Quantcast
Channel:
Viewing all 382 articles
Browse latest View live

ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК- ЖАЙ ПРОГРАММАСЫ ЭТАП-ЭТАП МЕНЕН ЖҮРӨТ

$
0
0

Кечээ Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева менен жолугушуп, “Арзан турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында агартуу тармагынын өкүлдөрүн ипотека боюнча үй алуу маселесин талкуулашты.

Жолугушууга Билим берүү жана илим министрлигинин адистери, Бишкек шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жана ошондой эле жогорку окуу жайларынын, кесиптик орто окуу жайларынын өкүлдөрү катышышты. Катышуучуларга МИК даярдаган слайд боюнча дагы бир жолу кеңири түшүндүрмө берилген соң, жолугушуу суроо-жооп иретинде уланды.

Суроо: Мен МИК менен иштеше турган РСК банкка барып, кандай шартта үй ала алаарыма кызыктым. Алардын мага берген түшүндүрмөсү боюнча менин алган 10 миң сом айлыгым менен мен үй ала албайт экенмин. Мисалы, менин расмий жарыяланбаган кирешелерим бар. Мындай шартта кандай кылам?

Жооп: Бул программа этап-этабы менен ишке ашырылмакчы. Адегенде эле үй алууну каалагандардын баарын үй менен камсыздоо мүмкүн эмес. Бир аз убакыт керек, күтүүгө туура келет. Эгерде кимдир бирөөнүн шарты банктын талабына шайкеш келбесе, ал кийинки этабында жеңилдетилген шартта берилүүчү социалдык турак-жайлардан алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мамлекеттик ипотекалык компания акырындап турак жай фондун түзүүнү пландаштырууда. Төлөө жөндөмү чектелүү жарандар ошол фонддун жардамы менен курулган үйлөрдү ижарага алып жашаса болот. Ал үчүн, албетте, ай сайын ижара акысыз төлөп жашай бересиз.

Суроо: Менин жер тилкем бар. Ушул программанын алкагында ссуда алып үй сала аламбы?

Жооп: Ооба, ала аласыз, бирок кечирээк берилет. Жогоруда белгиленгендей, бул этап-этабы менен каржылана баштайт.

Суроо: Кепилдик өтүүчү ким болушу керек? Үй-бүлө мүчөсү боло алабы?

Жооп: Албетте, боло алат. Бирок ал адамдын ким экендиги, анын кирешелери, айтор, ал тууралуу маалыматтар расмий изилденет. Себеби, эмне үчүн кепилдик өтүүчү болуп жатканын билүү керек.

Суроо: Аз эмгек акы алып иштегендерден тышкары, жалгыз бой, жесир адамдар бар. Алар кантет? Алар үчүн башка программа барбы?

Жооп: Биздин коомдо өзүңүздөр билесиздер бай жашагандар, орто жашагандар жана колдоого аябай муктаждар бар. Байлар, албетте, бул кызматтан пайдаланышпайт. Орто жашагандарды бай же кедей дешке болбойт. Ошондой катмардагы туруктуу жумушу, аздыр-көптүр кирешеси бар адамдар үчүн ушул ипотека ыңгайлуу болуп жатпайбы. Маселен, коммерциялык банктарга барып турак-жай алайын десеңиз, насыяны доллар менен, жогорку пайыздык ставкада беришет жана мөөнөтү ашып кетсе 5-7 жыл. Ал эми биздин программанын алкагында берилип жаткан ипотека узак мөөнөткө жана айлык пайызы 12-14 пайыз болуп жатпайбы. Буга чейин мындай программа жок эмес беле. Мен жогоруда айтып кеткендей, бул жаңы ишке киргизилип жаткан программа болуп жаткандыктан, жылдан-жылга дагы ийкемдүү шарттар түзүлмөкчү. Дагы бир жолу айта кетейин, бул программанын шартына шайкеш келбеген жарандар үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башка дагы социалдык программалары бар.

Суроо: РСК жана Айыл банктарына аябай күч келип калчудай. Катышуучу банктардын санын көбөйтүү маселесин Өкмөттүк деңгээлде чечсе болобу?

Жооп: Аябай жакшы суроо экен. Бул азыр жаңы ишке киргизилип жаткан программа болгондуктан, дагы келечекте банктардын санын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр болот. РСК жана Айыл банкы – мамлекеттик банктар. Алардын республика боюнча көптөгөн филиалдары бар. Ошондуктан алар менен иштөө оңой. Кыска мөөнөттө ыкмалары иштелип чыккандан кийин дагы 5-6 банк тартылат.

Суроо: Ала турган турак-жайлардын метр квадратынын максималдык көлөмү канча болот жана анын баасы кандай болот?

Жооп: Ипотекалык төлөм менен ала турган турак-жайлардын максималдык көлөмү жер үйлөрдүкү 150 метр квадрат, ал эми кабаттуу үйлөрдүкү – 70 метр квадратка чейин уруксаат берилет. Ал эми чарчы метринин баасын эсептей турган болсок, бул сөзсүз түрдө улуттук валюта менен эсептелүүгө тийиш. Массалык маалыматтардан көрүп, угуп жаткан чыгарсыздар, турак-жайлардын метр квадраты август айында программа түзүлүп жатканда 400-600 долларга чейин деп көрсөтүлгөн, азыр кыйла түшүп, 400-450 доллар болду. Андан тышкары биз доллар менен көрсөтпөгүлө деп жатабыз. Андыктан курулуш компаниялары менен сүйлөшкөндө метр квадратын 35-40 миң сом деп макулдашууну сунуштаар элем. Азыр үйлөрдүн метр квадратынын баасы кыйла арзандаганына байланыштуу, сиздер үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Суроо: Насыя алуу үчүн документтерди толтурганда ошол насыяга төлөнүүчү акчанын өлчөмүн эле көрсөтүү керекпи?

Жооп: Төлөнүүчү насыянын суммасын гана көрсөтөсүздөр. Бирок 10-15 пайызын күнүмдүк турмушуңузга калтыргыдай болушуңуз керек.

Суроо: Квартираларды өзүбүз тандай алабызбы?

Жооп: Ооба, өзүңүз табитиңизге жараша, каалаган жериңизден тандайсыз.

Суроо: Мугалимдер даярдаган документтер ведомство аралык комиссиядан өтөөрүнө ким кепилдик берет? Маселен, алар мугалимдин кирешесин карашат да, ал эми мугалимдин айлыгы аз. Бирок жардам берчү ата-энелери, туугандарыбыз бар дегендей.

Жооп: Ведомство аралык комиссия кирешелерди карабайт. Ал кайсы бир приоритеттерди карашы мүмкүн. Кимдер тизмеде биринчи кетиши мүмкүн? Биринчи – мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлердин документтери өтөт.

Суроо: Мугалимдердин көбү мурда ар кандай максаттарда майда же чоң насыяларды алышы мүмкүн. Алар кантишет?

Жооп: Мурунку алган насыяларды төлөй элек болсо, ал кантип кийинки насыяны төлөй алат? Эгерде эки кредитти төлөй турган шарты болсо, алса болот. Ипотека ала турган адамдын эч кандай төлөм карыздары болбогону өзү үчүн деле ыңгайлуу го.

Суроо: Насыяны төлөп бүткөн кезде жаш курагы 65 жашта болуш керек деген шарт бар экен. Эгерде менин жашым 60та, келинчегим жаш болсо кантет?

Жооп: 60-65 жаштагылардын балдары эбак бой жетип, 30-35 жашта болуп калды. Аларга балдары алып бергени оң го. Жаш курагы дал келбесе, туура болбой калат.

Суроо: Менин үйүм бар. Ал жолдошума катталган. Балдарымдин эч кимиси врач же мугалим болуп иштебейт. Эгерде мен мугалим катары үйүмдү кеңейтким келсе, мага берилеби?

Жооп: Ооба, үйүңүздү кеңейте аласыз. Эгерде үй-бүлөңүз чоң болсо, кеңейтүүгө укугуңуз бар. Ал эми жалгыз өзүңүз бир бөлмөлүү квартирада жашасаңыз, албетте, сиз кеңейте албайсыз.

Суроо: Региондордо иштеген мугалимдер Бишкектен үй алгысы келсе, ала алабы?

Жооп: Жок, баардыгы өзүнүн жашап, иштеп жаткан жеринен алат. Бул программа Бишкек шаарын эле эмес, ал бүткүл аймактарды камтыйт.

Суроо: Эгерде мени иштеген жеримден кыскартып коюшсачы? Маселен, жогорку окуу жайларында иштеген мугалимдер сентябрь айында ар кандай күтүүсүздүктөргө кабылышат. Сааттарын кыскартып коюшу мүмкүн же болбосо такыр эле жумуштан чыгып калышы да толук ыктымал. Ошондой шартта кантет?

Жооп: Ошондой күтүүсүз кырдаалдар үчүн кепилдик өтүүчүлөр талап кылынат.

Суроо: Бишкекте жашап, иштеп жатышкан мугалимдер Бишкектен эле алышы керекпи? Балким, арзаныраак Кант же шаарга чукул жерлерден алса болобу?

Жооп: Жок, Бишкек шаарынан эле ала алат.

Суроо: Ипотека качан бериле баштайт? Биз тизмени тапшырдык. Жообун качан алабыз?

Жооп: Азыр бул тууралуу айтуу кыйын. Жакынкы эки жума тизмелер толук такталып, аякташы керек. Бул тизме республика боюнча чогултулуп жаткандыктан, убакыт керек болуп жатат. Бир ай ичинде бардык каалоочу жарандар сунуштарын айта алышат. Андан соң Өкмөт бул сунуштарды карап чыгат да, алымча-кошумчаларды кийирет.

Мындан тышкары, МИКтин жана Билим берүү жана илим министрлигинин сайттарында бул тууралуу кеңири маалыматтар жарыяланып, улам жаңыланып турат. Каалоочулар ошол сайттардан дагы кошумча маалыматтар менен тааныша алышат.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”


ХАН ЖАНТАЙ ЖЕР САТКАНБЫ?

$
0
0

Кыргыздын эл сураган мыктылары Чүй суусунун аркы өйүзүндөгү бир өңүрүн бүтүндөй  казактарга кырк байталга сатып жиберишкен деген сөздүн тарыхый чындыгы кандай?

Чүй өрөөнүн как бөлүп аккан касиеттүү өзөндүн — Чүй суусунун бүтүндөй оң жээк өңүрүн кайсы-бир, кайсы-бир атам замандарда кыргызды билген бир-эки эл билерманы эле өлүү дүйнөнүн кунуна бычып, кырк байталдын баасына казак туугандарга кармата берген деген аңыз-каңшаарды укпаган киши азыркынын арасында чандадыр. Ушул кыңыр иш хан Жантайыбы же анын мыкты чыкма уулу Шабдан-баатырыбы, айтор экөөбүнүн биринин колунан келген имиш. Өтүрүк-чыны белгисиз, айтор айтылып да келет, жазылып да келет бул имиш.

Бирок мындай бир мыйзамченемдүү суроо туулат: калмактар кыйсыпыр түшүп качкандан кийинки кезеңдердеги далай айкаш-айыгыштардын, бир жагынан манжу-кытайы менен да, экинчи жагынан канатташ казак боордоштор менен да өлөрмандана эрегишүүнүн натыйжасында ээлигин орноткон эбегейсиз жерлерди кантип эле эки үйүр малга оолаштыра салышсын, тобо? Анан калса, азыркы география илиминде “Түндүк Теңир-Тоо” деп дүңүнөн аталган, күн чыгышы Илеге чейин созулган, түн жагы Үч-Алматы, Сары-Токумга дейре ыктаган өтөктүү жерлерди талашып алып калууга, бир учурда Куляб-Гиссардан (“Ысар-Көлөп”) бери тентиген кыргыз баласын ошол өрүштөргө текши отургузууга дал ушул аты аталган баатырлардын ата-бабалары тикелей катышып, канжыгадан кан кече далалат урушпады беле? Өткөндөн анча-мынча кабары бар окурмандын эсинде болсо керек, түп аталары Маматкул-Тынайдын заманындагы кеменгер кыргыздардын: “кокуй, эртелей жетип, жерлерибизди ээндетпей ээлейли, балдар!” дегендеги эки ооз керээт-ураанын аткарабыз, өтөөлүнө чыгабыз деп жүрүп, чиркиндики, эчендеген эрендердин, даңктуу бабаларынын өмүрү ат үстүндө корогону соңкуларга даңаза болгон эмеспи. Өңгөсүн коюп, берегидеги Эсенкул-баатыр ( болжолу: 1730-35 – 1804 жылдар) менен хан Садырдын (? — 1770) казактан конуш талаша аттанып чыгышканын, ошондо аттиң, өлчөөсүз баатыр Эр Садырдын өлүп тынганын, ал эми Эсенкул-баатырдын атпай кыргыздын ичинен атайы иргеп-иргеп отуруп, көпчүлүк арасынан солто кыргызынын баласы Түлөбердиге (XVIII кылымдын этеги – XIX к.) көңүлү түшкөнүн, аны эки арага элчи жүргүзгөнүн, кыргыз менен казактын чегин ушинтип болжогондогу окуясын алалычы. Эстерине жара чыккан дейсиңби, кылым карыта элек ошол санжыргалуу окуяларды хан Жантайы да, Шабдан-баатыры да унутуп калышы мүмкүн эмес эле дейм да. Анан калса, ата-арбактын алдындагы ант-шерти менен жашаган көчмөн шартта ата керээзинен кечип кетүү оңой-олтоң иш болбосо керек. Дагы эле сурайм өзүмөн: кантип эле кармата беришсин, капырай?

Оболу бир жагдайга көңүлүңөрдү бургум келет: өткөн кылымдагы көчмөндөр арасында эки үйүр жылкың ортодон төмөн чарбанын, жаман чокоюнун буугучуна чалынган жүдөөрөк бечаранын бир жуттук оокаты саналган. Ал эми арка кыргызында экинин бири эсептелген, дөөлөт-байманасы ашып, өзү айткандай, кадыры казакка да угулуп турган хан Жантай үчүн кырк байталың түккө арзыбаган, текейге турбаган дүнүйө саналганын бөркүңөрдөй көрө бергиле. Кандайча? Кудай жалгап, Жантай-баатырдын анча-мынча айткандары ак кагаз бетине түшүрүлүп, жыгалуу мөөрү басылып, архивдерде сакталып калган экен, эмесе бул суроого ириде баатырдын өзүнүн сөзүнөн үзүндүлөр келтирип, замандаштарынын кебин кошо кыстарып, ирээти менен жооп берели.

Болжолу — 1863-жыл. Казактар Жантай-баатырдын жер жайнаган жылкысына тийип, ашык-кеми жок, миңдей жылкысын чаап кетет. Ушул туурасында баатырдын Ала-Тоо округунун приставы Г. Колпаковскийге кабарлаганын окуйлу: “Эми байды (приставды “господин” дегени – А.К.) [көзгө илбей] үстүнөн басып келип, миң жылкымы алып, анан да байдын үстү менен жылкымы айдап өтүп кетишкени – кастык”. (Түп нускада:“Эмди байниң үстини басып келип, миң йылкымы алып, йенэ байнинг үсти билан йылкымы айдап өтүб кеткани – кастык”).

Өлөр-тирилерин билбеген кыргызың жылкысын алдырып ийип эле, шүк отуруп калган дейсиңби, Меркенин тегерегин мерчемдеп, туйгунт жаткан казакка тийип, жылкы чаап келишкен экен, Жантай-баатыр анысын жашырбастан минтип жаздырганы бар: “Меркенин түбүндөгү кыпчакка караган казактан Шабдан деген балам баш болуп барып, жылкы тийип келди”. (Түп нускада:“Меркениң түбидагы кыфчаккэ караган казакден Шамдан деган балам баш болуп барып, йылкы алыб келди” . 1863-жыл, февраль).

Ошол замандагы алыш-бериш, барымталар, алык-салык жүздөгөн-жүздөгөн жылкы менен эсептелип, миңдеген-миңдеген жылкы менен ченелгенин Жантай-баатырдын мынабул катынан байкасак болот: “Кушчу менен Бошкойго беш миң кой, миң жылкы [салык] салынды. … Солтого он миң кой, үч миң жылкы [салык] салынды… Жанкарач-баатыр сыркоолоп кайтып келди”. (Түп нускада:“Кушжи билан Бушхойгэ беш миң кой, минг йылкы салыбдур… солтэгэ он минг кой, үч минг йылкы салыбдур… Жанкараш-батур өзи сыркав болуб кайтыб келди”. 1863-жыл, декабрь).

Дагы бир мисал. Бугу менен сарыбагыштын араздашканы тыйылбай, кырды бычак түшүп, кырылышып жаткан учуру. Орус букаралыгындагы бугу уруусунун төбөлдөрү Муратаалы-бий, Балбай-баатыр, Тилекмат Бирназар уулу жана башкалар сарыбагыш уруусунун кезектеги кордугуна даттанып, арачылап калуу өтүнүчү менен пристав Г. Колпаковскийге кайрылышат. Ошондогу күйгүлтүктүү каттан “Ысык-Көлдүн аяк тарабынан Адылдын эли болуп, Ормон уулунун эли болуп, “кыдык” деген элинин миң жылкысын алып” кетишкенин окуй алабыз. (Түп нускасы:“Ысык-Көлнинг айак тарафидан Адылнинг эли болуб, Орман оглининг эли болуб, кыдык деген элимизнинг минг йылкысын алуб…”. 1861-жыл, декабрь).

Же болбосо, солто кыргыздарынын мисалына кайрылалы. Байтик Канай уулунун катынан:“Бу кара-кыргыз өтө бейбаш эл болот. Ичинде Сиздей улугу болбосо тынч жүрүшпөйт. … элдешип турган казактан бөлөкпай [кыргыздары] жылкы чапты. Кабары – беш жүз”. (Түп нускасы:“Бу кара-кыргыз көб йаман бейбаш боладур. Ичинде Сиздай улуги болмасэ тынч йүрмайдүр. … Элдашиб турган казакден бөлөкбай йылкы алды. Кабары – беш жүз”. 1863-жыл, декабрь).

Байтик-баатыр кейигенчелик бар эле. Анткени беш жүз жылкыны чаап, олжого туйтунганы бөлөкпай кыргызы болуптур да, оро-парада анын айыбын тарткан Байтик-баатыр өзү болуптур. “Кол алдымдагы элимден кар үч жаагандан кийин эле чапырашты Суранчы жүз сексен жылкымды [чаап] алды” дейт Байтик-баатыр. (Түп нускасы:”…кол алдымдагы элимден кар үч йагандан кийин чафрашты Суранжы йүз сексан йылкым алды“. 1863-жыл, декабрь).

Мисалга тарта берээрге мындай маалыматтар арбын. Андыктан жылкы тукумун кудайдын куттуу күнү жүздөп-миңдеп ары-бери күргүштөтө айдаган көчмөн баласына кырк байтал тууралуу капкаяктагы жомокту жармаштырабыз дейм да?

Баса, жогорудагы катты жаздырганында Байтик Канай уулу өзүнө ийилиштүү элдин Калыгуту менен Капка-Ташта (“үйүмүз Халоты, Кафка-Ташта”), башкача айтканда Чүй суусунун наркы бетинде, дарыянын оң куймаларын жээктеп отурганын эскерткен. Демек, солто элинин бир бөлүгү – жок эле дегенде Байтик Канай уулуна ийилиштүү бөлүгү XIX кылымдын экинчи жарымында деле ата-бабаларынын эзелки-эзелки кыштоолору саналган ошол элкин араларды мекендеп турган. Ошол аралардан арылай жүрүп барымтага аттанышып, ошол аралардан далай-далай барымтанын жолун тосушкан.

Байтик Канай уулунун башка кыргыз урууларын дагы Чүй бооруна жык отургузууга аракет кылганы анын Үмөтаалы Ормон уулуна ( XIX кылым ) жазган катынан дадил көрүнөт. 1862-жылы Байтик-баатыр Кокондун өкүлү Рахматулла-сартты өлтүргөнү маалым. Ушул окуяга удаа алыстагы Үмөтаалыга кат жазып, аны Чүйгө конууга көндүргөнүн минтип эскерген экен:“Үмөтаалы сартка таарынып кетти эле. Таарынган сартыңы өлтүрдүм деп Үмөтаалыга кат жибердим. Катым барган соң Үмөтаалы Чүйгө келип түштү. Эми Үмөтаалы менен сөз-кеңешибиз бир болду”. (Түп нускасы:”Эмди Үмөтали сартгэ өбкалаб кетүб эрди. Эмди өбкалаган сартыни өлтүрдим деп Үмөталигэ хат йибардим. Хатим барган сонг Үмөтали Чуга келиб түшди. Эмди Үмөтали билан сөзмиз-кенгашимиз бир болди”. 1863-жыл, февраль).

Үмөтаалы Ормон уулу баштаган сарыбагыш кыргыздарынын Сары-Өзөн Чүйдүн кайсы өңүр-өрүшүнө келип түшүп, жайгашканын айта албайбыз, бирок уруулаш тууганы Жантай-баатырдын жана анын элинин кайсы жерлерди ээлеп жатканын үстүрт болсо да элестетүү мүмкүн. Кайрадан баатырдын орус бийликтерине жолдогон каттарына үңүлөлү да пристав Г. Колпаковскийге багыштаган катынан мынабу үзүндүнү келтирели:“Сен Аякөздө турганда, мен Чүйдө туруп кызмат кылдым эле. Ошол убактыда кырк жашта элем”. (Түп нускасы:“сен Айакөзде турганде, мен Чувде туруп хызмат кылыб эрдим. Шол вактыде кырк йашде эрдим”. 1862-жыл, август). Бул саптардан жашы алтымыш сегизди таяган Жантай-баатырдын XIX кылымдын отузунчу жылдарынан тартып эле орус бийликтери менен алака күткөнүн, Чүй боорун чөйрөлөп көчүп-конуп жүргөнүн түкшүмөлдөй алабыз.

Ошол жылдын башы. Болжолдо – токсон, узун сарынын маалы. Адатынча кыргыздар барымтага аттанып, казактын оголе көп жылкысын чаап алышат. Казактын Сүйүнбай, Ахунбай деген эки арага жүргөн адамдары жылкынын изи менен келип, доо кылышат. Жантай-баатыр аларга:“элимдин төмөн чети – Кегетиде, жогору чети – Шамшыда” (Түп нускасы:“элимнинг төмөн чети – Кегетиде, йукары чети — Шамшыде”, 1862-жыл, февраль-март айлары) деген жүйөнү айтып, башкача айтканда жердин алыстыгына шылтоолоп, тактап көрмөккө, таап бермекке убакыт сурайт.

Ал эми дал ошол учурларда Жантай-баатырдын өзүнүн айылы кайсы жерге конгондугу тууралуу маалыматты төмөнкү билдирүүсүнөн тактай алабыз. Доо издеген казактар, кыязы, көп узабай кыргыздан жылкы алмакка аракет кылышат дагы, “Кегети менен Шамшыга” деп отурушпай эле, ошончодон түз эле Жантай-баатырдын жайнаган малын көздөп чыгышат. Бирок баатырдын айылы эки жакка жол чалып, кулак түрүп, сак жаткан экен, катылган барымтачылардын үмүтүн таш каптырып, он кишисин колго түшүрүп алышат. Ушул окуядан кийин баатыр айылын түндүк тарапты беттеп көчүрөт (“төмөн караб көжүб келдим”). Ыктаса деле болбой, кыргыз менен казактын жылкы талашы такыр эле тыйылбай койгондо, бир аздан соң “Май-Булак” деген жерден жогору карап көчүп чыгат (“Май-Булактан йукары караб көжтүм”). Баатырдын айтуусундагы “Май-Булактын” кайсы Май-Булак экенин тактай алган жокпуз. Бирок андан кийин эле “Кастекке кондук” (“биз буйруган Кастекке кондук”) деп кабарлаганына караганда, ошол мааледен алыс эмес жайгашкан конуштардын биринен го деп гана болжой алабыз.

Орус менен алакасы баштагыдан да кызыган кийинки жылдагы — 1863-жылы жазылган каттарына кайрылалы. “Элибиздин башы – Кеминде, өзүбүз Кара-Коңузда жатабыз” (Түп нускасы:“элимизнинг башы Кеминде, өзимиз Кара-Конгузде жатурмиз”) дейт Жантай-баатыр февраль айында жаздырган катында.

“Кара-Коңузуң каякта эле?” дечүлөргө, боордош Казакстандын Кордой районуна караган азыркы Масанчы айылы илгери замандарда Жантай-баатырдын ата конушу саналганын, анан да “Кара-Коңуз” аталганын эскерте кетели. Ал эми “От түгөнсө, төмөн Ыргайтыга барып, мал откозуп келсек бекен деген оюбуз бар” (Түп нускасы:“отумиз түганиб кетсэ, төмен Ыргайтыга барып, мал отказыб келсак мукен деган ойимизде бар”) деген саптарын окуп отуруп, бир эсе, сүрө-сүрө мал айдаган көчмөн баласы үчүн токсон ичи менен жазгы ала-шалбыртта элүү-алтымыш чакырым аралыкка конуш которуу кеп болбогонун (анткени азыркы Масанчы айылы менен Кордойдун эле аралыгы элүү километрден ашуун жол), экинчи эседен, Жантай-баатырдын Байтик-баатырдын Калыгуту менен Капка-Таштагы (соңку жер азыр “Какпатас айылы” деп аталат) кыштоолоруна он беш — жыйырма чакырымдай жетпей конуу ою болгонун чечмелей алабыз.

Кыргыздар Кара-Коңуздун тегерегинде Жантай-баатырдын заманынан кийин деле, XX кылымдын башында дагы көчүп-конуп жүрүшкөнү белгилүү. Болгону Кытайдан баш калка издеп келген качкын дунгандарды Жантайдын уулу Шабдан-баатыр (1839 — 1912) ошол жерге отургузганда тарыхчы Осмоналы Сыдык уулунун (1875 — 1942) кабыргасы кайыша кейигени бар.

Бирок Осмоналы Сыдык уулу да “кыргыз жерлеринин өтүп кетиши” тууралуу маселени козгоп өтүп, өз доорундагы көз карашты айта кеткен. Демек анын жазгандарын Шабдандын заманында эле айтыла жүргөн, керек болсо Шабдан-баатыр жана анын замандаштары айта жүргөн кеп деп санашыбыз зарыл. Ал кайсы жерлердин көздөн учканын эскерет дагы, кайсы “көсөмдөн” көрөт? Жантай-баатырды дагы, Шабдан-баатырды дагы атабайт. Түз эле Ормон-хандын уулу Үмөтаалыны эскерет. Орустан “жолуккан улугу бир шаар кура турган жер сураганда, азыркы Алматынын ордун берген экен” деп жазат Осмонаалы Сыдык уулу.

Дагы айтам, Осмонаалы Сыдык уулунун бул жазгандары Шабдан-баатырдын учурунда айтылып жүргөн күйүттүү сөз, ошолордун көз карашын чагылдырган санжыралык маалымат деп боолголушубуз керек.

Ошентип, Жантай-баатыр менен Шабдан-баатырдын жер сатканын ырастаган документтер деле жок. Ал эми алиги кырк байтал тууралуу айтылуу аңыз кара-кыргыз баласынын Калыгуту менен Кара-Коңуздун кайгысынан улам кейип айта жүргөн ич күптү сөзүбү деп калам.

 

Арслан Койчиев,
“Кутбилим” гезитинин баяндамачысы

ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ – БАЛДАРДЫН ТАРБИЯЛАНЫШЫНА БАЙЛАНЫШТУУ

$
0
0

Билим берүү жана илим министрлиги 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу жана балдардын мектепке окутууга карата психологиялык-педагогикалык даярдыгынын деӊгээлин жогорулатуу максатында 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып республиканын жалпы  билим берүү уюмдарынын базасында Балдарды мектепке даярдоо 480 сааттык программасын ишке ашыруу боюнча буйругун чыгарган эле.  Учурда жер-жерлерде бул программанын жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Бишкек шаарындагы «Эне-Сай» бала бакчасынын директору Гүлжан ТАЖИБЕКОВА  480 сааттык программанын максаты, жарым жылдык жыйынтыгы, ошондой эле бала бакчага ата-энелердин берген жардамы тууралуу кеп кылып берди.

Балдарды мектепке даярдоо – заман талабы

 «Эне-Сай» бала бакчасынын директору Гүлжан Тажибекованын айтымында, 480 сааттык программанын максаты — алты жаштагы балдарды мектепке даярдоо болуп саналат. Бул программаны ишке ашыруу негизинен мектептерге жүктөлгөн. Бирок бала бакчаларда бул программанын аткарылышы ата-энелер үчүн ыӊгайлуу экени коомчулукта айтылууда.

- Негизинен 480 сааттык программа мектептерде ишке ашырылсын деп өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыккан. Ошонун негизинде былтыр октябрь-ноябрь жана август айларында мектеп жетекчилери менен бала бакчалардын тарбиячылары үчүн атайын курстар өтүлгөн. Анда балдарды мектепке кантип, кандай ыкма менен үйрөтүү керек экени окутулган. Мектептер программанын алкагында тиешелүү эмеректер, дидактикалык материалдар, сабактын иштелмелери менен камсыз болушкан. Ал эми бала бакчалар окутууга ыӊгайланышкан эмеректерге муктаж эмес. Анткени алар бизде бар. Бизге болгону дидактикалык материалдар жетиштүү берилди. Негизинен бул программаны мектепте эмес, бала бакчаларда окутса ата-энелер үчүн ыӊгайлуу экен. Себеби балдар күнүнө 3-4 саат окугандан кийин, ата-энелер баласын кайда коерун билбей кыйналышат. Ал эми бала бакчада балдар ата-энелери жумуштан келгенче каралып турат. Мисалы, айрым ата-энелер мени менен сүйлөшүп алып, балдарын №4 мектепке окутканы алып кетип, кайра саат 11.00 кийин бала бакчага алып келип турушту. Кийин алар  балдарын толугу менен эле биздин карамагыбызга беришти. Анткени бала 3-4 саат окугандан  кийин уктайт, убактысы менен тамагын ичет жана кечинде аны ата-энеси алып кетет, — дейт директор.

Алты жаштагы балдар оюнкараак келишет. Алар бат чарчашат, ошондуктан бала бакчада балдар  отуруп-туруп, ойноп окуй беришет. Мектепте мындай мүмкүнчүлүк жок. “Эне-Сай”  бала бакчасында бул программа толугу менен ишке ашырылып жана биринчи жарым жылдыкта жакшы жыйынтыктарды берди.

- Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдиребиз. Анткени тарбиячыга сабак өтүү абдан жеӊил, бардык методикалык иштелмелер даяр. Ар бир материал баланын колуна берилет. Анын ичинде китептер, таблицалар ж.б.у.с. программага ылайыкталган окуу куралдар бар. Биздин бала бакчада кенже, ортоӊку, жогорку жана мектепке даярдоо тайпалары бар. Биз мурда чектен чыкпай эле окуу программанын алкагында балдарды тарбиялап келгенбиз. Ал эми азыр болсо стандартта көрсөтүлгөн программага 480 сааттын программасын кошумча катары пайдаланып жатабыз, — дейт Гүлжан Тажибекова.

480 саат бардык мектептерге жол ачат

 480 сааттык программанын алкагында балдар жазганды, санаганды, окуганды гана үйрөнбөстөн, алардын логикалык ой жүгүртүүсүөсүп, кеӊейет. Мисалы, уйдун мозаикасы берилсе, аны бала аз убакыттын ичинде чогултуп, ал кайсы жаныбар экенин, чөп жээрин, сүт берерин айтып, сүйлөм түзүп, ал сүйлөмдүн негизинде кичинекей аӊгеме жазышат.  Жумасына 15 саат өтүлөт.  Балдардын бат чарчап кетпөөсүүчүн сабакка болгону 25-30 минута берилет.  Кыргыз бала бакчалар үчүн орус тили киргизилсе, ал эми орус тилдүү бала бакчаларга кыргыз тили киргизилген. Маселен, энесайлык  балдар учурда орус тилинде жакшы сүйлөп калышты.

- Негизинен биздин конуштагы балдар №21 мектепке барышат. Бирок айрым ата-энелер №№4, 66, 68, 51 ж.б.у.с. мектептерге беришет. Мурда деле бизден тарбияланып чыккан балдар ушул мектептердин сыноосунан өтүп кетишкен. Быйылкы бүтүрүүчүлөр өткөн жылкылардан  күчтүү чыгат деген ишеничтемин. Даярдоо тайпасында 28 бала билим алып жатат. Буюрса 1-сентябрга алар  даяр болуп барышат. 480 сааттын жакшы жери — кайсы мектепке барбасын баланын жүзү жарык, жолу ачык болот. Биринчи жарым жылдыкта мониторинг жүргүздүк. Биздин балдар дидактикалык материалдарды  колу менен кармалап, ойноп жатып баарын үйрөнгөнгө жетишти. Оюндун негизинде баланын сүйлөө речи өсүп, логикалык ой жүгүртүүсү кеӊейгенин көрдүк.  Балдарга сюжеттик ролдук  оюндар да көп берилет. Берилген темага ылайык  балдар атрибуттарды колдоруна кийип, куурчак сыяктуу ойнотушат,  — дейт жетекчи.

Чогуу чоӊоебуз

 “Чогуу чоӊоебуз” -  тайпалык программа. Анда балдар чогуу ойногонго, жамаатта бири-бири менен пикир алмашууга үйрөнөт, ошондой эле алар ынтымактуулукка, мекенчилдикке, эмгекке, элин-жерин сүйүүгө, бири-бирин сыйлоого, достукка, туура сүйлөгөнгө ж.б.у.с жакшы сапаттарга тарбияланышат. Жогорку тайпадагы балдар-кыздар кичинекейлерге жардам берип, жетелеп, аянтчага «Менин Мекеним — Кыргызстан» деп сүрөттөрдү тарттырышат.  Мисалы, коопсуздук боюнча атайын  “Эки улак” жөнүндө тема берилсе, балдарга достук тууралуу кенен маалымат берилет. Т.а. жомок аркылуу бири-бирин сыйлаганга, жол бергенге, бири-бирине зордук-зомбулук көрсөтпөгөнгөүйрөнүшөт.

Туура тамактануу – баланын аӊ-сезимин өстүрөт

 - Мамлекеттик бала бакчада баланын туура тамактанышына өзгөчө маани бурулат. Экинчиден, план боюнча сабактар берилип турат. Ай сайын кандай жана эмне тамактар берилип атат, сабак кандай өтүлүп турат деп текшерүү жүргүзүлөт. Бизде бардык режимдер, эрежелер 100% аткарылат. Ар бир бала күнүнө 60 сомдук тамак ичет. Бала ашыкча тамак жеп албашы зарыл. Ошондо бир айга ата-эне 730 сом төлөсө, калган 730 сомду мэрия төлөйт. Бардык структуралар балдардын тамактануусуна абдан чоӊ көӊүл бурушат. Бала туура тамактанса баланын ден соолугу жакшы болот, аӊ-сезими өсөт.

Бир баланын нормасы менен медсестра меню түзөт. Ошондо бир күндө бир бала 170 грамм нан, 450 гр. сүт ичет,  ал чайга, кашага кошулат,  кээде сүт боюнча берилет, бала бир жумада сүт кошулган тамактар  менен тамактануусу зарыл. 100 грамм эт, 23 грамм май жейт. Эттин  шорпосуна гречка, макарондор бышырылат. Балдарга куурулган тамак берилбейт. 100 гр. гречка, 20 гр. кошулма болот. 150 гр. компот, йогурт, айран берилет. Бир күндө эки жолу каша берилет. Жумуртка сууга бышырылып, тоголок бойдон берилет. Компотко С витаминин кошуп беребиз, аны үйдө энелер жасашпайт. Капуста, сабиз, кызылчадан жасалган салат күнүгө берилет. Балдар бала бакчада бешинчи күнгө чейин гана болушат. Ал эми үйүндө болгондо ата-энелер балдарын биздей туура тамактантышпайт. Бул тууралуу ата-энелер менен сүйлөшүлгөн.  Эгерде үй-бүлөдө кичинекейинен туура тамактанууга үйрөтсө, балдар эч убакта оорушпайт эле, — дейт бала бакчанын директору.

Балам үчүн

Бала бакчанын жетекчиси Гүлжан Тажибекова ата-энелерди чакырып, балдардын кандай тамактанып, кандай  таалим-тарбия алып жатканын көрсөтүп, тааныштырып турат. Дежурный ата-энелер ак халатты кийип алып тамак жасалган блокко кирип, балдардын эмнеден жана кандай тамак жасалып жатканын текшеришет. Ошондой эле ачык эшик күнүндө  ата-энелер ачык сабактарга катышып, анализ беришет. Алардын айткан сын-пикирлерин тарбиячылар угуп, туура кабыл алып,  оӊдогонго аракет кылып келатканын жетекчи баса белгиледи.

- «Балам үчүн» коомдук бирикме  уюштурулган. Айына ата-энелер 150 сомдон бала бакчанын өнүгүшүнө чогултушат. Бирикменин директору, эсепчиси бар. Бала бакчага керектүү нерсе болсо мен өтүнмө жазам, ошонун негизинде ата-энелер комитети алып берет. Ооба, буга чейин мамлекет жардам берген жана берип жатат. Бирок мамлекеттин көзүн карап отура берген туура эмес. Илгерки советтик мезгил өттү, кетти. Биз башка доордо жашап жатканыбызды унутпашыбыз зарыл. Ошондуктан түшүнүгү кенен ата-энелер балдары үчүн эч нерсесин аяшпайт. Мисалы, былтыр бала бакчанын сыртын оӊдоп-түзөгөнгө, беседкаларды салганга, жаӊы терезелерди салганга ата-энелер коомдук фонду 325 миӊ сом бөлүп беришти. Активдүү  ата-энелерге жыйналышта атайын мактоо, алкыш баракчаларын тапшырып турам. Фонддон тарбиячыларга каражат каралбайт. Анткени Өкмөт былтыр 80% чейин айлык акыларын көтөрүп бербедиби. Эгерде мурда 10-15 жыл иштеген тарбиячы колуна 6-7 миӊ сом алса, азыркы учурда колуна 13 миӊ сом алат. Бул жакшы эле да. Ал эми коомдо чогулган каражат Устав боюнча бала бакчанын өнүгүшүнө гана деп каралган, — дейт Гүлжан Тажибекова.

Тарых жана маданият жылы

Бул жылга карата бала бакчада атайын план түзүлгөн.  Белгилүү жазуучулардын чыгармалары боюнча ачык сабактар, улуу инсандар менен жолугушуу, тарых музейине экскурсияга балдарды  алып чыгуу, бөбөктөргө “Рабаят” сыяктуу театрларды чакырып, жомокторду көрсөтүү ж.б.у.с. бир топ иш-чаралар өткөрүлөөрү пландаштырылган. Мисалы,  ачык сабактарда Манастын төрөлүшү, бала чагы, Ч.Айтматовдун Бугу эне тууралуу жомогунда Эне-Сай тууралуу айтылганы,  “Саманчынын жолу” ж.б.у.с. чыгармаларды балдардын жеткиликтүү тили менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Гүлнара Алыбаева,

“Кутбилим”

 

НАЧАЛАСЬ РЕГИСТРАЦИЯ НА ОБЩЕРЕСПУБЛИКАНСКОЕ ТЕСТИРОВАНИЕ

$
0
0

Срок регистрации с 15 февраля по 7 апреля 2016 года.
Общереспубликанское тестирование проводится в Кыргызстане с 2002 года и является одним из крупнейших антикоррупционных проектов в области образования, который выполняет важнейшую государственную задачу по обеспечению равного справедливого доступа к высшему образованию в нашей стране.
Цель ОРТ – отбор наиболее способных абитуриентов, которые могут продолжить обучение в вузах КР.
В 2016 году Министерство образования и науки КР определило победителя тендера на право проведения Общереспубликанского тестирования на 3 года, им стал Центр оценки в образовании и методов обучения (ЦООМО), который на протяжении 14 лет проводит ОРТ.

Обязательным для абитуриента, желающего поступить на грантовое обучение, являются основной, и не менее одного профилирующего предметного теста.
Для абитуриента, желающего поступить на контрактной основе по всем формам обучения (очная, заочная, вечерняя, в том числе с применением дистанционных образовательных технологий), обязательным является основной тест, наличие профилирующего предметного теста дает преимущественное право абитуриенту при зачислении на соответствующие направления.
Выбор абитуриентом предметного теста (или нескольких) зависит от специальности, на которой он предполагает обучаться. Перечень специальностей и направлений подготовки с указанием обязательных дополнительных предметных тестов приводится в Приложении 1, которое выслано в каждую школу. С этим перечнем должны ознакомиться абитуриенты и их родители. Обращаем ваше внимание на то, что выбор предметных тестов должен быть осознанным.

В 2016 году, как и в предыдущие годы, абитуриенты могут зарегистрироваться и сдать предметные тесты по:
• биологии
• химии
• английскому языку
• физике
• истории
• математике

Кто может принимать участие в Общереспубликанском тесте (ОРТ)?

• Граждане Кыргызстана, Казахстана, России, Беларуси, Таджикистана – для поступления в вуз на бюджетной основе. И граждане любой другой страны – для поступления на контрактной основе;
• Выпускники 2016 года: учащиеся 11-х классов школ или выпускных курсов техникумов, колледжей, профессиональных лицеев (ПТУ);
• Выпускники прошлых лет – лица, имеющие аттестат или диплом о средне-специальном, средне-профессиональном образовании.

Кто не имеет права принимать участие в ОРТ?

• Согласно Указу Президента КР, студенты высших учебных заведений.

Когда можно зарегистрироваться?

• С 15 февраля по 7 апреля 2016 года
Как зарегистрироваться на Общереспубликанский тест 2016 года?
Учащиеся выпускных классов общеобразовательной школы или выпускного курса профессионального начального или среднего профессионального учебного заведения могут пройти регистрацию в том учебном заведении, в котором они учатся. Так как у учащихся еще нет аттестатов, подтверждающих правомочность их участия в тесте, регистрация через учебное заведение служит основанием для регистрации.

Учебное заведение в лице директора несет ответственность за достоверность предоставляемых сведений о зарегистрировавшихся выпускниках. Учебное заведение не должно вносить в регистрационные документы заведомо ложные сведения о регистрируемых учениках (регистрировать не своих учеников, ставить печать на фото не своих учеников).
При регистрации учащиеся выпускного класса (курса) должны иметь:
• паспорт (или свидетельство о рождении, если еще не получен паспорт, удостоверение личности);
• две одинаковые фотографии не более 1 года давности размером 3х4 см;
• квитанция об оплате регистационного взноса на ОРТ;
• Аттестат о среднем образовании (для выпускников прошлых лет)

Абитуриенты, которые ранее получили общее среднее, начальное профессиональное или среднее профессиональное образование и имеют на руках аттестат, проходят регистрацию в районном (городском) отделе образования (райоо/гороо) по месту жительства.
Для абитуриентов выпускников прошлых лет для регистрации на ОРТ кроме перечисленных выше документов обязательно наличие паспорта и аттестата о среднем образовании.
После обработки регистрационных документов каждый зарегистрировавшийся абитуриент получит уведомление о времени и месте сдачи теста. Абитуриенты будут проходить тестирование в том районе, где они регистрировались на ОРТ. Каждый абитуриент будет иметь полную информацию о том, что его ожидает на тестировании. Вместе с уведомлением абитуриенты получат бесплатную брошюру «Готовимся к Общереспубликанскому тесту», в которой содержится информация о том, как готовиться к тесту и примеры задач по каждому из разделов теста, а также правила проведения тестирования.
В настоящее время существует налаженный механизм проведения тестирования в масштабе всей республики. Тест проводится специально подготовленными командами администраторов, которые внимательно следят за тем, чтобы у всех сдающих тест были равные условия. Обеспечение стандартизированных процедур тестирования, строгое соблюдение дисциплины и предписанных правил обеспечивают абитуриентам равные возможности. В зависимости от количества абитуриентов, принявших решение сдавать ОРТ по всей республике будут созданы Центры тестирования, позволяющие сдавать ОРТ не выезжая далеко за пределы района проживания. В прошлом году таких центров было создано 129.
Само тестирование будет проводиться с 16 по 21 мая 2016 г. по всей республике. Тестирование будет проводиться на двух языках по выбору абитуриента: кыргызском и русском в зависимости о того, на каком языке тестируемый может наиболее успешно проявить себя.
Сертификат о количестве набранных баллов выдается в школе во время выпускного бала. В сертификате будет указано количество набранных на тестировании баллов и помещен график с количеством набранных баллов всех абитуриентов для того, чтобы каждый мог реально оценить свои шансы на поступление. Сертификат дает возможность абитуриентам участвовать в конкурсе на поступление в нескольких вузах одновременно.

Стоимость регистрационного взноса составляет: 260 сомов за основной тест и по 260 сомов за каждый предметный тест.

Реквизиты счета для перечисления регистрационных взносов за Общереспубликанский тест:
Расчетный счет: 1299003230032220
Получатель: Учреждение «Центр оценки в образовании и методов обучения»
ИНН — 00503200410039
Банк получателя: ОАО «РСК» Банк,
БИК: 129001
Назначение платежа: за регистрацию на Общереспубликанский тест.
Для подготовки к Общереспубликанскому тестированию ЦООМО предлагает пособия. Их можно приобрести в офисе ЦООМО.

О НИЗМЕННЫХ ЯВЛЕНИЯХ В ВЫСШЕЙ ШКОЛЕ

$
0
0

«МАТЬ – МАТОМ» ВУЗОВСКИХ КУМОВ

Я до 29 мая 2015 года работала на кафедре философии одного из престижных вузов Кыргызстана, где «простые смертные» не учатся и за каждым студентом кто-то стоит. Как известно, в этом вузе бурно процветают кумовство и коррупция, особенно при нынешнем ректоре. Сюда ВУЗ принимают слабых, но денежных студентов или же детей приближенных к ректору лиц.
Здесь администрация «настраивает» «своих» студентов учить только предметы, связанные с их будущей профессией, а гуманитарные – к ним можно не ходить. Действительно, зачем же нужны будущим специалистам, являющимся родственниками и любимчиками коррумпированного ректора и его невежественной свиты, такие общеобразовательные предметы, как «история», «философия», «русский (или кыргызский) язык»? Они пробьются благодаря другим способностям…
Помните, несколько лет тому назад экс-министр образования РФ Андрей Фурсенко предлагал оставить в государственных школах только 3 общеобразовательных дисциплин:
1) физкультура (будущее поколение должно быть здоровым),
2) труд (уметь трудиться) и
3) ОБЖ (знать азы основ безопасности жизнедеятельности).
«Казна и так пуста, — рассуждал господин экс-министр образования РФ, — и зачем будущему шоферу грамматика, архитектору – философия, врачу – история? Если у родителей школьника есть финансовые возможности, пусть они обучают своих детей общеобразовательным предметам за свой счет»…
Видимо, так он рассуждал под влиянием власти капитала, предоставленного Западом… Ведь, полная ликвидация советской системы образования является результатом блестящей победы стратегии Запада, которому не нужна образованная молодежь в постсоветском пространстве. Ему нужны невежи, которыми легко манипулировать…
Благо, что предложение прозападного экс-министра РФ не прошло. Представляете, что было бы в России лет через 30 в ином случае…
Результаты кумовства и коррупции в том вузе Кыргызстане, о чем идет речь, где в идеале должна учиться высокоинтеллектуальная элита молодого Кыргызстана, а не невежды, можно проиллюстрировать с помощью следующих примеров, взятых из реальной жизни.
ПРИМЕР 1. Однажды я читала лекцию по философии Древнего Китая и процитировала Конфуция: «Правитель должен быть правителем, слуга – слугой, отец – отцом, сын – сыном», т.е. каждый человек должен знать свое место в обществе. Через некоторое время попросила студентов написать эссе на тему «Древнекитайская философия». Один из них, сын человека из близкого круга ректора, несмотря на то, что является выпускником столичной русской школы, помимо других грамматических и орфографических ошибок, написал (выдержите задорновскую паузу): «Конфуций сказал: отец должен быть отцом, а мать – матом»…
ПРИМЕР 2. В устной форме принимаем государственный экзамен по «Истории Кыргызстана» на последнем курсе этого ВУЗа. Ко мне с двух сторон подсели декан и замдекана престижного факультета этого ВУЗа и попросили: «Сейчас к Вам подойдет студент, который должен получить красный диплом. У него все предыдущие экзамены сданы на оценку «отлично». Но у него не было времени как следует подготовиться к этому экзамену. Все равно он историком не станет. Он – будущий специалист по нашему профилю. Поддержите его, пожалуйста».
Я сказала: «Хорошо». Студент, зная поддержку, подходит ко мне с очень довольным лицом и нагло заявляет: «У меня билет № 30 и все 3 вопроса я не знаю».
Я уже вопросительно смотрю на декана и замдекана.
Они умоляющим голосом просят: «Пожалуйста, поддержите его. «История Кыргызстана» — новый предмет и не все знают историю кыргызов. Задайте вопрос по мировой истории».
Я согласилась и спросила: «Кто был первым космонавтом в мире?».
В глазах студента вопросительный знак и он с надеждой смотрит на декана. Он подсказывает: «Юрий…».
Студент за ним повторяет «Юрий».
Я спрашиваю: «Фамилия космонавта?».
Студент теперь смотрит на замдекана. Он подсказывает: «Га…».
Студент повторяет: «Га», а потом смотрит на декана, а тот все еще надеется, что студент вспомнит Гагарина: «Га…». Студент повторяет за ним: «Га».
Я сердито посмотрела на декана и замдекана и железом в голосе повторила вопрос: «Полная фамилия первого космонавта в мире?».
Студент, видя мое строгое лицо, чуть приземлился и ответил (выдержите задорновскую паузу): «Я знаю его. Его полное имя Юрий Га-Га-Га»…
ПРИМЕР 3. Государственный экзамен по «Истории Кыргызстана» и опять же администрация ВУЗа попросила студента поддержать. Студент, кыргыз по национальности, из числа родственников. На занятия почти не ходил. А на экзамене НАГЛО заявляет, что ответа ни на один вопрос по билету он не знает. Тогда представители администрации попросили преподавателя задать вопросы, связанные не с «историей бай-манапов из различных кокту-колотов, т.е. локального уровня, знать которую будущий специалист нашего профиля не обязан», а вопросы, относящиеся к «современной истории Кыргызстана, которую студент должен знать».
Преподаватель из своей сумки вытащил кыргызские сомы и показывает их студенту, задавая следующие вопросы:
- Это 50 сомов. Чей портрет на купюре?
Студент читает надпись:
- Курманжан-датка.
- Кто такая Курманжан-датка?
Студент задумался и отвечает:
- Балерина, что-ли?
Представители администрации смеются, но все равно продолжают настаивать поддержать студента со словами (выдержите задорновскую паузу):
- Может быть Курманжан-датка танцевала для своего мужа… Поддержите, пожалуйста, студента…
Преподаватель продолжает «беседовать» со студентом, чтобы как-то его «поддержать»:
- Это другая кыргызская валюта. Чей портрет здесь?
Студент читает:
- Токтогул Сатылганов.
- Кто такой Токтогул Сатылганов?
После несколько минут раздумий, студент выдает:
- Токтогул Сатылганов – Герой Советского Союза и он погиб под Москвой.
Представители администрации КГМА:
- Задайте простой вопрос, связанный с нашей современной и повседневной жизнедеятельностью…
Преподаватель:
- В каком году Вы родились?
Студент:
- В 1985 году.
- В каком государстве?
- В Кыргызской Республике.
- Кыргызская Республика возникла в 1991 году. До этого времени она входила в состав какого государства?
- Не знаю.
- Это государство называлось СССР, и Вы родились в Советском Союзе. Кто был первым и последним Президентом СССР?
- Екатерина Вторая, что ли…

«ПАПСТВО» ПЛОДИТ ДИПЛОМИРОВАННЫХ НЕВЕЖД

Непотизм (лат. nepos – внук, племянник), раздача Римскими папами ради укрепления собственной власти доходных должностей, высших церковных званий, земель своим родственникам (прежде всего сыновьям). Непотизм был особенно широко распространён в 15-16 веках и привёл к возвышению из папской родни могущественных фамилий (Боргезе, Лудовизи, Борджа и другие).
Сейчас термин «непотизм» стал нарицательным, употребляется как синоним «кумовства». Как нам всем хорошо известно, в постсоветском Кыргызстане непотизм тесно связан с коррупцией и кланами Акаева и Бакиева…
Фаворитизм (лат. favor – милость, снисходительство; фр. favoritism – благотворительность, доброта) – несправедливое покровительство над своими любимчиками в ущерб государственной службе.
Как уже в начале было сказано, автор этой статьи по специальности философ и с 2007 по 2015 годы работала заведующей кафедрой философии и общественных наук одного из очень престижных ВУЗов страны. Она и не думала, что к началу нового учебного года будет ходить по ВУЗам Бишкека в поисках работы, так как в этом ВУЗе, где коррупция процветает полным ходом, бывшая заведующая кафедрой перспектив для себя не видит. Оказывается, из-за ректора и его свиты, которые превратили ВУЗ в «частную лавочку», были вынуждены уйти отсюда более 70 человек – все высококвалифицированные специалисты. Она на своем личном опыте убедилась, что в этом ВУЗе человек может очень хорошо и результативно работать, а его обязательно уволят или же заставят уйти. А другой будет плохо работать, а его повысят. Разные кланы и группировки в рамках этого ВУЗа борются друг с другом: от этого зависит, кто какие должности займет, а кого выгонят. Почти не имеют значения профессиональные качества, научные регалии, учебно-методическая деятельность, награды, хороший уровень знания английского языка, необходимый для работы с иностранцами.
29 мая 2015 года прошел конкурс на вакантную должность заведующего кафедрой философии и на эту должность прошел специалист, которому присущи следующие особенности (сохраните известную задорновскую паузу выжидания неожиданного):
1) После окончания стоматологического факультета КГМА, она очень много лет работала по своей специальности, хотя не отличалась профессионализмом;
2) Ее мама – кандидат философских наук, доцент. Желая найти достойное место под солнцем для дочери, которая не состоялась как стоматолог, мама написала кандидатскую диссертацию, и, несколько лет тому назад, после 10 минут позора, ее дочь благодаря стараниям и связам пожилой мамы, становится кандидатом философских наук, в последующем так и не проявив особого таланта и труда в области философии;
3) Ей повезло и с другом своего брата-спортсмена. Этот друг семьи – спортивного телосложения человек, хотя и в сфере своей специальности не стал светилой, является аспирантом ректора этого ВУЗа, носит за ним его чемодан и работает проректором этого вуза по АХЧ. Помните скандальное видео, которого показывали по КТРК, где журналистов ТВ передачи “Азаттык+”, в главном корпусе этого ВУЗа, избивает молодой человек в красной футболке. Как раз этот боец и есть проректор этого ВУЗа по АХЧ. По его просьбе и предложению, ученый совет этого ВУЗа, где большую часть составляют люди АХЧ, а не ученые, пропускают кандидатуру особенного “специалиста” на должность заведующего кафедрой философии и общественных наук…;
4) За все годы существования факультета для иностранных граждан в этом престижном ВУЗе с английским языком обучения, в разные годы заведующими кафедрой философии работали высококвалифицированные философы, ставшие гордостью кыргызской философской школы, профессионалы своего дела, с блестящим знанием английского языка. Новоиспеченная заведующая кафедрой, оказывается, не знает языка Джорджа Байрона и Джека Лондона. На вопрос членов факультетского ученого совета “Как Вы, без знания английского языка, собираетесь читать лекции для иностранцев по философии, истории, манасоведения и по другим гуманитарным предметам, которые требуют очень хорошего уровня владения иностранным языком?», она блестяще ответила на жаргонном языке: «Я поднаторю английский в течение 3-х месяцев». После такого ответа в актовом зале КГМА, где проходил факультетский ученый совет, стояла мертвая тишина…
ДРУГОЙ ПРИМЕР. Нас три сестры, у нас одна и та же фамилия, одно и то же отчество и мы все кандидаты философских наук, доценты и работаем в разных ВУЗах Бишкека. Кому-то может показаться, что и тут не обошлось без непотизма. Но я очень надеюсь, что наши коллеги философы и наши студенты не дадут соврать: у нас есть определенные попытки внести свой вклад в деле развития отечественной философской науки. Но сейчас разговор пойдет о другом.
Тогда шли годы правления второго президента и на место северного клана Аскара Акаева пришел южный клан Курманбека Бакиева и непотизм в Кыргызстане набирал небывалые ранее обороты. В то время проректором КГУ имени И. Арабаева был назначен выходец с Юга, достойный специалист, доктор наук, профессор.
Его близкий родственник когда-то закончил исторический факультет нынешнего КНУ имени Ж. Баласагына. После распада СССР, он положив диплом историка в сундук, начал работать тачкистом на базаре. Время было такое и ему надо было содержать семью.
Как говорят философы, бытие определило сознание, и к 2005 году у этого историка остался от своей специальности лишь диплом. Как только родственника назначили проректором, он пришел к нему трудоустроиться. Проректор выполнил просьбу своего родственника. Тачкиста приняли на кафедру философии и социально-гуманитарных дисциплин КГУ имени И. Арабаева и предложили должность преподавателя «Истории Кыргызстана». Он отказался, сказав: «я учился на истфаке во время СССР и нам этого предмета не преподавали. Дайте мне какой-нибудь другой, более легкий предмет».
На кафедре подумали и в качестве «легкого» предмета предложили «Культурологию». Новоиспеченный преподаватель спросил: «Как мне читать лекции? С чего начать?». Ему ответили: «На кафедре работает молодой преподаватель Аалиева (она моя сестра – прим. автора). Возьмите у нее рабочую программу и по ней будете работать».
Тачкист подходит к моей сестре и просит у нее рабочую программу по предмету (выдержите задорновскую паузу) курортология…
Сестра говорит, что у нее нет рабочей программы по данному предмету. Но ее новый коллега настырно продолжал просить. В противном случае, он будет жаловаться своим «ака» вплоть до самого К. Бакиева…
Сестра объясняет:
- КГУ им. И. Арабаева готовит будущих педагогов, и у нас нет предмета «курортология».
Тачкист:
- Но мне сказали, что эту рабочую программу можно взять только у Аалиевой.
Сестра, подумав, сказала:
- Вы знаете, курортология – предмет для будущих медиков. У меня есть сестра и у нее фамилия тоже Аалиева. Но, она работает в медицинской академии. К ней подойдите, и она даст Вам эту программу, — и дает ему координаты своей сестры.
Тачкист подходит ко второй -Аалиевой и она тоже объясняет, что курортология не имеет отношения к кафедре философии:
- У нас нет рабочей программы по этому предмету.
Тачкист перешел к своим традиционным угрозам, и она его отправила в Институт курортологии, в село Воронцовка…
Одним словом, после таких «хождений по мукам», наш «тачкист» уяснил, что в КГУ имени И. Арабаева, где готовят будущих педагогов (!), он будет преподавать не курортологию, а культурологию!!!
С тех пор за ним прочно закрепилось прозвище «курортолог», и, кстати, если я не ошибаюсь, он сейчас, благодаря каким-то связам непотического характера, работает преподавателем (!) в КНУ имени Ж. Баласагына (!).
Выше описанные примеры, тесно связанные с такими чревато опасными социальными явлениями, как непотизм и фаворитизм, обусловлены множеством факторов.
1. После распада СССР полностью была разрушена советская система образования и всем постсоветским республикам навязывают, так называемую, «Болонскую систему образования», которая готовит специалиста не широкого профиля, как в СССР, а узкого специалиста. Например, в СССР стоматолог знал всю анатомию человека, а по Болонской системе – только зубы.
2. Происходит системный кризис начиная от садика и кончая ВУЗами. Из-за низкой зарплаты все хорошие специалисты переквалифицировались. А в системе образования, где мизерная зарплата – физкультурник преподает математику, а учитель труда – историю… А более или менее востребованные должности занимают дилетанты в виде «курорто-культуролога» и «стоматолога-неуча».
3. Коррупция. Некачественные кадры пролезают на высокие посты и тащат за собой таких же. Это началось с Ельцина, когда он ввел в оборот термин «команда», в устах номенклатуры означающее круг родичей и «своих». Каким бы ты хорошим работником ни был, если ты не в «команде», тебе не место здесь. Потом идея Ельцина, основанная на коррупции, была поддержана нашими бывшими президентами и нынешними чиновниками.

Гульзат Аалиева,
кандидат философских наук, доцент

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – КЕЛЕЧЕККЕ АЙКЫН ЖОЛ

$
0
0

Учурда биздин өлкөбүздө 80ден ашуун улуттардын өкүлдөрү жашайт.  Мына ушул жагдайга байланыштуу өлкөбүздө кыргыз тилдүү мектептер менен катар орус, өзбек, тажик тилиндеги же болбосо аралаш окутуу тилдери менен мектептер бар. Албетте, бул мектепте окуган окуучулар бир гана өзүнүн окуган тили менен чектелбестен, мамлекеттик тилди да талыкпастан үйрөнүүдө.  Көп тилдүү билим берүү этнос аралык мамиледе чыр-чатактардын алдын алууда, аларды болтурбоодо, инсанды толеранттуулукка, эки-үч тилдүү сабаттуулукка тарбиялоо учур талабы экендиги талашсыз.

Жалал-Абад  шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №4 мектеп-гимназиясы, Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясы, №8 орто мектеби, Т. Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясы, Р.Азимов атындагы №13 орто мектептери «Кыргыз Республикасында  көп тилдүү  билим берүү» программасын ишке ашыруунун алкагында пилоттук мектептер катары тандалып алынган. Аталган мектептерде мамлекеттик тил — кыргыз тили, расмий тил — орус  тили  жана дүйнөлүк тил — англис  тили жогорку деӊгээлде окутулушу керек. Биздин  жаштар  ушул  үч    тилди  мектепте  жакшы  өздөштүрө  алышса, алар кайсы өлкөдө болбосун,  жождордо билим алууда болобу, ишке орношкондобу, айтор,  артыкчылыктарга ээ болуу   менен кыйынчылыктарды жеӊип өтө  аларына шек жок. Ошого  байланыштуу  кыргыз тилдүү мектептер менен  бир  катар  орус, өзбек тилиндеги  же  болбосо  аралаш  окутуу тилдери  менен да мектептер   бар.

 Көп  тилдүү  билим  берүү программасы  жаштарга  түрдүү  мүмкүнчүлүктөрдүн  ачкычын   берет деген ойдобуз. Ошондуктан  мектептерде   көп  тилдүү  билим  берүү  чөйрөсүн  түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Балдар  көп тилде  билим алуу  менен эле  чектелбестен,  көп  улуттун маданиятын, каада-салттарын үйрөнүп, башка улуттар менен ынтымактын бекемделишине, көп түрдүү маданияттарды үйрөнөөрүнө  ата-энелердин ишеничи да артууда.

 Пилоттук деп аталган бардык мектептерде көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашырууга киришүүөткөн окуу жылынын март айында семинар-тренингге катышуу менен башталган. Семинар-тренингдин катышуучуларына  көп тилдүү билим берүү жөнүндө жалпы маалымат берилип, план иштеп чыгууну, максаттуу тилди тандоодо тилдик чөйрөнү изилдеп  чыгуунун зарылдыгы түшүндүрүлдү. Март айында аталган мектептердин өзүндө семинарлар өткөрүлүп, мугалимдерге, ата-энелерге КТББ, анын ролу, предмет жана тилди интеграциялап окутууну, предметчи жана филолог мугалимдин өз ара байланышы, ата-энелер менен мектептин шериктештиги жөнүндө түшүнүк берилди.

Ал эми педагогикалык кеӊешмелерде мугалимдерден жана ата-энелерден ар бир мектепте 17-20 мугалимден турган  чыгармачыл топтор түзүлүп, ишти жүзөгө ашыруу үчүн апрель айында мектептерде ата-энелер үчүн конференциялар өткөрүлүп, анда педагогикалык кеӊешмелердин чечимдери менен тааныштыруу да болгон. Пилоттук мектептерде ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен чыгармачыл топтордун натыйжалуу иштеши үчүн усулдук кабинеттер түзүлдү.

Түзүлгөн чыгармачыл топтордун  алгачкы семинарында топтун ар бир мүчөсү тарабынан мектептерде КТБ боюнча  маалыматтык стенддер чыгарылды. Предметчи мугалимдерге тилчи мугалимдер бекитилип, жумушчу график түзүлдү. Май айында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин адиси, көп тилдүү билим берүү боюнча ЮНИСЕФ уюмунун улуттук координатору  жолугушуу өткөрүп, иштин жүрүшү менен  таанышып, мугалимдерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти. 2015-жылдын июнь айынан тартып чыгармачыл топтун мугалимдери бир нечелеген семинар-тренингдерге активдүү катышып,  предметти жана тилди интеграциялап окутуу методикасы  (CLIL) боюнча сабак өтүүнү жана сабактын планын  түзүүнүүйрөнүштү. 2015-2016-окуу жылынын II чейрегинен тартып  пилоттук мектептерде  тандалып алынган класстарда  сабактар жарым-жартылай чөмүлүү формасында  окутула баштады. Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашырып жаткан  мектептерде  чыгармачыл топтун  мугалимдери предметти жана тилди интеграциялап окутуу методикасы  (CLIL)   боюнча мугалимдер 96 сааттык  чеберчиликти жогорулатуу курсунан өтүштү. Көп тилдүү билим берүү программасы боюнча №4,5,10 мектеп-гимназияларынын, №8,13 орто мектептеринин мугалимдери тарабынан музыка, дене тарбия, көркөм өнөр, мекен таануу, табият таануу, Кыргызстандын тарыхы, физика сабактарынан фрагменттерди  педагогикалык чебер-класстарда көрсөтүшүп,  өз ара тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Үстүбүздөгү окуу жылынын 14-сентябрында №8 орто мектебинде семинар өткөрүлүп, ага КРнын Президентинин аппаратынан, Билим берүү жана илим министрлигинен, Эл аралык  “ЮНИСЕФ” уюмунун  өкүлдөрү келип катышышты.  Семинарда 5-в классында ”Археология жана нумизматиканын тарыхтагы орду” аттуу  сабак толугу менен  жаӊы методика боюнча өтүлдү. Окуучулар максаттуу тилде өз ой-пикирлерин эркин айтып,  баарлаша алышты. Семинардын катышуучулары өткөрүлгөн иш-чарага өз бааларын беришип, жылуу пикирлерин айтышты.

Жалал-Абад областындагы  коомчулук, мугалимдер, ата-энелер  көп тилдүү билим берүү программасын түшүнүү менен кабыл алышып, ар тараптан колдоого алышууда. Өлкөбүздүн, балдарыбыздын келечеги  үчүн көп тилдүү билим берүү толук кандуу келечекти камсыздайт деп ойлойбуз.

М.Токторов

Анаркүл ДАНДЫБАЕВА, Чүй облусунун Сокулук №2 орто мектебинин директору, КР Билим берүүсүнүн отличниги: «БААТЫРЛАР БАЯНЫН БАЛДАРГА ОКУТАЛЫ»

$
0
0

«…Ардактоо падышасын элдин наркы,

А элин сактоо, коргоо – анын парзы»

(Жусуп Баласагын)

Жер эне жаздын жагымдуу жытын улуу күндүн нурларынан искегендей, Анаркүл эже балдардын бактылуу дүйнөсүнөн, билим жана тарбия берүү чөйрөсүнөн мугалимдик кесиптин асыл, барктуу, нарктуу сапаттарын жан-дүйнөсүнө ширетип келет. Сөзү – ишке, иши  – ийгиликке, ийгилиги – сыймыкка, сыйлыкка төп келген мектеп директору Анаркүл Ишеновна: «Элибиздин тарыхын, маданиятын үйрөтүү мугалимдердин ыйык милдети. Элден чыккан эр жүрөк тарыхый инсандарды даӊазалоодо баатырлар баянын балдарга окуталы», — деп, окуучу менен мугалимдин ортосундагы байланышты жүрөгү сезет. Ал окуучулардын жетишкендиктерин тастыктай турган «Формативдик баалоо» китебинин авторлорунун бири. Бир нече ардак грамоталарынын ээси.

КР Президенти А. Атамбаевдин 2016-жыл – «Тарых жана маданият жылы» жөнүндөгү Жарлыгында «…дүйнөлүк маданият жана илим дал биздин аймактан өнүгүүгө карай жаӊы дем-күч алган»  делип таасын айтылган.

Ооба, элибиздин тарыхын, маданиятын үйрөнүүдө мектепте түрдүү иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турулат. Жакында Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган «Тарыхы болбой эл болбойт» аттуу сахналаштырылып театрлаштырылган көрүнүш өзүнүн актуалдуулугу менен айырмаланды. Анда окуучулар Шабдан, Бишкек, Жайыл ж.б. баатырлардын жандуу, элестүү образын, басып өткөн жолун, баатырдык баянын, тарыхый таржымалын чагылдырышты. Келишимдүү, келбеттүү, жарашыктуу кийинишкен «баатырлар» адабият менен тарых сабактарын байланыштырып, Жер-Эне менен Толгонайдын (Ч. Айтматов «Саманчынын жолу») диалогу аркылуу байыркы бабаларыбыздын эрдигин, урпактарга калтырган көөнөрбөс тарыхый баалуулуктарын даӊазалашты. Кылым карыткан кыргыз элинин түндүгүн көтөрүп, түбөлүктүүлүгүн сактап, кыйын кезеӊдерди баштан кечирип келген тарыхый инсандардан үлгү алуу аркылуу мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө зарылчылдыгы айкындалды. Мындай тарбия ишинде таасирдүү иш-чараны жогорку деӊгээлде даярдаган тажрыйбалуу мугалимдер Акак Оморова менен Нуржан Тюлекееванын чыгармачылык аракетин тарых жана маданият жылында мектепке кошкон салымы катары кароого болот.

Арыба, «Алтын балалык»

 «Алтын балалык» деген сөздү укканда мугалимдер жана окуучулар жамаатынын көз алдына анда уюшулган өздүк көркөм чыгармачылык ийрими тартылат. Демилгечил мугалим Тюлекеева Нуржан Садыковна тарабынан түптөлгөнүнө аз гана убакыт болгонуна карабастан ийрим өз ишмердүүлүгүн көрсөтүп, жагымдуу сөзгө алына баштаганын байкоого болот. Т.а. алар мектепте өткөрүлгөн түрдүү иш-чараларга такай катышып, өнөрлөрүн тартуулашып келишет. Мындан сырткары Москва районунун Беловодск айылындагы майып балдардын республикалык жатак мектебинде, Сокулук мектеп-интернатында жана Белагорка токойлуу санатория мектебинде болушуп, «Балдар – балдарга» аттуу кайрымдуулук акцияларын өткөрүшкөн. Анда балдар концерт коюшуп, материалдык жардам көрсөтүшүп, өз колдорунан жасалган белектерди тапшырышкан.

Таланттуу балдарды чыгармачыл чөйрөдө чыйралтуу, өнөрлөрүн өр алдыруу, турмуш жолдорунда такшалтуу, кайрымдуулукка, адептүүлүккө, кичи пейилдүүлүккө тарбиялоо – мезгил үнү.

- Балдар менен жашап, алардын аруу тилектерине ортоктош болуп, келечек кыялдарына компас болуунун өзү – бакыт. Алардын булактын суусундай тунук жан-дүйнөсүнө аӊдоо салуу, сергек сезимине сүӊгүп кирүү педагогикалык-психологиялык чеберчиликти талап кылат.

«Арыба, «Алтын балалык»,

Жаӊылык сенден жаралып.

Улуу Күндүн нурундай,

Ааламга турсун таралып», — дейт «Алтын балалык» менен сыймыктанган кыргыз тили жана адабияты мугалими Дүйшембиева Махабат Мукариповна.

Кыргызча ырларды созолонткон Валентина

 Сокулук районунда устат, тажрыйбалуу, таланттуу, чыгармачыл мугалим, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги, көптөгөн ардак грамоталардын ээси Сухова Валентина Ивановнаны көпчүлүк эл жакшы тааныйт. Дегеним, анын өмүрү мектеп менен тамырлаш, тагдырлаш, өзөктөш, уялаш. Мектеп 1962-жылы алгачкы коӊгуроосун какса дал ошондон бери ушул мектепте үзүрлүү эмгектенип келет. Географиядан жер жүзүн тааныштырып, картаны тигиле окуучуларга көргөзүп жатканы Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестиндеги Инкамал-апайдын элесин көз алдыбызга чагылдырат.

Өзгөчө, «Сармерден» сынагында, «Ырдайлы кыргыз ырларын» телеберүүсүндө «Кыз Бурак», «18 жаш» аттуу ырларды созолонткону, жагымдуу үнү суктандырат. Бар болуӊуз, Валентина Ивановна!

 Ибраим Чотов,  өз кабарчы

Рысбек ЭШМАТОВ АЙТМАТОВДУН АДАБИЙ ТҮШТӨРҮНӨН

$
0
0

Чейрек кылымдык эмгек

 Редакциядан: Жакында адабиятчы Рысбек Эшматовдун “Адабий түштөрдүн көркөм табияты (ХХ кылымдын 50-80-жылдары)” аттуу китеби жарык көрдү. Чейрек кылымга жакын изденип, философия, психология, адабият таануу жаатындагы З.Фрейд, К.Юнг, Э.Фромм, Х.Борхес, М.Бахтин, К.Леви-Строс, С.Аверинцев сыяктуу ири окумуштуулардын бул темага тиешеси бар эмгектерин казып окуган, далай томдорду кымбатына карабай сатып алып, дайыма ала жүрүп тереӊ түшүнүүгө умтулуп келген автордун мээнети колуна тийиптир. Чыӊгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, О.Айтымбетов, М.Апышевдей кыргыз жазуучуларынын чыгармаларындагы адабий түштөрдүн ордун, аткарган кызматын Р.Эшматов ар тараптан иликтеп, эстетикалык табиятын илимий негизде талдап чыгыптыр.

Кыргыз адабиятында изилдөөчүлөр буга чейин адабий түштөргө башка багыттагы эмгектеринде учкай гана кайрылып келген эле, эми атайын ушул темага арналган алгачкы эмгек жаралып отурат. Бул китеп филологдорго эле эмес, көркөм чыгармаларды жетик түшүнүп кабылдоону каалаган жалпы окурман журтуна да кызыктуу болот деп ишенем. Эмесе, залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларындагы түштөр боюнча бир-эки келкини окуп коюӊуздар. Китепти “Нуска” китеп дүкөнүнөн же автордун өзүнөн сатып алсаӊыздар болот.

… Ч. Айтматовдун «Деӊиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повесть-притчасындагы Орган карыянын деӊиз мейкининде жүрүп жан адамга айтпаган жан сырдашы – Айым-Балык жөнүндөгү кумарлуу түшүн эстеп эӊсөөсү – анын туулганда эле каны менен кошо берилген, эл арасына сиӊип кетип айтылган Айым-Балык жөнүндөгү аӊыз-аӊгемени эстутумуна кайрадан түшүрүшүнө көмөкчү болот. Анткени Аткычх абышканын кайталанып келүүчү ошол түштөрүндө – кыялдуу, образдуу түш дүйнөсүндө Айым-Балык жөнүндөгү сюжеттик мотив – мифологиялык модель чөгүп жатат. Архетиптик мүнөздөгү ошол онейростук ассоциативдүү мотив аркылуу этиологиялык маӊыздагы мифологиялык көөнө сюжетти да, кыял-фантазиялуу келген психологиялуу көркөм түштөрдөгү көрүнүш-образдарды да акырында жана башында Орган карыя өзү турган айбаттуу мухиттеги аргасыз таканчыгы – кайыктагы төрт адамдын амалсыз тагдырларын баяндаган жомоктук “реалдуу” сюжетти да автор түш аркылуу бир түйүнгө байлап, ошол үч бирдиктүү сюжеттик элементтерди адабий түш аркылуу бири-бирине чынжырлаштырып, айкалыштырып, байланыштырып отуруп токуп, чыгарманын көп маанилүү идеялык-эстетикалык жагдайынан кабар берип турган көп катмарлуу дүйнөсүн – композициялык конструкциясын жараткан. Бул өз кезегинде чыгарманын баяндоосуна полифониялуу ыргак тартуулайт. …

«…Ала-Дөбөттөгү» сүрөттөлгөн мезгилдин бир учу (болочокко) бизге, биздин күндөргө багытталып турса, бир учу (артка кайрылып) алмуздак доорлордогу алгачкы башталмалардан болгон көөнө мезгилдерди чапчып турат (чын-чынына келгенде, төрт адамдын кайыктагы тагдырларын баяндаган жомоктук сюжетте сүрөттөлгөн мезгил – тумандуу мейкиндик –учу-кыйыры жок чалкыган эле мухит, чексиздик (абсолюттуулук) чыгармадагы көркөм көрсөтүлгөн мезгил-мейкиндүүлүк координаттары башка нерселердин эсебинен байып-кеӊейет). Кылымдар кыйырларын камтып өткөн мындай кеӊ-кесири туюнтулган мезгил-мейкиндүүлүк образдарына автор мифо-онейростук, онейро-мифологиялык, онейро-«реалдуулук» (жомоктук) сюжеттик элементтердин бири-бирине утурлай жылган ушундай укмуш байланыш-катыштары аркылуу ээ болуп жатат. …

«…Ала-Дөбөт» жомогунда адам айдыӊ деӊизде жүрүп, жүгүрүк ой-кыял дүйнөсү менен Жаратканга теӊтайлашып, өзүн Деӊиз менен Теӊирдин туушканындай сезип кеткен аларга теӊата абалын жазуучу автордук баяндоо аркылуу мындайча көркөм туюнткан: «Кыйырсыз кудурет менен бетме-бет отурганда калтылдак кайык үстүндөгү адам дараметсиз бир бечара экенин Орган жакшы билет. Бирок адамдын ою бар да, ал ошонусу менен улуу, ою менен Деӊиз-Теӊир ортосундагы эки танапка жетип турат, табийгаттын түбөлүктүү кыйырына ою менен жетип, ою менен ааламдын тереӊине да, бийлигине да тутумдаш. Ошол себептүү адам руху деӊиздей тереӊ, көк теӊирдей түпсүз, анткени анын акыл-оюна чек жок. Бирок адам өлсө, кийинки адам андан илгерирээк ой жүгүртөт, андан кийинкиси дагы илгерирээк, ошентип түбөлүккө кете бермек… Ушул кыйын акыйкат гана абышканын сыздаган жанын жай алдырат». …

«… Ала-Дөбөт» жомогунда Орган карыянын да өз турмушуна байланышкан аяндуу түшү аркылуу алдыдагы тагдырын (келер чакты) көзү ачыктык менен көрө билүүсү тегин жеринен эмес. Өзүнүн өнөгөлүүөмүр-тажрыйбасында өзүн-өзү ичкериден курчутуп, бүлөп, жетилтип отуруп, ушунча бийик деӊгээлге чейин көтөрөөркүндөтүп келген өзгөчө жан – табиятынан башкача жаралган адам: каармандын бул жагдайын философ-адабиятчы К. Ибраимовдун сөзү менен айтканыбызда, ошол көрүнүшү менен Орган карыя калктын жалаӊ гана ошол туштагы табигый жана социалдык жашоо жагдайын туюнтуп турган адаттагы эмпириялык мүнөздөгү жалаӊкат каармандан эмес. Ал, чын-чынына келгенде, өзүнүн түпкү чыгыш теги, үлкөн өмүр-тажрыйбасы менен Ала-Дөбөт аймагындагы деӊиз кезип, деӊиз карап жашаган Айым-Балык уруусунун уӊгулуу тарыхын жана санжыргалуу салт-санаасын үзбөй улаган универсал кейипкер. …»

… адабий түштө бир эле мезгилде бир нече хронотоптук көрүнүш-белгилердин агымы ширелишкен абалда өтөт. Көркөм түштөрдөгү ошондой кызыктуу жагдайларды Ч. Айтматовдун чыгармаларынан кездештиребиз. “Кылым карытар бир күндөгү” Эдигей тушуккан психологиялык жагдай – Зарипаны кыйып кете албай …, жиндеп кеткен Каранарды айласыз издеп чыккан Эдигей Коспандын үйүнө келип, анын төрүндө конок боло отуруп, Эрлепестин мукамдуу ыр-күүлөрүн эшитип жатып, жаралуу жүрөгү ашыглык уусуна ого бетер малынып, ого бетер күчөп, сыздап ооруп чыккандан кийин, жатар алдында ойлору такаат бербей, уйку-соонун ортосунда калып кыйналган кызыктай психологиялык абалынан чыккан “уйку-соолуу түшү” аркылуу психологиялык мезгил-мейкиндиктердин ошондой көрүнүштөрү көркөм туюнтулуп-сүрөттөлөт. …

Ал эми Эдигейдин түшүндөгү субъективдүү мезгил-мейкиндиктер бир топ ар кыл жана ар түрдүү, өзгөчөлүү. Ошону менен бирге метаморфозаларга да бай – башында (Сары-Өзөктө, Коспандын үйүндө) уйку-соонун ортосунда жаткан Эдигей бир маалда эле караса, Арал деӊизинде жүрөт (бул – түштөгү субъективдүү биринчи мейкиндик), анан бала күнүндөгүдөй болуп деӊизге боюн урат (бул – ошол эле мейкиндик, бирок мезгилдик жактан Эдигей бала күнүнө түшүп калып жатат). Акчардак болуп кайкып учуп (Эдигей алды менен балага, андан кийин акчардакка айланды), толкундуу деӊиз үстүндөгү ээндикте каалгып, кубанып жүрөт (мына ушул аба мейкининде каалгып-илинип турган жери – түштөгү экинчи субъективдүү мейкиндик). Эрлепестин ыр-күүсү кулагына үзүлбөй жаӊырат, Раймалы аганын бактысыз сүйүүсүн даӊазалаган ыр-күү жаӊырат (түштөгү кулакка угулган үн, добуш – ассоциативдүү образ, алынган үн – маалымат кейипкердин күндүзгү жашоосунан, азыркы абалынан алынып жатат: үндөр көбүнчө көрүнгүс мезгил-мейкиндиктерден кабар берип, туюнтуп турат. Үн, символдук жактан чечмеленгенде, мезгилдердин байланышын билдирет). Анан Эдигей негедир алтын мекрени коё берип жатат (жээк – мейкиндик; символдук жактан чечмелегенде, аяндуу түш – Эдигей Зарипадан айрыларын – сүйгөн адамын алтын мекре сындуу каалаган эркиндигине коё берерин түшүндө Эдигейдин бейаӊ дүйнөсү биринчи билип жатат) – салмактуу солкулдаган алтын мекрени деӊизди көздөй алып барат (демек, кургак мейкиндиктен тайыз жээк аркылуу чалкыган деӊизди көздөй – бир мейкиндиктен экинчи бир мейкиндикти көздөй өткөзүп жатат). …

АКИМДИН ДАГЫ БИР ЖЕӉИШИ

 Эки жыл мурда “Ак Илбирс” киносыйлыгынын негиздөөчүлөрү жарыялаган кыргыз киносу жөнүндөгү талдоо макалалардын “Ракурс” конкурсунда баш байгени «Кутбилим» гезитине чыккан эссеси менен жеӊип алган Аким Кожоев ушул күндөрү дагы бир бийиктиккө көтөрүлдү. «Калемгер» адабий клубунун «Жаӊы ысымдар, жаӊы мүмкүнчүлүктөр» аттуу аӊгемелер сынагынын соӊку айлампасынын жыйынтыгында калыстардын тандоосуна ылайык Аким «Хоспистин тургундары» аӊгемеси менен биринчи орунду жеӊип алды.

Конкурс Кылычбек Исамамбетовдун демилгеси менен өтүп жатат. Бул жарыштын өзгөчөлүгү – эч кайда жарыялана элек, демек, жаӊы аӊгемелер аталган адабий клубдун ФБ барагына автору көрсөтүлбөй жарыяланат. Экинчи орунга татыктуусу окурмандардын добуш берүүсү менен тандалат. Мисалы, бул ирет көпчүлүк добушка Низамидин Мурзаев ээ болду.

2014-жылы жердешим Акимди жеӊиши менен куттуктап жазганымдан бир келкини бир аз толуктап кайра чыгарып коюуну туура таптым:

«Аким Кожоевди студент кезинен бери жакындан тааныйм. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн соӊ, туулган жерине – Жерге-Талга барып, кыргыз тили мугалими болуп иштеген, алыскы тоолуу айылда мектеп ачкан. Кошуна республикадагы кыргыз мектептер үчүн Тажикстандын тарыхы боюнча окуу китепти которгон (тилекке каршы, Душанбедегилер чыгарышкан жок). 90-жылдарда жарандык согуштун азап-тозогун баштан кечирген качкындар жөнүндө 2000-жылы жарык көргөн “Война и мир глазами беженцев” аттуу жыйнактын негизги автору, “Ажыдаар” деген китебин чыгарган. Былтыр “Жаӊы Ала-Тоо” журналында “Күзгү” аӊгемеси жана «Өлүм» повести жарык көргөн. Улуу акын Алыкул Осмонов, Соӊ-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндөгү мыкты эсселеринен, улут аралык мамилелер, чет жактагы кыргыздардын социалдык-маданий абалы, келечек тагдыры тууралуу публицистикалык макалаларынан тышкары, Акимдин кыргыз жана орус тилдериндеги азырынча эч каякта жарыялана элек көркөм чыгармалары да бар.

Аким Кожоевдин аӊгеме, повесттеринин негизинде жакынкы жылдарда кино тасмалар тартылып, эл аралык адабий жана кинематографиялык конкурстардын да жеӊүүчүсү болуп, кеӊири таанылып кетсе, мен эч таӊ калбас элем, анткени анын чыгармачыл дареметин, талантын билем, дайыма изденип, көп окуп, дүйнөлүк классиктердин тажрыйбасын тынбай үйрөнүп жатканын көрүп жүрөм».

Аким үмүттү актап, чыгармачылыкта жаӊы ийгиликтерге жетише баштады. Бош убактысында котормо менен алектенет, мисалы, «Дүйнөлүк көркөм маданият» аттуу абдан мазмундуу китепти кыргызчага мени менен чогуу которушту.

Ырас, бул аӊгеме («Кутбилимдин» сайтына да жарыялайбыз) А.Кожоевдин эӊ мыкты аӊгемеси эмес – ушул конкурстун талабына көлөмү сыйбаган, ошондой эле мурда жарык көргөн мындан алда канча жакшы иштелген новеллалары бар. Акимдин чыгармачылыгын өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз алдыда. Орус тилиндеги повесттери, аӊгемелери эл аралык конкурстарга жибериле элек, бирок чоӊ жарышка түшсө, байгелүү болоруна көзүм жетип турат.

Жолдош ТУРДУБАЕВ,  адабиятчы.

• Книжная полка

ДИАЛОГ ПИСАТЕЛЯ И ФИЛОСОФА ВО ВРЕМЕНИ

 (О философских гранях произведений  Чингиза Айтматова)

В монографии член-корреспондента НАН КР, доктора философских наук, профессора Тендика Аскарова «Поиски абсолюта – творческое кредо Чингиза Айтматова» (Б., 2010) изучаются произведения писателя при помощи диалектических принципов, категорий и положений таких как: восхождение от абстрактного к конкретному, единство и борьба противоположностей и т. д.

Роман “Когда падают горы” характеризуется исследователем как завещание великого художника слова. По мнению автора, писатель из самых простых фактов, событий в повседневной жизни, при помощи художественных средств и обобщений, создает высшие эстетические, художественные явления.

Одним из особенностей, присущих произведениям Ч. Айтматова, исследователь отмечает следующее: «Айтматов, взяв сюжетом романа обыденное, превращал его в высокое. И весь идейно-художественный стержень романа, его творческий пафос покоится на ясной диалектике единства высокого и обыденного, патетического и приземленного. Это одно из существенных черт индивидуального творческого почерка кыргызского романиста».

Близок к данному мнению высказывание Мухтара Ауэзова: «Повесть Чингиза Айтматова “Джамиля” психологична, естественна, изящна и проста. Оно приятна правдивостью душевных состояний, тонко подмеченных и сдержанно, выразительно, даже порой коротко обрисованных».

Профессор Т. Аскаров утверждает, что диалектические категории внутренного и внешного способны выражать “моменты отражения” не только социальной сферы, но и “конкретных моментов” человеческих взаимоотношений.

Надо заметить, казахский писатель Муктар Ауэзов в статье “Путь добрый”, опубликованной в 1958 году, пишет следующее: «Самое отрадное, и скажем прямо, необычное для киргизской прозы заключается у Айтматова в обрисовках людей, в показе их отношений как бы изнутри». Говоря о присущем повести “Джамиля” внешнем, М. Ауэзов пишет: «Событий в повести немного, и с героями также происходят внешне как будто не очень большие перемены. Однако, то что происходит, совершается как незаурядное, запоминается читателю, волнует его».

Как говорили древнекитайские философы: “Кто способен к удивлению – тот мудрец”. Удивление, восторг и гордость за отечественного писателя стали для студента Т. Аскарова своеобразной внутренней предпосылкой для становления его в последующем известным кыргызским философом.

  Козубай Аблазов,

с.н.с. Института философии и политико-правовых исследований НАН КР 


КАНТКЕНДЕ БАЛДАРДЫ САБАТТУУ ЖАЗУУГА ҮЙРӨТӨБҮЗ?

$
0
0

Ар бир окуучу жазуу тапшырмаларын катасыз жаркыратып жазса деген ой-тилек ар бир мугалимдин кыялында болсо керек.

Бүгүнкү күндө коомдун өзгөрүлүшү менен мурунку жана кийинки жылдары мектеп босогосун жаӊыдан аттанган жаш муундардын ортосундагы айрымачылыктар барган сайын байкалат. Бул бир жагынан кубандырат. Ушуну менен катар эле ар бир баланын ой-кыял чабытына, дараметине тереӊ байкоо жүргүзүп, ага аздек мамиле кылуунун өзү деле мугалимден чоӊ чыгармачылыкты талап кылат.

Жалпы билим берүүчү мектептерде  окуучуларга тереӊ билим жана тарбия берүүнүн башкы милдеттери, ар бир мугалимдин күндөлүк өткөргөн сабактары аркылуу ишке ашат эмеспи. Ал эми 1-класска уулун, кызын жетелеп келген ата-эненин талабы, максаты баарыбызга белгилүү. Канткенде башталгыч класстын окуучусун сабаттуу жазууга  үйрөтө алабыз? Бул суроого жооп издээрден мурун мугалим жана ата-энелер эмнени билүүгө тийиш? Мында биз күнүмдүк педагогикалык турмуштагы көйгөйлөрдөн алыстап,  сабатсыздыкка түрткү берген факторлорго  кайрылышыбыз керек.

Даниялык жомокчу Ганс Христиан Андерсендин атын кимдер билбейт. Анын жомокт ору менен канча муун чоӊойгон. Ал эми анын «тубаса сабатсыз» же болбосо өмүр бою ката жазгандыгын балким баары  биле бербесе керек. Андерсен өзүнүн чыгармаларын басмаканага алып барганда,  басмакананын кызматкерлери анын артынан шылдыӊдап күлүшчү экен. Анткени анын кол жазмаларында грамматикалык каталар көп  болгон. Бирок ушул кемчилигине карабай элдин эсинде Андерсен улуу жомокчу,  улуу жазуучу бойдон калгандыгын ким танат. Жада калса Альберт Эйнштейн, Леонардо Да Винчи, Агата Кристи да өмүр бою ката жазышкан.

Бүгүнкү күнү окумуштуулар кээ бир  адамдардагы бул өзгөчөлүктү изилдешип, өмүр бою ката  жазуунун  өнүгүшүнө түрткү болгон гендердин группасын табышкан. Демек, окумуштуулар бул өзгөчөлүк адамга укумдан-тукумга берилип, тукум куучулук касиетке ээ деген жыйынтыкка токтолушкан. Бул маселени Кыргызстандын деӊгээлинде алып караганда ар бир мектепте, айрым класстарда бир сөздөн эки же үч ката кетирген окуучу жөн эле табылат. Натыйжада биз мындай окуучуну  психолог адистерге жөнөтөбүз. Бирок кээ бир адамдарга жаратылыштан берилген бул өзгөчөлүк өмүр бою сакталып калат.

Ошондой болсо да тубаса сабатсыз жазуунун белгилери түп тамырынан бери жоголбосо дагы бала чоӊойгон сайын азаят. Анткени коом, курчап турган чөйрө балага зор таасирин тийгизет. Мындай  өзгөчөлүккө ээ балдар социалдык өнүгүүнүн салттуу тепкичтеринен өткөндөн кийин, өздөрүндөгү кемчиликке көп деле маани бербей калышат. Баарынан кызыктуусу, мындай балдар 20-30 жаш курагында деле жат жазуу жазышса, алардын алган баасы «2» ден жогору болбогондугунда. Бизге жеткен маалымат булактарында айтылгандай, мисалы, ошол эле өнүккөн өлкө Россияда башталгыч класстарда окуган балдардын 29% тубаса сабатсыз жазуунун белгилери байкалган. Ал эми Улуу Британияда ийгиликке  жетишкен ишкерлердин 40% өмүр бою ката жазган адамдар.

Демек муну менен эмнени айткым келет. Бүгүн мектеп партасында отурган, жазууда токсон тогуз жолу ката кетирген окуучудан деле эртеӊки күнү улуу инсан чыгаарына ишенүүбүз керек. Албетте, ар бир мугалимдин иш-аракети өсүп келе жаткан жаш муундардагы кандайдыр бир кемчиликти жоюуга жана анын себептерин тереӊ талдап, кунт коюп көӊүл бурууга багытталат эмеспи. Ал эми ушул багыт алган ишибизден жакшы жыйынтык алуу  бул чоӊ жетишкендик деп ойлойм.

Мисалы, ошол эле ката жазган бала текстти шар окуп, түшүнүгүн мыкты деӊгээлде айтып бериши мүмкүн. Ал эми шар окуудан аксаган, ката жазган, түшүнүгүн да айтып бере албаган балдар менен иштөөдө,  албетте, мугалимдерге психолог адистердин жардамы керек. Айрыкча ката жазган, бирок ой-жүгүртүүсү жакшы окуучу менен иштөөдө тамга-тыбыштык талдоо, сөздүн түзүлүшүн талдоого көӊүл бурсак болот. Мисалы: үндүү жана үнсүз тыбыштардын бөлүнүшү, сөздү уӊгу жана мүчөгө ажырата билүү, мүчөнүн түрлөрүн, мүчө уланганда сөздүн өзгөргөнүн ар бир сабак сайын кайталап туруу жакшы натыйжа берет.

Гүлзат Токторова, Бишкек шаарындагы №88 орто мектебинин мугалими

Жазуу сабагы — сабаттуулуктун башаты

 Билим чөйрөсүндө адамдын сабаттуулугу – билимдүүлүгүнө эшик ачкан алгачкы кадам болот эмеспи.

Баланы сабаттуу жазууга үйрөтүү бул мугалимдин талаптуу аракеттеринин натыйжасында гана ачылат. Башкача айтканда сабак берүүнүн түрдүү формадагы чеберчилиги менен байланыштуу. Сабаттуу жазуу сабагына коюлган максат – ар бир  сабактын аналитикалык (талдоо) жана синтетикалык (жыйноо) көнүгүүлөр балдар тарабынан күнүгө эӊ жакшы өздөштүрүлүп турушу зарыл.

Балдарды сабаттуу жазууга үйрөтүүдө жазуу иштерин анын эӊ жөнөкөй элементтерине таянып иш жүргүзүү талапка ылайык. Эне тилин окутууда жазуу иши өзгөчө орунду ээлейт. Мен, мисалы, азыркы коомдун талабына ылайык, азыркы муунга  жаӊы ыкмалардын элементтерин алуу менен өзүмдүн чыгармачыл кошумча ыкмаларымды пайдаланам. Жазуу сабагында (кыргыз тили) өздөштүрүүчү фонетика, сөз жасоо, лексика жана фразеология, морфология, синтаксис, орфография жана сөз өстүрүүдө ар кандай формадагы ыкмаларды колдонуу зарыл.

Мисалы: сөздүк иштерин оюн түрүндө көрүп жазуу иштериндеги – виртуалдык элестөө ыкмасы, чыгармачыл иштерде – жаӊы темага байланыштыруу, жөндөмө мүчөлөр ыкмасындагы оюндар, толуктоо, талдоо иштерин, чыгармачыл ишке ашыруу менен пландуу иш алып баруу керек.

Жанат Бейшенкулова,

Бишкек шаарындагы №88 орто мектебинин мугалими, эл агартуунун отличниги

Баланы кубаттап туруш керек

 Балдарды сабаттуу жазууга үйрөтүш үчүн эӊ биринчиден көп окутуш керек. Көрүү, эске тутуусу  калыптанат. Андан кийин жаӊылмачтарды айтууга машыктыруу зарыл. Милдеттүү түрдө риторика сабактарынын элементтерин колдонуу. Реклама, кулактандыруу,  банердеги жазууларды окуусу зарыл.

Ошондой эле автоунаалардын номерлерин, тамгаларын үн чыгарып айтып, сандардын орундарын алмаштырып кошуп, кемитип, көбөйтүп машыгыш керек. Көчөлөрдүн, проспект, театрлардын аталышын дагы  окуу зарыл.

Сөзсүз ырларды жаттоого, көркөм айтууга туура басым жасап, ырлардын саптарынын ичинен эӊ негизги сөздү айырмалай билүүсүн калыптандырыш – баалуу маселе.

Менин иш тажрыйбамда балдарды, окуучуларды сабак башталарда сөзсүз үн байланыштарын ойготуш керек. Төмөнкүдөй машыгууларды өткөрүү зарыл:

Ба-ба-ба-бааа

Ле-ле-ле-ле-лэээ

Рю-рю-рю-рю

Мя-мя-мя-мя-мя

Ушундай  машыгуулардын кыскасы жана узун (сөзүн) айтылуулары керек. Милдеттүү түрдө сөздү талдоо жүргүзүү, маанисин так билүү да өбөк болот. Көпчүлүк учурда кичинекей сүрөттөрдү кагазга чаптап, төмөнкүдөй суроолорду  жазып коюш керек.

- Бул эмне? – Бул ким?

- Кайда өсөт? – Эмне кылып жатат?

- Мөмөсүн жедиӊ беле? – Кандай кийинген?

Сүйлөмдөрдү түзөөрдө окуучуга багыт берүү керек:  — Сүйлөмдү кыска түз. Ээ, баяндоочусу болсун. Айкындооч мүчөлөрдөн бир,  ашып кетсе эки сөз кош деген сыяктуу.

Мисалы: – Бул алма багы. Алма багын кайда эксе өсө берет. Алма көптөгөн витаминдерге ээ. Бул бала. Ал менин досум. Дайыма чогуу ойнойбуз. Бул иш-чараларга кошумча аӊгеме, жомокту айтып берүүдө суроолор так коюлуш керек. Ошондой эле окуучуну так  жооп берүүгөүйрөтүш керек. (Окуучу окулган тексттин  мазмунун айтып жатканда, кошумча суроо берип, оӊдоп оюн бузбоо зарыл. Кунт коюп угуп, анан гана талдоо жүргүзүп, кошумча–алымча, оӊдоо иштерин аткаруу керек. Эгерде сөз таппай кыйналса – жардамдашуу зарыл.

Мактоо, кубаттоо, айтуучунун өзгөчөлүгүн белгилөөөтө зарыл. Сабактын башталышында таза жазуу ыкмаларын өткөрүүөтө баалуу. Мисалы: Таза жазууда пайдаланган тамгалар менен сүйлөм түзүү, талдоо жүргүзүү. Сережка шахматисттер конкурсуна барат. Боорсок майга бышат.

Сабаттуу жазууга үйрөтүүдө кошумча жыйнактарды пайдалануу өтө баалуу. Жыйнактарда  тапшырмалар тема боюнча берилет. Карандаш менен иштөө  — натыйжа берет. Өзгөчө  баяндама,  дилбаян жазуу  көп жумушту талап кылат.

Бир сабак мурун берилген тема боюнча талдоо жүргүзүӊүз.  Андан кийин бир текст боюнча сөз түркүмдөрүнө ажыратууну үйрөтүӊүз.

Жат жазуу ишин аткарууда  дагы балдардын деӊгээлин, жаш өзгөчөлүктөрүн эске алып түзүү чоӊ ролду ээлейт. Темасы пайдалуу кеӊеш сыяктуу же болбосо  билгичтигин, билгендерин бекемдөөгө багытталышы керек. Окуучу көп пайдаланган, күнүгө угуп жүргөн сөздөрдү  гана пайдаланбай, улам алга жылып, өзүнүн сөздүк «папкасын» байытышка  умтулуш керек. Бири-бири менен пикирлешүүөтө зарыл.  Бул суроону чечиш үчүн балдардын  кругозорун байытуу керек. Тамга менен тыбыштын айырмасын так билүү – катасыз жазууга чоӊ жардам.

Сүйлөмдүн тизмеги, ошондой эле деформацияланган сүйлөмдөр менен иштөө туура, так жазууга үйрөтөт.

Фатима Байрамкулова, 

Бишкек шаарындагы №88 орто мектебинин мугалими, Эл агартуунун отличниги.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР  ОКУУЧУЛАРДЫН   ДҮЙНӨ  ТААНЫМЫН     ӨСТҮРӨТ

 Түрк  тилдүүэлдердин,  анын  ичинен  кыргыз  эли   башка  улуттардан  өзгөчөлөнүп,  кыргыз  элиненебиркеремет,  көз  тайгылткан   каада    салт,  үрп  адаттарды,  көөнөргүс  маданий   мурастарды  жаратып,  тартуулаган   эӊ  байыркы  элдердин  бири. Бул  көөнөргүс  маданий  мурастар  кыргыз  элинин  турмуштук  тажрыйбаларынан, эмгегинен  жаралып, кыргыз  элинин  оозеки  чыгармачылыгынын, анын  ичинен  тил  өнөрүнүнөнүгүп-өсүшүнө  зор  таяныч  болуп  жаткандыгы  ачыктан  айкын.  Кыргыз  эли   басып  өткөнжолундагытажрыйбаларынан  алынган  байкоолорун, асыл  ойлорун, пайдалуу  накылкептерин  байказынабызга  батырып,  макал-лакаптардыкалтырышты.

Эл  өзү  жаратып,  укумдан-тукумгатаратып, жаш  муундарды  тарбиялоодо, акыл-эсин, дүйнө  таанымын  өстүрүүдө, көркөмэстетикалык  табитин  калыптандырууда  колдонулуп  келген  байыркы   мурастарынын,  башкача  айтканда  эӊ  көөнөргүс  ыкмаларынын  бири  макал-лакаптар.  Эл  макал-лакаптарды  жалаӊ  гана  көӊүлдөгүойду  элестетипайтууга  же  сөздүкооздо  үчүн  колдонушпайт,  алар  өз  оюнун   тууралыгын  далилдөө  үчүн  «калыс  акылман»  катары  баалашат.

Макал-лакаптар биздин ой-пикирибизге, кулк-мүнөзүбүзгө, көз карашыбызга түздөн-түз таасирлерин тийгизип, туюмдарыбызды ойготот, маданий көрөӊгөбүздү байытат. Аларда турмушту таануутучу, жалпылоочу, акыл насаат, таалим-тарбия берүүчү күч, тереӊ мазмун жана идеясы бар болгондугу үчүн, оозеки чыгармачылыктын ичинде өзгөчө орунда туруп, угуучулар, окуучулар тарабынан өтө жогору бааланат. Макал-лакаптар да талаш-тартышуу, олку-солку  же бүдөмүк ой-пикирлер айтылбастан, такталган, кесик бүтүмдүү, ачык түрдөгү корутунду, жыйынтыктарды бергендиги менен да баалуу.

Макал-лакаптар адамды ойлонтууга, ойготууга,  дүйнөнү кенен көрүп, кенен түшүнүүгө үйрөтөт, ошондой эле достукка, жеӊишке, таалайга, түбөлүк прогресске үндөп турат. Анткени ал чыгармалар миӊдеген жылдар бою эл акылынын торко элегинен өткөн кунсуз мүлк.  А.Акматалиевайткандай   «элдин тилин ушул арсактайт».

Макал-лакаптар   башка   жанрлардыничинен  мазмунунунтереӊдигижанакыскалыгы, элестүүлүгү, таамай  айтылгандыгы менен айырмаланып турат.

 Макал-лакаптардын  негизги  максаты   жаш  муундарга  таалим-тарбия  берүү  болгондуктан,  кыргыз  тили  жана  адабият  сабактарында  «Денсоолук  чоӊ  байлык»,  «Биринчи  байлык – денсоолук»  деген  сыяктуу  макалдардыураан  кылып,  ден  соолук  технологияларын  пайдаланып,  макал-лакаптардыколдонуу  менен окуучулардын   дүйнө  таанымын  өстүрүүдө  билим берүүчүлүк жана тарбия берүүчүлүк багытындагы  ыкмалардын үстүндө  иштеп  жатам. Ошондой эле бул багытта жүздөгөн кыргыз макалдарын топтоп, алардын айрымдарын тандап, окуучуларга этюд жаздырып, талаптардын маанисин  бышыктаса да болот. Мунуарбирмугалимөзсабагындаколдонуусунсунуштайтэлем.

Жыйынтыктап  айтканда,    окуучулар  биринчи  «билим  берүүчүлүк» этабында  макалдар  менен  таанышып,  алардын  маанисин  сүрөт  аркылуу  чечмелегенге  үйрөнүшөт. Бул этапта  окуучулардын  эске  тутуусу  жакшырат. Экинчи  «өнүктүрүүчүлүк  этабында» окуучулар  сүрөткө  карап,  макалды  толукташат. Бул  этапта  балдардын  акыл  чабуулу  өнүгөт. Үчүнчү  «тарбия  берүүчүлүк»  этабында  окуучуларөз  алдынча иштеп, макалдардын  маанисин  тереӊ  аӊдап,  ден соолугун  чыӊдоого,  улууларды  урматтоого,  тартиптүүболууга,  бири-бирин  сыйлоого  ж.б. үйрөнүшөт.

Ушул  ишимди  аяктап  жатып,    аталарыбыздын  мурасы, энелерибиздин  керээзи  болгон  макал-лакаптардын  үстүндө  дагыда   талыкпайизденип, окуучуларыма  билимимди  арнай  бермекчимин.

Дилбар Алымбекова,           

Бишкек  шаарындагы  №66  «Ден   соолуктун жана    өнүгүүнүн  мектеби» 

гимназия-окуу-тарбия  комплексинин  кыргыз тили  жана адабияты   мугалими.

БАЛДАРГА ЗОМБУЛУКТУ БИРГЕЛЕШИП ТОКТОТОЛУ!

$
0
0

 Бишкек шаарындагы “Келечек” жаӊы конушунун тургундары үчүн №87 орто мектепте өткөн тренинг балдарга көрсөтүлүп жаткан зордук-зомбулукту токтотуу маселесине арналды. Ал Европалык Биримдик жана DCA Central Asia тарабынан каржыланган “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды. Ушул эле теманы камтыган окуулар буга чейин №46 орто мектепте өткөн. Адистердин байкоосунда, балдардын 33 пайызы зордук-зомбулукка үй-бүлөсүндө туш болсо, 17 пайызы мектептен кабылышат. Кейиштүү көйгөйгө көбүнчө ички, тышкы миграциянын агымы менен топтолгон жаӊы конуштардын тургундары кабылып жатышкандыктан, бул маселени талкуулоо үчүн мына ушул аудитория  тандалып алынган.

Жаӊыл Исанова,

“Келечек” жаӊы конушундагы №87 мектептин директору:

 - Биздин мектеп 2006-жылы ачылган. Учурда 1850 окуучу бар. Биз мектеп турмушуна байланыштуу иш алып барган ар түрдүүӨкмөттүк эмес уюмдар, Балдарды коргоо фонддору ж.б. мекеме-уюмдар менен тыгыз кызматташып келатабыз. Алардын бири “Балдарга карата зомбулукту токтотолу!” долбоорунун алкагында “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө коомдук фонду өткөрүп жаткан тренингдер. Мындай окуулар мугалимдерге, айрыкча ата-энелерге аябай керектүү. Биздин мектептин окуучуларынын басымдуу көпчүлүгүн алты жаӊы конуштун тургундары түзөт. Ата-энелердин көбү жаштар. Жаш болгондон кийин алардын турмуш шарты да оор. Көпчүлүгүнүн туруктуу жумушу жок. Мындай шартта балдарга көбүрөөк залал келип калат экен. Ар бир үй-бүлөдө алды 4-5тен бала бар. Ата-энелери сыртка иштегени кетишип, жакындарынын колунда калган балдар да арбын. Алардын үйдөгү шартына өзгөчө кылдат карайбыз. Класс жетекчилери балдардын ата-энелери, жакындары жана жаӊы конуштун көчө башчылары менен бирдикте иш алып барышат. Мен бул жерде ошол көчө башчылардын ишине өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Себеби алар өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтарды бизден жашырбай, биргелешип чечүүгө дайыма демилге көтөрүп турушат. Бизде да үй-бүлөсүндө кыйын кырдаалга кабылган окуучулар жок эмес. Алардын бири мындан эки жыл мурда ачыкка чыккан. Апасы Россияга иштегени кеткен кызды таэжеси ырайымсыздык менен үтүккө күйгүзүп, кордогону аныкталган. Жабыр тарткан баланы “Учкундагы” кароосуз калган балдарды багуучу жайга убактылуу жайгаштырганбыз. Азыр анын апасы келип, жашоосу бир нукка түшүп калды.

Балдар ата-энеси ажырашкан учурда өзгөчө жабыр тартышат. Буга бир мисал. 6-класстын бир окуучусу мектепке көп келбей, сабак калтырып, келсе да маанайы пас жүргөнүн байкаган класс жетекчиси сураштырып отуруп, анын үй-бүлөсүндөгү кырдаал чатак экендигин билген. Апасы башкага турмушка чыгып кетип, жаӊы үй-бүлөсүнө кызын батыра алган эмес. Атасында калган кызды бирде чоӊ энеси, бирде өгөй энеси карап калган. Бирок ата-энесинин расмий никеси жок болгондуктан, кыздын фамилиясы энесиникине катталып, мыйзам боюнча атасы алууга акысы жок экен. Кыздын оюн уксак, өз энесинен көрөөгөй апасынын колуна барууну каалайт. Натыйжада аны атасы документтерин алгыча балдарды багуучу жайга жайгаштырдык.

“Ооруну жашырсаӊ, өлүм ашкерелейт” демекчи, биз канчалык кыйын болсо да, оор кырдаалдарды жашырбай, тескерисинче, аны оӊ жагына биргелешип чечип алууга аракеттенишибиз керек. Ал үчүн мугалимдер, ата-энелер жана коомчулук баланын турмушуна кайдигер болбой, активдүү аралашып иштегени туура деп ойлойм.

Чынара Термечикова,

“Данакер” коомдук фондунун жетекчиси, психолог:

 - Бул тренингдер “Балдарга карата зомбулукту токтотолу!” деп аталган долбоордун алкагында “Балдарды коргоо борборунун” колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Бишкектеги №46 мектептеги тренингдерди кошкондо жалпысынан 16 тренинг өткөрдүк. Мында негизинен төрт тема камтылды. Биринчиси: “Ата-эненин позитивдүү жүрүм-туруму – ата-эненин жеке үлгүсү” деп аталып, мында зомбулуксуз жүрүм-турумдун модулу талкууланды. Экинчиси: “Күчтүү ата-эне – күчтүү бала” деп аталат. Аталышы айтып тургандай эле, ата-энеси күчтүү болсо, баласынын күчтүү болушуна шарт түзөт. Балдарга күчтүү дем бере албаган, багыт бере албаган ата-энелер алсыз, себеби, күчтүү ата-эне гана балдарына багыт бере алат. Балага кечке эле куру акыл насаат айта бербей, өзүүлгүлүү болуп, мамиле курганды үйрөнүшү керек. Анан гана акыл-кеӊештерин айта алат. Үчүнчүсү: “Жаӊжалдуу үй-бүлөдөгү баланын акыбалы”. Мында катышуучулар үй-бүлө деген эмне, зомбулук деген эмне деген темада баарлашып, анын: баланын дене боюна залака келтирүү, моралдык-психологиялык зордук-зомбулук, сексуалдык зордук-зомбулук жана балага карата кайдигер мамиле деген төрт түрү менен таанышты. Кээ бир ата-эне балага какыс-кукус кылып койсо болот деген туура эмес ойдо жүрүшкөнүн айтышты. Анан төртүнчүсү: «Баладагы зордук-зомбулуксуз жүрүм-турумду калыптандырууда ата-эненин, мектептин ролу” деп аталды. Мында катышкан ата-энелер мектепте кандай зордук-зомбулук болушу мүмкүн экендигин, мугалимдер аны кантип байкашы керек, бала үйгө келгенде маанайы кандай болот деген сыяктуу жагдайларды талкуулашты. Бул жерде айтылгандай, ушундай жагдайларды байкаш үчүн баланын ата-энеси, мугалимдер өтө кыраакы болушу керек.

Ата-энелер өз көйгөйлөрүн ортого салышып, бизден кеп-кеӊеш сураган учурлары да болду. Алар аягында атайын калышып, үйүндөгү кай бир кырдаалдар менен бөлүшүштү. Ушундан улам балдар эле эмес, ата-энелер да психологдун кеӊешине өтө муктаж экендигине ынандым. Тренингдин жүрүшүндө дагы бир байкаганым: ата-энелердин учурдагы жалпы маселеси – балдардын компьютерге, уюлдук телефонго көз карандылыгы, өспүрүм курактагы балдардын үйүнөн качышы. Адистер белгилешкендей, ата-эне баланы жаш курагына жараша муктаждыктарын канааттандырып турушу керек. Айрыкча өспүрүм курактагы балдардын сексуалдык энергиясы күчөп жаткан учурунда аларды спорт оюндарына тартуу сунушталат. Бул учурдун кризиси – баланын “мен чоӊ кишимин” деген көз карашын колдоп, ага чоӊ кишидей мамиле кылуу туура деп эсептелет.

Айдай  Монуева,

мектептин социалдык педагогу:

 - Иштегениме аз эле убакыт болду. Жаш адис катары айтаарым, ушундай тренингдер аябай пайдалуу. Ата-энелер да түрдүү темаларды камтыган окууларга муктаж экендиктерин айтышууда. Алардын пикиринче, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу дайыма эле керектүү маалыматтарды окуп-үйрөнө алышпайт. Балдар менен иштөө бир чети аябай кызыктуу, бир чети аябай жооптуу. Биз, мугалимдер, балдардын жүрүм-турумуна өтө кылдат көӊүл бурушубуз керек. Ата-энелер деле балдары сыяктуу ар түрдүү. Көбү жаш ата-энелер. Алыскы аймактарга салыштырмалуу шаар ичиндеги мектеп болгону менен шаар ичиндеги башка мектептерде окушкан балдардан айырмаланып турушат. Биздин балдар аябай активдүү. Ыр жазган таланттуу балдар аябай көп. Ырдагандар андан көп. Ар түрдүү иш-чараларды уюштурууда сценарийлерин өздөрү түзүшүп, жаӊы нерселерди үйрөнүүгө умтулуп турушат.

Тренинг учурунда ата-энелер менен кантип иштөө керек, балдарга мамилени кантип түзүү керек деген кырдаалдарды талдап, өзүм үчүн көп жаӊы нерселерди үйрөндүм.

Айзада Осмоналиева,

27 жашта:

 - Бул мектеп менен биздин үй-бүлөнүн байланышы аябай жакшы. Бир тууган иним 1-класста окугандан баштап ата-энелердин жыйналыштарына келип жүрчүмүн. Быйыл ал 10-класста окуп жатат. Ушул арада бизде мектептин жетекчилиги, мугалимдери менен тыгыз мамиле түзүлдү. Кандайдыр бир маселе жаралса, тартынбай келип айтабыз. Себеби, ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда жакшы мамиле калыптанган.

Учурда менин кызым менен сиӊдимдин кызы окуйт. Ата-эне катары тренингге катышканымдын мен үчүн пайдасы чоӊ болду. Балабыздын жан дүйнөсүн, сезимдерин аӊдап сезбейт турбайбызды деп ойлоп калдым. Мектептин, мугалимдердин таасири баланын келечегине чоӊ таасир этет экен. Мен окуган мектеп, андагы мугалимдердин мага жасаган мамилесинен улам, мектепти эртерээк эле аяктап кеткенге шашкам. Бул мектептеги абалды көрүп, өкүнүп калам. Эгерде ушул мектептин мугалимдериндей мугалимдерге туш болсом мектепти толук аяктап, бир кесиптин ээси болмок белем, ким билет.

Мен айрыкча мектептин завучу Майрам Зарлыкова, башталгыч класстын мугалими Айнагүл эжелерге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Алар ар бир окуучунун өзү, анын үй-бүлөсү тууралуу кеӊири маалыматта болуп, кызыгып, жакшы мамиле түзүүгө жетишкен.

Сүйүн Курманова,

“Данакер” коомдук уюмунун кызматкери:

 - Бул долбоор учурдун таалуу маселесин кармап жатат. “Балдарды коргоо борбору” демилге көтөрүп, Евросоюз эл аралык долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан бул долбоор 30 айга эсептелген. Анын максаты – Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун бардык түрүн жоюуга көмөктөшүү менен балдардын жана ички мигранттардын коомчулугунда зомбулукка каршы чыдамсыз мамилесин калыптандыруу.

Бул маселе сөзсүз түрдө жергиликтүү коомчулук, ата-эне, мугалимдер менен биргеликте жүргүзүлүшү керек. Коомдо болуп жаткан социалдык-экономикалык кыйынчылыктар, жумушсуздук, ички-тышкы миграция, аракечтик, сырткы коомдогу чыӊалуулар үй-бүлөгө кирип, аларга терс таасир тийгизип жатат. Адамдар өзүнүн бактысыздыгына башкаларды күнөөлөп, анын себебин кимдир бирөөдөн издей берет экен. Маселен, күйөөсү аялын, аялы күйөөсүн күнөөлөйт. Бактысыздыгын баласынан көргөндөр да жок эмес. Буга акыркы учурдагы өз балдарына мыкаачылык мамиле жасагандар мисал. Баланы “ашка жүк, башка жүк” сезишип, баласынын баалуулугун жоготуп бараткандай. Себебин социалдык, экономикалык кыйынчылыктардын үй-бүлө институтуна тийгизип жаткан оор кесепетинен көрүүгө болот.

Үй-бүлөлүк ажырашууларга, ата-эне ымыркайын таштап кетип жатканына миграциянын таасири чоӊ. Мындан 20-25 жыл мурда академик Турар Койчиевдин “миграциянын кыйратуучу күчү бар” деп айтканы аргасыздан эсиме түшөт.

Бүгүнкү замандаштарыбыз улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” романындагы каармандардын кейпин кийип жаткан жокпу? Бүгүн биз ошолор менен жолугуп жаткан жокпузбу деген кооптонуу сезими да пайда болбой койбойт. Айтканым, өткөндө бирөөнүн кол телефон менен сүйлөшкөнүнө күбө болуп калдым. Анын: “Апаӊды унуткан жоксуӊбу? Апаӊдын аты – Венера” дегенин угуп, үрөйүм учту. Көрсө көп жылдан бери Россияда иштеген Венеранын балдары таенесинин колунда тарбияланышат экен. Бала апасынын атын унутпаса да затын көрбөй жатпайбы. Ал ыйлаганда сооротпосо, бооруна кыспаса, бөлөк өстү болгону ошол да. Пластилиндей ийилчээк баланы кандай түзүп алаары ата-эненин колунда. Баланын 80 пайызы үй-бүлөдөн калыптанат. Адамдардын акыл-эсинде 90-жылдарда көргөн кыйынчылыктардын саркындысы калып калгандай. Көр-тирликтин айынан талкаланып майдаланган аӊ-сезимибизди биргелешип кайра калыбына келтиришибиз керек деп ойлойм.

ЭСЕЛЕК КУРАКТАГЫ ЭНЕЛЕРДИН УБАЛЫ КИМГЕ?

$
0
0

ЖК депутаттары жашы жете электер менен никеге туруу ырым-жырымдарын расмий органдарында каттоого чейин өткөргөн дин кызматкерлерине кылмыш жаза жоопкерчилигин карап жатышат. Жогорку Кеӊештин “Ата Мекен” фракциясы Кыргызстанда жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун колдоп,  мыйзам бузган дин кызматкерлерин беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушун айтууда.

Фракция мүчөсү, депутат Аида Салянова Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү демилгелеген. Анда каттоосу тууралуу күбөлүгү жок түгөйлөрдүн никесин кыйган молдолорду беш жылга чейин эркинен ажыратуу өӊдүү жоболор каралган.

Жоопкерчиликти жогорулата турган мыйзам керек

 Кыргызстанда буга чейин да ушуга окшош мазмундагы мыйзам долбоор даярдалган. Анда расмий каттоого турбай нике кыйдыргандарга административдик жаза колдонуу каралган болчу. Бирок долбоорду өткөн чакырылыштагы депутаттар колдобой коюшкан.

Акыркы 10-15 жылдар аралыгында же бир бүтүн үй-бүлө эмес, же биротоло ажырашкан үй-бүлө эмес абалда жашаган жаштар көбөйгөнүн айтып чыгышкан эл өкүлдөрү, мындай жагдай азыркы жаштардын үй-бүлөгө жоопкерчиликсиз жасаган мамилелеринин натыйжасында орун алып жатат деп белгилешет.

- Үй-бүлө институтун коргой турган мыйзам керек. Жоопкерчилигин сезбеген ата-энелер балдарын таштап жатышса, расмий каттоосу жок жаштар үчүн ажырашуу кеп да болбой калды. Маселен, христиандарда чиркөө кызматкерлери үй-бүлө тууралуу күбөлүгү жок нике жөрөлгөсүн жүргүзбөйт, — дейт ЖК депутаты Наталья Никитенко.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 18 жашка жете элек кыздардын 15 пайызы эрте турмуш курушат, анын ичинен бир пайызы 15 жашка чейинки куракта турмушка чыккандар. Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында Кыргызстан 15-19 жашынан турмуш курган кыздардын саны боюнча бешинчи орунда турат.

Адистердин пикиринче, дин кызматкерлери кыйган нике республиканын никеге туруу боюнча минималдуу курагы жөнүндө мыйзамды бузуу жолу менен өткөрүлүп жатат. Бул нике кыюу ырым-жырымдары бойго жете элек жарандардын укугун да орой түрдө бузууда. Биринчиден, кыз бала өсүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилет, экинчиден, кыздар зомбулук курмандыгына кабылышып, өз жанын кыйган учурлары кийинки кездерде көп катталып жатканын белгилешет адистер. Кагаз жүзүндө катталбаган никенин эч кандай юридикалык таасир берүүчү күчү жок болгондуктан, мындай никеден жабыр тартып, колунда баласы менен жалгыз калган көпчүлүк аялдар ажырашкандан кийин балдарынын атасын же алимент төлөөгө, же каражат жагынан жардам берүүгө милдеттендире албайт.

Оозеки никеге туруунун жоопкерчилиги жок

 “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог Чынара Термечикова эрте никеге турууга тыюу салуу керек деп эсептейт.

- Мыйзамдын кабыл алынышын күтүп отурбай эле эрте никеге туруунун кесепеттеринен арылуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташыбыз керек. Жаӊы бойго жетип келаткан улан-кыздарда турмуштук тажрыйба тургай, бири-бири менен мамиле курууга тажрыйбасы жок. Алар бул куракта кыялкеч, өзүнүн турмуштук багытын даана тактай элек болушат. Акыл-эси токтоо ой жүгүрткөн күндө да бул учурда үй-бүлө куруунун маани-маӊызын али аӊдап түшүнө беришпейт. Анткени өспүрүм курактын өзүнө тиешелүү кризистери болот. Ошондон чыга электе эле үй-бүлө куруунун маселелерин башына үйүп алып жатышпайбы.

Светтик мамлекет болгондон кийин сөзсүз түрдө Жарандык абалды каттоо күбөлүгү болушу керек. Оозеки никеге туруунун жоопкерчилиги жок болуп жатат. Айрыкча эркектердики. Аялы менен баланын тагдырына ким жооп берет? Иш боюнча мындай мисалдарды көп эле кездештирип жатабыз. Айрыкча эрте турмуш кургандарда ажырашуулар көп болууда. Ала качып кеткендердин да көбү ажырашат. Мага психолог катары көп кайрылышат. Бир мисал айтып берейин. Бул окуя Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда болгон. Бир кызды кичинекей кезинен эле кудалап коюшуп, 9-классты аяктаганда өзүнөн 5-6 жаш улуу балага күйөөгө узатып жиберишкен. Экөө бири-бирин жактырышпаса да эки балалуу болгуча ата-энелеринин көөнүн кыя албай жашап келишкен. Кийин турмуш шартка байланыштуу күйөөсү Россияга иштеп кетип, ал жактан башкага үйлөнүп алат. Кайненелери келинин кетирбей колунда алып калышат, анткени, аларды, балдарды багышы керек. Өз эрки менен үйүнө кетип калайын десе, ата-энелери да келбе дешет. Күйөөсүнүн кеткенине жети жыл болуптур. Күйөөсү анда-мында телефон чалып, балдарынын ал-акыбалын сурамыш болот, тигил тууралуу сурап да койбойт. Кайда барат? Же кесиби жок. Ата-энесине бара албайт, башка үйү жок. Өзү арабөк жашаган келин балдарына деле мээрим төгө албайт. Азыр ал келин 30 жашка чыгып калыптыр. Жаш туруп жашоого көӊүлү жок. Биринчи баласын 17 жашында эле төрөгөн. Балдары бой жетип, өспүрүм куракка келишти. Аларга кандай тарбия бере алам, өзүм бактысыз болсом деп, зар какшап ыйласа, жанына киши тура албайт. Андыктан мыйзамдан мурда да ар бир адам өзүнүн турмушуна, келечегине, болочок балдарына алдын-ала кам көрүп, турмуш куруу сыяктуу өтө жооптуу милдетти мойнуна алуунун алдында “жети ойлонуп, бир кескени” туура, — дейт психолог Чынара Термечикова.

Бойго жете элек кыздарды сыртка чыгарууга тыюу салалы

 Ушундай эле пикирин “Умай Эне-Кут Ордо” коомдук фондунун төрайымы Салима Жороева айтат. Анын пикиринче, жаш курагы жете элек улан болобу, кыз болобу, алардын никеге туруусунун өзү эле туура эмес көрүнүш.

- Эрте никеге турууга мыйзам чегинде тыюу салып, жоопкерчиликти жогорку деӊгээлге көтөрбөсөк, кыздарыбыздын келечеги коркунучта калаары бышык. Керек болсо, бойго жете элек кыздарды никеге турууга эле эмес, үйүнөн алыс чыгарууга тыюу салуу керек. Мисалы, Өзбекстанда 18 жашка чыкпаган кыздар талаага чыга албайт. Бизде болсо чет өлкөлөргө иштегенге кетип жатышат. Жанында жакындары да жок. Ал байкуш кыздар ар кандай тагдырга дуушар болушуп, арабөк калышууда. Кыз бала – улуттун, мамлекеттин келечеги, кыз бала эртеӊки эне. Ата-бабаларыбыздын салтын эске салалычы. “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген сонун кеп бар. Эмне үчүн бүгүнкү күндө кыздардын тагдыры талкаланып жатат? Анткени аларга үйүндөгү ата-энелеринен баштап, баары-баары кош көӊүл мамиле жасашууда. Кандай ата-эне секелек кызын алыска жиберип, ушул кызым мага акча салат деп тынч үйүндө жата алат? Ал кызы акчаны кантип, кандай жол менен таап жатканы кызык эмеспи? бир жыл ичинде эле Москвада иштеп жүргөн кыргыз кыздары төрөп таштап кеткен балдардын саны канча болуп жатканын сыналгыдан көрүп, үналгыдан угуп жаткан чыгарсыздар. Бул маселе депутаттарды же болбосо бизге окшогон коомдук уюмдарды эле ойлондурбай, биринчи кезекте ошол кыз-баланын ата-энесин, жакындарын ойлондурушу керек. Анан албетте, келечек жаштарыбыздын эртеӊкисине мамлекет кам көрүшү зарыл. Анткени кыздардын жана жалпы эле жаштарыбыздын бүгүнкү абалынан бүтүндөй бир улуттун келечеги көз каранды болуп жатпайбы, — дейт Салима Жороева.

Кыргызстан минималдуу нике курагын сактоо боюнча эл аралык Конвенциянын катышуучусу болуп эсептелет. Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча БУУ Комитетинин төртүнчү мезгилдик докладында Кыргызстанда тамырланып алган патриархалдык көз караштар жана эрте никеге туруу стереотиптери сакталып калганы көрсөтүлгөн.     БУУнун Комитети жашы жете электердин никеге туруу практикасын жоюу үчүн ушундай никелердин криминалдык мааниси боюнча мамлекеттик билим берүү программаларын кеӊейтүүнү жана Жарандык абалды каттоо кызматтарынын каттоосу болбогон никенин диний ырым-жырымдарын өткөрүүгө тыюу салууну тездетүү боюнча Кыргызстанга сунуш берген.

Коомдо кеӊири талкууланып жаткан бул  көйгөйлүү маселе албетте, кечээ жакында эле чыга калган жок жана бул тема чоӊ идеологиялык иштерди жүргүзүүнү талап кылат. Мыйзам кабыл алынган күндө да анын иштөө механизми тирүү болуш керек. Көпчүлүк замандаштарыбыз белгилешкендей,  мыйзам кабыл алынышы керек жана үч жыл болобу, беш жыл болобу, мыйзам бузгандарды сөзсүз жазага тартуу зарыл. Дин кызматкерлери деле мындай мыйзамга баш ийишет. Бирок маселе ошол мыйзамды ишке ашыруу механизминде.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

БАКТЫЛУУ ДИРЕКТОР

$
0
0

Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаӊы конушунда жайгашкан орто мектептин ачылышына быйыл он жылдын жүзү болду. Ушул жылдар ичинде мектеп директору Саламат Көлбаева башталгыч класс мектебинен толук орто мектепке айландырганга жетишти. 2009-жылы шаардык конкурска катышып «Социалдык өнөктөш мектеби» наамына ээ болгон, райондук, шаардык деӊгээлде акчалай сыйлыктарга татып келе жатат. Жаӊы конуштун аз камсыз болгон балдары үчүн Бүткүл дүйнөлүк FHI фонду аркылуу Балдарды өнүктүрүү борборун (Корея мамлекетинен келген демөөрчүнүн жардамы менен) ачып, учурда 500 окуучуга бекер англис, корей тилдери, компьютер, таэквондо ж.б.у.с. үйрөтүлүп, ошондой эле аларга бекер тамак-аш, бир жылда бир жолу башынан аягына чейин кийим менен камсыздалып келет. Мектеп жетекчиси имараты стандартка жооп бербеген мектепти экологиялык багыттагы лицей кылууга, балдардын кол өнөрчүлүгү аркылуу өзүн-өзү каржылоого өткөрүү далаалатын көрүп жаткан чагы. Анда эмесе сөз башынан болсун.

Комсомолдук иштен мектепке

 Советтик мезгилдеги райком комсомолдун секретарлык жумушу Саламат                  Арзыгуловнаны кандай гана иш болбосун туура багытта алып кетүүгө бышырып, тартипти катуу кармаганга, чөйрө менен тыкыр иштөөгө таптаган. Советтик система ойрон болгондон кийин Саламат Көлбаева  өз кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп мектепке кирет. Комсомолдук, партиялык тажрыйба аны бат эле мектеп администрациясынын жетекчилигине чейин өстүрөт. Калыс-Ордо мектебинин директорлук кызматына ал  2006-жылдын 12-июлунда шаардык билим берүү башкармалыгынын чечими менен бекитилет.

- Мектеп 2006-жылы 17-январда уюштурулган. Бул жер мурдагы Фрунзе шаарынын окуучулары үчүн салынган эмгек лагери экен. Кийин ал чочко, уй кармаган сарайга айланат. Имарат Коргоо министрлигинин карамагында. Жаӊы конуштун балдары окубай калгандыгына байланыштуу конуштун активисттери акимчиликке кирип, мектеп кылууга бөлдүрүп алып, кийин аны ремонттон өткөрүп, башталгыч класс мектеби кылып ачышат. Мен бул мектепке жарым жыл ичинде эле үчүнчү директор болуп келгем. Ал кезде болгону төрт гана башталгыч класс бар болчу. 2006-07-окуу жылына карата, т.а. бир айдын аралыгында үймөүй кыдырып, балдарды мектепке тартып келдим, ошентип, толук эмес орто мектеп кылганга жетиштим. Бийликтегилерге кат жазуу аркылуу мектептин материалдык-техникалык базасын чыӊдап, техникалар менен камсыздадым, — дейт С.Көлбаева.

Мектептин ичинде он бир жерде видеокөзөмөл коюлган, кире бериште турникет (4500 долларга коюлду) орнотулуп, окуучулар чип аркылуу киришет. Бул балдардын мектепке келген, келбегенин аныктап турат. 480 сааттык программанын негизинде башталгыч класстар жаӊы эмеректер менен камсыз болгон. Учурда жаӊы конушта 560 орундук жаӊы мектеп курулуп, анын 75% бүтүп калды. Буюрса, жаӊы окуу жылында эшигин ачып калат деген үмүт бар экенин мугалимдер, ата-энелер айтышууда.

Директор мугалимдерге көз каранды болуп турса дагы, аларды жумушка алаардан мурда топтогон тажрыйбасына, портфолиосуна, балдар менен иштөө формасына, сабак берүү ыкмасына гана карабастан, иш кагаздарын толтуруудагы сабаттуулугун  да тыкыр текшерет. Ошондуктан бүгүнкү күндө Калыс-Ордо орто мектебинде кызыл дипломго аяктаган жана ЖОЖду жакшы бүткөн жаш адистер, тажрыйбалуу мугалимдер эмгектенишет. Жаш адистери ар кандай сынакка катышып, алдыӊкы орундарды жеӊип келе жатканын жетекчи жашырган жок.

Мектеп директорунун дагы бир өзгөчөлүгү — балдардын ден соолугун чыӊдаган, көркөм табитин өркүндөткөн, дүйнө таанымын кеӊейткен дене тарбия, сүрөт, кол эмгек, музыка, адеп сабактарын  негизги предметтерден биринчи орунга коюп, бул сабактарды  окуткан мугалимдерден өзгөчө талап кылат.

- Сабак сапаттуу болушу үчүн маданий-спорт сабактары өтө мыкты болуш керек. Ал үчүн мугалимдер дагы мыкты болушу зарыл. Мисалы, музыка сабагынан эки мугалим бар, бирөө мыкты музыкант, бирөө анын шакирти, шаар ичинде оригами ийримин алып барган мыкты кол эмгек мугалими сабак берет, адеп сабагын окуу китептин автору, балдар жазуучусу А.Карымшаков окутат, үч дене тарбия мугалимим бар. Негизги предметтерден бул предметтерди биринчи орунга коюу зарыл, анткени балдарды мектепке жүгүртүүчү, кызыктыруучу, көз карашын кеӊейтүүчү, ден соолугун чыӊдоочу предметтер так ушулар, — дейт директор.

Ар тараптуу жетекчи

 Жетекчинин  айтымында, мектеп директору бардык предметтерди жакшы билиши абзел. Ошондуктан ал ар бир сабакка киргенде мугалим менен баарлашып, кайсы жерде ага кандай жардам керек экенин айтып, белгилеп, талкуулап турат.

- Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, тил  үйрөнүү -  мектептин приоритети. Андыктан чет тилдерди үйрөтүүгө басым жасайм. Маселен, корей, англис тилдери ийрим  катары окутулуп жатат. Мындан ары түрк, кытай тилдерин киргизүү аракетин көрүүдөмүн. Кандай гана багыттагы мектеп болбосун маалыматтуулук кенен болуу үчүн чет тилдерге басым жасоо керек, — дейт С.Көлбаева.

Билим берүү бекер

 - Мектеп кичинекей болгондуктан каражат аз талап кылынат, аны кармап турууга болот. Ал эми чоӊ мектептерди мектеп директорлору ата-энелер фондусу жок кармай албайт. Албетте, чоӊ мектепке барганда мүмкүн биз дагы ата-энелерге көз каранды болуп калабыз. Келечекте мектептерде акча чогултпаган мүмкүнчүлүккө жетишүү керек деп ойлойм, анткени мыйзамда бекер билим берүү деп жазылып турат. Демек, аны биз аткарышыбыз зарыл. Бара-бара биздин мамлекет байып, бюджетке берилген каражат көбөйүп мурдагыдай финансылык каржылоо болот деп ойлойм, — дейт директор.

Мектепти өзүн-өзү каржылоого өткөрүү да директордун максаттарынын бири. Анын айтымында, таланттуу окуучуларды кол өнөрчүлүккө тартып, т.а. кийизден ар кандай сувенирлерди жасатып, аны сатып, түшкөн каражаттын 30% окуучуга төлөнүп берилсе, 30% мектептин өнүгүшүнө салынат, калган каражат сувенирге керектүү товарларды сатып алууга жумшалат. Учурда «Кыял» ишканасы менен иштешкенге аракеттер болуп жатыптыр. Бул ишке 7-класстан баштап жогорку класстын таланттуу балдары тартылат. Алардын  окуусуна, жаш өзгөчөлүгүнө терс таасирин тийгизбеген шарттарды түзүүгө аракеттенерин баса белгиледи.

Табият менен таттуу жашоо

 - Элдин жашоо шарты балдардын ден соолугуна кам көрүүнү талап кылат. Ошондуктан экологиялык багыттагы лицейге айлантуу үчүн аракеттерди жасап жатабыз. «Р.Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду менен тыгыз иштейбиз. Алар жашылдандыруу үчүн бактар менен камсыз кылат. Окуучуларыбыз «Устат-шакирт» программасына катышып, фонд аркылуу быйыл үч окуучунун бирөөсү Новосибирск шаарындагы технологиялык институтуна бюджетке өттү. Биология сабагы боюнча мугалим эксперименталдык аянтча ачканга мүмкүнчүлүк алды. Бир мектепте бир эле биолог болот, биздин мектепте үч биолог мугалим эмгектенет. Анткени башталгыч класста Мекен таануу сабагын башталгыч класстын мугалими берсе окуучунун чөйрө таануусу чектелип калат. Ал эми биолог, химик сабак берсе балдардын түшүнүгү кенен болот. Ушундай даярдоо иштери үч жылдан бери жүрүп келатат, — дейт Саламат айым.

Билим сапаты мыкты бүтүрүүчүлөр менен аныкталат

 Мектептин имараты стандартка жооп бербегендигине байланыштуу окуучулар үч сменде окушат. Окуучулардын көпчүлүгүн башталгыч класстын окуучулары түзөт. Ошондуктан бир корпуста жалаӊ башталгыч класс окуйт, ар бир сабак 45 минутадан берилет. Быйыл экинчи жолу 11-класс бүтүп жатат.

- 2013-жылы он бир жылдыкка кадам шилтеп, бир 10-классты отургузуп, аны 15 окуучу аяктады. Он беши теӊ жогорку окуу жайларга бюджеттик орундарга өтүштү. Эӊ начар дегени ЖРТдан 100 балл алды, алдыӊкысы 178 балл алганга жетишти. Чындыгында өткөн жылы биздин окуучуларды ЖРТга бекер даярдап берген уюмдар болду. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн деӊгээли өткөн жылкыдан төмөнүрөөк, бирок аракеттенебиз,  - дейт           С.Көлбаева.

Жакыр үй-бүлөгө жакындан жардам

 2007-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк FHI жардам берүү фонду менен тыгыз иштейбиз. Ал фонд өтө начар жашаган балдарды камтыйт. 1-декабрдан баштап балдардын саны 500 жетти, ага чейин 280 бала тарбия алып келген. Мурда ижарага үй алып, иштеп келишсе, быйыл атайын жер алып үй салынды. Ал жерде 11 ийрим иштейт. Бул фондду иштетип жатышкан Сеулдан келген корей улутундагылар. Окуу жылы башталаар менен бул фонд ийримде катышкан балдарды башынан бутуна чейин бекер кийинтет, быйыл бирдиктүү формага өткөнгө байланыштуу ар бир окуучуга 280 долларлык кышкы куртка сатып беришкен. Жумасына эки жолу тамактандырышат. Кышкы каникулга чыкканда 280 баланын ар бирине 10 кг. ун, 3 кг. кумшекер, 3 литр май беришти. Ал эми майрамдарда ар кандай конкурстарды өткөрүп, белектерди беришет.

Фонддун максаты — балдардын лидерлик сапатын өнүктүрүү. Мектептеги 1240 окуучунун 500 ушул борбордо окушат, ийримдерге катышат. Компьютерге үйрөтүү, англис, корей тилдери, куурчак, таэквандо, бий, күрөш, сүрөт тартуу (оригами) ж.б. Фонддун башында турган жетекчиси гана Корея мамлекетинен келген, ал эми сабактарды кыргыз жаштары берет.

- 22 окуучуга корей тилин үйрөтүп жатам. Биринчи деӊгээлде тамгаларды үйрөнүшөт, экинчи деӊгээлде балдар сүйлөй да, түшүндүрө да алышат, — дейт корей тилинен берген волонтер Султанмурат кызы Мээримай.

Ал эми координатор Бактыгүлдүн айтымында, фонд менен иштегенине тогуз  жылдын жүзү болду.

- Балдарды өнүктүрүү программасы боюнча төрт сферада иш алып барабыз. Мисалы, балдардын көйгөйлөрүн түп-тамырынан чече албайбыз, бирок үстүртөн болсо дагы жардам бергенге аракет кылабыз. Балдардын курагына, аӊ-сезимине, классына, социалдык абалына жараша сабактар өтүлөт. Ар бир сабак 30 минутага чектелген. Ортосунда чай берилет. Эртеӊ менен Кыргызстандын Гимнин ырдашат, ар бир бала лидер сыяктуу даярданып келип сүйлөйт. Коркпой, эркин өз ойлорун айтканга үйрөтөбүз. Балага жөн эле нан бербестен, нан таап жей тургандай кылып тарбиялап жатабыз, — дейт Бактыгүл Сартовна.

Гүлнара Алыбаева,

«Кутбилим»

ТЫНЫМСЫЗ ИШ-АРАКЕТ —ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

$
0
0

Айтылуу акын, көрөгөч көсөм, олуя даанышман Арстанбек Буйлаш уулунун ысмын алып жүргөн Нарын шаарындагы №8 мектепте бүгүнкү күндө Усубалиев Ашырбек директор болуп үзүрлүү эмгектенүүдө. Ашырбек агайдын билим  берүү тармагында жасап жаткан эмгеги мактоого арзыйт. Анын билим берүү тармагында бел чечпей үзүрлүү эмгектенип келатканына 23 жылга аяк басыптыр. Аталган мектепке директор болуп дайындалганына бир жарым жыл толуп олтурат. Ал ушул кыска аралыктын ичинде мектептин инфраструктурасын толук оӊдоп, жаӊыртканга жетишти.

Жакшы жетекчи — жарым ырыс

 Ашырбек Усубалиев 1970-жылы Тянь-Шань районуна караштуу Миӊ-Булак айылында төрөлгөн. Аталган айылдагы Т.Байсалов атындагы орто мектепти жакшы окуп бүтүргөн соӊ, 1987-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин көркөм графика факультетин ийгиликтүү аяктайт. Ортодо Советтик Армиянын катарында  да кызмат өтөйт. Алгачкы эмгек жолун 1993-жылы Нарын шаарындагы Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеп баштайт. Андан соӊ, мектептин чарба иштери жана класстан тышкаркы уюштуруу иштери боюнча да директордун орун басары кызматтарын ийгиликтүү аркалайт жана бул мектепте жалпы 19 жыл иштеп элге алынат. 2012-жылы Нарын районуна караштуу Миӊ-Булак айылындагы А.Тыныбеков атындагы орто мектепке директор болуп дайындалат. «Жакшыдан башчы койсо элди түзөтөр, жамандан башчы койсо элди жүдөтөр» дегендей, Ашырбек Усубалиев бул мектептин босогосун жаӊыдан аттаган мезгилде, мындан тээ 70 жыл илгери курулган мектептин жедеп эскилиги жеткендиктен темир мештери жылыбай, эшик-терезелеринен суук аркырап кирип, башталгыч класстын окуучулары менен мугалимдери сырткы кийимдерин чечпестен сабак окууга аргасыз эле. Мектептин ашканасы да эскирип, суу түтүктөрү иштен чыгып, тамак-аш бышырууга кыйынчылыктарды жаратып келген. Алгачкы жумушту эски мектептин ичине таза суунун түтүктөрүн киргизип, кафелдерди чаптап, Мерсико уюму менен алакалаш иш жүргүзүшүп, ашканага керектүү бардык жабдууларды алып келип орнотууга жетишкен.

Мектеп ишине ата-энелер да кол кабыш кылышат

 Директордун демилгеси менен айылга эмгеги сиӊген, көзүөтүп кеткен алдыӊкы адамдардын жана мугалимдердин ысымдарын унутпай эскерип жүрүүүчүн автордук кабинеттер да ачылган. Мыкты окуучуларга стипендия да берилип турат. Каникул учурларда жакшы окуган алдыӊкы окуучуларды областтын аймагындагы тарыхый-маданий жайларга экскурсияга алып барып, эс алуусуна ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн. А.Усубалиевди убайымга салган көйгөй, мектептин жылуулук системасын кантип оӊдоо эле.   Себеби ошол учурдагы балдардын үшүп-шишип олтурган абалын көрүп туруп көз жумуп коюуга эч мүмкүн эмес болчу. «Көп түкүрсө көл болот» деп айтылгандай, алгач окуучулардын ата-энелерин чакырып, ийри олтуруп түз кеӊешип, болгон акыбалды көргөзүп түшүндүрөт. Ата-энелер жана эмгек жамааты да колдоо көргөзө башташат. Ата-энелердин күчү менен 200 миӊ сом акча каражатты топтоп,  күнү-түнү жапа тырмак иштешип, бир аптада жылуулук системасын толук жаӊыртып, салдырууга жетишет. Ошентип, кышкы каникул учурунда жумушту толук бүтүрүшкөн соӊ, ата-энелерди, коомчулукту   ачылышына чакырып, ысык класстарда тердеп олтурушуп, ырыс алды — ынтымакта экендигине ынанышат. Ал эми мектептин отканасына кандай гана сапаттагы көмүр болбосун жакса күйө берген жаӊы мешти орнотуп ишке беришет. Мектептин санитардык гигиеналык абалы да өтө начар акыбалда калган эле. Ошондуктан, автордук кабинеттерди ачып жатканда, демөөрчүлөргө мектептин терезелерин толук пластик койдуртуп, эшиктерин, парта, доскаларды да жаӊыларына алмаштыртып, ички жасалгаларын да заманбап кылып ремонттотуп алууга жетишет.

 Ага-Хан фондусуна жазган долбоорлору өтүп жалпы 700 миӊ сомго мектептин ашканасынын, спорт залдын, окуучулар кол жуучу жайдын жана 1-2-3-кабаттагы ички дааратканалардын канализация системасын жаӊы алмаштырып ишке беришти жана сыртка чыгуучу суулары да борбордук канализацияга кошулду. Окуучулар да жакшы ийгиликтерди жаратышып, республикалык олимпиадага катышышып, байгелүү алдыӊкы орундарды камсыз кылышууда.

Аракет кылсаӊ берекет

 Ашырбек Усубалиев мыкты уюштургуч жетекчи катары бир катар сыйлыктарга жана ардак грамоталарга да ээ болгон. КР «Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси. Биз  А.Усубалиев менен жолукканда, ал төмөндөгүлөргө токтолду:

- Биздин мектепте 117 тажрыйбалуу мугалим  эмгектенет. Бүгүнкү күндө 1720 бала окууга тартылган. 760 бала эки нөөмөт менен ысык тамак ичип турушат. Мугалимдерибиздин арасында мыкты ийгиликтерди жаратышкандар да арбын. Жакында англис тили мугалими Абдыраева Жайнагүлдүн жазган долбоору ишке ашып, 1750 АКШ долларына 3 комплект теннис столу, 10 даана футболдук топ, 5 даана баскетбол тобу, 5 даана волейбол тобу, 20 даана тогуз коргоол тактасы жана 10 даана шахмат такталары алынып келинди.  Биздин мектеп өткөн кылымдын 1988-жылы салынып пайдаланууга берилгенден бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Мына ушул көйгөйдү эске алуу менен билим берүү министрлигинин алдындагы «Курулуш жана инвестиция» департаментинен 15 млн. сомдук долбоорубуз өтүп, куруучулар келип иш башталып, кубанып жатабыз. Бул жумуштар график боюнча быйылкы жылдын апрель, май айларында толугу менен бүткөрүлүшү керек. 2010-2012-жылдары Германиялык техникалык борбордун колдоосу менен 16 миӊ долларлык жыгач иштетүүчү станоктор, столярдык жабдуулар алынып келинген. Азыркы тапта окутуучу мастерлердин жардамы менен окуучуларыбыз өз колдору менен жыгач буюмдарды, ар кандай оюнчуктарды жасашууда. Окуучулардын бирдей формага өтүүсү боюнча да, ата-энелердин демилгеси менен  жаӊы окуу формасы менен камсыз кылдык. Булардын арасында колдоого муктаж 30дан ашык баланы форма тиккен фирма менен сүйлөшүп, бекер  кийинтип алдык. Быйылкы 2016-жылды Президентибиз тарабынан «Тарых жана маданият» жылы деп жарыялангандыктан, биздин мектепке ысмы коюлган тарыхый улуу инсан Арстанбек Буйлаш уулунун өмүр таржымалын, басып өткөн жолун элге кеӊири таанытып жеткирүү максатында облустук деӊгээлде семинар-кеӊешмени өткөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз, — дейт мектеп директору биз менен болгон маегинде.

Ушундан улам бийик тоолуу Нарындын мекенчил, ак жүрөк мугалимдеринин   иштерине ийгилик каалап кетели.

Кадыркул Бугубаев, Нарын областы 

 

ОКУУЧУНУН КЕЛЕЧЕГИ МУГАЛИМДИН КОЛУНДА

$
0
0

Устатымды уктум

 2016-жылы менин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эшигин аттаганыма 60 жыл толот. Бул жылдардын ичинде КУУда нечендеген бийик даражалуу адамдардын сөздөрүн уктум, өздөрүн көрдүм, баарлаштым. Мен алардын ичинен Леонид  Евгеньевич Кривошеинди бөлүп айтмакмын. А.П.Чехов айткандай, ички дүйнөсү жагынан да, сырткы көрүнүшү жагынан да келишкен адам эле. Өзү математика илиминин кандидаты болуп туруп, кыргыз жаштарынан  илимдин 12 кандидатын тарбиялап чыгарды. Алардын бири  мен элем. Төртөө илим жана техника жаатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары, ал эми үчөө математика илиминде өздөрүнүн докторлук диссертацияларын коргошуп, устаттын жолун андан ары улантуучулардан боло алышты. «Мугалим — мөмөлүү дарак» деген ушунун өзү эмеспи.

1965-жыл эсептөө математикасы тармагы боюнча кандидаттык диссертациямды жактаган мезгилде Кыргызстанда эле эмес, союздук масштабда да программалоо кесиби боюнча маселеси курч турган кези экен. Ошол жылдын сентябрь айында мени Москвадагы Башкы штабдын алдындагы борборго чакыртышты. Мен ал жерде бир жылга жакын программист болуп кызмат өтөдүм. Ал кезде бойдок эмес элем, үй-бүлөм, эки балам да бар болчу. Андайларды адистер корпусуна алуу ыӊгайсыз иш экен. Ошондуктан мен кайра Бишкекке келдим. Келсем мурда  иштеген КМУда орун жок. Министрликте Ош педагогикалык институтуна кызматка сунуш бар экенин айтышты. Мен жетекчим Л.Кривошеинге келип  айттым. Агайым: “Шашылбай кое тур, бул жактан орун болуп калышы мүмкүн. Аякка баруу оӊой, бирок ал жактан бул жакка каалаган убактыӊда келе албайсыӊ. Бул эки жол  бирдей эмес, ойлонуп көр, макул көрсөӊ чыда, күт. ”Дарак бир жерден көгөрөт“ деген сөз бар”, — деди. Ошентип, мен күттүм. Көп убакыт өтпөй, Леонид Евгеньевичтин жардамы менен мурдагы жумушума орноштум. Ошондон бери бир жерде — КУУда, математикалык анализ кафедрасында иштеп келе жатам. Бул да болсо тажрыйбалуу педагогдун берген бир кеӊешинин жыйынтыгы деп билем.

Айтылып тургандай, устатыӊдын бүтпөй калган жумушу, жашабай калган өмүрү, турмуштагы кетирген мүчүлүштөрү анын шакиртинин жасаган жумушунан, жашаган өмүрүнөн улантылат тура. Мындай адам менен ата-баладай мамиледе боло алганым үчүн бактылуу экенимди жүрөгүмдүн тереӊинен сезем.

Ошентип, тагдыр мага мугалимдик кесипти буйруптур. Бул кесипти жарым кылымдан ашык убакыттан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  университетинде өтөп келем.

Менин адистигим – математик. Кантип бул адистикке байланып калдым, ал үчүн кандай күчтөр түрткү боло алды деген суроого жооп издейм да, күнүмдүк турмушта айтыла калчу «математикага болгон тубаса жөнөмдүүлүктүн натыйжасы» деген жөнү жок шылтоо сөздү келтирүүгө болбостугун айткым келет. Андай дебегенде, бул кокусунан болгон ишпи? Сөз ошол жөнүндө болмок.

Илимде даӊгыраган кенен жол жок. Ал жолдун ачкычын ийне менен кудук казгандай, эмгек кылгандын ээси гана таба алышы мүмкүн.

Мугалимдерим келечегимди аныкташты

 Өткөндү эстесем, 10-классты (1955-ж.)  Сузак районундагы “Көк-Арт» орто мектебинен уланттым. Математика сабагынан Маматов Жоро деген агай берер эле. Теоремалардын далилдөөлөрүнө көп деле токтолбой мисал–маселелерди чыгарта берчү. Мен кайсы жерде окусам да алдыӊкы окуучулардын катарында болчу элем. Бул жерде  алдыӊкылардан болбой, «орто-зар» окуучулардан болуп калдым. Окуткан мугалимимдин көӊүлүн толтура албайм же  өзүмө-өзүм канааттанбайм. Математикадан кыйын билген балдар бар экен. Айтылган мисал-маселелерди тез эле чыгарып коюшат, керектүү формулалардын дээрлик бардыгын жатка билишет. Менде бул жагынан  жетишпегендиктер бар болгону менен мага андагы жагымдуу абал ыраазы кылып турар эле.

Күндөрдүн биринде “Көк-Арт” орто мектебине кыргыздын белгилүү акын-жазуучусу Кубанычбек Маликов келип калды. 10-класстын бүтүрүүчүлөрү менен болгон жолугушуу кызыктуу өттү. Акын акыркы ырларынан да окуп берди. Аягында ал быйыл кыргыз филология факультетинин  базасында журналистика адистиги ачыларын айтып, быйылкы бүтүрүүчүлөрдү ошол адистик боюнча окууга баруусун үгүттөп өттү. Мен жандана түштүм. Келечегим эми ачык көрүнгөнүн сезгендей болдум. «Өсүмдүк» толук эмес орто мектебинин 9-классында окуп жүргөнүмдө  адабият сабагынан белгилүү жазуучу Шабданбай Абдыраманов берчү. Агай сабак убагында кээ бир авторлордун чыгармасын талдап жатып аны өзү жараткандай чабыттап кетчү. Ар бир адамга ушунчалык эле өнөр берилсе жетиштүү болчудай сезилет мага. Ушу агайдай боло аламбы деп түйшөлүп жүрдүм. Ошентип күнү-түнү дебей адабияттан, тилден жана тарыхтан даярданып жаттым. Ошол жылы “Көк-Арт” орто мектебинен журналистикага үчөөбүз документтерибизди  тапшырдык (Борбугулов Кочкор, Жолдошев Кадыржан жана мен).

Күткөн август айы да кирип келди. Бүгүн 31-июль. Эртеӊ экзамендер башталат. Айтууга караганда журналистика бөлүмүнө конкурс өтө чоӊ. Колдоосу күчтүүлөр гана өтүшү мүмкүн дешти. Менин эч колдоом жок. Чоӊ ойго баттым. Өтпөй калсам айылга кетем. Эмдиги жылы деле ушундай болот дешти. Ошол эле учурда айрым факультеттерге абитуриенттер жетпей жатканы белгилүү болду. Мисалы, чет тили факультетине физика, математика бөлүмдөрүнө конкурс төмөн экен.

Эми документимди математикага тапшыруу жөнүндө ойлонуунун зарылчылыгы  пайда болду. Ошентип, 31-июль күнү документтеримди журналистикадан алып математикага 10-классты бирге бүткөн классташым, математика боюнча класстын алдыӊкы окуучуларынын бири Азимбаев Тайтокур менен бирге тапшырдым.

  Көрсө ”Көк-Арт” орто мектеби ошол кездеги республикабыздын алдыӊкы мектептеринин катарында экен. Мектептин категориясы андагы иштеген кадрлар корпусунан көз каранды экени талашсыз. Бул жерде Какен Садабаева, Жоро Маматов сыяктуу райондогу белгилүү мугалимдери, күчтүү физиктери, химиктери иштечү. Азыр мен “Көк-Арт” орто мектебин бүткөнүмдү (ага быйыл 60 жыл толот) сыймыктануу менен айтып жүрөм.

 Сузактагы “Өсүмдүк“ толук эмес орто мектебинин ошол жылдардагы  кадрлар курамы да мыкты болчу. Ал мектеп  1956-жылдан баштап жаӊы имаратка көчүп “Кыз-Көл“ орто мектебине айланды. Кийинчерээк ага анын негиздөөчүсү- Шабданбай Абдырамановдун   ысмы коюлган. Бирок азыркы кезде републиканын көпчүлүк мектептериндей эле, мында да педагогикалык кадрлар курамын түзүү жана анын сапатын көтөрүү проблемалары курч бойдон калгандай.

  Мектептеги сүйүктүү мугалимдерим Нышан Абдрахманов, Беки Аманкулов, Макамбай Омуралиев, Токтобү Мокушева, Жоро Маматов өӊдү агайларымды дайыма сыймыктануу менен айткым келет.

Негизи, журналист, жазуучу болом деп сапарга чыгып, математик болуп кеткениме ушул мыкты агай-эжейлердин салымы зор. Алар жакшы окутпаса кантип абитуриент кезде кесиптен кесипти тандап олтурат элем. Ошондон улам математикага шык, талаптан мурда окутуу, кызыктыруу биринчи орунда турабы деп калдым.  Муну мугалимдер да өз ишинде эске алышса деген ойдо ушуларды жаздым…

 

Керим Бараталиев,

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун математикалык анализ кафедрасынын башчысы, илим жана техника жаатындагы

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  сыйлыгынын лауреаты, физика-математика илимдеринин  доктору, профессор

НЕЗАУРЯДНАЯ ЛИЧНОСТЬ, ПЕДАГОГ С БОЛЬШОЙ БУКВЫ

$
0
0

С профессором Р.С. Картанбаевым мы были знакомы еще со студенческих лет, учились в одном из престижных  ВУЗов Кыргызстана – во Фрунзенском политехническом институте (ФПИ). Были активистами по общественной работе, занимались научно-исследовательской работой еще со студенческих лет, получили почетную профессию  в  строительной отрасли – он инженер путей сообщения, я – инженер-строитель — технолог по производству строительных материалов и изделий.

Картанбаев Райкан Соодалиевич – доктор технических наук, профессор, академик Международной академии транспорта, видный ученый по проектированию горных дорог и подземных сооружений, повышению безопасности движения и пропускной способности.

Родился 2 марта 1956 г. в с. Эркин-Сай Панфиловского района Киргизской ССР, кыргыз.

В 1978 г. окончил инженерно-строительный факультет Фрунзенского политехнического института (ФПИ) по специальности «Автомобильные дороги» и получил квалификацию инженер путей сообщения.

1978-1980 г.г. — преподаватель кафедры «Автомобильные дороги», секретарь комитета комсомола инженерно-строительного факультета ФПИ.

1980-1983 г.г. — учеба в очной аспирантуре Московского автомобильно-дорожного института (МАДИ), которая завершена досрочной защитой кандидатской диссертации.

1984-1985 г.г. — старший инженер, зав. сектором, зав. отделом безопасности движения Кыргызского автомобильно-дорожного конструкторско-технологического института Минавтошосдора  Киргизской Республики.

1985-1992 г.г. — преподаватель, старший преподаватель, доцент кафедры «Автомобильные дороги» ФПИ.

1992-2009 г.г. — зав. кафедрой «Автомобильные дороги», директор научно-технологического центра «Технопарк», проректор по научной работе и государственному языку Кыргызского государственного университета строительства, транспорта и архитектуры (КГУСТА).

В 2002 г. защитил докторскую диссертацию, профессор, академик Международной академии Транспорта (ITA), Отличник образования Кыргызской Республики.

Автор более 250 научных трудов, в том числе 10 монографий. Под его научным руководством защищено 11 кандидатских диссертаций.

 

 

Работали на производстве: он — старшим инженером, зав. сектором, зав. отделом безопасности движения Кыргызского автомобильно-дорожного конструкторско- технологического института Минавтошосдора Кыргызской Республики, я — инженером проектного института «Кыргыздортранспроект» Минавтошосдора Кыргызской ССР, младшим научным сотрудником, заведующим лабораторией.

Обучались в целевой аспирантуре в центральных ВУЗах: Райкан Соодалиевич в Московском автомобильно-дорожном институте (МАДИ) на кафедре «Проектирование дорог», я в Одесском инженерно-строительном институте, и досрочно защитили  кандидатские диссертации.

С 1985 г. Райкан Соодалиевич работал на кафедре «Автомобильные дороги» инженерно-строительного факультета преподавателем, старшим преподавателем, доцентом кафедры  «Автомобильные дороги».

С 1986 г. я работал во Фрунзенском политехническом институте: заведующим лабораторией, преподавателем, старшим преподавателем, доцентом, заведующим кафедрой «Производство строительных материалов и изделий» и заместителем декана инженерно-строительного факультета.

В связи с преобразованием Бишкекского политехнического института и созданием  на его базе КАСИ и КТУ, с января 1998 года указом Президента КР КАСИ был преобразован в Кыргызский государственный университет строительства, транспорта и архитектуры (КГУСТА).

Райкан Соодалиевич с 1992 года работал заведующим кафедрой «Автомобильные дороги», директором научно- технологического центра «Технопарк», с мая 2005 года проректором по научной работе КГУСТА.

С 1992 года я занимал должности заведующего кафедрой, декана Кыргызско-российского факультета, директора института строительства и муниципального управления, проректора по финансам и менеджменту, проректора по науке и инновационным технологиям, с марта 2005 года должность ректора  КГУСТА.

Защитили докторскую диссертацию: я — в 2001 году, он – в 2002 году.

За сухо перечисленной хронологией нашей жизни лежат многие годы неутомимого труда, творческого сотрудничества, надежд и взаимных открытий, успехов и удач, приобретений и потерь…

Мы стали тесно общаться именно в годы совместной работы в команде ректората. Перед нами ставились нелегкие задачи по руководству большим коллективом университета, организации учебного процесса, по подготовке и воспитанию высококвалифицированных кадров для страны, по повышению качества научно-исследовательской и инновационной деятельности, по подготовке научно-педагогических кадров высшей квалификации через аспирантуру, магистратуру и докторантуру, по налаживанию международных связей для интеграции с мировым сообществом, по обеспечению материально-технической и информационной базы, а также по привлечению инвестиций.

Райкан Соодалиевич как проректор по науке и государственному языку с особым энтузиазмом  и рвением взялся за выделенный  нелегкий участок работы, от которого во многом зависел успех поставленных перед нами задач.

Он организовал диссертационный совет по защите кандидатских диссертаций и стал его зам. председателя и председателем. Затем в КГУСТА был открыт докторский совет, заместителем председателя совета был Р.С. Картанбаев. Он тесно сотрудничал с коллегами из России и Казахстана, был членом докторских советов при Институте физики и механики горных пород НАН КР и КазАТК Республики Казахстан.

Под научным руководством профессора Р.С. Картанбаева подготовлены и защищены 11 кандидатских диссертаций. Воспитал много учеников-инженеров по автомобильным и железным дорогам, мостам и тоннелям. Сейчас они работают в ВУЗах и производственных организациях на благо и процветание родной страны.

Мы были свидетелями того, как он напряженно работал над докторской диссертацией. Особенно трудно было с ее защитой, в Кыргызстане не было ученых — специалистов по дорожному строительству. Ему пришлось проложить дорогу, став первым доктором наук в области дорожного строительства.

Докторская диссертация Р.С.Картанбаева посвящена совершенствованию методов проектирования тоннельных вариантов автомобильных и железных дорог горно-складчатых областей. Проблема проектирования тоннельных вариантов дорог в горных условиях является чрезвычайно сложным, требующим глубокого знания в областях автомобильных и железных дорог, геомеханики, геофизики, климатологии, гидрологии. Для нашей республики с горной территорией особо актуальный вопрос. Он предлагал к решению такой важной задачи комплексный подход: современные методы аэрокосмической съемки, компьютерное трехмерное моделирование, автоматизация проектных решений и технико-экономическое  обоснование с рассмотрением многовариантного проложения трассы.

Райкан Соодалиевич отличался высокой трудоспособностью, стремительностью и решительностью при принятии ответственных решений, был вспыльчив, но быстро отходил, владел чувством юмора, не терпел несправедливости, особенно непримиримым был с халтурой при оформлении научных статей и диссертационных работ, всегда имел свое мнение в обсуждениях работ на научно-технических и диссертационных советах, высказывал по существу. Состав ректората дружил семьями, он ценил дружбу с коллегами, мы общались в формальной и неформальной обстановке и были свидетелями его бережного отношения жене и детям. Он был отличным семьянином.

Наш коллега, профессор Р.С. Картанбаев был незаурядной личностью, жизненный путь его так рано прервался. Он хорошо знал свой диагноз и какой исход, но не унывал, вел себя самоотверженно и работал на своем посту до конца, стремился выпустить своих аспирантов и соискателей.

Мы скорбим по нашему коллеге, помним его заслуги, его невозможно забыть. В памяти его коллег и учеников  светлый образ Райкана Соодалиевича, крупного ученого своего времени и замечательного педагога с большой буквы останется на долгие годы.

А.А. Абдыкалыков,

д.т.н., проф., ректор КГУСТА им. Н.Исанова,

заслуженный работник образования КР,  лауреат  Государственной премии КР в области науки и техники,

Вице-президент Международной Ассоциации строительных ВУЗов СНГ.

В 2016 году 2 марта исполняется 60 лет Картанбаеву Райкану Соодалиевичу, доктору технических наук, профессору, академику Международной академии транспорта, видному ученому Кыргызской Республики по проектированию горных дорог и подземных сооружений, который внес большой вклад в развитие нашего вуза – Кыргызского государственного университета строительства, транспорта и архитектуры им. Н.Исанова (КГУСТА).

В связи с этим, наш коллектив 2-3 марта 2016 года будет проводить Международную научно-практическую конференцию «Инновации в области строительства транспортных сооружений: становление, проблемы, перспективы», посвященной светлой памяти нашего дорогого коллеги.

Торжественные мероприятия по данному случаю и научная конференция будут проходить по адресу: 720020, г.Бишкек, ул. Малдыбаева, 34, б, КГУСТА им. Н.Исанова. Начало регистрации 2 марта, в 9.00 ч., Большой актовый зал.

Приглашаем Вас принять участие в работе данной конференции.


КӨРКӨМ ӨНӨРДҮН ТАТААЛ СЫРЛАРЫН ҮЙРӨТКӨН ОКУУ ЖАЙ

$
0
0

Быйылкы Тарых жана маданият жылы  кыргыз элинин жашоосун, тарыхын, маданиятын кайра баштан жандандыргандай, узак уйкудан ойгонгондой, унутулуп бараткан баалуулуктарды кайра эске салгандай эле болуп калды. Улуу тарыхты тастыктап изилдегендер, маданиятка күйүп-бышкандар,  улуу баалуулуктарды аздектегендер үчүн чырагына май тамгандай эле болду.    «…Бизге жеткен ата салтын, мурасын ыйык сактап урпактарга берели…» , — деген саптар мамлекетибиздин символикаларынын бири Гимнде да айтылат. Ошол ата салтын, мурастарын, кол өнөрчүлүктүн сырларын келечек муундарга үйрөтүп келе жаткан Бишкек шаарындагы №92 Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн С.Чокморов атындагы кесиптик окуу жайы жөнүндө  бир аз сөз кылсак ашыкча болбостур.  Бул республика боюнча кол өнөрчүлүктүн көптөгөн тармактарын камтыган жалгыз  окуу жайы.

Кыргыз элинин бай мурастарынын бири — анын улуттук  көркөм кол өнөрчүлүгү. Элдин  ушул  көөнөрбөс көркөм мурасын сактап, кийинки урпактарга жеткирүү максатында жана элдик чебердин жолун мындан ары улантуу үчүн  1979-жылдын 13-апрелинде өкмөттүн чечими боюнча борбор шаарыбыз Бишкекте элдик кол өнөрчүлөрдүн №92 кесиптик-техникалык окуу жайы ачылган.  Ал эми 1993-жылы  өкмөттүн токтомунун негизинде  Бишкек шаарындагы №92 Мураскер элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн кесиптик-техникалык окуу жайына кыргыз киносунун көрүнүктүү актеру, белгилүү  сүрөтчү  жана коомдук  ишмер С.Чокморовдун ысымы ыйгарылат.

№92 кесиптик-техникалык окуу жайы  ушул  мезгилдин ичинде ар кандай кесиптеги бир  катар миўдеген чеберлерди тарбиялап, даярдап чыгарды. Алар улуттук көркөм өнөрчүлүктүн  татаал  сырлары менен ыктарын үйрөнүп чыгышты. Аталган окуу жай бир топ жылдар бою «Кыял», «Мураскер» бирикмелерине, Айнек заводуна, Булгаары заводуна, тери иштетүү фабрикасына ар кандай кесиптеги адистерди даярдап келди жана бүгүнкү күндө да улантууда. Кол өнөрчүлөрдү, чеберлерди  даярдоодогу талыкпаган эмгеги четте калган жок.

   1989-жылдын 1-сентябрынан тартып окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Баса, окуу жайдын тарыхына көз чаптырсак анын аталышы бир канча жолу өзгөрдү. Маселен,  1979-жылы №19 шаардык кесиптик-техникалык окуу жайы (ГПТУ) деп аталса, 1983-жылы №4 техникалык окуу жайы (ТУ) болуп өзгөрөт, андан соў  1984-жылы №92 «Мураскер» элдик көркөм кол өнөрчүлөр окуу жайы болот, ал эми  1993-жылдан азыркы күнгө чейин №92 Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн С.Чокморов атындагы кесиптик окуу жайы деп аталып келатат.

Окуу жайда  билими, квалификациясы, кесиптик деўгээли жогору  39 инженер-педагогикалык кызматкер эмгектенет.  Ар бир окуу жайдын ийгиликтүү ишмердүүлүгү, заман талабына шайкеш келүүсү, анын жетекчисинен көз каранды эмеспи. Ошондой жетекчилердин катарында Сакеева Тамара Касымбековна бар. Ал  көп жылдан бери өзүнүн талыкпаган эмгегинин натыйжасында окуу жайга бардык шарттарды камсыз кылуу менен бирдикте реформатор катары таанылган  жетекчи болуп саналат. Окуу жайы ачылгандан   бери көркөм өнөр тарыхы сабагынын мугалими, көп жыл бою окуу-методикалык, тарбиялык иштерди жүргүзгөн А.Кангелдиева,  Ж.Бакасова, живопись мугалими Т.Бектенов, дене тарбия жетекчиси К.Борбиев, окуу-методикалык иштер боюнча директордун орун басары А.Ботобекова, мугалимдер: Т.Бектенов, С.Алыбаева, М.Букардинов, колунан көөрү  төгүлгөн устаттар: А.Турдубаев, К.Шайбеков, Т.Касымалиев, Ж.Шаиева, Б.Байызов,  жаш болсо да келечекте көптү  үмүттөндүргөн жаш устаттар: Н.Тообашева, Д.Балыбаева, К.Сагынбаев, Төлөбек уулу Тыныбек, Д.Жумагулова, эсеп-чарба кызматкерлери А.Баялиев, Г.Джумалиева, А.Сыргабаева  үзүрлүү эмгектенишип жаш муундарга талыкпай билим-тарбия берип, кесиптин, өнөрчүлүктүн бардык сырларын үйрөтүп келе жатышат.

Айта кетсек,  зергерчилик, жыгачтан, булгаарыдан көркөм буюм, булгаарыдан улуттук бут кийим, улуттук буюмдарды жана сувенирлерди жасоону, улуттук буюмдарын жана кийимдерин көркөмдөөнү, улуттук стилдеги чач-тарач жасалгаларын, кенен тармактагы көркөм сүрөт түшүрүүчү, терини көркөмдөп башка жердиктер менен айкалыштырууну үйрөтүүнү окуу жайыбыз эў негизги максаты катары белгилеген. Кол өнөрчүлүктүн сырларын  өздөштүрүүдө эле анын качан, кандайча келип чыкканына  кызыгуу пайда болот. Мунун өзү эле тарых жана маданият. Заманбап, кесипкөй өнөрчүлөрдү даярдоо комплекстүү жүргүзүлөт. Окуу жайда өзүнүн китепкана  фонду, музейи, спорт аянтчасы, өнөрканалары, Манас таануу кабинети бар.   Теориялык жана өндүрүштүк окуулар азыркы замандын талабына ылайык түзүлгөн.

    Окуу жай баарыбыз сыймыктанган   кыргыз элинин тарыхынын бай мурастарынын бири — анын улуттук  көркөм кол өнөрчүлүгүн, көөнөрбөс көркөм мурасын сактап, кийинки урпактарга жеткирүү  жана элдик чебердин жолун мындан ары улантууну максат кылган үч миўден ашуун улан-кыздарды уясынан учурду. Азыркы мезгилде биздин бүтүрүүчүлөр бир гана Кыргызстанда эмес, башка бир топ мамлекеттерде да улуттук көркөм кол өнөрчүлүк аркылуу кыргыз элин, кыргыз мамлекетин  дүйнөгө таанытып келе жатышат.

Биз, кыргыз элинин башка элдерден болгон өзгөчөлүгүн — кылымдардан бери келе жаткан бай мурастарында экенин мына ушундан билебиз. Алардын сакталышы, муундан муунга уланышы «Мен – кыргызмын!»  деген ар бир атуулдун колунда.  Бөлүнгөн эчен төр экен, Бөлөкчө бейиш жер экен! Тоолорунда улагы, токоюнда чынары эчтемесин аябай берген экен кудайы! (Манастан үзүндү). Ушундай ажайып кооз Мекенибизди жети кереметибиз толуктайт: Ала-Тоо, Манас, Ысык-Көл,  боз үй,  ак калпак,  ак тулпар, комуз! Ушунун баары тарых, санжыра, кыргыз философиясы, кыргыздын идеологиясы жана маданияты!

Окуу жайына ыйгарылган сыйлыктар:

• Москва жана Фрунзедеги  ЭЧЖКнын  лауреаты;

• Кыргыз ССРнин ЭЧЖКнын лауреаты болуп күмүш, коло медалдар  жана II даражадагы диплом;

• Кыргыз Республикасынын жумушчу кадрларды жана ээлик кылуучу ишкерлерди даярдоо боюнча Мамлекеттик комитетинин ар бир жылында берилген ардак грамоталары жана I-II даражадагы дипломдору; 

• «Эмгек резерви»  — дене тарбия жана спорт боюнча Республикалык борборунун I-II-III даражадагы дипломдору жана коло медалы; 

• Кесиптик-техникалык билим берүү системасындагы «Профтехтин таланттары» аттуу өздүк көркөм чыгармачылыгынын Биринчи Республикалык фестивалынын лауреаты -  Күбөлүгү;

• Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн Республикалык көргөзмө-жарманкесинин мыкты улуттук буюмдары үчүн «Алтын диплому»;

• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  «Кыргызстандын  келечеги – Мамлекеттик тилинде» диплому; 

• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттүүлүгүн чыўдоо жылына арналган этномаданий программанын кол өнөрчүлүк чеберчилиги боюнча  кароо-сынактын  I даражадагы диплому;      

• Билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин   Ардак грамотасы; 

• Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө жана элдик көркөм кол өнөрчүлөрдү даярдоодо кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы  жана көптөгөн башка сыйлыктардын ээси.

Айсара Ботобекова,    

окуу-методикалыкиштер боюнча директордун орун басары

КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ ИЛИМИЙ ЭЛЕКТЕН ӨТТҮ

$
0
0

Кыргызстанда биринчи жолу мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмунун жасаган иштери илимий иликтөөгө алынып, диссертациялык иш корголду. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакова 20 жылдык топтогон тажрыйбасын илимий тилге салып, «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү — инсандын калыптандыруунун бир багыты» аттуу темадагы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык изилдөөсүн  окумуштуулар чөйрөсү жаӊылык катары кабыл алды. Анткени мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын басып өткөн жолдору, өзгөчөлүктөрү, этаптары биринчи жолу изилденип,  тартипке келтирилип, илимий өӊүттө мүнөздөмө берилди. Иликтөө ушунусу менен баалуу экенин да окумуштуулар айтып чыгышты. Изилдөөнүн илимий жаӊылыгы жана теориялык мааниси, анын максаты, ыкмалары тууралуу  Сабийра Челпаковадан сурадык. Ошондой эле иликтөө тууралуу ойлорун Диссертациялык кеӊештин төрагасы, п.и.д. Абакир Мамытов менен изденүүчүнүн жетекчиси, п.и.д. Нурбүбү Асипова ортого салышты.

- Сабийра Мусилимовна, сиздин илимий ишиӊиздин жаӊычылдыгы эмнеде?

- Мектепте, мектепке чейин жана жогорку билим берүү дайыма мамлекеттин көӊүлүндө турат. Ал эми мектептен тышкаркы билим берүү эмнегедир көӊүлдүн сыртында калып келатат.  Андыктан Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун мисалында мектептен тышкаркы кошумча билим берүү маселесин иликтөөгө алдык. «Жети атаӊды билесиӊби?» дегендей эле, мектептен тышкаркы билим берүүнүн басып өткөн жолдоруна саресеп салдык.  Менин илимий ишимде өлкөдөгү кошумча билим берүүчү мекемелердин калыптанышынын тарыхый жана маданий өбөлгөлөрү, өсүп-өнүгүү этаптары аныкталды; азыркы учурдагы маӊызы жана өзгөчөлүктөрү, милдеттери ачылды; Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун гармониялуу инсанды калыптандыруу боюнча социалдык жана педагогикалык тажрыйбасы жалпылаштырылды; билим берүү жана тарбиялоо иштеринин натыйжалуулугун арттыруунун педагогикалык шарттары, мазмуну, формалары жана ыкмалары иштелип чыкты; мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мекемелерде иштеген адистердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу жолдору аныкталды.

- Сабийра Мусилимовна, ар бир мезгилде, доордо мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын абалы азыркыдай беле же ага башка өӊүттө мамиле кылынчубу?

- Совет доорунда мектептен тышкаркы билим берүү тыкан иштелген методикалык жетекчиликтин алдында жүргүзүлгөн. СССР Агартуу министрлигинин жактыруусу  менен ар кандай ийримдер үчүн ар тармактагы илим адистеринин 200 ашык программалары иштелип чыккан. Дайыма ийрим жетекчилерине методикалык иштелмелер жарыяланып турчу. Балдар менен иштегенге илимий кызматкерлерден, жождордун окутуучуларынан, чыгармачыл жана техникалык интеллигенциянын өкүлдөрүнөн сырткары студенттер дагы чакырылчу.

Илимий иликтөөдө архивдик документтердин негизинде  Балдар жана өспүрүмдөр Улуттук «Сейтек»  борборунун мектептен тышкаркы билим берүүнү уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы  жана алардын өзүн-өзү ачып көрсөтө алган инсанды калыптандыруудагы ролу ачылып берилди. Илимий иште алты этап каралат.

1-этап: 1936-1940-жылдары — уюмдун жаралышы. Ушул мезгилден тартып мектептен тышкаркы билим берүүнүн отчету башталат. 1936-жылы Краснооктябрь (азыркы Тыныстанов) жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде (азыркы Улуттук китепкана) Кыргызстан обком комсомолунун чечими менен биринчи Пионер үйү ачылган. Анткени 1924-25-жылдары пионер отряддары уюшулуп, аны жетектөөүчүн пионер уюмдарын түзүү керек болгон. Пионер үйүүч бөлмөлүү имараттан туруп, анда сегиз гана адам иштеген. Бирок ар кандай чоӊ иш-чаралар өтүлүп, имараттар болгонуна байланыштуу 1937-жылы көпөс Ф.Терентьевдин заӊгыраган тамы (особняк)  Пионер үйүнө берилет. Анда жалаӊ балдар үчүн ылайыкталган эс алуучу аянтча, зоопарк ж.б. бар эле. Совет бийлиги окуучулар сабактан тышкаркы бош убактысын бекер кетирбөө максатында аларды коомдук иштерге активдүү катышуу үчүн бардык иш-аракеттерди көрүп келген. Ошентип, 1939-жылы Мичурин көчөсүндө Пионер сарайы курула баштайт. 1937-жылы  мектептен тышкаркы мекемелердин саны 32 болчу.

2-этап: 1941-45-жылдары — Улуу Атамекендик согуштагы иш-аракеттер.  Согуш башталып калып, Пионер үйүнүн курулушу токтоп калат. Ушул жылдары  балдар макулатура, темир-тесек чогултуп, Тимур отряддары уюштурулат.

3-этап: 1945-60-жылдары — өнүгүү процесси. 1949-жылы токтоп турган Пионер үйүнүн имараты кайрадан курула баштайт. Кыргыз Республикасынын 50 жылдыгына карата айыл чарба көргөзмөсүн уюштуруу үчүн атайын имарат жок болгонуна байланыштуу Пионер үйүндө бул иш-чараны өткөрүү милдеттендирилет. Көргөзмөгө алынып келинген сүрөттөр, техника  ж.б. продукциялар Пионер үйүнө белекке берилсин деген чечим чыгарылган. 1952-жылы шаардык аткаруу комитетинин төрагасы М.Койбагаров менен ошол кездеги маданият министри К.Кондучалова Пионер сарайын салтанаттуу ачышат. Имарат тарыхый, маданий жана архитектуралык эстеликке кирет. Бул сарай балдар үчүн гана курулганын баса белгилегим келет  (учурда бул имарат жалаӊ гана ижарага берилип калган. Ал эми мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери болсо жер төлөдө ж.б. жайларда ижара төлөп жашап келишет). 1957-жылы мектептен тышкаркы билим берүү уюмунун саны токсон алтыга жетсе, 1960-жылы 103 жетет.

4-этап: 1961-86-жылдары — гүлдөп турган мезгил. 1970-80-жылдары мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын гүлдөп турган чагы. Анткени ар бир райондо, шаарда, облуста Пионер сарайлары жана үйлөрү, Жаш техниктер жана Экологиялык станциялар ж.б.у.с. ачылып, 1972-жылы мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын саны 150 жетет. Ошол кезде мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин иши абдан маанилүү экенине басым жасалган. Ал эми 1980-жылдын аягы 1990-жылдын башынан баштап кайрадан анын саны төмөндөйт.

5-этап: 1987-1992-жылдары — кризис, мекемелердин саны азаят.

Союз кулап, бир кездеги пионер, комсомол уюмдары жоголуп, балдарга тиешелүү имараттар менчиктештирилип, коммерцияланышып, буга байланыштуу эӊ мыкты педагогдор башка өлкөлөргө чыгып кетишет. Республикадагы 150 мектептен тышкаркы мекемелерден жүз отуз үчүн сактап калып, ошол эле кезде анын ишин стабилдештирип кармап турууга жетиштик. 133 уюмдун ичинен алтоо республикалык деӊгээлдеги борборлор: 80 жылдык тарыхы бар Пионер сарайы (азыркы «Сейтек» борбору), Республикалык балдардын инженер-техникалык «Алтын түйүн» академиясы (быйыл 55 толот), Республикалык эстетикалык-методикалык «Балажан» борбору (быйыл 30 жылдыгын белгилейт), Экология, туризм борбору, мындан сырткары эки спорт борборлору бар. Баса, Пионер сарайынын бир топ бөлүмдөрүөзүнчө бөлүнүп, борбор болуп уюштурулган. Мисалы,  «Балажан» республикалык эстетикалык-методикалык борборунун биринчи директору Динара Чочунбаева бекитилген. Анткени ошол кездеги шаардык партиялык комитеттин секретары Роза Отунбаеванын демилгеси менен Д.Чочунбаева Грузия, Армения, Азербайжан өлкөлөрүнө барып, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин өнүгүп-өсүшү менен таанышып, тажрыйба топтоп келген. Ошол сапардан  кийин Пионер сарайынын сүрөт бөлүмүн өзүнчө “Балажан” эстетикалык борбору кылып ачышкан. Ошентип, 1986-жылдан тарта пионер уюмдары Балдардын чыгармачылык борборлоруна айланып, аны балдардын Артек лагеринде атайын  даярдалып келген адистер иштете баштайт. Мисалы, мен Артектен келгенден кийин балдар борборлорунда үч жыл методист, уюштуруучу жана тимур штабын жетектеп келдим.

6-этап: 1993-жылдан азыркы мезгилге чейин — кризистен чыгуу жана стабилдүү кармап туруу мезгили. Кризиске моюн бербеген айрым мекемелер ишин уланта беришти, энтузиаст педагогдор балдар үчүн эмгектенип, бардык күч-аракеттерин ушул убакка чейин берип келатышат.

2003-жылдан тарта мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары кошумча билим бере башташты. Бул «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын 18-беренесинде жазылган. Андыктан кошумча билим берүү кызматы бир эле балдарга эмес, чоӊдорго да кызмат көрсөтө баштады. Мисалы, «Сейтек» борборундагы ушу секциясына 150 адам, т.а. 25 жаштан 75 жашка чейинкилер катышат.

- Мектепте деле кошумча билим берилип жатпайбы?

- Туура, бирок мектеп баланын чыгармачыл дареметин толук кандуу өнүктүрө албайт. Ал жерде кошумча билим берүү факультатив катары берилет. Анан дагы мектеп мамлекеттик стандарттан, чектен чыга албайт. Ал эми бизде бала өзү каалаган топко, ийримге кире алат, аны эч ким мажбурлабайт, т.а. эркин тандоого жол ачык. Биз мектепке карама каршы турбайбыз, болгону баланын ар тараптуу өнүгүшүнө, инсан болуп калыптанышына кам көрөбүз. Маселен, бала борборго келгенде кандай деӊгээлде келген, ортодо эмнени үйрөндү, жыйынтыгында эмнеге жетишти деген иликтөөнү алдык. Көрсө, «Сейтектин» бүтүрүүчүлөрүнүн 74% келечекте ийгиликке жетишиптир. Биздин балдар терс тенденциялардан алыс болушат: рэкетчиликке, баӊгиликке, сойкулукка жол беришпейт, анткени бул балдар борбордо бир эле бий же ырды үйрөнүшпөстөн кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын сыйлаганга, таалим-тарбиянын туу чокусун үйрөнгөнгө жетишишет. Бул нерсени биз мактануу менен айтууга акыбыз бар. «Сейтектин» балдары эл аралык фестивалдарга чыкканда Кыргызстандын намысын коргоп, алдыӊкы орундарды багынтып келатышат. Мисалы, ушу боюнча 15 алтын медаль, канча бир күмүш жана коло медалдарды жеӊип келишти. Бирок биздин дүйнөлүк чемпиондорду спортсмендердей мамлекеттик деӊгээлде кабыл алышкан жок. Дагы бир борбордун өзгөчөлүгү — балдардын туура кесип тандоосуна шарт түзөт. Ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында тарбияланып жаткандар коомдо өздөрүн эркин алып жүрүшөт, мектепте дагы алдыӊкы саптагы активист балдар болуп өсүшкөнүн тажрыйба көрсөтүп келатат. «Сейтекте» тарбиялангандар он жылдан кийин инструктор деген күбөлүктү алып чыгышат, кийин өздөрү топ ачып, биз менен катар эл аралык фестивалдарга катышып жатышат. Бирок биздин тарбиялануучулардын ичинде дарыгерлер, юристтер, экономисттер бар, бизден алган таалим-тарбияны хобби катары турмушунда пайдаланышат.

Кошумча мектептен тышкаркы билим берүү тармагындагы өзгөчө кызматы үчүн, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо кошкон салымы үчүн Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык улуттук «Сейтек» борборуна 2007-жылы Кыргыз Республиксынын Президентинин Указы менен «Улуттук» деген статус ыйгарылса, 2011-жылы балдарды жана өспүрүмдөрдү маданий-эстетикалык жана руханий тарбия берүүдөгү зор салымы үчүн борбор «Даӊк» медалы менен сыйланды.

- Балдар менен иштегендердин сөзсүз педагогикалык жогорку билими болушу зарыл. Сиздерде абал кандай?

- Эӊ туура суроо. Биздин педагогдордун экиден жогорку билимдери бар: биринчиси -  өзүнүн кесиби боюнча, экинчиси — педагогикалык билим. Мындан сырткары жыл сайын биздин адистер Санкт-Петербург, Москва шаарларына барып билимдерин жогорулатып келишет. Ошондой эле борбор калаадагы И.Арабаев атындагы КМУда, БГУда, КББА билимдерин жогорулатып турушат. Баса, биздин борбордо мектепке чейинки даярдоо тобу бар. Бул жерден билим алган кичинекей бөбөктөрдүн математика боюнча билим деӊгээли 2-класстын балдарына барабар. Биз муну менен мактана алабыз.

  Абакир Мамытов,

диссертациялык кеӊештин төрагасы:

 - Орустар айткандай, өнүгүүнүн чеги жок. Жакшы жумуш экенин, бир топ маселе чечилгендигин диссертациялык кеӊеште расмий оппоненттер, жетектөөчү мекемелер белгилешти. Эгерде биз совет доорунда билим берүү системасында бир пландуу жумуш алып барып, өзгөчө проблемаларды деле сезбей каржылык, методикалык, уюштуруучулук ж.б. өӊүттө жашап келсек, эгемендүүлүккө келгенде мектептен тышкаркы уюмдардын абалы кескин төмөндөп кетти.  Булар каржыланбай өздөрү менен өздөрү болуп калышты. Ошол эле учурда рынок шартында жаӊычыл көз караш менен аракеттенип, тажрыйба топтоп, жоголуп кетпей түптөлүп, анан республикадагы бирден бир көрүнүктүү мекемелердин бирине айланды.  Изденүүчүнүн жумушунда совет доорундагы ушул мекемелердин басып өткөн жолдору, өзгөчөлүктөрү, этаптары биринчи жолу изилденип тартипке келтирилип, илимий өӊүттө мүнөздөмө берилди. Мунусу менен ал баалуу. Иликтөө алты этапка бөлүнгөн.  Жалпылап айтканда,  ар бир этаптын мазмунун, өзгөчөлүктөрүн даана көрсөтүп берди. Ошол этаптарга аналитикалык тарыхый көз караш менен кайрылсак, кайсы этапта уюмдар жакшы өнүккөн, кайсы этаптан баштап төмөндөө тенденция кеткени тууралуу системага келтирилип жазылганы — биздин жалпы педагогикага жана анын тарыхына кошулган салымдын бири. Экинчиси — рынок шартындагы иштөөнүн өзгөчөлүгү, шарттары, проблемалары боюнча  булар өздөрүнүн жон териси менен сезип, уюштуруп, ошондогу алдыӊкы тажрыйбаны тартипке, системага келтирип элге сунуштап бергени дагы өзүнчө илимий салым, илимий натыйжа деп айтсак болот.

«Сейтек» борборунун жасаган жумушу, көп кырдуулугу, өз алдынча каржы таап кеткени — бул өзүнчө табылга. Илимий иш негизинен «Сейтек» борборунун негизинде жазылды. Ошол эле учурда бул жумуш чечилбеген проблемаларды да көрсөтүп койду. Мисалы, укуктук-нормативдик жактан келгенде абдан жарды экен. Экстраполяция кылып талдап келгенде маселе бар экендигин көрсөттү. Экинчи баалуулугу — эгемендик жылдардагы тажрыйба топтогондон  сырткары чечиле турган проблемалардын жүзүн көрсөттү дагы, ошолорго басым жасоого чакырык таштады. Үчүнчү жагына келсек, илимий диссертацияны көпчүлүк учурда илимге жакыныраак,  ошонун тегерегинде жүргөн кишилер жазат, ал эми практиктер, жетекчилер, уюштуруучулар  көп тартылбайт, аралашпайт. Тарыхый өӊүттө ушундай тенденция болуп калган. Биздин изденүүчүбүздүн өзгөчөлүгү — өзү практик, жетекчи катары топтогон тажрыйбасын илимий  тилге өткөргөндүгү, ушул өӊүттө иш-аракет жасагандыгы жакшы мисал. Себеби ар бир теория практикада текшерилет.  Ар бир практикадагы жетишкендик теорияны толуктайт.  Ушул жагынан келгенде, теоретик менен практиктин айкалышы жакшы көрүнүш деп эсептеймин. Бул мисал кийинки муундагы изденүүчүлөргөөрнөк болот. Себеби теоретиктерди «тынч абалда олтуруп алып жаза берет, практиканы билбейт» деп айтышат, ошол эле учурда практиктерди «теорияны билбейт, прагматикалык ой жүгүртөт, кээде ал примитивдик деӊгээлде ой жүгүртүп калат» деп айтабыз. Ал эми чындык — экөөнүн айкалышына барып такалат. Ошондуктан практиктердин илимге тартылганы жакшы нерсе, ошол учурда теоретиктер дагы алардын жумушун көрүп турабыз. Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине программалар иштелип чыкпаптыр. Ошонун жоктугу, тартиптин болбогондугу, ар ким өз алдынча кете бергендиги көрүнүп калды. Министрлик бул ишти колго алышы керек.

Бүгүнкү күндө билим берүү уюму деген түшүнүк — мыйзамдык түшүнүк. Анын тарыхы мындай: КМШ өлкөлөрүндө совет доорунда билим берүү мекемеси (учреждение) деп келгенбиз. Азыр уюм (организация) деп калдык. 2003-жылы «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамын кайрадан иштеп чыккандан бери «организация» деп атап калганбыз. Ошондуктан мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюму деп айтылат.

Эгерде коомду билимдүү, тарбиялуу балдар менен байыталы десек мектептен тышкаркы билим берүүчү, тарбиялоочу уюмдарга көӊүл бөлүш керек. Милдеттүү түрдө мектеп билимдин мазмунун берет, ал эми мектептен тышкаркы уюмдар тарбия менен алек болуш керек. КМШ өлкөлөрүнүн III съездине Белоруссияга барып калдык, бизди таӊ калтырганы мектептер балдарды беш күн окутат, алтынчы күнү бардык мектепте массалык түрдө тарбиялык иштер уюштурулат экен.  Бул балдардын патриоттуулугун күчөтүп, терс таалим-тарбиядан алыс кылат. Бизде тарбия маселеси экинчи планда калган.

Нурбүбү Асипова, 

изденүүчүнүн илимий жетекчиси:

 - Азыр ата-энелердин бардыгы балдарынын ар тараптан  ачылышын каалашат. Ошол талаптарга мектеп анчалык жооп бере албайт. Анткени мектептин өзүнүн программалары, окуу пландары, мугалимдин өзүнүн сабагы бар. Баланын ташкындаган энергиясын, жөндөмдүүлүгүн дагы бир нукка салууга мектептин чамасы жетпейт. Ошондон улам кошумча билим берүү талабы келип чыгууда. Мисалы, бала ырга, бийге, спортко шыктуу дейлик, анын баарын мектеп өнүктүрө албайт. Ошондуктан кошумча билимдин каналдары керек.  Мурда деле бул нерселер болуп келген. Бирок көпчүлүк учурда мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары министрликке баш ийүү менен алардын идеологиялык, саясий же расмий  милдеттери жүктөлүп, ошону менен бирге балдардын мүмкүнчүлүгүн ачууга  кеӊири жол ачылбай, чектелип калган. Азыр болсо ата-энелердин жардамы, коомчулуктун катышуусу менен балдардын ачылышына өтө бир жакшы шарттар түзүлүп жатат.  Жыйынтыгында, сертификат берилип жатат. Мисалы, менин неберем «Шаттык» үлгүлүү бий ансамблинде тарбия алып, бүткөндө сертификат алып чыккан. Кийин  бала бакчада бий боюнча сабак берип жүрдү, азыр болсо бий тобун ачып алды. Бул тармак дагы өркүндөйт деп ойлойм. Себеби  баары бир экономикалык коом бир орунда турбайт, экономиканын мүмкүнчүлүктөрү ашат.

Биринчи илимий жактоо буга чейин топтолгон тажрыйбалардын негизинде болду. Балдардын кошумча жашоо-тиричилигин уюштурууга, социалдашууга кошкон салымы изилдөөгө алынды. Ага коомдун катышы, ата-эненин катышуусу, укуктук-финансылык жактары изилдене элек.   Өзгөчө кадрлар менен камсыздоо өзүнчө иликтөөнү талап кылат. Ал программалар мектепти кайталабаш керек. Чыгармачылык жөндөмдүүлүгү бар балдардын психологиясын жакшы түшүнгөн кыска, узак мөөнөттүү программа болуш керек, аны алып кетүүгө, балдар менен иштей турган атайын кадрларды даярдоо маселеси турат.

Гүлнара Алыбаева,  «Кутбилим»

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ КЕЛЕЧЕКТИ АӉЫКТАЙТ

$
0
0

Жаштар – биздиӊ келечегибиз. Ооба, эгемеӊдүү элибиздиӊ, кылымдарды камтыгаӊ тарыхый жаӊа мадаӊий баалуулуктарга бай мамлекетибиздиӊ тагдыры алардыӊ билим деўгээлиӊе, кесиптик даярдыгыӊа, Мекеӊге болгоӊ мамилесиӊе көз караӊды. Ошоӊдуктаӊ жаштарга кесиптик билим берүү, адистикке үйрөтүү, талаӊтыӊ такшалтуу, чеберчилигиӊ чыйралтуу, элибиздиӊ баалуу мурастарыӊ кадырлоо, сактоо, даўазалоого тарбиялоо – учурдуӊ актуалдуу маселеси. Мыӊдай жооптуу, ары ардактуу милдетти аркалап келе жаткаӊ окуу жайлардыӊ бири – Кара-Балта шаарыӊдагы №102 кесиптик лицейи.

Лицей 1958-жылы алгачкы кадамыӊ таштагаӊ. 1996-жылы окуу жайга №102 кесиптик лицейи макамы ыйгарылгаӊ. Жарым кылымдаӊ ашууӊ тарыхый таржымалы, өз үӊү, жүзү, сөзү бар лицей жаатыӊда кеп козгогоӊдо аймактагы, т.а. Жайыл райоӊуӊдагы окуу жайлардыӊ туўгучу. Ал элибиздиӊ социалдык-экоӊомикалык, саясий-мадаӊий жетишкеӊдиктериӊе зор салымыӊ кошкоӊӊечеӊдегеӊ кадрларды даярдады. Учурда да каӊаты талбай, милдетиӊеӊ таӊбай, кесипке даярдооӊуӊ арымыӊ арытып, кадырыӊ көкөлөтүп 14 мастер-окутуучу, 336 окуучуга бекем билим, татыктуу тарбия берүүдө.

Мыӊда кийим тигүүчү, чач тарач, ашпозчу, официаӊт, бармеӊ, кеӊже ветериӊардык фельдшер, фермер, багбаӊчылык, электр ширетүүчү, А, В, Г категориясыӊдагы трактор жаӊа машиӊа айдоочу адистер бюджеттик ӊегизде даярдалат.

КРӊыӊ Президеӊти А. Атамбаевдиӊ «Тарых жаӊа мадаӊият жылы» жөӊүӊдөгү Жарлыгыӊда: «… Кыргыз мамлекеттүүлүгүӊ бекемдөө элибиздиӊ рухаӊий кайра жаралуу процесси меӊеӊ тыгыз байлаӊышта» деп таасыӊ айтылгыӊдай, кесиптик лицей да кайра жаралуу процессиӊ башыӊаӊ кечирди. 2006-жылы окуу жайга тажрыйбалуу, сөзү ишке төп келгеӊ, баскаӊы ылдам желдеӊ, талапты коё билгеӊ Гульӊара Тулеӊова директор болуп дайыӊдалды.

Алгачкы күӊдөрдөӊ башталгаӊ балдардыӊ окуусу, эс алуусу, тамактаӊуусу, жатакаӊасы ж.б. толгоӊ-токой түйшүк түрмөктөрү директордуӊ дилиӊде түӊөп, издеӊүү, аракеттеӊүү ишмердүүлүгүӊ кайра жаратты, чыўдады, чыйралтты, такшалтты. Жалтаӊбас, таймаӊбас, ачуу чыӊдыкты бетке айткаӊ айымдыӊ мүӊөзү дал ушул кырдаалга топ келди. Болбосо, бүгүӊкүдөй материалдык-техӊикалык базасы чыўдалгаӊ, балдар үчүӊ толук шарт түзүлгөӊ, окутууӊуӊ жаўы техӊологиялары меӊеӊ камсыздалгаӊ окуу жайдыӊ кыялдагы элеси турмуш чыӊдыгыӊа айлаӊбайт эле…

- Таўдаӊ кечке окуу жайда тыӊымсыз иш ыргагыӊда жүрүп, чарчагаӊымды да сезбей калам. Балдар дүйӊөсүӊдө жашоо — өзүӊчө керемет. Ойлору туӊук, көз караштары чечкиӊдүү окуучуларымдыӊ кыялкеч мүӊөздөрү, мугалимдеримдиӊ адистикке үйрөтүүдөгү арымдуу кадамдары дайыма жүрөгүмдө жаўырып келет. Аӊткеӊи кесиптик билим берүү – келечекти аӊыктайт, — дейт окуу жайдыӊ жетекчиси Гульӊара Мукубаевӊа.

 Долбоорлор достук кызматта

 Коомдук өзгөрүүлөр, өткөөл мезгил, экоӊомикалык тартыштык окуу жайдыӊ ойдогудай билим берүүсүӊө терс таасириӊ тийгизди. Эў башкысы – материалдык-техӊикалык базаӊы чыўдоодо, адистерди сапаттуу даярдоо үчүӊ жаўы техӊологиялар меӊеӊ жабдууда, толук шарттарды түзүп берүүдө каржы булактары солгуӊдап турду. Иш издеӊүүӊү, келечекти көрө билүүӊү талап кылды. Дал ушул жагдайда долбоорлор меӊеӊ иштөө зарылчылыгы жаралды.

Ӊатыйжада, бүгүӊкү күӊгө чейиӊ тыгыз кызматташтыкта тургаӊ АӨБ, USAID, МЕРСИКО, ПРООӉ уюмдарыӊыӊ долбоорлоруӊ ишке тартып, жемиштүү ийгиликтерди жаратты. Талаптагыдай окуу имараты, класстык бөлмөлөрү тийиштүү жаўы мууӊдагы техӊологиялар меӊеӊ жабдылып, адистик алууӊуӊ айкыӊ жолдору ачыкталды. Мыӊдаӊ сырткары спорттук аяӊтча, зал, китепкаӊа билим алуу меӊеӊ деӊ соолукту чыўдооӊуӊ булагыӊа айлаӊды. «Тарых жаӊа мадаӊият жылыӊда» бабалардыӊ баскаӊ жолдоруӊүйрөӊүүдө, рухаӊий баалуулуктар меӊеӊ азыктаӊууда китепкаӊа тийиштүү китептерге бай. Өткөрүлгөӊ түрдүү иш-чаралардыӊөзөгү китепкаӊада түптөлүп, баалуу салымыӊ кошуп келет.

Ооба, жылдаӊ жылга кесиптик лицейдиӊ долбоорлор меӊеӊ достук кызматташтыгыӊыӊ тамыры тереўдеп, тармагы кеӊеӊдеп барат. Өзгөчө, «Ас-Сафа» Кувейт колдоо борборуӊуӊ көмөктөшүүсүӊдө окуу жай коўшулаш Паӊфилов райоӊуӊдагы К. Тилебалдиев атыӊдагы жетим балдар мектеп-иӊтерӊатыӊда келишимдик ӊегизде чач тарач, ашпозчу, тигүүчү адистериӊ кыска мөөӊөттүү курстарда даярдашып, бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү сертификат ыйгарышат. Бул саамалык Паӊфилов комплекстүү орто мектебиӊде да оруӊ алгаӊ. Ошоӊу меӊеӊ бирге Кара-Балта шаарыӊдагы №1 орто мектеп меӊеӊ кызматташуу плаӊдаштырылууда.

Ал эми ГЭФ-ФАО «Өзгөрүлгөӊ климаттыӊ шарттарыӊда жер ресурстарыӊ жаӊа тоо токойлоруӊ туруктуу башкаруу» долбоору меӊеӊ жакыӊ арада кызматташтык түзүлүп, багбаӊчылык багытыӊдагы адистиктиӊ иштери жаӊдаӊууда. Баса белгилеп кетүүчү жагдай: окуу жайдыӊ 40 га жер көмөкчү чарбасы бар. Аӊда алма, алмурут, өрүк  ж.б. бак дарактарды өстүрүүӊү практикалаӊууда.

Чет эл меӊеӊ байлаӊыш

 Арийӊе, айрымдарыбыз уул-кыздарыбыздыӊ чет мамлекеттердеӊ билим алуусуӊ каалайбыз. Бирок алгач өз Мекеӊиўдеӊ билим алып, адистикти үйрөӊүп, аӊдаӊ соў чет жактардаӊ окууӊу улаӊтуу да жемиштүү экеӊдигиӊ лицей өз практикасыӊаӊ тастыктап келет.

Маселеӊ, ӊемис тилиӊ мыкты өздөштүргөӊ окуу жайдыӊ окуучулары Гермаӊияӊыӊ «Лога» билим борборуӊаӊ жеке дыйкаӊ чарбачылыгы боюӊча билим алышып, аӊыӊ баалуу тажрыйбаларыӊ кыргыз жериӊде пайдалаӊып, жайылтып келишет. Ал эми Султаӊов Мамбет жакыӊда Иӊдоӊезияга сапар тартууда. Ал ислам уӊиверситетиӊ бүтүргөӊ. Учурда кесиптик лицейде ветериӊар-фельдшер адистигиӊде билим алууда. Араб тилиӊ мыкты билгеӊ Мамбет өз билимиӊ тереўдетүүӊү, тажрыйба топтооӊу максат тутат.

 

«Байыркылар баскаӊ жолу кылымда,

Тарых жаӊа мадаӊият жылыӊда» - дешкеӊ лицейдиӊ жамааты үстүбүздөгү жылда улуттук баалуулуктарды, рухаӊий жаралууларды даўазалоодо түрдүү иш-чараларды плаӊдаштырышкаӊ.

Тактап айткаӊда…

 - Орто кылымдыӊ даўазалуу өкүлү, түрк дүйӊөсүӊөөрӊөк, ойчул Жусуп Баласагыӊдыӊ 1000 жылдыгыӊ даўазалоодо уӊикалдуу «Кут алчу билимиӊ» тереў өздөштүрүү милдети чагылдырылгаӊ:

-Улуттук-боштоӊдук көтөрүлүштүӊ 100 жылдыгыӊа карата адабий-музыкалык композицияларды, тарыхый окуяларды сахӊалаштыруу, театрлаштыруу милдеттери коюлгаӊ;

- Тарыхый музейлерге саякат уюштуруу, мадаӊият, өӊөр адамдары меӊеӊ жолугушуу белгилеӊгеӊ;

- Эгемеӊдүүлүктүӊ 25 жылдыгыӊа карата «Кыргызстаӊ – меӊиӊ Мекеӊим» ж.б. тематикаларда ой толгоо, эссе, дилбаяӊ жазуулар, сүрөт көргөзмөсүӊ уюштуруу ж.б. такталгаӊ.

Кыскасы, келечеги кеў 102-кесиптик лицей жаштардыӊ сүйүктүү окуу жайы.

Ибраим Чотов, «КБӊыӊ» өз кабарчысы

ТИЛДИ ДЕӉГЭЭЛДЕП ОКУТУУ

$
0
0

Редакциядан: Бул темада казак тилиндеги илимий баяндаманы жакында электрондук почта аркылуу алдык эле. Биздин тилди деӊгээлдеп окутуу жаатында иштегендер бул эмгектен пайдалуу идеяларды табышы мүмкүн деп, бир келкисин которуп, жарыялап коюуну туура таптык.

 

Казак тилин деӊгээлдеп окутуу маселеси

 

Тилди көп баскычтуу деӊгээлдеп үйрөтүүнүн илимий-методологиялык жана методологиялык негизин иликтегенде, мамлекеттик тилди окутуунун инфратүзүмүн өркүндөтүү мезгил талабы экендигин эске алабыз.

Казакстан Республикасынын жалпы билим берүүчү орус тилдүү мектептеринде окуган окуучуларга казак тилин үйрөтүүнү көздөй турган; тилди өздөштүрүү деӊгээлдери менен ченемдерин аныктай турган; окуу-усулдук комплексинин ченемдик белгилерин, башкы максат-милдеттерин аныктай турган; ар бир деӊгээлге тиешелүү лексика-грамматикалык минимумдар менен билим мазмунун, анын өлчөмдөрү менен талаптарын камтый турган; казак тилин өздөштүрүүнүн башкы ыктарын белгилей турган мамлекеттик маанидеги окуу-усулдук комплексинин даярдалышы азыркы кездеги өзөктүү иш болууда.

Казак тилин деӊгээлдеп окутуунун өзектүүлүгү тилди деӊгээлдеп окутуунун негизги багыттарын айкындоого, анын предмет катары өзгөчөлүктөрүн иликтөөгө, мамлекеттик тилдин коомдогу ролун күчөтүүгө, тилдик билим мазмунунда улуттук, жалпы адамзаттык жана мамлекеттик баалуулуктарды ырааттуу жана толук кандуу өздөштүрүүгө, билим менен тарбиянын жаӊы парадигмаларын илимий-усулдук жагынан айкалыштыра билүүгө байланыштуу.

Казак тилин деӊгээлдеп окутуу:

• окуучулардын казак тилин өздөрүнүн муктаждыгына, талабына, жөндөмүнө карай үйрөнүшүнө мүмкүндүк жаратат;

• мамлекеттик тилдин катнаш функциясын түрдүү чөйрөлөрдө жүзөгө ашырат;

• казак тилин турмуштун ар кайсы жааттарында (тиричилик, окуу, эмгек, адабий, маданий, экономикалык, өндүрүштүк) колдоно билүүгө жол ачат;

• тил үйрөнүүчүнүн турмуштук кырдаалдарга байланыштуу оюн оозеки, жазма сабатын өнүктүрүшүнө мүмкүндүк берет;

• казак элинин рухий маданиятын башка элдерге тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет;

• окуучуга курчап турган чөйрө жана келечектеги жарандык коомго шайкеш коомдогу карым-катышты өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин казак тили теориясы менен методикасы кафедрасынын тилчи окумуштуулары менен өлкөбүздөгүөзгө тилдүү мектеп-лицейлерде иштеген мугалимдер авторлошуп республикадагы жалпы билим берүүчү орус тилдүү мектептердин 1-11-класстарында казак тилин деӊгээлдеп окутууга арналган стандарт, типтүү программа жана окуу-усулдук комплекс даярдалды.

Тил үйрөнүүнүн эл аралык үлгүлөрү менен европалык тил эталондорун жана дүйнөлүк мейкиндиктеги тилдик билимди баалоо ыӊгайларын эске алып, Казакстанда үзгүлтүксүз билим берүү тутумунда (бала бакча – мектеп – колледж – ЖОЖ – ЖОЖдон кийинки билим: магистр, докторант – мамлекеттик кызматкерлер) казак тилин деӊгээлдеп окутуунун өзүнчөүлгүсү сунушталды.

Жөнөкөй деӊгээл А 1

Баштапкы билгилик

Негизги деӊгээлА2

Босого алдындагы билгилик

Ортоӊку деӊгээлВ1

Калыпташкан билгилик

Ортодон жогорку деӊгээлВ1+

Тереӊдете калыпташкан билгилик

Жогорку деӊгээлВ2

Кесипке шайкеш тереӊдетилген орто билгилик

Жетик деӊгээлВ2

Кесипке шайкеш тереӊдетилген

толук билгилик

С1

Кесипке шайкеш тереӊдетилген

жетик билгилик

С1+

Кесипке шайкеш тереӊдетилген

эркин билгилик

 

Казак тилин деӊгээлдеп окутууга арналган жалпы билим берүүчү орус тилдүү мектептердин 1-11-класстарын камтыган стандарт көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:

Үзгүлтүксүз билим берүү баскычтары Класстар Деӊгээллер Игерим   аталыштары
Башталгыч мектеп 1-4 А1 карапайым деӊгээл 1-класс А1 Баштапкы жеӊил билгилик

2-класс А1.1 Баштапкы орто билгилик

3-класс А1.2 Баштапкы толук билгилик

4-класс А1+ Баштапкы жетик билгилик

Негизги мектеп5-7А2 негизги деӊгээл5-класс А2.1 Калыпташуу алкагындагы орто билгилик

6-класс А2.2 Калыпташуу алкагындагы толук билгилик

7-класс А2+ Калыпташуу алкагындагы жетик билгилик

Жалпы орто мектеп8-9В1 орто деӊгээл8-класс В1 Калыпташкан толук билгилик

9-класс В1.1 Калыпташкан жетик билгиликЖогорку класстар10-11В1+ ортодон жогору деӊгээл10-класс В1.2 Тереӊдетиле калыпташкан толук билгилик

11-класс В1+ Тереӊдетиле калыпташкан жетик билгилик

Жалпы билим берүүчү орус тилдүү мектептердин 1-4-класстарына арналган окуу-усулдук комплекс ар класска арналган окуулуктан, мугалимдин колдонмосунан (методика), жазуу дептерден, дидактикалык материалдан жана лексикалык минимумдан (сөздүк) турат. Ал 5-11-класстардын окуу-усулдук комплекси окуулуктан, мугалимдин колдонмосунан (методика), дидактикалык материалдан, лексикалык минимумдан турат.

1-4-класс окуу-усулдук комплекси жөнөкөй деӊгээлди, 5-7-класс негизги деӊгээлди, 8-9-класс орто деӊгээлди, 10-11-класс ортодон жогору деӊгээлди камтый келип, 1-4-класстар — «Тилашар», 5-7-класстар — «Бойтумар», 8-9-класстар – «Тил Орда», 10-11-класстар – «Алдаспан» деп аталат.

Карапайым деӊгээлдин («Тилашар» 1–4-класстар) идеясы — «Мектептин тили боло албаган тил мемлекеттин тили боло албайт» /Х. Досмухамедулы/. Негизги деӊгээлдин («Бойтумар» 5 – 7-класстар) идеясы – «Окутуу окуулуктан турмушка карай эмес, турмуштан окуулукка карай жүрүүгө  тийиш» /Ж. Аймауытов/. Орто деӊгээлдин («Тилорда» 8 – 9-класстар) идеясы – «Мугалим аз үйрөтсүн, окуучу көп үйрөнсүн» /Я. Коменский/. Ортодан жогору деӊгээлдин («Алдаспан» 10 – 11-класстар) идеясы – «Маданияттуу тил гана баркталат» /Р. Сыздык/.

Казак тилин деӊгээлдеп окутуунун базалык-ченемдик документтеринин – Тил стандарты менен программалары, окуулуктары менен окуу-усулдук комплексинин коммуникативдик максатка багытталган орток принцип негизинде даярдоонун билим сапатын арттыруунун маанилүү таянычы катары мамлекеттик тилдин кеӊири колдонулушун камсыздайт.

Ошондуктан бул документтер тутумдуу, өз ара шайкеш иштелип чыгышы керек.

КР жалпы билим берүүчүөзгө тилдүү мектептеринде «Казак тили» предметин деӊгээлдеп окутууга арналган тил стандарты – Казакстан Республикасынын үзгүлтүксүз билим берүү жаатындагы мамлекеттик стратегияны жүзөгө ашыруучу; билим мазмунунун негизги багыттарына ылайык казак тилин деӊгээлдеп окутуунун методологиялык негиздерин; парадигмаларын, принциптери менен эрежелерин, тил билүү деӊгээлдерин аныктай турган; тил үйрөнүүчүлөрдүн ар деӊгээл боюнча жетишүүсү көздөлгөн билим мазмунунун көлөмүн, окуу жүктөмүн жана билим, билгичтик, көндүмдөргө коюлган талаптарды, сүйлөө көндүмдөрүн баалоонун көрсөткүчтөрү менен өлчөмдөрүн аныктай турган; тил үйрөнүүнүн европалык, эл аралык баалоо ыктарын иликтеп, талдап, Казакстан Республикасынын өзгөчөлүктөрүнө шайкеш максат-милдеттерди белгилей турган, аларды коммуникативдик-функционалдык өӊүттөн айкындай турган базалык-ченемдик документ.

Стандарт иштеп чыгууда тилди өздөштүрүүнүн эл аралык үлгүлөрү менен европалык тил эталондору, билимди баалоонун дүйнөлүк усулдары каралды. КР үзгүлтүксүз билим берүү баскычтарында тилди окутуу маселелери иликтенип, талкууланды. Ошентип, Казакстанда мамлекеттик тилди деӊгээлдеп окутуунун багыттары айкындалды.

 

ОРАЗБАЕВА ФАУЗИЯ ШАМСИ КЫЗЫ,

КР УИА корреспондент-мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору,

Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык  университетинин профессору

 

АБИТУРИЕНТ, ЖОГОРКУ БАЛЛ ТОПТОП, КЕЛЕЧЕГИӉЕ ЖОЛ АЧ!

$
0
0

ЖРТдан 110 баллдан жогору топтогондор гана ЖОЖго кабыл алынат

Быйыл жогорку окуу жайына былтыркыдай эле негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60 баллдан жогору балл топтогон абитуриенттер гана кабыл алынат. Бул тууралуу 26-февралда Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева министрликте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо мурдагы жылдарга караганда эрте башталды. Тестке каттоо 15-февралдан бери жүрүп жатат жана ал  7-апрелге чейин созулат. Ал эми тестирлөө 16-майдан 21-майга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Жылдагыдай эле бюджеттик орундарга тапшырууну каалаган абитуриенттер негизги тест жана предметтик тест тапшырышат. Негизги тест математика, аналогия жана кошумча сунуштар, текстти окуу жана түшүнүү боюнча тест жана абитуриент тандап алган тилинде практикалык грамматикадан турат. Предметтик тестте болсо алты предмет сунушталат: химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тили.

Контракттык негизде окутуунун бардык формаларына (күндүзгү, сырттан окуу, кечки жана дистанттык) тапшырууда дагы негизги тест милдеттүү болуп саналат жана абитуриент тандап алган адистигине жараша кошумча предметтик тесттерди тапшырууга милдеттүү.  Предметтик тесттердин жыйынтыктары абитуриентке дал келген  багыттагы бөлүмдөргө кабыл алууда артыкчылык укугуна ээ кылат.  Предметтик тесттерди абитуриент тандаган адистигине жараша өзү тандап алат.

- Республика боюнча 130 тест борбору уюштурулду. Мектепти быйыл бүтүп жаткан окуучулардын бардыгы окуп жаткан жеринен эле каттала алат. Ал үчүн атайын жооптуу кишилер дайындалган. Алар каттап алгандан кийин бардык документтерди бизге жиберишет. Ар бир мектепте ата-энелер, окуучулар үчүн жыйындар өтүп, окуучуларга ЖРТ деген эмне, эмне үчүн тесттен өтөт, катталуунун жолдору, предметтик тесттерди туура тандоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, — дейт Билимди баалоо жана окутуу усулдар борборунун директору Инна Волькова.

Жалпы республикалык тестке ким катыша алат?

 Быйыл ЖРТга мектепти, техникум, колледж жана кесиптик лицейлерди жаӊы бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөр жана учурда жогорку окуу жайында окубаган, мектепти мурда бүтүп кеткендер дагы катыша алышат. Мурунку бүтүрүүчүлөр жашаган аймактарындагы билим берүү бөлүмдөрүнөн каттоодон өтүп, тестти ошол жактан тапшырышат. Андан сырткары Кыргызстандын ЖОЖдорунан контракттык негизде билим алууну каалаган чет мамлекеттик бүтүрүүчүлөр жана мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык Россия, Казакстан, Тажикстан жана Белорусиянын абитуриенттери дагы бюджеттик негизде окууга өтүүүчүн ЖРТ тапшырса болот.

 Жалпы республикалык тестке кантип катталса болот?

 Бүтүрүүчүлөр тест тапшыруу үчүн өздөрү окуп жаткан билим берүү мекемесинен каттоодон өтүшөт. Ал үчүн абитуриенттин колунда паспорту (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, инсандык күбөлүгү), бир жылдан ашпаган мөөнөт ичинде тартылган 3х4 см. өлчөмүндөгү эки сүрөт жана ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция болушу керек. Эскерте кетүүчү жагдай, быйылтан баштап 16 жашка чыккан бүтүрүүчүлөр паспорт менен гана каттала алышат. Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү болсо жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары  паспортун жана орто билими жөнүндө аттестатын көрсөтүшү керек. Тестке каттоо акысы — негизги тест үчүн 260 сом, ар бир предметтик тест үчүн 260 сомду түзөт.

- Быйыл тестке каттоо ишине өзгөртүү киргиздик. Эгерде окуучу 16 жашка чыккан болсо аны паспорт менен гана каттап, тестке паспорт менен гана киргизебиз. Мурунку жылдардагыдай паспорт ала элекмин деп ар кандай шылтоо айткандарга эч кандай жеӊилдиктер берилбейт, — дейт Инна Волькова.

Тестке кантип даярданса болот?

 Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Борбор абитуриенттерге тестке даярдануу үчүн жаӊы колдонмолордун топтомун сунуштайт. Аларды сатып алуу үчүн ББОУБнун кеӊсесине кайрылса болот же болбосо өзү окуган мектеби аркылуу буйрутма менен ала алат. Колдонмолордун топтомунда теориялык материалдардан сырткары былтыркы жылы киргизилген тесттер дагы бар. Андыктан бул колдонмолор менен абитуриент теориялык жактан гана даярданбастан алдын ала тесттен дагы өтүп көрсө болот. Андан сырткары Интернет сайт дагы иштөөдө.  www.testing.kg. сайтынан өзүнүн билим деӊгээлин текшергиси келген ар бир абитуриент он-лайн режиминде алдын ала даярдык тестинен өтсө болот. Тесттин эрежелери, тестке даярдануунун жол-жоболору, предметтик тестти жаӊылбай тандоо үчүн сунуштар, каттоого керектелүүчү документтер тууралуу кенен маалымат дагы ошол сайтта жайгашкан.

Коопсуздук эрежелери күчөтүлдү

 Тест жүрүп жаткан учурда ар кандай тартип бузууларды алдын алуу үчүн быйыл коопсуздук эрежелери күчөтүлдү. Тестке жашыруун түрдө тартып алуучу аппараттарды же чөнтөк телефонун алып кирген окуучу дароо тесттен чыгарылат жана кайрадан тест тапшыруу укугунан ажыратылат.

- Былтыр тест жүргүзүү учурунда балдар тапшырмаларды тартып алышып Интернет баракчаларына жарыялап жиберишкен. Мындай тартип бузууларды болтурбоо үчүн быйыл коопсуздук эрежелерин күчөттүк. Тестке кирерде ар бир баланы текшерип чыгабыз. Чөнтөктөрүндө дагы ашыкча эч нерсе болбошу керек. Керек болсо көз айнектеринен өйдө текшеребиз. Эгерде кандайдыр бир көчүрүп алуучу аппараттар менен окуучулар кармалса, аларга эч кандай кечирим болбойт, — дейт Инна Волькова.

Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзаменди тест менен тапшырышат

 

Быйыл облустук борборлордо жайгашкан мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерин тест аркылуу тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын айтымында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас, Каракол жана Токмок шаарларындагы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү мурдагыдай июнь айында жалпы мамлекеттик экзаменди тапшыруунун ордуна апрель айында тесттен өтсө болот. Ар бир бүтүрүүчүнүн тесттен алган баасы аттестатына жазылат. Эгерде бүтүрүүчү  тесттен алган баасына канааттанбаса, анда ал июнь айында кайрадан жалпы мамлекеттик экзамен тапшыра алат. Бул тестирлөө акысыз Улуттук тестирлөө борбору тарабынан жүргүзүлөт. Тест ар бир облустун өзүндөөтөт. Тестти Улуттук тестирлөө борборунун кызматкерлери жер-жерлерге барып өздөрү алышат.

- Биз мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ыӊгайлуу болсун деп ушул жолду пилоттук негизде киргизип жатабыз. Буга чейин Талас облусунда пилоттук долбоор катары аппробациядан өткөрдүк. Буюрса, эмдиги жылдан баштап республикадагы бардык мектептерге киргизебиз деген ойдобуз. Мунун жакшы жери — бир күндө эле окуучу тест аркылуу билим деӊгээлин тастыктап алат. Бул тестирлөө, биринчиден,  окуучунун мектеп программасын канчалык деӊгээлде өздөштүргөндүгүн объективдүү баалоо үчүн зарыл. Себеби биз мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу борборун ачып жатабыз. Мугалимдердин билим деӊгээлин билүүүчүн окуучунун билим деӊгээлин текшеришибиз керек болууда. Экинчиден, окуучулар жалпы мамлекеттик экзаменди өзүнүн мектебинен тапшырганда алардын билими шартка жараша ар кандай бааланып калууда, көтөрмөлөп койгон учурлар дагы жок эмес. Жыйынтыгында окуучунун чыныгы билим деӊгээли аттестаттагы баасына төп келбей калууда, — дейт министр Эльвира Сариева.

Министрдин айтымында, мугалимдерди аттестациядан өткөрүп жатканда дагы бул тесттин жыйынтыгынын жардамы тиет. Себеби мугалимдин берген сабагынын сапаты баланын билим деӊгээлинен билинет.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Viewing all 382 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>