Quantcast
Channel:
Viewing all 382 articles
Browse latest View live

“МЕКТЕП ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ”

$
0
0

Бишкектеги №78 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары

Чынара Курманалиева:

 8-март жаз майрамынын алдында 35 жылдан бери бөбөктөр дүйнөсүнө сүӊгүп, алар менен кошо күлүп, сүймөнчүлүгүнө айланган Эл агартуунун мыктысы, №78 мектеп-гимназиясынын окуу–тарбия иштери боюнча директорунун орун басары, орус тили жана адабияты мугалими  Курманалиева Чынара  Сагынбековнаны  кепке тарттык.

- Адам болуп калыптаныш үчүн жеке мугалимдин эле эмес, ата-эненин берген  тарбиясынын салымы да чоӊ эмеспи. Ошондуктан,  Чынара эже, алгач үй-бүлөӊүз жөнүндө айта кетсеӊиз.

- Ооба, чындыгында алгачкы мектеп үй-бүлөдөн башталат эмеспи. Ыраматылык ата-энемдин уюткулуу сөздөрү кулагыма сиӊип калгансып, азыркы күнгө чейин оюмдан кетпейт. Ал кишилердин көрөӊгөлүү акылдары, нускалуу насааттары менен өсүп чоӊойдум. Мугалимдик кесипти тандап алганыма  да ал адамдар себепкер.  Сегиз бир туугандын экинчисимин. Бир туугандарым баары өзүнчө түтүн булатышып, өз-өзүнчө шаар болуп, ар кайсы тармактардын ээси. Эки кыздын энесимин, атасы каза болуп калганына  13  жылдын жүзү болду. “Атасыз өскөн, жетесиз” дедирбейин деп ата ордуна ата болуп, сыртка чыгып эркектин ишин, үйгө кирип аялдын ишин жасап жүрүп кыздарымды эрезеге жеткирдим. Улуу кызым Мээрим “Таатан” соода-комплексинде сатуучу болуп эмгектенет. Экинчи кызым Жайнагүл турмушка чыгып, мени неберелүү (жээндүү) кылды. Небере жытын жыттап дем-күч алып жаткан мезгилим.

- Басып өткөн жолуӊузга көз жүгүртсөк, көптөгөн ийгиликтерди багындырып, алдыӊкы сыйлыктардын ээси болуптурсуз. Мыкты мугалим болуш үчүн кандай болуш керек деп ойлойсуз? Негизи эле сиз сабактарыӊызда кандай ыкмаларды колдоносуз?

- Коом өнүккөн сайын адамдардын заманга болгон көз карашы да өзгөрүп жатпайбы. Азыркы балдарды окутуп-тарбиялоодо өтө чоӊ жоопкерчилик жатат. Мурда мен окуумду аяктап, жаӊы мугалим болгон кезде балдар башка эле, азыр такыр башка балдар. Технологиянын өнүккөн доорунда балдарга мурдагыдай салттуу сабак берүү талапка жооп бербейт.  Коом өнүккөн сайын мугалим да кошо ар тараптуу изденип, ошол учурга, ошол талапка жооп бергидей болушу керек. Башкача айтканда, мугалим – компетенттүү болушу шарт. Анткени бүгүн мектеп кайра түзүлүү тагдырына туш келип олтурат. Мындай кырдаалда кол куушуруп олтуруп калбай, чыгармачылык менен изденип, улам жаӊы ыкмаларды үйрөнүп келем. Окуучулар менен иштөөдө “Сынчыл ойлом”,  “Инклюзивдик окутуу” программаларынын стратегияларын, оюн ыкмаларын иш тажрыйбамда үзүрлүү колдонуп  келе жатам. Дегеле, жогорку окуу жайдан  алган 5-6 жылдык билим менен эле чектелип калууга болбойт.

- Окутуп-тарбиялоодо жана агартуу тармагынын өркүндөтүү ишинде мугалимдерге өзгөчө милдет тагылган. Ошол жоопкерчиликти сиз жон териӊиз менен сезип жатасыз десем жаӊылышпайм го. Эгерде, Чынара эже, сизге кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе кайсы кесипти тандайт элеӊиз?  

- Менден дүкөнчү чыкмак эмес, дароо эле төлөмөр болуп, чыгымдарымды жаба албай калмакмын деп кээде тамашалап калам. Мен өз кесибимди, окуучуларымды, кесиптештеримди жакшы көрөм. Кайра жаралсам деле эч ойлонбостон мугалимдик кесипти тандаар элем.

- Адамдар мугалимдерди коомдун түркүгү, жакшылыктын жарчысы катары таанышат эмеспи. Мугалимдер бардык учурда эле идеалдуу  болушабы же алардын арасында да өз ара келишпестиктер болобу?

 - Негизинен эле адам баласына эч нерсе жакпайт го. “Акырын бассаӊ аксак, катуу бассаӊ таскак”, деп коюшат го бизде. Директордун орун басары болгондуктан, албетте, келишпестиктер, түшүнбөстүктөр, көрө албастыктар менен эле катар мугалимдер арасында атаандаштыктар да кездешпей койбойт. Баарына түшүнүү менен мамиле кылып, ар кимдин көйгөйүн туура чечүүгө көмөктөшүп келем.

 - Сизди эмне кубандырат?

- 1986-жылы Бишкектеги (Фрунзе) педагогикалык институтунан орус тили жана адабияты адистигин аяктагам. Көлмө жаӊы конушуна №78 орто  мектеп ачылгандан бери үзүрлүү эмгектенип келатам. Мектебибиз гимназия  статусуна ээ болгонуна мына быйыл үчүнчү жылга карады. Мугалимдерди конкурстарга даярдоо, окуучуларды олимпиадага жана ЖРТга даярдоо да чоӊ эмгекти талап кылат. Эмгекти текке кетирбей байгелүү орундарды багынтса, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүшсө, эӊ башкысы — окуучуларым келечекте өз ордун таап, адам деген атка татыктуу болсо, бул менин жеӊишим дээр элем. Жалпысынан мектепке жасаган ар бир ишим, ар бир эмгегим мага  кубаныч тартуулайт.

- Бир келген ушул жарык дүйнөдөн негизи эле адам баласы армансыз өтпөйт экенбиз. Сиз эмнеге арман кыласыз?

- Бул дүйнөдөн ата-энемдин эрте көз жумганына кейип кетем. Менин балдарымдын ийгиликтерине кубанып, төрдүн көркү болуп, жакшылыктарында төрүнө олтура албай калышты. Ата-энеме эми гана сый көргөзүп, белек-бечкек бергенге жарап калган кезимде жанымда жок болгондугу – түгөнгүс, орду толгус арманым. Ар дайым С.Каримованын аткаруусундагы “Атама”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу ырларын укканда капа боломун.

- Чынар эже,  маегиӊизге ракмат. Сизди ата-энеӊиздин арбагы колдоп жүрсүн. Жаш жеткинчектерди билим көлүнө сугарып, жаӊы муундарды татыктуу тарбиялай бериӊиз. Алдыдагы 8-март жаз майрамыӊыз менен чын дилден куттуктап кетмекчибиз. Ишиӊиз ар дайым ийгиликтүү боло беришине тилектешпиз.

 Аӊгемелешкен:  Халида  Токоева


ЖАЗ МАЙРАМЫНА ЖАӉЫ ИЙГИЛИКТЕР

$
0
0

Билим берүү системасындагы бийиктиктерди жаратуу, инновациялык табылгаларды окуу-тарбиялоо процесстеринде таратуу — агартуу кызматкерлеринин ыйык парзы, милдети экендиги талашсыз. Мындай жооптуу, ары ардактуу жумуштарды жүрөгүнө тумардай түйүшүп, кут сымал түнөтүшкөн Чүй облусунун Сокулук районундагы окуу-тарбиялоо мекемелеринин кызматкерлери жылдан-жылга жогорулатылган жетишкендиктерди жаратып келишет. Мындан агартуу тармагында да жаӊы идеялар жаратылып, педагогикалык, методикалык жактан тереӊ изилденип иштелип, билим сапатын көтөрүүдөөз натыйжасын берип турганын төмөндөгү жагдайлардан байкоого болот.

      Окуучу – мугалимдин күзгүсү

 Жакында өткөрүлгөн облустук олимпиадага кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил сабактарынан Сокулук районунан 6 окуучу катышышкан. Өздөрүнүн билимге болгон тыкан ынтызарлыгын, дасыккан даярдыктарын көрсөтүшүп, мектептин, райондун туусун көкөлөтүшүп, намысын коргошуп, алтоо теӊ байгелүү орундарды ээлешти.

Атап айтсак,  Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча:

1-орун Атаяр кызы Манзура, Новопавловка гимназия орто мектебинин 11-классынын окуучусу (муг. Т. Сатарбаева)

2-орунЖолдошбек кызы Дильшат, Шопоков шаарындагы №1 гимназия орто мектебинин 10-классынын окуучусу (муг. С. Бердалиева)

3-орунШабданова Гулайым, Шопоков шаарындагы №2 гимназия орто мектебинин 11-классынын окуучусу (муг. Т. Токтоналиева).

Мамлекеттик тил боюнча:

1-орунТаалайбек кызы Гулира, Новопавловка гимназия орто мектебинин 11-классынын окуучусу (муг. Б. Жусупбекова)

2-орундардаКанатбек кызы Алтынай, Р. Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинин 11-классынын окуучусу (муг. Ч. Абейльдиева) жана Максатбек кызы Гульнура, Төмөнкү-Чүй №1 орто мектебинин 10-классынын окуучусу (муг. Г. Ураимбекова) ээ болушту.

 Жогорудагы сыймыктануу менен аты аталган окуучулар, байгелүү орундардын ээлери – мугалимдердин сыймыгы, билимдеги баалуу сыйлыгы  болуп калышты.

Албетте, ийгилик изденүүдөн, жаӊылык жаӊылануудан жаралат эмеспи. Бардык окуучуларыбыздын бактысына төп келген билимдеги жеӊиштери келечек муундарыбыздын жаркын жашоосунун ачкычы болсун. Окуучу – мугалимдин күзгүсү дешет сыймыктануу сезимдерин, канаттуу ойлорун ортого салган мугалимдер.

 Тил – улут бактысы,дил – жүрөк ачкычы

 Арийне, ар кандай ийгиликтин ачкычы, башаты – ишти туура уюштура билүүдөн, пландаштыруудан эмеспи. Окуучуларды олимпиадаларга катыштыруу, натыйжалуулугун жогорулатуу, дыкат даярдыктарды көрүү максатында райБББнын адистери Абыканова Зейнебүбү Турумбековна жана Молдалиева Максат Усенбаевналардын жетекчилигинде уюштуруу тобу түзүлгөн. Аталган топ иш-чараларды белгилешип, билим алуунун бардык баалуу булактарын билгичтик менен колдонушуп, зор жетишкендиктерди жаратышты.

- Ырас, «тарых жана маданият жылы» жөнүндөгү Жарлык ишибизди жандантты. Олимпиададагы ийгилигибизди  даӊктуу жылга аз болсо да билим берүүдөгү салымыбыз деп билебиз. Жарлыкта көрсөтүлгөн бардык иш-чаралар боюнча даярдыктар тереӊ жана кенен жүргүзүлүүдө. Өзгөчө, залкар ойчул, караханиддер доорунун залкар акыны Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөөдө, анын «Кут алчу билим» чыгармасын окутууда, баатырлар баяндарын балдарга үйрөтүүдө,  эгемендүү элибиздин 25 жыл ичиндеги тарыхый таржымалын ж.б. жаш муундарга сиӊирүүдө,  алар боюнча адабий-музыкалык композицияларды түзүүдө, кечелерди өткөрүүдө жана Чүй облусунун 90 жылдыгына карата даярдыктарды көрүүдө мугалимдер негизги фигура болуп саналат.

- «Бүгүн сен басып жаткан жолду башкалар салган»  дешет байыркы ойчулдар. Туура. А сен өзүӊдүн жолуӊду кантип, кайдан баштайсыӊ деген соболдорго окуучуларды түйшөлтүп, жандырмагын билим аркылуу гана ачууга боло тургандыгын турмуштук далилдер менен ынандыруубуз зарыл, — дешет райондук кыргыз тили, адабияты жана мамлекеттик тил боюнча усулдук бирикменин жетекчилери Алтын Орозалиева жана Кенже Жаманкуловалар.

 

Сиздерди жаркыраган 8-март жаз майрамыӊыздар менен куттуктап, төмөндөгү ыр саптарын сунабыз.

 Секин сүйлөп, дайым ачык кабагыӊ,

Сылап коюп, чачтарынан баланын.

Дил азыгын жан дүйнөӊө ширелтип,

Дептерлердин толтурасыӊ барагын.

Бүтпөс дастан, өмүр жолуӊ баяныӊ,

Кармабадыӊ көрүнгөндүн таягын.

Учуп кетет байлык, бийлик дегениӊ,

Унутулбайт сенин ар бир сабагыӊ.

Ибраим Чотов, «КБнын» өз кабарчысы

КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫЛ ТУУСУН ЖЕЛБИРЕТИП

$
0
0

Редакциядан: Эгемен өлкөбүздү дүйнөгө таанытар эн белгилеринин бири – бул Мамлекеттик Туу. Улуттук майрамыбызды тосуп жатып, ушул рухий дөөлөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун, Бишкек шаарынын Гербинин авторлорунун бири, белгилүү этнопедагог Сабыр ИПТАРОВдун түшүндүрмөсүн окурманга жеткирип коюуну туура таптык. Арабыздан эрте кеткен замандашыбыз улуттук Туунун мыкты идеологу, нукура элдик философ эле…

Тарыхый тамыр, улуттук уӊгу

 Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан кийин Кыргыз Республикасынын жаӊы мамлекеттик символдорун (желек, гимн, герб) иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 1992-жылы ачык конкурс жарыялаган. Конкурска бардыгы болуп желектин, гербдин жана гимндин 1000ден ашык варианты келип түшкөн.

Аларды тандап алуу үчүн Жогорку Кеӊештин депутаттарынан жана адистерден турган атайын жумушчу комиссиясы иштеп (бардыгы 50дөн ашык адам), коомчулуктун пикирин эске алуу максатында бардык варианттар КР Мамлекеттик сүрөт музейинде бир айлык мөөнөткө көргөзмө-талкууга коюлган.

 Ошондон кийин гана жумушчу комиссиясы коомчулуктун пикирин эске алуу менен 2 ай бою тийиштүү варианттарды талкуулап, тандап алынган варианттарды Жогорку Кеӊештин кароосуна койгон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан кабыл алынган. Желектин авторлору: Э.Айдарбеков, Б.К.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.

Тууда чагылдырылган символдор

 Мамлекеттик желек – элибиздин рухий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун, эстетикалык татымын ж.б. чагылдырган символ. Желектин үлгүсүн иштеп чыгууда эки маанилүү нерсеге көӊүл бурулган: А. Желектин түсү кандай болуш керек? Б. Желекте кандай белги (символ) чагылдырылышы керек?

Желектин түсүнө токтолууда үч негизги булак чечүүчү ролду ойногон: 1. Элдик санжыра; 2. «Манас» эпосу; 3. Реалдуу тарыхый чындык.

1. Элдик санжыра боюнча кыргыздын ар бир уруусу өз желегин көтөргөн. Ар бир уруунун өз урааны, тамгасы болгон. 14-15 к. үч чоӊ уруу бирикмеси түзүлгөн: Оӊ канат, Сол канат, Ичкилик. Канатка кайсы уруу жетекчилик кылса, туу, ураан, тамга ошого жараша өзгөргөн. Элдик санжырада Оӊ канаттын туусу – көк, Сол канаттыкы – ак, Ичкиликтики – кызыл болгон деп айтылат.

Оӊ канатка (Ак уул) – адигине багыш, моӊгуш, азык бугу, солто, сарыбагыш, моӊолдор, кара чоро, саяк ж.б. уруулары кирген. Урааны – жаӊкороз, туусу – көк асаба болгон. Бул түс Кыргыз ССРинин туусунда камтылган. Т.Сыдыкбеков «Көк асаба» деген роман жазган. Ал санжырачы Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы», окумуштуу Сабыр Аттокуровдун «Кыргыз санжырасы» деген эмгектеринде кеӊири тастыкталат. Бул түс Манастын чоросу Чубакка таандык сыпатталат (минген аты Көгала (Көк+ала). Ал – намыскөй, өжөр, тайманбаган (көк) баатыр.

Сол канатка (Куу уул) – басыз, жетиген, кытай, мундуз, кара багыш, саруу, кушчу, кылыч тамга ж.б. уруулары кирген. Урааны – көмөк, кийин каратал, тамгасы – кашка таман, туусу – ак болгон.

Ичкилик уруу бирикмесине – абат, бостон, жоо кесек, кесек, нойгут, тейит, канды, дөөлөс, найман, кыпчак, оргу ж.б. уруулар кирген. Туусу – кызыл болгон.

2. «Манас» эпосу. 1856-жылы Ч.Валиханов Ысык-Көлгө келип Көкөтөйдүн ашын жазып алат. Көкөтөй уулу Бокмурунга керез айтат. Манаска, Кошойго жаш Айдардан кабар жиберет. «Антын сактап келбесе, журтун журттап келбесе, таарынбасын өзүмө, көрүнбөсүн көзүмө. Айчыгы алтын кызыл туу ордосунда көрсүн де». Манаска келсе ал «алтын танап, ак чатыр, асмандата тигиптир, күмүш танап, көк чатыр көкөлөтө тигиптир, ала байрак, куу найза, жоодураган кырк чоро, он эки таман ордо атып, оюн-күлкү салыптыр». Бул текстте 7-8 жолу кезигет.

С.Орозбаков менен С.Каралаев айткан «Манас» эпосунун варианттарында Манастын туусу ар кандай түстө: «ак», «көк», «кызыл» деп айтылат. Анын ата-бабаларынан мурастап алган уруулук жана хандык туусу бардык варианттарда «айчыктуу кызыл туу» деп айтылат. Айчык – туудагы айдын элесин берген белги. «Айчыгы алтын кызыл туу, Оболотуп аштады, Тойду Жакып баштады», «Ак асаба, кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу. Көк асаба, кызыл туу, Көк жаӊырган ызы-чуу» ж.б.

3. Чыныгы реалдуу тарыхый булак. Биринчи кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев бүт кыргыз санжыраларынын негизинде «Кызыл кыргыз тарыхы» деген китеп жазган. Кыргыздар мамлекеттүүлүккө Октябрь революциясынан кийин ээ болду. А.Орозбеков, Ж.Абдракманов, Б.Исакеев, Т.Айтматов, И.Раззаков ж.б. башында туруп кабыл алынган Кыргыз ССРинин (1936-ж.) туӊгуч мамлекеттик желегинин негизги түсү кызыл болуп, ортосунда көк жана ак тилкелери болгон. Желектин жогорку сол бурчунда сары түстөгү ашташкан орок-балка, андан жогору беш жылдыз тартылган. Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеӊиштин туусу кызыл болгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо (1992-ж.) Манастын кызыл туусу кабыл алынган.

Ага ааламдын түркүгү – Күндүн, адамдын түркүгү – Түндүктүн элеси түшүрүлгөн. Күндөн чачыраган 40 нур («кырк гуз» – кыргыз) кырк уруудан куралган кыргыз элин билдирген. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун билдирген кыргыз оюму менен берилген.

Туудагы түстөр жана символикалык белгилер

 Ак түс – акыйкаттыктын, айкөлдүктүн, адилеттиктин, жакшылыктын, кечиримдүүлүктүн, тазалыктын символу. «Манас» эпосунда Манас атабыздын ичи да, тышы да ак түс менен сыпатталат (ак пейил, ак жүрөк, ак көӊүл, Ак кула, ак олпок, ак келте, ак шумкар, ак кементай ж.б.) Элибизде ыйыктык «ак» деген сөз менен туюнтулат (Жараткандын бир аты – Ак, ак – эненин сүтү, ак – ыйык азык, ак бата – ыйык бата ж.б.).

Көк түс – ай-ааламдын, асмандын, чексиздиктин, күчтүүлүктүн, кайраттуулуктун, эрктүүлүктүн, тайманбастыктын символу. Көк Теӊирге (көккө) сыйынуу – элибиздин рухий ишенимдеринин туу чокусу. Ак-көктү айра таануу – акыл-эске толуу, турмушту түшүнүү ж.б.

Кызыл түс – бийликти, жеӊишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанатты сыпаттаган түс. Хан көтөрүлгөндө ага арнап атайы кызыл кийим тигишкен.

Күн – өмүрдү, түбөлүктүүлүктү, мээримдүүлүктү, айкөлдүктү, күнөстүүөлкөбүздү, илим-билимди, бейпилдикти, теӊчиликти, жылуулукту туюнтат. Тарыхый булактарда Гунндар (Күн балдары) – кыргыздын түпкү аталары делет.

Кырк нур – кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин түзгөн кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген.

Түндүк – көчмөн маданиятын, өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, өнүгүп-өсүүнү, ата салтын, эне адебин, үй-бүлөнү туюнткан символ. Түндүк – Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабадан мурастап алган мөөр-тамгасы. Ал эч бир өлкөнүн символунда жок, уникалдуу, ыйык таберик. Күн түндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү – Кыргызстанды – көтөрүп турган көп улуттуу калктарды да элестетет.

Философиялык мааниде түндүк – «төгөрөктүн төрт бурчу» деген ой-туюмун чагылтып, ааламдын, жер шарынын, адамзаттын, коомдун бүтүндүгүн, мезгил менен мейкиндиктин ажырагыс биримдигин сыпаттап турат. Айлана – башы-аягы жок мезгилди, ашташкан чамгарактар – дүйнөнүн төрт тарабын туюнтат.

 Ааламдын куту – Күн. Адамдын куту – Түндүк. Аалам адамга түндүк аркылуу кут тартуулайт. Күнтүндүктүн символикасы – Жараткан ар дайым Жарандарга ырайымдуу болуп, нурун төгүп, Жарандар ар убак Жаратканды эстеп, жадынан чыгарбай жүрсүн деген үмүт-тилектин белгиси.

 Ч.Айтматов жазгандай, кыйыр-чеги жок кеӊ ааламдын койнунда, булуттуу көктүн астында, булаӊгыр жердин үстүндөөзгөрүлбөс, оошпос, бузулбас, жешилбес, сынбас, бүлүнбөс эч нерсе жок. Жасалган нерсенин баары сынып, кайра жасалат, кайра сынып, кайра жасалат. Ай-ааламда түбөлүк турган аз гана нерсе бар.

Төбөдөгү Күн түбөлүктүү. Күндү жандап, күн менен ай ортосунда каалгый тынымсыз сапар чеккен Жер түбөлүктүү. Күн менен жерди койнуна батырып, алмуздактан аман алып келаткан Көк түбөлүктүү. Ушулардын маани-маӊызына жетип, кадыр-касиетин туя билген  адам түбөлүктүү. Мамлекеттик желекте мына ушундай улуу идеяларды камтыган символдор чагылдырылган.

Көрүнүп тургандай, мамлекеттик желектеги түстөр жана белгилер – элибиздин улуттук рухий дүйнө таанымынан, тарыхый басып өткөн жолунан, эстетикалык көркөм татымынан келип жаралган символдор. Алардын мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу бул дөөлөттөрдүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын жана элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү карагандыгын көрсөтөт.

Желек – адамдын руху сыяктуу нарктуу, дили сыяктуу таза, жүзү сыяктуу көркөм болушу керек. Ал санжыраны, эпосту, тарыхый чындыкты жуурулуштуруп, калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырып, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, сыймыктантып турган рухий жана материалдык ыйык таберик болууга тийиш.

Ал уруктун, уруунун, канаттын, аймактын эмес, улуттук мамлекеттүүлүктүн символу болгондуктан, андагы ар бир элемент, түс, символ өлкөнүн жарандарын жерине, тегине, динине, тилине, улутуна бөлбөй, бүткүл элди баш коштуруп, аларды ушул өлкөнүн жараны экендигине сыймыктантып турушу керек. Мындай руханий улуу сабак «Манас» дастанында таасын чагылдырылган: ар түрлүү уруулар биригип, бир элди түзөт, ар башка элдин уулдары (Манас менен Алмамбет) эмчектеш бир туугандар болот ж.б.

Мамлекеттик желек бардык мамлекеттик мекеме, уюмдарда, ар бир айыл өкмөтүндө, райондук, шаардык, областтык мамлекеттик администрацияларда, министрликтер менен ведомстволордо, Парламенттин жана Өкмөт үйүнүн имараттарында көтөрүлүп турат. Ал өлкөнүн Борбордук аянтында, бардык областтардын жана райондордун борбордук аянттарында көтөрүлүп турат. Өкмөт башчысынын Жардыгы менен атайын Мамлекеттик желектин күнү белгиленген.

Мекенчилдик – биримдиктин тиреги

 Учурда мамлекеттик символдорго болгон мамиле улам тереӊдеп, бийиктеп, аларга урмат-ызаат көрсөтүлүп, өзгөрүп барууда. Ошону менен бирге эле эл ичи бөлүнүп-жарылып, деструктивдүү күчтөрдүн таасири да улам күчөп баратат. Коомдо кайдигерлик, ындыны өчүү, үмүтсүздүк синдрому менен бирге эле агрессивдүүлүк, баскынчылык, зордук-зомбулук, таш боордук көрүнүштөр да тамыр жаюуда. Коом элди бириктирүүчү, келечекке мобилизациялоочу күчкө, идеяга суусап турат. Ал арада ар түрдүү уюмдар, топтор, бирикмелер, ички-тышкы күчтөр коомго өз акыйкатын таӊуулап, өз кызыкчылыгын ишке ашырууга көшөрө аракеттенип жатышат.

Дал ушундай жагдайда Мамлекеттик желек элди баш коштуруп, бириктирүү, данакерлөө касиетине эгедер болушу мүмкүн. Себеби, ал ар убак коомдун эӊ бийик, эӊ ыйык кызыкчылыгын, эӊ асыл ой-санаасын, эӊ таза үмүт-тилегин, чыныгы көөнөрбөс дөөлөттөрүн чагылтып турат. Бул кадам аркылуу өлкөбүз жаӊыча өнүгүү жолуна түшүп, эл ичинде бейпилдик, тынчтык орноп, жан дүйнөбүздө жакшылыктын үмүтү жанса, анда анын акыбети кайтканы ошо. Эгер андай болбосо, ар бир партия, ар бир уруу, ар бир аймак, ар бир коом өз желегин көтөрүп, чар учкандай тымтыракайыбыз чыгып, өлкөнүн бүтүндүгүнө жана биримдигине доо кетери турган иш. Биздин оюбузча, Манас атабыздын «Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы» деген урааны бул иштин негизги жетектөөчү идеясы боло алат.

Мамлекеттик желек бүткүл элди, коомду ичтен бекемдеп, бириктирип, жеке, тар кызыкчылыктан, уруулук, диний, аймактык ж.б. бөтөнчөлүктөн жогору турууга жардам берип, жалпы элдик, улуттук сыймыкты, ар-намыстуулукту, адеп-ыйманды, акыл-эстүүлүктү, сабырдуулукту ойготууга кызмат кылышы керек.

Желектин авторлору депутаттарга, коомчулукка ар кандай кыргыз тууларынын (кызыл, ак, көк) тарыхый, маданий, эстетикалык, психологиялык негиздемелери тууралуу кеӊири түшүндүрмө берип келишүүдө. Мамлекеттик туунун түсү тууралуу кыйчалыш жагдай түзүлгөндө, «Манас атабыздын хандык туусун көтөрөбүз» деген идея кубаттоого ээ болуп, кызыл туу «легендарлуу парламенттин» бүт 350 депутатын баш коштуруп, бөлүнүп турган элди бириктирген.

Кызыл туу эгемендүүөлкөнүн туӊгуч туусу катары Ак үйдөн баштап бардык мамлекеттик мекемелердин үстүнө илинди. «Манастын» – 1000, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн – 2200, Ош шаарынын – 3000 жылдык мааракелеринде, Баткен окуяларында, 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларында, 20 жыл бою элге ак кызмат кылып, эркиндикке, адилеттикке, эрдикке үндөп келди.

Бул туу Ч.Айтматовдун, шейит кеткен баатырлардын табытына жабылды, Кыргыз спортунун ийгиликтерин дүйнөгө даӊазалады, Салижан Шарипов тууну космоско сайып келди. Ал Бириккен Улуттар Уюмунда, бүт дүйнөдөгү эл аралык уюмдарда, элчиликтерде ж.б. желбиреп турат. Өлкөнүн бүткүл окуу китептерине, энциклопедияларга, акчага, паспортко, бланктарга ж.б. түшүрүлгөн. Айылдык, поселкалык, райондук, шаардык, республикалык кеӊештердин депутаттарынын төш белгилери жасалган. Кызыл туу өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн ырасмий туусу катары бекитилген. Андыктан, бул туунун тарыхтан алган өзүнүн өчпөс өз орду бар. Аны унутууга эч кимдин акысы жок.

Мамлекеттик туудагы ар кандай түстөр, элементтер жана символдор элибиздин тарыхый, социалдык, рухий жана көркөм-эстетикалык маданиятына негизделгендиктен, алар элибиздин дүйнө таанымына жана жан дүйнөсүнө тереӊ сиӊген символдорго жатат. Алардын мамлекетибиздин туусунда айкалышта чагылып турушу – ата-бабалардын арбагына, элдин байыркы ишенимдерине жана өлкөнүн ачык, бейпил, бакубат келечегине болгон ишенимди бекемдебей койбойт.

 

Сабыр Иптаров,

этнопедагог, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун автору

Бүбүсара РЫСКУЛОВА: «ҮЙДҮН КУТУ УЧПАСЫН, КООМУБУЗ ТАЗАРСЫН»

$
0
0

 8-март — Аялдардын эл аралык күнүн утурлай кыргыз коомундагы үй-бүлөнүн, аялзатынын маселелери жөнүндө «Сезим» кризистик борборунун деректири Бүбүсара Рыскулова менен аӊгемелештик.

- Биздегидей салттуу коомдо оор абалда калгандарга психологиялык жардам көрсөтүү оӊой эмес го?

- Ооба, түшүнбөгөндөр, эч кандай кризис жок, чет өлкөлөрдүн методикасын апкелип кыргыз коомуна таӊуулап, үй-бүлөлөрдү бузуп жатасыӊар деп айыптагандар бар. Бирок азыр заман башка экендигин, коомдо далай өзгөрүүлөр болуп жатканын кантип көрбөйбүз?

Совет доорунда социалдык теӊчилик болгон, мамлекет үй-бүлөдөгү мамилелерге чейин кийлигишип, ар бир төрөлгөн балага жөлөкпул төлөп, милдеттүү орто билимди бекер берчү, ооруп калгандар акысыз дарыланчу, туурабы? Мыйзамдар катуу иштечү. Азыркыдай ай сайын акча чогултмай, окуу китептерди сатып алгыла ж.б. дегендей нерселер эч кимдин түшүнө кирчү эмес. Компартия бийлик жүргүзүп турган мезгилде аялдар кеӊеши, комсомол, пионер уюмдары иштечү. Элди кандайдыр бир максатка үндөгөн, багыттаган идеология бар эле – ал туура же жаӊылыш болчу дейбизби, кеп анда эмес. Эртеӊ да бүгүнкүдөй тынч заман болот, эч ким жумушсуз, үйсүз, нансыз калбайт деген ишеним бар эле.

Совет өкмөтүнө чейин кыргыз коому эзелтен эскирбей сакталган каада-салттарга таянып жашаган, үй-бүлө бекем болгон, уруу ичинде өз ара жардамдашып, жетим-жесирди канатына калкалап алышчу. Чырдашып калгандарды дөӊдө отурган аксакалдар чакырып алып эле эки ооз сөзү менен эпке келтирип коюшчу. Азыр каада-салт эрежелери иштебейт, мыйзамды эч коркпой эле бузушат, жоопкерчилик жок.

Ушундай башаламан мезгилде үй-бүлөгө баарыбыз көӊүл бурушубуз керек. «Сүйбөй калдым» деп эле жубайын эки-үч баласы менен таштап ажырашкандар же аялынын үстүнө токол алгандар көбөйдү. «Үй-бүлө – коомдун уюткусу» дейбиз, жубайлар ортосунда, ата-эне менен балдардын ортосунда бири-бирин сыйлаган, түшүнүшкөн  мамиле болсо, коомдо, мамлекетте да бейпилдик орношуна өбөлгө түзүлөт эмеспи.

Азыр жагдай такыр башка. Социалдык-экономикалык түзүм, коомдогу, атүгүл үй-бүлө ичиндеги мамилелер да өзгөрүлдү. Бирок доор алмашканына чейрек кылым болсо да, инсандын аӊ-сезими кеч өзгөрөт экен, коомдогу өзгөрүүлөр менен шайкеш келбей, каалаганы, ойлогону бир башка, жашаган турмуш чындыгы такыр башка бойдон калып, кыжаалат маанай күчөй берет экен. Үй-бүлөдөгү эле эмес, коомдогу да ызы-чууларга бул жагдай түрткү берет.

Ар бир адамдын үй-бүлө жөнүндөгү калыптанган көз карашы болот, күйөөсү менен аялынын түшүнүгү дал келбей калган учурларда кыжаалат абал түзүлөт. Бул абалдан чыгуу үчүн экөө мунасага келип, сөзсүз ушундай гана болушу керек деген көз караштарын бирдиктүү нукка бурушу зарыл. Бирок ушундай жагдайда эмне кылууну ар ким эле биле бербейт.

Силер, журналисттер, күн сайын үрөй учурган кандай окуялар болуп жатканын көрүп-билип турасыӊар. Өспүрүм курактагы кыздарды үйүндөгү эле туугандары зордуктаган учурлар кездешүүдө. Мына кечээ бир аялды киши колду болгон эмес, өзүн-өзүөлтүргөн деп жазык иши эки айдан бери козголбой жатканына даттанып келишти. Өлтүрбөсө да өз жанын кыйганга чейин жеткиргендик үчүн жоопкерчилик Жазык кодексинде каралган эмеспи, эмне үчүн мыйзам иштебейт?

- Маселенин себебин издебей эле натыйжасы менен алпушуркан учурлар көп болот эмеспи. Азыркы үй-бүлөлүк чыр-чатактардын негизги себеби эмнеде?

- 90-жылдарда чайдын чамегин кайра кургатып, кайнатып ичкенге да аргасыз болушту көпчүлүк үй-бүлөлөр. Азыр кудайга шүгүр дегидей токчулук, молчулук заман. Демек, чыр-чатактардын негизги себеби экономикалык эмес, рухий жагдайга байланышкан. Керектөөчүлүк психологиясы менен чектелгендер абдан көбөйдү. Көп адамдар үчүн байлык, бийлик гана максат болуп калды. Азыр чардап, кутуруп жүрсөм болду, менден кийин топон суу басса да мейли деген түшүнүк менен жашап калды далай «жакшылар».

Мурдагы министрди тилдегендей, азыр Эльвира Сариеваны да тилдеп эле жатышат. Бирок министрди алмаштырып койсо эле баары өзгөрүп, жакшы болуп калбайт. Жагдайды жакшы жагына өзгөртүүүчүн баарыбыз жабыла иштешибиз керек. Үй-бүлөдөгү ынтымакка, жаштарды тарбиялоого ата-энелер өздөрү да түздөн-түз жооптуу болушу зарыл. Жалпыга белгилүү – чет жакка иштегени кеткендер балдарын карыган кемпир-чалга же туугандарына калтырышат, жубайлардын бири кетип, бири калганда башкаларга ооп, үй-бүлөсү менен ажырашып кеткендер канча. Балдары кароосуз калып, бейбаштарга кошулуп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги да көӊүл бура турган өтө кооптуу жагдай азыркы маалымат технологияларын туура колдоно билбегендикке байланышкан. Медалдын эки жагы бар дегендей, Интернеттен пайдалуу китептерди алып окуса, билимин өз алдынча өркүндөтсө, таалим бере турган видеолорду көрсө жакшы, бирок адамдын аӊ-сезимин ууктуруп, тескери жакка азгырган бузуку сайттар да абдан көп эмеспи. Киши өлтүрүүгө, алдамчылыкка үйрөткөн оюндар, үй-бүлөнү бузууга азгырган материалдар толтура.

«Уядан көргөндү учканда алат». Жыйырма жыл мурун кароосуз өскөн балдар азыр өздөрү ата-эне, алар балдарын кандай тарбиялайт? Балага коомдогу адилетсиздик да таасир этет. Бир топ жыл мурда ушундай сонун тарбия алып өскөн бир жигит үйүнөн чыкканда эле бир баӊги зөөкүргө кабылып, мушташканда башына таш тийип, каза болгон. Демек, жеке адамдарга эле эмес, бүтүндөй үй-бүлөгө колдоо көрсөтүп, коомдогу моралдык жагдайды тазартууга баарыбыз биригип, комплекстүү күч-аракет жумшообуз керек.

Башка  өлкөлөрдө кандайдыр бир чоӊ кагылышуу, кырсык ж.б. болгондо, атайын даярдыгы бар психологдор, социалдык кызматкерлер дароо жетип барып, жабыр тарткандарга жардам беришет. Бизде эки революция болду, экинчиси болгондо мен моргдордо жүрдүм. Самолет кулаганда жакындары курман болгон канча адам оор абалда калды, аларга жардамды жетиштүү бере алдыкпы? Кудай бетин ары кылсын, мындай апааттар болбой эле койсун деп тилейм, бирок күнүмдүк турмушта деле кесипкөй адистин көмөгүнө муктаж болгондор көп.

- Интернетте бул жагынан орус, англис тилдеринде түркүн-түмөн кеӊештер көп, атайын он-лайн тренингдер да жүргүзүлүп турат. Бирок  кыргыз тилинде жокко эсе. Сиздер көп жылдар бою ар кандай үй-бүлөлөр менен иштешип, кыргыз үй-бүлөсүнүн өзгөчөлүктөрүн, керек болсо ар кайсы аймактардагы айырмачылыктарга чейин жакшы билип калдыӊыздар. Кыргыз тилинде жакшы окулгудай тексттерди, роликтерди даярдап, айрымдарын, мисалы, япондор, корейлер чыгарган сонун тасмаларды котортуп, элге кеӊири жеткирсеӊиздер жакшы болор эле.

- Бул ишти колдон келишинче аткарып жатабыз. Мисалы, кризис учурунда кантип жардам берүү керектиги боюнча китепти которуп чыгарганбыз. Телефон чалып: «Сиз мени менен сүйлөшкөн акыркы кишисиз – азыр мен жубайымды өлтүрөм же өзүм өлүшүм керек», — десе, кандай жооп бериш керек? Алгачкы психологиялык жардамды кандай көрсөтүү керек? Эгер психологдун даярдыгы жетиштүү болбосо, анын аракети такыр тескери натыйжага алып келиши да мүмкүн. Өз жанын кыйганга аракет жасагандар эркектер арасында үч эсе арбын экен.

Сайтыбызда бир катар материалдар бар. Бирок интернетти элдин баары эле колдоно албай жатат азырынча. Элге кеӊири жардам көрсөтүүүчүн социалдык кызматкерлерди окутуп-үйрөтүү боюнча сунуштарыбызды мурдагы вице-премьер-министрлерге айткан элек. 1998-жылы чет өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, атайын концепция иштеп чыкканбыз, ошол кездеги вице-премьер-министр Мира Жангарачевага сунуш кылган элек. Бирок маселе азыркыга чейин чечилбей келатат. Улуттук масштабда шашылыш жардамды көрсөтүүгө дайым даяр турган үч орундуу номур аркылуу түз байланыш телефону иштеши керек.

Азыр жаӊы дайындалган вице-премьер-министрге да кирейин деп жатам бул сунуш менен. Бейөкмөт уюмдар деле ишин токтотпой уланта берет, бирок мамлекеттик деӊгээлде иш жүргүзгөн жооптуу мекеме болушу зарыл. Ушундай  кызматтарды ачтык дешет, бирок кылган иштери байкала элек. Ар бир райондо тынымсыз иштеген мекемелер болсо, шашылыш жардамга муктаж болгондорго кайсы уюм көмөктөшөрүн таап берсе, же өздөрү жетишпесе, биздикиндей кризистик борборлорго кайрылышса жакшы болмок. Канчалаган опуртал кадамдардын, өз жанын кыйган окуялардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

- Сиздердин багытта иш жүргүзгөн канча уюм бар?

- Республикада ар кайсы аймактарда биздикиндей багытта иш жүргүзгөн 7-8 уюм бар, бирок баарыбыз болуп моралдык-психологиялык, укуктук колдоого муктаж болгондордун ондон бир бөлүгүн да камтый албайбыз. Ошондуктан бул жааттагы ишти мамлекет өзү колго албаса болбойт. Албетте, 1998-жылдан бери түркүн тагдырларды көрдүк, кыргыз үй-бүлөсүнүн мүнөздүүөзгөчөлүктөрүн, кайсы учурда кимге кандай жардам көрсөтүү керектигин жетиштүү даражада билдик. Мамлекеттик мекемелер биз менен кызматташып, биздин топтогон тажрыйбаны жайылтса, коомго колдонуп, биз менен кызматташса, абдан жакшы болор эле.

Мектептерде социалдык педагогдорду даярдоодо да коомдогу реалдуу жагдайды, элдин пейил-мүнөзүн эске алып, практикалык психология боюнча мыкты билимге каныктырышыбыз керек. Иштеп жаткандарына усулдук жардамды республикалык деӊгээлде уюштуруп, тутумдуу, комплекстүү жүргүзгөн мамлекеттик уюм болушу зарыл. Кимиси ким экенин карабай эле чет өлкөлүк агент деп бейөкмөт уюмдардын баарын жаап салышса, биздин туруктуу, ырааттуу нукка түшкөн, далай адамдарга пайдасы тийип жаткан ишибизди ким улантат эртеӊ?

- Сиздердин борборго келгендердин эӊ көп кездешүүчү, эӊ орчундуу маселеси кайсы?

- Бул борбордо психолог, психотерапевт келгендердин арыз-муӊун угуп, кыжаалат кылган жагдайды чогуу анализге алышат. Убактылуу башпаанекке муктаж болгондор биердеги коопсуз жайда жашап, өз жагдайын шашпай, ар тараптан ойлонуштурууга, сергек чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат. Бир айга жакын реабилитацияда болушат.

Өтө оор жагдайда калып, бир ооз жылуу сөз укпаса өз жанын кыюуга чейин барып жаткандар бар. Чыр-чатак чыгып, курчуп баратканда эӊ башкы эреже – бул жубайлардын бири өзүн колго алып, ачууга алдырган экинчи тарапка эрегишпей, сабыр кылышы керек, эгер буга чыдабаса, сыртка чыгып кеткени оӊ. «Алай-дүлөй», «бороон-чапкын» тынчыганда – акылдан аздырган ачуу басылганда гана шашпай, кыйкырбай сүйлөшүп алганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Тилекке каршы, көпчүлүк замандаштарыбыз чырды басуунун эӊ зарыл ыкмаларын билбей, чатакташкандар бири-биринин сөзүн укпай кажылдаша беришет. Күйөөсү менен тил табыша албаган аял төркүнүнө барайын десе, «өзүӊ тийгенсиӊ» деп коюшу да ыктымал. Ошондуктан кеӊеш сурап, жардам сурап бизге келишет. Телефон аркылуу кеп-кеӊеш алгандар да көп.

- «Эрди катын урушат, эси кеткен болушат» дегендей, күйөөсү менен чырдашып, болду, бүттү, ажырашам деп келген келиндин укугун коргоо үчүн сиздер сотко да коштоп барып, кийин элдешип алышкан учурлар болобу?

- Биз ажырашууну эӊ акыркы, арга кеткендеги гана кадам катары көрөбүз. Биздин урааныбыз да бузууга эмес, оӊдоого, таарынышкан, чырдашкан жубайларды элдештирүүгө, тил табыштырууга бар күчүбүздү жумшайбыз, урааныбыз да ушундай: «Үйдүн куту учпасын». Ажырашам деп келгендерге деле сабыр күтүп, биротоло чечим чыгарганга шашпай, эч болбосо бир нече күнгө чейин ойлон деп шарт түзүп беребиз. Жабыркаган аял өзү кабылган кырдаалда башкалар эмне кылгандыгын салыштырып көрөт, жагдайдан чыгуунун биздин адистер айтып берген түркүн жолдорун ойлонуштурат. Жубайы менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Элдештирүүүчүн үй-бүлөлүк данакерлик, ийкемдүү кийлигишүү усулдары колдонулат. Жапжакшынакай түшүнүшүп, жетелешип кеткендер көп болот, бир топ мезгилден кийин да чогуу келип биз менен акылдашкандар болот.

Башка  өлкөлөрдө психологдон кеп-кеӊеш суроо эч кимге өөн учурабайт – азыр турмуш ыргагы, жашоо таризи татаалдашкан коомду мунсуз элестетүү мүмкүн эмес. Бизде чырдашкандарды туугандары элдештирет, бирок буга баары эле даяр эмес – данакерлик кылуунун эӊ жөнөкөй, зарыл эрежелерин билбеген орто курактагылар деле көп. Анүстүнө талашып-тартышкандардын бирине жан тартканын «элдештирүүчү» өзү байкабай калат. Ошондуктан айрым жубайлар талашыбызды калыс чечип, өз ара түшүнүшүүбүзгө көмөктөшкүлө деп бизге келишет.

- ЖМК менен кандай иштешип жатасыздыр? Санариптик жол менен көрсөткөн жаӊы каналдар көп ачылды, бирок эфирдик убакыт бош калууда. Мисалы, «Маданият» деген аталышы жакшы каналда материал жетишсиздигинен бир дискти бир нече күн катары менен кайталап көрсөтө беришет. Рубрикаларды көбөйтүп, үй-бүлөлүк мамилелер маданиятын, чыр-чатакты басуу ыкмаларын үйрөткөн берүүлөрдү уюштурса, сиздер билген нерселерди, тажрыйбаны жеткирип турса элге да, каналдын өзүнө, журналисттерге да жакшы болмок.

- Бизге кайрылган жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешкенге дайым ынтызарбыз. Биринчи радиодон, «Марал» радиосунан, айрым гезиттерден келишет. Телекөрсөтүүдөн кайрылгандар аз. Сиз айткан «Маданият» жана башка каналдар менен кызматташсак абдан жакшы болмок.

Эми сөзүмдүн аягында сиздердин гезиттин негизги окурмандары болгон мугалим аялдарды 8-март майрамы менен куттуктап коёюн. Баарыӊыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм, урматтуу эжейлер!

Маектешкен

Жолдош ТУРДУБАЕВ, «Кутбилим»

НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ЛИДЕР КЫЗЫ

$
0
0

Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыргызстандык аялзатынын коомдогу ролун кеӊейтип, бизнес чөлкөмүнө жол ачып, жаӊыча ойлонтуп, жаӊыча кадам шилтегенге, өз укуктарын коргой билгенге үйрөткөн Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира АКБАГЫШЕВАны майрам алдында сөзгө тарттык. Бул жолу биз анын коомдук ишмердиги жөнүндө гана эмес, жеке жашоосу тууралуу да окурманга айтып берүүнү туура көрдүк.

Бала чак, өспүрүм убак жана жалындаган жаштык

 Биздин каарманыбыз   Чүй облусунун Сын-Таш айылында 1958-жылдын 10-сентябрында  жарык дүйнөгө келген. Бирок анын балачагы көк муздуу, аска зоолуу Нарын аймагында өткөн. Ал Нарындагы атагы далайга чыккан Чкалов атындагы мектепте жалаӊ бешке окуп, окуучулук кезинде эле пионер отрядынын, дружинанын председатели болуп лидерлик сапатын көрсөтүп келген. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен аяктап, студенттик жылдары лениндик стипендияга ээ болуп, факультеттин комсомолдук уюмун жетектейт.

- Университетте комсомол уюмунун секретары болуп иштеп турганда менин айлыгым 150 рубль, лениндик стипендиант деп 100 рубль алаар элем. Ата-энемен бир тыйын сурабастан менден кийин окууга келген үч  студентти кошо бакчумун. Ошол кезде жаш адис мугалимдер болгону 70 рубль алганы эсимде, — дейт Замира айым.

Жогорку окуу жайын бүтөр жылы атасы Акбагыш кайтыш болуп, анын аспирантурада калып окуйм деген максаты ишке ашпай калат. Ошентип ал 1989-жылга чейин Кыргызстан  комсомолунун Борбордук Комитетинин басма сөз, пропаганда жана үгүт боюнча сектор башчысы болуп эмгектенип, жаш кыз-келиндер менен иш жүргүзүп, ошол эле кезде телевидениеде дагы алып баруучу болуп иштейт. Кийин ал  Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы партиянын тарыхы институтунун илимий кызматкери, андан соӊ Мамлекеттик мүлк фондунун  маалымат катчысы,  ошол мезгилдеги “Казына” гезитинин башкы редактору да болуп эмгектенгенин сыймыктануу менен эстейт. Анткени советтик мезгилде жаштарды комсомолдук уюмдар жоопкерчиликке тарбиялап, чыгармачылык жана уюштуруучулук  касиеттерге такшалтчу. Мына ушундай сапатка сугарылган  Замира Акбагышева 1993-жылы Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти болуп шайланат.

Мугалимдик династия

 Замира Акбагышеванын айтымында, анын  ийгиликке жетишкени  чынчылдыкка, принципиалдуулукка жана абийирдүүлүккө тарбиялаган мугалим  ата-энеси  Акбагыш менен Нурбүбү Акматылдаевдерге таандык.

- Менин атам жана апам мугалим болушчу. Атам 50 жашында кайтып кетти. Бирок азыркыга чейин кайсыл жерге барбайын “Сиздин атаӊыз мени окуткан, мени жакшы көрчү” деп улгайып калган агай-эжейлер айтышса атамдын эмгеги өлбөптүр деп сыймыктанам. Атам Акматылдаев Акбагыш Нарын шаарындагы Киров атындагы №3 мектепте математика, астрономия, черчение сабактарын берчү. Атам тогуз жашка чыкканда анын атасы согушка кетип, келбей калган экен. Бардык үйдөгү эркектин милдети атама жүктөлөт. Жалаӊ бешке окуган үчүн ал 14 жашынан баштап мектепте мугалим болуп иштеп калат. Мугалимдик кесипти ал 36 жыл үзүрлүү аркалады.  Атам тубаса педагог болгон десем жаӊылышпайм. Анткени ар бир баланын оюн билген, ар бирине аталык мээримин төккөн өзгөчө адам эле. Көрсө, чыныгы мугалимдер окуучуларын балдарынан артык көрүп, өзүнүн билгендерин аларга тартуулайт тура. Анын жашоодо принципиалдуу бол, чындыкты бетке айт, китепти көп оку ж.б.у.с. асыл сөздөрү менин ийгилигимдин ачкычы. Ал эми апам Нурбүбү башталгыч класстын мугалими болчу. Анын окуучуларга болгон мамилеси өзгөчө кеп. Себеби үйгө келгенде кичинекей бөбөктөрдүн мурдунан аккан суусу, шилекейлери аарчылган анын юбкасын, пальтосун көрүп таӊ калчумун.  Көрсө, аны балдар кучактап алып өпкүлөшчү экен. Караӊызчы, илгерки мугалимдердин окуучуларга болгон мээрими. Болгону мугалим окуучусун, кесибин сүйүш керек экен. Мен ата-энем менен сыймыктанам. Мугалимдин балдары тартиптүү болушат жана окууга умтулуусу да күчтүрөөк болот, — дейт Замира Акбагышева.

Ата-эненин  изин өчүрбөй кыздары алардын жолдорун татыктуу улап  келатышат. Алсак, Акбагышева  Гүлмира И.Арабаев атындагы  КМУда окутуучу болуп иштесе, Гүлайым Кыргызстан Эл аралык университетте окутуучу, ал эми  Бегайым аттуу кызы кесиби  боюнча  медик болгону менен ал америкалык проектте дарыгерлерди жаӊы ыкмаларга окутат.

Аялдар конгресси мугалимдерди колдойт жана коргойт

Билим берүү тармагы  Кыргызстан аялдар конгресси үчүн приоритеттүү тармак. Анткени билим берүү тармагы көп нерселерди камтыйт.

- Аялдар конгресси ар дайым мугалимдерди колдойт жана алардын укуктарын коргоп келет. Билим берүү системасынын көйгөйлүү маселелерин тренингдерде чогуу чаран олтуруп алып талкуулайбыз. Мени кейиткени, иштин көзүн билген мыкты мектеп директорлордун, мугалимдердин дарегине  айрым учурда коомдо терс сөздөр айтылып, жалаӊ эле аларды №1 коррупционер кылып көрсөтүп салышат.  Ар бир нерсени айтууда сөзсүз далилдүү фактылар болушу зарыл. Жөн эле көрө албастыктан жакшы иштерге көө жапкан туура эмес. Билим берүү тармагында мыкты, лидер аялдар бар. Мисалы, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова өз ишин  билген, көп маселелерди убагында чечип, коомчулукка чыгарбай иштеп жатат.  Бул  дагы  лидерлик сапаттын  ээсине туура келет. Светлана   Кенжебаева, Анара Абдылдаева, Сабийра Челпакова ж.б.у.с. билим берүү тармагындагы лидер аялдарды атап кетүү парз. Ошон үчүн конгресс ушундай мыкты  иштерман  аялзаттарына  Эл аралык маанидеги  Кыргызстан аялдар конгрессинин  “Лидерлик үчүн” алтын медалы менен сыйлап  келебиз, -  дейт    Замира Акбагышева.

Коюлган максаттар – аткарылган иштер

 Кыргызстан Аялдар конгресси 1993-жылы түзүлгөндөн тарта аялдарга коомдук, саясий, экономикалык жактан, социалдык жана маданий чөйрөдө да көмөк көрсөтө алган уюм болуп калды. 23 жылдын ичинде 61 проект иш-жүзүнө ашырылган. Конгресстин филиалдары жети облуста, 42 райондук жана шаардык аймактарында, 59 айыл өкмөтүндө бар.

- Аялдардын абалын жакшыртуу жаатында Аялдар конгресси абдан зор үлүш кошо алды, себеби Конгресс каражат жактан көз каранды эмес  жана  Конгресстин мүчөлөрү дасыккан адистер болгондуктан Улуттук программаларды жүзөгө ашырууда чоӊ салым кошо алды. Конгресстин жардамы менен аялдар арасында бизнес ишкерлери пайда болду, анткени аларга бизнести ачуу үчүн финансылык сабаттуулукка, насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө, лидерлик сапатты ачууга, пикир алмашуу технологиясына окутуу жүргүзүлдү. Буга бизнес-инкубациясынын ачылышы, ушул күндө да жигердүү иш жүргүзүп жаткандыгы далил, — дейт З.Акбагышева.

 Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси  дүйнө жүзү боюнча алдыӊкы лидер болуп саналат. Ушул учурда 25 бизнес-инкубатор 2300 адамга жумуш ордун табууга шарт түзүп берди. Кыргызстан Аялдар конгресси бизнес негиздеринде, компьютерде иштөөгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө 14390 адамга көмөк көрсөттү. Ошондой эле Эл аралык аялдар бизнес-инкубатор ассоциациясы түзүлдү. Эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча долбоордун үстүндө да Аялдар конгресси үзүрлүү иштеп жатат. Бул долбоор негизинен Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарга, айрыкча Орусиянын Челябинск облусундагыларга көмөк көрсөтөт, себеби ал жерде «Укук коргоо» борбору ачылган.

Кыргызстан аялдары

 Кайсы учур, кайсы доор болбосун аялзатынын коомдо күчү зор экенин тарых тастыктап келет. Аялзат бир гана үй-бүлөнүн жарыгын чачпастан, жалпы коомдун өнүгүшүнө салган салымы зор экени баарыбызга белгилүү. 1993-жылдан тарта Кыргызстан аялдарынын жеӊилин жерден, оорун колдон алган Аялдар конгресси, анын президенти Замира Акбагышеванын жетекчилиги алдында өтөлгөлүүөмүр сүргөн ажарлуу аялзаттарынын таржымалын тизмектеген китептер том-том болуп чыгып келатат. Быйыл дагы тээ алыскы айылда эмгектенген таланттуу мугалимдердин ысымдарын атаган китеп жылдагыдай эле 15-май — Энелер күнүнө карата чыгарылат.

Мындан сырткары Замира Акбагышеванын «Бизнес-инкубаторлор чакан жана орто бизнести  өнүктүрүүдөгү инновациялык модели» деген эмгеги бизнес-инкубаторчулардын жолдонмосуна айланды, себеби китепте алдыӊкы тажрыйбаны жайылтуу, анын ыкмасы, иштөө тартиби көрсөтүлгөн. Учурда бизнести жайылтууга, тажрыйба алмашууга зор таасирин көрсөтө ала турган жети эмгек бар.

Жароокер жар, мээримдүү эне

 Замира Акбагышева бардык аялдардай эле үйдө жакшы кожейке. Тамак жасап, өмүрлүк жолдошунун жакасын кирдетпейт.

- Каныкей деген үч жаштагы неберебиз бар. Аны үйдө Лавров деп коебуз (Орусиянын тышкы иштер министри Лавров бар го). Үй-бүлөнү бириктирген данакер. Мени ата-энем демократиялык принципте кандай тарбияласа, мен дагы балдарымды, неберемди чоӊ кишидей кабыл алып, тарбиялап келатам. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген принципте балдарым тарбияланды. Эки уулума теӊ сиз деп кайрылам. Мен үчүн алар мырзалар, үй ээлери. Үй-бүлөдө эркек киши башкарыш керек. Ошондо коомдо прогресс, өнүгүү болот.

8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен жалпы кыргызстандык аялзаттарды куттуктаймын! Жаш өткөн сайын аманчылыкты тилеп калат экенсиӊ. Калганынын баарын жеӊсе болот. Ар бир кыргызстандык үчүн аткан ак таӊ ырыскы алып келе турган таӊдар болсун! Ар бир кызарып бүткөн күн биз үчүн кызыктуу, берекелүү жана жемиштүү  болсун! — дейт Замира айым.

Гүлнара Алыбаева,  “Кутбилим”

Жаркын БАПАНОВА: «АЛТЫН ТУЙУН» —ЭТО КУЗНИЦА ТАЛАНТОВ, НАШИ ДВЕРИ ОТКРЫТЫ ДЛЯ ВСЕХ!

$
0
0

Нынешний 2016 год – юбилейный год для республиканской детской инженерно-технической академии «Алтын туйун». В декабре академия достигнет солидного возраста, отметит свое 55-летие. В последние годы академия набирает все большую популярность как среди детей и молодежи, так и среди их родителей, которые стремятся отдать своих детей именно в «Алтын туйун». Дело в том, что это единственное уникальное в своем роде, внешкольное учреждение инженерно-технического направления.

Директор РДИТА «Алтын туйун»  Жаркын Базановна Бапанова,  рассказала газете «Кутбилим» о том, что представляет собой академия сегодня, её достижениях и заботах.

 

Жаркын Базановна Бапанова руководит академией уже 31 год. За это время «Алтын туйун» превратился из станции юных техников и натуралистов в популярную, уверенно развивающуюся и процветающую академию с амбициозными и перспективными планами.

Жаркын Бапанова — опытный руководитель. Она получила организаторские и менеджерские навыки во время работы в ЦК Комсомола секретарем Райкома Комсомола. Её энергичности и трудолюбию можно позавидовать: помимо работы в «Алтын туйуне» она является членом Центральной избирательной комиссии КР. Успешно совмещая эти две сферы своей карьеры, Жаркын Базановна всегда полна интересных идей и проектов по развитию детского технического творчества не только в Бишкеке, но и в масштабах республики.

- В связи с 55-летием, какие мероприятия планирует провести «Алтын туйун»?

- Безусловно, 55-летие – это значительная дата для нашей академии. У нас богатая история и замечательные традиции, частью которых является проведение ряда республиканских мероприятий. Среди них Неделя науки, техники и производства, которая ежегодно проводится в феврале; Международный конкурс исследовательских и изобретательских проектов «Мы – интеллектуалы XXI века», конкурс семейного творчества «Папа, мама, я – техническая семья», летний и зимний лагерь «Технодром» на озере Иссык-Куль и т.д. Большое внимание мы уделяем и дистантному обучению, этому способствует проведение Республиканской заочной математической олимпиады «Юные пифагоры в мире техники», научно-технической олимпиады школьников, заочной школы по изобретательству и патентоведению, изобретательско-компьютерной экспресс-школы.

2016 год для нас знаменателен вдвойне, ведь не только академия отметит свой юбилей, но и международный конкурс «Мы – интеллектуалы XXI века», которому исполнится вот уже 20 лет!

Ежегодно Министерство образования и науки КР, РДИТА «Алтын туйун» и Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций собирают самых талантливых ребят со всей страны, а также юных изобретателей ближнего и дальнего зарубежья, готовых продемонстрировать свои исследовательские проекты и инновационные разработки в таких областях, как строительство и транспорт, агропромышленность, астрономия и космическое образование, радиооборудование и телекоммуникационные системы, информационные технологии и программирование, энергия и энергосбережение. Чтобы принять участие в международном конкурсе, ребята проходят серьезный отбор в областном туре, и надо сказать, что конкуренция довольно высока! Каждый год мы проводим конкурс в разных областях страны, чтобы дать импульс техническому творчеству в регионах. «Мы — интеллектуалы XXI века» уже не раз проходил в Чуйской, Иссык-Кульской, Таласской, Нарынской, Джалал-Абадской, Ошской областях. В планах посетить и Баткен. Высокий уровень проведения конкурса обеспечивают видные ученые и изобретатели НАН КР, а также ведущих вузов страны: КГТУ им.И.Раззакова, КРСУ им.Б.Н.Ельцина, ОшТУ, ЖаГУ, Таласского, Нарынского и Иссык-Кульского университетов, которые не только входят в состав жюри, но и делятся с конкурсантами своим опытом и знаниями. В этом году конкурс будет проходить с 20 по 23 апреля в санатории «Чолпон-Ата» Госрезиденции №2 Управления делами Президента и Правительства КР.

- Школьники из регионов, глубинок активно участвуют в конкурсе или все же, большинство участников столичные учащиеся?

- Вы знаете, с каждым годом участие регионов в подобных мероприятиях становится все более активным, и надо признать, что зачастую ребята демонстрируют не просто заинтересованность техническим творчеством, а добиваются высоких результатов. Так, например, команда Иссык-Кульской области в прошлом году стала победителем республиканской научно-технической олимпиады школьников, проводимой в рамках Недели науки, техники и производства; в конкурсе «Мы – интеллектуалы XXI века» ребята из областей также заняли призовые места во многих номинациях. Это говорит о том, что в нашей стране немало талантливых детей, которые, однако, нуждаются в поддержке со стороны государства, ведь многие из них в ближайшем будущем могут стать замечательными инженерами и конструкторами, развивать промышленность и экономику Кыргызстана!

- РДИТА «Алтын туйун» единственное внешкольное учреждение инженерно-технического направления. Изначально была определена его узкая специализированность?

- «Алтын туйун» прошёл свой творческий путь длиной в 55 лет от Станции юных техников до Республиканской детской инженерно-технической академии, став передовым центром технического образования школьников в Кыргызской Республике. В советское время в нашей стране было 25 станций юных техников, но в связи с развалом Советского Союза и, как следствие, недостатком финансирования, центры детского творчества стали закрываться. Тяжелое время переживал и «Алтын туйун»: резко сократилось число квалифицированных специалистов по судо- и авиамоделированию, техническому творчеству и радиотехнике. Нехватка кадров привела к тому, что многие кружки пришлось закрыть. И сегодня, к сожалению, бассейн для судомодельного спорта и площадка для картингов сиротливо порастают травой из-за невостребованности. Как бы ни было трудно, мы выстояли. Конечно, было проведено много реформ в образовательных программах, постепенно улучшали и расширяли материальную базу, учились жить и работать по-новому. Сегодня РДИТА «Алтын туйун» — это уникальное современное учреждение внешкольного дополнительного образования, являющееся центром технического творчества детей и новых образовательных технологий в нашей стране. В кружках Академии ребята не только учатся конструированию, моделированию, программированию, дизайну, но и исследовательской, изобретательской и проектной деятельности.

- С какими проблемами сегодня сталкивается академия?

- В первую очередь нужно отметить, что до сих пор нет законодательной базы: отсутствует Закон об учреждениях дополнительного образования, нет Положения об их функционировании; кроме того существуют проблемы со штатным расписанием, зачастую не выделяются средства для поддержания материально-технической базы кружков, негде повышать квалификацию педагогов технического творчества, в институтах не готовят специалистов по кружковой работе. Чтобы хоть как-то решать кадровый вопрос мы привлекаем студентов технических вузов на педагогическую практику. Некоторые из них остаются у нас в качестве молодых специалистов. Хотелось бы отметить, что наше правительство в последние годы стало уделять больше внимания развитию детского технического творчества. Вместе мы сможем преодолеть эти трудности!

- Ежегодно растет или уменьшается количество воспитанников «Алтын туйун»? В нашей стране востребованы инженерно-технические специальности?

- Интерес к техническому творчеству, конструированию и изобретательству у детей есть, и мы стараемся охватить как можно больше ребят. У нас занимаются дети с 5 лет и даже студенты столичных вузов! Мы гордимся тем, что нашу работу заметил и по достоинству оценил Президент КР Алмазбек Шаршенович Атамбаев. Он выделил из своего фонда 1 миллион сом на расширение материально-технической базы академии. Хочется выразить от своего имени, имени сотрудников и воспитанников РДИТА огромное спасибо за его отзывчивость и неравнодушное отношение к детям!

- Кстати, о вузах. Они активно сотрудничают  с «Алтын туйун», например, ваши воспитанники имеют льготы при поступлении в технические вузы?

- Кыргызский государственный технический университет имени И. Раззакова – один из наших ведущих партнеров, как в плане организации и поддержки республиканских мероприятий, так и в плане приема наших воспитанников. Многолетняя дружба и крепкие партнерские отношения связывают нас и с Кыргызско-Российским Славянским университетом им Б.Н.Ельцина. Приятно отметить, что воспитанники технических кружков нашей академии всегда востребованы, как абитуриенты, ведь зачастую они обладают хорошим багажом знаний и умений, что выгодно отличает их среди других ребят. Кроме этого у нас есть добрая традиция для поддержки юных талантов: участники международного конкурса «Мы – интеллектуалы XXI века» могут выиграть грант на поступление на льготной основе в эти университеты на технические факультеты. Немало ребят уже получили эту счастливую путевку в жизнь! Я всегда говорю нашим кружковцам: «Талантливые дети – надежда Кыргызстана – в ваших руках его будущее!».

- Вероятно, в академии в основном больше мальчиков, как обычно они больше тяготеют к технике и изобретательству. Большой ли дисбаланс между воспитанниками академии – мальчиками и девочками?

- Я бы так не сказала. Не смотря на то, что приоритетным направлением нашей работы является технического творчество, мы все же ориентируемся и на социальный заказ. Именно поэтому у нас большой выбор кружков и студий. Около 35-40% воспитанников нашей академии – это девочки. Их интересуют такие направления, как: информатика, ИЗО, пескография, развитие интеллекта и мышления, астрофизика, шахматы. Мальчиков, помимо вышеперечисленных мной кружков, интересует радиотехника и электроника, техническое моделирование и конструирование, физика, робототехника и программирование. В целом, дисбаланс небольшой.

Кстати, буквально на днях мы узнали отличную новость -  шахматисты «Алтын туйуна», Абылкасымов Кайратбек, Чынгыз Султай и Бообекова Умай, будут представлять Кыргызстан на Чемпионате мира и Чемпионате Азии!

«Алтын туйун» — это кузница талантов, двери которой открыты для всех!

Айнура КАНИМЕТОВА,

 «Кутбилим»

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зина АЛИЕВА: «ЭНЕНИН ҮЙДӨГҮ МИЛДЕТИН ЭЧ КИМ АЛМАШТЫРА АЛБАЙТ»

$
0
0

 Билим берүү тармагынын түмөн түйшүгүн артынып, ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, атагын арттырып келаткандардын теӊинен көбү айымдар экени талашсыз. Республикадагы 70 миӊден ашуун мугалимдер армиясынын 90 пайыздан ашыгы аялзаты десек аша чапкандык болбос.

Жер энени жылытып, ааламга жылуу нурун чачып жаркырап кирип келген жаздын алгачкы күндөрүндө белгиленчү Аялдардын 8-март Эл аралык майрамынын алдында жаздай болуп айланага жылуулук менен жарыкты, мээрим менен аруулукту тартуулаган аялзатынын ичинен агартуучу айымдар тууралуу ак сөз айткыбыз келди. Биз сыймыктанган андай айымдардын бири — Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, кыйла жылдан бери билим берүү майданында бел чечпей адал эмгек өтөп келаткан Зина Садыевна Алиева.

З

Зина Алиева өмүрлүк жолдошу Курманбек Токтоналиев менен бирге түтүн булатып келатышкандыгына быйыл 31 жылдын жүзү болду. Экөө эки уулуна билим, тарбия беришип, үйлөнтүп-жайлантышты. Анан да ата-эне үйгө бүлө болуп кирген келинибиз ыймандуу болсо, небере жыттап, үй ичи ырыскыга, балдардын күлкүсүнө толсо деп тилейт турбайбы. Бул жагынан Зина Садыевнанын көӊүлү ток. Келиндери ойдогудай, учурда кудалары менен ысык чай ичишип, майрамдарда, туулган күндөрдө дайым бирге. Балдарынын улуусу Эрнест жеке ишкер, юристтик кесиби бар келинчеги Махабат экөө эки кыздуу болушту. Экинчиси Бакыттын келечектеги кесиби – мамлекеттик башкаруучу. Анын жары Нурайымдын болочок кесиби – экономист. Экөөнүн бир уулу бар.

Бул үй-бүлө тууралуу кызыктуу бир жагдайды айтпай кетсек болбос, учурда Зина Алиева жетектеген Кемин райондук билим берүү бөлүмүн мурда анын жолдошу Курманбек Токтоналиевич жетектеген. Бир үй-бүлөдө билим берүү тармагын башкарган ушундай эки жетекчи болгону сейрек кездешсе керек, балким такыр эле жоктур. Зина Садыевна Курманбек агай азыр деле ага кеп-кеӊешин айтып, колдоп тураарын жашырбайт.

Экөөнү табыштырган да ушул мугалимдик кесип болду. 1977-жылы Каракол шаарындагы (мурдагы Пржевальск шаары) педагогикалык институтту аяктап, колуна дипломун алган жаш адис Ак-Суу районундагы өзүнүн туулуп-өскөн Кереге-Таш айылына мугалимдик кесиптин сырларын ачканы жөнөп калат.

- Атам кызматкер киши эле. Жумушуна байланыштуу Ошто, Нарында иштеп жүрүп, акырында Каракол шаарында отурукташып калганбыз. Мен бир жылдай мектепте мугалим болуп иштеп жүрдүм. Ал кезде жогорку окуу жайды аяктагандарды сөзсүз түрдө республиканын булуӊ-бурчуна бөлүштүрүп жиберчү эмес беле. Аӊгыча аскар тоодой атабыз каза болуп, энеме жакыныраак болоюн деп Кереге-Таш айылындагы Алышпаев атындагы мектепке завуч болуп которулдум. Агайыӊ ал жерде директор экен. Адегенде эле экөөбүздүн жылдызыбыз келишпей калды. Мүнөзүбүз, кыялыбыз, ишке мамилебиз да такыр эки башка. Мен өзүм орус тилчи болчумун. Орусча сүйлөйм, көз карашым да орусча дегендей. Ал эми бул киши көбүнчө кыргызчылыкка ыктайт, айылдын менталитетин мыкты билет. Дем алыш күндөрүүйгө келгенде апама арызданып эле жатып калчумун, директор аябай начар адам экен деп. Эки жылдай завуч болуп иштеп жүрүп, бара-бара тил табышып кеттик. Мектеп чоӊ, жумуш оор, бирок эмгек жамаатыбыз жакшы болчу. Ошол мектептен көптүүйрөндүм, көптү билдим.

1985-жылы экөөбүз баш кошуп Кеминге көчүп келдик. Агайыӊөзү шар жүргөн, ачык-айрым, чечкиндүү киши. Мен гороскоп боюнча тараза жылдызы болгондуктанбы, бир ишти чечээр алдында көп ойлонуп-толгоном. Ушул жагынан балким бири-бирибизди толуктап турсак керек деп ойлойм. Кудайга шүгүр, ошондон бери бирге түтүн булатып келатабыз, — дейт ал өткөн турмушун эске салып.

О

Окууну аяктагандан кийин бир жылдай катардагы мугалим болуп иштеп, андан кийин дароо эле уюштуруу завучу, окуу завучу, андан кийин директор, анан минтип райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп жоопкерчиликтүү милдетти аркалап келаткан Зина Садыевна өзү да мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбияланып өстү. Апасы Батыш кесиби боюнча башталгыч класстын мугалими болчу. Бирок үйдөгү сегиз баланы тарбиялап, кесиби боюнча иштеген жок.

- Атам юрист эле деп жатпаймынбы. Балким кесибинин таасириби, өтө сүрдүү киши болчу. өзүнүн ишине так, такыба адам эле. Башкаларга да ошондой талап койчу. Баарын өз учурунда аткаргыла, бүгүн бүтө турган ишти эртеӊкиге калтырбагыла дечү. Бизди үч айлык каникулда Кайырма-Арыкка, айылдагы чоӊ энебиздин колуна жиберчү. Бизди ошол энебиз тарбиялады десем да болот. Ошол жактан камыр жууруп, кир жууганды үйрөндүк. Ал кезде балабыз да, айылга баргандан качып турчубуз. Азыр ойлосом, атам эӊ туура кылган экен. Айылдын тарбиясын көрүп чоӊойгонубузга сүйүнөм. Чоӊ энебиз Айымбүбү Чолпонбаева согуш маалында колхоздун башкармасы болгон экен. Келбети азыр да көз алдымда турат, узун бойлуу, аябай сүрдүү, тартипти катуу талап кылган кыйын аял эле. Ал жагынан атам чоӊ энемди тартса керек деп ойлойм.

Атам канчалык иши көп болуп, колу бошобой жатса да биздин күндөлүгүбүздү текшергенге, мектептеги чогулушка катышууга убакыт тапчу. Апамдын мүнөзү, тескерисинче, өтө жумшак, тазалыкты аябай сүйгөн адам. Азыр анын жашы 90дон ашып калды. Былтыр биргелешип 90 жылдык мааракесин белгиледик. Илгерки кишилер сөөгү таза экендигине ынанып калам. Азыр да акылы тунук, дагы эле тазалыкты талап кылып турат. Бала тарбиянын биринчи кезекте үйдөн, ата-энеден алат экен. Эми ойлосом, биз үчүн ата-энебиз үлгү болуптур, — дейт ал.

«Адам таза, түз жүрүш керек» деген турмуштук кредону туу туткан жетекчи айым башкалар сыяктуу эле үйгө келгенде оболу кожойкелик, энелик милдетти биринчи орунга коерун айтат.

Үйдө кандай энесиз? — деген сурообузга Зина Садыевна төмөндөгүдөй ой бөлүштү:

- Эненин милдети көп. Жумуш деген жумуш менен, а бирок аялдын, эненин үйдөгү милдетин эч ким алмаштыра албайт экен. Баарын үлгүргөнгө аракеттенебиз.

Балдарыма ыраазымын, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөткөн ыймандуу балдар болуп чоӊоюшту. Ушул кезге чейин алардын жүрүм-туруму тууралуу жаман сын сөз уккан жокпуз. Мен да, агайыӊ да балдар менен сырдашканга, кандай тема болбосун ачык сүйлөшкөнгө аракеттенебиз. Бала менен чынчыл, ачык, керек болсо дос мамиледе болгон жакшы. Аларды көп тыя берген да туура эмес, колдон келсе сырдашууга аракеттенгиле деп кеӊеш берер элем. Балдарыӊдын досторун жакындан билгениӊ да жакшы болот экен. Бул жагынан мага жеӊил болду, анткени эки баламдын досторунун баары өзүмдүн окуучуларым. Азыр да алардын келинчектери менен жакындан катышып турабыз.

Балдарыбыз мектепте окуп жүрүшкөндө «Менин балдарыма бааны адилет койгула» деп талап кылчумун. Аларды жалаӊ бешке окугула деп да айтчу эмесмин. Себеби бала баа үчүн эмес, бирдеме билиш үчүн окушу керек, эӊ негизгиси, теманы түшүнгөнү маанилүү, — деп энелик сырлары менен бөлүштү.

Зина Садыевна өзү кандай келин болгонун, азыр өзү кандай кайнене болуп жатканына да кызыктык:

- Раматылык кайненемдин мүнөзү жумшак болчу. Үй-бүлөдө жети келинбиз. Ортобузда ачык-айрым, сый мамиле түзүлгөнүнө кайненемдин салымы бар деп ойлойм. Анткени ал улуу-кичүүгө жаман айтпаган, сыпайы жан эле. Кайнатам болсо акылман, кеменгер адам болчу. Турмуштук ар кандай кырдаалдарда кеӊешкени түз эле кайнатама барчубуз. Жети келинине өз кызындай мамиле жасашчу.

Ал эми өзүмдүн эки келиним экөө теӊ аябай жакшы. Аларга талабым эле — тазалык, оокатка бүйрөлүгү. Улуу келиним Махабат тамак-ашка мыкты. Анын мүнөзү токтоо, оор басырыктуу, ал эми кичүүсүнүн мүнөзү ачык-айрым. Куда-кудагыйларыбыз менен ортодо ысык чайыбыз бар. Балдарды окутуп, үйлөнтүп-жайлантып, өзүнчө бөлүп койгонбуз.

- өзүӊүз үйдө кандай кожойкесиз? Байке кандай тамакты жакшы көрөт?

- Азыр колдо келин жок. Улуусу Бишкекте, кичүүлөрү Россияда турушат. Колдо үч жашар неберебиз бар. Ошол ойносо ойноп, күлсө күлүп, ырдаса ырдайбыз. Эс алуу күндөрү эс алуу паркына алып барабыз. Чоӊ атасы азыр ардактуу эс алууда. Экөө айылчылаганды жакшы көрүшөт. Апамдан калса керек, мен да тазалыкка биринчи көӊүл бурам. Ал эми байкеӊердин жакшы көргөн тамагы – эт. Негизи тамак деле тандабайт, бирок эттин бардык түрүн сүйүп жейт.

М

Маегибиздин соӊунда ардактуу жар, сүйүктүү эне, мээримдүү чоӊ эне, өзү 60тын кырынан ашса да энесинин эрке кызы, анан дагы көкүрөк кагып мактана бербеген, бирок талапты кое билген жетекчи катары Зина Садыевна Алиева райондогу 45 мектеп директору, бала бакча башчысынын ичинен 37си аялзатын түзгөн өзү жетектеген педагогикалык жамааттын айымдарын, энелерди, кыздарды алдыдагы 8-март майрамы менен куттуктап каалоо-тилектерин билдирди:

- Мугалимдер журтуна, кесиптештериме, жалпы эле энелерге, эже-сиӊдилерге кааларым: аманчылык, иштеринде албан-албан ийгиликтерге жетишип, өздөрүнүн балдарынан, билим-тарбия берген балдардан урмат-сый көрүшсүн. Кыздарга айтаарым, окуп билимдүү болушсун. Билими бар кыз барган жерине барктуу болот. Элибизге бейкут турмуш, бардар жашоо тилейм. Энелерибиз бар болсун!

Айнагүл Кашыбаева,

«Кутбилим»

МИТЕЛИКТИН ТАМЫРЫ ЖАНА АРАБӨК КООМ

$
0
0

 Кыргыз коомунун, мамлекетинин өнүгүшүнө ичкериден бөгөт болгон эӊ негизги жагдайлардын бири коррупция экендиги белгилүү. Бирок бул балээнин тамыры кайда? Аны кантип жулууга болот? Коррупциянын жоюлбай жатышына өбөлгө түзгөн «кызыкчылыктар конфликти» деген эмне? Эмесе, сөздү баарыбыз көрүп-билип жүргөн көрүнүштөрдөн баштайлы.

Ойлогон ой жана кыстаган турмуш

 Коррупцияга каршы күрөш чейрек кылым бою – Кыргызстан эгемен мамлекет деп таанылгандан бери – жүргүзүлүп келсе да, паракорлор азайбай, мамлекеттик бюджет, жалпы улуттук байлык ого бетер талоонго учурап, мыйзамды сыйлагандар азайып, тебелеп-тепсегендер көбөйүп баратат. Бул жаатта ойлогон ойдун кыстаган турмуштан жеӊилип жатышынын негизги себеби – ошол ойдун чалакайымдыгы, жеткире ойлонулбагандыгы, ишке ашырылышынын конкреттүү шарттары камсыздалбагандыгы. Коомго, мамлекетке жана ар бир жаранга зыян келтирүүчү бул илдетти жоюу жагынан ийгиликке жеткен өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алганда, эӊ эле зарыл шарттардын бири катары мамлекеттик кызматкерлердин мындай терс жосунга барышы опурталдуу, өзүн актабаган тобокелдик болуп калгыдай абалды камсыздоо керек эле.

Мыйзам үстөмдүгү кебелгистей орнотулган Сингапур сыяктуу өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкердин эмгек акысы жеке сектордо алектенгендердин (коммерсанттардын, ишкерлердин) орточо кирешесинен төмөн эмес. Ошого жараша алардын жоопкерчилиги да катуу: парага же башка мыйзамсыз кирешеге азгырылса, кызматынан – туруктуу киреше булагынан эле айрылып тим калбастан, соттолуп да кетиши толук ыктымал. Демек, ар бир кызмат адамынын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин, коомдун таламына каршы келбей, тескерисинче, бири-бирин камсыздагыдай жагдай түзүлгөн.

Биздеги баш-аягы жок «күрөштөрдүн» майнапсыз болуп жаткандыгына дал ушул турмуш чындыгын – ар бир адам татыктуу жашоого, үй-бүлөсүн жакшы бакканга умтуларын – эске албай, жалаӊ гана эмоцияга негизделгендиги себеп болууда. Ошондуктан кээде «коррупцияга каршы күрөш» ураанын чакырган төбөлдөрдүн ушундай ниети барбы же бул элди алдоо үчүн эле айтылган кооз, дүӊгүрөк сөздөрбү деген шектенүү да туулат.

Бюджет бүт жетеби?

 Мамлекеттик кызматкерлерге жакшы айлык бергенге каражат кайдан табылат? Ансыз деле өп-чап болгон бюджет кайсыга жетет? Чындыгында бул маселени да чечсе болот.

Бири-бирин бир нече ирет кайталаган, эмне жумуш кылганы белгисиз, пайдасынан зыяны көп түзүмдөрдү кыскартуу керек. Азыркы депутаттардын бири мындан 5-6 жыл мурун Кыргызстандын бюджетинин 30 пайыздай бөлүгү башкаруу түзүмүндөгүлөргө жумшалат, мынчалык чоӊүлүш башка эч кайсы өлкөдө бөлүнбөйт деген эле. Эгер бюрократиялык машинанын мотору жок, дөӊгөлөктөрү айланбаган керексиз чиркелмелерин алып салса, кыймыл жеӊилдеп, үнөмдөлгөн «бензин» (эмгек акы ж.б. чыгымдар) кесипкөй кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө жумшалмак.

Орточо базар баасы 300 доллардан ашпаган планшеттин ар бирин бир жарым миӊ долларга мамлекет эсебинен сатып алмакчы болгон министрликтер, отурган ар бир креслосуна эле бюджеттен 310 доллар (22 350 сом) чачууга шашкан депутаттар кимге керек? Бул кокусунан элге маалым болуп калган фактылар, дагы канча каражат каякка тымызын агып кетип жатканын билбейбиз…

 Ар бир сомдун жүгүртүлүшү элге көрүнүп турушу үчүн бюджетти ачык-айкын кылуу керек. Буга илгеркидей тонналаган кагаз, боёк ж.б. басмакана чыгымдары талап кылынбайт. Экономика жана Каржы министрликтеринин сайттарынын тийиштүү рубрикасында салыктан, бажы ж.б. төлөмдөрдөн канча каражат топтолгондугун, кайсы багыт боюнча канча акча качан ажыратылып, кандай иштетилгенин маалымдап турса болот. Тилекке каршы, азыр бизде салык эмес, коммуналдык төлөмдөрдү да төлөбөгөн мителер бар. Бюджеттик каражаттын сарамжалдуу колдонулушу үчүн жоопкерчилик бекем болбогондуктан, миллиондогон акчанын изи табылбай калган учурлар көп кездешет.

Казынадагы ар бир сомдун эсеби интернетте так чагылдырылып турса, миллиондорду уурдагандар тыйылса, элеттик бир мугалим «пара алат» дегенге күйүнүп айткандай, агай-эжейлер жарым күчүн соопчулукка жумшаганды токтотуп, эмгегине арзыгыдай акысына толук ээ болот эле. Дарыгерлердин катары да тазарып, болор-болбос айлыгын эч нерсеге жеткире албай, ар кимден акчалай «ырахмат» үмүт эткендин ордуна чыныгы кесипкөй адистер ишинен баар тапмак.

Мамлекеттик башкарууга иштин көзүн билген кесипкөйлөр келсе, жумуш орундар көбөйөт, демек, салык да кыйла жакшы түшө баштайт. Мамлекеттин, элдин байлыгын уурдамай азаят, тыйылат.

Бул таза, адилеттүү кызыкчылыктар корголсо, мамлекеттин, коомдун өнүгүшүнө да жол кеӊеет. Бирок эки тараптын таламын шайкеш келтирүүүчүн биргелешкен, ырааттуу күрөш жүргүзүлбөсө, жегичтер, мителер үстөмдүк кыла берери анык.

Коом менен инсан – каршылаштар эмес

 Адамзат ар качан кандайдыр бир максатты көздөгөндө, аша чаап кетип, артык эмес, тыртык кылып алган учурлар тарыхта көп болгон. Коммунисттер башкарган доордо коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгы жеке адамдын кызыкчылыгынан өйдө коюлгандыгы эсибизде. «Мекен үчүн, эл үчүн, мамлекет үчүн баарына даярбыз, керек болсо өмүрүбүздү беребиз!» деген идеология СССР кыйрагандан кийин 180 градуска бурулуп, эми ар кайсы деӊгээлдеги (жеке адам, анын туугандары, уруулаштары, жердештери) өзүмчүлдүк мамлекеттен, мыйзамдан, укуктан өйдө коюлуп калды.

Ырас, мекенчилдикке, мыйзамды сыйлоого, укук менен катар жарандык парзды да унутпоого чакырган кооз сөздөр расмий жыйындарда айтылып, атүгүл ар кандай улуттук программаларда, концепцияларда жазылып жүрөт. Бирок иш жүзүндө кеӊири жол берилип жаткан жосундарга карасак, колунда бийлиги, байлыгы бар жеке адамдардын кызыкчылыгы жалпы коомдун, элдин таламына каршы коюлуп, коргоого алынып жаткандыгын көрөбүз.

Соӊку 10-15 жыл аралыгындагы эле чуулгандуу кылмыштар, киши өлтүрүүлөр коом турмушундагы «ар ким колунан келгенин кылып алсын» деген карөзгөй «эрежеден» баш тартуу зарылдыгын көпчүлүккө жеткире түшүндүргүдөй эле болду. Далай эрендер байлыгын тарттырып ийди, карактагандардын өздөрүн да башкалар талап-тоноду –  «ууруну каракчы урду». Акыры менчикти коргоо үчүн курал-жарак колдонууга уруксат берген мыйзам кабыл алганга чейин жеттик!

Сөзсүз эле «бардыгы бардыгына душман» болгон кырылышуу жолун баштан өткөрүш керекпи?..

Буга чейинки аша чапкан алабарман кадамдардын натыйжаларын сергек талдап, кызыкчылыктарды турмуш чындыгына ылайык мыйзамдуу коргоого өтүү зарыл. Ырас, элди мекенчилдикке, адилеттүүлүккө, ынсаптуулукка үндөгөн жакшы, жаштарды жакшы жолго баштап тарбиялоо керек. Бирок эмне үчүн адамдардын бир бөлүгү гана ынсаптуу, мекенчил болобуз деп соопчулукка (бекер) иштеп, башкалар (башкаруу тутумундагылар) элдин эсебинен кутуруп жүрө бериши керек? Адеп-ахлактык асыл нарктарды экономикалык, социалдык, укуктук таянычтар менен бекемдей жүрүү зарыл. Антпесе бул көөнөргүс баалуулуктар ооздун жели гана болуп калат да, баёолорду алдап, мазактагандар ого бетер эсирет.

Бетпактардын беткабы

 Сингапурду экономикалык, социалдык, маданий эӊ оор абалдан сууруп чыгып, дүйнөдөгү алдыӊкы өлкөлөрдүн катарына кошкон лидер Ли Куан Ю мамлекеттик кызматкердин эмгек акысын жеке сектордо алектенгендердин (коммерсанттардын, ишкерлердин) кирешесинин 2/3сине теӊдештирели дегенде, буга каршы чыккандар, нааразылыгын билдиргендер көп болуптур. Алар мамлекеттик кызматкерлер элге кызмат өтөшү керек, ата журтунун пайдасы үчүн жеке кызыкчылыктарынан кечиши керек деп чыгышкан экен. Мындай ооз көптүрмө популизм элдин байлыгын тоноого умтулган бетпактардын беткабы экендигин далай ирет көрсөтпөдүбү?!

КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР ЧАТАГЫ (КЧ) ДЕГЕН ЭМНЕ? АЛ КОРРУПЦИЯДАН КАНДАЙ АЙЫРМАЛАНАТ?

 Кызыкчылыктар чатагы (конфликти) – адамдын жекече кызыкчылыгы чечим кабыл алуу процессине таасир этип, мунун айынан коомдун же ошол кызматкер иштеген компаниянын кызыкчылыктарына зыян келтирилиши мүмкүн болгон кырдаал. Бул коррупциянын өзү эмес, анын жаралышына өбөлгө болгон жагдай.

КЧ түрлөрү

 Уюштуруудагы

Уюштуруудагы чатак жеке менчик уюм мамлекетке кызмат көрсөткөндө, башка түрдөгү иштерине же мамилелерине байланыштуу бул кызматты калыстык менен көрсөтүшү мүмкүн болбогондо келип чыгат. Ошентип, мындай ишти аткарууда уюм атаандаштарына салыштырмалуу өтө чоӊ артыкчылыкка ээ болуп калат.

Жекече

Жекече кызыкчылыктар чатагы – бул адамдын жеке кызыкчылыктары (уюмдан тышкарыдагы кесиптик байланыштары же жеке каржы активдери) анын кызматтык милдеттерин аткарышына карама-каршы келген же келиши мүмкүн болгон кырдаал.

Кызыкчылыктар чатагына каршы күрөшүү ыкмалары

Алдын алуу усулу

Эӊ натыйжалуу ыкма. Буга мисал – кызмат ордуна дайындалган мамлекеттик кызматкердин компаниядагы үлүшүнөн баш тартуусу. (Мисалы, Кумтөр чатагынын чечилбей жатышынын негизги себебин Центерра компаниясынын акционерлеринин катарында биздин айрым жогорку кызматтагы адамдар да бар экендиги менен байланыштырып жүрүшөт. Стратегиялык маанидеги мындай компанияга кимдердин тиешеси бар болсо, ачыкка чыгарып, мамлекеттик кызматынан четтетүү же акцияларынан баш тарттыруу/саттыруу зарыл)

Маалыматты ачыкка чыгаруу

Мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн мүлкү жана киреше булактарын маал-маалы менен жарыялап турууга милдеттүү. Ошенткенде кызыкчылыктар чатагын болтурбай коюуга өбөлгө түзүлөт. (Бул жагынан кээде акылга сыйбаган жосундарды көрөбүз: өтө бай чиновниктердин декларациясына ишенсек, кээ бирлери «баш паанеги жок» «бомж» болуп чыгат!)

Катышуудан ыктыярдуу түрдө баш тартуу

Кызыкчылыктар чатагына алып келе турган чечимдерди кабыл алууга катышуудан өз ыктыяры менен баш тартуу. Буга жалпы ыймандык көз караш, кесиптик адеп, мыйзамдагы (мыйзам актыдагы, уставдагы) жобо түрткү болушу мүмкүн.

Антикоррупциялык уюмдардын жана коллегиялуу органдардын иликтөөсү

Мамлекеттик кызмат түзүмүндө мамлекеттик жарандык кызматкерлердин кызматтагы жүрүм-турумун жөнгө салуу боюнча комиссия болушу керек. Алар менен катар коомчулуктун таламдарын жактаган антикоррупциялык уюмдар кызыкчылыктар чатагынын келип чыгышына көз салат.

 

(Интернеттеги маалыматтардын негизинде жөнөкөйлөтүп жазылды).

 

Жолдош ТУРДУБАЕВ.


ЖАШТАР САЯСАТЫ ЖАШООГО ЫӉГАЙЛАШКАН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООГО БАГЫТТАЛАТ

$
0
0

 Билим берүү жана илим министрлигинде Билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгы түзүлдү. Бул башкармалыктын башкы милдети бардык жактан жашоого ыӊгайлашкан жаш инсанды тарбиялоо болуп саналат.

Өткөн жылдын этегинде Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жоюлуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жаштар саясатын жүргүзүү милдети Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн. Бул милдетти аткаруу үчүн министрликте атайын башкармалык түзүлүп, ага жаштар саясатын жүргүзүү, жаштар менен иштөө иши жүктөлдү.

Билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын адиси Назгүл Мусаеванын айтымында, башкармалык өз ишин баштап,  өткөн аптада республиканын жаштарын бириктирип, 2017-жылга карата Жаштар саясатынын стратегиясын иштеп чыгуу боюнча кереге кеӊеш өткөрдү.

- Жаштар саясаты боюнча башкаруу  документтерин  иштеп чыгуу  тапшырмасы Билим берүү  жана илим министрлигине ыйгарылган, ал эми  аны ишке ашыруу милдети Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды. Андыктан 4-марттан 6-мартка чейин министрлик жаштар саясатынын стратегиясын иштеп чыгуу боюнча атайын түзүлгөн жумушчу топ менен семинар өткөрдү. Анда  жаштар менен иштөөнүн көйгөйлөрүн аныктоо жана ага анализ жүргүзүү, жаштар менен туруктуу иштей турган институттарды аныктоо, региондогу жана шаардагы жаштардын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жана проблемалары сыяктуу маселелер боюнча талкуу жүргүздүк. Эӊ башкысы бүгүнкү жаштарга эмне керек, аларды эмне кызыктырат деген суроолорго жаштардын өздөрүнөн жооп алууга аракет кылдык. Бул жумушчу топтун курамына  Билим берүү жана илим министрлигинин,  БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Бишкек шаарынын мэриясынын, эл аралык жана мамлекеттик эмес уюмдардын, жаштар мекемелеринин жана региондордогу жаштар борборлорунун өкүлдөрү кирген, — дейт Назгүл Мукашевна.

   Н.Мусаеванын айтымында, мурун Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин ресурстары менен Билим берүү жана илим министрлигинин ресурстары эки башка болгон. Андыктан азыркы иштелип жаткан стратегия мурункуга караганда башкача түзүлүп, министрликтин жүргүзө турган саясатына ылайыкташтырылат. Себеби буга чейин эле билим берүү мекемелеринде тарбия иштери боюнча иш жүргүзүлүп келген.

- Бардык жактан жашоого ыӊгайлашкан жаш инсанды тарбиялоо биздин бүгүнкү күндөгү алдыга койгон эӊ башкы максатыбыз. Ага жетиш үчүн биз эмне кылышыбыз керек? Ал үчүн тарбия ишин бала бакчадан баштап үзгүлтүксүз жүргүзүшүбүз зарыл.  Себеби бизде буга чейин үзгүлтүксүз тарбия өксүп келген. Бала бала бакчадан эле патриот болуп тарбияланып, мектепке келгенде алдына бир максат кое билген, ошол максатына жетүүүчүн умтулган деӊгээлге жетиши керек. Андай балдар максатына жетүүүчүн мектептен эле аракет кылып, ар кандай долбоорлорду жазганды, лидерликке үйрөнүп, жогорку окуу жайына келгенде баштаган ишин андан ары улантып кетиши абзел. Ошондо жожду бүтүп жатканда жашоого ыӊгайлашкан, бардык тарабынан төп келген идеалдуу адам даяр болуп чыгат. Андыктан биз балдарды ушундай жолго тарбиялаган, жол көрсөткөн, багыт берген стратегия жазышыбыз керек. Эӊ башкысы, стратегияны иштеп чыгууда, Кыргызстанда жашаарыбызды унутпашыбыз керек. Себеби биздин өзүбүздүн менталитетибиз бар, — дейт Н.Мусаева.

Жумушчу топ семинардын катышуучуларынын пикирлерин дагы эске алуу менен шаар жаштары менен айыл жаштарынын кызыкчылыктарына дагы көӊүл бурат. Себеби алардын жашоо-шарты дагы, ресурстары дагы, талаптары дагы, көз караштары дагы ар башка.

Жаштар комитети түзүлөт

 Жаштар менен тыгыз иштешүү максатында Билим берүү жана илим министрлигинде Жаштар комитетин дагы  түзүү пландаштырылууда. Комитетке мүчөлүккө эл аралык жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, ар кандай жаштар уюмдарынын лидерлери, таланттуу жаштар кабыл алынат. Алар министрлик менен бирге жаштар иштерин алып барышып,  өздөрүнүн зарылчылыктарын аныктап, идеяларын сунушташат.

- Бул комитетке таланттуу, лидер жаштарды алалык деп жатабыз. Себеби аларды көргөн жаштар өздөрү эле биз ушулардай лидер, бийчи, ырчы, спортчу бололук деп максат коюшат. Комитеттин мүчөлөрү дагы жаштарды үндөгөнгө, жол көрсөткөнгө, багыт бергенге жардам беришет, — дейт Н.Мусаева.

Учурда министрликте жер-жерлерде иштеп жаткан жаштар үйлөрүнүн милдеттерин өзгөртүү, жаштар уюмдарын түзүү дагы каралууда. Себеби жаштардын катарына жалаӊ мектеп окуучулары, жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери гана кирбестен 14 жаштан 27 жашка чейинки курактагы жарандардын баардыгы кирет. Андыктан алардын ар бири, өзгөчө элет жаштары бош калбай, ар кандай иштер менен алагды болушу керек.

 Кыргызстанда жаштардын катарына 14 жаштан 28 жашка чейинки жарандар кирет. КР Улуттук статистикалык комитеттин 2014-жыл үчүн маалыматына таянсак,  калктын жалпы санынын 30% (1,7 млн.) жаштар  түзөт. Жаштардын 2/3 айыл жерлеринде жашашат. Окуучулардын саны болжол менен 629 миӊди (37,3%), анын ичинде жалпы билим берүүчү мектептерде 321 миӊ, жогорку кесиптик окуу жайларында 222 миӊ адамды түзөт.

КР Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, өлкөдө 478 жаштар уюму каттоодон өткөн. Бирок алардын ичинен болгону 10% гана активдүү иштейт.

• Пикир

Тарбиянын жакшысы, тагдырдын ачкычы

С.Гапаров,

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

маданияттаануу кафедрасынын ага окутуучусу:

 

- Советтер Союзунун учурунда бул тармак мамлекеттик деӊгээлде чоӊ жоопкерчиликке алынып, октябрят, пионер, комсомол уюмдары, ата-эне, мектеп болуп ушунчалык көӊүл бурулуп келген. Эгемендүүлүктү алгандан бери айрыкча мектеп өспүрүмдөрүнө ата-энелер жана мамлекет талаптагыдай көӊүл бурбай жаткандыг ыөкүнүчкө салат. Буга окуучулардын мектепке келди-кеттиси, таята, чоӊ энелеринин, жакын туугандарынын же болбосо улуураак балдар, кыздарынын колунда калган окуучулар, ошондой эле бир партада үчтөн-төрттөн отуруу, батыштын фильмдери, телефондор, агенттер көзөмөлгө алынбагандыгы себеп болуп отурат. Негизги себептери миграциянын күчөшү, ата-энелеринин расмий никелеринин жоктугу, сабатсыздыгы, укуктук документтеринин жоктугу, жумушсуздук, турмуштук оор кырдаал, ата-энесининажырашып кеткендиги болууда. Бишкектеги ички миграцияда жүргөн квартиранттардын балдарынын көпчүлүгү мектепке барбайт. Дордойдо иштеп жаткан балдарга тентип жүргөн криминал топтордун таасири өтө чоӊ. Базардын күн-чыгыш жагында таштандыларда өспүрүм балдардын түрүн жолуктурууга болот. 9-класстан кийин окубай койгон балдардын социалдык көйгөйү күч. Адашкандар үй-шарты жакшы болсо да алардын туткунуна түшүп калууда.

Жаштар — коомдун келечеги дейбиз. Бүгүнкү күндө жаштардын идеялары кандай болсо, жашоонун маӊызын, баалуулугун эмнеден көрсө коомдун келечеги да ошондой болот деген түшүнүк менен жашап келет. Ошондуктан жалпы адамдын акылы жана жүрөгү үчүн болгон күрөш учурда идеялык күрөштүн башкы маселелеринин бири болууда. Коом менен жаштар ар дайым тыгыз байланышта болуусу зарыл. Ошондуктан жаш өспүрүмдөр окуп, билим алып, турмуш тажрыйба сын топтоп, толук кандуу, активдүү күчкө айланып мамлекет менен бирдикте иш алып баруусу керек. Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз деген туура эмес. Ошонун артынан кандай коркунучтуу муун пайда болду. Жалпы кыргыз элинин жана Жогорку Кеӊештеги депутаттар, өкмөт башчылары, жогорку окуу жайлардагы студенттер, мектеп окуучулары биргеликте коомубузда жүрүп жаткан демократиялык реформаларда жаштардын активдүү катышуусуна моралдык-эстетикалык нормаларды, адеп-ахлактык жана патриоттуулукту, Ата мекенди сүйүүменен бирге элдик үрп-адат, каада-салттардын мыкты үлгүлөрүн, жүрүм-турум маданиятын, дин сабаттуулугун, тескери агымдарга кирип кетпөөнүн, тынчтыкты сүйүп-кадырлоону, экологияны сактоосу зарыл жана милдеттүү.

Бүгүнкү күндө жаштар бир күндүк тамак үчүн өмүр сүрүп калышкан. Менин байкашымча, өзүн-өзү камсыз кыла алган, коомдук иштерге активдүү катышкан жаштар азаюуда.  Мурдагы мекени жок цыгандардынжолдорунатүшүпалгансыйт. 1991-жылдарданбаштапрухийбайлыктардынордунакүнүмдүккөроокат, акча, мансапформуласыүстөмдүккылууда. Мурунку эмгекке болгон мамиле кайда? Талыбас эмгек аркылуу гана ийгилик алат элек го. Ал эми азыр болсо адамдар моралдык жактан таза болбой калды, алдагандарга, тоногондорго жөндөмдүү болгондордун иши жүрүп, ити үрүп чыга келди. Натыйжада, жаштар жеӊил жолдорду издешип, өз кесибин сүйбөй баратышат. Батыш маданиятына азгырылган жаштар улуттун тарыхына, маданиятына, тилине кызыгып да коюшпайт. Жаш муундун моралдык, адеп-ахлактык, интеллектуалдык мүнөзү чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында талкаланууда.

Андыктан менин сунушум: бүгүнкү күндөүрп-адат, каада-салттар күчүн жоготпошу керек. Тарбия менен билим берүүнү күчөтүү инсанды калыптандырууда рухий дөөлөттөргө басым жасоо кажет. Ар бир жогорку окуу жайындагы окутуучулар предметтик лекциясын окуй бербей үч мүнөт этика, адеп-ахлах маселесине да сөзсүз көӊүл бурушу керек. Окуучулардын, студенттердин патриоттуулукка, Ата журтка болгон сүйүүсүн күчөтүү зарыл. Эӊ негизгиси, кыргыз мамлекетин сактап, акыркы гүлдөгөн заводу бар,  жеӊил өнөр-жайы, мал жана айыл чарбасы өнүккөн, чек аралары бекемделген өлкөгө айландырган жан-дили менен берилген чыныгы уул-кыздарыбыз — бүгүнкү күндөгү келечек муундарыбыз.

Эгерде биз келечекте моралдык, адеп-ахлактык, интеллектуалдык муунду өстүрөбүз десек тез арада Жогорку Кеӊештин мыйзам чыгаруу өкүлдөрү тарабынан уул-кыздарыбыздын мектепти толук аякташына ата-энелери мыйзамдуу түрдө чоӊ жоопкерчиликти өз моюндарына алышы керек.

ЫНТЫМАКТУУ ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЫРЫС УЯЛАЙТ

$
0
0

 «Ааламда өзгөрбөй турган үч гана зат бар: эненин ак сүтү, күндүн нуру жана баланын күлкүсү» деп бекер жеринен айтылбаган чыгар. Анткени, эӊ оболу педагог-мугалимдер ата-энеден кем эмес түмөн-түйшүктү тартышып, баасы эч нерсе менен ченелгис татыктуу эмгеги мактоого гана арзыйт. Алар балдар кубанса кошо кубанышып, кайгырса кошо кайгырышып, билимдерин, акыл насааттарын арнашып, балдарга мээримин төгүшүп, ыйык сезимдерин бөлүшүп, жоктон бар кыла эмгектенишип келишет.

Айтылуу акын, манасчы, кара сөздүн чебери чечен Актан Тыныбек уулунун ысмын алып жүргөн Нарын районуна караштуу Миӊ-Булак айылындагы орто мектепте, карапайым элет жеринде жашаган элдин балдарына, ыйык эне тилибиз болгон кыргыз тили жана адабият сабагын окутуп, көркөм дүйнөсүн өстүрүп, 28 жылдан бери карай талыкпастан эмгектенип келатышкан кош жылдыздай болгон өмүрлүк жубайлар Буудайчиев Асанкул менен Осумбекова Орозгүл турмуш дайрасын кол кармашып чогуу кечишип, бирге иштешип келе жатышат. «Мугалим — мөмөлүү дарак» дегендей, аталган мектепте башынан, илгертен бери карай чыныгы профессионал, билимдүү педагог мугалимдер эмгектенип келишет. «Ааламга кеткен жол айылдан башталат» деп айтылгандай, Асанкул менен Орозгүлгө жолугуп баарлашканымда, тээ-э алыста жылдыздай чачырап, закымдап кеткен жалындуу жаштык кездерине, өмүр белестерине бир кылчайышып эстеп, ойго чөмүлүп кетишти…

А.Буудайчиев 1960-жылы жайдын чилдеси толуп турган июль айында Чуӊкур-Суу жайлоосунда жарык дүйнөгө келген. Анын бала чагы ата-энесинин кучагында, жаратылыштын эӊ бир кооз ажайып жайлоолорунда өттү. Боз үйдүн коломтосуна дуулдата жагылган арчанын жытын искеп, жалынына жылынып, азоо тай-кунандарды үйрөтүп минип, шуулдаган балалыктын таза асманында торолуп өсүп жетилди. Анын акын болуп калыптанышына сулуу жаратылыш, суйкайган айдай болгон мээримдүү адамдар себепкер болуп, ыр булагы атылып чыкса керек… Асанкул ал кездеги Куйбышев атындагы орто мектепти эӊ жакшы окуп бүтүргөн соӊ, советтик армиянын катарына барып кызмат өтөп келет. Армиядан келери менен Куйбышев колхозунда өндүрүштө колхозчу болуп иштеп, өз салымын да кошот. Андан кийин борбор калаадагы Фрунзе атындагы заводго ишке орношуп, мында үч жыл жумушчу болуп иштеп такшалат. 1983-жылы КМУнун кыргыз филологиясы факультетине окууга өтүп, алдыӊкы идиректүү, аракетчил, коомдук иштердин активдүү катышуучусу болуп студенттердин алдыӊкы сабында жүрөт. Орозгүл Зияидиновна экөө бирге окушуп, студенттик кайрылып келбес жаштыктын, сүйүүнүн балын татышып, кийин баш кошушат. 1988-жылы университетти ийгиликтүү аяктап бүтүшөрү менен Тажикстандын тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районуна колуктусу Орозгүл экөө кол кармашып, эмгек жолун баштаганы жөнөп кетишет. Мургабдагы боордош элибиздин балдарына эне тили жана адабияты боюнча сабак беришип, жаштык жигерлери менен эки жыл эмгектенишет. Жакшы адам кайда жүрбөсүн, каякта иштебесин кадыр-баркка, сыйга эгедер болушат эмеспи. Мургаб эли да экөөнүөз бооруна тартып, мөөнөтү аяктаган эки адисти кыялбай араӊ зорго узатышат. Ошентип, Бишкекке келишип, Асанкул Исмаилович Кыргыз илимдер академиясына илимий кызматкер, ал эми Орозгүл Зияидиновна Илим изилдөө институтуна орношуп, иштеп такшалышат.

«Жакшы адамдын жарыгы элге тиет» дегендей, Асанкул менен Орозгүл жаӊыдан Бишкекке көчүп келишкенде, баардыгы сыдыргыга салгандай шыр  кеткен жок. Жаш үй-бүлө ижарадан ижара которушуп, же туруктуу иштегенге иш табылбай алгач кыйналып-чайналышат. Ошондо университетте сабак берип окуткан агайлары: факультеттин деканы Сансызбай Иманалиев, окумуштуулар Токтосун Акматов, Жээнбай Мукамбаев ж.б. колдоо көргөзүшүп, иш караштырышып, жумушка орноштурушат. Жаӊыдан такшалышып, илимдин улуу жолуна аттанышып, шымалана иштеп жатышканда, айылдагы тамда апасын жалгыз таштап, ээнсиретпеш үчүн 1991-жылы туулуп өскөн Миӊ-Булак айылына көчүп келишет. Себеби Асанкул үйдүн кичүүсү, балдардын кенжеси болгондуктан, үй-жайга баш көз болуу милдети ага жүктөлгөн. Ошентип айылдын тузу, касиети тартып, элеттик балдарга мыкты билим, таасирдүү таалим-тарбия беришип, азыркы күнгө чейин мугалимдердин алдыӊкы сабында эмгектенип келатышат. Айтмакчы, О.Осумбекова 1965-жылы Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айылында төрөлгөн. Атасы өмүр бою айылда веттехник болуп эмгектенсе, апасы болсо бала-бакчада наристе бөбөктөргө тарбия берген. Орозгүл ошол жаш чагында эле билимге, окууга жан дили менен дилгир, максаттуу жаштардын алдыӊкы катарында эле. Студент кезинде да китепканадан чыкпай, сабактарын эч калтырбай окуп, эӊ зээндүү, мыкты окуган студенттердин алдыӊкысы болуп жүрдү. Кийин 3-4-курстарда, мамлекеттик практикаларда такшалган мугалимдердей сабак өткөнгө жетишип, эл оозуна алынды. Кийин экөө айылга көчүп келишкенде, өзү түштүктүн илбериӊки, назик, сылык  кызы болгондуктан, анын жумшак мамилеси, коӊгуроодой мукам үнү окуучуларды арбап, сабакка куштар кылып салар эле. Азыр деле ошондогу калыбынан эч жаза элек. Асанкул менен Орозгүлдүн айылга көчүп келип, эл агартуу тармагында бел чечпей эмгектенип келатышканына эле чейрек кылым 25 жыл толуп олтурат.

Асанкул Исмаилович мектепте директордун орун басарлык кызматын да аркалап, уюштуруучулук жөндөмү менен көпчүлүккө таанылган. Ошону менен эле катар чыгармачылык ыр дүйнөсүн да таштабай, алпурушуп, талантын кайрап, канаттуу ырларды жазып, поэзиянын тунук кереметине чулганып, көӊүл эргитип олтуруп жазган ырлары, поэмалары оголе арбын. Анын жазган ырларын үзбөй окуган окурмандары, ыр күйөрмандары көп экендиги талашсыз. А.Буудайчиевдин 2012-жылы жарыкка чыккан «Жан дүйнө» аттуу ыр жыйнагына, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин өзү баш сөзүн жазып, ак батасын бериши эле көп нерседен үмүт шооласын жандырып турат. Азыркы тапта да экинчи ыр китеп жыйнагын басмага даярдап жатканын сөз ортосунда кыстара кетти.

Асанкул акын «Ыр кайыптан жаралат» деген бабалар сөзүн көӊүлүнөн чыгарбай, таӊдайында мөөрү, тилинде сөөлү бар, Теӊир ыроологон талант ээси катары ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап, канаттуу ыр саптарын жазып, элге арнап, алардын сынынан өтүп келет. Асанкул менен Орозгүл кайсы жерде иштеп жашабасын «Жакшы, мыкты» деген гана сөзгө арзышып, сыйдын төрүндө жүрүшөт. Айрыкча экөөнүн бийик адамгерчиликтерине, алпейим боорукер айкөлдүктөрүнө, жайыл дасторкон марттыктарына, кара кылды как жарган калыстыктарына баасын беришип, баштарын ийип турушат. Ал эми Орозгүл турмуштун туткасы, үй-бүлөнүн кутман энеси катары, жашоонун түрлүү кыйынчылыктарын экөөлөп жеӊип, бекем сабырдуулугу, энелик мээримдүүлүгү, жашоо отун тутандырган жаратмандыгы менен эриш-аркак мыкты оокат кылышып, эл катары жакшы жашап жатышат.

Асанкул менен Орозгүл 28 жылдан бери карай түтүн булатышып, бакыт өргөөсүн курушуп, үч баланы татыктуу тарбия берип, элдин балдарынан кем кылбай өстүрүшүп, үйлөрү күлкүгө толуп, бакыт кушу көкөлөп учуп турган чагы. Кудайым ушундай жакшылыктарын өздөрүнө кут кылсын! Орозгүл жеке эле үй-бүлөсүнүн сүйүктүү энеси болбостон, жалпы ага-туугандарынын, кайын журтунун да сүйүктүү жакын адамына айланган, аларга өйдөдөөбөк, ылдыйда жөлөк болуп келе жатат. Бактылуу жубайлар учурунда жасаган татыктуу эмгектери үчүн бир катар баалуу сыйлыктарга, ардак грамоталарга да ээ болушкан жана «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен да сыйланышкан. «Жакшы адамдын өзүн көр да, сөзүн ук» дегендей, жараткан пешенелерине буюрган жаркын өмүрдүн, жайдары таттуу күндөрүн бирге өткөрүшүп, бакубат өмүр сүрүшүүдө. Тагдыр ыроологон бир өмүрдүн кайрылып келбес кадырын көтөрө билген, парасат дараметтерин бийик тутушуп, аруу ойдун асыл кеменгери болушкан жубайлар күндү күлүп тозушуп, айды аздектеп узатышып, жылды жылоолоп күтүп алышып өмүр сүрүшүүдө.

Кадыркул Бугубаев, журналист

Биздин кыздар

 Оо ал мезгил бак-дарактар бубактуу,

Миӊ-Булакта мөлтүр кашка суу акчу.

Карды малтап биз барчубуз мектепке,

Башка кийип кара жаман тумакты.

Ызгаар аяз беттен чымчып жатчу эле,

Биздин кыздар ыйманы ысык наздуу эле.

Үшүбөсүн биздин балдар кокуй- деп,

Кол эмгектен кол кап тигип бакчу эле.

Анан келип көктөм айы жаз айы,

Ай ааламга жанданууда тазаруу.

Көкүрөгү көктөм баскан дөбөдөй,

Биздин кыздар бой жетишип атайы.

Кызгалдактуу көктөм эле, жаз эле,

Биздин кыздар тал чыбыктай жаш эле.

Анан эле бүчүр байлап суйкайып,

Ак кайыӊдай бой тирешти бат эле.

Армиядан келген балдар кыз жандуу,

Ар бир бала классташын кызганчу.

Онду бүткөн ошол жайды эстесем,

Ошол кыш да эске түшөт ызгаардуу.

Биздин кыздар ар нерсеге шыктуу эле,

Олтурушту ошолор ойлоп тапчу эле.

Армиядан келген балдар таанышса,

Алар менен вальска түшүп жатчу эле.

Армиядан келген балдар жандашып,

Аруу, таза сүйүүлөрүн арнашып.

Кээ бир кыздар түгөйлүү да болушкан,

Түбөлүккө колун бекем кармашып.

Биздин кыздар азыр бүгүн чоӊ эне,

Оомат келип, көп балалуу оголе.

Классташтар биздин кыздар бар болсун,

Биздин кыздар жашай берсин чогуу эле.

Асанкул Буудайчиев

МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ, ТАЛАНТТУУ ЖАМААТ

$
0
0

 Тарых жана маданият жылына карата Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен шаардык мектептер  «Ыр кесе» шаардык маданий-музыкалык кароо-сынагын өткөрүп жатышат. Өткөн аптада Свердлов районуна караштуу №43 Ак-Бата толук эмес орто мектебинде «Ыр кесе-2016» иш-чарасында чыгармачыл мугалимдердин аткаруусунда кыргыз элинин унутта бараткан каада-салттары, үрп-адаттары көрсөтүлдү.

«Ыр кесе» таланттуу мугалимдерди аныктайт

 №43 мектептин директору    Жамалкан Исмаилованын айтымында, кыргыз элинин унутулуп бараткан каада-салтын, үрп-адатын, улуттук оюндарын, маданиятын жана музыкалык чыгармачылыгын жандандырууну, өнүктүрүүнү жана кеӊири жайылтууну, ошондой эле элдик ырларды, элдик өнөрдүүгүттөөнү, чыгармачыл мугалимдерге демилге көрсөтүүнү, алардын талантын көрсөтүүсүүчүн шарттарды түзүп берүүнү  максат койгон Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бардык район жетекчилерине, мектеп директорлоруна «Ыр кесе» иш-чарасын уюштурууну милдеттендирген.

- Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы С. Мейрманованын буйругунун негизинде шаардык мектептердин жана мектепке чейинки уюмдардын директорлору кароо-сынакка чыгармачыл жамаатты толугу менен катыштырууга милдеттүү. Ошондой эле райондук деӊгээлде жеӊүүчү деп табылгандар тууралуу 2016-жылдын 9-мартында шаардык билим берүү башкармалыгына табыштама тапшырылат. Андан соӊ шаардык деӊгээлде жыйынтыгы чыгарылат, — дейт мектеп жетекчиси.

Аталган кароо-сынак  үч этапта өткөрүлөт. 1-этап райондук билим берүү борборлору тарабынан өткөрүлөт (20-февралдан 7-мартка чейин), 2-этап билим берүү борборлору тандаган катышуучулар үчүн өткөрүлөт (10-11-мартта) жана 3-этап Нооруз майрамына карата шаардык деӊгээлде 21-мартта бул иш-чара жыйынтыкталат.

Иш-чара өтүүдө калыстар тобу ар бир катышуучунун сахнада өзүн алып жүрүүсүн, аткаруу чеберчилигин, кийген костюмдарын, улуттук аспаптарда ойноо деӊгээлин, улуттук оюндардын тарбиялык маанилүүлүгүн, бийдин көркөм аткаруучулук деӊгээлин,  өзгөчөлүктөрүн жана командалык биримдүүлүгүн, ошондой эле акыйнек, макал-лакап, жаӊылмач  айтышууда сөздөрдүн тарбиялык маанисин тыкыр карашат.

- Ар бир номинацияга убакыт бөлүнгөн, ошол регламенттен чыкпай аткаруу зарыл. Мисалы, кыз-жигит айтышы (3-4 мин.), дастанчылык (3 мин.), музыкалык аспаптын коштоосунда жандуу үн менен ырдоо (2-3 мин.), улуттук аспаптарда ойноо (1-2 мин.), макал-лакап, табышмак, жаӊылмач айтышуу (1-3 мин.), алты кишиден турган улуттук бийди аткаруу (3-4 мин.), эрежеси менен улуттук оюнду көрсөтүү (3-4 мин.), улуттук тамак-ашты жактоо жана бир улуттук каада-салтты көрсөтүү каралган. Биз «Кыз узатуу», «Келин алуу» салттарын көрсөттүк. Менимче, чыгармачыл жамаат бизге коюлган милдеттенмени толугу менен аткарды деп ойлойм. Эӊ башкысы, «Ыр кеседе» көрсөтүлгөн каада-салттар, үрп-адаттар сабактарда да чыгармачылык менен берилип, окуучулар улуттук маданиятыбызды тереӊ изилдеп, окуп,  муундан муунга жеткирүү милдети жаштардын колунда экенин айтып туруу абзел, — дейт Жамалкан Исмаилова.

Каада-салт, үрп-адат

 Мектепке башбакканда эле кыргыздын руху, тили, дили жыттанып турду. Анткени келген конокторду улуттук кийим кийген жаш мугалимдер тосуп чыгышып, иш-чара өтүүчү чакан фойеде жасалгаланган кыргыз туш кийизин, келин отурчу көшөгөнү, сынакта каралган улуттук тамак-аштын түрлөрүн көрүп, кыргыздын муундан муунга өткөрүлүп келаткан тарыхы, маданияты, улуттук каада-салттары, үрп-адаттары борбор калаада кыргыз мектептери барда эч убакта жоголбоорун айгинеледи.

- Бул иш-чара жалаӊ эле окутуу кыргыз тилиндеги мектептерге жүктөлгөн эмес. Окутуу орус тилиндеги мектептер дагы улуттук каада-салттарды көрсөтүп, башка улуттагы мугалимдер кыргыз тилинде сүйлөп, ырдап жатышканын угуп, көрүп жатабыз,  — дейт мектеп директору.

Ошентип, №43 мектептин тарбия завучу Нургүл Исмаилова коноктор менен саламдашып алгандан кийин ар бир номинация боюнча калыстар тобун тааныштырып турду. «Күүгүмү күмүш чалган, Таӊы жаркын аткан, Бишкегимдин чет жагынан орун алган, Ак-Бата жаӊы конушунда жайгашкан, №43 толук эмес орто мектебинин жамаатынын атынан» жалындуу ысык саламын айтуу менен иш-чара башталды.

Улуттук каада-салтты көрсөтүүдө («Кыз узатуу» жана  «Келин алуу») мугалимдер илгеркидей кыздын чачын талталдап өрүп, ырларын созолонто ырдап жатышты. Ушул кезде кыздын апасы кызына төмөнкүдөй акыл-насаатын айтты (баталарды толугу менен берип жатканыбыздын себеби, мугалимдер тарбиялык сааттарда пайдаланышса деген ниет. Анткени баталарды, ырларды №43 мектептин мугалими, акын Нургүл Мамытбекова жазган).

Эселегим элиӊде,

Эркеледиӊөмүргө.

Кадам таштап барасыӊ,

Балалыктан келинге.

Кызым, кызым канатым,

Учук уулар санатым,

Бата тилеп узаттым,

Бактыӊ менен жанашкын.

Аруу асыл таӊ элеӊ,

Алдейлеген көлөкөм,

Ата-энеӊдин тилеги,

Бактылуу бол берекем.

Ал эми келин үйгө келгенден кийин, баланын чоӊ энеси бата берди.

Тапты уулум татынакай колукту,

Таалайына Аида кыз жолукту,

Ак батамды ороп коюп ичине,

Арнап койгом аппак шайы жоолукту.

Келин келди келишимдүү чүрөктөй,

Күтүп жүргөм, айлар өтпөй, күн өтпөй,

Келиниме ыйман берсе болгону,

Ичте сырды билип турса сүйлөтпөй.

Эки балам бак-таалайлуу болушсун,

Чоӊүйүмө неберелер толушсун,

Тойго келген ага-тууган, тели-теӊтуш, кудалар

Балдарыма бакыт каалап, бата берип коюшсун.

№43 мектептин ынтымактуу, чыгармачыл жамааты биринен бири калбай бардык номинациялар боюнча ташкындаган таланттарын калыстар тобуна көрсөтө алышты. Иш-чара учурунда жаш мугалимдер тажрыйбалуу эжей-агайларына түздөнүп, ар бир иш-аракеттерди аткарууда алар менен кеӊешип тургандары, «улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо» деген  кыргызга гана таандык сый-урмат көрүнүп турду. Калыстар тобуна кирген Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Жыргал Кадырбекова менен мамлекеттик тил боюнча жетектөө адиси Элмира Токоновалар мектеп жетекчиси Жамалкан Исмаилованын мыкты уюштуруучулук сапаты бул жолу дагы иш-чараны өткөрүүдө тастыктаганын баса белгилешти.

- Мугалимдер ынтымактуу экени көрүнүп турат. Жободогу ар бир критерийлерге тыкан даярданганыӊар айтпаса деле байкалды. Менимче, мугалим сабакты кандай чыгармачылык менен өтсө, бул иш-чарага да сабактан кем эмес даярдык көрүлүптүр. Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүп жаткан иш-чара жөн эле оюн-зоокту уюштуруу эмес, унутта бараткан каада-салттарды, үрп-адаттарды жандандыруу менен аны өркүндөтүү, — деди Э.Токонова.

Мектеп кичинекей, бирок пейил кенен

 «Сакадай бою сары алтын» дегендей, мектеп жетекчиси Жамалкан Исмаилова мектеп десе ичип жаткан ашын жерге кое койгон жетекчилердин бири. Ал студенттик кезинде эле коомдук иштерге активдүү катышып, активист, жалаӊ «5» окуп бүткөн болчу. Мугалимдердин үй-бүлөсүндө тарбияланган Жамалкан келечекте ата-энесиндей мугалим болсом дегенде ак эткенде так этчү.

- Мектеп мен үчүн экинчи үйүм. Ушул окуп жаткан окуучуларыбыз келечекте өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон инсандар болсо экен деп тилейм. Мектеп кичинекей, болгону 198 орунга ылайыкталган. Учурда 1063 бала билим алып жатышат. Ак-Бата менен Ак-Жар конушунун балдары эшикте калбай, билим алышса экен деген ниет менен окутуп жатабыз. Дагы 300 бала №94 мектепке кетишти, ошондо дагы балдардын саны ашыкча. 52 мугалим чарчадым-чаалыктым дебей балдарга билим берип келатышат. Алар: уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары Жумаш Усубалиева, мугалимдери: Гүлнара Абыканова, Турар Токтобакова, Айнагүл Мамбеталиева, Толгонай       Кулботоева, Касиет Юсупова ж.б.у.с. Мектебибиз кичинекей болгону менен пейилибиз кенен. Болгон иш-чара чакан фойеде өтөт, — дейт мектеп жетекчиси.

Балдардын көптүгүнөн башталгыч класстар төрт сменде окушса, 5-9-класска чейин 16 класс бар, алар үч сменде окуп жатышат. Сабак эртеӊ менен 8.00 башталып кечки саат 19.30 аяктайт.  Келечекте  жаӊы окуу корпусу курулбаса дагы, кошумча корпус кошулат деген үмүттө мугалимдер иштешүүдө.

- Быйылкы жылы 9-классты үч  класс бүткөнү турат. Көбүнчөсү колледждерге, лицейлерге кетишет. Окуу корпусубуз кичинекей болгонуна карабай  балдардын сапаттуу билим алуусуна бардык шарттарды түзүп келебиз.  Маселен, «Балдарды коргоо» борбору менен көп жылдан бери иштеп келатабыз. Жагымдуу маанай түзүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча мугалимдер, окуучулар тренингдерге катышып,  сертификат алышууда.  «Теӊме теӊ» деген проект 2-класстан баштап  окуучуларды жылуу маанай түзгөнгө  жана зордук-зомбулуктан коргонууга үйрөтүп жатышат.  Ошондой эле химия, физика, информатика сабактары боюнча кабинет жок болгондуктан  Алиппе ТВ менен келишим түзүлгөн. Расписание боюнча Алиппе ТВнын мугалимдери  сабакты 20 минута беришсе, калган 25 минутаны өзүбүздүн мугалимдер улантып өтүшөт. Бир нече кабинетке коюлса жакшы болгудай, бирок биздин кендирибизди кесип жаткан баягы эле жетишпеген каражат.  Ал эми Бишкек шаары боюнча  беш мектеп «Коопсуз мектеп» деген проектиге киргенбиз. Биздин балдардын келип-кеткени көзөмөлгө алынып жакшы болуп калды, — дейт Жамалкан Исмаилова.

 

Гүлнара Алыбаева,

«Кутбилим»

Ажар РАИМКУЛОВА, КУУнун педагогика кафедрасынын башчысы: ”ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙБЫЗ”

$
0
0

Ж. Баласагын атындагы  КУУнун педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ажар Раимкулова Орусиянын табигый илимдер  академиясына мүчө-корреспондент болуп кабыл алынды. “Атамекендик илимдин алтын фонду” Улуттук программасынын алкагында ал жетектеген кафедра атамекендик билим берүүнүөнүктүрүүдөгү салымы үчүн “Орусиянын алтын кафедрасы” аттуу дипломго жана төш белгисине татыды. Ошондой эле Ажар Раимкулова

М. В. Ломоносов атындагы медаль менен да сыйланды. Сыйлыктары менен куттуктап, Нооруз майрамынын алдында Ажар Раимкулованы кепке тарттык.

- Жогорку билим берүү системасында кандай жаӊылыктар бар?

- Кыргызстандын жогорку окуу жайлары бүтүндөй Болон системасына өттү.  Мамлекеттик жаӊы стандарт боюнча компетенттүү мамиленин негизинде иш алып барып, ошол багытта бүгүнкү күндүн талабына ылайыктуу адистерди даярдап жатабыз. Буга чейин билим берүү системасында билим, ык, машыгуу болсо, азыр компетенттүү мамиленин негизинде гумандаштыруу,  демократизациялоо ишке ашырылып жатат. Эӊ башкысы, жаӊы китептер жарыкка чыгууда.

- Педагогика багытында кандай китептер жарыкка чыкты?

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен азыркы күндө педагогика жана социалдык-илимдер багыттарында жаӊы китептер чыгып жатат. Мисалы, “Жогорку мектептин педагогикасы”, “Жалпы педагогика”, “Этнопедагогика”, “Педагогикалык чеберчиликке жүз кадам”  ж.б. Мындан тышкары билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын демилгеси менен гранттын негизинде окуу китептерин бекер чыгаруу жана  ар бир окуу жайга 500 китеп чыгарып берүү күтүлүүдө.

- Педагогикалык кадрларды даярдоодо кандай иш-аракеттер бар?

- Биздин кафедра негизинен болочок мугалимдерди  үч багытта даярдап жатабыз: башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, социалдык педагогика жана жаштар менен иштөөнү уюштуруу.  Быйыл жаӊы 2016-2017-окуу жылына карата гранттык негизде 70 орунга абитуриенттерди  кабыл алабыз.

- “Жаштар менен иштөөнү уюштуруу” адистиги кандай критерийлердин негизинде ачылды?

- Жаштар менен иштөөдө туура жана так саясатты түзүү мамлекеттик бийликтин  маанилүү бир бөлүгү, ошондой эле  жаштар саясатында эӊ олуттуу жана көп эскертилген көйгөйлөрдүн бири — жаштардын социалдык кепилдиги, алардын укугун коргоо, жумуш менен камсыз болуусун жана билим алуусун, алардын  чыгармачылыгын ишке ашырууга кепилдиктерди түзүү болуп саналат.

Бул адистикке ээ болгон бүтүрүүчү келечекте бул тармактарда иштесе болот: мамлекеттик органдардын аткаруучу бийлигинде жаштар менен иштешүү бөлүмүндө, ЖОЖдун жаштар иштери боюнча комитеттеринде,  жаштар уюмдарында.

- Мугалимдик кесипке жаштарды тартуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

- “Башталгыч мектептин педагогикасы жана методикасы” жана “Социалдык педагогика” багыты мугалимдерди даярдоодогу маанилүү профилдердин бири жана азыркы коомго керектүү кесиптердин бири десем ашыкча болбостур. “Мугалим — мөмөлүү дарак” дегендей, Кыргыз Республикасынын келечегинин маанайын ушул адистиктин өкүлдөрү түзөт. Бул адистикте окугандар Кыргызстандын татаал саясий-экономикалык өзгөрүүлөрүнөөзүнүн салымын кошот деген ниеттебиз.

Бул адистикке ээ болгон бүтүрүүчү келечекте жаӊы типтеги окуу жайларда: колледж, лицей ж.б. профилдик мектептерде иштей алышат. Мындан тышкары  жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги  “Жаш педагог” уюмун ачуу боюнча буйрук чыгарды.  Биз ошол заматта эле кафедранын жамааты мектеп мүдүрлөрү менен жолугуп, атайын келишимдерди түзүп иш алып бара баштадык.

“Жаш педагог” уюмунун бирден бир максаты — келечекте мыкты педагог болом деген мектеп окуучулары менен жолугуп, төмөндөгүдөй тарбиялык иш-чараларды өткөрүү:

1. Педагогикалык кесипке киришүү  (тааныштыруу лекциясы);

2. “Мугалим-мөмөлүү дарак” деген темада тарбиялык иш;

3. Жаӊы технологияларды колдонуп  «Атактуу педагогдорду» айтып, окуучулардын билим деӊгээлин өркүндөтүү (презентация);

4. «Менин сүйүктүү мугалимим» деген темада дилбаян жазуу;

5. “XXI кылымдагы жаш педагогдун коомдо ээлеген орду» аттуу тегерек стол уюштуруу;

6. “Окуучуларды тайпаларга бөлүп, интернет тармагынан алынган социалдык роликтер менен иштөө” аттуу командалык оюн уюштуруу жана башкалар.

- Мугалим  кесибинин  ээлери кандай сапаттарга ээ болушу керек?

- Мугалимдик кесиптин профессиограммасынын негизин инсандык сапаттар түзөт эмеспи. Мугалим инсан деген түшүнүккө таандык сапаттарга эгедер болушу керек,  айтсак: балдарды сүйүү, моралдык туруктуулук, чыгармачыл деӊгээлде ой жүгүртүү, социалдык активдүүлүк, өзүн-өзү башкара билүү, байкоо, педагогикалык такт, чынчылдык, тышкы келбетинин тыкандыгы, табышкерлик, эрктүүлүк, баарлашуу чеберчилиги, өзүн-өзү сындоо, окуучуларга жана өзүнө карата талап коюу ж.б.у.с.

Мугалим аталган сапаттарга ээ болуу менен бирге тарбия ишинин методикасын жана негиздерин билиши керек. ХХI кылымдын ээлерин даярдоого багыт алган мугалим дүйнөдө болуп жаткан глобалдык проблемаларды  түшүнө    билиши зарыл, компьютердик технологиянын негиздерин, башкаруу психологиясынын техникасын өздөштүргөндө гана ал келечектин ээлерине тарбия бере алат. Өзүнүн предметинин окутуу методикасын билүү менен чектелбестен, анатомо-физиологиялык, гигиеналык, психолого-педагогикалык билимдерге ээ болушу зарыл.  Адабият, искусство, этика, эстетика, укук, саясат жөнүндө да билими болууга тийиш. Азыркы күндө кадырлуу жана таасирдүү мугалим деген түшүнүктөр пайда болууда. Болочок мугалим бул түшүнүктөргө ээ болуу максатында төмөнкү белгилерге ээ болушу зарыл: коомдо болуп жаткан кубулуштарга компетенттүү мамиле жасаган; өз тармагы боюнча абдан билимдүү; окуучулар менен, айлана-чөйрөсүндөгү адамдар менен гумандуу мамиле түзө алган; башкаларга жардам берүүгө ынтызар; ишенимдүү мамиле жасап сезимтал болгон; өз ийгилигинин стратегиясын түзө билген; өнүктүрүүгө даяр жана аракет кылган; окуучунун муктаждыгына карата кызмат кыла алган;  бардык нерсеге маани берген; жүрүш-турушу олуттуу жана үлгүлүү уюштургуч, лидер жана ишти жакшы билген адис.

- Италия жана Германия мамлекеттеринин жогорку окуу жайларына стажировкага барып келиптирсиз, ошол жөнүндө айта кетсеӊиз?

- 2012-жылы Батыш Германиянын Дортмунд шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринде болдум. Ал жерге Техникалык университеттин педагогика жана социология факультетинде иштеген профессор Рената Хинцтин чакыруусу менен (ДААД) барган элем. Анткени Германиялык кызмат уюмунан грант утуп алгам. 2013-жылы Италиянын Больцано шаарында өткөн  чоӊ конгресске катыштым. Бизде илимий байланыш багытын өркүндөтүү максатында ушундай  иш-чаралар өткөрүлүп турат. Андан тышкары Казакстандын бир нече университеттери менен илимий байланыштабыз. Мисалы, 2015-жылы Астанадагы Гумилев атындагы Евроазиялык университетте Эл аралык илимий конференцияга кафедранын аспиранты Туратбек кызы Жазгүл экөөбүз катышып келдик.

- Сиз жетектеген кафедра Орусиянын  “Алтын кафедра” деген наамына татыды жана өзүӊүз М.В.Ломоносов атындагы медаль менен сыйландыӊыз. Ошондой эле Орусиянын табигый илимдер академиясына мүчө-корреспондент болдуӊуз. Ушулар тууралуу кыскача айтып өтсөӊүз.

- Бул сыйлыктардын артында көп илимий байланыштар жатат: жаӊы илимий чөйрөдөгү байланыштар, эл аралык илимий конференцияларга макалаларды жөнөтүү, эл аралык конгресстерге катышуу ж.б.у.с.  биздин Кыргызстандын окумуштуулары илимий макалаларын Орусиянын илимий журналдарына чыгара алышат. Жыйынтыктап айтканда, бардык жактан өсүп-өнүгүүгө ээ болобуз деген ойдобуз.

Айжигит Абдыкаары уулу,

Рахат Дүйшөбай кызы

 

ӨРНӨКТҮҮ ЖАНА ТАТЫКТУУ ӨМҮР СҮРГӨН ЭЖЕМДИН БЕЙИТИНЕ ГҮЛДЕСТЕМ

$
0
0

 Быйыл кыш жылуу болуп, жергебизге жаз эрте келди. эмнегедир март айы башталганда эле былтыр күтүлбөгөн жерден каза болуп, өзү тилегендей, басып жүрүп мүдүрүлүп кеткен, тагыраак айтканда, эртеӊ менен кызматка кеткен бойдон келбес дүйнөгө кетип, 7-мартта жерге берилген Рахат Ачылова эсиме түштү. Эженин ичи да, сырты да сулуу адам эле. Өзгөчө  көздөрү сулуу, мээримдүү жана акылдуу болчу.

Алгач эле эже менен качан, кайдан таанышкандыгымды эстедим. Тээ илгери университетте окуп жүргөндө Рахат эжени сыртынан көрүп, суктанып калчумун. 80-жылдардын аягында Кыргызстан Компартиясынын Фрунзе шаардык Комитетинин идеологиялык бөлүмүндө иштеп жүргөндө тааныштым. Анда ал окуу жайда ректор эле… Эже менен (чай ичишкен) абдан жакындыгым деле жок болчу, бирок көрүшүп калганда жакшы учурашчубуз. Ал бетимден өөп, сөзсүз кызымды сурачу. Эже өзгөчө мээримдүү эле…

Эже мен үчүн бүт кыз-келиндерге өрнөк болчу адам эле. Себеби аял катары илимдин туу чокусуна жетип (1988-жылы философия илимдеринин доктору, профессор), коомдук ишмер (1987-1992-жылдары В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун ректору, 1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты) да болуп, жакшы жубай (эженин жолдошу Кыргыз Республикасынын Искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер, жазуучу, кинодраматург жана сценарист Эркин Борбиев экенин комсомолдо иштеп жүргөндө билдим) жана да мыкты эне болуш бардык эле аялзатынын колунан келе берчү иш эмес. Эже турмушта  көп нерсеге жеткенине карабай, көпчүлүк чоӊ кызматтарда иштегендерге салыштырмалуу абдан жөнөкөй эле. Рахат Ачылованы  эстеп, интернеттен  эже менен болгон бир маекке көз чаптырдым. 2014-жылы «Асаба» гезитине чыккан «Бийликтин бардык бутактарындагы жетекчилердин колун Куранга койдуруп, антын алыш керек, болбосо Конституцияга берген антын унутуп калып жатышат» дегенин окуп, эженин  бул пикири азыр мамлекетибизде коррупция менен күрөшүү курчуп турган кезде абдан актуалдуу экендигин жана башкаларды айтпаганда да, акыркы кезде эле өлкөбүздүн Коргоо министрлигинин  бир эмес эки жетекчисине козголгон кылмыш иштерди эстедим.

Бир жолку жолугушуубузда эже өлкөбүздүн абалына күйүп-бышып: «Окумуштуулардын саны боюнча биз гүлдөгөн мамлекет болушубуз керек эле, бирок бизге ушул учурда элге адал кызмат кылуу дефицит болуп турат», — деген эле. Анын айтканы күнү бүгүн да актуалдуу экендигинде калет жок.

Эженин дагы бир  маегинде: «Балдарды эне адам кылат, биздин чет элге чыккан кыздарыбыз балдарын кыргыз кылып тарбиялап, жакшы билим берип, кийин ошол жээндер  Кыргызстанга келип, кыргыз элине кызмат кылып, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салымдарын кошсо», — деп кыялданып, өлкөнүн келечегине кам көргөнүөзгөчө бир сөзгө татыйт. Ушуга байланыштуу акыркы кезде өлкөбүздө болуп жаткан жаш энелерибиздин үрөй учурган жоруктарына кой дээр бир да эне жоктугуна, өз баласын сатып, өз баласын өлтүрүп, таштап кетип жаткан «эне сөрөйлөргө» коомчулук тарабынан баа берилбегенине (өлкөдө Аялдар комитети, Аялдар Конгресси ж.б.у.с көптөгөн уюмдар бар) кейүү менен, аттиӊ,   Рахат эже тирүү болсо сөзсүз өз оюн айтмак эле дейм. Себеби үй-бүлө маселелери эжени тээ жаш кезинен эле ойлондурчу экен. Ошондуктан анын илимий эмгектери да үй-бүлө маселелерине арналган деп ойлойм.

Эже жөнүндөгү бул кыска эскерүүмдү жазып жатып, менде бир пикир пайда болду, статистика чогулткандан башка мамлекетке пайдасы жок кээ бир  министрликтердин ордуна (дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн тажрыйбасы боюнча) үй-бүлө жана аялдар маселеси боюнча бир мамлекеттик мекеме түзүлүшү керек. Себеби үй-бүлө — бул кичинекей мамлекет, ошол кичинекей мамлекеттин мүчөлөрү болгон балдар бул улуттун, мамлекеттин    келечеги, адамдагы көп жакшы нерселер эне сүтү менен берилет жана үй-бүлөдө калыптанат, балдарга тарбияны көбүнчө энелер берет, элибиз бекеринен баланы жашынан, көргөн-өскөнү жаман ж.б. деп айтпаса керек.

Рахат  эже бир келген өмүрдө  окумуштуу жана коомдук ишмер катары да, эне катары да өз милдетин жакшы өтөп кетти. «Бала – элге калтырган белек» демекчи, өздөрү менен тааныш болбосом да эженин улуу кызы Самаргүл Борбиева-Адамкулова Кыргызстандын Индиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, экинчи кызы Назик Бейшеналы энесинин жолун жолдоп окумуштуу, Франциядан илимдин доктору (PHD) болуп келип, Бишкекте эл аралык уюмдардын биринде эмгектенет. Уулу Адам да бизнестин тилин таап жүргөн кыргыздын мыкты жигиттеринен экенинен кабарым бар. Демек, эже кыргыз элине татыктуу уул-кыздарды тарбиялап берген бактылуу эне болчу. Уул-кыздары менен сыймыктанып, алардын чайын ичип, неберелерин эркелетип, жаш чагындагы мээнеттин үзүрүн көрөр убакта өмүрлүк жолдошу Эркин агайдан үч айдан кийин эле жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Менин кичинекей эскерүүм элине опол тоодой эмгек кылып, өрнөктүү жана татыктуу жашап өткөн, ар дайым  жакшы сөзүн аябаган, мен урматтаган  эжемдин бейитине койгон гүлдестем болсун! Жаркын элесиӊиз ар дайым эсибизде, тынч уктаӊыз, эже!

 

Бермет Бусурманова 

КЫРГЫЗ ТИЛИН БАЙЫТКАН ИНСАН

$
0
0

 Токоев Таалайбекти тааныганыма 38 жылдын жүзү болуптур. Оо, анда совет учуру эле, кайталангыс студенттик жылдар… Мен 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  Кыргыз филология жана журналистика факультетинин 1-курсунда окуп жүргөнүмдө, ал 4-курстун студенти болчу. Сыртыбыздан тааныш элек. Такем экөөбүздүн адепки сырткы тааныштыгыбыз бара-бара достукка айланды, достукка айланткан көпүрө илим болду.

А

Ар бир адам өзүнүн жөндөм-шыгына жараша кайсы бир кесипке кызыгат, анын өтөөсүнө чыксам деп, коомго пайда келтирчү ишти жаратсам деп умтулат. Ошол сыӊары, Такем экөөбүздүн оюбуз бир максатка багытталып калды. Бизди кыргыз тили илиминин синтаксис маселелери кызыктырып, баамдаган оош-кыйыштары тууралуу сөз кылып, ортого салган ойлорубуз, пикирлешүүлөрүбүз, талаш-тартышууларыбыз, андан жаралган илимий макалаларыбыз экөөбүздү илим чөйрөсүнө жетелеп кирди. Ошондон ушул убакка чейин кыргыз тили илиминде ийиндеше иштешип келебиз. Эсимде, 1985-1986-жылдары Москвадан чыгуучу тил маселелерине арналган жыйнактарга жана илимий журналдарга кыргыз тили илиминин синтаксисине тиешелүү болгон парцелляция кубулушу тууралуу Такемдин бир катар макалалары жарыкка чыккан. Илимий-теориялык негиздеги бул макалаларда жөнөкөй сүйлөмдөрдүн айрым мүчөлөрүнүн, татаалдашкан айрым түрмөктөрдүн, татаал сүйлөмдөрдүн кээ бир бөлүктөрүнүн сүйлөм чек арасынан тышкары жайгашып калышы, алардын синтаксистик өзгөчөлүктөрү, стилистикалык мүмкүнчүлүктөрү сыпаттоого алынып, кыргыз тилиндеги парцелляция кубулушу катары далилденет. Бул синтаксистик кубулуштун илимий жактан атайын иликтөөгө алынышы практикалык багыттагы кызыгууларды туудурары шексиз. Себеби, кыргыз тилиндеги парцелляциялык кубулушту илимий негизде ар тараптуу аныктоо аркылуу ар түркүн тилдик айрым каражаттар, айрым стилдик ыкмалар, өзгөчө сүйлөмдүк түзүлүштөр тереӊдетилип такталат, пунктуациялык кээ бир эрежелерге түзөтүүлөр киргизилет. Кандай болгон шартта да, жөнөкөй же татаал сүйлөмдөрдүн айрым бөлүктөрүнүн кеп процессинде өз алдынча жайгашып калуу өзгөчөлүктөрүнүн  өзүнө тиешелүү мыйзам ченемдүүлүктөрү болот. Ошол 80-жылдары кыргыз тили илиминде парцелляция проблемасы окумуштуулардын көӊүлүн буруп, атайын изилдөөгө алына элек маселелерден эле. Токоев Таалайбектин илимдеги алгачкы жаӊычылдыгы ушундан башталган. Парцелляция кубулушунун синтаксистик маӊызын жөнөкөй сүйлөмдөрдүн материалдары аркылуу ар тараптуу кеӊири иликтеп чыгып, анын негизинде «Кыргыз тилиндеги парцелляция» деген темада 1995-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт.

Кийинки мезгилдерде кеп аспектисинин ар тараптуулугуна жараша синтаксистик деӊгээлдин өзгөчөлүктөрүн традициялык грамматикасынын алкагында толук чагылдыруу эч мүмкүн эместигин турмуш өзү далилдеп койду. Кеп каражаты катары сүйлөм да теориялык жактан өзүн актай албады. Сүйлөм мүчөлөрүнүн формалдык мүнөздө экендиги синтаксистик изилдөөлөрдө ачык белгилене баштаган. Муну туура баамдаган окумуштуу азыркы кыргыз адабий тилинин функционалдык стилдеринде калыптанган экспрессивдик синтаксистик  конструкциялардын лингво-стилистикасына көӊүл бурат. Экспрессивдик синтаксис кеп өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү атайын конструкцияларга ээ. Ал кыргыз тилинин салттуу синтаксисинде атайын изилдөөгө алынбай келген. Натыйжада Токоев Таалайбек «Кыргыз тилиндеги экспрессивдүү синтаксистик конструкциялар» (2006-ж.) аттуу темада докторлук диссертациясын коргойт. Бул эмгекте кеп синтаксисиндеги экспрессивдүүлүк, аны уюштуруучу конструкциялардын  функционалдык табияты, кеп процессиндеги ролу, ишке ашырылыш жолдору жана шарттары, стилдик өзгөчөлүктөрү, прагматикалык, коммуникативдик функциялары изилдөөгө алынган.

Профессор Токоев Таалайбектин илимдеги зор эмгектеринин бири – XI кылымга таандык Махмуд Кашкаринин «Түркий тилдеринин сөздүгү» («Дивану лугат – ат-түрк») эмгегинин араб тилинен кыргыз тилине которгондугу. Дүйнөлүк мааниге ээ болгон бул сөздүктү Такем жаш арабист К. Кошмоков менен бирдикте которуп, аны 2011-2013-жылдары үч томун жарыкка чыгарды. Сөздүк түрк элдеринин тилдик фактыларынан орфография, лексика, лексикография, грамматикасынан гана кабар бербестен, ошол мезгилдердеги жалпы түрк элдеринин жашоо-турмушунан, социалдык абалынан, үрп-адаттарынан, маданиятынан, экономикасынан, турмуштук көз караштарынан кабар берген кеӊири маалыматтарды өз ичине камтып турат. Аталган эмгек азыркы учурдагы лингвистикалык, адабияттык, тарыхый, этнографиялык, этнопедагогикалык, философиялык ж.б. багыттардагы илимий изилдөөлөргө баа жеткис объект болуп бере алат.

Профессор Токоев  Таалайбек менен жаш арабист  Кошмоков Кубатбек экөө Махмуд Кашкаринин бул сөздүгүн үч томдук сөздүк кылып которуудагы баа жеткис эмгегин баса белгилеп коюшубуз парз. Кандай гана «Сөздүк» иштелип чыкпасын, ал оор мээнетти талап кылган машакат-түйшүктөрдү жаратпай койбойт. Мезгилинде «Кыргызча-орусча сөздүктүн» автору К. К. Юдахинге бекеринен мамлекеттик сыйлык ыйгарылбаса керек. Кыргыз тилине которулган бул сөздүк — катардагы сөздүктөрдүн бири эмес. Анын дүйнөлүк мааниси бар. Ошондуктан өз баасын алууга тийиш.  Такем «Сөздүктү» кыргыз тилине которгон соӊ, алдына койгон башкы милдеттердин бирине жеттим деп, кыргыз элинин алдында өз вазийпамды аткардым деп өзүнө-өзү ыраазы болуп жатып алган жок. Кыргыз тилинин сөз айкашына, сүйлөм маселесине тиешелүү болгон олуттуу эмгектерди жаратууда. Азыркы учурда Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы кызматын аркалап, магистрлик жана кандидаттык диссертацияларга илимий жетекчи катары кадр даярдоодо зор эмгек сиӊирүүдө.

Убакыт учкан куш белем, кечээ эле солкулдап турган жаш жигит бүгүн 60 жаштын эшигин «аргасыз» каккылап отурат. 60 жашка үзүрлүү келдиӊ. Өмүрүӊ узун, ден соолугуӊ чыӊ болсун! Кыргыз эли үчүн мындан да зор  иштерди аткара беришиӊе тилектешмин.

Т

Таке, илимдеги ийгиликтериӊдин жаралышына эжем Байкалдын опол тоодой эмгектери бар экендигине атайын токтолгон жокмун, аны кийинкиге калтырдым. Эӊ башкысы, Байкал эжем экөөӊөрдүн илим жолунда кубана турган көп күндөрүӊөр али алдыда.

А. Дунканаев,

филология илимдеринин доктору, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин деканы 

ИЛИМДЕГИ ҮЗҮРЛҮҮ ЖОЛ

$
0
0

 Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженер техникалык факультетинин айыл чарбасын механизациялаштыруу кафедрасынын профессору, техника илимдеринин кандидаты, айыл чарба илимдеринин доктору, жаштардын илимий жана техника боюнча өкмөттүк сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз республикасынын инженердик академиясынын академиги. Кыргыз республикасынын эмгек сиӊирген рационализатору Орозалиев Төлөмүш Орозалиевич  70 жашта.

Төлөмүш 1946-жылы 15-мартта Талас областынын Ленинполь районундагы  Шапак айылында (азыркы Бакай-Ата району) төрөлгөн. Төлөмүш орто мектепти бүтөр замат  дароо окууга тапшырам дебестен, колхоздо комсомолдук курулушчулар тобуна мүчө болуп, Кара-Коюн, Сары Жон кыштоолорун оӊдоого катышкан. Чарбанын көрсөтмөсү менен тракторчулук курсту бүтүргөн соӊ, жогорку окуу жайына колхоздун коллективинин жолдомосу менен жиберилген.

1963-жылы К.И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун “Айыл өндүрүшүн механизациялаштыруу” факультетине өтүп, 1968-жылы аталган институтту ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы окуу жайдын жолдомосу менен Кыргызстандын дыйканчылык жер иштетүү институтуна (КирНИИЗ) кызматка жөнөтүлөт.

Ал жерден алгач кенже, андан соӊ ага илимий кызматкерликке көтөрүлгөн. Ошону менен бирге айыл чарбасын механизациялаштыруу бөлүмүнө аспирантурага тапшырган. Ал «Кыргыз Республикасында жашылча өстүрүү менен жыйноону өнөр жайлык негизге өткөрүү» деген илимий темасынын натыйжалары боюнча 1979-жылы Кыргыз ССРинин “Жаштардын илим жана техника боюнча өкмөттүк сыйлыгынын лауреаты” деген ардактуу наамга татыган.

1987-жылы конкурстук негизде Айыл чарба институтунун эмгекти коргоо кафедрасына ага окутуучулукка өтүп, андан соӊ доцент болду. “Айыл чарбасын механизациялаштыруу” кафедрасынын башчысы болуп 20 жылга жакын иштеди. Азыркы учурда ошол кафедранын ардактуу профессору.

Т.Орозалиев 1986-жылы Алма-Атада техника илимдеринин кандидаттыгын, ал эми 2000-жылы айыл чарба илимдеринин докторлук наамын эки адистикте: «Айыл чарба өндүрүшүн механизациялаштыруу» жана  «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» боюнча коргогон. Т.Орозалиев   210 илимий иштердин, 14 ойлоп табуу патентинин автору болуу менен бирге СССРдин ойлоп табуучусу (1984-ж), доцент (1992-ж), профессор (2003-ж), Кыргыз Республикасын инженердик академиясынын академиги (2006-ж.) деген илимий наамдарга жетишти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген рационализатору деген ардактуу наамга да ээ болду. Агрардык машиналарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарбасын механизациялаштыруу тармагында анын жетекчилиги менен техника илимдеринин 4 кандидаты даярдалган. Ошондой эле Төлөмүш агайдын жетекчилиги астында бир катар шакирттери Республикалык жаштардын илим жана техника боюнча өкмөттүк сыйлыгынын лауреаттары болушкан. Учурда эки докторлук иштин жана изденүүчүлөр менен аспиранттардын илимий иштерин жетектейт. Ошондой эле атайын докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча эки кеӊешке мүчө болуу менен илимий даражалуу, жогорку билимдүү жаштарды даярдап чыгарууга өзүнүн чоӊ салымын кошууда.

Дагы бир айта кетчү жагдай, Төлөмүштүн Совет мезгилинде  үрөн сепкич боюнча ойлоп табуучулугу дыйканчылыкта болуп көрбөгөндөй түшүмдүүлүктүөстүргөн.

Сепкичти өзгөртүү идеясы Төлөмүш Орозалиевичте 1970-жылы пайда болгон.  Идеянын пайда болушунун өзүнчө кызыктуу окуясы бар. Төлөмүш ошол жылы жашылчалардын себилишин көрүүүчүн илимий иштерине байланыштуу талаага барып калат. Себүү эмнегедир ага жага бербейт. Себеби урук кай бир жерде  чачылып  кыртышка чала көмүлсө, кай бири жерге чогуусу менен түшүп, кыртышка кирбей сыртта калган. Мындай көрүнүш, биринчиден, уруктун өнүмүн кыскартса, экинчиден, чогуу түшкөндө органикалык жана минералдык азык-заттардын жетишсиздигине алып келет. Ал эми бош калган жерлерде отоо чөптөрдүн чыгышына шарт түзүлөт.  Мына ошондуктан урукту ченеми менен, мүмкүн болушунча бош жер калтырбагандай, өсүү мезгилинде бири-бирине жолтоо болбой өнүгө тургандай себүү керек деген идея пайда болгон.  Идея, идея. Ал эми аны ишке ашыруу Т. Орозалиев үчүн оӊойго турган жок.

 К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун айыл чарба өндүрүшүн механизациялаштыруу факультетин бүткөн Төлөмүш агай үчүн жеке эле механизатордук ишти гана эмес, агрономдук ишти да өздөштүрүүгө туура келди.  Бул идеяны бүтүндөй дыйканчылык илим изилдөө институтунун коллективи колдоп,  ал кездеги жаш окумуштууга жардамдарын аяшкан жок.

Алды менен жумуш сепкичтен башталды. Сепкичтин диски толугу менен алынып ташталып, анын ордуна өзү ойлоп тапкан үрөн бөлүштүргүч коюлду. Бөлүштүргүчтүн алдына анчалык чоӊ эмес төрт  тишчени ширетти. Тишченин кызматы кыртышты тилүү болуп эсептелет. Эми чубурган үрөн бөлүштүргүч төрт көзөнөк аркылуу кыртышка түшөт. Иш муну менен эле бүтүп калган жок. Эмки милдет, үрөндү коромжу кылбай, керектүү гана өлчөмдө чубуртуу керек эле. Акыры мунун да жолу табылып, үрөн бөлүштүргүчтүн оӊ жагына тетикче бекитилди.

Сепкич алгачкы эле сыноодо өзүн көрсөтө алды. Ypөн үнөмдөлүп, жумушчу убакыт коромжу болбой, эмгек өндүрүмдүүлүгү арткан. Ошону менен бирге түшүмдүүлүк өскөн.

Мисалга алсак, Аламудун районундагы Ала-Арча совхозунда түшүм укмуштай жогорулаган. Пияз ар гектарынан 392 центнерден,  ал эми сабиз 154 центнерге чейин жетип, пияздын ар гектарынан 375, ал эми сабизден 512 сомдон пайда алынган.

Бул сепкич Кыргызстандын башка чарбаларында дагы колдонула баштап, ушул ишинин натыйжасында Т.Орозалиев Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.

Төлөмүш Орозалиев үй-бүлөдө да камкор ата. Анын эки баласы, үч кызы, жети небереси бар. Уулдары Сыргак, Чубак ишкер, кыздары Аида, Айканыш кызматта, Айнурасы Америкада докторантураны бүтүрүп, биотехнология илимдеринин докторлук даражасын коргогон. Өмүрлүк жолдошу Орозалиева Бейшекан химия илимдеринин кандидаты, доцент. Көп жылдар бою Кыргыз улуттук агрардык университетинин химия кафедрасында доценттик кызматта иштеди. Азыркы учурда ардактуу эс алууда.

Төлөмүш Орозалиевич дале тынбай эмгектенип, билим, илим тармагына өз салымын кошуп келет. Кесиптешибизди 70 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктап, узун өмүр, чыӊ ден соолук каалап кетмекчибиз.

М.Токторов, «Кутбилим»


КЕСИПТЕШ ТУУРАЛУУ ЭКИ ООЗ СӨЗ

$
0
0

Кыдыр Маккамбаев 45 жылдан ашык мугалимдик кесипте үзүрлүү эмгектенип келаткан ардагер агартуучу. Ал эбак эс алууга чыкса да, «чарчадым, чаалыктым» дебей, балдарга билим тарбия берип келатат.

Кыдыр Маккамбаевич акыркы 10 жылдан бери Кемин районундагы №3 орто мектепте химия жана биологиядан сабак берет. Ал 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы КУУ) аяктаган соӊ, алгачкы эмгек жолун өзү окуган мектептен баштаган. Кесиптешим менен ара-чолодо жолугушуп калганда, өткөн-кеткенди айтып, учур маселелерин кеп кылып калабыз. Кесиби биолог-химик болсо да, өзү чыгармачыл чөйрөгө жакын. Көптөн бери ыр жазат. Ырлары негизинен Ата-Мекен, эне, туулган жерге арналып, окуган адамдардын жылуу пикирин жаратат. Жарым кылымга чукул мугалимдик кесипти аркалап келаткан ушул ыр жандуу кесиптешим Кыдыр Маккамбаевич ушул кесипти тандаганына өзүн окуткан агай-эжейлеринин таасири тийгенин, алардын акыл-насааттары, кеп-кеӊештери алигүнчө жадымынан чыга электигин мындайча эскерет:

- Мени жана мага окшогон элет балдарын окутуп, алардын келечекте адам болуп калыптанышына, турмушта өз ордун табышына жан дилден кызмат өтөп, ак эмгегин арнаган мугалимдеримди ар дайым урмат-сый менен эстейм. Менин окуучулук күндөрүм Ош областына караштуу Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн карамагындагы Сары-Коӊур деген айылда өттү. Көк-Жар орто мектеби райондогу чоӊ мектептердин бири. Бул мектепте ушул чөлкөмдө жайгашкан жети айылдын балдары окуйт элек. Биздин мектептен эмгеги жана билими менен кыргыз элине кеӊири таанылган инсандар билим алышкан. Алардын катарында медицина илимдеринин доктору, нейрохирург, Кыргыз эл баатыры М.Мамытов, коомдук ишмер М.Зулпуев, советтик жана партиялык кызматкерлер Д.Алибаев, А.Сатыбалдиев, К.Жороев, С.Шарапов, Р.Мамановдор бар. Мугалимдер, айыл эли алар менен чексиз сыймыктанышат. Аларга талыкпай билим-тарбия берген, жазганды, окуганды үйрөтүп, билим алууга үндөгөн Эгемкул, Манап, Сабыржан, Камил, Омон, Орозбай, Турабы, Мамажусуп, Абдыганы сыяктуу көптөгөн менин кесиптештеримдин ысымдарын чоӊ урмат-сый менен аташат.

Менден көп адамдар мугалимдик кесип оорбу же жеӊилби деп көп сурашат. Мен аларга жооп берердин алдында дайыма ойлоном. Анткени бул суроо мен үчүн аябай олуттуу суроо. Ар бир кесиптин өзүнө мүнөздүүөзгөчөлүгү, мааниси, көтөргөн жүгү болот. Менин жеке көз карашымда мугалим болуп иштеген киши эӊ оболу өзүнүн баскан-турганына, керек болсо, кийген кийиминин жарашыктуулугуна чейин кылдат караган, биринчи кезекте өзүнө жогору талап койгон адам болуш керек. Мугалим — тазалыгы, сүйлөгөн сөзү, жумушуна жасаган мамилеси менен балдарга үлгү болуучу адам. Анткени окуучу адамдык жакшы-жаман сапаттарды өздөрүн окуткан агай-эжейлеринен алат.

Ырасында эле балдарга билим гана эмес, тарбия кошо берип, анын келечекте адам болуп калыптанышына өз салымын кошуп жаткан адамдын жумушу оорбу же жеӊилби? Маселен, менин иш күнүмдүн аякташы – эртеӊки күнүмдүн башталышы болуп саналат десем туура болот. Себеби, мугалим эртеӊки бере турган сабактарына алдын-ала даярдыктарды көрүп барат. Мугалим ар бир сабагында окуучуга билим менен бирге тарбия да берет. Анын күнүмдүк иши жандуу чөйрө менен тыгыз байланышта өтөт. Алсак, жансыз чөйрөдө иштегендин өзгөчөлүгү ушунда, койгонуӊ койгон жерде турат, сен тийбесеӊ ал жыгылбайт. Ал эми окуучу жандуу чөйрө, аны башкара билүү керек. Класстагы 20-30 окуучунун ар биринин өзүнчө кулк-мүнөзү бар. мугалим жеке эле өз кесибинин адиси эмес, ал ар тараптан өнүккөн, өзүнүн билими да тереӊ, баскан-турганы да үлгүлүү болушу керек дегеним да ошондон, — деп, кыйла жыл топтогон кесиптик сырлары менен бөлүштү.

Кыдыр Маккамбаев өзү окуткан бала мектептен үйрөнгөн билимине адамдык асыл сапаттарды айкалыштыра сиӊирип, өзүн үйдө, көчөдө, коомдук жайларда алып жүрүүнүүйрөнүп чыккан болсо, демек, мугалимдин эмгеги текке кетпегени ошол деп эсептейт.  «Билим алуу ийне менен кудук казгандай» деп эбактан бери элибизде айтылып келгендей, билим берүү да ошондой эле эмгекти талап кылары анык.

Окуучуну дайыма актай баракка салыштырып коюшат эмеспи. Мугалим балдарга үйрөткөн ар бир сабагында ошол баракты толтуруп, окуучунун эртеӊки келечегин түптөйт, анын мүнөзүн калыпка салат. Баланын бакчадан баштап мектепте, кийин жогорку окуу жайда алуучу билим-тарбия процессинде мугалимдин эмгеги, жоопкерчилиги эӊ чоӊ.

Билим — курал, тарбия – жашоо эрежеси

 Адамдын адам болуп калыптанышында, жашоосунда билимди курал десек, анда тарбия – бул жашоо эрежеси. Англиялык улуу окумуштуу Чарльз Дарвиндин эволюция теориясына ал химик, биолог катары ишенет. Чынында эле адам сымалдуу маймылдан адам жаралган. Бул теориянын чындыгын далилдеген илимдер көп. Адамдарда жоголуп, азайып бараткан айбандардын жана тескерисинче, айбандарда өсүп-өнүгүп бараткан адамдык касиеттер бар деп эсептейт биолог агай.

- Адамдардын жашоосундагы негизги күч – бул акыл. Ал эми айбанаттардын жашоосундагы негизги фактор – бул күч. Адам жашоодогу көйгөйлөрүн акылга салып чечет. Ал эми айбан маселелерин күчтүн ыӊгайлашуу жардамы менен чечет.

Эмне үчүн адамдар бири-бирине зулумдук жасашат? Эмне үчүн бири менен бири урушат? Азыр өз ара мамилесин акылга салып адамдык жол менен, сүйлөшүү жолу менен чечпестен, айбандык жол менен өз максатына жеткиси келгендер көбөйүп баратканы өкүнүчтүү. Адамдын эӊ күчтүү куралы акыл деп жатпайбызбы, адам ошол куралы менен бүгүн космосту багындырып, компьютердин түрүн ойлоп таап жатса да, адамгерчилик деген жөнөкөй сапатты өздөштүрүүгө дайыма эле акылы, күчү, эрки жете бербейт экен. Адам качан толук адам боло алат? Адам качан проблемаларды акылдын күчү менен чечкенге үйрөнгөндө. Бекеринен гений жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов «Адамга күнүгө адам болуу эӊ кыйын» деген эмес тура. Ушундан улам бүгүн адам коомуна Адам институту же Адамология деген илимдин зарылчылыгы бышып жетилди деп ойлоп коем… – дейт ал ойлуу.

Кыдыр Маккамбаевичти ойго салган маселелер арбын. Ал кыргыз элинин басып өткөн жолу, советтик доордун оӊ-тескери таасирлери жана айрыкча, өзү көп жылдан бери түйшүгүн тартып келаткан билим берүү тармагын канткенде жакшырта алабыз деп көп түйшөлөт. Мугалимдин ишениминде, советтик түзүлүштүн агартуу тармагына тийгизген таасири зор болгон.

- Эгемендикке ээ болгон 25 жыл аралыгында баштан далайлар өтпөдүбү. Бул мезгил аралыгында өлкөбүздүн экономикалык, саясий, маданий тармактарына кошулуп, билим берүү системасы да көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. Биз басып өткөн жол мамлекет үчүн да, эл үчүн да чоӊ сабак, чоӊ сыноо. Эӊ негизгиси, кыргыз эли ошол сыноолордо өзүнүн кеменгерлигин, акылмандыгын далилдеп, түптүү эл экендигин көрсөтө алды. Мамлекетибизде саясий туруктуулук, көп улуттуу элибизде ынтымак болсо, элдин жашоосу оӊолот, төгүлгөн толуп, чачылган жыйналат деп ишенем. Азыркы жаштарыбызды карап отуруп ыраазы болом. Билимдүү, илимдүү жаштарыбыз бар. Келечек – жаштардыкы деп бекеринен айтылбайт эмеспи. Ошол эртеӊки келечегибиздин бүгүнкү куруп жаткан пайдубалы бекем болсун деп тилейм, — деп каалоо-тилегин билдирди ардагер.

Курманбек Токтоналиев, Кемин району.

Алтындар

Кереметтүү окуучулук кездерим,

Бакыт берген мезгил экен сезгеним.

Мектептеги ошол куунак күндөрдү,

Кайра-кайра келет менин эстегим.

 

Мени окуткан агайларым, эжейим,

Мен силерди сагынамын, эстеймин.

Бириӊ мага Алиппени үйрөттүӊ,

Бириӊ мени түрдүү тилде сүйлөттүӊ.

 

Көргүн дедиӊ Айдын, Күндүн келбетин,

Уккун дедиӊ, жашоо турмуш термесин.

Көӊүлүӊө бекем түйүп эстей жүр,

Эже-агаӊдын берген билим берметин.

 

Сугарылып силер берген билимге,

Уста болду бийик-бийик үй курган.

Жолукканда эжейлерим, агайым,

Урмат менен салам айтып кол сунам.

 

Миӊ ырахмат, эжейлерим-агайым,

Эмгегиӊер өзгөрттү го жер бетин.

Мен силерди теӊеп турам алтынга,

Көргүм келип көзгө сүртчү келбетиӊ.

 

Ай агайлар, ай эжейлер, алтындар,

Бакыт каалап, бала көзүн ачтыӊар.

Мээрим менен билим данын чачтыӊар,

Бала үчүн түмөн түйшүк тарттыӊар.

 

Баатырларга

Туулат баатыр эл үчүн,

Түйшөлөт баатыр жер үчүн.

Турпаты калат артында,

Туулган элге дем үчүн.

 

Жаралат баатыр эл үчүн,

Жанын берет жер үчүн.

Жасаты калат артында,

Жараткан элес дем үчүн.

 

Атталат баатыр эл үчүн,

Аябайт жанын эл үчүн.

Атагы калат артында,

Арманга салып эл ичин.

 

Атактуу Манас алпыбыз,

Түгөнгүс жомок, ыр калып.

Айтып бир калган жалпыбыз,

Арка бел болгон бир кезде,

Азган бир кезде калкыбыз.

 

Белгилүү Манас алпыбыз,

Бежинди алган даӊкыбыз.

Миӊ жылдан ашык өтсө да,

Беделин жерге түшүрбөй,

Бел кылып келет калкыбыз.

 

Баатырдын баатыр даӊкы бар,

Илгертен келген салты бар.

Баатырын башка көтөргөн,

Баркына жеткен калкы бар.

 

Көзүмдүн эки кареги

Туубадыӊ, бирокэнемсиӊ,

Чөйчөктөй, бирок кененсиӊ.

Киндик кан тамган мекеним,

Мен үчүн кымбат экенсиӊ.

 

Улуу-Тоо, Апшыр береги,

Мекеним Көк-Жар дареги.

Көрсөм деп сени тунарды,

Көзүмдүн эки кареги.

 

Каранай, Жийде, Ак-Өтөк,

Жайлоого жазда эл көчөт.

Суктандырып көргөндү,

Шурудай катар тигилген,

Ортодо алма бак өсөт.

 

Аламан менен Көтөрмө,

Арманын айтпайт бөтөнгө.

Эрте жазда гүл ачкан,

Этегинде өскөн жылчык бар,

Эм болот дешет жөтөлгө.

 

Нарайы Борбаш жеринен,

Эчендер чыккан элинен.

Сай жээкте турган чоӊ коргон,

Тыӊшасаӊ кабар бергенсийт,

Кадимки Мойдун белинен.

 

Жети айыл курчайт Көк-Жарды,

Чоӊ бактын окшоп шагына.

Ынтымакты туу туткан,

Ырыстуу жакшы элим бар,

Коногун тоскон жабыла.

 

Көкүрөк кыссам кучактап,

Кичигиӊ менен улугуӊ.

Сайрандап ойноп жүрсөм да,

Санаамдан такыр чыкпайсыӊ,

Киндик кан тамган туругум.

 

Эсиме түшсө туулган жер,

Эл-жерим менен бир болом.

Сагынсам жоро-жолдошту,

Садагаӊ Найман көлүндөй,

Бир бөксөрүп бир толом.

 

Кыдыр Маккамбаев,

ардагер мугалим,

Кемин шаарчасы, 2015

 

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЖУМУШКА ОРНОШТУРУУ МИЛДЕТИ ЖОЖ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ ЖҮКТӨЛӨБҮ?

$
0
0

Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы жогорку окуу жайларга жана жетекчилерине бүтүрүүчүлөрдүн 30%дан кем эмес бөлүгүн жумушка орноштуруу жоопкерчилигин мыйзамдуу түрдө киргизүүнү жана бул талап аткарылбаса ЖОЖдордун лицензияларын жана ректорлордун ээлеп турган кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо сунушун киргизүүдө.

Бул мыйзам долбоору өткөн аптада “Өнүгүү — прогресс” фракциясынын жыйынында каралды. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев ЖОЖдордо өзүнчө бюджет, өзүнчө саясат, өзүнчө мүмкүнчүлүк болуп, ректорлор өз казанында өзү кайнай бербей, мамлекетке дагы кандайдыр бир деӊгээлде көмөк көрсөтүүсү керектигин, ошондуктан жождорго бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу жоопкерчилигин киргизүү зарылдыгы келип чыгып жатканын түшүндүрдү.

“Күчтүү ректорлор бүтүрүүчүлөрүнүн 30%дан кем эмес бөлүгүн жумушка орноштуруу маселесинен коркпойт”, — дейт Б.Төрөбаев.

Талкууда депутат Зиядин Жамалдинов эки жактуу айтылган пикирлерге макул экенин, ошол эле маалда ЖОЖ жетекчилеринин бүтүрүп жаткан кадрлары боюнча кандайдыр бир жоопкерчилиги болушу зарылдыгын айтса, бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов болсо министрлик дагы, жогорку окуу жайлар дагы бир гана билим берүү менен алектенерин, ал эми жогорку окуу жайлар бүтүрүүчүлөрүн өздөрү ишке орноштуруусу дүйнөлүк практикада жоктугун белгиледи. КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова бул министрлик мониторинг жүргүзүү, ваканттык жарманке өткөрүү, кызмат орундарын алдын ала болжолдоо методикасын иштеп чыгуу сындуу иш-чаралар менен гана чектелерин маалымдады. Натыйжада бул мыйзам долбоорун дагы дыкат иштеп чыгуу максатында ЖОЖ ректорлорунун катышуусу менен тегерек стол өткөрүү чечими кабыл алынып, долбоор Жогорку Кеӊештин сайтына талкууга коюлду.

ЖОЖ ректорлору жоопкерчиликтен качпайт

 Жогорку окуу жайлардын жетекчилери эл өкүлдөрү тарабынан көтөрүлүп жаткан демилгени колдошоорун, ал тургай ченемди 30%дан да жогорулатса болоорун, бирок айрым бир учурларды эске алуу зарылдыгын айтышат.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдырахмановдун айтымында, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн 30% ашыгы ансыз деле жумушка орношот. Андыктан бул чекти бир аз көтөрсө деле болот. Бирок ал үчүн окуу жайларды бөлүштүрүү керек.

- Негизинен бүтүрүүчүлөрүнүн отуз пайызын жумушка орноштура албаган окуу жайдын кереги деле жок.  Бирок айрым бир себептерден улам жогорку окуу жайларын бөлүү керек. Себеби кийин ачылган жеке, чет өлкөлүк окуу жайлар бар. Мисалы, АУЦА, МУК, МУЦА. Алардын даярдаган медициналык адистеринин баары чет өлкөлүктөр. Алардын баары Кыргызстанда калып иштешпейт, кайра эле өз өлкөлөрүнө кетишет, — дейт Төлөбек Абылович.

Т.Абдырахмановдун айтымында, И.Арабаев атындагы КМУ үчүн 30% чек анчалык деле кыйынчылыкты жаратпайт. Себеби окуу жайдын бюджеттик бөлүмдөрүн аяктаган студенттердин баардыгы жолдомо аркылуу жумушка орношушат. Ал эми контракттык бөлүм менен бюджеттик бөлүмдү аяктап жумушка орношкон студенттердин баардыгын кошкондо жылдык көрсөткүч 70% жетет. Ошондуктан бул окуу жай үчүн чекти көтөрүп деле койсо болот. Бирок көпчүлүк окуу жайларга 30% чек дагы көп болуп калышы мүмкүн. Себеби алар даярдап жаткан адистердин биздин мамлекеттен иш табуусу кыйын.

- Мындай чек коюу үчүн, биринчиден, мамлекеттин экономикасы ошол талапка шайкеш болушу керек. Мисалы, Техникалык университетти ала турган болсок, анын бүтүрүүчүлөрү мамлекетте завод-фабрика жок болсо каякка барышат. Ушундай эле маселе Агрардык университетинде дагы болот. Азыр мамлекетте баары эле жеке чарба, ал жеке чарбага зоотехниктин эмне кереги бар. Анан бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү каяктан жумуш табышат. Ал үчүн биринчи райондун борборлорунда же болбосо бир нече айылдарды бириктирген айыл чарба сервистерин түзүү керек. Ошол жерде малды эмдеп, дарылоо сервисин, жерди иштетүү сервисин, техниканы оӊдоо сервисин куруп туруп анан бүтүрүүчүлөрдү  ошол жакка алып барып ишке орноштуруу керек. Анын үстүнө бул окуу жайлардын контракттык бөлүмдөрүн аяктаган студенттерине гана эмес, бюджеттик бөлүмдөрүн аяктаган студенттерине дагы жолдомо аркылуу бөлүштүрүлбөгөндүктөн жумуш табуу кыйын, — дейт Т.Абдырахманов.

Студенттерди дагы категорияга бөлүү зарыл

 Жогорку окуу жайлар мыйзамдын долбоорун иштөөдө студенттердин категорияларына дагы көӊүл бөлүү керектигин айтышууда. Себеби окуу жайын аяктаган студенттердин баардыгы эле өзүнүн кесиби боюнча иштегиси келбейт жана иштеп кете албагандар дагы болот. Андыктан студенттерди үч категорияга бөлүү зарыл. Биринчиси, мамлекеттик грант менен бүтүп жаткан студенттер. Бул бүтүрүүчүлөр мамлекеттен акча алып окуп жаткандан кийин, алар кайра мамлекетке сөзсүз кызмат кылышы керек. Экинчи категория болсо, өз каражаты менен окугандар. Алар өзү акча төлөп билим алып жаткандан кийин, окуу жайды бүткөндөн соӊ келечегин өзү каалагандай багытташат. Аларды күчкө салып жумушка орноштурууга мүмкүн эмес. Себеби мындай учурда алардын конституциялык укугу бузулуп калат. Үчүнчү категория — чет өлкөлүк студенттер. Ар бир окуу жайда чет мамлекеттен келип окуган студенттер бар. Алар окуусун бүткөндөн кийин Кыргызстанда калып иштешпейт, өзүнүн мамлекетине кетишет.

Мугалимдерди даярдаган окуу жайларга чекти азайтуу керек

 Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда мугалимдик кесипке даярдаган окуу жайларга дагы башкача мамиле керек. Себеби республикада он эки жогорку окуу жайында жана төрт кесиптик орто окуу жайында мугалимдер даярдалат. Бир жылда  беш миӊге жакын студент мугалимдик  адистикти аяктайт. Бирок ошол эле учурда Билим берүү жана илим министрлигинин акыркы маалыматы боюнча республикада бүгүнкү күндө 853 гана мугалим жетишпейт. Ар бир окуу жай 30% бүтүрүүчүсүн жумушка орноштурушу керек болсо, мектептерде болгону миӊге жетпеген бош орун болсо, алардын баарын каякка батырабыз дешет жетекчилер.

- Биз ошончо бүтүрүүчүнү кубалап барсак дагы мектепке батпайт. Анан биз кантип 30% чекти аткарабыз. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун абдан жакшы карап чыгып, бир топ талкуудан өткөрүп туруп анан кабыл алуу керек. Бирок, тилекке каршы, мектепке барган жаш мугалимдерди жетекчилер кармап кала албай жатышат. Бир жылдан кийин ар кандай себептер менен жолдомо менен барган жаш адистердин 20-30% мектептен кетип калууда, — дейт Т.Абдырахманов.

Мамлекеттик эмес окуу жайларга чектин кереги жок

 Мамлекеттик эмес окуу жайлардын жетекчилери жеке окуу жайларга бул чекти киргизбей деле койсо болот дешет. Себеби алар ансыз деле өздөрүнүн имиджи, өздөрүнүн аты үчүн иштешет.

- Бул чекти мамлекеттик окуу жайларга киргизсе болот. Себеби аларды мамлекет каржылайт, мамлекеттин имараттарында отурушат, мамлекеттен акча алышат. Мамлекеттик эмес окуу жайлар болсо өзүбүздүн арабабызды өзүбүз тартабыз, өзүбүздүн атыбыз үчүн өзүбүз күрөшөбүз. Бизге 30% деле кереги жок. Биз өзүбүз эле же өсөбүз, же өлөбүз. Андыктан бүтүрүүчүлөрүбүздүн жумушка орношушуна ириде өзүбүз кызыкдарбыз. Жумушка алардын канчалык көбү орношсо бизге ошончолук жакшы. Себеби алар аркылуу биздин ишибиздин сапаты бааланат, ошолор аркылуу абитуриенттер келишет.  Анын үстүнө жакшы иштей албаган мамлекеттик эмес окуу жайларды табигый рынок өзү эле жеп коет. Мындай окуу жайлардын ачылганына 20 жыл болду. Ошол жыйырма жылдын ичинде ачылган окуу жайлардын ичинен болгону үч-төртөө гана баш көтөрүп иштеп жатат. Калганын рынок өзү эле жок кылды, — дейт  Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын ректору Чынара Шакеева.

 Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

АЛЫКУЛДУН АКЫРКЫ ОН КҮНҮ

$
0
0

 Алыкулдун өмүрү жана чыгармачылык жолун эки жылдан бери архивдик, библиографиялык, сейрек кездешүүчү сүрөттөрүн таап, ондон ашык мекемелерде  болуп, нечендеген  айлар убактымды коротуп издедим. Алыкулдун өмүрүнүн акыркы 10 күнүн жазууга туура келди. Алыкул өлөөрүнө он күн калаарда Чоӊ-Сары-Ой орто мектебинин директору Дүйшөн Кулбатыровдун үйүндө болгон. Алыкулдун келгенин угушуп Балыкчы райкомунун экинчи секретары Көчөрбаев Курман,  башкарма Мусапыр, орун басары Самүдүн, сельсовет Самтыр, бухгалтер Төлөй учурашканы келишет.

Касымалы Баялинов атындагы Республикалык өспүрүмдөр жана жаштар китепканасынын искусство бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Дүйшөновна Кулбатырованы сураштырып таап, атасынын архивдик, библиографиялык материалдары менен таанышып, сүрөтүн таап чыктым.

Дүйшөн Кулбатыров Фрунзе областынын (ал убактагы) Кант районунун Социалчы айылында туулган.

1950-жылы Кыргыз педагогикалык институтунун кыргыз тил жана адабият факультетинен бүткөн.

Институтту бүткөндөн кийин Ысык-Көлдөгү Чоӊ-Сары-Ой орто мектебинде  мектептин директору болуп иштеген.

Россиянын Казань  шаарында аспирантурада окуган. Филология  илимдеринин кандидаты. Кыргыз ССР илимдер академиясында  иштеген «Орус-кыргыз адабий байланышы» — 1967, көркөм котормодогу чеберчилик маселелери -1974, Боордош Украинанын адабияты ж.б. илимий эмгектерди жазган. 1978-2003-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тил жана адабияты кафедрасынын доценти болгон.

Дүйшөн Кубатыровдун жолдошу Асанкулова Бүбүайша (1928-2010) Н.Г.Чернышевский атындагы Республикалык жаштар жана өспүрүмдөр китепканада эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Дүйшөн Кубатыровдун балдары да тамыр жайылган теректей адамдардан болушкан.

Дүйшөн Кубатыровдун архивдик материалдары менен таанышып жана 18-октябрь 1990-жылы «Кыргызстан маданияты» газетасында жазылган статьяны Алыкулдун өмүрүнүн акыркы 10 күнүн окурмандарга тартуулагым келди.   

1950-жыл, 5 декабрь. Конституция күнү — майрам эле. Биз, Чоӊ-Сары-Ой орто мектебинин бир топ мугалимдери, Чолпон-Атадан ат чабышты көргөн соӊ ашканага кирип калдык. Ал кезде согуштун каары аздап унутулуп, эл арасына береке кирип, көӊүл ачуу, оюн-күлкү көбөйүп калган. Биз ат чабышты кызуу кеп кылып жаттык. Аӊгыча кире бериштеги четки үстөлдөн тааныш адам көзгө чалдыкты. Турпатына караганда Алыкул Осмонов. Абайласам, Алыкемдин өзү экен (мен аны дайыма Алыке дечүмүн). Жанында орто жашап калган бир аял, бир жигит бар. Барып учураштым.

Алыкул абдан эле арыктап, бетинде кан-сөл жок, калбагай эрини жукарып, теӊирекей мурдунун таноолору баштагыдан да кеӊири ачылгансып калыптыр. Күрс-күрс жөтөлүп, дем алышы оор. Ал Фрунзеге кайтып жатканын айтты.

— Качан келдиӊиз эле? — дедим.

Ал шаардан бүгүн эле келгенин айтты. Адатынча көлгө кыштаганы Курманбайдыкына барса, ал колхоздун коюн багып, кыштоого көчүп кетип, үйүндө боюнан жаӊы бошонгон келини менен уулу гана бар экен. Ошон үчүн кайра кетүүнү чечиптир.

…Алыкул айланасындагыларга өз оорусунун коркунучтуу экенин билип, аябай этият жүрчү. Тамак ичип жатканында идиш-аягын, кол аарчыларын аралаштыруучу эмес. Мен анын минтерин 1946-жылы байкагам. Ат-Башыда жүрүп, бир булакка кол жууп калдык. Мен төмөнүрөөк жагына олтуруп жууна баштаганымда, Алыкем: «Токто… жуунба!» — деди. Мен түшүнбөй карап калсам, астейдил айткан:

— Мени сыйла, илдетимди сыйлаба, колуӊдан келсе андан оолак жүр…

— Бүгүн үйгө барып, мейман болуп кетиӊиз, — деп өтүндүм. Алыкем унчукпай эки жолдошун карады. Аял улутунуп алды:

— Алыкулга эс алып жатар жер болсо конуп алып, эртеӊ кетсек жакшы эле болот, жеткенче катуу кыйналып келди.

Сыр бербей, кайрат кылганы менен Алыкулдун көрүнүшүнөн чарчаганы баамдалат. Алакандай айылга куш кабар алеки заматта тарайт эмеспи. «Алыкул Осмонов — «Жолборс терисин кийген баатырды» которгон акын мектептин директорунукуна келиптир» деген кеп бат эле элге жетиптир. А түгүл райондон келип, жыйналыш өткөрүп жаткан Көчөрбаев Курманга да угулуптур. Ал Балыкчы райкомпартиясынын экинчи катчысы болуп иштөөчү. Саат кечки сегиздерден өтүп калганда салам айтышып, төрт-беш киши кирип келишти: башкарма Мусапыр, орунбасары Самүдүн, сельсовет Самтыр, бухгалтер Төлөй жана Көчөрбаев Курман.

- Жолдош Кулбатыров, салтты бузуп, кичүү кишинин үйүнө чакыртпай келгенибизди кечирип кой. Үйүӊдө ардактуу мейман бар экен, ошо киши менен учурашууга келдик, — деп Көчөрбаев Курман кучагын жайып, төрдө олтурган Алыкулга умтулду. Көрсө алар Токмоктогу балдар үйүндө 1925-жылдан 1929-жылга чейин бирге болуптур. Сөздөрүнүн маанисине караганда экөө 37—38-жылдардан бери көрүшпөгөн окшоду.

Алыкул кичине козголду эле жөтөлү кармап, бир нече жолу күрс-күрс этип, анан чөнтөгүнөн оозу кенен, бурама тыгындуу күрөӊ шишени алып чыгып, оозуна такады (бул бөтөлкөсүн дайыма чөнтөгүнө салып жүрүп, сыртка чыккан сайын адамдан окчун жерге төгүп, шишесин жууп, кайра жанына салып алчу).

Курман сөзүн 1925-жылдан баштады. Алыкулду биринчи жолу Токмоктогу жетим балдар үйүндө көргөнүн айтып, «Мына бул эле силердин айылдагы Чоӊ-Сары-Ой жетим балдар үйүндөй балдарды чогултуп баккан жер болчу» деди.

— Ушул айылда жетим балдар үйү барбы? — деп Алыкул ичиркене түштү.

— Бар, бар, — дешип отургандар жапырт жооп беришти.

Курман сөзүн улады:

— Бул үйдүн, андагы балдардын жайы башкача. Алардын ата-энеси Ата Мекендик согушта гитлердик баскынчылардын курчоосунда калган, Ленинградда каза тапкан. Көл аймагында мындай дагы бир үй бар. Ал Сарууда.

Алыкул шыпшынып, акырын башын чайкады. Балким анын эсине жетимдиктин запкысын тартып, жетимдер үйүндөөткөн катаал турмушу түшкөндүр. Айтор, кабагы бүркөлө түштү.

Курман аӊгемесин улап, мурду теӊирекей, кичинекей арык кара баланын бат эле барабанчы болуп чыга келгенин кеп кылды: «Ал кезде окшош кийинип, кызыл жагоо тагынып, сурнай тартып, добулбас согуп, шаӊдуу ыр ырдап, Токмок шаарынын чоӊ көчөлөрүнөн кызыл тууну көтөрүп басканыбызда, өзүбүздү революцияны жасаган баатырлардай сезчүбүз. Ошондо сапты баштап бараткандардын бирөө ушул Алыкул. Ал өзү курдуулардан алда канча тыӊ эле. Колунан китеп түшчү эмес. Биз кыргызчаны араӊ окуп жүргөндө, Алыкул орусча китептерди окучу. Жетимдер үйүнө келгендин экинчи жылында болсо керек, дубал гезитке ырлары да чыга баштаган. Ошол ырыӊ эсиӊде калдыбы?» — Алыкул башын чайкады. Бул учурда эчакы жазылган ырын эмес, ал эс алууну эӊсеп турган. Жамбаштап жатканы менен кичине эле козголсо, жөтөлү кыстап, күрсүлдөтүп кирет.

— «Эрдин атын алыстан ук, жанына келсеӊ бир киши» дейт. «Жолборсуӊду» окуп, кандай таӊдайы жарылган акын болду экен деп таӊ калып жүрчү элек, кадимки эле биздин Бейшебектей узун жото кыргыздын уулу турбайсыӊбы, — деп Самүдүн күлгөндө, тургандар жапырт күлүштү.

Курман Алыкул жөнүндө сөздү андан ары улабады. Токмоктогу жетим балдар үйүндө тарбиялангандардын кээ бирөөлөрүн эстешти. Андагы Саткын менен Абдырасулдун жазуучу болгонун айтышты. Сөз бир кезде Мукай менен Жусупка да жетти.

— Фашисттерди бул экөө барбаса деле жеӊет элек. Айрым жетекчи жолдоштордун ичи тардыгы болуп кетти, — деп кыжырланып койду Алыкул. Анан ал оюн-чындан Курманга кайрылды: — Көлгө кыштайын деп келдим эле, Курманбай жок болуп калды. Сен секретарь экенсиӊ, мага жардамдаша аласыӊбы, ушул Чоӊ-Сары-Ойдо кыштайын?

— Колуман келгенин аябаймын. Мында колхоздун башкармасы баш болуп отурат, ал маселени азыр эле чечебиз, — деди Курман.

— Жок, мен сураган жардам булардын колунда эмес. Жетим балдар үйүнөн бир бөлмө таап бере аласыӊбы? Айылдагы үйлөрдүн полу жер, тактай төшөгөндөрү жок, болсо да өзүлөрү турушат. Нымдуулук мага жарабайт.

Курман бул маселени эртеӊ Дмитрий Иванович (жетим балдар үйүнүн директору) менен сүйлөшүп көрөйүн деди.

Тамак келгенде Алыкулга койдун башы коюлду эле, ал аны мага сунду.

— Мээсин алып, эздирип берчи.

Мен аны бүтүргөнүмчө Алыкул чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, өз кесесине жамбаштын майын туурады: Аны эзилген мээге кошуп аралаштырды. Анан мага карады:

— Дүйшеке, элге берип жаткан арагыӊдан мага да куй.

«Кичине ичип койбойсузбу» деп айта албай олтурган эл сүйүнүп кетти. Ал кезде арак кырдуу чоӊ стакандарга белинен өйдөрөөк куюлуп ичилчү. Башка айылдарда кандай экенин билбейм, биздин Чоӊ-Сары-Ойдо ошондой болучу. Алыкулга да ошондой стаканга сунулду.

— Курман, бала кезде, жаш чакта жоро-жолдош көп болот экен. Ал менде да, сенде да көп эле. Улам жыл өтүп, жаш улгайган сайын алар ылгана берет экен. Турмуш ар кимибизди аржакка алып кетти. Кээде гана көрүшөбүз. Чоочуркап калабызбы, көрүшкөндө да баягы ысыктык сезилбейт. Окуп жүргөндө экөөбүз ынак элек. Көрүшпөгөнүбүзгө он жылдан ашып кеткен экен. Окуп жүргөндө эле гезитти көп окуп, жыйналышта кур калбай сүйлөчү элеӊ. Ошолор           өз жемишин берип, минтип саясы кызматчы болупсуӊ, — деп бир аз сүйлөп, удаа-удаа жөтөлө берген соӊ, сөзүн токтотту.

Жан кейиткен, өмүрүн көрүнөө талашкан оорусу канчалык күчтүү экенине, ушул азыр да аны көтөрүп урчудай абалда экенине карабастан Алыкул өзүн кайраттуу кармап олтурду. Көлдүн абасы ага доктурдун даарысынан да жакшыраак жардам берет деген ишеними бекем эле  ушул келишинде да ошол жардамды алып, айланчыктаган ажал менен даты бир жолу таймашууга, өмүргө кубат алып, чыгармачылыгын улантууга келген.

Эртеси Курман убада боюнча саат ондо келди. Алыкулдун көк «Победасына» олтуруп жетим балдар үйүнө бардык. Дмитрий Иванович өзүндө экен, бирок иштин жайын уккандан кийин, ылайыктуу бош бөлмө жок экенин айтты. Алыкул да, калганыбыз да Дмитрий Ивановичтин эмнеге жок дегенине түшүндүк. «Победанын» жанына келгенде Алыкул көлдү карап туруп:

— Быйыл көлдү мага буюрган эмес окшойт, — деди.

Алыкулдун көлдү кыя албай, кеткиси келбей турганын сездим:

— Алыке, башка эле ылайыктуу үй тапсак болбойбу?

— Андай үй таап, өзүӊ шефке алсаӊ макулмун.

Мен үй караштырып көрүүгө бир-эки сааттык убакыт сурадым.

- Андан кечикпе, болбосо буюрбаптыр деп, Фрунзеге кетип калгандай болоюн, — деди Алыкем.

Мен мектепке келип, мугалимдерге болгон ишти айттым. Кызайбек деген мугалим «кимде үй бар экени азыр балдар танаписке чыкканда эле табабыз» деди, Коӊгуроо болоор менен ончакты окуучу бош үйлөрдүн дарегин айтышты. Алардын ичинен экөө айрыкча чоӊ жолдун боюндагы Жума деген кишинин үйү ылайыктуу  көрүндү.

Көк «Победага» олтуруп Жуманыкына келдик. Ал үйүндө экен, иштин жайын уккандан кийин бош үйүн көрсөттү. Кичирээк эки бөлмө. Ошол жылы күздө бүтүрүптүр. Келин алып, уулун киргизмек экен. Үй чакан, таза, бир гана айыбы тактай төшөлбөптүр.

Үй Алыкулдун көӊүлүнө жаккандай болду: терезеси чоӊ, көлдү карап турат, бирок бар же жок дебей ойлонуп калды.

— Алыке, эгер үй көӊүлүӊүзгө жакса астанасына эки күндө тактай төшөтө коөюн, — дедим.

— Андай мүмкүнчүлүгүн болсо, ишке кириш, — деди.

Жума карыя бапыраӊдаган киши эле, адатынча барк этти:

— Чакырып келтире албай турган кишилер кудай айдап өзүлөрү келип калыптыр, үйгө киргиле.

Курмандын сыпайкерчилик менен  айткан ыракматын дегеле жуутпай койду. Үй табылып, мен астанасына тактай төшөтүүнүн аракетинде жүрүп, кечинде келсем, Жуманын үйү толтура эл экен. Колхоздун активдери, кошуна карыялар… Ошол жылдарда чоӊ-сары-ойлуктарда үйүнө кадырлуу мейман келсе, активдерди, кадырман карыяларды чакырып, мейманы менен тааныштыруу жалпы салт эле.

 Мен келип олтурар менен Алыкул:

- Иш кандай? — деп сурады.

— Тактай алып келинди. Уста эртеӊ  менен ишке киришмек болду, — дедим.

— Мен үйүндө турган Абакир аксакалдын уулу Кадыр колу жөндөмдүү жигит болчу, ошол, анан мектепте иштеген Бондоренко деген экөө эки күндө бүтүрөбүз деп убада беришкен.

Алыкул айыл элинин тамаша сөзүн угуп, мен келгенче эле көӊүлү көтөрүӊкү отурган экен, үйдүн кабарын уккандан кийин ого бетер көӊүлү көтөрүлгөндөй болду. Эрини көгөрүп, бетине кичине кызыл жүгүргөндөй көрүндү.

— Алыкул көп сүйлөгөн жок, сөздү көбүрөөк тыӊшады. Ал дайым ошентчү. Сөзмөр карыялар сүйлөп жатканда сөзүн бузбай, суроо бербей олтуруп укчу. Мунусу айтылган сөздөрдүн сабын бузбай, ой сандыгына иреттеп  жыйып, кийинки чыгармачылыгына ылайыктап жаткандай туюлчу.

— Көлдүн күӊгөй бетинин аба ырайынан Үч-Кой-Суу менен Чолпон-Атанын аба ырайы кеч күздөгү бөтөнчөлөр менен айырмаланат. Бул жерге көл башынан соккон шамал жетпейт. Көл аягынан соккон Кубакынын шамалы да көп жете бербейт. Айрым жылдарда гана Дөрөнүн белин аша коюп, Көк-Ойрок жактан келген шамал кар бүркүп кетет.

(Уландысы кийинки санда)

ФЕРГАНАЛЫК ТҮРКТӨРДҮ ТАЛАШУУНУН ТАРЫХЫНАН

$
0
0

Ирегелеш өзбек калкынын Шералы Жураев ысымдуу арген үндүү ырчысы менен бир курдай дүйүм даам жайылган дасторкон үстүндө итабар убакытка баарлашып калдым.

Чынымды айтсам, көңүлүмө түйүп жүргөн бир кептин учугун жандырып билмекке ынтызарлыгымдан улам, ыңгайын таап, жанына атайы жакындап барган элем. Анткени, асакелик атактуу абабыздын түп насили “түрк” уруусунан болоорун тээ илгериде кулагым чалып, эшиткеним бар эле. Кудай жалгап, ошол кептин чын-төгүнүн өзүм үчүн тактап алуунун, болгондо да ашулачынын өз оозунан угуунун оңтою келип турду ошентип.

Оболу “кыргыз баласы” экенимди билип, кыса-кыса кол алышып таанышкан соң Шералы аба саамга ойлонуп турду да, Алай тууралуу кеп салып калды бүйүрүмдү кызытып. Алыскы Алай тоолорунун мен эзели болуп көрбөгөн күр жайлоолорун бирден эргип санап, бала чагынын бир үзүмү ак жалтаң аскалардын, көк жалтаң зоокалардын койнундагы шалба-шибердүү өтөктөрдө өткөнүн эстеп ийди. Көрсө, жай сайын сүрө-сүрө мал айдап, көчүп-конуп жайлоого чыгышчу экен.

Гүлдүү чайнектеги демделүү көк чайдан алдыбыздагы көк чыныга утур кап ортолото куюп коюп, жайбаракат маашырлана ууртап, кыйлага кобурашып отурганыбызда, жана бир ыңгайын келтирип, сөздүн нугун ал кишинин тек-жайына бурдум. “Асакеден болом” – деди аксакал. “Опей, акетай, асакеликтериң чылгый эле “түрк” деген түптүү эл болот эмеспи?” – дейм. “Ооба, ооба, мен дагы түркмүн” – деди жарыктык киши тайсалдабай. “Түрктүн ичинен кимиси болосуңар?” – дейм кадаланып сурап. “Калтатаймын” – деди аксакал. “Атаганат!” дедим ичимен армандуу. Жообун көңүлүмө түйүп койдум. “Кыргызстандын Өзбекстан менен чекаралаш райондорунда да “түрк” деген эл жашайт. Жыш жашайт. Силерден айырмаланып, алар “өзбек” деген атты туташ чанып, “кыргыз” да эмеспиз дешип, кыргыз бийликтеринен “түрк” деген көөнө атын кайтарып берүүнү талап кылышууда” – дедим. Ак эткенден так эте “өзбегим эле өзбегим” деп, өмүр бою өпкө-жүрөгүн садага чаап ырдап калган атактуу ырчы:“Билем, билем” – деп башын ийкегиледи. Экөөбүз тең жана бир саамга унчукпай, көк чайдан жарыша ууртап калдык.

Чокусуна ала допу кондурган башын утур-утур ийкегилеп калганында, аксакалды эмне түркүн ой каптады билбейм, Ферганалык түрк калкынын, түрк боордошторунун келечек тагдыры эмне деген сары санааны чектирди, аны да билбейм, а бирок маган:“Атаңгөрү, Жусуп Абдыракмановдун акылын айныбай укканыбызда, Шералы Жураев азыр кыргызча ырдап жүрмөктүр” деген ой кетти. Дагы бир жолу ичимен кайрып, “Атаганат!” дедим. Анткени, көк жыттанган эски документтерден өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында болуп өткөн бир окуянын таржымалы тууралуу окуганым — улуттук мамлекеттүүлүктү түптөөнүн тарыхый озуйпасы моюндарына илинген саясий ишмерлердин бир кылка муунун кызыл чеке түшүрүп талаштырган мындай бир факты эске түшүп, ошол фактынын тегерегиндеги каңырык түтөткөн окуялар элестеп кетип жатпайбы.

1924-жыл. Борбор Азияда улуттук жиктелүү процесси капыл-тапыл башталып, аймакты эзелтеден жердеген чоң-кичине элдердин курамынан азыркы алты улутту: казак, өзбек, кыргыз, түркмөн, тажик, каракалпак улуттарын айрым уюштуруу жана алардын идирек-кудуретине чактап өз мамлекеттик түзүлүштөрүн аныктап берүү долбоору жүзөгө кызуу ашырылып жаткан кез. Аталган алты улуттук түзүлүштүн чектерин ажыратып, чек араларын аныктап берүү иши татаал, өтө машакаттуу болгону белгилүү. Ошонун ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын аныктоо өзгөчө түйшүк менен коштолгон.

Маселенин тамыры менен табияты мындай эле: келечекте “өзбек” жана “кыргыз” деп аталчу эки улуттун жайгашкан жерлерин ой-тоодон бери аралата аныктоодон сырткары, Фергананы байырлаган майдараак элдердин, атап айтканда, же өзбекке кошуларын билбей, же кыргызга кошуларын билбей, эки ортодо арабөк калган Ферганалык түрктөрдүн, кыпчактардын жана башка майдараак элдердин тагдыры талаш жаратып калат. “Өзбекстан” долбоорунун көсөмдөрү өктөө чыгып, “түрк-мүрк”, “кыпчак-сыпчак” дегизбей эле, баарын туташ “өзбек” же “көчмөн өзбек” деп атоону сунуштайт. Сунуштамак турсун, жүйөсү өтүп, Москваны ынандырып да ийишет. Саал мурдараакта эле жоголуп кете жаздап аман калган, эми өлүп-тириле өжөрлөнүп атып “автоном облус” деген статуска араңдан илинген кыргыздарың алардын жүйөсүнө көшөрүп көнбөйт. Автоном облустун жетекчилери кыпчакты да талашып, түрктөрдү да талашып, ал ортодо каракалпакты да талашып, ансыз да чиеленген маселени андан-ары ырбатат.

Ошол учурда “автоном облустун” башатында Сыдыков-Абдыракмановдун мууну тургандыктан, 1924-жылкы улуттук жиктелүү учурундагы эл талаш, журт талаштын башында да ушул кишилер турган деп эсептейм. Учурунда Азия менен Европаны бирдей аралап, бирдей дүңгүрөтүп, не бир замандарды баштан кечирген кайран кыпчак этносунун так жыйырманчы кылымдын ирегесине жеткенде өз ураанын чакырууга алы калбай деми сууп, үн катып өз таламын айтууга чамасы жетпей ындыны өчүп, жүдөңкү тартып, эми кара-кыргыз автоном облусу менен Өзбек ССРинин талашына кантип түшкөнүн кыябы келгенде жазаарбыз, бирок бул саам түрктөрдү талашуунун таржымалына көбүрөөк токтолууну эп көрүп турам.

Ошол жылдарга тиешелүү архивдик документтерди аңтарып калган адис катары айтпадымбы, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын ажыратуу өзгөчө түйшүк менен коштолгон, ал эми улуттук жиктелүү деген иш-чараны баштап алган Москванын айласын гана куруткан. Түйшүктүн масштабын ушундан билиңиз, кыргыз жетекчилери жалаң эле “түрк маселесине” байланыштуу Араван, Булак-Башы, Мархамат, Маняк, Кулу деген болуштарды бирин калтырбай, элестүүрөк айтканда, азыркы эле Анжиян менен Фергана шаарларынын арасын бүтүн бойдон өткөрүп берүү маселесин кабыргасынан коюп, кыйлага чейин Өзбекстандын айткан-дегенине ынабай коёт. Эмесе, ушул аталган болуштардын ар биринин тегерегинде айтылган эки тараптын жүйөлөрүнө айрым-айрым токтололу.

Оболу кыргыз облусунун жетекчилери этностук азчылыктарды дүңүнөн “өзбек” деп атай салууну макул таппай, “ата-жотодо жок андай жосунду кайдан тапкансыңар” деп нааразы болгондон, мындай жүйөсүн каршы коёт:“түрктөр жашоо образы боюнча кыргыздарга жакын эл жана өзбектер менен эч кандай байланышы жок” (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 93-иш кагазы. 100-бет). Акыйкатында ошондой эле. Жарым көчмөн турмушта жашап, мал чарбачылыгы менен алектенген түрк уруулары материалдык маданияты жагынан да, рухий маданияты жагынан да кыргыздарга жакыныраак болчу. Аралаш жайгашкандан, айыл-кыштактары да, жаздоо-жайлоолору да чогуу болуп, өз ара интеграциялык жараяндын кучагында камыр-жумур жашап жатышкан.

Кыргыз облусунун жетекчилеринин жогоркудай жобону айтып, Москвага дейре угуза айгай салышына түрктөрдүн жүүнү тирүү урууларынын да чырылдап чыгышы себеп болгон. Колу жеткен жерлерге чейин кат ташташып, үнү угулган жерлерге чейин арызданып барышкан түрктөр кыргыз боорлору менен чогуу болууну жакташкан. “Турмуш-тиричилиги бир-бириникинен анчалык деле айырмаланбаган түрк менен кыргыз калкы тарыхый жактан таламдаш болгондон улам Кыргызстанга кошулууну өтүнүүдө,” – деген билдирүүнү окуйбуз архивдин жедеп саргайган эски кагаздарынан (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 418-иш кагазы. 50-барак).

Маселен, Булак-Башы болушун алалы. Мындай аталыштагы жер азыр да бар. Өнүп-өөрчүп отуруп, азыр район статусуна ээ. Намангандан жыйырма чакырым алыста. Мына ушул жердеги түрктөр менен кыргыздарды чогуу алып санаганда калктын токсон пайызын түзөөрүн бетке кармаган кыргыз жетекчилиги Булак-Башыны олку-солкусуз Кыргызстанга кошууну өтүнөт. Булак-Башынын түрктөрү да ушуга көнгөн. Ал турсун Москвага, туура эле Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине арыз жолдошкон. Бирок 1925-жылкы жаңыча усулдагы эл каттоого ылайык “түрк” аттуунун баары өңчөй “өзбек” деп каттоого алынат дагы, “кыргыздар жашаган айылдар азчылыкты түзөт” деген бүтүмдүн негизинде Булак-Башы болушу Өзбекстанга бириктирилген.

Мархамат болушун мисалга тарталы. Азыр ал жер “Мархамат району” деп аталат. Кыргызстандын Араван району менен чектеш. Кара-кыргыз облусун жетектегендердин эсебинде болуштун калкынын 80-85 пайызын түрк менен кыргыз түзгөн. Ошондуктан Мархамат болушун Кыргызстанга кошуу маселесинде эки анжы ой болушу мүмкүн эмес деп санашкан.

Кулу болушундагы жагдай дагы ушундай. Адегенде облус жетекчилиги болуштун кыргыздар жашаган ондон ашуун кыштагын гана кошууну суранган. Бирок Ош округун билген кызматкерлер болуштун калкы чылгый эле түрк менен кыргыз экенин көзгө сайып көрсөтүп, чогуу санаганда “80 пайызга, айрым жерлеринде 100 пайызга” жетээрин аныктап чыгышкан (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун)-фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б- барак).

Тилекке каршы, Булак-Башынын мисалындай эле, Мархамат менен Кулудагы бир тууган түрк жана кыргыз калктарын чогуу кароо, аларды күчтөп ажыратпоо өтүнүчү Москвадагы үлкөн лөктөрдүн көңүлүнө илинбей калды, 1925-жылкы чукул эл каттоонун жаңычыл ыкмасы колдонулуп, түрк калкынын аты заматтын ичинде “өзбек” деген атка алмаштырылды дагын, Кыргызстанды Мархамат менен Кулу болуштарынан түңүлттү. Түрк калкын кошо түңүлттү. Артынан Маняк болушу да өтүп кетти.

Араван болушу тууралуу кеп өзгөчө. Анткени, ушу бүгүнкү күндөрү да Кыргызстандын айрым жетекчилери чала сабаттыгынан улам тилинен жаңылып, райондун улуттук курамы же андагы этностук жагдай тууралуу кеп козголгондо оозуна келгенди оттоп жүрүшкөнүнө күбөбүз.

Араван болушу бир-эки жылдын ичинде эле бирде Кыргызстанга, бирде Өзбекстанга өткөрүлүп, туруктуу статусу аныкталбай, элди да, бийликтерди да кыйнады. Ошондо кыргыз жетекчилиги мынамындай жүйөнү келтирип, айтканынан кайтпай койгон: болушта 4000ге жуук кожолук болсо, анын 1257иси – кыргыздардыкы, 616ысы – түрктөрдүкү, 1467иси – өзбектердики. Калганы – тажик, уйгур, лөлүлөр. Башкача айтканда, кыргыздар менен түрктөр көпчүлүктү түзүшөт дагы, өзбектер Аравандын 37 пайызын эле түзөт (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун) – фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б-барак). Мына ушундай аргументтерди келтирүүнүн натыйжасында гана Кыргызстан жетекчилери талашкан тараптарды кепке-сөзгө келтирип, Араванды эптеп кайрып алууга жетишкен. Албетте, кыргыздар менен чогуу болууну көздөгөн түрктөрдүн каалоо-тилеги да маселенин оң чечилишине көмөк болгон.

Деген менен, автоном облусунун Жусуп Абдыракманов баштаган жетекчилери канчалык күч үрөшсө да бир тууган түрк калкынын негизги массасын Кыргызстанга кошо алышкан эмес. Ошентип, Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине чейин арыз артынан арыз жөнөтүп, канчалык какшанышса деле болбой урматтуу Шералы Жураевдин ата-бабалары кыргыздарга кошула албай калышкан экен. Ал эми, кошулганда кандай болмок? Анда, Шералы акебиз кыргызча-түркчө аралаштырып, заңкылдап ырдап жүрмөктүр. Атактуу ырчы менен маңдай-тескей отурчумда тээ илгери болуп өткөн окуяны ойлоп-эстеп ийгеним ушундан.

Түрк калкынын кийинки тагдыры кандай болду? Өзбекстан тарабында калгандарды билбейм, бирок Кыргызстан тарабында калгандар тууралуу кандай кам көрдүк? Арадан ондогон жылдар өттү. Баягыда чырылдап-ызылдап калып калган түрк элин эстеген советтик этнографтар (асыресе, Я.Р. Винников) элүүнчү-алтымышынчы жылдары Ош облусун аралап көрүшөт. Ошондо алар дагы эле “түркпүз” деп көшөргөн элди көрүшкөн. Паспортунда “өзбек” деп жазылышканы менен, “түрк” атынан түңүлбөй жүрүшкөнүнө күбө болушкан. Бирок Абдыракмановдордун мууну талашып алган элди боорго тээп, Советтик Кыргызстандын бийликтери аларды күчтөп “өзбек” деп жаздырууну кийинки жылдары деле уланта беришти.

Күчтөп жазуу эгемен заманда деле уланып жатканына өзүм да күбө болдум. Эл каттоодон кийинки мезгил болчу, Араван жакка жумуштап барган элем. “Төө-Моюн” деген каналдын жээгинде турсам, кетмен-айрыны арта көтөрүнгөн, аял-эркеги аралаш үч-төрт киши келип калды жаныма. Аркы-теркини кобурашып турдук. “Эл каттоо купулуңарга толдубу?” — деп кызыктым. “Түркпүз десек, кыргыздар бизди түк укпай койду”, — деди улуурагы эки көзүн жылтыратып. Чоң акимчиликтин кишисинен бетер ак көйнөк кийинип, көз айнекти тартынып, колума булгаары папке көтөрүнүп турсам, ушул киши арыз-муңубузду угат, жеткирчү жерге жеткирет деген үмүттө айтты окшойт.

 

Арслан Койчиев,   “Кутбилим” гезитинин баяндамачысы

Ч.АДАМКУЛОВА: ДОКТОРСКИЕ ПРОГРАММЫ PhD —КАРДИНАЛЬНО РЕШИТ ПРОБЛЕМУ “СТАРЕНИЯ” НАУЧНЫХ КАДРОВ

$
0
0

В Европейском Союзе преобладает подготовка высших научных кадров с присуждением им наивысшей и единственной ученой степени — доктора философии (Doctor of Philosophy — PhD), которая свидетельствует о наличии у ее обладателя фундаментальных знаний в узкой отрасли наук (доктор философии в математике, доктор философии в медицине и др.). В Кыргызстане принята двухуровневая система аттестации научных кадров. Соискателям присуждается научная степень кандидата и доктора соответствующих наук.

Актуальностью внедрения третьего цикла образования – докторских программ PhD является то, что ученую степень доктора наук PhD студент может получить до 30-35 лет, и в дальнейшем заниматься исследовательской работой в течение всей жизни. А при двухуровневой подготовке высших научных кадров, докторант получает степень доктора наук в лучшем случае к 50 годам, практически на закате своей научной и трудовой деятельности. Это отталкивает   молодежь от научной – исследовательской деятельности, посвятить всю свою молодость на написание кандидатской и докторской диссертаций большинство и не хотят, и не могут из- за отсутствия финансовых средств.

Казахстан завершил переход на новую модель подготовки научных кадров — докторантуру РhD в 2011 году. Узбекистан вместо устаревшей двухступенчатой системы послевузовского образования (кандидат наук и доктор наук) с 1 января 2012 ввел одноступенчатую систему с присуждением степени доктора наук.

В Кыргызстане 31 мая 2013 года на основании приказа министра образования и науки Кыргызской Республики была начата экспериментальная реализация докторских программ PhD, в качестве пилотных вузов были отобраны университеты, в которых шла реализация Европейских проектов по внедрению третьего цикла образования в сотрудничестве с ведущими Европейскими университетами. Были запущены пилотные программы:

  • Возобновляемые источники энергии и экологические технологии
  • Машиностроение
  • Электроэнергетика
  • Государственное и муниципальное управление
  • Общественное здравоохранение
  • Менеджмент, Менеджмент/АгроМенеджмент
  • Экономика, Экономика/Агро Экономика
  • Управление Бизнесом

Основные отличия реализации докторских программ PhD от существующей подготовки высших научных кадров:

1. Образовательная программа PhD состоит из теоретического обучения (60 кредитов) и самостоятельной индивидуальной научно-исследовательской работы (120 кредитов). Обязательной частью академической подготовки аспирантов (лиц, обучающихся в аспирантуре и претендующих на получение ученой степени кандидата наук) является сдача трех экзаменов: по иностранному языку, по философии и истории науки и дисциплине по специальности. Программа подготовки кандидатов и докторов наук это в основном индивидуальная научно-исследовательская работа, система кредитов не применяется.

2. Теоретическое обучение по программам PhD реализовывается как местными преподавателями, так и зарубежными (минимум 2 человека из дальнего зарубежья). Теоретическое обучение по существующей подготовке научных кадров отсутствует.

3. Докторант, который обучается по программе PhD должен иметь двух руководителей, первый руководитель из нашей страны, а второй руководитель обязательно должен быть зарубежным. Поэтому докторант обязан владеть английским языком. При существующей системе подготовки научных кадров достаточно одного руководителя и знание английского языка не обязательно.

4. Образовательная программа PhD обязательно включает в себя прохождение научной исследовательской практики в зарубежном университете, которая позволяет учитывать опыт мировых научных исследований, а не только республиканских ученых. Существующая программа подготовки научных кадров не содержит в себе подобную практику.

5. Образовательная программа PhD завершается защитой диссертации в самом образовательном учреждении. Для этого создается Диссертационная комиссия, которое состоит из 5 человек, два представителя самого вуза и три представители из других вузов (как минимум 2 из университетов дальнего зарубежья). Существующая система защиты диссертационных исследований имеет другой формат. Работы защищаются в диссертационных советах, в которые входят представители нескольких вузов. Эти советы, как правило, в составе 12-15 докторов (если это докторские советы) или докторов и кандидатов наук (если это кандидатские советы) утверждаются ВАК (Высшим аттестационным комитетом), функционирующим при Правительстве Кыргызской Республики.

Проблемы реализации:

1. Ввиду того что докторские программы PhD реализовываются как пилотные программы, отсутствует нормативно правовая база, так в Законе об образовании прописаны только два уровня (цикла): бакалавриат и магистратура, третий уровень — докторские программы PhD не прописаны. Необходимо внести поправки в Закон об образовании и заложить третий уровень (цикл) образования докторские программы PhD.

2. Нормативные документы реализации докторских программ PhD (государственные требования к докторским программам PhD, государственные требования в докторским диссертациям PhD, государственные требования к защите докторских диссертаций PhD, регламент обучения по докторским программам PhD) были рассмотрены на Коллегии министерства образования и науки КР и утверждены приказом министра образования и науки КР. Для полно-масштабной реализации докторских программ PhD все выше перечисленные документы должны быть утверждены Постановлением Правительства Кыргызской Республики, но это станет возможным только при внесении поправок в Закон об образовании.

3. Необходимо разработать и утвердить Государственный образец документа об образовании – Диплом доктора философии PhD, для выдачи выпускнику докторской программы, прошедшему в установленном порядке защиту докторской диссертации.

В целом нельзя не признать того, что современное высшее образование в нашей стране претерпевает серьезные изменения. Направлены эти изменения, в соответствии с принятыми программами модернизации, на его совершенствование и максимально полную интеграцию в международную систему высшего образования. Внедрение третьего цикла образования –докторских программ PhD, сочетающие оптимальный баланс между обучением и исследовательской деятельностью позволит сократить сроки подготовки и присуждение высшей ученой степени, что повысит интерес молодежи к научной работе и кардинально решит проблему «старения» научных кадров. Средний возраст ученых Национальной Академии наук составляет 73 года, мы склоняем голову перед нашими выдающимися учеными, но нужно думать о завтрашнем дне, кто будет поднимать науку завтра?

 

Чинара Адамкулова, ректор Кыргызского национального университета им. Ж.Баласагына

 

Viewing all 382 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>