жылдагы жеӊүүчүсү Шабдан орто метебинин мугалими Акматканова Алмагүл менен биргеликте Москва шаарына он күндүк саякатка жөнөп кетет.

- Быйыл эки жеӊүүчүнү алып кетип жатам. Себеби 2013-жылдагы сынактын жеӊүүчүсүүй-бүлөлүк шартына байланыштуу бара албай калган. Алар менен мен 24 саат бою чогуу болуп, менин Москвадагы үйүмдө жашайбыз. Жылына бир жолу айыл жергесинде жашап, эмгектенген мугалимди Москва шаарын кыдыртсам неге болбосун деген ойго токтолдум. Албетте, каржы жагынан мүмкүнчүлүгүбүз биз каалагандай болбогондуктан, конкурс жарыялап, анын жеӊүүчүсүнө ушундай мүмкүнчүлүктү тартуулоону чечтик. Жылына бир мугалимди Москвага алып барып, маданий шедеврлер менен жакындан тааныштырып турсак, ал келип, көрүп-билгендерин окуучуларына айтып берсе бир топ эле пайдалуу болоору бышык.

Бул конкурс эмне үчүн башталгыч класстын мугалимине арналганын жана эмне үчүн айылдык мугалимге гана басым жасалаары эми түшүнүктүү болсо керек деп ойлойм. Ал эми биз азыр Чүй облусунун мектептери менен гана чектелип жаткандыгыбыз – каржылык камсыздоого байланыштуу. Жакынкы келечекте конкурсту кеӊейтебиз деген ишеничтемин, — дейт А.Даниярова.

Билимди, маданиятты жогорулатууга, сак саламаттыкты жана айлана-чөйрөнү сактоого салым кошууну максат кылган Санжарбек Данияровдун фонду 2010-жылы түзүлгөн. Бул фонд каттоодон өткөндө кыйла жыл Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ректору болуп иштеген, заманынын белдүү инсаны, белгилүү академик өзүнүн ысмын ыйгарган.

Чолпон Кийизбаева,

“Кутбилим”

ЧЫГААН ПЕДАГОГ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

$
0
0

Биз  бүгүнкү сөз  кыла  турган  каарманыбыз  жигердүү  эмгеги, өз  ишине  болгон   жоопкерчиликтүү  мамилеси,  иштермандыгы,  иштин  көзүн  алдын  ала  көрө   билгендиги,  уюштуруучулугу,  билиминин  тереӊдиги  менен  элдин  ишенимине   кирип,  отуз  жылдан  ашуун   билим берүү  тармагынын  ысыгына  күйүп,  суугуна  тоӊуп,   жакшысын  татып,  жаманына  ооз  күйгүзүп,  дайыма  так  жүрүп,  туура  сүйлөп,  ишке  таза  мамиле  жасап, өз  орду  менен  кадыр-барк  күтүп,  билим  жана  тарбия   жаатында  опол  тоодой  эмгек  калтырып,  элүү  беш  жаш  курактын  астанасын  аттап,  кубанычтуулук  менен  тосуп  турган  чагы.

Абдыкадыров  Акылбек  Кунаевич  1960-жылы  25-августта Алай  районуна  караштуу  Аскалы  айылында  туулган. 1967-1975-жылдары  айылындагы   Ленин  атындагы  сегиз  жылдык  мектепте  окуп,  1975-1977-жылдары  Гүлчө  айылындагы   С.Макаренко  (азыркы Т.Отунчиев)  атындагы  орто  мектепти  бүтүргөн.  1979-1984-жылдары  Ош  мамлекеттик  педагогикалык  институтунун    биология,  химия бөлүмүндө  окуп,  педагогикалык  эмгек  жолун  Алай  районундагы  В.Т.Костря  (азыркы  С.Карыев) атындагы  орто  мектепте  биология мугалими  болуп  иштөө  менен  баштаган.

1985-1995-жылдары  Алай районундагы С.Макаренко  (азыркы  Т.Отунчиев),  Чоӊ-Алай  районундагы  Кызыл эшме,  Алай районундагы       Коммунизм (азыркы  С.Торошев),  Парманас атындагы  орто  мектептеринде,  Кадырмамат уулу  Абдыразак  атындагы  лицей  жатак-мектебинде  окуу  бөлүмүнүн  башчысы,  директор  болуп  иштеп,  иштеген  жерлеринде  окуучулардын  билим  сапатын  бекемдеп,  жогорку маданияттуулукка  үйрөтүп,  мугалимдерди  келечек  ээлерин  тарбиялоодо  жоопкерчиликтүү  мамиле  жасап,  өз  элин,  жерин  сүйгөн  азаматтарды  тарбиялоого  үндөп,  ошонун  үстүндө  талбай  иштеп,  топтолгон  алдыӊкы тажрыйбаларды, ыкмаларды башка  мектептерге  жайылтуу  максатында  райондук,  облустук  бир  катар  семинарларды  уюштуруп,  мектептердин  материалдык-техникалык  базаларынын  чыӊдалышына  зор  эмгек  сиӊирген.

Ушундай эмгектери  менен  көзгө  көрүнгөн  жаш  адисти  райондун  жетекчилери  Алай  райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  усулдук  борборунун  башчысына  1996-жылы  которуп  алышат.

Ал  бул  кызматта  2008-жылга  чейин  иштеп,  райондун  мектептеринде  окуучуларды  окутуп,  тарбиялоого  жаӊыча  мамиле  жасап,  окутууну  мезгилдин  талабына  жараша  инновациялык  технологияларды  киргизүү  менен  билим  сапатын  бекемдеп  жана  жогорлатууга,  ошону менен  бирге  мугалимдердин  өз  билимин  өркүндөтүү  аркылуу  билим сапатын  көтөрүүгө  багыттап,  алардын  материалдык  чеберчилигин  арттырууга  көп  күчүн  жумшап, райондук  билим берүү  кызматкерлеринин  айына  эки  жолу  чыгуучу  илимий  усулдук  басылмасы  болгон  «Билим шамы»  газетасын  негиздеп  чыгарды.  2009-2014-жылдары  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн  жетектөөчү  адиси  болуп  иштеп,  2014-жылдын  ноябрь  айынан  баштап, билим берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы  болуп  иштеп  келе  жатат.  Акылбек  Кунаевич райондун  коомдук  иштерине  да  активдүү  катышып  келет.  Райондук  мамлекеттик  тил  комиссиясынын  мүчөсү  катары  көп  жылдык  талыкпас  эмгеги  үчүн  райондук,  областык  билим берүү  бөлүмдөрүнөн  жана  билим берүү  министрлигинин,  мамлекеттик  администрацияларынын  бир нече  жолку  Ардак  грамоталары  менен  сыйланууга  татыктуу  болгон.  Кыргыз  тилин  өркүндөтүүгө  кошкон  салымы  үчүн  Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу  мамлекеттик  тил  комиссиясынын   «Кыргыз тили»  төш  белгисинин  жана  «Билим  берүүнүн мыктысы»,  Билим,  илим  кызматкерлеринин профсоюздарынын  Республикалык VI съездинин  делегаты  наамдарынын жана  көптөгөн  дипломдорунун  ээси.  «Мугалимдер дүйнөсүнүн»,  «Классташ»  газеталарынын  райондогу  кабарчысы.

Өмүрлүк  жолунда  «Өйдөдө  өбөк,  ылдыйда  жөлөк»  болуп  келе  жаткан  өмүрлүк  жолдошу  Мадышева Асылбу  врач-стоматолог ал  экөө  бир уул, беш кызды  тарбиялап  эрежеге  жеткиришти.  Балдарынын  баары  жогорку  билимге   ээ  болушуп,  азыркы  мезгилде  түрдүү  тармактарда   эмгектенип  жатышат.

Урматтуу  Акылбек  Кунаевич!  55 жаш  куракка  чоӊ  ийгилик,  жигердүү  жетишкендик  менен  келдиӊиз.  Аткара  турган  иштериӊиз  дагы  алдыда, ошондуктан  мындай  жаштын  дагы  бирин  жашап,  мындан  ары  дагы  ишмердүүлүгүӊүз  жемиштүү болуп,  татыктуу турмушта   жашап,  дагы  элге  ак  кызмат өтөп,  бараандуу  эмгегиӊиздин  бай  түшүмүн  көрө  беришиӊизге  тилектешбиз.

Бирге  иштегендер  бир  ооздон  айтышат

 Келдибай  Жумаев, С.Жаанбаев  атындагы  орто  мектебинин  директору:

- Акылбек  Кунаевичэкөөбүз  институтта   бирге  окуп,  1984-жылдан  бери  билимберүү  тармагында  бирге  иштешип  келе  жатам.  Институтта  окуп  жүргөндө  эле  сабактарын  эӊ  жакшы   окуп, группанынстаростасы, жаймезгилинде   ар  кандайиш-чараларды  уюштуруп,   зор  кадыр-барка  ээ  болгон.

Жөнөкөй  мугалим  болуп  иштеп  жүргөндө  эле  тандап  алган  кесибине  берилип,  жаш  жеткинчектерди  келечекте  өз  ордун  тапкан,  мекенчил  инсандардан  болууга  тарбиялоого  умтулду.  Мектепжетекчиси  болуп  иштеген  жерлеринде  жамаатын  бекем,  ынтымактуу  коллективге  жеткирип,   билим  берүүнүнсапаттык  көрсөткүчтөрүнжогорулатууну  негизги  максатым  деп  эсептепкелет.

Б.Паскалдынтөмөнкү  айткан  сөзүн  эске  алалы:

«Адамөзү   канчалык  акылдуу  жана  кеӊпейилболсо,  ошончолук  башка  адамдардагы  кеӊпейилдүүлүктү  байкайалат»,  дегендей  билим  берүү  бөлүмүнүн  бардык  баскычтарын  басып  өтүп,  иштешкен  ар  бир  адамдын  ишин  туура   баалап  келе  жатат.  Акылбектин  мүнөзүндө  кеӊ  пейилдүүлүк,  калыстык,  сабырдуулук,  мээримдүлүк,  жөнөкөйлүк  сыяктуу  мыкты  сапаттары  бар.

Көп  изденип,  ишти  туура  баалап,  патриоттук  идеялары  менен  өзгөчөлөнгөн  райондогу  белгилүү  инсандардын  бири.  Мезгил  өтүп, 55 жаштын  кырына  келип  олтурат, мен  дагы  мындан  аркы  ишине  ийгиликкаалап,  мындайжаштан  дагы  жашап,  кыргыздын  чыгаан  уулдарынын  катарын  толуктап  жүрүшүнө  тилектешмин.

Бектемир  Айдаркулов,  С.Карыев  атындагы  орто  мектебинин  профсоюз  уюмунун  төрагасы,  билим  берүүнүн  мыктысы:

- Акылбек  Кунаевич  өз  ишине  ушунчалык  берилип  иштейт.  Көп  жылдан  бери  билим  берүү  тармагында  чогуу  иштеген  замандашы  катары  билем.  С.Карыев  атындагы  орто  мектебинде  чогуу  иштегенбиз.  Иштеген  ишинин  жыйынтыгынан  бирин  эле  мисал  кылып  кетейин:  «Жылдын  мыкты  мугалими — 1993»  жылдагы  сынакта  райондо  Гран-при  сыйлыгын  алып,  облуста  байгелүү  орунду  ээлеп,  ошол эле  жылы  Пишпекте  (азыркы  Бишкекте)  өткөрүлгөн  мугалимдердин  слётунда  Президенттин  алтын  кол  саатына  татыктуу  болгон.  Мындай  жетишкен  ийгиликтери  айта  берсек  көп.  31  жыл  эмгектенген  билим  берүү  тармагында,  анын  29  жылы  билим  берүү  мекемелеринин  жетекчилик кызматында  иштеп,  өз  ишин  тыӊ  билген,   билим  системасын  мыкты  түшүнгөн  жөндөмдүү  жетекчи  десем  жаӊылышпайм.   Билим  берүү  тармагынын  кайсы жеринде  болбосун  өз  кесибине  берилип  иштеп,  билиминин  тереӊдиги,   рухий  дүйнөсүнүн  бийиктиги,  адамдарга  жасаган  калыс,  адилет  мамилеси  менен  зор  кадыр барк  күтүп  келди.  Аткарган  иштери  аркылуу   замандаштарына  үлгү  болуп  келе  жатат.  Мен  дагы  билим  берүү  тармагында  бардык  күч  аракетин  жумшап,  мугалимдердин  колуна  кол,  бутуна  бут болуп,  жеӊилин  жерден,  орун  колдон  ала  билген  жетекчиге  55  жашка  чыгышы менен  куттуктап,  мындан  ары  дагы  иштериӊиздеги  жөндөмдүлүгүӊүз  өрчүп,  уюштуруучулугуӊуз  менен  элдин  ишеничине  кирип,  элиӊизге  ак  кызмат  өтөй  бериӊиз,  үй-бүлөӊүз  менен   аман  болуп,  ийгиликтин  баары  сиз  жактан  көрүнүп  турсун.

  Улан Касыев:  

 - Мен  агайдын  окуучусумун,  агай менин  устатым,  агай менен  дайыма  сыймыктанам.   Ал  иш  стилинде  көптөгөн  сапаттарды  өзүнүн  интеллектуалдык   жогорку  деӊгээлинде көргөзүп,  бизге  үйрөтүп,  чоӊ  таасир  тийгизип,  биздин  өнүгүшүбүзгө  туура багыт  берип,  адамга,  элге  кылган  мамлилесинин  жөнөкөйлүгү,  сөзүнүн  жугумдуулугу,  иш  билгилиги,  баамчылдыгы  менен  бизге  үлгү  болуп,  биздин  өнүгүшүбүзгө  туура  багыт  берип  келе  жатат.   Кыскасы  биз  агайдын  көптөгөн  жакшы  нерселерди  алып,  өзүбүзгө  сиӊирип,  жакшы  сөзүн,  кеп-кеӊештерин  угуп иштеп  жатабыз.

Акылбек  Кунаевич!  Мугалимдер сиздин  ишиӊизге  ар дайым суктанат. Мен  сиздин  55 жашка  чыгышыӊызды  чын  жүрөктөн  куттуктайм.  Ылайым  эле  жамандыктан  алыс болуп,  мындан  ары  дагы бараандуу  эмгектериӊиздин бай  түшүмүн  көрүп, көп  жашаӊыз.  Сизди  тереӊ  урматтап  таазим  кылам.

                Сыдык Мамыров,

 №35  С.Карыев  атындагы  орто  мектебинин  кыргыз тили жана  адабияты  мугалими

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

МЕКЕНЧИЛ КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАР

$
0
0

Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филология факультетинин 12 студенти профессор-окутуучулары менен Кытай мамлекетинин Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу областына өз ара маданий саякат, кесиптик практика өткөрүү боюнча түзүлгөн келишимге ылайык барып келишти.

Бул келишим тээ 2013-жылы Кытай Шинжаӊ педогогикалык университеттин ректору, профессор Вали Барат менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин ошол кездеги ректору, профессор Искендер Исамидиновдун ортосунда эки мамлекеттин студенттери, профессор-окутуучулары  өз ара  маданий саякат, кесиптик практика өткөрүү боюнча түзүлгөн болчу.  Бул салттуу кабыл алынып калган сапарды КУУнун азыркы ректору Чынара Адамкулова да колдоп, жол киребизди университеттин каражатынан төлөп берди.

Бизди Торугарт чек арасынан кытайлык кыргыз Шинжаӊ педогогикалык университетинин «Манастаануу» бөлүмүнүн мүдүрү, профессор Мамбеттурду Мамбетакун агай жана Улуучат ооданынын кадрлар бөлүмүнүн секретары, жазуучу Толкун Ады жылуу тосуп алып, Кытай жергесине болгон сапарыбызды коштоп жүрүштү. Алгачкы бизди таӊ калдырганы, бир чети кубандырганы, Тоюн айылынын дүкөндөрүнүн дубалдарында Токтогул Сатылганов баштаган кыргыз элинин улуу ырчыларынан тартып, бүгүнкү заманбап ырчылары: Гүлнур  Сатылганова, Бек Борбиев, Урмат Усенов ж.б. сүрөттөрүн катар-катар илип, кыргыз ырларын жаӊыртып койгону болду. Кытайлык туугандарыбыздын элибизге болгон сый-урматы жүрөгүбүздү жылытып, аларга болгон туугандык сезимибиз ойгонду десем жаӊылышпайм.

Улуу Чат ооданына келгенде аким Сыяр Кален агай менен жүз көрүштүк. Ал жерде да кыргыз элинин ырларын сыймыктануу менен ырдап, көӊүлүбүздү көтөрүштү. Айтмакчы, аким Сыяр Календин  патриоттуулугу менен дүйнөдөгү  эӊ чоӊ  төрт этаж боз үйүн курдуруптур.  Ошондой эле  Манас айылынын бакчасына  узундугу 13 метр, салмагы тогуз тонна болгон комузду орнотуптур.  Бир бетинен караса комуз, экинчи бетинен караса ачкыч болуп көрүнөт экен. Ачкычтай көрүнгөн бетинин ортосуна  Кызыл-Суу автономиялуу областынын картасы түшүрүлүптүр.

Сыяр Кален агай комузду дайым жөлөп койчу экен, анан бир күнү уктап кетип көзүн ачса көзүнө ачкыч көрүнөт, жакшылап караса комуз. Ошентип алты ай дегенде бул көрүнүштү ал ишке ашырган экен. Ушундай эле өзгөчөлөнгөн 7 метр, салмагы алты тонна болгон ооз комуз да бар экен. Ошондой эле Кыргызстанда жок бир канча Манас баатырга арналган көлөмдүү эстеликтерге да күбө болдук.  Ал эми көчөлөрүндө элдер отурчу отургучтар ар түстөгү ата-бабаларыбыз ордо, упай оюндарын ойногон  чүкөлөрдүн формасында экен. Аким өз сөзүндө:  «Отургучту башкача деле кылып жазап койсок болмок, бирок чүкө кылып жасатып койгонубуздун себеби, жаш муундарыбыз улуттук оюн катары ордо, упай ойнолуп келген чүкөнү көрүп таанып, билип өссүшсүн», — деп бизди таӊ калтырган жооп айтты.

Андан соӊ,  «Ажайыпкана» деген музейге бардык. Бул жерден кыргыз элине таандык бардык тиричилик да, аял-заттык да ж.б. көптөгөн ата-бабалардан бери сакталып келе жаткан буюмдар бар экен. Мисалы, шырдак жасап жаткан аял-заты, жайлоонун көрүнүшүн ж.б.у.с. кыргыз жашоосун чагылдырган көрүнүштөрдү көрө алдык. Ошону менен бирге жайлоо, анда төрт түлүк кыргыз малын жайлатып, жанына топозду абышкага карматып койгон көрүнүштү  аким Сыяр Кален: «Жаштардын жалкоо болуп, бардык жумушту карылар аткарып жаткандыгы тарбия болсун, жаштар ойлонсун деп топозду абышкага башкартып койдук» деп түшүндүрдү. Биз бул жерден Манас ата,  анын чоролоруна арналган айкелдерин көрдүк. Ушул жерден Сыяр Кален кыргыздын маданиятына, манасына ылайык келбеген көрүнүш бар деп сөз баштады: «Биз 2011-жылы “Манас” эларалык саясат майрамын өткөргөнбүз. Ал жерде миӊ адам манас айтты, миӊ адам комуз чертти, миӊ адам ооз комузда ойноду. Кийин Кыргызстандан келген кээ бир адамдар “Манас” эпосун  миӊ адам айтпайт, бир адам айтат” дешти. Кийин мен ал адамдарга кайрылдым. “Бизге андай мамиле жасабаӊыздар. Биз келечекте билбей калыштан коркуп, миӊ адам биригип сендей адамга айтып жатыпбыз” дедим. Миӊ адам айтып бир адам угуп жатса манасты билбейт экен дегендик туурабы?»  деп таарынычын ортого салды.

Акимдин жаштардын келечеги үчүн жасаган иштерине, патриоттук сезимине ыраазы болуп, андан ары жол тарттык. Бул жолу биз улуу манасчы Жусуп Мамайдын ашына туш келгенибиз — биз үчүн чоӊ ийгилик болду. Ашта аялы да, эркеги да улуттук кийимдерди кийип жүргөндөрү бизди  кубандырбай койгон жок. Кытайлык боордош кыргыз туугандарыбыздын  жан-дүйнөлөрү да «кыргызбыз» деп согуп турат экен. Алар менен маектешкенде ар бир адамдын жүрөгүндө Кыргызстанды тирүүмдө көрсөм экен деген тилеги турса, көздөрүнөн алар «бейиш» деп атаган кыргыз жерине болгон сагынычы байкалып турду.

“Биз Кыргызстанда жашабасак дагы ар дайым ал жакта болгон жаӊылыктар менен кабардар болуп, кубанса кубанабыз, кайгырса кайгырабыз” деп мекен, сагыныч ырларын ырдашканда көзүбүзгө жаш тегеренип кетти.

Бизге бул сапар кытайлык кыргыздардын элдик фольклорун гана изилдеп чогултуп келүү менен чектелбестен, бул сапар бизге чоӊөзгөрүү жаратты.  Көргөн, укканыбыздын баары биздин жүрөгүбүздөгү мекенге болгон сүйүүбуз да, ар намысыбыз да  күчөдү десек ашыкча болбостур.

Эмне үчүн жерибиздин тунук кашка суусун ичип, жерин тепсеп, абасынан дем алып туруп Кытайдагы кыргыздардай даназалай, барктай албайбыз? Кыргызстан бейиш эендигин жаштарга айтуу менен бирге аны коргоого, улуттук каада-салттарыбызды сактоого,  патриоттуулукка чакырар элем.

Салтанат Анарбек кызы,

Жусуп Баласагын  атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинин 3-курсунун студенти

 

Сабийра ЧЕЛПАКОВА: “Кытай мамлекети мектептен тышкаркы билим берүүгө өзгөчө көӊүл бурат экен”

$
0
0

 «Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонду Кытай Республикасынын билим берүү системасы менен тааныштыруу, тажрыйба алмашуу максатында Гуанчжоудагы Түштүк-Кытай университетине Кыргыз Республикасынын мектептеринин, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин директорлорун, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын алып барып келди. Бул сапар тууралуу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакова айтып берди.

- Сабийра Муслимовна,  кытай билим берүү системасынын өзгөчөлүгү эмнеде экен? Сизди  эмнелер кызыктырды?

- Кытайдагы университеттердин алдында өзүнүн бала бакчасы, башталгыч, орто билим берүү мектептери, ошондой эле кошумча билим берүүсү да бар экен. Ар бир мектепте, бала бакчада, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде  башталгыч класстын окуучулары үчүн өзүнчө, студенттер үчүн өзүнчө бөлүнгөн абдан чоӊ китепканалары бар экенин көрүп таӊ калдым. Менин баамымда, Кытайда китеп окуганга өзгөчө көӊүл бурулуп, кичинекей балдардан бакыйган профессорлорго чейин китеп окуп отургандарын көрөсүӊ. Керек болсо, бала бакчага келген ата-энелер дагы балдарын бекер күтүп отурбастан китеп окуп отурушат. Бардык билим берүү тармактары акыркы муундагы техникалар менен камсыздалган, бирок кытайлыктар электрондук китепканаларга чек коюшуптур. Бизде болсо, тескерисинче, китепке маани  бербей,  мейли чоӊдор болсун, мейли окуучулар болсун, мейли студенттер болсун жалаӊ гана компьютерди теше тиктеп отуруп алып китептерди окуп, рефераттарды көчүрүп, оюндарды ойноп отурат эмеспи. Биз дагы Кытайдан үлгү алышыбыз керек экен.

Кытайда мектептен тышкаркы билим берүүдө советтик мезгилдеги талаптар ошол бойдон калыптыр. Маселен, ар бир окуучу өзү тандаган ийримден билим алат. Эгер жакса 2-3 ийримдерге бир учурда эле катышканга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Кытайда өзгөчө каллиграфияга маани бурулат. Ошондуктан атайын курстарда баары каллиграфияны окушат. Мындан сырткары, 2-3 жаштагы балдар эки дөӊгөлөктүү велосипедде төрт бурчтукту, тегеректи айланып тебишет.  4-5 жашка келгенде эч нерседен коркуп-үркпөй эле велосипедди эркин тээп калышат. Ошондой эле техникалык ийримдерге да чоӊ маани бурулат экен. Өзгөчө балдар авиамодель ийримине көп жазылышат. Баса, бизде, мисалы, ыр, аскерге даярдоо сабактарынын сааттары кыскартылып жатса, Кытайда, тескерисинче, так ушул предметтерге көп саат каралган.

- Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине мамлекет тарабынан кандай көӊүл бурулат экен?

- Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине мамлекет өзгөчө маани бурат. Бул тармактын башын бириктирген ассоциация да бар экен. Ар бир райондо балдардын борборлору иштешет. Мисалы, Пекин шаарында республикалык деӊгээлде тажрыйба алмашуу боюнча чоӊ иш-чаралар өткөрүлүп тураарын кытай педагогдору айтып беришти. Кошумча билим берүү мекемелери мектептер, институттар менен тыгыз иштешет. Мага жакканы республикалык иш-чараларга мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери волонтерлорун жиберип, алар айылдан келгендерге  бийлегенди, ушунун, таэквондонун  ыкмаларын үйрөтүшөт. Бул деген шаар менен айылдын деӊгээлин теӊөөгө көрүлгөн камкордук деп түшүнсөк болот.

Кытайда мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин педагогдору мектеп мугалимдеринин айлыгындай эле алышат экен. Анткени айлык акыга педагогдун категориясы, окуучусу берген баасы да таасир этет.  Ошондуктан педагогдор окуучу көбүрөөк билим алышына кызыкдар жана анын ийримде калышына бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт.

- Ийримдерге кирүүүчүн акы төлөшөт бекен?

- Жок. Баары бекер, мамлекет камсыздайт.

- Сиздер барган учурда кандайдыр бир иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк болдубу?

- Мектептеринин айлана-чөйрөсү темир менен тосулган, коопсуздук кызматы көзөмөлдөп турат. Чоочун адамдар кире албайт. Мага жакканы иш-чарага келген ата-энелер баары мектептин талабы боюнча окшош жашыл түстөгү футболка кийишсе, окуучулар сары, мугалимдер кызгылт футболка кийишет экен. Ал эми мектепке келген конокторго бейжиктер таратылат. Ар бир мектептин алдында бала бакчалар бар. Биз ошол бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнүн кечесине катыштык. Балдар сахнада ырдап, бийлеп жатышты. Ошол эле кезде экранда бир баланы көрсөтүп, отурган ата-энелерден, балдардан бул ким деп сурашканда, алар баары баланын аты-жөнүн айтышат. Бул деген бири-бирин жакшы билээрин, бир команда экенин билдирет. Иш-чаранын аягында ар бир бала ата-энесине ыраазычылыгын билдирүү максатында стаканда куюлган чайды берет.

Ал эми залдарынын баары теӊ айнектен жасалган, ошондуктан сырттан эле балдар, педагогдор эмне кылып жатышканы даана көрүнүп турат.

- Башка мамлекетке барып кайткандан кийин ар бир инсан топтогон тажрыйбасын ишке ашыргысы келет эмеспи…

- Кытайдагы бардык жакшы нерселерди көргөндөн кийин сөзсүз ошолорго теӊеле албасак да, имаратыбызды капиталдык ремонттон өткөрөлү дедик. Негизинен буга жети жылдан бери эле даярданып келатканбыз. Анткени бул имарат биздин колубузга 1992-жылы өткөрүлүп берилген. Имарат тарыхый жана архитектуралык эстеликке кирет жана мамлекеттин коргоосунда турат. Ошондуктан эскилиги жеткен архитектуралык эстеликти сактап калуу үчүн  Кытайдан келгенден кийин Билим берүү жана илим министрлигине  кайрылып, 7,5  млн. сомго смета жазганбыз, алар бизге 490 миӊ сом ремонтко бөлүп берди. Ал каражат эмнеге жетет? Караӊызчы, концерт койгон залды оӊдоо үчүн эле 3 млн. сом керек, кире беришке 1 млн. сом ж.б.у.с. ремонтко муктаж көп нерселер бар. Абалдан чыгуу үчүн ата-энелерге кайрылып, 600 миӊ сомдой каражат чогултулуп, жаӊы окуу жылына жаркыраган имаратта балдарыбызды тосуп алдык. Айтмакчы, «Юрфа» кампаниясынын жетекчиси А.А.Кимсанов өзүнүн эсебинен 100 миӊ сом которуп, имараттын ремонтуна демөөрчү болуп берди.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

МАРАГА КИМДЕР КЕЛАТАТ?

$
0
0

Республикалык “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышууга жолдомо алышкан  мугалимдер кезектеги кароо-сынакты чыдамсыздык менен күтүп жатышкан кездери. Адатта октябрдын алгачкы күндөрү мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай өткөрүлүүчү республикалык сынакка жети дубаныбыздан мыкты деп табылган мугалимдер ат салышат.

Нарындын намысын Чкалов мектебинин мугалими коргойт

Нарын облусунун биринчилиги үчүн облус боюнча беш мугалим таймашта күч сынашкан.  Нарын, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы райондору жана Нарын шаарынын мыкты деп табылган мугалимдерине калыстар тобу даярдаган тапшырмаларды аткаруу оӊойго турган жок. Эки турга бөлүнгөн тапшырмалардын биринчи турунда алар педагогика жана психология илимдери жаатында даярдыктарын көрсөтүшүп, андан соӊ ар бири өздөрүнүн тармагы боюнча ташпырмаларды аткарышты. Ар бир катышуучу өзү кайсы сабактан окутса, ошол боюнча 20 мүнөттүк сабактын фрагментин калыстардын калыс баасына коюшту. Талапкерлер калыстардын купулуна толуш үчүн өздүк көркөм чыгармачылык жаатында да өз таланттарын жашырышкан жок.

Таймаштын соӊунда калыстардын да, көрүүчүлөрдүн да купулуна толгон Нарын шаарынын №2 А.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Акунова Айгүл Рысбековна алдыга озуп чыгып, биринчи орунду ээледи.

Айгүл Акунова 18 жылдык педагогикалык стажы бар педагог. Ал учурда билими толуп жетилип, “иш десе ишке тойбой” турган 35 жаштагы чыгармачыл мугалим. Төрт баланын мээримдүү энеси.

Бир дубандын намысын коргоого даяр турган жаш педагогдун инсандык портретин ачууга аракеттендик.  Нарын жергесинен чыккан бул жайдары мүнөз тоолук кыз мугалим болууну кичине кезинен эӊсегендигин айтат. Ал мугалимдик кесипке үйрөнүүүчүн алгачкы билимди Нарын педагогикалык орто окуу жайынан алып, башталгыч класстардын мугалими, тарбиячы деген адистикке ээ болгон. 1996-жылы аталган окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктап, С.Наматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине кирип, кыргыз филологиясы факультетин ийгиликтүү аяктайт. Эмгек жолун Нарын областында гана эмес, республикага кеӊири таанымал болгон айтылуу А.Чкалов атындагы мектеп-гимназиядан баштап, ушул кезге чейин жаш жеткинчектерге билим-тарбия берип келүүдө. «Дарак бир жерден көгөрөт» демекчи, Айгүл Рысбековна өзүнүн тандаган кесибинин чыныгы күйөрманы катары чыгармачылык менен изденип эмгектенүү менен бирге окуучуларынын жетишкен ийгиликтерине кубанып келет. Ал кесибин өркүндөтүү максатында семинарларга, курстарга үзгүлтүксүз катышып, билимин улам жогорулатып, илимий-конференцияларга макала жазып, иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, мезгилден артта калбай жаӊы технологияларды да мыкты өздөштүрүүгө жетишти.

- Ар бир сабагым окуучуларга кызыктуу, пайдалуу болушу үчүн салттуу жана жаӊычыл методдорду колдонуу менен уюштурууга дайыма аракет кылам. Ал эми облустук сынакта мен атаандаштарымдан компьютердик технологиянын зор мүмкүнчүлүктөрүн ыктуу колдонуу менен озуп кеттим деп ойлойм. Анткени азыркы муун компьютерге, интернетке кызыгышат. Мен алардын кызыгуусун өзүмдүн сабагым менен эриш-аркак уюштуруп, алардын активдүүлүгүн арттырам. Кыргыз тилин үйрөтүү менен окуучуларымдын лингвистикалык интеллектин өстүрсөм, шахмат ийримин жетектеп математика-логикалык, музыка, бийди тыныгуу мүнөттөрүндө колдонуп музыкалык интеллектин өнүктүрүп,  жаӊы муунду ар кыл таланты бар инсан катары калыптандырууга өз салымымды кошуп келем, — дейт Айгүл Акунова ийгилик сырлары менен бөлүшүп.

Келерки сынактын жеӊүүчүсү чет өлкөгө саякатка чыгат

Экинчи борборубуз болгон Ош шаарындагы З. Бабур атындагы театрда өткөн “Жылдын мыкты мугалими – 2015” сынагында баш байгени Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нарымбаева Элвиза багындырган. Ал Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаага ээ болуп, республикалык турга катышууга жолдомо алгандыгы маалым.

Ал эми Ош облусунан республикалык “Мыкты мугалим — 2015” таймашына Өзгөн районундагы Б.Келдибаев атындагы орто мектептин химия мугалими Турсунгүл Жумагулова келип катышмакчы. Турсунгүл  «2015-жылдын Ош облусундагы эӊ мыкты  мугалими» деп табылды.

Түштүк жергесинде жыйынтыкталган алдыӊкы агартуучулардын сынагына Ош облусунун   райондук турунан алдыӊкы орунду ээлеген 10 мыкты талапкер катышып, өз күчтөрүн  сынашкан.

- Жобого ылайык, биринчи күнү балдардын чыгармачылыгы жана өзгөчө зээндүү балдар менен иштөөдөгү жана өздөрүнүн  ишмердүүлүгүндөгү автордук идеялар,  усулдар туурасында жазылган жазма иштерин коргоп беришти, -  дейт, Ош билим берүү  институтунун инновация кабинетинин усулчусу Мусаева Алтынай. Анын айтымында, эки күндүк тапшырманын жыйынтыгы боюнча 10 талапкердин ичинен тандалып, финалдык  турга жети мугалим катышкан.

- Натыйжада усулдук өзгөчө идеяларды өз ишмердүүлүгүндө тынымсыз изденүү менен  ишке ашырып келген демилгечил, тажрыйбалуу  мугалим Турсунгүл Жумагулова жеӊүүчү деп табылды. Анын химиялык реактивдердин жетишсиздигине карабай, эл ичиндеги  каада-салт, үрп-адат, турмуштук эрежелердин негизинде балдардын өздөрү күндөлүк  турмушта күбө болуп көрүп жүрүшкөн элдик колдонуудагы химиялык реакциялардын  сырларын сабактарында ачып берип жаткандыгы, балдардын ички кызыгууларын ар дайым эске алуу менен өз сабагына кызыктыра билүүсү,  мугалимдик  ар тараптуу жөндөмдүүлүгү калыстар тобу тарабынан жогору бааланды, — дейт А.Мусаева.

Жеӊүүчү Турсунгүл Жумагулова ОшМУнун табият таануу жана география факультетин аяктаган. Алгачкы мугалимдик эмгек жолун 1998-жылы Өзгөн районундагы Б.Келдибаев атындагы орто мектебинде химия сабагынын мугалими болуп баштаган. Беш баланын сүйүктүү энеси. Конкурска экинчи жылы катышып жатат. Биринчи жылы облуста төртүнчү орунду ээлеген.

“Жыл мугалими” сынагынын облустук турунда экинчи, үчүнчү орунду ээлеген жеӊүүчүлөрдү да калыстык үчүн айта кетпесек болбос. Экинчи орунга келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш педагог Кара-Суу районундагы Учкун орто мектебинин физика мугалими Зейнура Абдимуталипова татыктуу болду. Зейнура өз сабактарында жаӊы технологиянын көп кырдуу сырларын ийкемдүү колдоно билгендиги менен айырмаланды. Үчүнчү байгелүү орун Ноокаттагы белгилүү “Ноокат” билимканасы” лицейинин физика мугалими Тургунбай Жунусовго ыйгарылды.

Жеӊүүчүлөр баалуу сыйлыктардан куру калышкан жок. Ош облустук профсоюздар комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев биринчи орунга муздаткыч, экинчисине кир жуугуч машина тапшырды. Калган катышуучуларды да куру калтырбай микротолкундуу жылыткычтарды белекке тартуулады.   финалдык турга катышкан жети талапкер көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга акысыз жолдомого ээ болушуп, эс алып келишти. Мындан тышкары ОшМУнун ректораты алдыӊкы үч орунду ээлеген мугалимдерге акыркы үлгүдөгү заманбап телевизор тартууласа, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлап, катышуучулардын көӊүлдөрүн көккө көтөрдү.

-  Мугалимдер арасында өз кесибинин чыныгы күйөрманын, кандай шарт болсо да, кабагым-кашым дебей чыгармачылык менен иштөөгө умтулган анык педагогдорду таап, аларга дем-күч берип шыктандырууга шарт түзгөн “Жыл мугалими” сынагын өткөрүүгө зор көӊүл буруп, мугалимдик кесипти баалап, аны колдоп келген атуулдарыбыздын  катары жыл өткөн сайын улам көбөйүп баратканы бизди кубандырат. Жеӊүүчүлөрдү куттуктаган Ош билим берүү  институтунун  директору, уюштуруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Муратов да өз сөзүндө катышуучуларга, демөөрчүлөргө чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирип,  ОшБИ тарабынан даярдалган дипломдорду жана чөнтөк телефондорун белекке тартуулады. Белгилей кетүүчү жагдай, быйылкы кароо сынакка  демөөрчү болгондор кийинки сынакта мындан да баалуу белектерди коюуга, чет өлкөгө жолдомолорду берүүгө убадаларын беришти, — дейт “Жыл мугалими — 2015” сынагынын модератору Алтынай Мусаева кубануу менен.

Айнагүл Кашыбаева, «Кутбилим»

 


КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕӉ

$
0
0

Элдин баары шайлоо деп шайы ооп жаткан кезде деле утурумдук уу-дууга катышы жок, улут келечегине таасири зор иштер өз нугу менен жүрө берери анык. Ушундай иштердин бири катары Кыргызстанда жайылтыла баштаган көп тилдүү билим берүү программаларын айтар элем. Социалдык интеграция борборунун колдоосу менен Чүйдүн Новопавловкасында Ч.Айтматов атындагы №1 мектептин мугалимдери Алматыдан келген мугалимдер менен биргеликте өтө мазмундуу, пайдалуу семинар өткөрүштү. Ишембиде аяктаган төрт күндүк жыйындан Чүй эле эмес, Нарындан, Ысык-Көлдөн да келип катышкан агай-эжейлер да зор канагат алышты. Адистер өткөргөн ачык сабактар, устаттык нускоо эӊ кызыктуу болду. Айтмакчы, бул күндөрү Жалал-Абад шаарында жана Оштун Кара-Суу районунда да дал ушундай багыттагы семинар уюштурулуп, ага түштүк райондордун мугалимдери катышты.

Көп тилдүү билим берүү деген эмне? Бул жаӊылык канчалык мааниге ээ? Ушул багытта иш баштаган мектептердин ийгилиги кандай болууда? Эмесе, бул иштин чордонунда жүргөн мугалим, Новопавловкадагы №1 окутуу-билим берүү комплекс-лицейинин деректиринин илимий-усулдук иштер боюнча орун басары Гүлнара УМАРАЛИЕВАга сөз берели:

- Бул жаӊылыктын негизги өзгөчөлүгү сабактар эки же андан ашуун тилде окутулгандыгында. Мисалы, математикада жаӊы тема окуучулардын негизги тилинде түшүндүрүлөт да, сабактын бышыктоо, суроо-жооп сыяктуу калган бөлүктөрү экинчи тилде өткөрүлөт. Азыр Европадагы жана башка континенттердеги көп  өлкөлөрдө окутуунун ушул үлгүсү кеӊири жайылып жатат. Анткени эки же андан ашуун тилдерди жакшы өздөштүрүп, ошол тилдерде билим алуусун уланта билген, иштей алган адамдар адис катары да, өзү жашаган өлкөнүн жараны катары да чоӊ артыкчылыктарга ээ болот.

Көп тилдүү билим берүүнү киргизе баштаардан мурун биз социолингвистикалык кырдаалга талдоо жүргүзүп, азыркы заманда биздин бүтүрүүчүлөр үч тилди эркин колдоно билиши керектигин аныктадык. Доордун бул талабы ата-энелердин каалоосу жана мектептин демилгеси менен дал келип жатат. Анткени жеке адамдар эле эмес, өлкөбүз да дүйнөлүк экономикалык мейкиндикке аралашуусу зарыл. Ошентип, биздин бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жалпы билим стандарттарын үч тилде (кыргыз, орус, англис тилдеринде) өздөштүрүп чыгууга тийиш. Биздин балдар мектептен кийин чет өлкөдө билим алуусун улантууда, иштөөдө тил билүү жагынан тоскоолдукка кабылбашы керек. Жаштарыбыз өз маданиятын да, жанаша жашаган элдин да маданиятын сыйлап, өздөрүн эч кимден кем санабай, башкалар менен өз ара сый мамиледе жашай билиши кажет.

Замандын бул талабын айрыкча бүтүрүүчүлөрүбүздүн жергиликтүү ЖОЖдор менен чектелбей, жакынкы чет өлкөлөрдүн (Россиянын, Казакстандын ж.б.) жана алыскы чет өлкөлөрдүн мыкты окуу жайларына өтүп окуй баштагандыгы даана көрсөттү. Ырас, азырынча Түркиядан башка алыскы чет өлкөлөрдүн университеттерине жете элекпиз, бирок жакын арада бул мейкиндик кеӊейерине көзүбүз жетип турат.

Көп тилдүү билим берүүнү киргизүүдөн күткөнүбүз эмне? Эӊ оболу – билим сапаты жогорулашы керек. Бүтүрүүчүлөрүбүз көп тилдүү, көп маданияттуу, башкалар менен толеранттуу мамиле түзгөнгө даяр болуп чыгат. Албетте, мугалимдерибиз да жаӊыча иштегенге үйрөнөт.

Мектеп жамаатын бул жаӊылыкка шыктандырып, ынтымакты, биримдикти бекемдөө, келечеги кеӊ бул ишти жалпы уюштуруу, айыл өкмөтү, жергиликтүү бийликтин башка органдары менен кызматташуу жагынан деректирибиз Диляра Абдуллаеванын эмгеги чоӊ.

Биз бул багытта өнүгүү стратегиябызды иштеп чыктык. Биринчи этапта казакстандык кесиптештердин тажрыйбасын үйрөндүк, Россиядагы, Эстониядагы, Латвиядагы ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштык, биздеги социомаданий кырдаалды иликтедик. Ошентип, өзүбүздүн көп тилдүү билим берүүүлгүбүздү иштеп чыктык. Быйыл январда мектепке чейинки билим берүү бөлүмүндө көп тилдүү билим берүүнү киргизүүнүн ыӊгайлаштырылган үлгүсүн түзүп, энелер мектебин уюштурдук. Ата-энелердин каалоосу менен ортоӊку топто орус тилдүү балдарга айлана -чөйрөнү таануу предметин мамлекеттик тилде окуттук.  Англис тилин да киргиздик.

Кийинки этап – башталгыч мектеп. Көп тилдүү билим берүүнү биринчи эмес, экинчи класстан, айрым учурларда 1-класста экинчи жарым жылдыктан баштадык. Анткени балдар адегенде мектепке көнүгүшү керек. Анан жыл сайын гуманитардык-эстетикалык багыттагы предметтерден бирден көп тилдүү окутууга кошуп отурабыз.

Үчүнчү этап – окутуунун ортоӊку тогошу, 5-8-класстар. Мында да жыл сайын предметтер кошула берет. Үчүнчү этапта – 9-11-класстарда – кош тилдүүлүк менен чектелбей, үч тилдүү окутууга өтөбүз да, мамлекеттик жана расмий тилдерден тышкары англис тилинде да сабактар (жарантаануу, экономика жана информатика) окутула баштайт.

Ишибиздин алгачкы жыйынтыгы 2021-жылы чыгарылат. Андан соӊ программабызды дагы да өркүндөтө бермекчибиз.

Ата-энелер, жергиликтүү коомчулук, өз алдынча башкаруу органдары менен иштеше баштадык. Мугалимдерибизге көп тилдүү билим берүү методикасын окутуп-үйрөтүүгө кириштик. Социалдык интеграция борбору Казакстанга окутуу курсуна баруучулардын сапарын уюштурду.

Адегенде ишти эки класс менен баштаган элек, азыр 20 класста көп тилдүү билим берилип жатат. Башында жумушчу топто беш мугалим бар эле, азыр 20га жетти. Бир гана башталгыч класстар менен чектелген жарабайт деп, быйыл «кечирээк аралаштыруу» үлгүсүн колго алдык, эми 5-6-класстарда да жаӊыча окута баштадык. Гуманитардык-эстетикалык багыттагы он бир сабак көп тилдүү негизде окутулат. Мугалимдерди да экинчи тил боюнча кошумча даярдыктан өткөрүп жатабыз. Методикалык камылгасын да улам бекемдей беребиз. Мисалы, былтыр Алматыдагы         №153 мектеп-гимназия менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон элек, быйыл март айында биздин мугалимдер бул мектепте өткөрүлгөн окутуу семинарына катышып, алматылык кесиптештердин тажрыйбасын үйрөнүп келишти.

Төрт жылдан кийин көп тилдүү билим берүү программасына англис тилин да кошобуз. Бул максатта англис тилин, мамлекеттик тилди жана экинчи тилди окутуу методикасын күчөтүп жатабыз. Биздин мектеп куррикулум боюнча таяныч база болуп саналат, ошондуктан кыргыз жана орус тилдерин экинчи тил катары окутуу методикасы жаӊыланууда. Англис тилчи эки мугалимибиз жаӊы методика боюнча окутуудан өтүп, артыкчылыктуу сертификат алышты. Азыр дагы үч мугалим окуп жатат. Ноябрь-декабрь айларында экономика, жарантаануу, информатика мугалимдерин англис тили боюнча курска жиберебиз. Алар сертификат алып, өз предметтерин англис тилинде да окутууга даяр болушат.

Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктары боюнча Чүйдө биринчибиз. Быйыл эӊ жогорку көрсөткүчкө жеткен кызыбыз 211 балл топтоду. Орточо балл – 178. Биздин мугалимдер сабак сапатын жогорулатууга бар күчүн жумшап, окуучуларды тестке да атайын даярдашат. Бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик баары бюджеттик орундарга өтүшөт. Үч жылдан бери бизден берилген артыкчылык аттестаттар толугу менен тастыкталып келет.

 Казакстандан педагогдор келди

Сентябрдын 14үнөн 19уна чейин билим берүү чөйрөсүндөгүөтө орчундуу жаӊылыкка байланышкан жакшы иш болду.  Көп тилдүү билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында Алматы шаарындагы А.Розыбакиев атындагы №153 мектеп гимназиянын жана Чимкент шаарындагы №107 мектеп-лицейдин усулчу мугалимдери келип, биздеги пилоттук мектептерде өткөн семинар-талкууга катышты.

Оштун Кара-Суу районундагы Ч.Айтматов атындагы №69 билим берүү комплексине жана Жалал-Абад шаарындагы №13 орто мектепке түштүктөгү педагогдор, ал эми Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы Ч.Айтматов атындагы  №1 окуу-билим берүү комплекс лицейине жана Бишкектеги №28 мектеп-лицейге түндүк райондордогу мектептерден чогулушту. Көп тилдүү билим берүү жаатында иштеп жаткан райББ адистери, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу борборлорунун усулчулары, ЖОЖ окутуучулары катышкан бул иш-чаранын максаты – көп тилдүү билим берүүнү республикада жайылтуучу ресурстук борборлордун дареметин арттыруу, пилоттук мектептерди өнүктүрүү. Бул семинардын жүрүшүндө жаӊыча уюштурулган ачык сабактар, тегерек столдор, тил менен предметти жуурулуштура окутуу боюнча кеп-кеӊештер өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Социалдык интеграция борбору менен биргеликте, ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын, ЮНИСЕФтин жана Тынчтык орнотуу фондунун колдоосунда уюштурду.

Тил билгилик –эӊ зарыл таалим

«Тил билбеген муштуму менен коркутат» дегендей, улут аралык чыр-чатактардын негизги себеби өз ара баарлашпай, бири-биринен обочолоно берген жаман адат экендигин элдин баары эле түшүнө бербейт. Кошуна Казакстанда элдин ынтымагын бекемдеген шарттардын бири – мамлекеттик тилди жана улуттук азчылыктардын тилин, маданиятын урматтаган саясат.

Алматы шаарындагы А.Розыбакиев атындагы №153 мектеп гимназиянын деректиринин орун басарлары, тарых мугалимдери А.Аскарова менен Г.Ражапова, информатика мугалими, CLIL методикасы боюнча чыгармачыл топтун жетекчиси А.Сайпутулина биздин Новопавловкадагы мектепте кыргыз класстарда абдан кызыктуу сабактарды өткөрүп, балдар менен өтө оӊой тил табышып кеткени таӊ калтырды. Алматыдагы №153 мектепте негизинен уйгур улутундагы окуучулар өз эне тилинен тышкары сабактарды казак, орус жана англис тилдеринде да окушат экен.

 

Маектешкен

Жолдош Турдубаев

 

ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ БИР КАДАМ (ийгиликтин психологиясы)

$
0
0

Ар  бир  инсан  бул  дүйнөгө  жакшы  үмүтү  менен  келет  эмеспи, “өсөйүн, өнүгөйүн, бактылуу  болоюн”  деп. Турмуш  бул  бүтпөгөн  күрөш  экени  баардыгына  маалым. Ак  менен  каранын,  жакшы  менен  жамандын, акыйкат  менен  жалгандын  ж.б. турмуштун  кереметин, ысык-суугун  көрүп,  кыйыны  да, жакшысы  да, жаманы  да, жеӊип  да,  жеӊилип  да — кимдер  гана өтпөгөн  бул  дүйнөдөн!

Канчалык  табият  сыйкырдуу, кооз  жана  ошону  менен   бирге   жеӊилгис   катаал  болсо, турмуш   да   баа  жеткис  кооз,  өтө  кызыктуу  жана  татаал. Бул  турмушту  жеӊип  жашаш  үчүн, ийгиликке  жетиш үчүн турмуштун  кыйынчылыгына  даяр  болуш  керек  экен.

Өмүрүбүздө  чектелген    чөйрөдө  жашап, улуулардан  алган  таасир-тарбиябызга жараша, калыптанган тар  сезим  менен  кыялданып, ишибиз  жүрүшпөй   баратканда тагдырыбызга   нааразы  болуп,  көп  учурда  биз  бирөөнү  айыптап,  кейигенге  шашабыз, баштаган  ишти  аягына  чыгарбайбыз.

Коомчулукта  ийгиликтүү  адамдарды  көрүп, көбүнчө  ийгиликтин  себебин  адамдын ден соолугунда, акчада, адамдын  келбетинде, экологияда, жашаган өлкөсүндө, тажрыйбасында, илим-билиминде, жөндөмүндө, аракетинде, колдогон  чөйрөсүнөн  издеп  келебиз.

Бакытка  жетүү  үчүн   эмне  жетишпейт  деген  суроого,  “бийлик, байлык, чыныгы  дос, билим, сүйүү, түшүнүк, көӊүл,  колдоо, атак-даӊк, талант, мүмкүнчүлүк” -  деп  жооп  беребиз.  Көп  учурда дүйнөнү  эмне башкарат деген суроого  дареметибизге  жараша –  “дүйнөнү эрк, аӊ-сезим, кыймыл-аракет, сулуулук, сүйүү, сезим, чындык, акча, ишеним, адамдын  ою башкарат“ — деп талашабыз.

Бул  дүйнөдө  бир  адамдын тагдыры   кандай  гана  болбосун -  бактылуу  же  бактысызбы,  барып-барып  миӊ  адамга таасирин  тийгизери   талашсыз. Келечек  муундарыбыздын  тагдыры  тайкы  болбос  үчүн  кетирген  кемчиликтерибизди  эске алып, каталарды  кайталабай, жашынан  атайын  ийгиликтин  психологиясын,  программасын  иштеп чыгып, кадамдап  аракеттенип, бакытка  жол таап, тагдырды  түздөө  аракетин   кылсак  жаӊылбайбыз.

Өзүбүз  жетишпеген  ийгиликтерге,  өзүбүз чыкпаган  бийиктиктерге  балдарыбызды  жеткизсек  жаман  болбос. Ийгиликтүү  балдарды  тарбияласак, коомубуз да  ийгиликтүү  коомго  айланаары  талашсыз. Биздин жеӊишибиз  ошондо!  Ийгиликтин башаты   адамдын  өзүндө  экенин  турмуш  айгинелеп турат. ”Өзүн  башкара алган  адам гана дүйнөнү  башкарат”  деген   эскиден сөз бар.

Адамдын  өмүрү  жашына  жараша  курактарга бөлүнөт эмеспи. Ар бир курактын   өзгөчөлүгү, өзүнчө кызыгуусу, талаптары, баалуулуктары бар. “Алыска барыш үчүн,  эрте  туруш  керек”  деген  элде  накыл  сөз бар.   Демек, көп  нерсеге  жетишиш  үчүн  эрте  ойгонуп,  түшүнүп, көп  нерсени  үйрөнүш  керек  экени  талашсыз.

Жаш  муундардын  арасында  ийгиликке алып  келе турган   касиеттерди  калыптандыруу, лидердик  сапаттарды  тарбиялоо  биздин   парзыбыз  болуп  эсептелет.Жашынан балдардын  аналитикалык жөндөмүн  өстүрүүгө, чечкиндүүлүк, тобокелдик, мээнеткечтик, тил  билгилик, даанышмандык, чечендик сапаттарын калыптандырууга,  балдардын  мейкиндик  сезимин, тил байлыгын, элестетүү, кыялдануу, дүйнө  таануу, кабыл алуу жөндөмдөрүн, эмоционалдык  дареметин  өнүктүрүүгө, турмушка болгон кызыгуусун  арттыруу  менен интеллектти өстүрүүгө  багытталган  механизмдерди  иштеп  чыгууга  аракет  кылсак.

Балдарды жоопкерчиликке  үйрөтүп, кылган  жоруктарына  жооп берүүгө  көндүрсөк.  Өзүн-өзү сыйлоо,  өзүнө  ишенимин  арттыруу  сезимдерин  калыптандырсак, балдарыбыз турмуштун  чоӊ  жолунда  адашпай, өзүнүн  ордун таап, максатына  жетип, өрнөктүү  турмуш  кура  алаарына  көзүбүз  жетет.

Америкалык философ      Дэвид Стар Жордан  айткандай: “Жолду  билгенге  жол   берүү  үчүн  бүткүл  дүйнө  артка  чегинет”.  Жаштарга  ийгиликке  жетүү  жолун  үйрөтүү  биздин   ыйык  милдетибиз. Ал  үчүн  өзүбүздөн  баштап, өзүбүздү тарбиялашыбыз  керек. Эӊ  жакшы   таасир — бул   улуулардын   үлгүсү.

Бизге табияттан бардык  мүмкүнчүлүктөр  берилген,  аны  ал  кылып, туура  пайдаланып,  үзүрүн  көрүү  биздин  колубузда.  Окумуштуулардын  айтымында,  адамдын  аӊ-сезими  табияттан   жогорку  жана төмөнкү  менталитетке  бөлүнгөнү  баарына  маалым. Жогорку  менталитет — позитивдик   болуп, ал  эми төмөнкүсү — негативдик  менталитет  болуп  эсептелет  экен. Коомчулукта  адамдын  көпчүлүгү  негативдик  менталитетке  ээ.  Адамдын  ою  көп  учурда социалдык  чөйрөгө    таасирленип  турат эмеспи. Бир жакшы ойду  баштап, көпчүлүктүн  пикиринен  чыга  албай,  ой-максатына   жете  албай  калган  инсандар да  жок  эмес. Негативдик  ойлор жана  эмоциялар  адамды  ооруга  чалдыктырат, карытат, артка тартат, коркунуч  пайда  кылып, максатына  жетүүгө  тоскоолдуктарды  жаратат. Ошондуктан  аӊ сезимиӊди  көрө албастык, ичи тардык, жек көрүүдөн,  жаман ойдон  тазала. Капа кылгандарды  кечире бил. “Өзүӊдү  сыйлоо“ программасын  иштеп  чыгып,  ийгиликке, бакытка  жол  таап, тагдырды  оӊдоо үчүн  күндө   убакыт  бөлүп,  кыялданып,  жакшы  маанайда  өзүӊдү  сөз  менен    дарылап, проблеманын  себебин  изилде.  Турмуш  окуялардан  эмес, биздин ошол  окуяга  кылган  мамилебизден  турат.

Улуу Махатма Ганди айткандай: “Адам — өзүнүн  акыл-оюнун  азыгы, эмнени ойлосо, ошого айланат”. Турмуш  көрсөткөндөй, жакшыны  ойлосо — жакшыга, жаманды  ойлосо – жаманга  айланат, эмнени  көргөндү  кааласа – көргүсү  келгенди  көрөт, эмнени укканды  кааласа — каалаганды угат, эмнеге  ишенгиси    келсе — ишенгиси  келгенге ишенет, эмнеге ишенгиси  келбесе -  ишенгенди  каалабайт.

Жаман ой, кайгы-капа адат  болуп  калса, адамдын  бетине  бырыш   түшүп  из  калтырат. Өзүӊө ишен. Ишеничиӊ   бекем болсо  башкалардын  бузуку  ойлору  сага  таасирин  тийгизбейт. Өзүӊдүн  өзгөчөлүгүӊдү бил. Чыгармачыл  ойлор жакшы  маанайда келет,  жагымдуу  чөйрөдө  ойлор  чыӊалат  эмеспи. Өзүӊө жагымдуу чөйрө түз! Жаман ойдон алыс бол. Жаман  ой  жамандык  тартат. Ийгиликке багышталган ойлор ийгилик  тартат. Сенин позитивдик  ой  жүгүртүүӊ  башкаларга  да   жакшы  таасирин  тийгизет. Жакшы  адамдар  сени  өздөрү  табат. Бул  табияттын  закондору, муну биз  ойлоп  чыкпаганбыз, бизге чейин  болгон  жана  боло бермекчи.

Бардык  нерсенин баалуулугун бил, баскан  кадамыӊа  ыраазы бол, кубан. Көптү  берип,  азды  күт.  Күнүгө   миӊ  мертебе  шүгүрчүлүктү  билдир: кудайга, табиятка, жер-сууга, асманга. Жакшылык  үчүн  дос-тууганыӊа рахмат  айта бил, үй-бүлөӊ  менен бир бол, бар  нерсеӊди  баалай  бил. Мезгил  келгенде  табият  сага  да  кайрыйт. Дүйнө  кезектүү!

Адам бул дүйнөгө бир келет  эмеспи. Мезгилдин баасын, өмүрдүн  баркын билбей, мезгил  сезими, мейкиндик сезими  жок болуп, убакытты  сапырып,  туура  пайдаланбай, эптеп-септеп, жарым-жартылай  жашап келебиз. Турмушта көп  учурда    өзүбүзгө көӊүл  бөлбөстөн  эртеӊки  күнгө  калтырган учурлар  да көп  эсе.  Ошондуктан      ийгиликке  жетишүү  үчүн  өмүрдүн  наркын бил. Бүгүнкүнү  эртеӊкиге  калтырбай, жашоонун  даамын   татып   бүгүн   толук кандуу  жаша! Өмүр — бул  кайталангыс, назик  жиптерден  согулган   мезгилдин  кездемеси  экенин  сезсеӊ  экен! Мезгил  эмес  сенин  сапарыӊ  карып  баратканын  түшүнгүн!

Ийгилик аракеттен жаралат: үйрөнгүн, башкалар уктап  жатканда. Окугун, башкалар бекерчиликтен зэригип жатканда. Эмгектен, башкалар ойноп  жатканда. Кыялдан, башкалар эми ойгонуп  жатканда. Сен  чоӊүлүшкө  татыктуусуӊ!

Элестетип,  өзүӊдү сырттан  чоочун  адамдын  көзү  менен кара, кемчиликтериӊди  жана баалуулуктарыӊды   иликте, иретте. Жакшылыктын-жамандыктын  баасын бил. Күтпө,  өзү  менен өзү  болуп  чечилбейт. Бирөө  жасап  бербейт. Өзүӊдүн дареметиӊди, артыкчылыктарыӊды туура   баала, убактыӊды  бекер кетирбе, табияттан  сен   өзүӊдү  жеӊүүчү  катары сез. Турмушуӊдагы  жетишкен   ийгиликтериӊди  унутпа. Өзүӊдүн ички дүйнөӊ  менен    келиш, өзүӊ  лидер, башкаруучу бол, терс  кыялдарыӊды  жеӊ. Чачылган  оюӊду  түзө. Артка чегинбе. Бир  максатка  умтул. “Жолду баскан арбытат”  деген накыл сөз бар. Кыйындардын  сыры  жана  артыкчылыктары  ушунда.

Турмуш   көрсөткөндөй,  адам  бир  нерсени  өтө  катуу  эӊсесе, бүткүл  аалам  ага  колдоо көрсөтөт. Максатыӊа берил, сүй, ага  чын  дилиӊден умтул. Ишенимиӊди  жоготпо.  Турмуштан   үмүтүӊ  үзүлбөсүн, кызыгууӊ  кетпесин.  Ошондо гана  ийгиликке жетишесиӊ.

Дүйнөнүн  эӊ  бай, ийгиликтүү адамдарынын өмүр  баянын, эмгек жолун, рейтингин изилдеген  америкалык  финансы-экономикалык “Forbs” журналы  белгилегендей: Билл Гейтс, Джон Рокфеллер, Стив Джобс, Джордж Сорос, Генрих Форд, Роман Абрамович, Адольф Даслер, Джордж Лукас   ж.б. алгач  турмушта  жапа чегүүдөн   баштап, кыйынчылыкты  жеӊүү  менен  ийгиликке  жетишкен.  Чечкиндүүлүк  энергиясы  ийгиликтүү  адамдарга  гана   таандык. Жеӊүүчү  бол.  Жүрөгүӊдүн  оту  өчпөсүн!

Ийгиликтүү  адамдардын  чөйрөсүнө  аралаш, сен  да  ийгиликке  жакындайсыӊ.  Тагдырын  тайкы кылган, өз  турмушун устаттык   менен  бузган  адамдардан  алыс  бол. Башкаруусу жок  кеме,  максаты жок  адам  сымал. Ошондуктан  максатыӊды  кое  бил, максаттарыӊдын  артыкчылыктарын   иликте.

Джон Рокфеллер айткандай: “Адам эмнеге умтулса да  максаттын  тактыгы — ийгиликтин  негизи болот”. Турмушта  керексиз,  өнүгүүгө   жолтоо болгон  нерсеге “Жок!”,  пайдалуу  нерсеге “Ооба!” дей бил.  Жалгыз  бүгүнкү  күн  гана  сенин  тагдырыӊды  чечүүчүдөй  жаша. Эӊ  маанилүү  ачылыштар  шыктануу, кумардануу учурда  жасалган. Эӊ кызыктуу  жана ийгиликтүү  ойлор   көӊүл  эргүү  мезгилде  келет, жакшы  эс  ала  бил. Жан  дүйнөӊ    жактырган   иш  менен алек бол.  Тилегиӊ  кабыл   болсун!

Н.Исманова

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН КОРИФЕЙИ, УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНЫН ПАТРИАРХЫ

$
0
0

КРнын Эл мугалими, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору Исак Бекбоев 85 жашта

«Педагогика» деген илим түпкүлүгүндө бардык илим-билимдердин башатында турууга тийиш, анткени ошол илимдин таасири менен адамдар макулуктан – адамга, болгондо да инсанга айланат. Бул илим улутка кызмат кылат: тескери кетсе улуттун жок болушуна алып барат, оӊ болсо улуттун өсүшүн камсыздайт. Дүйнөлүк тарых жер бетинен жок болуп кеткен урууларды, улуттарды айтып жүрөт, ошолордун жоголушунда сөзсүз түрдө элдикпи же илимийби, айтор, педагогикасынын орду болгон. Ал эми улуттук педагогиканы улуу гуманисттер, сөздүн оӊ маанисиндеги улутчул, мекенчил атуулдар жаратат.

Бизде, Кыргызстанда, ушул илимдин туу башында жарым кылымдан ашык убакыттан бери улуттун уюткусу болуп Исак Бекбоев келе жатат. Бул – анын өмүр ишмердүүлүгүнүн бир жагы.

Экинчи жагы – бир чети жогорудагы педагогика илими менен байланышкан, бирок ошол эле кезде андан башкача, андан кандайдыр бир деӊгээлде айырмаланып да турган тармак – билим берүү тармагы. Кээ бирөөлөр педагогика илими менен билим берүү тармагын бир эле нерсе деп карашы мүмкүн. Андай эмес: не бир мыкты педагог аалымдар өткөн, бирок алардын баары эле билим берүү тармагында өздөрүн көрсөтө алган эмес, же тескерисинче, билим берүү тармагынын не бир билермандары, кыйын чыкмалары болсо да, алар педагогика деген илимде изсиз калган.

Ал эми Исак Бекбоев мына ушул эки тармактын теӊ – педагогика илиминин да, билим берүү тармагынын да корифейине, патриархына чейин жетти. Сөздүн толук маанисинде бул эки ири чокуну альпинисттердин термини менен айтканда «толук багындырды». Мындай дегенибиз педагогика илиминде: илимдин кандидаты – доктору – профессору, илим жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ал эми билим берүү тармагында: Ат-Башыда айылдык мектептин мугалиминен  мугалимдер үчүн илимий-методикалык жардам берүүчү сектордун кызматкери, бөлүм башчысы, директордун орун басары, директору, мугалимдердин билимин өркүндөтүү факультетинин деканы, анан Эл мугалими. Демек, бул киши менен бир эле киши эмес, жок дегенде эки киши келе жаткансыйт. Эми педагогикадан жана билим берүү тармагынан чыгып, жалпы өлкөнүн чен-өлчөмү менен каралуучу бир гана сый-ургал Кыргыз Республикасынын Баатыры деген жогорку наам гана калды. Буюрса, баатырлык да тургандыр… Дегеним, Исак агай өзүнүн илим жана билим берүү деп аталган эки фронтунда теӊ ала турган сыйлык-наамдардын баарын алды, эки фронттун теӊ баатыры болду.

А бул баатырлык жөн эле келе калган жок, жалаӊ эле кудайдын буйругу, же бешенеге жазылып эле калган нерсе эмес. Ал деген бул кишинин тубаса акыл-көрөӊгөсүнүн тунуктугу, феноменалдык эске тутуусу, кызылдай мээнеткечтиги, жогорку адамдык бийик сапаты менен келди.

Исак Бекбоев деген ысымды кыргыз коомчулугу, өзгөчө, педагогикалык коомчулук жакшы билет. Ырасын айтканда, жакшы билүү менен гана чектелбейт, бул ысым менен өздөрүн байланыштырган сайын «Исак агай бизди директорлордун курсунда окуткан», «Сабагыма Бекбоев өзү катышып, талдоо берген», «Мен бул сабагыма Исак Бекбоевичтин китебин пайдаланып даярдандым», «Мен Исак Бекбоевичтин шакиртимин» ж.б. ушундай сыймыктуу сөздөрдү айтып, өздөрүн бийикке бир көтөрүп алат. Мына ушундай сөздөрдү айткандар да башкалардын алдында барктуу болуп, бөлөктөрдөн кыйла өзгөчөлөнүп тургансыйт. Алардын ичинде мен да бармын. Тагдыр бизди – Исак Бекбоев экөөбүздү 1985-жылы жолуктурду. Ушул жылдын апрелинде, биз жолуккан кезде, Москвада горбачевдук кайра куруу пленуму өтүп, тоталитаризмдин чынжыры ыдырап, улуттук аӊ-сезим, эне тили, эгемендүүлүк, тарыхты жаӊыча кароо маселелери алдыӊкы планга чыга келди. Жазып жүргөндөрүмдү карап, сынчы Советбек Байгазиев айылдан «таап келип», агайдын иш бөлмөсүнө ээрчитип кирди. Ошондо ал киши мени ушунчалык муютту, тим эле мен билген, мен күндө кайнап жаткан мектепти өтө тереӊден гана эмес, кенен жана бүт республикалык масштабга салып ичкериден билет экен. Кыргыз тили, адабияты программаларынын, китептеринин абалы, тилчилердин жаат-жаат бөлүнүп алып, илимден четтеп кеткени, педагогика илимине жаштардын келбей жаткандыгы, бул тармакка кошулуп жаткандар болсо да алар мектепти билбестиги, жаӊыча көз караш менен бүтүндөй билим берүүнүн мазмунун жаӊылап чыгуу зарылдыгы тууралуу жан күйө кеп кылды. Агай математик болсо да ал тил, адабият проблемаларын ар кандай тилчи-адабиятчыдан кем билбей сүйлөп жатканы мени – элеттик баёо мугалимди аябай таӊ калтырды. Ошон үчүн ал кезде өзү директорлук кылган Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда кыргыз тили жана адабиятын окутуу боюнча тарыхта биринчи жолу секторду бөлүм деӊгээлине жеткирди да, ал бөлүмгө кошумча бөтөн тилдүүлөргө кыргыз тилин окутууну үйрөтүү менен алектенчү топ түздү. Кыргыз тилин мамлекеттик тил деӊгээлине жеткизебиз, башкаларга үйрөтөбүз деп куру кыйкырык менен чыккан «кымыз патриоттор» бийик трибунадан күпүлдөп жатканда пил көтөргүс оор жүктү – бардык практикалык ишти ушул топ көтөрдү. Күн сайын талап кылып, каалагандай шарт түзүп берген Исак агай болбогондо, «кыйкырчаак» кыргыздарга ишенип отура бергенде башкаларга мыш болмокпуз, ошол кезде аз да болсо абалдан чыга алдык.

Сексенинчи жылдардын аягында илимий-методикалык жардам беребиз деп бут жеткен жердин баарын түрө кыдырдык, жылына жок дегенде алты-жети районго жалпы институт боюнча, же предметтер боюнча жөнөп калар элек. Агай атайын алыска, эӊ жардамга муктаж, көпчүлүк борбордук кызматкерлер жетпеген түпкүрлөргө жиберчү. Анан биз барган мектеп кайдан келгенибизди билер менен сөзсүз Исак Бекбоевичти сурайт. «Агай кандай жүрөт?» дейт. Биз «жакшы» дейбиз. «Директорлордун курсунда окуткан эле» деп коюшат, анан бизге агайдын институтунан болгон үчүн ишеним менен карашып, мугалимдер топтолуп келип, билбегендерин сурашып, сабактарына ээрчитип кирип, балдары менен аӊгемелештирип, ички сырларын козгошуп, чыныгы майрамга айланып калчу, биз, илимпоздор да, алар, мугалимдер да, көп нерсеге жетишер элек, мындай жолугушууларда. Анан бүт мектеп ыраазы боло «агайга салам айта баргыла» деп коштошуп калчу.

Агайдын кесиптик башаты математик мугалими, ошол предметти мектепте окутуу боюнча адис. Бирок таланттуу инсан бир жактуу болбойт, ал киши педагогиканын бир тармагы бар, дидактика деген, ошол тармакта эчен муун мугалимдерге дарс окуган, китеп жазган, балким Москвада жашаса, же кыргызды кыргыз көтөрмөлөй билчү жакшы жагыбыз болсо, илгеркиче айтканда, бүткүл союздук маанидеги ири дидакт болмок, баарына бирдей окуу китебин орусча тамшандыра жазмак…

Соӊку жылдарда ал кишинин жетекчилигинде жана түздөн-түз катыштыгы менен кыргыз мектептери үчүн математика окуулуктары жазылып келатат, булардын бир артыкчылыгы – «кыргыз математикасы» түзүлгөндүгүндө, б.а. маселе-мисалдарга аймактык, кыргыздык өзгөчөлүктөр киргизилип, дүйнөлүк математикага «ала-тоолук», «кыргыздык» калпак кийгизгендикте. Бул китептерин Казакстан да үлгү кылып алып, агай ал өлкөдө да орус, казак, уйгур, өзбек тилинде чыккан математика окуу китептеринин негизги автору.

Исак Бекбоевдин китептери жөн гана типографиядан басылып чыккан кагаз продукциялары эмес, алар мугалимдердин руханий керектөөсүн канааттандыруучу азыктар, андыктан ал эмгектерге керектөөчүлөр тарабынан суроо жогору, көчө сөзү менен айтканда, мугалимдер «канын жерге тамызбай» алып турушат. Мындай китептердин ичинен өзгөчө «Педагогикалык процесс: эски көнүмүштөр жана жаӊыча көз караштар», үч жолу басылып чыккан «Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери», профессор А.Алимбеков менен чогуу жазган «Азыркы сабакты даярдап өткөрүүнүн технологиясы» аттуу эмгектерин белгилеп кетүүгө тийишпиз.

Агайдын адамдык сапаттары анын аалымдык даражасын дагы да бийиктетет. Сыртынан караганда сүрдүү, атүгүл каардуудай көрүнгөнү менен ички дүйнөсүндө ушунчалык кишини түшүнө билген, бала кыял, адамга жакшылык кылсам деген ниети сезилип турат. Сөз үстүндө жөн гана отургандарга таштап койгон репликалары ушунча бир жумшак юморлуу да, ошол эле кезде күйдүргүлүү да болуп кетет. Дагы бир касиети – жакшы, өсө турган адамбы, аны анжиандык-аркалык, сарыбагыш-бугу, тигиники-мунуку ж.б. деп отурбайт, «болду,  ушундан бир нерсе чыгат» дейт да, колунан кандай жардам келсе аябайт. Мен агайдын ушундай жардамын көрүп, бирок кийин башка тармактарга ооп кеткен «эчен балдарына» байыркылардын уруу аксакалдарындай кейип отурганын көп байкадым. Кадимкидей жүрөгүн оорутат.

Исак Бекбоевич менен бирге иштешип жүрүп, анын эмгекчилдигине, уюштургучтугуна абдан таӊ калган жайым бар. 2004-жылы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору мектепте окутулуучу предметтер жана илимдин тармактары боюнча 19 наамдагы энциклопедиялык окуу куралын чыгарабыз деп калды. Убакыт чукул, мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдыгына карата чыгып калышы керек. Анын бири «Кыргыз педагогикасы» деп аталат. Мында дүйнөлүк педагогикалык илим менен кыргыз этнопедагогикасы, Кыргызстанда кеӊири колдонулган педагогикалык терминдер менен түшүнүктөр, өлкөбүздө педагогикалык ойлордун өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын биографиялары маалыматтама түрүндө берилиши керек эле. Ушундай уникалдуу эмгекти биринчи жолу жаратууда: ага сөздүк ылгоодо, авторлорду табууда, жазылган макалаларды тандоодо, редакциялоодо, бастыртууда – кыскасы, оӊбогондой оор иште И.Бекбоев өзүнүн кеменгерлигин, устаттыгын жана эбегейсиз эмгекчилдигин көрсөттү. А түгүл өзү баш сөзүн жазып, жалпы китептеги оор жүктү бүт өзү алды. Мына ошол кезде мен ал кишинин интеллектуалдык билим деӊгээлинин бийиктигине, иштемчилдигине, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүнө аябай баа бергенмин. Мындай окумуштуулар кыргыз илиминде чанда гана учурайт жана алар илимде өздөрүнүн бийик ордун ар дайым ээлеп турат деп ойлодум.

«Исак Бекбоев ири монографиялык изилдөөлөрдүн, окуу жана окуу-методикалык колдонмолордун, көптөгөн илимий эмгектердин жаратманы, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого эӊ активдүү катышат, абдан пайдасы тие турган педагогика илиминдеги жана тажрыйбалардагы жаӊычыл табылгаларды мектептин практикалык иштерине киргизүү боюнча чоӊ иштерди жүргүзөт. Анын жарыяланган илимий эмгектери жана практикалык ишмердүүлүгү жалпыга кеӊири таанылууга ээ болгон жана алар республиканын математик мугалимдерин адистик жактан жетилдирип, калыптоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды».

Чыӊгыз Айтматов, Кыргыз Эл жазуучусу

 Абдыкерим Муратов,  педагогика илимдеринин доктору, профессор

Исак Бекбоевди надамдык сапаттары, ишмердүүлүгү тууралуу замандаштарынын ой-пикирлери

«Биз сөз кыла турган адам – «нукура улуттук педагог» деп айта тургандай эмгеги бар, улуттук педагогикабыздын илим катары түптөлүп-өнүгүүсүнө өзүнүн практикалык да, теориялык да жактан төө көтөргүс салымын кошкон инсан – Исак Бекбоевич Бекбоев десек  акыйкат болор. Антип айтуубузга толук негиз бар. Анткени Исак Бекбоев бүткүл өмүрүндө улуттук педагогикабыздын илим катары түптөлүп-өнүгүүсүн уюштургандардын, аны башкаргандардын да ири өкүлү боло алды. Анын ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарын аныктап, окутуу-тарбиялоонун негизги маселелерин чечүүдө өз ордун таап, өз сөзүн айтып, үнүн кошуп, заманга жараша улуттук окуу китептеринин негизги принциптерин иштеп чыгууга белсенип, мугалимдердин билимин өркүндөтүүгө өмүрүн сарптап келди…»

 Абакир Мамытов, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор

«Окумуштуунун эли-журтуна, кызматташтарына тийгизген таасири анын илимдеги жеткишкендиктери менен гана чектелбестен, инсандык сапаты менен да аныкталары мурдатан белгилүү. Ошондуктан Исак Бекбоевдин өмүр жолу максаттуу жашоонун, ага жетишүүүчүн талыкпай изденүүнүн, эмгектенүүнүн, тырышчаактыктын, көздөгөн ишине чын пейили менен берилгендиктин үлгүсү болууга татыктуу.

И.Бекбоев физика жана математика, психология жана педагогика илимдери боюнча жазылган эмгектерди кыргызчалатууга да өз үлүшүн кошуп келди. Учурдун олуттуу маселелерине арналган макалалары элге билим берүү майданындагы улуттук тилди калыптандырууга зор таасирин тийгизүүдө. Анткени агайдын эмгектеринде, котормолорунда кыргыздын нукура тили өз орду менен пайдаланылат, орусча терминдердин мазмунун толук чагылдыруучу кыргызча терминдерди таап, муну ар дайым ыктуу пайдаланганы айкын байкалат. Ошондуктан алар тилинин жатыктыгы, ийкемдүүлүгү менен окурмандарга таасирлүү жана түшүнүктүү».

  Эсенбек Мамбетакунов, Жоомарт Байсалов, педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор

«И.Бекбоев агайыбыздын сабак окутканын бардыгыбыз жактырар элек. Себеби мугалимибиз алгебралык ар түрдүү маселелерди, теӊдемелерди чыгарганда, чечкенде, геометриялык, тригонометриялык теоремаларды ж.б. түшүндүргөндө, талдоого алганда бардыгыбыз сабакка бой таштап, маашырланып угар элек. Билиминин тереӊдигине ыраазы болчубуз, ой жүгүртүүсүнүн сергектигине, курчтугуна, тактыгына моюн сунчубуз. Албетте, мунун баары эрудицияга, билимге байланыштуу болорун биз кийин гана түшүндүк.

Агайдын сабак берүү манерасы окуучуларды өзүнө тартып алчу. Жадатма, зериктирме жолдон качып, Исак Бекбоевич сабак башталгандан бүткөнгө чейин демилгени колунан түшүрчү эмес, андыктан сабак берүү процесси чыныгы чыгармачылык кырдаалга өтчү. Ошондуктан математика циклинен берилчү сабактар биз үчүн кызыктуу да, жемиштүү да болор эле».

 Теӊдик Аскаров,  КР УИАнын мүчө-корреспонденти, философия илимдеринин доктору, бир кездеги окуучусу

 «И.Бекбоевди педагогикадагы «куш таптаган мүнүшкөр, ат таптаган саяпкер»» десек жаӊылышпайбыз. Исак агай өзү токтоо, мүнөзү салмактуу адам. Тереӊ ойлонуп туруп сүйлөйт,  жети өлчөп, бир кесет. Мансаптууларга кошомат кылганды жаман көрөт. Кимдин алдында болсо да, иштин чындыгын түз айтып, өз позициясында бекем тура билет. Жетекчи катары кызматкерлерге калыс мамиле жасагандыгына, кишинин тагдыры чечилип жаткан жерде аяр, адилеттүү болуу анын эрежеси. Ошону менен бирге талапчыл дагы. Юмор менен сүйлөп, күлдүрүп, адамдын көӊүлүн ачып койгон  жөндөмү да бар. Баарынан мурда ал ыймандуу адам десем жаӊылбайм. Анын тарбиясы элдик тарбия дегим келет… Исак аба бала кезинде көчмөндүк дүйнөдөн чыгып келген кыргыздын эски карыяларынын  арасында, чоӊ атасынын жанында өскөн, алардан руханий таалим алган.

И.Бекбоев дүйнөлүк алдыӊкы илимий акыл-ойдон таалим алса да, өз алдынча автономдуу ой жүгүрткөн окумуштуу. Ал жалпылык менен жекеликтин диалектикасы жөнүндө дайыма ойлонуп, жалпы илимий методологиянын «прожектору» менен жергиликтүү чөлкөмдөгү спецификалуу проблемаларды жарык кыла билип, жалпы баалуулуктар менен улуттук дөөлөттөрдүн айкалышына жетишүүгө умтулат».

Советбек Байгазиев, филология илимдеринин доктору, профессор,  КРнын илим жана техника жаатындагы  мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

 

 «ИсакБекбоев – энциклопедиялыкөӊүттөгү, масштабдуупедагог.  Анын калеми тийбеген окутуу-тарбиялоонун бир да проблемасын табуу кыйын. Исак Бекбоев жалпысынан, 200дөн ашык эмгек жаратты. Курамы илимий-педагогикалык чыгармаларга таандык бардык жанрлардан фундаменталдуу монографиялар, методикалык колдонмолор, окуу программалар, окуу китептер, концепциялардан турат. Алар мектепке жаӊыдан бут койгон бөбөктөрдөн баштап, университеттин студенттери, мугалимдер, илимпоздор, бир сөз менен айтканда, педагогиканын теориясы, практикасына тиешелүүлөрдүн баары үчүн баа жеткис интеллектуалдык азык катары мезгил менен адымдаш кызмат кылып келет. И.Бекбоевдин изилдөөлөрүнүн тематикасына жана проблематикасына үстүрт эле баам салган адам анын эмгектери республикабыздын мектептеринин объективдүү муктаждыктарын жана талаптарын канааттандыруу максатында гана жазылгандыгын таасын байкабай коё албайт».

Акматали Алимбеков, педагогика илимдеринин доктору, профессор

  «Исак Бекбоев – улуттук деӊгээлдеги патриоттук духу күчтүү инсан. СССР кезинде ар бир улуттун өзүнө тиешелүү символдору болору сыӊары эле, ар бир мамлекеттин улуттук мазмундагы окуу китептери болуш керектигин кабыргасынан коюп, «улутчул» деген коркунучтуу ярлыктан коркпостон, кыргыз мектептеринин 1-11-класстарынын өз алдынчалуу «кыргыз математикасын» жазууга киришкен. Ал оюн ийгиликтүү жүзөгө ашырды. Ал ар кандай талылуу маселе болобу, айткан сөзү таза, таасирдүү, ичинде эч кимге кири жок, улуу-кичүүгө бирдей, эч кимдин улутуна да карабастан камкор, жардам-кеӊешин аябаган жаркын инсан, ар кандай татаал же жөнөкөй маселе болсо да, аны чечүүдөөзүнүн нукура окумуштуулук көз карашы бар акылман илимпоз. Илимпоз өзүнө жүктөлгөн ишенимди актап, өзү жарым кылымдан бери иштеп келаткан Кыргыз билим берүү академиясынын аброюн кошо көтөрүп келатат.

Исак Бекбоевди азыр кыргыз педагогикасынын «Бакай атасы» деп жалпы журтубуз кадырлайт. Ал чынында бүтүн кыргыз «Мугалимдеринин мугалими» деген сыймыктуу атка да эгедер инсан. Мындай элдик атак-наамдарга ал сөздүн чын маанисинде татыктуу».

Сулайман Рысбаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор

«Өтөлгөлүүөмүрсүрүшаркимдинэлебактысынабуюрабербеген. элетжергесиндежарыкдүйнөгөкелип, жаркынкелечегиналиэлестетеалбаган, кыргыздынжөнөкөйбирбаласынанэлдинэлитасынтүзгөншааринтеллигентинечейинки, татаалтурмуштунөйдө-ылдыйына, катаалсыноосунааралашаэлекбозуланданата, чоӊатабактысынамаарыганкутманкарылыккачейинки, илим-билимгесуусагандилгирстуденттенатагыэларалыкмаанидегиадисматематик, Элмугалиминечейинки, илимдинкандидатынандокторуначейинки, доценттенпрофессоргочейинкиарытүйшүктүү, арытүшүмдүүжылдарИсакБекбоевдинөмүрүнтүздү. Өтөлгөлүүөмүрсүрүүаркимдинэлемаӊдайынажазылабербегентагдыртаразасыбуладамтурганжаккаооду. Алмустактанбериайтылыпкележаткан «Кудайдынсүйгөнпендеси» дегенсөзкачан, кайсымезгилде, кандайшарттаайтылдыэкен? Кыязы, ушулИсакагайгаокшогонпенделердинөмүрүнөсаресепсалыпотурупайтылыпкалганокшобойбу…»

 Али Турдугулов, филология илимдеринин доктору, профессор

 «Педагогика илими – ары татаал, ары тармактуу илим. Биз, мисалы, ашып кетсе, педагогиканын ичинен бир же эки тармагын гана өздөштүргөнгө, ушул тармак боюнча адис болууга аракет кылып жатабыз. Ал эми Исак агайыбыз педагогиканын кайсы гана тармагы боюнча болбосун, энциклопедиялык билимге ээ болгон адам. Педагогиканын ар тарабы боюнча агай илимий жана методикалык эмгектерди гана жаратпастан, илимий кадрларды дагы даярдап чыгарды.

Агай азыр биздей муундарга — ата, жаш муундарга — чоӊ ата. Ушул күнгө чейин агай өз кыраакылыгынан, таасирдүүлүгүнөн тая элек. Адам өмүр бою билим алып, билимин толуктап туруусу керек деген ойду агай өз тажрыйбасы менен далилдеп олтурат…»

 Салидин Калдыбаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор

 «Окумуштуу өзүнүн шакирттери менен бирдикте 1-11-класска чейин математика окуу китептерин нукура кыргыз тилинде жазып, мектептерге тартуулап отурат. Мына ушинтип, тарыхыбызда биринчи жолу Исак Бекбоевдин колунан мектеп үчүн улуттук математика окуу китептери жаралды. Бул мамлекеттик тилге атуулдук зор кызмат эмей эмне?  Бул патриотизм эмей эмне? Мунун өзү кыйкырбаган нукура, жөнөкөй, эмгекчил патриотизм деп аталат».

Гапыр Мадаминов, Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясынын директору

«Анын лекциялары алтын жаак акындардын төгүп ырдаган ыр саптары сыӊары адамдын бүйүрүн кызытып тургандай ыракатка чөмүлтөт. Бул сүйлөмпоз чыныгы лектордун касиетинин бир гана кыры. Андан башка да анын айтып, сүйлөп тургандарын дагы ойлордун арымдуулугу, кызыктуулугу, жаӊылыгы, айткандарынын өтө керектүүлүгү, зарылдыгы, жөнөкөйлүгү, өткөрө түшүнүктүүлүгү. Педагог деген ашкере чечен, өзүнүн айткандарына аны угуп олтурган кимди да болбосун даана ынандыра алган, анан чындап ыракатка батыра алган инсан болуусу керек экендигин биле туруп, ошол деӊгээлге жетпей келебиз. Ал эми Исак агай ал бийиктикке даана жеткен. Карыса да, али Кошой бабасынча кубаты кайтпаган кайраткердин бири».

 Асан Заркунов,  КР Эл мугалими

 “Исак Бекбоев агайыбыздын көптөгөн окуучуларынын бири болгондугум менен сыймыктанам.

Мектепте окуткан мугалимдердин, университетте окуткан окутуучулардын ар бир инсандын калыптанышында эмгектери зор. Ал эми илим изилдөөгө кадам жасаганда илимий жетекчилердин берген багыты кынтыксыз. Айтылгандарга күбө катары Исак Бекбоев агайдын ар бир изилдөөчүгө, өзгөчө жаштарга, кайсы учурда кайрылышпасын, бардык көӊүлү менен изилдөө темаларынын, койгон максаттарынын, милдеттеринин аныктамаларын окуп, оӊдоп, өз убагында нукка салганы баарыга белгилүү. Ушундай эмгекчилдигинен өзүнүн көптөгөн шакирттери да агай сыяктуу жогорку окумуштуулук даражаларга жетишкендиктерине күбөбүз…”

Бакдөөлөт Кособаева, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

 “Исак агайдын ийгиликтеринин сыры эмнеде болду экен? Адам жасаган иштеринин натыйжасы менен башка адамдарга өрнөк болушу үчүн эмгектеринин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү ошол ийгиликти жараткан адамдын ички дүйнөсү, жашоого болгон көз карашы, адамдарга жасаган мамилеси менен төп келишкен учурда гана даана көрүнөт. Мына ушул жогорудагы белгиленген ийгилик менен өрнөктүү иштерди аркалап келген агайыбыз – Исак Бекбоев.

Исак агайымдын ойлорун угуп, жашоодогу ар кырдуу маселелерди чечүүдө кеменгерлик кеӊешин алып эмгектенип келем. Агайдын адамдарга, кесиптештерине, окуучуларына жасаган мамилеси аркылуу анын улуулугу кандайдыр бир курактагы  жашты жашоодон эмес, анын зарыл болгон учурда кеп-кеӊешин аябаган акылмандыгынан,  жаратмандыгынан, көрөгөчтүгүнөн, тажрыйбасынан, айкөлдүгүнөн көз каранды экендигин билдим”.

 Калиман Джунушалиева, КББАнын кафедра башчысы, п.и.к.

 “Аалым болуу оӊой, адам болуу кыйын”, – деген сөз бар эмеспи. Ал эми аалым да, адам да болуунун анык үлгүсү Исак Бекбоевич деп айтар элем. “Дарак канчалык мөмө байлаган сайын шагы ийилет”, “Улуулардын улуулугу – анын жөнөкөйлүгүндө” деген накыл кептер Исак агайдай инсандарга карата айтылып калган болуш керек.

Алыскы элет жеринде он жылга жакын мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, туз-насип буйруп Кыргыз билим берүү академиясына кызматка кабыл алындым. Шүгүрчүлүк кылам, илим-билимдин ордосу болгон бул куттуу чөйрөгө туш болуу шыбагасы бешенеме буюрган экен. Болгондо да Исак Бекбоев агайыбыз жетектеген борбордо иштөө – бул менин эӊ чоӊ бактым болду деп эсептейм. Илим жолуна түшүүдө агайдын мага абдан  зор таасири тийди. Исак агайдын көрсөткөн ишеними, айткан акыл-кеӊеши, жасаган мамилеси, койгон талабы – баары мен үчүн өзүнчө бир чоӊ мектеп болду деп айтсам жаӊылышпайм”.

 Батма Абдухамидова, педагогика илимдеринин кандидаты

“Исак Бекбоевич кыргыз элинин бактысына жаралган улуу дөөлөт деп айтар элем. Ал эми агайдын жараткан окуу китептери, методикалык колдонмолору, монографиялары келечек муундарыбыздын, жалпы педагогдорубуздун, дегеле, түптүү кыргыз журтубуздун шыбагасына бүткөн зор байлык, түгөнгүс жок кенч эмеспи. Гумандуулуктун, тунуктуктун, бийиктиктин, эмгекчилдиктин, калыстыктын улуу өрнөгү болгон Исак агайыбыз менен биз, албетте, сыймыктанабыз”.

Аскер  Сөлпүбашова, КББАнын ага илимий кызматкери

Бул беттердин материалдарын даярдагандар:

п.и.д.,  профессор Абдыкерим Муратов,  п.и.к. Батма Абдухамидова

 

АБИТУРИЕНТ – 2015: КАБЫЛ АЛУУ ПЛАНЫ 46% АТКАРЫЛДЫ

$
0
0

2015-2016-окуу жылына жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына кабыл алуу 85% аткарылса, контракттык бөлүмгө кабыл алуу 41% аткарылып, жалпы кабыл алуу 46% түздү.

Быйыл да гранттык орундар толгон жок 

Быйыл мамлекет тарабынан 5705 гранттык орун каралган. Анын 185 оруну – эл аралык келишимдерге, 50сү эӊ жогорку балл топтоп алтын сертификатка ээ болгондорго, 75си  этникалык кыргыздар үчүн, 40 орун 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында курман болгондордун балдары үчүн, 100 орун жеӊилдиги бар абитуриенттер үчүн бөлүнгөн. Негизинен бул орундар саламаттык сактоо, маданият жана искусство, курулуш, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, транспорт, педагогика адистерин даярдоо үчүн бөлүнгөн. Мындан тышкары, гранттык орундар ИИМ жана Коргоо министрликтерине адистерди даярдоо үчүн каралган.

Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгы билдиргендей, гранттык орундарга кабыл алуу жылдагыдай эле бекитилген график менен каралган категориялардын негизинде жүргүзүлдү. Жыйынтыгында жалпы 4868 абитуриент кабыл алынып,  837 гранттык орун толбой калды. Анын ичинен 692 оруну жогорку окуу жайлардан  калса, 32 оруну ЖРТдан эӊ жогорку балл топтогон абитуриенттер үчүн бөлүнгөн квотадан калган. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн эӊ жогорку баллды 54 бүтүрүүчү топтоп, каалаган окуу жайына сынаксыз өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону менен, бул мүмкүнчүлүктү болгону 18 абитуриент гана пайдаланган. Эл аралык келишимдер жана этникалык кыргыздар үчүн бөлүнгөн орундарга дагы абитуриенттер аз тапшырды. 225 орунга болгону 112 абитуриент кабыл алынып, 113 орун бош калды.  Кайрылман статусу бар эки бүтүрүүчү кабыл алынса, 2010-жылдагы окуялардан курман болгондордун үч баласы бюджеттик орунга кабыл алынды.

Контракттык бөлүм

 Быйыл жогорку окуу жайлардын контракттык бөлүмүнө жалпы 33516 абитуриент,  дистанттык бөлүмгө12636 абитуриент кабыл алынып, план 41% аткарылды. Натыйжада республика боюнча окутуунун бардык формасына жалпы 37654 студент кабыл алынды. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл бул цифра 914кө аз.

Бирок бул жылы башка жылдардагыдай босого баллы төмөндөтүлгөн жок жана кабыл алуу үч тур менен гана жүргүзүлдү. Жогорку окуу жайлардан жана ата-энелерден, коомчулуктан келген канчалаган кайрылууларга карабастан Билим берүү жана илим министрлиги босого баллын төмөндөткөн жок. Негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60 баллдан жогорку балл топтогон гана абитуриенттер кабыл алынды. Бул чек бардык окуу жайлар үчүн, анын ичинде мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлары үчүн бирдей күчкө ээ болуп, бюджеттик, контракттык бөлүмдөргө тапшыруу да ушул эреже менен жүрдү.

Быйыл жалпы республикалык тест жакшы жыйынтык берип, былтыркыга салыштырмалуу босого баллдан жогору балл топтогон абитуриенттердин саны көп болгон. Былтыр жалпы республикалык тестирлөөгө республика боюнча 51931 абитуриент катышса, анын болгону 18000 босого баллдан жогору балл топтогон. Быйылкы тестирлөөгө катышкан 52013 абитуриенттин 25 миӊден ашууну, тактап айтканда, 48% босого баллдан жогору балл топтогон.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу планынын аткарылышы

  Окутуунун күндүзгү  формасы   Сырттан окутуу формасы   Жалпы кабыл алынган

дар

  Кабыл алуу планы Кабыл алынгандар

дын саны

Аткаруу

нун %

Кабыл алуу планы Кабыл алынгандар

дын саны

Аткаруу

нун %

2015 33516 15451 46% 12636 3516 28% 18931
2014 35795 14352 40% 14198 4556 32% 20386
2013 30940 16409 53% 13311 5462 41% 21871
2012 30092 17529 58% 11362 4395 39% 21924

 

Орто кесиптик билим берүү базасында Жогорку билим берүү базасында Жалпы
Күндүзгү Сырттан Күндүзгү Сырттан
2015 3200 5279 247 1871 10597
2014 3417 4916 452 1523 10308
2013 2286 5521 679 1954 10440
2012 1852 4775 57 2112 8796

ЖРТнын жыйынтыгы жок кабыл алынгандардын саны

 

Негизинен быйыл республика боюнча окутуунун бардык формасына жалпы 37654 студент кабыл алынды. Анын:

- 4868 гранттык орундарга;

- 1687 башка булактардан (Россия, Түркия) каржылана турган орундарга;

- 18931 контракттык бөлүмгө;

- 10597 жогорку жана орто кесиптик билим берүү базасында тездетилген программа менен;

- 1516 магистратурага.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

 

«ГҮЛ ӨССӨ ЖЕРДИН КӨРКҮ, КЫЗ ӨССӨ ЭЛДИН КӨРКҮ»

$
0
0

Жакында “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун директору, экс-президент, кыргыздын сыймыктуу кызы Роза Отунбаева Алматы шаарындагы “Гүлстан” гүлбагынын түзүүчүсү жана ээси, ушул эле аталыштагы илимий-таанымдык журналдын башкы редактору, “Өсүмдүктөр ааламы” окуу-методикалык комплексинин автору, казактын баатыр кызы Гөзел Кулжабаева жана “Гүлзар” коомдук бирикмесинин директору Батима Кобдалдановаларды өзүнүн кеӊсесинде кабыл алды.

Тубаса МУГАЛИМдик табият

 Роза Отунбаеванын балдарга, жаш жеткинчектерге болгон жакындыгы, алардын ички сезимин аруулап, келечек муундун дени сак, көөдөнү таза, тилеги ак болуп чоӊоюшуна карата көргөн камылгасы, энелик мээримин төккөн камкордугу, жан дүйнөсүн гана эмес, курчап турган чөйрөсүн да көзүнүн карегиндей сактоого үйрөткүсү келген аракети анын тубаса педагогдук дараметинен кабар берип турат. Улуу батыш философу Джон Локктун “Баланын мээси таза барактай, ага эмнелерди чиймелесеӊ ал ошондой калыптанат” деп белгилегениндей, өлкөнүн келечеги тууралуу күйүп-бышып ойлонгон гениалдуу педагог өзүнүн тереӊ философиялык көз карашында аны өнүктүрүү коомдун эӊ кичинекей мүчөлөрү болгон жаш адамдардын жан дүйнөсүн тазартуудан башталууга тийиш экендигин бекемдейт.

Бүткүл дүйнө жүзүнөөзүнүн бийик интеллекти, лидерлик дарамети, чыныгы атуулдук ар-намысы, каармандыгы, кеменгерлиги менен таанылган кыргыз элинин баатыр кызынын бүгүнкү иш планы да өтө жыш. Анын жана ал түзгөн күчтүү команданын иш-аракети да бүтүндөй кыргыз мамлекетинин гүлдөп өсүшүнө багытталган. Пландуу иш-аракеттердин катарында “Жайлоо балдар бакчасы” долбоору, “Таза Бишкек” экоакциясы, инновациялык билим берүүнүөнүктүрүү боюнча “Сорос-Кыргызстан” фонду менен биргеликте өткөрүлгөн ачык лекциялардын уюштурулушу, ар ишемби сайын “Раритет” китеп дүкөнүндө “Жылдыздар балдарга окуп берет”  иш-чарасынын өткөрүлүшү, аялдардын компьютердик сабатсыздыгын жоюу боюнча жайкы мектептердин уюштурулушу (Ош шаары) жана “Балдар үчүн гүлбакча” аттуу ачык лекциянын өткөрүлүшү да орун алган.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаеванын билдирүүсүнөн фонддун иш-аракеттеринин негизин экология маселеси түзөрүн баамдай алдык. Дал ушуга байланыштуу, “Гүлстандын” атагын алыстан угуп, иш-тажрыйбаларына ичтен үӊүлүү менен мыкты идеяны кыргыз билим берүү мекемелеринде колдонуу мекенчилдик сезимдерди калыптандырууга, экологиялык тарбияны ишке ашырууга жана жашап жаткан аймагыбыздын жаратылышынын жакшырышына кошкон чоӊ салым болорун түшүнгөн Роза Исаковна Гөзел Кулжабаева жана Батима Кобдалдановалар менен атайын жолугушуу уюштуруп отурбайбы.

 Өз жерин гүлзарга айланткан казактын баатыр кыздары

 Казактын ушул эки баатыр кызы менен 2013-жылдын январь айында Алматы калаасына илимий иш сапар менен барып калган учурда Казакстандын улуу педагог-окумуштуусу, кыргыз илимпоздорунун арасында да чоӊ кадыр-баркка ээ Бактияр Сманов агайыбыз аркылуу таанышканбыз. Көп өтпөй эле алардын жумушчу аймагына да барып калдык. Ал “Гүлстан” деп аталат экен. Кыштын суук күндөрүнө карабастан, “Гүлстан” гүлбагынын ажайып кооздугу аппак кар алдынан да кылайып көрүнүп турду. Дал мына ошондон тартып биздин ортодогу кызматташтык мамиле жаралды.

“Гүлстан” бул адамзат жашоосунда чөл болсо, дал ошол чөлдүн ортосунда жайгашкан оазис           сыяктуу өзгөчө пикир жаратат. Андагы өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү биз мурда башка жактан жолуктурбаган өсүмдүктөр экендиги көрүнүп турат. Анан калса кичинекей аянтта не неген дүйүн түрдүүөсүмдүктөрдүн гармонияда өсүп турушу да көргөн адамды таӊ калтырбай койбойт. Мунун сыры гүлбак ээси Гөзел айымдын өсүмдүккө жандуу нерседей мамиле кылып, аны аярлап, ага сүйүүсүн тартуулаган, өз ишине чексиз берилгендик сезимине байланыштуу тура, көрсө. Жакындан түзүлгөн мамиледен жана алардын бир канча иш-чараларына катышуудан улам Гөзел Кулжабаеванын жаратмандык иши бир гана “Гүлстан” гүлбагы менен чектелбестен, бүтүндөй казак жерине, анын бала бакчаларынан тартып, мектептерине чейин жайылганын баамдадык. Ал эми өзү туулуп өскөн айылында “Баатыр энелер багын”, казактын улуу ырчысы Нургали Нусупжановдун багын ачып, өз жеринин айдыӊ талаасын гүлзарга айланткандыгын баатырдык, өз эли-жеринин гүлдөп өсүшүнө кошкон опол тоодой салым деп түшүнсөк болот.

Гөзел Кулжабаеванын эмгеги өз жерин көрктөндүрүү менен гана чектелбестен, жасап жаткан иш-аракетинин бардыгын илимий негизге салып, аны диссертациялык ишке айландырганын көргөндө, чындыгында да практикалык мааниси өтө тереӊ теориялык жыйынтыктар биздин элдердин педагогика илиминде жаӊы илимий табылганын жаралгандыгын тастыктап турат.

Ал эми анын илимий-практикалык жана методикалык мааниси тереӊ, жаӊыча иштелип чыккан “Өсүмдүктөр ааламы” аттуу 58 китептен турган окуу-методикалык комплексинин билим берүү тармагындагы өтө салмактуу эмгек экендигин баса белгилеп көрсөтүүнүн орду бар. Бул окуу-методикалык комплекси кыргызстандык окумуштуулардын да зор кызыгуусун жаратса, ал эми практик-мугалимдер өз ишинде аны ийгиликтүү колдонушууда. Буга биз “Гүлстан” журналы, илимий-таанымдык комплекси, “Гүлзар” коомдук бирикмеси менен биргеликте өткөргөн: эл аралык семинар, конференция, студенттик практика жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана мугалимдери үчүн уюштурулган экскурсиялар сыяктуу бир катар иш-чараларыбыздын жыйынтыгы менен күбө болдук.

Он жыл бою бир гана гүлдөр дүйнөсү тууралуу маалыматтарды камтыган “Гүлстан” журналын чыгаруу бул өзүнчө бир өзгөчө айта турган сөз. Бул сыяктуу журнал Кыргызстанда азырынча чыга элек. Аталган басылма бүгүнкү күндө эки элди бириктирген гүл көпүрө болуп калды десек жаӊылышпайбыз. Ар убак мен казактын даӊктуу баатыр кызы Гөзел Кулжабаеваны эстегенде анын бир сөзү эсиме түшөт. Ал: “Мен силерге бир гана оору каалайм. Ылайым гүл оорусу менен ооруп калгыла”, – дейт.

 Эки тараптуу кызматташуу

 Иш-чаранын биринчи бөлүгү “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунда өткөрүлүп, анда эки тараптуу кызматташуу тууралуу төмөнкүдөй иш пландары каралды: билим берүү мекемелеринин айлана-тегерегин көрктөндүрүү ишин уюштуруу; “Гүлстан” илимий-таанымдык журналынын алкагында кызматташуу; “Өсүмдүктөр ааламы” окуу-методикалык комплексин кыргыз тилине которуу жана Кыргызстандын бала бакчаларына, мектептерине жайылтуу; тажрыйба алмашуу максатында Казактан   Республикасынын Алматы шаарында жайгашкан “Гүлстан” гүлбагына экскурсияларды уюштуруу жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду белгилеген иш-чараларды буга чейин “Гүлстан” экологиялык борбору менен 2013-жылдын башынан тарта Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультети (мурдагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту) жана 2015-жылдан баштап Нарын мамлекеттик университеттери өз деӊгээлинде кызматташып келген болсо, ал эми мындан ары дал ушул эле окуу жайлар менен биргеликте жогорку дэӊгээлде эл аралык байланыш түзүү тууралуу   сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаранын экинчи бөлүгү И.Арабаев атындагы КМУнун чоӊ азем залында Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин, ботаникалык бактын, зеленхоздун өкүлдөрү, мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары, жогорку окуу жайлардын декандары, кафедра башчылары, окутуучулары жана студенттеринин катышуусунда өткөрүлдү. Анда Г.Кулжабаеванын мекенди көрктөндүрүү иши тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп,  андан соӊ автордун өзү тарабынан жалпы иш тажрыйбасы боюнча презентация жасалды. Белгилей кетүүчү нерсе, “Гүлстан” менен кызматташып келаткан үч жыл аралыгында Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин (мурдагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту) кызматкерлери  тарабынан  “Өсүмдүктөр ааламы” окуу комплекси кыргыз тилине которулуп, басмага даярдалган. Иш-чарада Нарын мамлекеттик университетинин табигый-илимий билим берүү кафедрасынын башчысы Н.Ибраева тарабынан “Гүлстан” менен болгон кызматташуусунун негизинде иштелип жаткан иштер көрсөтүлдү. Жыйынтыгында жасалып жаткан жакшы саамалыктар тууралуу катышуучулар тарабынан жылуу пикирлер айтылып, иш тажрыйбалар менен бөлүшүп, жакындан алака түзүү тууралуу ойлорун билдиришти. Демек, экологиялык билим-тарбия берүү, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча жакын арада эӊ сонун иштер жүргүзүлөрү белгилүү болду.

Элибизде “Гүлдөй өс, гүлдөй жайна, кетсе өмүр, келбейт кайра” – деп айтылгандай, жакшы, кооз, бактылуу, кызыктуу жашоо-турмуш ар качан гүлгө салыштырылып келген.  Ылайым эки тараптуу сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, ак эмгектин акыбети кайтып, бүтүндөй кыргыз-казак жергеси гүлзарга айлансын!

 Рахат СУЛАЙМАНОВА, 

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Педагогикалык факультетинин деканы,

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору.

ВОСПИТАТЬ УВАЖЕНИЕ К СЕБЕ

$
0
0

   Уважение – почтительное отношение, основанное на признании чьих-либо  достоинств.

Почтение – это проявление высочайшего уважения к другому, которое не содержит и намека на эксплуатацию.

Опираясь на эти утверждения нельзя не  согласиться с Джоном Пауэллом: «Мы  знаем, что если бутон  цветка поврежден неблагоприятными условиями, такими как неожиданный мороз, он не распуститься.

Точно так же человеческое существо, лишенное теплой поддержки любви, вынужденное терпеть леденящее отсутствие похвалы и привязанности, останется  замкнутым в себе.»

Именно поэтому и столь высока ответственность  родителей, учителей за  воспитание подрастающего  поколения. Не секрет, что  иногда в школах  работают  люди, далекие от звания  Учитель. Может поэтому должны быть бесценны те учителя, которые пришли в школу по призванию, любящие детей, знающие предмет, являющиеся сами образцом поведения, которых принимают  дети, тянутся к ним и видят в них людей, достойных подражания.

В нашем  учебном образовательном коллективе — Международной школе «Силк Роуд» — существует много традиций и праздников. Одним  из таких осенних празднеств является встреча в начале сентября, когда приглашают всех выпускников и классных руководителей за большим  столом, который по той же традиции обставлен всевозможными вкусностями, начиная с шашлыка и чечевичного супа до пирожных и пахлавы, с множеством  фруктов и салатов.

Начавшись с дружественных объятий  и комплиментов, встреча плавно  переходит в дружескую беседу, организованную на этот раз заместителем  директора  Д. Мусаевым.

Теплые трогательные слова, сказанные в адрес уже выпускников – студентов  классными руководителями  А. Нигматуллиной, З. Уйсал и другими учителями были наполнены любви и немного грусти—эти дети уже не будут сидеть в классах, и все последующие встречи будут реже—они ушли в свое большое плавание, где учителем будет уже  сама жизнь.

На этой встрече было много ребят, которые прилетели на лето из  Англии, Америки, Турции, многие обучаются и в  Бишкеке.

Ребята, конечно же, общаются и между собой  и учителями — но живое общение не  заменить ничем. И начало фразы: «А  помнишь…» заканчивалось громким хохотом, да, многое уже не вернешь, многое забудется…

Только где-то, в глубине души останутся все же трогательные воспоминания  о первых чувствах, о несправедливой оценке, о предмете,  который не  любишь до сих пор, о словах, которые тебе тогда казались очень жестокими, но осознание справедливости сказанного понимаешь  теперь, о благодарности, за то, что терпели, выслушивали и подсказывали…

Вспоминается один эпизод из школьной жизни. Мой любимый  11 А. Ранняя весна. Настроение просто замечательное,  романтическое. День такой очаровательно теплый. И  вдруг такая неожиданная просьба детей: «Давайте проведем этот урок на улице». Тема урока — ранний романтизм М. Горького как нельзя кстати. Ребята расселись по скамейкам—весело, радостно, шумно.

Сесть не решаюсь, думаю, наверное, еще свежо…  И вдруг  Айтбек  говорит:  «Все, садитесь, мы согрели место для вас…» Сказать, что было приятно — мало…Такая волна благодарности за столь хорошее воспитание, за чуткость , воспитанную родителями и не «убитую» учителями.

И, обратная связь — давно не получал оценок — надо его сегодня  спросить.

Но, взглянув на ребенка, понимаешь — не готов, не только к уроку, но и к общению. Что-то случилось, может дома, на улице, в душе…

Пропускаешь — в следующий раз.  И сколько тихой благодарности в глазах ребенка за понимание. Наверное, именно с таких моментов и рождается  взаимное уважение  учителя и ученика.

Научить проявлять уважение ко всем взрослым нелегко, тем  более, будем откровенны, заслужили его не все (в силу разных причин). Именно поэтому огромное количество  классных часов посвящается этой теме, звучит она также часто на уроках литературы. Когда на примерах литературных героев  идет бурное обсуждение в пользу того или иного героя. Но как показывает практика, примером для жизненного подражания зачастую бывают сами  учителя.

Говоря, о роли учителя в жизни  школы  мы зачастую слышим «учителка» — это печальное явление наших  современных школ, мужчин –учителей в школах нет, или очень мало, поэтому, те учителя мужчины, которые работали и работают сейчас в нашем коллективе дороги особо.

А когда это  Учитель с большой буквы — без вредных привычек, чудесный семьянин, прекрасно знающий свой предмет, спортсмен — им  остается только гордиться.

И не назвать  имена этих  учителей было бы несправедливо: Ш. Кучукоглу, Ш.Сарыхан, А.Гюрсой,  К. Оздуман, Д. Мусаев и многие другие.    Спасибо вам, что вы есть!

Ведь конечной целью  нашего образовательного процесса  является  воспитание самостоятельного, тактичного, умного и чуткого человека, способного противостоять тем огромным трудностям, которые встретятся на их жизненном пути.

Никогда не будет у ребенка желания  вернуться  в ту школу, где его  унижали, обижали, оскорбляли.

И тем радостнее видеть лица выпускников с неподдельной радостью и  уважением встречающих  своих любимых учителей.

А  таких печальных  историй,  формального подхода  к детям как этот  из  книги «Совершенная  пара»   А. и К. Оллман а Ли  об ошибке учителя не было в нашей жизни.

В  начале года один учитель, впервые  вошедший в класс,  получил список имен детей, где после   каждого имени следовала двух — трехзначная  цифра.

Только, выставив отметки, в конце  года он  узнал, что  изначально эти  номера  означали не  КИ (коэффициент  интеллектуальности),  а  номера шкафчиков для одежды.

Но  было поздно—оценки детей  соответствовали номерам шкафчиков.

А наша очередная встреча закончилась не только поздравлением с новым учебным годом, но и спортивным матчем, где победила дружба, но и подарками учителям — часами  с эмблемой родной школы.  Это  был еще один бесценный жест, когда администрация ценит, уважает труд учителя и вместе с учащимися делится этой радостью совместного признания  достоинства и уважения  Учителя.

Альбина Нигматуллина

РОДИТЕЛИ ПЕРВОКЛАССНИКОВ ВЫБИРАЮТ НЕ ШКОЛУ, А ПЕРВУЮ УЧИТЕЛЬНИЦУ

$
0
0

Ведь именно от того, в чьи руки попадет ребенок, во многом будет зависеть его учеба в школе.

Гульмира Жанталиева – учитель с многолетним опытом в образовательной системе, высшей квалификационной категории. Работает учителем 1 класса средней школы столицы №55.

- Как учитель со стажем, вы наверняка можете сравнить нынешних первоклашек с их сверстниками, скажем, из 80-х годов. Ясно, что современные дети в подавляющем большинстве являются пользователями гаджетов. Я о другом. Изменилось ли их представление о добре и зле?

- «Добро» и «Зло» – это такие понятия, которые вряд ли меняются в зависимости от времени. Дети младшего школьного возраста как «губки» впитывают все хорошее и все отрицательное. Но всегда семи-шестилетки были на генном уровне восприимчивы к доброму, светлому, теплому отношению и с космической быстротой реагировали и реагируют на негатив.

Учителя начального класса и ученика можно сравнить с росточком, маленьким и слабеньким, который тянется к теплому и свету, исходящему от солнца. Если в семье отношения между родителями либо к детям агрессивные, это сразу же видно учителю. Переубедить детей из таких семей в том, что миром правят любовь и доброта, гораздо сложнее. Стараюсь, чтобы школьная половина дня такого ребенка была наполнена вниманием и заботой со стороны одноклассников. У маленьких детей обостренное чувство справедливости, они, как ростки к солнцу, тянутся к хорошему, и рано или поздно добрый пример в сознании маленького человечка должен взять верх над дурным.

- Что, на Ваш взгляд, влияет на успешное обучение ребенка в первом классе?

- Об этом можно говорить долго. Успешное обучение ребенка в 1 классе – это, прежде всего положительная психологическая атмосфера, как в школе, так и дома.

- Как Вы помогаете первоклассникам осваиваться в школе и чувствовать себя комфортно?

- :Важно, чтобы ребенок не чувствовал себя оторванным от прежней беззаботной жизни дошкольника и беспощадно брошен в пучину бурлящего потока огромной школы. Помогать ему адаптироваться в школе, сделать так, чтобы погружение в другую жизнь происходило как можно бережнее и без психологических потрясений и травм. И как порой с иронией замечают учителя старшего звена «Мы носимся со своими подопечными, как курицы с яйцами». Да, но это так.

- Не всем родителям хватает любви даже к собственным детям. Возможно ли, чтобы учитель любил сразу 20-30 детей? Можно ли развить в себе это чувство, и что делать учителю, если любить всех не получается. Так ли важно для учителя, чтобы он любил детей?

- Да, это важно. Если дети вызывают раздражение, то делать такому учителю в школе нечего. Нужно принимать детей такими, какие они есть. И даже, если ребенок не получает хороших оценок, у него обязательно есть много хороших качеств, которые он реализует во взрослой жизни. Станет отличным поваром, водителем, сантехником. Учитель должен быть справедливым, ни при каких обстоятельствах нельзя унижать детей. И еще для учителя очень важно иметь чувство юмора, научить детей разрешать многие вопросы с помощью хорошей доброй шутки, улыбки, смеха.

Обучение в 1 классах направлено не столько на непосредственное образовательное действо, а на адаптацию ребенка к жизни в школьном коллективе, раскрытию его как маленькую, но ЛИЧНОСТЬ.

- Система современных ценностей претерпела серьезную переоценку. Многие родители в затруднении, какие качества прививать ребенку. Например, нужно ли «давать сдачи» своему обидчику, давать списывать или нет соседу по парте? Каким непреложным истинам вы считаете своим долгом научить питомцев?

- В моей многолетней практике был такой пример. Ребенок в седьмом классе решился на то, чтобы рассказать о том, что его, ученика 1 класса учительница в очень резкой форме осадила его во время урока. Все. Дело сделано. Ребенок закрылся как ежик. И все эти годы он чувствовал себя оторванным, даже если это было не так. А ведь это огромная веха в жизни человека разумного. Маленькому человеку всегда и везде надо дать высказать свое мнение, иначе это чревато последствиям.

- Часто в первый класс приходят очень хорошо подготовленные дети, умеющие читать и считать. Известно, что через пару недель они начинают скучать в школе. Как Вы преодолеваете эту проблему?

-  Об этом можно говорить долго. Но главное, нужно просто любить детей, любить и чувствовать их со всеми их радостями, горестями и переживаниями. Радоваться каждой их маленькой победе вместе с ними, горевать вместе с ними.

- А как изменились родители первоклассников? В чем нынешние папы и мамы проигрывают родителям образца 80-х, в чем бесспорное преимущество сегодняшних родителей?

- Раньше у родителей было больше времени для того, чтобы заниматься своими детьми. Родители сегодняшних первоклассников – это молодые люди, они более образованы. Однако такого уважительного отношения к школе, к учителю, как прежде, сегодня уже у родителей нет. Школьную жизнь некоторые рассматривают как банальное получение образовательной услуги. Многие родители занимаются предпринимательством, зарабатыванием денег, и времени на детей у них практически не остается. Из-за нехватки времени появляется раздражительность, нетерпимость. При возникновении проблем такие родители стараются переложить ответственность на школу, вместо того, чтобы установить причину проблем ребенка и устранить ее. Нужно ли объяснять, что при таком подходе страдать будет в конечном итоге ребенок, и никакие деньги не заменят ему счастливого детства. Как известно, все мы родом из детства. Ведь жизненный опыт, полученный в детстве, станет определяющим во взрослой жизни ребенка.

Но, тем не менее, хочу отметить,  фундаментальные ценности остались незыблемыми. Это – милосердие, гуманизм, патриотизм и многое другое.

Кубатбек Айбашов


МУГАЛИМДЕР —ОКУУЧУЛАРДЫН РУХАНИЙ ДҮЙНӨСҮНҮН ЗЕРГЕРЛЕРИ

$
0
0

  “Жыл мугалими — 2015” республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталды. Балыкчы шаарындагы №4 мектеп-гимназиянын география мугалими Нургүл Алиева 132,3 балл топтоп, биринчи орунга чыкты. Ал эми 124,2 балл менен  Бакай-Ата районундагы Д.Батырбашиев атындагы мектеп-гимназиянын математика мугалими Тамара Бокубаева экинчи орунга татыды. Үчүнчү орунду 120,1 балл менен  Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №5 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими Элвиза Нарымбаева камсыз кылды.

Мыктылардын мыктысы наамы үчүн ат салышкандар: Акунова Айгүл Рысбековна - Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, Алиева Нургүл Согушбековна — Балыкчы шаарындагы №4 мектеп-гимназиянын география мугалими, Бокубаева Тамара Жанболотовна — Бакай-Ата районундагы Д.Батырбашиев атындагы мектеп-гимназиянын математика мугалими, Жумагулова Турсунгүл – Өзгөн районундагы Б.Келдибаев атындагы №25 мектептин химия мугалими, Жумагулов Алмазбек Муратбекович – Токмок шаарындагы А.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими, Жоошбаев Нурбек Кочкорович – Таш-Көмүр шаарындагы К.Осмонкулов атындагы №2 мектептин тарых мугалими, Момунов Султан Тойчуевич – Баткен шаарындагы мектеп-интернаттын география мугалими, Нарымбаева Элвиза Тойчубековна – Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №5 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими.

“Соолук барда, көкүрөктө жан барда,

Соксун жүрөк мектебим деп, мекен деп…”

Салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева конкурсанттарга ийгилик каалоо менен мугалимдердин ары жооптуу, ары сыймыктуу ишине токтолуп өттү.

- Эӊ ириде жаш муунду тарбиялоонун татаал жолунда талыкпай эмгектенип келатышкан жалпы эле мугалимдер журтуна бакубатчылык, чыдамкайлык жана иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап кетким келет. Өтө тез өнүгүп-өсүп өзгөрүлүп жаткан коом менен бирге мугалимдерге да жаӊы технологиялар, жаӊы ыкмаларды ыкчам үйрөнүп, аны иш жүзүнө ашырууга аракеттенип иштөө талабын турмуш өзү талап кылууда. Анткени заманбап иш жүрбөгөн жерде эч кандай реформа жардам бере албайт, — деди Т.Ашымбаева.

Алты жылдан бери өткөрүлүп келаткан мугалимдердин кесиптик чеберчилик сынагы – чыгармачылык эргүү менен эмгектенген ардактуу кесип ээлеринин тажрыйбасын көргөзүү эле эмес, аны жайылтууну, жайылтып гана тим болбой, билим нурун чачкан жарыгына жылытууну көздөгөн сынак экендигин катышуучулардын жаркын маанай жигери тастыктап турду.

Беш позициядан турган тапшырманын биринчисинде, тагыраак айтканда, өз билим деӊгээлин, чыгармачылык чеберчилигин көрсөтүүдө 124 балл менен Рыбачье шаарындагы №4 мектеп-гимназиянын география мугалими Алиева Нургүл атаандаштарынан алдыга озуп чыкты. Ага удаалаш Өзгөн районундагы Б.Келдибаев атындагы мектептин химия мугалими Турсунгүл Жумагулова (102 балл), Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №5 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Элвиза Нарымбаева (101 балл) топтогон упайлары менен алдыӊкы үч сапты ээлешти.

Жүрөктөрү мектеп деп согуп, мектеп деп ооруган, окуткан окуучуларынын ийгилигине кубанып, жетишпегендерин алдыга сүрөп, тынымсыз күрөш менен күн өткөргөн мугалимдер “Соолук барда, көкүрөктө жан барда, соксун жүрөк мектебим деп, мекен деп” деген ыр саптарын коштоп, сынактын талабына шайкеш мекенчилдигин, теория менен практиканы айкалыштырган сабактарын калыстардын калыс баасына сунушташты.

Калыстар демекчи, быйыл конкурсанттардын арасында агай мугалимдердин арбын келиши жана жаш мугалимдердин тартылышын жакшы жөрөлгө катары баалаган калыстар тобунун төрагасы КББАнын президенти Абакир Мамытов конкурстун жүрүшү тууралуу мындайча ой бөлүштү:

- Мугалимдердин мыктыларын тандоо максатында өткөрүлүп келаткан конкурс жылдан-жылга калыптанып, салттуу жөрөлгөгө айланып калды десем болот. Быйылкы комиссиянын курамы 13 кишиден турат. Алар: жождордун мугалимдери, профессорлор, илимий мекемелердин жетектөөчү кызматкерлери жана практик мугалимдер. Структуралык жактан быйыл өзгөрүүлөр болгон жок. Мугалимдер портфолиосун, презентациясын сунуштоодон тышкары тест, эссе жана ачык сабак өтүшөт. Ал эми мазмундук жагынан өзгөрүү бар: тестирлөөнүн суроолорун жаӊылап чыктык. Эгерде былтыр эки вариант болсо быйыл үч вариант болду. Эссенин тематикаларын да талапка жараша өзгөрттүк. Ал эми катышуучулар тууралуу айтсам, мени айрыкча эркек мугалимдердин көбөйгөнү жана ошондой эле жаш, ынтызар мугалимдер көбүрөөк болгону кубандырды. Болбосо жылда бирин-экин эле болчу. Конкурсанттар регламентти сактоого ынтызарланып, кыска, мазмундуу презентация жасоого умтулганы жакты. Бул алардын үйлөрүндөөз алдынча иштегендигин, даярданышкандыгын көрсөтөт. Ошого жараша деӊгээлдери да көтөрүлүп калгандай. Менин жеке баамымда, калыстардын ичинен мектеп мугалимдеринин койгон баалары негедир бир аз жарды болду, — деди А.Мамытов.

Калыстар тобунун төрагасы ошондой эле уюштуруу жагындагы айрым маселелерге токтолуп, алыс жактан атайын келишкен мугалимдер үчүн мындай кароо-сынактарды алдыӊкы, материалдык жана техникалык базасы күчтүү мектептердин биринде уюштурсак, алардын үйрөнүп, көрүп, тажрыйба алмашып кеткендигине ыӊгайлуу болмок деген оюн ортого салды.

Кароо-сынак – катышуунун көпүрөсү

Жылдын мыкты мугалимин эле эмес, мыкты мектебин жана алдыӊкы бала бакчасын аныктоону көздөгөн бул кароо-сынактын “Жылдын мыкты инновациялык мектеби” номинациясынын талапкери Өзгөн районунун Куршаб айылындагы англис жана орус тилдерин тереӊдетип окуткан №5 мектебинин директору Валентина Андреевна Юдина республикалык масштабдагы мындай конкурска биринчи жолу катышып жатышкандыктарын айтты.

- Биз  буга  дейре  облустук сынактарга төрт жолу катышканбыз. Бирок республикалык масштабга биринчи чыгышыбыз. Бул жактан көрүп-билгендерибизди сөз менен жеткире албайбыз. Борбор деген борбор да. Мага “Мыкты инновациялык мектеп” номинациясында биз менен катышып жаткан Бишкектеги №6 мектеп-гимназиянын кубаттуу материалдык-техникалык базасы, потенциалы бай педагогикалык кадрлары жана окуучуларынын деӊгээли өзгөчө таасир калтырды. Мектепте билим берүү сапатына, методикалык кызматты модернизациялоого өзгөчө басым жасалганы көрүнүп турат. Бизге окшогон элет мектептери үчүн өзүбүзгө тажрыйба катары ала турган жактары да көп экен. Ушундай заманбап жабдылган техникалык мүмкүнчүлүктөрдүөз көзүбүз менен көргөнүбүздүн өзү эле биз үчүн жетишкендиктердин бири деп эсептейм. Көрүп гана тим болбой, бул мектеп менен мындан ары тыгыз кызматташып иштөөгө макулдаштык, — дейт Валентина Андреевна.

Биздин темабыз бирөө гана – бул бөбөктөргө татыктуу таалим-тарбия берүү

“Мыкты бала бакча — 2015” номинациясынын катышуучусу Кара-Суу районундагы Ыкбал Ахмедалиева атындагы бала бакчанын башчысы Тургунбай кызы Алтынбү жетектеген мектепке чейинки билим берүү мекемеси союз кыйраганда кошо кыйрап калган бакчалардын бири болчу. Анын кайра калыбына келтирилип, короосунда балдар үнү жаӊырып калганына үч жылдын гана жүзү болду. Ушунча кыска убакыттын ичинде катарга кошулмак турсун, минтип кароо-сынакка катышып жаткан деӊгээлге жеткени эле өзүнчө жеӊиш эмеспи. Күндүн ысыгынан, анан сынактагы толкунданткан түйшүктөрдөн чарчаӊкы тарткан Алтынбүнү короодогу машинага эмеректерин жүктөп жаткан жеринен кепке тарттык. Кызматкерлеринин чыгармачылык менен изденип, өз колдору менен жасаган көрсөтмө куралдарын көрсөтүүүчүн алыскы Ош облусундагы Кара-Суу районунан бери атайын эринбей алып келишкендигин айткан ал жюрилердин белгилеген критерийлеринин алкагында презентация өткөргөндүгүн белгиледи.

- Кароо-сынактарга катышкандардын баары эле жеӊишке жетишүүгө аракеттенишет эмеспи. Биз ушундай республикалык деӊгээлдеги кароого катышып жаткандыгыбыздын өзү эле жеӊиш, иштегенибиздин үзүрү деп ойлойм. Анын үстүнөөтө кыска убакыттын ичинде ушундай ийгиликтерге жетишип отурабыз. Бала бакчабыздагы төрт тайпада 120 бала бар. Бөбөктөргө талыкпай таалим-тарбия берүүдө, ата-энелер менен тыгыз иштөөдө, көрсөтмө куралдарды пайдаланууда эмгек жамааттын салымы өтө чоӊ. Биздин кызматкерлер көбүнчө көрсөтмө куралдарды өз колдору менен жасашат. Турмуш-тиричиликтеги керектөөдөн чыккан майда буюм-тайымдарды кооздоп, ага башкача түр, көрк берип, экинчи жашоо тартуулагандай болушат. Эӊ маанилүүсү ушул иштерге бөбөктөрдү аралаштырып, алардын да кызыгууларын арттырышат. Конкурс тууралуу айтсам, мындай жолугушуулар, тажрыйба алмашуулар баарыбыз үчүн аба менен суудай зарыл дээр элем. Биздин темабыз бир, көйгөйүбүз бир, кубанычыбыз да бир. Ал – биздин келечек муун, аларга татыктуу таалим-тарбия берүү. Биз ушул багытта чарчабай-чаалыкпай эмгектене бермекчибиз, — деди директор айым.

 

P.S. Жеӊүүчүлөр тууралуу кеӊири материалды гезитибиздин келерки санында окуйсуздар.

 Айнагүл Кашыбаева,“Кутбилим”

ЕВГЕНИЯ СТРОКОВА: В КЫРГЫЗСТАНЕ ГЛАВЕНСТВУЕТ КУЛЬТ ДИПЛОМА, НО НЕ КУЛЬТ ОБРАЗОВАНИЯ

$
0
0

В этом году исполнилось 50 лет замечательному педагогу, Отличнику народного образования, члену партии СДПК Евгении СТРОКОВОЙ.  Ее юбилей ознаменовался тем, что она стала депутатом Жогорку Кенеша КР. Долгие годы Е.Строкова проработала учителем в бишкекских школах №№ 73, 25, заместителем директора по учебно-воспитательной работе, воспитателем-методистом в детских садах столицы, директором  Центра образования  Октябрьского района Бишкека. Ее педагогическая и активная общественная деятельность были оценены по заслугам. Так, Евгения Строкова награждена рядом почетных грамот от Управления образования Бишкека, Министерства образования и науки, Грамотой за активное участие в деятельности Социал-демократической партии Кыргызстана, преданности её программе и идеям, специальным нагрудным значок «Герой апрельской народной революции». Теперь, в новом качестве депутата Жогорку Кенеша Евгения Строкова намерена внести свой вклад в развитие сферы образования страны.

- В новом качестве депутата Жогорку Кенеша страны, какие проблемы сферы образования Вы бы хотели решить?

- Хотелось бы в первую очередь сказать, что я не сама решилась пойти в депутаты, это доверие ко мне со стороны нашей партии СДПК. Конечно, каждый человек хочет проявить себя и внести свой вклад в развитие своей страны, в развитие той отрасли, где он работает. И это доверие партии нужно оправдать, с другой стороны я была очень рада, что на меня возлагают определенные надежды, а с другой стороны – это большая ответственность. В партии СДПК я уже очень давно и знаю, что такое ответственность.

Как человек много лет проработавший в сфере образования я хочу внести вклад именно в развитие этой отрасли, и я не буду конечно, вмешиваться в другие сферы, к примеру, здравоохранения, или экономики. Так сложилось, что  существующие у нас различные комитеты по образованию, в основном все инпектирующие. Поэтому, проверяющих у нас более чем достаточно. Нам нужны комитеты не инспектирующие, а поддерживающие и развивающие образование. Именно с таким настроем я и иду в парламент.

Проблем в сфере образования, конечно, очень много, есть проблемы и реальные и надуманные. Одна из них — необходимость пересмотра системы оценки знаний учеников. Я считаю, что здесь нужна  мотивация детей, которые идут в школы. Нужна мотивация их не только оценками, но и знаниями. Например, когда он приходит из школы домой родители его в первую очередь, спрашивают какую оценку он получил, а почему они не спрашивают какие именно знания он получил? Мне нравится например, что шестилеткам не ставят оценки, это ориентирует их на получение знаний, но не оценок. Для меня как учителя, урок – это прежде всего поле для творчества, и когда ребенок отвечает, не нужно сразу ставить оценку, нужно дать возможность ответить и другим ученикам, и тогда путем поиска они смогут найти правильный ответ и сами оценить свои знания, свои ошибки на примерах других ребят. Конечно, идеальной системы оценки знаний у нас пока еще нет, но нужно к этому стремиться. Есть много объективных причин, когда оценки не совсем реально отражают знания ученика. Например, мы считаем, что Пушкин – гений, а ведь у него была двойка по математике и поэтому важно, чтобы каждый ребенок мог раскрыться именно в той области, где у него есть способности. Кстати, в России есть экспериментальные школы, где оценок не ставят, чтобы учащиеся ориентировались не на получение оценок, а на получение знаний. Другими словами, в системе оценивания знаний учеников необходимо вводить что-то гибкое, но не загонять все это в какие-то нормы. Ребятам нужна мотивация знаниями, например, в университетах студенты уже знают кем они будут и уже более осознанно стремятся к знаниям. Не все заканчивают вузы с красными дипломами, но не все «краснодипломники» становятся отличными специалистами, может быть даже лучше их работают те, кто получил синие дипломы. Так что все это требует пересмотра.

- Какие законопроекты в сфере образования вы бы хотели инициировать?

- Может быть не совсем законопроекты, а некоторые изменения и дополнения в законы. Например, в закон о статусных школах. Мы все знаем, что не всегда статусные школы соответствуют своему высокому статусу, они выигрывают по сравнению с обычными школами внешкольным образованием. Нужно дополнение в закон об уравнивании статусных и обычных школ по кружковой деятельности, ведь в обычных школах ставка внешкольного образования -1-1,5, а в статусных намного больше. С учетом того, что сегодня идет сокращение учебного плана, нужно это сокращение компенсировать. Нужно создать  равные условия для обычных школ и гимназий. И потом, как я уже говорила, статусность школ снизила свою планку с упрощением процедуры лицензирования. Если раньше для придания школе статуса гимназии или учебно-воспитательного комплекса необходимо было наличие экспериментальной площадки и многих других требований, сегодня это упростилось и поэтому многие статусные школы на самом деле таковыми не являются. Гимназии и УВК нам нужны не в таком большом количестве. Вспомните, в советское время все школы были средними образовательными, но некоторые из них с различными уклонами. Я думаю, что это был более правильный подход.

Еще одна большая и повсеместная проблема, с которой я столкнулась будучи директором центра образования – это прием в первый класс. Здесь должны быть определенные требования приема детей, например, в классе не больше, чем 30 человек. Я считаю, нужна электронная очередь, все кто хочет записаться в школу по своему микроучастку должны это сделать, к примеру, до конца мая. А те, кто приходит в августе – должны идти в другие школы, где есть свободные места, даже если он живет по данному микроучастку. Тем самым мы усилим и ответственность родителей, я думаю, что со стороны государства должны быть усилены требования и к ответственности самих родителей. Например, помните случай, когда после выпускного вечера на юге нашей республики погиб выпускник. За этот случай получили выговоры заместитель министра образования, другие ответственные работники образования. Но почему? Несчастье случилось во внешкольное время после выпускного вечера, куда же смотрели его родители? Разве это замминистра дала этому мальчику машину, и разве она должна и ночью следить за всеми нашими школьниками? Повторяю, что нужно усилить ответственность самих родителей за своих детей. Школа не должна отвечать за детей во внеучебное время. У нас привыкли так, что все плохое – это значит, виноват учитель, а все хорошее – значит заслуга родителей. Нужно менять такое отношение.

- Как, на Ваш взгляд,  можно повысить престиж и привлекательность профессии учителя?

- С началом этого учебного года повысили зарплату учителям. Как сказал наш президент Алмазбек Атамбаев, зарплата учителям будет повышаться постоянно и постепенно. Но только одним этим нельзя повысить статус учительской профессии. Нужно, чтобы в обществе уважали учителя. Для этого учитель должен постоянно заниматься самообразованием, повышением своей квалификации. Я не согласна с тем, что учитель должен быть аполитичен. Наоборот он должен быть в курсе всех последних событий, идти в ногу со своим государством, знать его интересы и проблемы. Педагог не любящий свою Родину, не сможет воспитать человека любящего свою Родину. Поэтому постоянное самообразование учителя повысит уважение к нему со стороны общества. Также если мы повысим требования родителей к своим детям, тогда повысится и статус учителя. В советское время учитель у нас пользовался заслуженным уважением. У нас все знают обязанности учителя, но забывают об его правах. А ведь стоит помнить, что учитель такой же человек, что он ходит в те же магазины что и все, имеет свои семьи. А у нас стоит повысить зарплату учителя как все сразу начинают попрекать его этим и требовать от учителя еще больше. И еще, педагог должен заниматься непосредственно своей профессией, а у нас где-то какие-то мероприятия, как учителями и врачами  закрывают все дыры. Другими словами, само общество и государство должно уважать учителя, а не делать из него дежурную палочку-выручалочку.

В России работает моя коллега, которая  рассказывает, что для того, чтобы устроиться учителем, например в Уссурийске, нужно выстоять очередь – вот насколько  там высок статус учителя.

Также учителю нужно помогать не только повышением зарплаты, но и строительством ведомственного жилья, социальной защитой.

И теперь, будучи депутатом, я буду решать проблемы образования в общей связке, с учетом интересов учеников, учителей — практиков, родителей.

Я очень рада, что в свое время выбрала профессию учителя, наверное, мой выбор определила любовь к детям и я стала педагогом по своему призванию. Учитель — это благодарная профессия, такое удовлетворение получаешь от своей работы, когда видишь своих благодарных учеников, их благодарных родителей. И я не понимаю тех учителей, которые ведут свой урок сидя, какой это может быть урок, когда учитель ведет его сидя?

- Уже несколько лет поднимается вопрос о возврате арендной платы родителей за школьные учебники. Раньше за книги мы платили ежегодно, по-моему по 160 сомов. Как Вы думаете, нужно ли вернуть арендную плату за учебники, чтобы как-то решить проблему с их нехваткой в школах?

-Тогда нам нужно будет признать, что в нашей стране образование платное. Я благодарна нашему президенту, что он обратил внимание на проблемы образования, сегодня строятся новые школы, детские сады, улучшается инфраструктура. Но такие проблемы как недостаток учебников у нас существуют. Наверное, какое-то время стоит вернуть арендную плату за учебники. В России например, родители сами покупают своим детям учебники, а школа выдает учебники только тем, кто не смог их сам купить. Для развития нашего библиотечного фонда, вероятно, какое-то время стоит ввести арендную плату для выравнивания ситуации. Но здесь нужен тщательно  продуманный подход, продуманная сумма оплаты, дифференцированный подход  и скидки для малоимущих родителей и т.д.

- Аналогично, отдельные депутаты предлагают признать, что образование в нашей стране платное  и узаконить родительские взносы в школах, чтобы родители платили определенную фиксированную сумму, а не постоянно сдавали  деньги на бесконечные нужды школ. Это считает, депутат Дастан Бекешев,  искоренит поборы в школах. Что вы думаете по этому поводу?

- Ясно одно, что без родительских денег школы сегодня просто не выживут. Высшие учебные заведения в этом плане находятся в более выгодной позиции за счет контрактных средств студентов. Но если узаконивать родительские взносы, то, прежде всего, нужно опять же все тщательно взвесить и учесть интересы всех сторон.

- Много говорится о необходимости своей национальной педагогики, но как ее сохранить в свете глобализации и неизбежной интеграции в мировое образовательное пространство?

- Конечно, у каждого государства должна быть своя национальная педагогика. В свете глобализации мы можем брать что-то лучшее из опыта других стран, но должны свято хранить наши национальные корни, ведь у нас есть своя история, знаменитые предки, свои традиции, которыми мы гордимся. Например, я считаю что взять что-то лучшее в образовании США нельзя – хотя у них есть хорошие учреждения образования, но у них нет своих национальных корней, своего национального ядра.

Другое дело, что необходимо менять наш подход к образованию – в обществе нашем ориентированы не на те ценности. Когда я была в Турции мне понравилось что там повсеместно насаждается культ образования, у нас же в Кыргызстане  главенствует культ диплома, но не культ образования.

И здесь возвращаясь к тому, что из себя должен представлять сегодня современный читатель, я хочу вспомнить слова известного грузинского педагога Шалвы Александровича Амонашвили, который сказал, что «Хороший учитель – это тот учитель, который может провести хороший урок, даже если у него есть только мел и доска.  И поэтому новейшие технологии, которые важны во всем мире -  Интернет, интерактивная доска и многое другое, конечно необходимы для учителя. Однако, прежде всего, он должен быть человечным с исконно человеческими ценностями, честностью, порядочностью, справедливостью и т.д. Ведь не зря говорят – каков директор школы – таковы его учителя, каков учитель – таковы и его ученики.

Айнура КАНИМЕТОВА,  «Кутбилим»

ЭСКЕРҮҮГӨ ЭСКИЗДЕР

$
0
0

Кечээ эле кездешип, убакыт табыла калса эле чер жазыша сүйлөшүп жүргөн Сабыр ИПТАРОВ кайткыс сапарга узагандан бери бир жыл өтүп кетиптир! «Өткөн өмүр – учкан куш», — деген раматылык Нурак Абдрахмановдун саптары көӊүлгө келет мындайда…
***
Гуманитарийлер, айрыкча филологдор аздектеген айтылуу В.Гумбольдт бизде жашап өткөн болсо, тил философиясы боюнча жараткан негизги эмгектери төгүлүп-чачылып же дегеле кагазга түшүрүлбөй кете бермек экен… Анткени залкар ойчул көптөгөн идеяларын студенттерге гана айтып кеткен дешет. Ошол жаштар жазып жүргөн конспектилерин устаты каза болгондон кийин чогултушуп, чоӊ илимий эмгек түрүндө жарыкка чыгарышкан тура! Өнүккөн өлкөлөрдө китеп жазгандар башкалардын эмгегинен пайдаланганда эле шилтеме жасоо менен чектелбестен, бир-эки ооз пайдалуу кеӊеш уккан болсо да, сөзсүз түрдө китебинин кириш сөзүндө белгилеп, ар бирине ыраазылык айтат. Аттиӊ, бизде нукура чыгармачылыкты баалоо, идеянын булагын кастарлап сыйлоо салты калыптана, өнүгө элек, укук маданияты төмөн. Эгер батыштагы интеллектуалдар чөйрөсүндө жашап иштеген болсо, Сабыр Иптаровдун чыгармачыл даремети толук ачылып, ысымы дүйнөлүк атактуу илимпоздордун катарында турмак. Ал идеянын адамы, дээринен философияга, нукура илимге жакын болчу.
***
Жөн эле сөзмөр эмес, ар сөздүн уӊгусуна үӊүлүп, кызыктуу чечмелеген таланттуу тилчи да эле. Эгер шымалана киришип, этимология боюнча китеп жазса, баа жеткис эмгек жаратмак. Ырас, кээде кыргыз тилиндеги үндөштүк мыйзамынын күчтүү таасиринде калып, түшүнүктөрдү түпкү мааниси эмес, уйкаштыгы, ыргагы боюнча жакындаштырып же уӊгулаш кылып ийчү. Башка темаларда деле күргүштөгөн сөздүн агымы менен катуу кетип, эмоциясы логикасынан күчтүүлүк кылган учурлар болгон. Бирок көбүнчө бутага таамай тийген ойлорду айтчу. Мезгили жеткенде Сабыр Иптаровдун жазгандары изилдөөгө алынат, анын көп ойлорунун учугу уланат, айрым идеялары кызуу талкууларды, талаш-тартыштарды жаратат деп ишенем.

***
Ой жүгүртүү деӊгээлине, илимий камылгасына, чыгармачыл дареметине карай Сабыр Иптаровдун макалаларын жарыялаган гезиттер автордун аты-жөнүнөн кийин «философия (же филология) илимдеринин кандидаты, профессор» деген наамдарды кошуп жазышкан учурлар болгон. Бирок өзү илимий наам алууга умтулбады. Иптаровдун идеяларга толуп-ташып турган айрым гезиттик эле макалаларына салыштырмалуу далай диссертациялардан авторуна таандык тезистер дээрлик табылбайт. Балким, дал ушундай фонго аралашып, кандидат же доктор келбегендир?

***
«Кутбилимге» көп жазды. 90-жылдарда «Элдик педагогиканын орошон салттары (ЭПОС)» деген түрмөктө тарбия-таалим эле эмес, жалпы коомдук, тарыхый, маданий да көптөгөн маселелерди иликтөөгө аракеттенди. Гезитке берген тексти дээрлик дайым таза (катасыз, колу сулуу) болсо да, редакцияда терилгенден кийин да канча ирет оӊдоп-түзөп, өзүнө таандык стилдин деӊгээлине жеткирмейинче кетчү эмес.
***
Убакыт таап, уга турган, түшүнө турган кишини да көргөндө, жүзүнөн нуру жанып, жан дили менен сүйлөшчү. «Адамдардын пикир алмашуусунан өткөн баалуулук жок» деп А. де Сент-Экзюпери айткандай, Сабыр агай да баарлашууну баарынан жакшы көрчү. Анткени ойдун табияты диалектикалуу келет, жаӊы идея диалогдон жаралат. Турмуштун айныгыс чындыгы ушундай. Айрым маселелер боюнча көз карашыбыз такыр карама-каршы чыгып калган учурлар да болгон, бирок эч качан капалашканга жеткен эмеспиз. Буга Иптаровдун атына заты төп келген өтө САБЫРдуулугу да өбөлгө болду окшойт.
***
«Ар кайсы университеттерден, илимий институттардан келип, ар кандай темалардын тегерегинде сөз козгоп, жумуштан алагды кылгандар көп болчу. Көрсө, айрымдары Иптаровдун акылын (идеяларын) уурдап, илимий макалаларында пайдаланышчу экен», — деп бирөө айтканда таӊ калдым. Бирок манасчыдан бетер төгүлүп, оргуштаган ойлорун бир-эки саат бою тынбай айта берген адатын эстегенде, мындан пайдаланып калгандар болушу толук ыктымалдыгына шек санабадым. Манасчы демекчи, Сабыр агайдагы бул касиет айтылуу Тыныбектин урпагы – Табылды Актановдун бир тууган жээни экендигине да байланыштуу болсо керек.
Ошол саман-топону аралаш, бирок арасында жылт эткен табылгалары дээрлик дайым кездешкен талаш-тартыштардын өнүмдөрүн кыска тезистер түрүндө болсо да белгилей жүрдү бекен кечинде дептерине? Ушинтиӊиз деп бир-эки ирет кеӊеш да берген элем, бирок жазып жүрөм деп так жооп кайтарганы эсимде жок. Балким, жазгандыр, архивинде далай сонундар топтолуп калгандыр.
***
Мыкты калемгер Сабыр Иптаровдон калган эӊ бараандуу эстелик – бул 2012-жылы жарык көргөн, экинчи басылышы даярдалып жаткан «Кыргыздын жан дүйнөсү» публицистикалык-философиялык макалалар түрмөгү. Жөн гана жыйнак эмес, бирдиктүү мазмуну, композициялык бүтүндүгү бар эмгек. Чыгармачыл, илимий даремети толук ачыла электе арабыздан кеткен замандашыбыздын бул жана башка чыгармалары тууралуу өзүнчө сөз алдыда – биз эле эмес, келечек муун да буларга кайрылбай койбойт деп ойлойм.

ТАБЕРИК

(Кыргыз туусунун авторлорунун бири маркум
Сабыр Иптаровдун элесине)

Ар дайым бийиктикте желбиреген
Элимдин кызыл туусун көргөн сайын –
Эстеймин эзелкинин баатырларын,
Эскерем бүгүнкүнүн деми менен.

Байыртан эӊсеп келген ата-бабам
Эркиндик белгисиндей, эӊ бир асыл,
Таберик билем сени, медер тутам
Жүрөктө жүрүп турган кандай кызыл.

Намыска бекем бол деп урпактарга
Эскертип турат туунун бийиктиги
Эӊ кымбат байлыкка да алмаштырбай
Эркиндик кадырына жетели биз.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, «Кутбилим»

ӨМҮРКУЛ КАРАЕВ – АЛАТООЛУК АЛГАЧКЫ ЧЫГЫШ ТААНУУЧУ

$
0
0

10-октябрда Кыргыз улуттук университетинде кыргыз элинин туӊгуч чыгыш таануучусу, профессор Өмүркул Караевдин (15.10.1930 – 18.09.2002) 85 жылдык мааракесине арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын болот.

Бул жыйынды КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз улуттук университети, Нарын мамлекеттик университети, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси биргелешип уюштурууда.

Илимий жыйындын материалдары жана Ө.Караевге арналган эскерүүлөр атайын жыйнак болуп басмадан чыкты. Андан тышкары, Өмүркул Караевдин кыргыз тарых илимине кошкон салымы тууралуу анын шакирттеринин бири, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжамал Эсеналиеванын калемине таандык монография да жарык көрдү.

Өмүркул Караев совет доорунда кыргыздардын ичинен чыккан алгачкы чыгыш таануучу, араб адиси, кыргыз таануучу, этнолог, булак таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор, илимге эмгеги сиӊген ишмер, “Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун” ардактуу мүчөсү болгон.

Ал 1952-58-жылдары Кыргызстандын Жаӊы-Ноокат, Өзгөн, Аксуу райондорунда мугалимдик кылып, тарыхтан сабак берген. 1958-1962-жылдары Москвадагы СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун алдындагы аспирантурада окуп, араб тилин үйрөнүп, араб-фарсы булактарын иликтей баштайт.

Ошол тапта СССРде гана эмес, чыгыш таануу жаатында жалпы дүйнө жүзүндө белгилүү болгон арабист Евгений Александрович Беляев (1895-1964) Өмүркул агайдын илимий жетекчиси болот. Өмүркул Караев 1963-жылы Москвада “IX-XII кылымдардагы араб жана фарсы булактары кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт.

1970-75-жылдары ал Кыргызстан ИАсынын түркология бөлүмүнүн тарыхый булактар секторунун жетекчиси болуп, 1975-жылдан Байыркы жана орто кылымдар тарыхы секторунун жетекчиси болуп эмгектенген.

1983-жылы “Илим” басмасынан “Карахандар каганатынын тарыхы (X – XIII кылымдын башы)” деген монографиясы жарык көрүп, анын негизинде жана ушул эле темада 1984-жылы Ташкенттеги Өзбекстан илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Бул монография жана диссертация X-XIII кылымдардагы ислам дүйнөсүнүн эӊ чыгышында жайгашкан теӊир-тоолук түрктөрдүн алгачкы мусулман каганатынын тарыхын ар тараптуу иликтөөгө арналган ала-тоолук биринчи ири эмгек болду.

Ө.Караев 1987-жылдан Кыргызстан илимдер академиясынын атайын ачылган Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүн жетектеди, андан соӊ кайрадан Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдагы тарыхы секторунун жетекчиси болуп эмгектенди.

 Таалайбек Оролбаев, БГУнун студенти

ВПЕРВЫЕ НА КЫРГЫЗСКОМ ЯЗЫКЕ ВЫШЛА КНИГА ДЭН ЖУН ПРО ЕЕ ОТЦА ДЭН СЯОПИНА

$
0
0

Недавно в отеле “Хаят” состоялась презентация книги «Менин атам Дэн Сяопин маданий ынкылап жылдарында» («Мой отец Дэн Сяопин в годы культурной революции»), переведенной на кыргызский язык.

Книгу написала младшая дочь Дэн Сяопина Дэн Жун, известная под творческим псевдонимом Маомао. Перевод с русского на кыргызский язык выполнила группа известных лингвистов и ученых – Абибилла Пазылов, Тынчтыкбек Чоротегин и Эсенбай Нурушев.

В начале презентации состоялось музыкальное посвящение. Волонтер Института Конфуция Бишкекского гуманитарного университета Ван Хуан сыграла на национальном инструменте мелодию «Великая китайская стена», посвященную Дэн Сяопину. Затем Усон уулу Жоломан, уроженец города Кулжа (Китай), ныне студент Кыргызской национальной консерватории им. К.Молдобасанова исполнил две песни под аккомпонемент заслуженной артистки КР Айканыш Текеновой. На китайском языке он спел песню «Я и моя Родина», а на кыргызском языке песню «Кыргыз жери».

На презентации с приветственной речью выступила экс-президент КР Роза Отунбаева, по инициативе которой был осуществлен перевод книги. В своем выступлении она рассказала о роли Дэн Сяопина в становлении Китая, крупнейшей державы мира. Дэн Сяопин является архитектором нынешнего Китая, автор программы развития Китая до 2049 года (100 летие КНР). «Сегодняшний Китай — воплощение его идей в жизнь. Однако информации, в первую очередь книг на кыргызском языке о Китае у нас явно недостаточно, их попросту нет. Отсюда — новизна и острая актуальность выхода книги о Дэн Сяопине в Кыргызстане”, — сказала она. Также Р.Отунбаева рассказала об авторе книги Дэн Жун. Выразила благодарность спонсорам печати книги – китайской компании «Yema», переводчикам. А также отметила, что книга будет направлена в республиканские и областные библиотеки, а также в библиотеки десятка университетов страны.

“С выходом этой книги наш фонд начинает выпуск серии «Омуру орнок инсандар» о жизни великих людей глобального масштаба на кыргызском языке. Сейчас на переводе находится автобиография Махатмы Ганди”, — сказала Роза Отунбаева.

В своем выступлении Чрезвычайный и полномочный посол Китайской Народной Республики Ци Даюй поблагодарил инициаторов печати книги Дэн Сяопин на кыргызском языке и выразил признательность за интерес к истории Китая и его политических деятелей.  Кстати, одна из главных магистралей в Бишкеке носит имя Дэн Сяопина. Он отметил, что на долю китайского лидера выпали самые сложные «политические и экономические узлы» в развитии КНР, но он с большим успехом с ними справился. Перевод книги, считает посол, поможет еще больше укрепить крепкие дружественные отношения между Китаем и Кыргызстаном.

На презентации также выступили Президент Института общественной политики (IPP), советник премьер-министра КР на общественных началах Муратбек Иманалиев, заместитель министра иностранных дел Аскар      Бешимов, президент Национальной академии наук академик Абдыганы Эркебаев, председатель Республиканской комиссии по государственному языку Эгемберди Эрматов, президент Социологической ассоциации Кыргызстана, заведующий отделением социологии Кыргызско-Турецкого университета «Манас» Кусеин      Исаев, президент Кыргызского общества истории ученый-историк, публицист и журналист Тынчтыкбек Чоротегин, заслуженный деятель культуры КР, писатель Жусупов Кенеш, общественный деятель КР Сооданбеков Жумагул. На презентацию собрались общественные, государственные деятели, ученые, писатели, журналисты, представители бизнеса, профессура вузов, всего более 150 человек.

Как подчеркнули в своих выступлениях почти все ораторы, на кыргызский язык нужно переводить больше разнообразной литературы, кыргызский читатель в городах и  селе в век глобализации и коренных перемен в стране нуждается в важной информациии. Обсуждение новых книг, как это подтвердила данная презентация, может стать полезной и интересной площадкой для обмена мнениями, диалога между учеными, представителями интеллигенции. Выход книги Дэн Сяопина, подчеркнули многие выступающие, является знаменательным культурным событием в стране за последние 20 лет.

  Г.А.

Viewing all 382 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>