Quantcast
Channel:
Viewing all 382 articles
Browse latest View live

ИШЕНГҮЛ БОЛЖУРОВА: «МЕКТЕПТИ ТАРБИЯНЫН ОЧОГУНА АЙЛАНДЫРАЛЫ»

$
0
0

 

 

Быйылкы 2017-жылды Президент Алмазбек Атамбаев «Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялап, мамлекеттин жана кыргыз элинин алдына бир топ максат, милдеттерди койду. Мамлекет башчысы өз жарлыгында Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жаштар адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш экендигин баса белгилеп, учурда кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык алыс-нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган ар тараптан жетик инсандарды калыптандыруунун мааниси өскөндүгүн белгилеген. Азыр чындыгында замандын алмашышы, коомдун өзгөрүшү менен жаңы доордун балдары тарбияланууда. Дал ушул жаңы доордун балдарына татыктуу тарбия берүүдө кандай жаңы тарбиялык ыкмалар керектигин белгилүү коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору же кандидаты, билим берүү тармагын бир канча жыл жетектеген Ишенгүл Болжурова «Кутбилимге» берген маегинде айтып берди.

 

Жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн балдары традициялык тарбиядан артта калууда

Азыркы убакта балдарга тарбия берүү өтө оор болууда. Эгерде бул маселеге обьективдүү карасак, коомубуз социалдык дифференциация болуп, эл бөлүнүп калды. Кээ бир колунда барлар балдарына, алардын тарбиясына көбүрөөк көңүл буруп, бир нуктуу тарбия беришүүдө. Бирок ошол эле учурда тарбияны кой, ата-энесин көрүүгө зар болгон балдардын катмары дагы пайда болду. Булар албетте, мигранттардын балдары.  Тилекке каршы, балдарын таштап жумуш издеп сыртка чыгып кеткен ата-энелер көпчүлүктү түзөт. Ошол ата-энелер сыртта жүрүп тапкан кичинекей акчасы баалуубу же баласынын келечеги баалуубу, ушул жагын кылдат ойлонушу керек. Азыр бизде статистика боюнча элдин 5-7% социалдык абалы жакшы, жардамга муктаж эместер болсо, калган 80% карапайым, жөнөкөй адамдар  болуп саналат. Ошондуктан көпчүлүктү жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн балдары түзөт. Дал ушул катмар илгертен келе жаткан традициялык тарбиядан артта калып жатат. Капчыгы жука ата-энелер балдарына кошумча билим бере албай, балдарынын курсагын тойгузушту гана ойлоп калды. Бирок бала тарбиялоо анын курсагын тойгузуу менен гана чектелберин баардыгыбыз жакшы билебиз.  Балага билим берүү, аны спортко кызыктыруу, музыка аркылуу тарбиялоо, дагы башка кружокторго алып баруу шаар ичинде эле кичине өнүгүп жатат. Ал эми айылдыктарда болсо бул маселе жабык бойдон. Ошондуктан азыр мектептерди күнү-түнү болбосо дагы, кечкисин иштетип, ар кандай курстарды, кружокторду ачып, бирине компьютерди, бирине тилдерди, бирине тиккенди, бирине сокмону үйрөтүп, балдарды өзүбүзгө тартпасак, бул өтө оор маселе болуп калат. Мындайды айыл мектептеринде да жасаса болот. Болгону каалоо гана керек. Мисалы, азыр клубдар бош жатат. Бир кездерде мектептерди түн бою иштетебиз деп да ойлогонбуз. Бирок бул дагы ишке ашкан жок.

Кыскасы, биз азыр тарбиянын бардык түрүнөн: эстетикалык дагы, маданий дагы, патриоттук дагы, эмгекке тарбиялоодон, дене тарбиясынан өтө арттабыз. Ошондуктан бул жылы коюлуп жаткан максаттар албетте, туура. Бирок кечигип калдык. Мисалы, 90-жылдардын ортосунда мектептерде тарбия иштери боюнча директордун орун басарын жоюп салган. Ошону менен мектептер тарбия бербей эле билим эле беребиз деп калган. Ал эми билим менен тарбия бирдей болбосо, инсанды кантип тарбиялайбыз. Ошондуктан мектептерге кайрадан тарбия завучтарына сааттарды берип, ар бир сабактын окуу куралдарында тарбия компонентинин бар жогун карап чыгышыбыз керек. Негизинен мектептер тарбиянын борбору, очогу болушу керек. Мектептерде кружокторду ачып, ал жакка аксакал-көксакалдардан өйдө алып келип, жаштар түштөн кийинби же кечиндеби ошол жакка барып убактыларын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүп берүү зарыл. Азыр көп эле айылдык мектептерде, мисалы, Ысык-Көлдүн көп мектептеринде кечкисин спорт залдар иштейт. Эркек балдардын көбү ошол жакка барышат. А эмне үчүн ошол эле спорт залдын жанына бир эки кийим тигүүчү машина коюп, кыздарды тигүүчүлүккө үйрөтсө болбойт. Муну жасайм деген киши жасайт, жасагысы келбегендер кайдан болбосун шылтоо таба берет.

 

 

Азыркы балдардын идеалы өзгөрдү

Информатизация дагы балдардын тарбиясына чоң таасирин тийгизүүдө.  Азыр балдардын баардыгы телефон, интернет же болбосо телевизор менен алаксыйт. Ал эми телекөрсөтүүлөрдө болсо өзүңүздөр билгендей, балдарга, жаштарга арналган атайын берүүлөр өтө аз. Көбүнчө уруш-талаш, бирин-бири өлтүрүү, кыйноо жана башка негативдүү чет өлкөлүк фильмдер берилет. Ошондуктан алардын идеалдары такыр башка болуп калды.  Тилекке каршы, көпчүлүк балдар үчүн тарбиянын очогу үй-бүлө эмес, мектеп жана чөйрө болуп калды. Ал эми чөйрө эмнеге үйрөтүп жатат? Албетте, кылмыштуулукка. Азыр балдарга кылмыш чөйрөсүнүн башкача айтканда, «черныйлардын» лидерлеринин образдары жакшы сиңип жатат. Балдардын көбү ошолорго окшош болгусу, анан бат эле байыгысы келет. Еврейлер 40 жашына чейин балдарын жалаң билим алыш керек, андан кийин ошол алган билимиң сага кызмат кылат дешет. Бизде болсо тескерисинче окууну бүткөндөн кийин эле көп акча таап, акыркы үлгүдөгү авто унаа минип, чалкалап ресторанда отурганды идеал катары карап жатышат. Мунун себеби эмнеде? Албетте, биздеги идеологиянын жоктугунда.

 

 

Кандай идеология керек?

Кандай  мамлекет курабыз, кандай жаран керек, жаранды кандай тарбиялаш керек деген атайын бир багыттын жоктугу тарбияны өксүтүп жатат. Мурда советтик доордо тарбия маселеси анчейин көйгөй жараткан эмес. Себеби анда коммунизмдин он кодекси бар болчу. Уурдабагын, калп айтпагын, мамлекет үчүн иштегин деген сыяктуу ураандар балдарды туура жолго салып келген. Азыр болсо идеологияны кой билим-тарбия берген теоретикалык базабыз жок болуп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги 2013-жылы Тарбия концепциясын иштеп чыккан. Бул жакшы. Бирок кандай концепция болбосун анын артында материалдык жана кадр камсыздыгы болушу керек. Мисалы, казактар, мингилер деген чоң идеологияны иштеп чыгып, анын негизинде казак эли кандай өнүгүшү керек деген концепция жазышты.  Бул концепцияны кагаз түрүндө калтырып койбостон, толук кандуу ишке ашыруу үчүн атайын көп суммадагы каражат бөлүндү. Ал үчүн чоң-чоң семинарлар, окуулар өтүп, кадр маселеси дагы чечилип, атайын китептерди чыгарып жатышат. Башка улуттарды дагы артта калтырбоо үчүн «казакский патриотизм» деген жаңы терминди чыгарышты. Анда Казакстан үчүн иштөө, Казакстанды 2050-жылда өнүккөн отуз өлкөнүн катарына кошуу деген максаттарды коюп, мугалимдер дагы, окуучулар дагы, интеллигенция дагы ушул максатка жетүүгө тырышып жатышат. Ал эми бизде болсо келечекте кандай коомду курабыз, ошол коомго кандай жарандар,  кандай адистиктер, адистер керек, өзүбүздүн коопсуздугубузду, эгемендүүлүгүбүздү кантип сактап калабыз деген максат, идеология жок болуп жатат.

 

 

Патриоттуулукка, эмгекке жана маданияттуулукка тарбиялоону колго алалы

25 жылдан бери жаштардын жаңы мууну пайда болду. Ал жаңы муундун талабы да, тарбиясы да такыр башка. 2011-жылы өзүбүз социологиялык изилдөө жүргүзгөнүбүздө 35 жашка чейинки жаштардын, болгондо дагы студенттердин 28% гана өз мамлекетимди сүйөм деп жооп берген. Ал эми 2012-жылы Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзгөн сурамжылоодо бул суроого жаштардын болгон 12% оң жооп берген. Бул өтө коркунучтуу. Азыр жаштарыбызды өз мекенин сүйүүгө үндөбөсөк, мамлекетибизге жалындап иштеп бербесек кылымдар бою сакталып келген кыргыз эли жок болуп кетиши мүмкүн.  25 жылдан кийин жаштардын канчасы өз мекенин коргоо үчүн аттанып, өз мекени үчүн жанын бергенге даяр боло алат деген суроого жооп издеп жатым өзүм корком. Себеби «Ушундай согуш болуп жатканда, уят эмеспи балаңдын үйдө жатканы» деп Жоомарт ата айткандай, азыркы жаштарда илгеркидей патриоттук дух жок. Азыр болсо үйдө жаткан уят эмес, баары мекенин коргогондон качышат. Бирок акыркы Дача-Сууда болгон трагедияга жаштардын кайдигер карабай, волонтер болуп, үйүндө өздөрү пайдаланып жаткан буюмдарын берип, нары-бери чапкылап жүргөндөрүн, эки күн бою өзүмдүн балдарымдын дагы балдарын кошуналарына калтырып коюп чуркап жүргөнүн көрүп, ишеним, үмүт пайда болду. Аларга ыраазы болуп, жаштарда баары бир адамдык сапат, бири-бирине жардам берүү, бирөөгө боор ооруу деген касиеттер сакталып калгандыгына кубанып турам. Бирок мындай касиеттин жаштардын баардыгында тең сакталып калгандыгына ишене албайм.

Азыр бизде кандай коом курушубуз керек деген орчундуу маселе турат. Албетте, биз маданияттуу коом түзүшүбүз керек. Бирок тилекке каршы, бизде бул жагы дагы абдан өксүп жатат. Мисалы, театрларды карап көрөлүкчү. Кыргыз, Орус драмалык театрларында, Опера жана балет театрында кимдер жүрөт? Жалаң шаардыктар анан чет өлкөлүктөр. Ушундан эле биздин кайсы деңгээлде экендигибизди билсек болот.

Анан дагы балдарды иштетпегиле, айыл чарба иштерине салбагыла дегенге мен каршымын. Себеби биз өмүр бою иштегенбиз, ал аркылуу эмгекке үйрөнгөнбүз, эмгек  менен тарбияланганбыз. Энгельс «Эмгек адамды киши кылган» дегендей, эмгектениш керек, эмгек – адамдын жакшы касиеттерин көтөрөт. Албетте, окуучулардын жаш курагына жараша жумуш кылдыруу абзел. Анткени бул биринчиден,  диссиплинага үйрөтсө, экинчиден, эмгекчилдикке, боорукерликке үйрөтөт.

 

Социалдык өнөктөштүктү колго алалы

Азыр бизге ата-энелердин мектептерин түзүү зарылдыгы дагы келип чыкты. Себеби баланы тарбиялоодо ата-энелер эч качан сыртта калбашы керек. Учурдагы педагогикада «социалдык өнөктөштүк» деген жаңы формула пайда болду. Бул жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги, мектеп, ата-эне, аялдар комитеттери, жаштар комитеттери, мамлекеттик эмес уюмдар, аксакалдар коомчулугу ж.б. баардыгы биргелешип балдарды тарбиялоо дегенди билдирет. Ушул социалдык өнөктөштүктү колго алуу зарыл болууда. Анткени өзгөчө диний берилүүнү алдын алуу, балдарга тарыхты, каада-салттарды, маданиятты үйрөтүүдө эне-аталардын, коомдун милдети чоң.

Акыркы кездерде балдардын өз өмүрүнө кол салуусу дагы тарбиянын жоктугунан болуп жатат. Анан дагы ишенбөөчүлүк, коомдун кара мүртөздүгү жакшынакай келечектүү жаштардын тагдырын талкалап жатат. Мурда эч качан массалык түрдө мындай өз өмүрүнө кол салуу болгон эмес.

 

Мектептен сырткаркы билим берүүнү жандандыралы

Мектептен сырткаркы билим берүү баланы тарбиялоодо чоң күч болот. Мисалы, «Сейтек» балдардын борбору бийдин, чыгыш спортунун түрлөрүн үйрөтүп, алар ар кандай сынактарда чемпион болуп, чет өлкөлөргө барып, кыргыздын маданиятын даңазалап жатышат. «Балажан» балдардын эстетикалык борбору дагы балдарды тарбиялоодо жакшы кызмат кылууда. Мен өзүм бул борборлордун ишмердүүлүгүн жакшылап изилдеп көрдүм. Көрсө көп пайдалуу нерселер бар экен. Жер-жерлерде дагы ушундай борборлорду ачып, аларга жогорудагыдай борборлордун методикаларын таркатуу зарыл.

 

 

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»


БЕГАЛИЕВА НУРИЯ – МЫКТЫ МУГАЛИМ, АЛДЫҢКЫ НАСААТЧЫ

$
0
0

 

Бегалиева Нурия Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жер-Казар айылынын К.Айдарбекова атындагы орто мектебинде 42 жылдан бери эмгектенген, мектептин жана айылдын эң ардактуу, кадыр-барктуу, ардагер мугалими. Ал жетимиш жашка келсе дагы өзүнүн сүйүктүү мектебин таштабай, балдарга химия, биология сабагынан  билим берип келет.

Бегалиева Нурия эмгек жолун дал ушул мектептен баштап, чейрек кылымга жакын өмүрүн бала окутууга, бала тарбиялоого арнап, пенсия курагынан алда качан ашканына карабастан, башкаларга окшоп кабагым-кашып деп үйдө отуруп албастан жигердүү эмгектенүүдө. Ал алгач мугалимдик кесипти эмес медайымдыкты тандап алып, мектепти бүткөндөн кийин Медициналык орто окуу жайында билим алган. Андан соң Кыргыз улуттук университетинин биология факультетине тапшырып, бешинчи курста окуп жүргөндө азыркы мектебинде химия жана биология сабагынан мугалим жок болуп калып, күтүүсүздөн эле мугалим болуп иштеп баштаган. Ал алгач мугалимдик эң сүйүктүү, эч нерсеге алмашкыс кесиби болуп калат деп эч ойлогон эмес.

— Мен негизи балдарды абдан жакшы көрөм. Ошондуктан мугалимдик кесип мени арбап алды окшойт. Менин окуучуларым дайыма келип сурап, учурашып, ал-акыбалымды билип турушат. Окутуп жаткан балдарым болсо жылда окуу жылынын аягында «Эжей эмдиги жылы келесизби, бизди дагы окутасызбы», — деп сурап калышат. Демек, алар менин сабак өткөнүмө кызыгышат. Менден дагы билим алгысы келет. Окуучуларымдын дал ушундай мамилеси мени мектептен кетирбей кармап келет, — дейт Нурия Омуралиевна.

Ушул күнгө чейин мектебин, окуучуларын таштап кете албай жүргөн каарманыбыз ал тургай мектебине жардам, колдоо көрсөтүү максатында, өзү дайыма сабак өтүп жүргөн биология классын толук ремонттотуп, заманбап жасалгалап да койгон.

— Бул айылда биринчилерден болуп оңдоп-түздөөгө жардам берген адам дал ушул Нурия эжей болду. Биздин мектеп 1971-жылы курулган тейинче капиталдык ремонттон өткөн эмес. Ошондуктан бизде баардыгы эски. Жетекчи катары мектепти кантип оңдоп-түздөп алабыз деп баш катырып жүргөндө Нурия эжей саамалык киргизип, бир классты 90 миң сомго жасатып берди. Эжеден кийин айылдын көп тургундары намыстанып, бир топ класстык бөлмөлөрдү жасатып беришүүдө. Бул класска эженин жолдошунун наамын берелик дешкен. Бирок биз эженин өзүнүн атын берүүнү туура көрдүк, — дейт мектеп директору …..

Нурия эжейдин өмүрлүк жолдошу Бегалиев Картаң бир канча жыл айыл башкармасы болуп иштеген, легендарлуу парламенттин эки жолку депутаты. Ал өз айылын көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга зор салымын кошкон, айыл мектебине ар тараптуу жардам берген адам болгон. Убагында эжейдин жолдошу балдарды спортко тартуу, калктын ден соолугун чыңдоо максатында мектепке атайын спорт мектебин курдуруп берген. Ал мектепке Бегалиев Картаңдын аты берилип, ушул күнгө чейин айыл жаштарын тарбиялоодо чоң салым кошуп келет.  Нурия эжей жолдошу экөө беш баланы тарбиялап-өстүрүшкөн. Балдары дагы билимдүү болуп, алды учурда Америкада жашап жатса, эки кызы эне жолун жолдоп мугалимдик кесипти аркалап келишет. Нурия Омуралиевна жакында эле жаш курагына карабай Америкага кызына барып, алты ай жашап, өнүккөн мамлекеттин жашоо-турмушуна күбө болуп келди.

— Мен өзүм мугалим болгондуктан көбүнчө Американын билим берүү системасына көңүл бурдум. Неберелеримди ээрчип алып мектептерине чейин барып жүрдүм. Бизде балдар мектепте 11 жыл окуса, Америкада 12 жыл окуйт экен. Анан да аларда логикага  көбүрөөк көңүл бурушат. Изденишет, балдардын эле эмес, өздөрүнүн да аң-сезимин өстүргөнгө көңүл бурушат экен. Окуучуларына 10-класстан баштап эле дүкөндөрдө, кафелерде  күнүгө үч сааттан иштегенге уруксат беришиптир.  Ар бир мектепте бардык мамлекеттердин желектери илинип турат. Арасынан биздин желекти көрүп абдан кубандым, — дейт Нурия апа.

Америкалык балдарга караганда кыргыз балдары жалкоо экендигин,  азыркы балдардын китепке эмес  интернетке көбүрөөк азгырылып жатканын айткан ардагер мугалим балдарды окууга кызыктыруу үчүн мектептерде жаңылануулар керек экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, мектептерде компьютерлерди көбөйтсө, жаңы окуу куралдары болсо, интернетти максаттуу пайдаланса, көрсөтмө куралдары менен толук камсыз болсо билимдин сапаты алда канча жогоруламак. Мугалимдер дагы ар тараптан изилденип, жок деп колду жайып отура бербестен өздөрү дагы аракет кылышы керек.

— Бизде мурун азыркыдай мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Бирок ошого дагы карабастан көп нерсеге жетишчүбүз. Үй иштерин бүтүрүп, балдарымды уктатып коюп түн жарымына чейин сабакка даярданчумун. Анда азыркыдай тиричилик техникалары да жок. Анын үстүнө жолдошум кызматкер болгондуктан биздин үйгө конок көп келчү. Эки күндүн биринде эле мейман тозчубуз. Бирок канча чарчасам дагы мектептен калчу эмесмин, — дейт Нурия.

Түйшүгү түмөн болсо дагы Нурия эжей өз балдарына мыкты тарбия берүүгө аракет кылып, ар бир баласынын мүнөзүнө жараша кылдат мамиле кылган. Ал башка ата-энелерге дагы бала тарбиялоонун ушундай жолун сунуш кылат. Себеби ар бир бала, өзгөчө азыркы замандын балдарынын мүнөзү, дүйнөгө, айланага болгон көз карашы такыр башка. Ал ар бир баланын тилин таба билүү  бала тарбиялоонун эң жакшы жолу деп эсептеп, баланы коркутуп-үркүтпөй, акырын айтып түшүндүрүп, болгон мээримиңди төгүп турганда гана тарбиянын өтөсүнө чыгасың деп эсептейт. Эжейдин балдарга болгон ушундай мамилесинен уламбы, айтор, качан болсо окуучулары айланчыктап жанынан чыгышпайт.

— Мага, өзгөчө улгайып калган кезде жагымдуусу мектепке келе жатканда окуучуларымдын алдымдан тосуп чыгып, колумдагы  баштыгымды ала коюшуп, класска чейин жетелеп баргандары болот. Ошондуктанбы же кесибимди абдан сүйгөндүктөнбү, айтор дагы деле мектептен кетким келбейт. Ушул окуу жылында жакшы эле эс алууга кетүүгө чамындым эле мектеп директору жибербей койду. Анын үстүнө мектепке биология, химия сабагынан орус класстарга сабак бере турган жаш мугалимдер келбей жатат, — дейт Нурия.

Мектеп директору болсо Нурия эжейдей болгон мыкты, өз ишин билген, окуучуларды сүйгөн мугалиминен кол үзүп калууну каалабай жаткандыгын айтып, эжейди дагы бир топ иштете тургандыгын билдирди.

— Мен Нурия эжейди Кыргызстандагы мугалимдердин эң мыктысы деп эсептейм. Эже мыкты инсан, ыйык эне, мыкты аялзат, төгөрөгү төп келген инсан. Көп жылдар бою ушул тармакта иштеп келет. Дайыма эжейибиз мугалимдерге, окуучуларга, деги эле айыл жаштарына үлгү болуп келет. Өзү бир сөзүн эки кылбаган киши. Мен мектебибизде ушундай жакшы мугалимдин бар экендиги менен сыймыктанам. Адамдык жакшы сапаттардын баарын эжеден тапса болот. Бул адам педагог болуп жаралган. Педагогикалык тармакта ушундай адамдар дагы да көп боло берсин. Ушундай адамдар бар үчүн билим сапаты, мектеп, коом кармалып турат, — дейт мектеп жетекчиси.

Бегалиева Нурия ушул күндөрү 70 жылдык торколуу тоюн белгилеп жаткан кези. Окуучулардын сүйүктүү мугалимин, айылдын кадырлуу аксакалын торколуу тою менен кесиптештери, ага-туугандары жана балдары кызуу куттукташып, ага ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалашып, дагы да болсо жаш муундарга билим, тарбия бере беришине тилектеш экендигин билдиришти.

 

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

 

 

16-ЯНВАРДЫН КАРГАШАЛУУ ТАҢЫ ДАГЫ БИР БАЛАНЫ ТОМОЛОЙ ЖЕТИМ КАЛТЫРДЫ

$
0
0

 

Кечинде эч нерседен бейкапар, ата-энесинин койнунда жаткан Жакшылык эртең менен урандылардын арасында ойгонду. Бирок ал ошол маалда ата-энесинен, эки карындашынан бирдей ажырап, жалгыз калганын билген жок.

 

Көзүн ачканда эле айланасындагы урандыларды көргөн Жакшылык, коркуп кетип апасы жакты да карабай үйдөн качып чыгып, кошунасыныкына чуркап барган. Баланы кошуналары кийиндирип, тез жардам келген маалда Сокулуктагы ооруканага жөнөтүшкөн. Дарыгерлер кырсыктан анын бети сыйрылып, мээси чайкалган, абалы канааттандырарлык деген жыйынтык чыгарышкан.

Жакшылыктын ата-энеси болгону 26 жашта, бир карындашы беште, кичүү бөбөгү экиде гана эле. Жакшылыктын атасы Уларбек атасынын үйдө эле кала бергиле дегенине карабай балам мектепке барат деп үй-бүлөсүн каргашалуу окуя болоор түнү үйүнө алып келген.

— Уулум Уларбек 1990-жылкы, келиним Акмарал 1991-жылкы эле. Жакшылык ич кийимчен калыптыр. Кошуналар кийинткен экен. Неберемди ооруканадан чыгарып келдим. Сүйлөшө албай койдук. Бир күн мурда эле балдарым меникинде болчу. Уулум жумуштан кайтып келе жатып балдарын мектепке барат деп алып кеткен. Уулум 195-маршрутканы айдачу. Келиним балдар менен үйдө эле, — дейт Шерали Сатыбалдиев.

Уул-келинин эки кызы менен кошо колдон учурган чоң ата  өзү батирде тургандыктан, балдарынын сөөгүн бир тууган агасынын үйүнөн чыгарды.

Бул үй-бүлөгө дагы Президенттин фондунан 100 миң, +кмөттөн 70 миң, Жогорку Кеңештен 80 миң сом акчалай жардам берилди. Андан сырткары учурда Жакшылыкка жана анын чоң ата, чоң энесине жардам берүүнү каалагандар абдан көп болууда. Шерали Сатыбалдиевдин үй-бүлөсү Жакшылыктын наамына банктан  атайын эсеп ачылгандыгын ММКларга кабарлады. Эми балага жардам берүүнү каалагандар болсо атайын ачылган эсепке которушса болот.

 

СУЛТАН МЕНЕН ЖАКШЫЛЫК ЭЧ НЕРСЕДЕН КЕМ БОЛБОЙТ  

$
0
0

Президент  Алмазбек Атамбаев 26-январда  «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кулашынын кесепетинен курман болгондордун туугандары менен жолугуп, трагедияда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын дилинен көӊүл айтты.

«Кыргызстандыктар үчүн орду толгус оор жоготуу болду – бүтүндөй үй-бүлөлөр, наристелер бөөдө ажал тапты. Баарыбыздын жүрөгүбүз тилинип турат. Мен дагы бир жолу баарыӊыздарга көӊүл айтам. Кайрат кылгыла. Силер жалгыз эмессиӊер, артыӊарда бүт Кыргызстан эли турат. Бул каргашаны ар бир кыргызстандык жеке башына түшкөн мүшкүлдөй, өз жакынынан ажырагандай кабыл алды», — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы айрыкча ата-энесинен ажырап калган балдарга камкордук керектигин, бир да бала көӊүл сыртында, камкорсуз калбоого тийиш экендигин баса белгиледи.

16-январдагы учак кырсыгынан ата-энесин жоготкон Жакшылыктан биздин газетанын журналисттери дагы кабар алып, Султандан бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышып келишти.

Жакшылыктын чоң атасы Шераалы Сатыбалдиев учурда небересин эч ким менен, өзгөчө журналисттер менен жолуктурбай жаткандыгын айтып, азырынча баланы мектепке дагы жибербей кое турууну чечкендигин билдирди. Себеби кырсык учурунда Жакшылыкты Сокулук райондук ооруканага тез жардам жеткиргенден кийин аны туугандары издеп тапканча бир топ убакыт өтүп, журналисттер аны камерага, сүрөткө көп тартып чочутуп коюшкан. Азыр бала катуу чыккан дабыш эмес жарк эткен жарыктан дагы коркуп жатат.

— Неберемди үч күн бою толук медициналык текшерүүдөн өткөрдүк. Кудайга шүгүр ден соолугу жакшы. Азыр балдарым Жакшылыкты алаксытыш үчүн паркка, эс алуучу жайларга алып барып жатышат. Себеби ата-энесин сагынып жатат окшойт, анда-санда ыйлап калат. «Атам келет бекен» деп да сурайт. Биз үчүн неберемдин амандыгы, ден соолугу баалуу, окуусун болсо азырынча ойлонуштура элекпиз. Мүмкүн эмдиги жылы деле окутарбыз, — дейт Шераалы Сатыбалдиев.

Кесиптешибиз Наргизанын уулу болсо дүйшөмбүдөн баштап мектепке бара баштаптыр. Биз баладан кабар алуу үчүн үйүнө барганыбызда Султан окууга кеткен экен. Тилекке каршы, бала менен жолугуша алган жокпуз. Ала барган белегибизди мектептен келгенде берип коюңуздар деп чоң апасына тапшырдык. Чоң апасы болсо  Султанды күнүгө чоң атасы мектепке алып барып, алып келип жатканын айтты.

— Султандын эжейи баланы мектепке жибергиле деп эки жолу келип кетти. Анан аны үйдө кармабайлык, андан көрө классташтары менен ойноп алаксысын деп жибере баштадык. Биринчи күнү сабактан келгенде атам, апамдарды классташтарым менен эскердик деп келди. Кудайга шүгүр баланын абалы жакшы. Буга чейин деле биздикинде көп жүрчү. Өзү дагы жоош. Ошондон уламбы айтор, азырынча мүнөзүнөн деле өзгөрүүлөрдү байкай элекпиз. Болгону атасы, апасы, эки бөбөгү турган сүрөттү карап калат. Анан чоң апа бул сүрөттө мен эмне жокмун деп сурайт, — дейт көзүнө жаш алган Бурулкан Жумалиева.

Учурда Султан менен Жакшылыктын келечегине кайдигер карабаган бир топ жарандар чоң ата, чоң энелерине бир катар сунуштар менен кайрылышууда. Айрымдары жеке окуу жайларда окутуп беребиз дешсе, кээ бирлери балдарды интернатка берүү керектигин айтышууда. Ал тургай аларды багып алат элек дегендер дагы чыккан. Бирок эки баланын тең чоң ата, чоң энеси неберелерин жанынан жарым карыш жылдырбай тургандарын билдиришти.

— Коомчулукта Жакшылыкты багып алам дегендер да чыгып жатканын угуп абдан капа болуп жатам. Бизге бериңиз, бул жактан, тигил жактан окутуп беребиз дегендер дагы көп болууда. Бирок мен алардын баардыгына уулумдан калган жалгыз туягымды эч кимге бере да албайм, эч кайда чыгара да албайм деген жоопту берип, узатып жатам. Кудайга шүгүр неберемди окутуп алууга азырынча кудуретим жетет. Жакшылык деле мектепке барганчакты менин колумда эле чоңойгон. Ата-энесинин колуна барганы менен кайра эле бул жакка кача берчү. Ошол каргашалуу күнү дагы неберемдин барбайм деп ыйлаганына карабай уулум алып кетип калган, — дейт Шераалы.

Султандын чоң апасы болсо буга чейин баланы түрк лицейлеринин биринен окутууну пландап жаткандарын, бирок ар кандай себептер менен бул оюнан дагы  кайтып жаткандарын айтты.

— Бала беш күн ал жакта, эки күн бул жакта болуп калса, тарбия жагынан маселе жаралып калбайбы деп ойлоп жатабыз. Өзүмдүн балдарым деле ушул мектептен окушкан, кудайга шүгүр, жаман болгон жок. Ошондуктан азыркы мектебинен эле окутабыз деп калдык. Ассоль Молдокматова дагы Султанды Эл аралык бир университеттен окутуп берели деген сунушун айтты, — дейт чоң апасы.

 

Балдарга психологиялык жардам керек

Учак кулаган каргашалуу күндөн бери психологдор кырсыктан жабыр тарткан балдарга психологиялык жардам беришүүдө. Алар Султан менен Жакшылыкка дагы келип, бир топ күн көз салышкан. Бирок Султандын чоң апасы ушул күндөрдө психологдордун жардамынан баш тартып жаткандарын айтты.

— Эки-үч жолу психологдор баланы алып кетип, кайра алып келишти. Султан бир жолу үйгө келгенден кийин эле мен интернаттан окуйм деп калыптыр. Жакшылап сурасам: «Эжекелер мени интернаттан окуйсуңбу деп сурашты, мен макул болдум», — дейт.  Анан отургузуп алып интернат деген эмне экенин түшүндүрүп бердим. Ошондон кийин баланы психологдорго бербей калдык. Ага караганда кошуналарыбыз жакшы жардам беришүүдө. Көбү орустар. Ошолор Султандын көңүлүн көтөрүп, алаксытып жатышат. Өткөндө бир кошунабыз өзүнүн балдары менен чогуу «Ташрабатка» алып барып келди, — дейт чоң апасы.

Психологдордун жардамы Султан менен Жакшылыкка караганда учурда Дача-Суу айылында жашап жаткан балдарга зарыл болуп жаткандыгын 16-декабрдан бери волонтер психолог катары кыргыз тилдүү балдар менен иштешип жаткан Уланова Бермет билдирди. Анын айтымында, кырсыктан жабырланган балдар менен дайыма бир психолог  иштебей, улам бири алмашып жаткандыктан балдарга толук кандуу жардам берилбей калууда.

— Азыр Дача-сууда жашап жаткан балдарга көбүрөөк көңүл буруу зарыл болуп жатат. Себеби биз барып жолуккан балдардын көбү азыр деле шок абалынан чыга элек. Балдарга сүрөт тарттырып, пластилин менен ойноткондо жалаң кансырап жаткан же буту, колу жок адамдардын сүрөтүн тартып жатышат. Бир бала болсо пластилинден жалаң денесинен үзүлүп калган бут, колдорду жасап берди, — дейт Бермет Уланова.

 

Кол сунгандардын аягы суюла элек

Кырсык болгондон бери он күн өтсө дагы жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандардын аягы суюла элек. Биз Султандын  чоң ата, чоң энеси менен сүйлөшүп отурганда Астанада иштеп жүргөн кыргыздардын атынан келдик деген беш-алты киши кырсыктан каза болгондордун баардыгынын жакындарына жардам берип жаткандарын айтып, Наргиза менен Азаматка жана балдарына дагы  куран окутуп, ата-энесине материалдык жардам берип кетишти. Султандын чоң атасы Рахат бул адамдарга окшоп келип, куран окутуп, акчалай жардам берип жаткандар абдан көп экендигин айтып, элге ыраазылыгын билдирди. Аларга эки күн мурда Ички иштер министрлигинен дагы өкүлдөр келип, Султандын атына банктан эсеп ачып, ага бир топ акча салып койгондорун айтып, банктык эсепти берип кетишкен. Султанга материалдык жардам берет элек деп биздин редакцияга кайрылгандардын дагы саны арбын. Ал тургай Эл аралык Алыш федерациясынын президенти  Калмамбет Анапияев  бул эки балага Бишкек шаарында куурулуп, 2018-жылы колдонууга бериле турган көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү батир белек кыла турганын дагы жар салды.

 

 

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

 

ПРЕЗИДЕНТ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИН КАБЫЛ АЛДЫ

$
0
0

 

Президент Алмазбек Атамбаев 25-январда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алып, өлкө мектептеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле жогорку окуу жайлар тармагын оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Гүлмира Кудайбердиева «2015-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары» программасын жүзөгө ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө да айтып берди. Министрдин сөзү боюнча, өткөн жылы өлкөдө 76 мектеп курулду жана 100гө чукул мектептер капиталдык оңдоодон өттү. Андан тышкары, үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен кошумча дагы  28 мектеп капиталдык оңдоодон өтөт.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө мектептерди куруу жана оңдоо боюнча комплекстүү иш биринчи кезекте бул максатка бөлүнүп жаткан бюджеттик каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүүнү жана аларды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылышы керек экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар курулуш иштеринин сапаттуулугуна көзөмөл жүргүзүшү зарыл экенин белгиледи.

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

Өткөөл курактагы өспүрүмдүн көмүскөдөгү көйгөйлөрү

$
0
0

Кечээ Нарын шаарындагы, 21-январда Араван районундагы, андан мурдараак 19-январда Кочкор районундагы бычакташкан мектеп окуучулары коомчулукту кайрадан бейпайга салды. “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алгачкы күндөрү өспүрүм балдардын адеп өксүктөрүн ашкерелеген окуялары менен коштолуп отурганы өкүттүү. Мындай ич ара мушташтар бүгүн эле капилет чыга калбаган, ал үй-бүлөдө, коомчулукта орун алган агрессиялык терс таасирлерден улам ырбап отуруп, акыры жарылган жара экендигинен кабар берет.

Балага үй-бүлөдөгү агрессиялык кырдаал күчтүү таасир этет

Мектептерде, үй-бүлөдө таалим-тарбия иштери тап-такыр эле жүрбөй жатат деп айтууга болбойт. Бирок ал тарбия иштери таасирдүү болбой жаткандыгын ушундай терс окуялар айкын далилдеп турат. Психолог адистер мектептерде окуу-тарбия иштеринде орун алып жаткан боштуктар, үй-бүлөдөгү социалдык мүчүлүштүктөр келип-келип отуруп ушундай натыйжа берип жатканын айтышат. “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог Чынара Термечикованын айтымында, балага үй-бүлөдөгү кырдаал өзгөчө курч таасир берет.

  • Көпчүлүк ата-энелер үйүндөгү тиричилик менен эле алышып, балдарынын, айрыкча, өспүрүм курактагы уул-кыздарынын кулк-мүнөзүндөгү өзгөрүүлөргө баам салышпайт. Алар баласынын курсагы ток, кийими бүтүн болсо болду деген маанайды карманышат. Чындыгында андай эмес. Өсүп-жетилип келаткан өспүрүмдөр өтө татаал процесстен өтүшөт. Муну балдар өздөрү да көп аңдай беришпейт. Мындай кырдаал жетишпеген, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдө эле эмес, бакубат жашаган мамлекеттерде да, жетиштүү турмуш кечирген үй-бүлөлөрдө да кездешет. Ошого жараша алардын келип чыккан себептери да ар түрдүү. Көп жылдык иш тажрыйбамдан улам байкаганым, балага эң оболу үй-бүлөдөгү агрессия курч таасир этет. Өткөөл курактагы өспүрүмдөрдүн өзгөчөлүктөрүнө ата-энелер тургай, атайын билими бар мектептеги адис мугалимдер да убагында маани бербей өтүштүрүп жибериши ыктымал. Мектеп жетекчилери бизде рэкет сыяктуу терс көрүнүштөр жок деп жаап-жашырууга мажбур болушат, себеби, таяктын бир башы келип эле өзүбүзгө тиет деп чочулашат. Көмүскө каткандан көрө, тыкыр иликтеп, сурамжылоо жолдору менен окуучулар арасында изилдөө жүргүзүшсө, маектешсе, маалымат беришсе дурус болмок. Албетте, балдар ич ара талаш-тартыш маселелерин оңой менен айта коюшпайт, бирок, байма-бай айтылган маалыматтар бирде болбосо, бирде кулактарына сөзсүз илинет, — дейт.

Чынара Термечикова белгилегендей, ырасында эле мугалимдер, мектеп администрациясы мектеп ичинде орун алып жаткан талаш-тартыш маселелерин жаап-жашырууга аргасыз болушат. Анын себеби деле түшүнүктүү, жоопко тартылышат. Бирок “шибегени капка каткандай” эле минтип оркоюп чыгып калып жатпайбы. Андыктан ата-эне, мугалим жана коомчулук биргелешип, балдардын тарбиясындагы өксүктөрдү ачыкка чыгарып, чогуу чаран талкуулашса, бири-бирине көмөктөш болушса, балким балдар ичтерине каткан көмүскө көйгөйлөр ачыкталып, бири-бирин бычакташканга жеткен кырдаалдарды алдын-алууга болот беле деп ойлойсуң.

Тарбия иштериндеги талаш-тартыштар  

Балдарды тарбиялоодо орун алып жаткан өксүктөрдүн ордун толтурууга тоскоол болуп жаткан себептердин дагы бири, баланын ата-энесинин бирөөсү жок болуп, толук эмес үй-бүлөдө өсүп жаткандыгы же болсо да, баланын жанында эместиги. Кийинки учурда мигранттардын балдары деген термин кеңири жайыла баштады. Бакубат жашоо куруу үчүн балдарын курмандыкка чалып, алыскы жана жакынкы мамлекеттерде иштеп жүргөн эмгек мигранттары азыр ар бир үйдө бар, болгондо да эки-үчтөн бар. Аздыр-көптүр акча салып, балдарынын киймин бүтөп, кардын тоюндуруп жүрүшкөндөрүнө каниет эткен ата-энелер балдарын тарбиялоо ишинен сырт калып жаткандарына кабыргасы кайышпайт деп да айтууга болбойт. Алар көкүрөгүнүн тээ түпкүрүндө ишеним жүктөп таштап кеткен жакындарына, туугандарына, мектепке таянышар балким. Ал ортодо балдары жакындарынын толуп-толбогон мээриминде, таасири тийип-тийбеген тарбиясында өсүп жатышат.

Коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору Ишенгүл Болжурованын пикиринче, ата-энелер балдарынын кардын тойгузуу менен чектелбей, башка жактан да тарбия берүү жагын колго алуулары зарыл. Ал тарбия түгүл, ата-энесин көрүүгө зар болгон балдардын өсүп жаткандыгына кейийт. “Статистикалык маалыматтар боюнча элдин 5-7 пайызын социалдык абалы туруктуу үй-бүлөлөр түзсө, калганы карапайым, колдоого муктаж жарандар. Дал ушул катмар илгертен келаткан салттуу тарбиядан артта калууда. Капчыгы жука ата-энелер балдарына кошумча билим тарбия бере алышпайт. Балага кошумча билим берүү, аларды спортко катыштыруу, музыка жана башка ийримдер аркылуу тарбиялоо шаар ичинде гана өнүкпөсө, айылдыктарда бул маселе жабык бойдон. Ошондуктан айыл мектептерин кечкисин да иштетип, компьютер, тил үйрөтүү, эркек балдар үчүн спорт секцияларын уюштуруп, кыздарга түймө түйгөндү, кийим-кече бычып-тиккенди үйрөтүүчү ийримдерди уюштурууга эмне үчүн болбосун? Болгону каалоо гана керек. Мисалы, азыр айылдагы клубдардын көбү бош жатат” деп ой бөлүштү ал.

Өлкөдөгү ички жана тышкы миграция агымынын натыйжасында жону катуу жокчулуктан жапа чеккендердин катарында ата-эне мээриминен өксүк өсүп келаткан балдардын бүтүндөй бир мууну пайда болгону да чындык.

Эмгек мигранттарынан эсеп-чотту катуу талап кылуу керек

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Венера Ибраева мектептеги билим-тарбия иштерине балдардын үй-бүлөсүндөгү кайдигерлик, жоопкерчиликсиз мамилелер да кедерги тийгизип жатканын жашырбайт. Венера Назарбековнанын айтымында, аягы өкүнүчтүү аяктаган окуялар көп учурда ата-энелери кашында болбогон учурларда орун алат. Анын эсеби боюнча учурда Кочкор районундагы мектептерде 244 сырткы мигранттардын балдары, 354 ички мигранттардын балдары катталган.

  • Тилекке каршы, көпчүлүк учурда көйгөй жараткан өспүрүмдөрдүн үй-бүлөсүндө абал тынч эмес болот. Окуудан, жүрүм-турумунан жетишпеген балдардын үй-бүлөлүк шарттарын изилдегенде, атасы же энеси жок, болсо да жанында эмес шартта экендигин көрөсүң. Бизди айрыкча ички жана тышкы мигранттардын балдары тынчсыздандырууда. Ошондон улам айтар сунушум, балким, иштөөгө сыртка кетип жаткан энелер балдарын кимге, кандай шартта таштап кетип жатышат, калтырган жооптуу адамдарда соттун чечими барбы деп талап койсок жакшы болмок беле деп ойлойм. Анткени кандай болгон күндө да жооптуу бирөө болушу керек. Биз азыр социалдык өнүгүү башкармалыгы менен ушул багытта тыгыз иш алып баруудабыз. Андан тышкары, райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, айыл өкмөттөрү менен да биргелешип белгилеген бир катар иш-чаралар бар. Ушулардын баары балдарды туура тарбиялоо, адеп-ахлакка үйрөтүү максаттарын камтыйт. Арийне, мектептеги мугалимдер, мектеп жетекчилери балдарды окутуп-тарбиялоодо бардык милдеттерди аткара албайт эмеспи. Балдарга адегенде эле ата-эненин көзөмөлү, талабы, тарбиясы катуу болууга тийиш.

Биздин райондун мектептеринде таалим-тарбиянын заманбап ыкмалары кеңири жайылтылган иш-чаралар байма-бай жүргүзүлүп келүүдө. Жакында эле “Зомбулуксуз мектеп” программасынын алкагында иш-чараларды жүргүзгөнбүз. Андан мурда мектептерде жогорку класстардын окуучуларынын катышуусунда “Биз кылмыштуулукка каршыбыз!” деген аталыштагы флэш-моб өткөн. Ошондой эле өспүрүмдөргө кызыктуу, аларга пайдалуу түрдүү тематикаларды камтыган театр-форумдар уюштурулуп турат. Мындай иш-чараларга окуучулар активдүү катышууда. Анткени заманбап, алардын табитине туура келген тарбия ыкмалары аларга кызыктуу болуш керек деп ойлойм, — деп биз менен пикир бөлүштү.

Венера Ибраева ошондой эле азыркы жаштарга тийип жаткан диний таасирлерге өтө этият мамиле жасообуз керектигин белгилейт. Анын пикири боюнча, диний окуулар жеке эле ыйман, адеп-ахлакка тарбиялабай, тескери агымга буруп, балдарды же окуудан азгырып, коомдук активдүү турмуштан алыстатып жиберүүдө. Адистердин айтымында, мындай шартта ата-энелер, коомчулук өтө сак болушу абзел. Адистер ошондой эле ата-энелер мектебин түзүп, анын ишин жандандыруу зарылдыгын да белгилешүүдө. Ата-энелер комитети, жаштар комитети, өкмөттүк эмес уюмдар, аксакалдар коомчулугу биргелешип, бир багыттуу, бир максаттуу иш-чараларды өткөрүшсө, мындай көрүнүштөр утурумдук болбой, байма-бай өткөрүлүп турса, суроо-талап күчөтүлсө, жаш өспүрүмдөр коомчулуктун көзөмөлүндө болушмак. Бүгүнкү тестиер бала эртең эле эр жетип өзү үй-бүлө куруп, балалуу болот. Алар өздөрү балдарына бере турган тарбия угуту, алардын келечеги бүгүнкү ата-эне макамындагы адамдарда экендигин эстен чыгарбасак.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Перенос начала учебного года: блажь или смысл имеет?

$
0
0

1_september3

Не первый месяц общественность широко обсуждает вопрос о переносе начала учебного года с 1 сентября на 15 сентября и даже на 1 октября. Инициатором этого, по мнению многих работников образования, мягко говоря, непопулярного и странного предожения выступают депутаты ЖогоркуКенеша КР. Между тем, большая часть общества, как выяснила газета «Кутбилим», выступает категорически против переноса начала учебного года. Более того, многим педагогам совершенно непонятно, зачем вообще поднимается этот вопрос, когда в сфере образования есть другие более важные вопросы, требующие решения на законодательном уровне.

Фракция «Кыргызстан» ЖогоркуКенеша одобрила перенос начала учебного года на 15 сентября

Напомним, что 13 января на очередном заседании Фракции «Кыргызстан» ЖогоркуКенеша Кыргызской Республики был рассмотрен вопрос «О деятельности Министерства образования и науки Кыргызской Республики и переносе учебного года с 1-го сентября на 15 сентября». Его рассмотрение инициировал депутат ДастанбекДжумабеков.

За день до этого, 12 января Министерство образования и науки КР организовало круглый стол, на котором с участием заинтересованных сторон был рассмотрен вопрос о переносе начала учебного года на 15 сентября. Выступившие депутаты ДастанбекДжумабеков, ТынчтыкбекКонушбаев, АлмазбекЭргешов, ИсланбекСарсеитов, Нурланбек Макеев, АлмазбекТокторов поддержали предложение о переносе начала учебного года с 1 на 15 сентября.

Депутат ТаалайбекМасабиров пошел дальше и предложил перенести начало учебного года на 1 октября, обосновывая это необходимостью уборки выращенного урожая.

На заседании фракции, министр культуры, информации и туризма КРТугелбай Казаков сообщил, что одной из лучших систем школьного образования в мире считается система Финляндии. На эту систему образования перешла и Эстония. «Если в Кыргызстане учебная нагрузка на ученика составляет 1200 часов в год, то в Финляндии 800 часов. Если Кыргызстан также перейдет на финскую систему образования, то учебный год можно будет без ущерба для знаний начинать 1 октября, как предлагает депутат Масабиров», — сказал Т. Казаков. Он считает, что учебные нагрузки по многим предметам можно сократить.

По предложению лидера Фракции АлмазбекаБаатырбекова депутаты приняли решение подождать итоги работы межведомственной рабочей группы и еще раз рассмотреть данный вопрос.

Межведомственная комиссия примет решение о переносе начала учебного года в течение трех месяцев

Между тем, как сообщила газете «Кутбилим» ведущий специалист Министерства образования и науки КРАйнура КУСАИНОВА, в настоящий момент министерство создает межведомственную комиссию. Она должна будет тщательно изучить и продумать вопрос о целесообразности и обоснованности переноса начала учебного года и принять соответствующее решение в течение трех месяцев. В состав комиссии войдут представители не только Министерства образования и науки, но и Соцфонда, Министерства здравоохранения, Министерства финансов и других министерств и ведомств.

Депутат ЖогоркуКенешаКР Евгения СТРОКОВА:

«Перенос начала учебного года — это было популистическое предложение»

— Инициатор данного предложения один из депутатов ЖогоркуКенеша. К сожалению, многие считают, что сфера образования, в отличие от экономики, промышленности и других отраслей – самая простая и легкая. Меня это несколько возмущает, так как следует понимать, что сфера образования – это очень тонкая специфика, имеющая свои нюансы и проблемы. Поэтому, меня коробит, то как к образованию относятся некоторые депутаты, которые считают себя экспертами в этой области, но в то же время несколько не понимают проблем этой сферы.

Теперь насчет переноса начала учебного года. Депутат, инициировавший данное предложение, мотивировал это тем, что до 20 сентября необходимо собрать урожай  в регионах и лишние 20 дней, а также помощь школьников поможет в этом. Но перенос начала учебного года с 1 сентября на 20-ое сентября – это не решение проблемы. В таком случае итоговые экзамены придутся на июль – а это самое жаркое время года, как школьники будут сдавать экзамены? И потом, в данной ситуации следует помнить главное, что ребенок – это не сельхозмашина, и вообще использование детского труда – запрещено законом.

Вспомним также наш кыргызский менталитет – так, если сказано придти в школу 20 сентября, то многие школьники придут уже сразу к 1 октябрю, не говоря о том, что если надо в школу  к 1 сентябрю – дней 10 дается на то,  чтобы весь класс собрался в полном составе – в итоге все окончательно собираются 10 сентября.

Что интересно, что в этой ситуации обвиняют Минобразования КР, в том, что якобы Министерство не может спланировать программу обучения, в соответствии с которой учебный год начинался бы с 20 сентября. Минобразования КР спланирует программу, нет сомнения в том, что министерство это сделает быстро, но вопрос в другом – насколько это целесообразно?

Хотелось бы еще раз напомнить, что существует Кодекс о детях, где говорится, что дети не должны использоваться как рабочая сила. Нам необходимо помнить об этом. В целом, это было популистическое предложение. Я думаю, что депутат, выдвинувший подобное предложение сначала должен разбираться в специфике системы образования.

Директор Образовательного комплекса «Илим» Нуржамал ЕСЕНАЛИЕВА:

«Обоснование вопроса о переносе начала учебного года – глупое и шаткое»

— Я категорически против переноса начала учебного года на более поздний срок. Школьники уже настроены на то, что учебный год начнется с 1 сентября. А если приступать к учебе на 15 дней позже, то это будет расхолаживать, расслаблять учащихся. И потом, я считаю, что обоснование вопроса о переносе начала учебного года – какое-то глупое, шаткое и непродуманное. Нормального, серьезного обоснования как такового о переносе нет. Собирать сельхоз урожай дети не должны, дети должны как положено учиться, а взрослые должны работать. Я понимаю, что школьники должны помогать своим родителям по хозяйству, в огороде, но отправлять их на сельхозполя – нельзя.

Мы же, наше общество, к примеру, ведем постоянную работу, чтобы детский труд не эксплуатировался, чтобы они не работали на Ошском и других рынках пытаясь заработать деньги, вместо того, чтобы посещать школу. Так какая разница? Сельхозработы – это та же эксплуатация детского труда и это недопустимо. Повторяю, работать должны взрослые, а дети учиться. Поэтому я категорически против переноса начала учебного года.

Родительница, жительница села Ново-ПавловкаАйдай САРТОВА:

«Я не понимаю, зачем депутаты  вообще внесли такое предложение, неужели им уже обсуждать нечего?»

— Я не понимаю, зачем вообще депутаты подняли этот вопрос. Зачем? Есть более важные вопросы, которые требуют их внимания и решения. Неужели им уже обсуждать нечего, кроме переноса начала учебного года. Очередное разочарование в их деятельности — то есть одна из очередных бессмысленных инициатив. У меня самой четверо детей и все школьники. Есть подсобное хозяйство, держим скотину. Но мы справляемся со всем этим без никаких непонятных и странных переносов учебного года. Дети ходят в школу, делают уроки, кто свободен  — может помочь по хозяйству. И мы все успеваем и я думаю, что во всех сельских семьях так уж повелось из года в год.

И потом. Я также считаю, как и мой муж, что приоритетом в воспитании детей должно быть то, что мы обязаны дать им хорошее образование, сначала среднее, потом вузовское или среднее специальное, ну как получится дальше, в зависимости от возможностей. Поэтому, учеба детей, а не пресловутые сельскохозяйственные работы – вот, что должно стоять у нас на самом первом месте.

Если учебный год начнется 15 или 1 октября, то завершится на 15 -30 дней позже – когда начнется жаркое летнее время – нашим детям это будет некомфортно, ведь они уже привыкли к каникулам с началом лета. И как они будут учиться в этот период? С удовольствием или неся тяжелую повинность? Тем, депутатам, кто придумывает такие предложения надо сначала думать, прежде, чем выносить такие предложения уже  на обсуждение.

Айнура КАНИМЕТОВА, «Кутбилим»

«РОЖДЕНИЕ ДРАКОНА” —ЗДОРОВЫЙ ОБРАЗ ЖИЗНИ

$
0
0

1 февраля 2017 г. состоялся Республиканский фестиваль традиционного ушу «Рождение Дракона» — большой праздник боевого искусства, боевого духа, творчества и дружбы. Фестиваль проводился Федерацией традиционного ушу Кыргызской Республики, Молодежным Центром «Жаштык», Национальным Центром детей и юношества «Сейтек».

В празднике принимали участие около 300 ушуистов из школ и клубов ушу, входящих в состав Федерации традиционного ушу КР: из Школы ушу «Чжун дао» НЦДЮ «Сейтек», Клуба традиционного ушу «ЛиУ» МЦ «Жаштык», Спортивного клуба ушу «Тянь-Шань», Клуба ушу «Мангуст», Клуба ушу «Айсуу», Детско-юношеского клуба ушу «Молния» ОЦДТ «Шайыр», Клуба ушу «Асман», Клуба ушу «Панда» и других. Перед гостями и зрителями фестиваля выступали ушуисты различного уровня подготовки.

Команды ушуистов представили на суд компетентного жюри и зрителей технические выступления в разных стилях и направлениях традиционного ушу, с различными видами оружия. А также продемонстрировали не только свои технические навыки, но и артистические способности в творческих театрализованных постановках на темы боевого искусства.

Самым юным участникам фестиваля – 4-5 лет, самым взрослым за 50. Команды юных ушуистов «Саванна» (Детско-юношеский клуб ушу «Молния»), «Мы любим ушу» (Спортивный клуб ушу «Тянь Шань»), «Будильник и засони» (Школа ушу «Чжун дао» НЦДЮ «Сейтек»), «Воины гномы» (Клуб ушу «Асман») были тепло приняты зрителями.

Самые высокие оценки жюри получили команды «Радуга Жаштыка» (Клуб традиционного ушу «ЛиУ» МЦ «Жаштык»), «Ожившая книга» (Спортивный клуб ушу «Тянь Шань»), «Сила вдохновения» (Школа ушу «Чжун дао» НЦДЮ «Сейтек»).

  • Также в рамках фестиваля были показаны новые короткометражные фильмы Федерации традиционного ушу КР. Почетному жюри, участникам и зрителям фестиваля был продемонстрирован новый промо-ролик Федерации традиционного ушу КР для представления спортсменов-ушуистов Кыргызстана на чемпионатах и международных турнирах. Также был представлен фильм об участии сборной команды Кыргызстана по ушу в Чемпионате Европы по ушу в 2016 г. в России, г. Москва, где спортсмены Федерации традиционного ушу КР завоевали 3 золотых, 7 серебряных и 8 бронзовых медалей. Подытожил видео просмотр фильм о вручении награды Международного фестиваля-конкурса «Выбор года — 2016» в Кыргызстане. Награда была вручена президенту Федерации традиционного ушу КР Лопаткину Евгению и вице-президенту ФТУКР Нещерет Наталье за победу Федерации традиционного ушу КР в номинации «Спортивный прорыв»? – рассказывает Наталья Нещерет, вице-президент Федерации традиционного ушу Кыргызской Республики.

Фестиваль традиционного ушу «Рождение Дракона» ежегодно пропагандирует здоровый образ жизни, развитие творческого потенциала спортсменов и укрепляет дружбу между ушуистами разных клубов. Фестиваль «Рождение Дракона» — 2017 стал новым вдохновляющим праздником для начинающих и опытных ушуистов. Ведь впереди их ждут чемпионаты Кыргызстана, международные турниры, чемпионаты мира.

Гульнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

 

 


ЧЕМПИОНАТ г. БИШКЕК ПО ТРАДИЦИОННОМУ УШУ

$
0
0

8 февраля 2017 г. в Национальном Центре детей и юношества «Сейтек» состоится Чемпионат города Бишкек по традиционному ушу. Чемпионат проводится Федерацией традиционного ушу Кыргызской Республики и НЦДЮ «Сейтек» под эгидой Бишкекского городского комитета по физической культуре и спорту.

Традиционное ушу – это классическое боевое искусство, зародившееся в Китае более двух тысяч лет назад. Традиционное ушу представляет собой систему знаний и упражнений боевого, оздоровительного и спортивного характера, которые позволяют заниматься детям, молодежи и взрослым с целью укрепления здоровья, приобретения прикладных навыков самообороны, расширения функциональных и энергетических возможностей организма, достижения высоких спортивных результатов, дает возможность морально и духовно расти.

Для участия в Чемпионате города Бишкек по традиционному ушу заявлено более 150 ушуистов от 7 лет и старше, занимающихся в различных клубах г. Бишкек: Школа ушу Центра «Сейтек», Клуб традиционного ушу «ЛиУ» Молодежного Центра «Жаштык», Спортивный Клуб ушу «Тянь Шань», Клуб ушу «Мангуст», Детско-юношеский Клуб ушу «Молния», Клуб ушу «Панда» и др.

Традиционное ушу включает в себя огромное количество разных стилей и направлений. Участниками Чемпионата города Бишкек будут представлены такие стили, как нань цюань («южный кулак»), чан цюань («длинный кулак»), шаолиньский кулак, тайцзи цюань («Кулак Великого Предела»), сунси нэйцзя цюань (стиль сунси) и другие. Также на Чемпионате будет демонстрироваться техника работы с различными видами оружия: шест, меч, сабля, веер, хлыст «хвост тигра», южный широкий меч, копье и др. Кроме индивидуальных видов, спортсмены будут соревноваться в технике дуйлянь – обусловленных поединков без оружия.

  • По итогам Чемпионата города Бишкек по традиционному ушу будут выявлены сильнейшие спортсмены г. Бишкек, а также сформирована сборная команда Федерации традиционного ушу КР для участия в III Международном турнире по ушу «Московские звезды ушу — 2017», Россия, г. Москва, и других международных турнирах.

Ценности традиционного ушу прошли испытание временем и являются общими для людей различных культур: здоровье и долголетие, сила и благородство, стремление к саморазвитию, умение ценить и сохранять жизнь. И именно эти ценности объединят вместе всех участников Чемпионата города Бишкек по традиционному ушу, — говорит Н.Нещерет.

Гульнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

 

ОКУУЧУЛАРДЫ ЫЙМАНДУУ, АДЕПТҮҮ КЫЛЫП ТАРБИЯЛОО ЫРААТТУУ МАМИЛЕНИ ТАЛАП КЫЛАТ

$
0
0

Бишкек шаарынын Свердлов районунун  акими Самарбек Болотбеков Бишкек шаарындагы №46 орто мектебинин администрациясы менен жолугушуп, мектептин жетишкендиктери, алдыга койгон пландары  жана мектептин көйгөйлүү маселелери менен таанышты. Ошондой эле ал кыргыз тили жана адабият мугалими Элмира Каджибекованын “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деген темадагы класстык саатына катышып, окуучулар менен ой бөлүшүп, аларды ыймандуу, адептүү, маданияттуу болууга чакырды.

 Мугалим Э.Каджибекова Президент Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы” деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол коюшу – мезгилдин талабы экенин баса белгиледи.

  • “Адамды адептүүлүккө  тарбиялабай туруп,  жөн гана билим берүү, коомго өтө коркунучтуу бирөөнү кошкон менен барабар”, – деп Теодор Рузвельт айткандай,  адептүү болууга үйрөнүшүбүз керек. Жарандарыбыз буга чейин адепсиз болчу деген түшүнүктөн алыспыз, бирок бүгүн тарбияга, айрыкча, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын маданиятына мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлгөн  чоң жетишкендик десек да болот. Себеби адам   жакшы менен жаманды коомдон  алып, өзүн өзү тарбиялайт. Ошондуктан  бул нерсеге көңүл мурунтан бурулуш керек болчу. Тилекке каршы, бардык маселелерди бир мезгилде чечүү мүмкүн эмес. Беш жылдан бери жыл сайын актуалдуу маселелер көтөрүлүп жана деталдаштырылып чечилип келе жатат. 25 жыл эгемендигибизде тарбия берүү жана маданияттуулук жаатында жоготуулар көп болду. Адам – бул социалдык жандуу нерсе, ал тарбияны генден эмес, айлана-чөйрөсүнөн алат. Биздин мамлекет башчыбыз муну түшүнүп, буга көңүл буруп жатат. Ыйман, адеп жана маданияттуулук – бул бири биринен ажырагыс факторлор. Мамлекеттин көмөгүсүз адамдарды, айрыкча, өсүп келе жаткан муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоо мүмкүн эмес, — деди мугалим окуучуларга кайрылып.

Андан соң мугалим маданият, адеп, ыйман деген сөздөрдү чечмелеп айтып берди. Окуучуларды үч топко бөлүп алып,  атайын сүрөттөрдү таратып, суроолорду берди. Окуучулар болсо өз ойлорун сүрөттүн  негизинде чагылдырышты.  Мисалы, биринчи топко “Ыймандуу болуу үчүн билим экинчи орунда калыш керекпи?” – деген суроо берилсе, экинчи топко “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста”, үчүнчү топко “Улуттук нарктуулугубузду көтөрүү үчүн ушундай “эрдик” кыла аласыңарбы?” – деген тапшырмага окуучулар өз ойлорун ортого салышты. Андан соң адепке, ыйманга, маданиятка тиешелүү макалдарды толуктоо тапшырмалары берилди. Класстык саат абдан кызыктуу өтүп, мугалим үйгө тапшырмасын берген соң окуучулар сабак учурундагы жоопторго өздөрү бири бирине баал беришти. Андан соң,  Свердлов районунун акими окуучулардын ой жүгүртүүсүнө ыраазы болгонун айтып, келечек жаш муундарда экенин, ал үчүн билим жана таалим-тарбия алуу биринчи орунда тураарын билдирди.

 Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

КАЙРАДАН ӨЗ ОРДУН ТАПКАН ТАРЫХЫЙ ТАКТА

$
0
0

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин имаратында мындан 75 жыл мурун жайгашкан аскер учкучтар мектеби болгонун далилдеген мемориалдык тактанын ачылыш аземи болуп өттү. 5-февраль 1942-жылы азыркы Курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин имаратынын базасында даярдалган аскер учкучтарынын биринчи бүтүрүүчүлөрү Фрунзе шаарынан согушка аттанышкан. Бул аскер мектеби Одесса шаарындагы Полина Осипенко атындагы 24-мектептин базасында түзүлгөн. Немец баскынчылары Одессага жакындап кирип келгенде, аскер учкучтарынын мектеби ошол кездеги Фрунзе шаарына көчүрүлүп, жогоруда аталган окуу жайдын имаратына жайгаштырылган. Ошондой эле аталган окуу жай темир-жол вокзалына жакын жайгашкандыктан согушта жарадар болгон жоокерлерди дарылап кайра фронтко жөнөтүү максатында колледжде аскер госпиталы дагы уюштурулган. 1941-жылдын 1-ноябрынан баштап Эл Комиссариатынын 1941-жылдын 30-сентябрдагы №65  буйругу менен Коммуналдык курулуш техникуму окутууну убактылуу токтоткон.

Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин директору Максат Дүйшөбаевдин айтуусуна караганда, окуу жайдын базасында 1941-жылдын декабрь айында Одесса шаарындагы П.Осипенко  атындагы 24-аскер учкучтар мектеби азыркы колледждин базасына көчүрүлүп келген экен.

— Аскер учкучтар мектебинин биринчи бүтүрүүчүлөрү мындан 75 жыл мурун согушка аттанышкан. Баш аягы согуш бүткөнчөктү биздин колледждин короосунан 1500 учкучтар даярдалып, Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамга 13 кыргызстандыктар татыктуу болушкан. Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан алты учкуч аталган колледждин базасында жайгашкан 24-аскер учкучтар мектебинин бүтүрүүчүлөрү. Алардын ичинде ошол кездеги Коммуналдык курулуш техникумунун бүтүрүүчүсү Мирошниченко Николай Прокофьевич бар. 1981-жылы Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин чечими менен биздин окуу жайдын имараты тарыхый эстелик катары мамлекеттик коргоого алынган. Ошон үчүн 1981-жылы мемориалдык такта илинген. Тилекке каршы, кийин ал алынып калып, такта кайда калганы белгисиз болуп калган.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигинин жардамы менен биздин окуу жайдын имараты ремонттолуп жатат. Ушул учурда жогоруда айтылган мемориалдык такта акыр-чикирдин арасында калган экен, аны биз таап алып, реставрацияга берип, Кыргызстандагы Россия Федерациясынын элчилиги менен бирдикте тарыхый мемориалдык тактаны өз ордуна илдик. Бул иш-чара келечек муун үчүн абдан маанилүү. Биздин келечегибиз үчүн канын, жанын аябаган баатырларды эскерип туруу — биздин милдет. Мындай иш-чаралар менен биз жаштарды туура жолго үндөп, алардын аң-сезимин эрктүүлүккө, бири-бирин сыйлоого, патриоттуулукка, тарыхыбызды кенен билгенге тарбиялап келебиз, — дейт М.Дүйшөбаев.

Жогорудагы маалыматтарды «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысы Светлана Лаптева изилдеп чыккан. Ал «Наша победа — Биздин жеңиш» изилдөө кыймылынын координатору. Окуу жайга тиешелүү бир топ маалыматтарды С.Лаптевадан алып, азыр жетекчиликтин демилгеси менен колледжде атайын музей ачуу демилгеси көтөрүлүп жатат.

— Кыргызстанда атайын орто кесиптик окуу жайлар көп. Алардын ичинде биздин окуу жайдын өзүнчө орду бар, флагман деп койсок болот. Эки жылдан кийин окуу жайдын түзүлгөнүнүн 90 жылдыгын белгилейбиз. Бүгүнкү иш-чара музей ачканга түрткү берди. Биз дагы «Биздин жеңиш» издөө тобуна кошулуп, чогуу кызматташканы калдык, — дейт директор.

Иш-чарага келген Бишкек шаардык согуш ардагерлеринин төрагасы А.Тойгонбаев жаштарга өткөн тарыхты айтып туруу керек экенин баса белгиледи.

— Ушул колледждин имаратында билим алган учкучтар тууралуу маалыматты ар бир студент билүүгө милдеттүү. Маселен, И.Таранчиев, Ормокеев ж.б. биздин жердештер Улуу Атамекендик согушта канын, жанын аябай мекенди, жашаган жерин коргоп кеткендерин ар бириңер билишиңер керек. Алардын жасаган эрдиги, иштери силер үчүн үлгү болуш керек, — деди ал.

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары К.Кожобеков учкучтар мектебинин тарыхына токтолуп, иш-чараны уюштуруп жатышкан Кыргызстандагы Россия Федерациясынын элчилигине министрликтин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң Кыргызстандагы Россия Федерациясынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси А.Крутько бул күн ал үчүн өзгөчө майрам экенин баса белгиледи. Анткени Одессадагы учкучтар мектебинде анын атасы окуп, кийин көчүрүлгөндө ал Фрунзеге эмес, Ленинабадга түшкөн экен.

— Бирок Фрунзе шаарындагы аскер учкучтар мектебинде менин атам менен окуган курсташтары окуп, кийин баары согушка аттанышкан. Бул үй-бүлөлүк эскерүүнүн бир үзүмү десем болот. Өткөндөрдү эстеп туруу ар бирибиздин парзыбыз. «Наша победа — Биздин жеңиш» издөө тобу көп иштерди жасап жатышат. Ошондуктан жапа тырмак баарыбыз киришип, патриоттуулук сезимди күчөткөн бул ишти токтотпошубуз керек. Ансыз деле согуш ардагерлеринин саны жыл сайын азайып баратат. Биз өзүбүздүн баатырларыбызды эч убакта унутпашыбыз керек. Же болбосо бизди тарых кечирбейт, — деди элчи.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.Музуралиев мемориалдык тактаны орнотуп жатып бир эле ушул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө эмес, жалпы согуштун катышуучуларына жана орукта эмгектенгендерге урмат-сый менен мамиле кылуу ар бир жарандын милдети экенине токтолду.

— 75 жыл мурда аскер учкучтар мектебинин биринчи бүтүрүүчүлөрү ушул жерден согушка аттанышкан экен. Сталинград үчүн салгылашкан белгилүү 660, 664 жана 665-авиациялык полк так ушул мектептин базасында түзүлгөн. Биринчи бүтүрүүчүлөр кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наамды алышкан. Алар: Владимир Ермолаев, Владимир Жигунов, Николай Стройков, Анатолий Кобзев, Николай Мирошниченко жана Николай Васин. Кийин дагы алардын катарын бир топ баатырлар толукташкан. Бул адамдардын башын Мекенге болгон чексиз сүйүүсү, эрдиги жана ишке берилгендиги бириктирген, — деди төрага.

Ал эми Кыргызстандагы “Россотрудничество” өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Крусткалн өткөрүлүп жаткан иш-чаранын өсүп келе жаткан келечек муун, жаштар үчүн өзгөчө маанилүү экендигин белгилөө менен, Улуу Атамекендик согуш элестерин сактоо иштерине жана жаштарды патриоттулукка тарбиялоого кошкон салымы үчүн өкүлчүлүктүн Ардак грамотасы менен окуу жайдын жетекчиси Максат Дүйшөбаевди сыйлады жана окуу жай менен мындан ары дагы кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.

Аталган иш-чарага жогоруда сөз алып сүйлөгөндөрдүн арасында Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин аскер атташеси, Кант шаарындагы ОДКБнын аскер базасынын өкүлдөрү, 1-Май райондук администрация башчысынын орун басары, Фрунзе-1 аскер аба базасынын жетекчилиги, КР десанттар союзунун жетекчиси, аскер авиациясынын ардагерлери ж.б. катышышты.

Азыркы муун бүгүнкү жана кечээки тарыхты эстеп жана сыйлап туруу, мекенди коргогон баатырларды эскерип туруу жана согуш тууралуу чындыкты чыгарып жана коргоп туруу милдет экени айтылды. Ошентип, жоголуп кеткен такта кайра өз ордун тапты. Эки өлкөнүн желектери желбиреп, гимндери аткарылды. Өткөндөрдү эскерүүдө бир минуталык аза күтүү вазийпасы да аткарылды. Улуттук гвардиянын аскерлери мылтыктарынан асманга карата ок чыгарышты. Студенттер аскер кийимдерин кийип, ар бири согушка аттанып, кайра кайтып келбей калган баатырлардын сүрөттөрүн кармап турушту. Колледждин студенттери аталган иш-чарага атайын көргөзмө уюштурушуп, окуу жайдын жыйын залында студенттер үчүн ОДКБнын Канттагы аскер базасы тарабынан даярдалган авиацияга арналган кызыктуу фильм көрсөтүлдү.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

ААЛАМДАШУУ ДООРУНДАГЫ АДАБИЯТ МЕНЕН ПЕДАГОГИКАНЫН ОРДУ

$
0
0

«Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2017-жылдын 12-майында Бишкек шаарында педагогика илимдеринин доктору, профессор, Орусиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана «Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамынын, К.Д. Ушинский медалынын ээси, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыгынын, Улуттук Жазуучулар бирлигинин Тоголок Молдо атындагы сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу, публицист-журналист, методист, этнопедагог Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесине карата «Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду» деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлөт.

Конференциянын максаты — Президенттин «Ыйман, адеп жана маданият жылы» деген Жарлыгын ишке ашыруу максатында жаштарга өлкөнүн тарыхын, маданиятын, элдик таалим-тарбия салттарын терең үйрөтүү, адабият менен педагогиканын ааламдашуу доорундагы ордун белгилөө, илим тармагында иштеген адистерди диалогго чакыруу.

Конференцияны төмөндөгүдөй тематикалык багыттар менен өткөрүү пландаштырылууда:

  1. Ааламдашуу доорундагы адабият: цивилизация жана фольклордогу этникалык ой жүгүртүүлөр.
  2. Төкмөлөр чыгармачылыгындагы жана профессионал адабияттагы инсан, инсандын калыптанышы, автордук жекелиги жана жалпылыгы, образ жана каарман, көркөм адабияттын тили проблемалары.
  3. Кыргыз адабият таануусунун заманбап көйгөйлөрү.
  4. Жогорку окуу жайларында келечектеги адистердин этномаданий, адабий-теориялык компетенттүүлүгүн калыптандырууда элдик мурастардын ролу.
  5. Кыргыз эл педагогикасын изилдөөнүн методологиясы, методикасы, тарыхый эволюциясы жана учурдагы  милдеттери.
  6. Жогорку окуу жайларында жана жалпы билим берүүчү мектептерде адабиятты окутуунун учурдагы зарыл проблемалары.
  7. Кыргыз педагогикасынын, психологиясынын, социологиясынын, этнографиясынын ааламдашуу доорундагы изилдөө багытынын негизги тематикалары жана проблематикалары ж.б.

Конференцияга катышуу үчүн 2017-жылдын 15-апрелине чейин электрондук почта аркылуу илимий макалаларды РИНЦ талап кылган таризде жиберүү керек. Конференциянын материалдары «И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы» илимий журналынын атайын чыгарылышына жарыяланат.

Илимий жыйындын тили: кыргыз, орус, түрк, англис тилдери.

Жиберилген материалдарга коюлуучу талаптар. Текст MS Word форматында, 7 беттен көп эмес, беттерине номер коюлбастан, төмөндөгүдөй форматтарда болушу зарыл: формат А 4, барактын беттеринин бардык жагынан – 2 см. ден орун калтырылып, колонтитулу жок болушу керек. Текстин Times New Roman арибинде, өлчөмү – 12, 1,5 интервалында, макаланын текстин тегиздөө – туурасы боюнча, абзац – 1 см. Автордун, авторлоштордун аты, жөнү, иштеген кызматы, иштеген жери, илимий даражасы, наамы жана байланыш маалыматтары макаланын оң жагындагы жогорку бурчунда көрсөтүлүшү керек. Тексттин темасы – кара менен белгиленип, 14 шрифтеги көлөм менен ортого жазылат. Түйүндүү сөздөр 5-7 сөздөн туруп, аннотация, түйүндүү макала жазылган тилде, андан тышкары кыргыз, орус, англис тилдеринде берилет. Шилтемелер макаланын ичинде чарчы кашада көрсөтүлүп, библиографиялык тизме текстин аягында алфавит боюнча жазылат. Кабыл алынган макалалардын бардыгы рецензиядан өтөт. Жогорудагы белгиленген талаптарга жооп бербеген макалалар жарык көрүүгө сунушталбайт.

Конференцияга катышуу, макалаларды жиберүү жана башка суроолор боюнча конференциянын Уюштуруу комитетине кайрылсаңыздар болот: Электрондук кат жазууда почтанын «Тема» деген бөлүгүнө «Муратов-60» конференциясына ______________(баяндамачынын аты-жөнү)» деп жазуу зарыл.

Баяндама тексти менен бирге каттоо баракчасын толтуруп жөнөтүү зарыл. Конференциянын материалдары алдын-ала чыгарылат.

Кыргызстанда маалыматтык колдоо маалымат агентстволорунун, гезиттердин, журналдардын, ТВ редакциялары, интернет ресурстары жана PR компаниялар тарабынан ишке ашырылат.

Конференцияга катышууга байланыштуу чыгымдар жиберген тарап же жеке катышуучу тарабынан төлөнөт.

Макалалар жана каттоо баракчасы төмөнкү электрондук почталарга жиберилет: aikadem_007@mail.ru; sado85@mail.ru; miraesen@mail.ru; tuigun_bm@bk.ru

Же И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикасына кафедрасына (Бишкек ш., 10-кичи район, Т.Саманчин көчөсү – 10 а) электрондук форматта берилет.

Маалымат үчүн телефондор: 54-26-31;  0772-21-96-67, 0555-92-26-96; 0772-27-89-15; 0770-24-15-31.

 Айчүрөк Калдыбаева, уюштуруу тобунун жетекчиси, профессор

P.S.

КАТТОО БАРАКЧАСЫ

  1. Фамилиясы, аты, атасынын аты (толук түрүндө)______________________
  2. Илимий даражасы_________________________________________________
  3. Мекеме __ ____________________________________________________
  4. Кызматы _____________________________________________________
  5. Иш дареги______________________________________________________
  6. Телефон, факс, e-mail ____________________________________________
  7. Докладдын аталышы_____________________________________________

__________________________________________________________________

  1. Багыты_________________________________________________________

 

 

Минобразования проведет массовую аттестацию учителей и директоров школ

$
0
0

23970-1aacb48cfcde99a28264de3090cb0c65

Министерство образования и науки КР  разработает положение об аттестации учителей. Об этом недавно на пресс-конференции сообщала министр образования и науки Кыргызстана Гульмира Кудайбердиева.

Планируется, что в Кыргызстане в 2017-2018 годах пройдет массовая аттестация учителей и директоров школ. Поэтому на сегодня дорабатывается старое положение об аттестации учителей и директоров школ. «Это один из важных факторов, которые влияют на качество образования. В ближайшее время проект будет внесен на рассмотрение правительства. Речь идет не только об аттестации учителей, но и об аттестации руководителей школ. Потому что на сегодняшний день очень много нареканий в отношении директоров школ, что они работают более 20 лет. В случае изменения нормы закона «Об образовании» по аккредитации наших школ, будет также внесено предложение об аттестации деятельности школ», — сказала она.

Аттестацию будет проводить Минобразования по I, II и высшему категориям. Сейчас имеются более 12,5 тыс. учителей, которые имеют стаж больше 30 лет. Эта работа будет проводиться в 2017-2018 годах.

«В системе аттестации предусматривается 1-я, 2-я и высшая категории. Хочу подчеркнуть, что заниматься преподаванием не имея на этого должного образования, запрещено», — сказала она. В целом, ситуация в системе образования улучшается. В последние годы педагогам были повышены заработные платы в 3,5 раза.

Таким образом, в Кыргызстане все учителя будут обязаны пройти аттестацию и получить категорию. «В бюджете были предусмотрены средства. В пилотных школах процедура аттестации уже прошла. Но выявлены некоторые проблемы. В частности, в равные условия поставили молодых специалистов, которые только окончили институт, и тех, кто отработал уже по 30 лет. А во-вторых, аттестация носила заявительный характер (если учитель хочет получить категорию, то проходит, если нет — не проходит). Мы решили это пересмотреть и сделать процедуру обязательной», — отметила Гульмира Кудайбердиева. Она отметила: для тех, кто в пилотном режиме уже прошел аттестацию, категории останутся в силе.

По ее словам, документ утвержден в августе 2016 года правительством, сейчас он отозван, потому что решением правительства данный вопрос должен рассматриваться комплексно.

Как сообщила главный специалист Министерства образования и науки КР Назгуль МУСАЕВА, положение об аттестации на данный момент Минобразования доработает положение с учетом мнений и замечаний учителей-практиков, директоров школ, специалистов Кыргызской академии образования, международных организаций и др.

Напомним, что 1 этап аттестации учителей в качестве апробации уже прошел – аттестацию прошли педагоги 30 пилотных школ из всех регионов республики. По словам Н.Мусаевой, те, кто прошел аттестацию на 1 этапе по старому положению, вновь проходить аттестацию не будут, так как, считается, что свои испытания  они уже прошли.

Айнура КАНИМЕТОВА «Кутбилим»

ӨСПҮРҮМДӨР ЖАҢЖАЛЫ: ӨЗӨГҮ КАЙДА?

$
0
0

Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы бардык билим берүү мекемелерине методикалык үлгү нускама кат жолдоп, анда окуучулардын  коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Билим  берүү  процесси  мыйзамдуулук,  демократия,  баланын  кызыкчылыктарын  камсыздоо  принциптеринин негизинде курулуу менен,  кайсы бир ажырым белгиси  боюнча  кодулоого  жол  бербөө (дискриминация),  коомдун  тең  укуктуу  өкүлү  катары баланын  укуктарын  жана  эркиндигин  сыйлоо  жана  камсыздоо,  зомбулуктун  бардык формаларынан  баланы  коргоо,  баланын  укуктары,  эркиндиги  жана  мыйзамдуу  кызыкчылыктарын  бузбоо керек деп жазылат нускама катта.

 

Мындай кескин чара колдонууга акыркы бир ай ичинде бир нече жолу катталган окуучулар арасындагы өлүм менен аяктаган мушташтар, интернет тармактарындагы оюндарга өтө берилип кеткен өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуулары түрткү болууда.

КР Ички иштер министрлигинен алынган расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери эле 15 өспүрүмдүн өлүмү катталган. Алардын бири 19-январда Кочкор районунун Кочкор айылында катталган. Кечки саат тогуз жарым чамаларында К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин  10-классынын окуучуларынын арасында жаңжал болуп, натыйжада 2000-жылы туулган Туратбек уулу Актилек бычактан оор жаракат алып, 2000-жылы туулган Замирбек уулу Жылдызбек бычактан каза болгон.

ИИМдин басма сөз кызматы билдирген маалыматтарга таянсак, Кочкор айылындагы Ж.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары Алтынбек уулу Жакшылык, Дүйшөнбек уулу Ийгилик жана 2000-жылкы Айтбек уулу Арген 19-январь күнү кечинде Дүйшөнбек уулу Ийгиликтин үйүнөн сурап минип чыккан авто унаа менен Кара-Тоо айылындагы дүкөндөн бир бөтөлкө арак алышып, айылдын четинде ичишкен. Ошол жерден Актилек өздөрү менен чогуу окуган Асадалиев Калыс менен телефон аркылуу сүйлөшүп, сөгүшө кетишет да, анын үйүнө барып сүйлөшөбүз деп, баары чогуу Асадалиев Калыстын үйүнө келишет. Ал жерден  уруш уланып, берки балдар жабылып Калысты сабап калышат. Балдардын курчоосунан качып чыккан ал артынан кубалагандарга бычак шилтеп, үйүнө кирип кетет. Бутунан жаракат алган Жылдызбекке “Тез жардам” чакырышкан. Тез жардам машинасы келген учурда Жылдызбек кансырап ошол эле жерде каза болгондугу жана Туратбек уулу Актилек ичине бычак сайылып жараат алгандыгы белгилүү болгон.

Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө Кочкор райондук ИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматтык ишмердүүлүгүндө жетишпестиктер жана кемчиликтер аныкталып, алды кызмат ордунан бошотулуп, арты катуу сөгүш, эскертүү алышкан.

Ушундай эле эскертүү, сөгүш, кызматтан алуу сыяктуу жазалардан билим берүү мекеме кызматкерлери да чет калышкан жок. Бирок ушул жерде балдардын коопсуздугу, таалим-тарбиясы үчүн педагогдор же болбосо милиция кызматкерлери эле жооп бериши керекпи деген мыйзам ченемдүү суроо жаралбай койбойт.

Кайгылуу окуя балдардын сабак убактысынан тышкары, кечинде болуп отурат. Ага кошумча, жашы жете элек куракта арак ичишкендиги үчүн (жашы жете элек өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган мыйзам болгонуна карабай), айдоо укугу жок өспүрүмдүн автоунаа айдап чыккандыгы үчүн ким жооп берет?

Ата-энелер өздөрү өрнөк болушу абзел

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Жайлоо өнүгүү борборлору долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбековдун пикири боюнча адегенде ата-энелер өздөрү өздөрүн тарбиялашы керек.

 

  • Акыркы мезгилде өлкөбүздө 15-16 жаштагы балдар бычакташып, бири-бирин өлтүргөн, жарадар кылган окуялар тилекке каршы катардагы көрүнүшкө айланды. Кырчындай балдарыбыздын өз өмүрүн өзү кыйган фактылары да аз эмес. Жаштардын мындай агрессивдүүлүгү, жолсуздугу биздин күндөлүк жашообуз, өздүгүбүз, коомдогу мамилелер менен тыгыз байланышкан. Маселе жаштарда эмес. Маселе – ата-энеде, коомдо, чөйрөдө. Сиз менен бизде. Азыркы тапта үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүндө өз ара түшүнүүчүлүк, мээрим эмес, күч, авторитет, коркутуп тарбиялоо үстөмдүк кылат. Коомубузда билимге, акылга, сабырдуулукка, жөнөкөйлүккө караганда кара күчтүн, байлыктын, бийликтин үстөмдүгү алда канча жогору турат.

Мектеп директору, айыл округунун башчысынан тартып мамлекет башчысына чейин кызматташуу, көмөктөшүү, жол көрсөтүүнүн ордуна авторитетине манчыркоо, коркутуу жолу көбүрөөк колдонулат. Коомчулукта жөнөкөйлүк, ачык-айкындык, адилеттүүлүккө караганда акчалууларга, жасакерлерге, бийликке чиренгендерге карап түздөнөбүз. Балдарыбыз бий болсо, башчы болсо дейбиз.

Өлкөбүздө жардам берүүчүлөр, жол көрсөтүүчүлөр, өрнөк болуучуларга караганда текшерүүчүлөр, көзөмөлдөөчүлөр көбүрөөк. Өзүн сурамжылап, өнүгүү жолуна түшкөндөргө караганда башкалардын “өпкөсүн үзгөндөр” мол.

Келиңиздер, балдарыбыз үчүн өзүбүз өзгөрөлү, өнүгөлү. Балдарыбыз биз айткандарга караганда жасаган, жашаган нерселерибизден өрнөк алат. Балдарды тарбиялоодон мурун өзүбүздү тарбиялайлы,-деген пикири менен бөлүштү Асылбек.

Адистин пикири:

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев: “Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат”

 

Жаш ѳспүрүмдѳр арасында кылмыштуулуктун жылдан жылга ѳсүп баратканы бул орчундуу, ѳзгѳчѳ кѳңүл бура турган, жалпы коомчулукту тартуу менен кечиктирүүсүз чара кѳрѳ турган маселе. Коомубузда болуп жаткан терс кѳрүнүштѳрдүн таасири жаш ѳспүрүмдѳрүбүзгѳ түздѳн-түз тийүүдѳ. Анын натыйжасы — окуучулар арасындагы кылмыштулуктун ѳсүшү. Балдарды тарбиялоодо улуттук баалуулуктар жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк маалымат берип,  улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо керектигин айтуу абзел. Азыркы балдардын билимге умтулбай, бийликке умтулганы кейиштүү. Билим албай, эмгектенбей эле баарына жетүүнү самашат. Бул нерсенин баары телеберүү, батыштан келген мультфильм, кѳркѳм фильмдердин, интернеттин таасири. Жаш бала үчүн анын кандай коомдо жашап жатканы, анын калыптанышына чон роль ойнойт. Кѳр-тириликтин айынан чет жактарда иштеп жүргѳн жарандарыбыз кѳп. Тилекке каршы, кѳптѳгѳн балдарыбыз толук кандуу үй-бүлѳдѳ эмес, атасы же энеси жок үй-бүлѳдѳ, жакын туугандарыныкында тарбияланып жатканы ачуу чындык. Ата-эне мээримин кѳрбѳгѳн балдар психологиялык жактан жабыркап чоноюшууда. Бала кезинен кагуу жеп, жылуу сѳз укпаган балдардан биз келечекте эмнени күтѳбүз!? Уядан кѳргѳн нерсесин учуп чыкканда жасап жатпайбы анан…

Кочкор, Араван райондорундагы мектеп окуучуларынын ортосундагы мушташтын келип чыккан себептерин кылдат текшерип анализ жүргүзүү керек. Аталган үрѳйдү учурган окуялардан кийин Ысык-Ата райондук билим берүү  бѳлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын-алуу, тарбия иштерин күчѳтүү боюнча атайын буйрук чыгып, мектеп директорлорунун катышуусунда талкууланды. Ар бир мектепте окуучулар менен атайын сабактар жана ата-энелери менен жыйындарды өткөрүү тапшырылды.

Жашы жете элек балдар арасында кылмыштуулуктун алдын-алуу, аны болтурбоо, ага каршы күрѳшүү бул бир гана мектеп, билим берүү бѳлүмүнүн, же укук коргоо органдарынын гана милдети эмес. Бул баарыбыздын милдетибиз. Жаш ѳспүрүмдѳрдүн тарбиясына ѳзгѳчѳ маани берип, анын келечекте кылмыш жолуна түшпѳй, бекем ден соолукта ѳсүп, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүүбүз зарыл. Балдар биздин келечегибиз, алардын тарбиясына, келечегине баарыбыз жооптуубуз.

Балдарды интернет оюндардан баш тарттырууга болобу?

Бишкектин мектептеринин биринде окуган 15 жашар бала бешинчи кабаттан боюн таштап каза болгондугуна коомчулук, ата-энелер интернеттеги “Тихий дом” ж.б. аталыштардагы оюндардын тиешеси бар деп болжошууда.

Бул иштер укук коргоо кызматкерлери тарабынан иликтенип жаткандыктан, азырынча кандайдыр би жыйынтык чыгарууга али эрте. Бирок балдардын жеке турмушуна интернеттин таасири тийип жаткандыгы тууралуу адистер коңгуроо кагышууда. Андыктан биринчи кезекте ата-энелер балдарынын бош убактысын кандай өткөрүп жаткандыгына көзөмөлдү күчөтүшү керек. Баласынын терс адаттарга азгырылбай, кооптуу кырдаалга кабылуусун алдын-алуу үчүн ата-энелер, жакындары анын бош убактысын гана эмес, үйдөгү, көчөдөгү, мектептеги жүрүм-турумун көз кырынан чыгарбашы керек деп эскертишет психологдор.

Канткен күндө да өспүрүмдүн жашоосун толук көзөмөлдөй алууга мүмкүн эмес. Муну бардык эле ата-эне мойнуна алат болуш керек. Эгер балага басым жасап, интернетте отурууга тыюу салсаңыз, ал түнт болуп,  буга чейин жасап келген иштерин сизге көрсөтпөй уланта берет. Андыктан бардык шартта балдарга убакыт бөлгөнгө аракет жасоо сунушталат.

Психологдун кеңеши:

Балдарыңыздын пикирин качан болсо уга турганыңызды көрсөтүшүңүз керек. Сизге дос катары мамиле жасашына шарт түзүңүз.

Өлүмгө болгон кызыгуу өткөөл куракта күч аларын унутпаңыз. Бул абдан кооптуу мезгилдердин бири.

Өспүрүм менен ачык, ынак мамиле түзүп алгандан кийин гана өзүңүздүн пикириңизди айтып баштасаңыз болот. Эгер жемелей турган болсоңуз, ар бир айткан сөзүңүз текке кетет.

Эгер балаңыз сизге социалдык тармактагы баракчасын көрсөтпөй жатса, ага акырын кайрылып, эмнеге минтип жатканын сураңыз.

Өспүрүм социалдык тармактагы баракчасына басмырланган, денесин кескилеген сүрөттөрдү кое баштаса, демек, чочулоого негиз бар.

Эгер балаңыздын интернет баракчасында мышыктын, көпөлөктүн, мүйүздүү жылкынын, киттин же медузанын сүрөттөрү пайда боло баштаса — бул жаман белги.

Айрым маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар эгер балдар суицид жасабаса IP-дареги аркылуу таап алып, жакындарынын баарын өлтүрө турганын айтып коркутат. Эсиңизде болсун: IP адамдын өздүгү тууралуу эч кандай маалымат бере албайт!

Өспүрүм тууралуу көбүрөөк маалыматты анын жеке баракчаларын барактап отуруп таап алса болот. Ал жакта баланын кайда окуп, жашай турганы, ата-энеси кайда иштери тууралуу нерселер жазылган. Бул мааламыттарды жаман ойлуу адам өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышы толук мүмкүн, андыктар алардын баарын өчүрүп салуу керек.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Коллегия Минобразования КР – усилить начатые реформы

$
0
0

img_4537

10 февраля в Кыргызском техническом университете имени ИсхакаРаззакова состоялась выездная итоговая коллегия Министерства образования и науки КР. На ней были подведены итоги 2016 года. Были обсуждены достижения и проблемы в сфере образования, а также определены приоритетные планы развития данной отрасли на 2017 год. В коллегии приняли участие министр образования и науки КРГульмира Кудайбердиева, руководители высших учебных заведений, школ, работники образования и науки.

В Кыргызстане растет количество детсадов, качество предшкольного образования отслеживается

Выступая на коллегии Министерства образования и науки КР, ГульмираКудайбердиева отметила, что сегодня в Кыргызстане зарегистрировано 1 582 детских сада. Из них 274 – государственные, 1007 – муниципальные и 301 – частные детсады.

Напомним, что в начале 90-х годов в стране насчитывалось 1696 детских садов, к 2010 году в результате продажи и приватизации осталось лишь 691 дошкольное учреждение. Затем, начиная с 2013 года, в государственную собственность было возвращено 198 детских садов, в том числе 11 в прошлом году.

Дошкольному образованию как фундаменту будущего успешного образования ребенка Минобразования КР уделяется большое внимание. Так, для повышения качества образования в дошкольных учреждениях в течение 2016 года 662 воспитателя прошли курсы повышения квалификации. В 2015-16 учебном году была запущена 480-часовая программа предшкольной подготовки, в рамках которой было открыто более четырех тысяч специально оборудованных классов, дети и учителя обеспечены обучающими и методическими материалами.

Для повышения качества дошкольного образования, с 2017 года Министерство образования и науки начинает отслеживать качество предшкольного образования, чтобы четко понимать, с каким уровнем психолого-педагогической подготовки дети приходят в первый класс. Поскольку от качества предшкольной подготовки и обучения в начальной школе в наибольшей степени зависит успешность в дальнейшем обучении и в жизни.

Еще одно «ноу-хау» в сфере дошкольного образования, это то, что Минобразования меняет условия приема детей в детские сады. С этого года будет внедряться обновленная система электронного приема детей в дошкольные организации.

На коллегии было отмечено, что электронная очередь в детских садах вводится для преодоления коррупции. Будут изменены нормативные условия приема детей в детские сады и там, где будет установлена электронная очередь, никаких других вариантов попасть в детский сад не будет. Это позволит установить справедливые, равные и прозрачные для всех условия для получения дошкольного образования.

В 2017 году школы получат телевизоры, подключаемые к цифровому каналу «Билим-Илим»

Для создания современной среды обучения и использования всеми школами ресурса лучших учителей Кыргызстана, в 2017 году каждая школа получит телевизоры, подключаемые к цифровому каналу «Билим-Илим». Об этом на коллегии сообщила глава Минобразования КРГульмираКудайбердиева.

Специалисты отметили, что учитывая быстрое развитие технологий, умение учителей работать с электронными ресурсами разного типа и использование их в подготовке самого учителя и процессе обучения детей станет вскоре важным индикатором профессиональной пригодности педагога. Это тем более актуально, что министерству, несмотря на ряд сложностей, удалось в 2016 году завершить конкурсные процедуры на подключение 775 школ к сети Интернет в 2017 году.

Министерство работает и над  размещением учебников и учебных материалов под открытой лицензией в электронном формате в Национальном репозитории (www.lib.kg).

Наличие репозитория (хранилища) уже сейчас способно оказать значительную поддержку школам и самим учащимся. На прошлой итоговой коллегии было отмечено, что «в разделе «Школа» размещены 33 наименования учебников и методических пособий в электронном формате». За год проделана огромная работа, так, в настоящее время в репозитории размещены 303 учебника и методических пособия в электронном формате. Но помимо учебников, в репозитории размещены также монографии, например, по истории, которые учитель может использовать для подготовки к урокам и повышения уровня осведомленности в своем предмете. Эти действия – первые шаги по созданию электронной среды обучения в наших школах, — было отмечено на коллегии.

Зарплата учителей за пять лет выросла с 3,5 тыс. до 13,8 тысяч сомов

В системе образования Кыргызстана работает 75 тысяч учителей. Из них 19,8% составляют молодые специалисты, было сказано на годовой коллегии министерства образования и науки КР. По итогам государственного распределения на новый 2016-2017 учебный год в систему образования пришли 3 030 молодых специалистов. Открытыми остаются всего 642 вакансии против 3,5 тысяч, как было в недавнем времени. Такой результат был достигнут благодаря тому, что заработная плата учителей за пять лет выросла с 3,5 тыс. до 13,8 тысяч сомов.

При этом министерство образования и науки начало внедрять механизм аттестации учителей и директоров школ. Часть из них – педагоги 30 школ из всех регионов, уже прошли аттестацию в пилотном режиме.

В 2017 году ведомство приступит к разработке оценки деятельности руководителей школ и в целом деятельности школьных образовательных учреждений. Для оптимизации процесса повышения квалификации учителей Кыргызская академия образования реорганизована путем выделения Центра переподготовки и повышения квалификации при КАО в Республиканский институт повышения квалификации и переподготовки педагогических работников при МОН КР.

Начальное профобразование сближается с рынком труда

В системе начального профобразования, главное – это сближение систем подготовки кадров в профлицеях, спузах и вузах с рынком труда. Для этого ведется большая работа по привлечению работодателей в составы аттестационных комиссий, в процесс разработки учебных программ, в вопросы использования их предприятий в качестве баз практик, в вопросы независимой сертификации навыков выпускников.

В целом, системы начального профессионального, среднего профессионального и высшего образования дают возможность более 317 тысячам молодых людей получать то профессиональное образование, которое они выбирают – 9% от числа обучающихся учатся в профлицеях, 28% — в колледжах и 63% — в вузах. В системе начального профобразования есть ряд инновационных направлений работы, которые постепенно принимают системный характер.

Так, начиная с 2014 года, ведется работа по пилотированию независимой сертификации профессиональных компетенций выпускников профлицеев, когда квалификационные экзамены принимают эксперты из числа работодателей (в рамках проекта GIZ), что увеличивает возможности их трудоустройства на предприятиях республики.

Кроме того, в 2016 году проведена независимая сертификация по отраслям: легкая промышленность в ПЛ №17 и ОсОО «Кнауф» в ПЛ №5.  В 10 профлицеях – в каждом регионе республики, а также в городах Бишкек и Ош – действуют тестовые центры по ICDL (международный сертификат по компьютерной грамотности).

Для повышения качества  обучения  учащихся  в системе  ПТО и  получения  реальной картины  по трудоустройству  выпускников при содействии проектов ЕФО  и второго проекта АБР «Профессиональное образование и развитие навыков» реализуется проект по отслеживанию выпускников (переход от учебы к работе) с участием профлицеев. Более 50% учебных заведений были за последние 3 года частично отремонтированы и оснащены современным оборудованием при содействии проектов АБР и ЕС (программа SWAP). В 18 профлицеях созданы условия для обучения ЛОВЗ (колясочников), т.е. установлены пандусы и поручни.

Определены приоритетные профессии, по которым в 2016 году разработаны  пакеты учебно-программной документации  по модульной технологии обучения на основе компетенций. Для подготовки кадров на краткосрочных курсах по заявкам работодателей за счет средств  Проекта АБР, создан Фонд развития навыков (ФРН), в который в 2016 году поступили заявки на обучение 3015 человек.

В 2016 году 70,7% выпускников среднего профобразования нашли себе работу

На уровне среднего профессионального образования, число студентов которого за 10 лет возросло в 2,2 раза с 40 до почти 90 тысяч человек, растет доля трудоустроенных выпускников, с учетом продолжения обучения и самозанятости, от 50% в 2013 году до 70,7% в 2016 году. По данным Минобразования КР работодатели заинтересованы участвовать в процессе обучения через включение их в составы государственных аттестационных комиссий. Так, в 2013 году этот показатель составлял 10%, в 2014 году -15 %, в 2015 году — 28%, в 2016 году – 30%.

Ведется работа по обновлению материально-технической базы организаций профессионального образования для соответствия навыков выпускников требованиям рынка труда.

Количество студентов вузов сократилось с 230 тысяч до 199 тысяч

В сфере высшего образования установлен жесткий контроль над планом приема в вузы и за соблюдением предельного контингента студентов, благодаря чему количество студентов сократилось с 230 тысяч до 199 тысяч.

Все госвузы, которые осуществляют прием абитуриентов по грантам, начиная с 2015-2016 учебного года, используют электронные средства считывания штрих-кода сертификата ОРТ при приеме абитуриентов, что является еще одним механизмом борьбы с коррупцией в системе высшего образования.  Разработана Методика отслеживания трудоустройства выпускников вузов, которая утверждена приказом министерства и направлена для работы в вузы КР. Методикой предусмотрено проведение двух этапов анкетирования выпускников (на последнем курсе обучения и через год после окончания вуза).

Для введения независимой аккредитации в 2016 году разработаны и утверждены «Минимальные требования, предъявляемые к аккредитуемым образовательным организациям начального, среднего и высшего профессионального образования КР».

В 2016 году, впервые, в соответствии с разработанным Положением,  на основании показателей, предоставленных вузами, составлен Национальный рейтинг высших учебных заведений КР. Рейтинг вузов сформирован по шести параметрам в соответствии с международными принципами ранжирования вузов и предусматривает проведение сравнительного анализа достижения вузами разных типов на основе ряда универсальных критериев.

Экспорт образования — актуален

Помимо кыргызстанцев в вузах Кыргызстана обучаются 11868 иностранных граждан. В общей структуре контингента наибольшее количество студентов из Индии (3850 чел. или 32 % от общего числа), из Республики Казахстан (2946 чел. или 24%). На такие страны как Таджикистан (1429 чел), Россия (1158), Турция (764), Пакистан (500), Узбекистан (446) приходится от 5 до 12 % от общего числа иностранных граждан. Большим спросом у иностранных студентов пользуется медицинское направление, в частности, наибольшее количество студентов обучаются в МВШМ МУК (2563 чел.), ОшГУ (более 1000 чел.), КГМА им. И. Ахунбаева (806 чел.). Также лидерами по количеству иностранных студентов являются КРСУ (1612 чел), КТУ «Манас» (1015 чел.), КГТУ им. И. Раззакова (535 чел.), БатГУ (516 чел.), КГУ им.И.Арабаева (487 чел.)

В 2016 году одобрены и подписаны соглашения о различных формах и видах сотрудничества в области образования и науки с такими зарубежными странами, как Катар, Грузия, Венгрия, Латвия, Туркменистан.

Создается единая вертикаль госуправления в сфере науки

Через Министерство образования и науки КР в 2016-2017 гг. финансируется 49 научных институтов, где выполняется 143 научных программ и проектов (в 2015-2016 гг. финансировался 51 научный институт, в 2014 г. – 48 НИИ). В октябре 2016 года на ведомственном уровне разработан и внедрен новый формат оформления заявок на финансирование научных проектов и критерии оценки проектов.

Проведена большая работа в сфере разработки нормативных правовых документов для установления неразрывной связи образования и науки, и создания единой вертикали государственного управления в сфере организации науки.

Разработан и одобрен соответствующим постановлением Правительства КР  проект  Закона «О Национальной академии наук Кыргызской Республики». Также постановлением Правительства КР одобрен проект нового Закона «О науке». 28 сентября 2016 года — проведены первые чтения законопроектов  на заседании ЖК КР.

Приоритеты обозначены, задачи определены

В итоге после обсуждения коллегия решила признать деятельность Минобразования и науки по итогам 2016 года удовлетворительной. Было решено усилить начатые положительные реформы и наработки во всех звеньях системы образования. Установлена персональная ответственность руководителей структурных подразделений министерства за состояние исполнительской дисциплины в возглавляемых управлениях, отделах и секторах.

Руководителям структурных подразделений министерства коллегия постановила предпринять все необходимые меры для реализации мероприятий Национальной стратегии устойчивого развития КР на 2013-2017 годы (НСУР), Программы Правительства КР, а также Стратегии развития образования в КР. Активизировать сотрудничество с донорскими организациями, реализующими проектную деятельность в Кыргызской Республике.

В соответствии с решением коллегии Управление дошкольного, школьного  и  внешкольного образования должно обеспечить контроль над качеством реализации 480-часовой программы подготовки к школе, обеспечить контроль над качеством школьного образования за счет организации и поддержки проведения оценки достижений учащихся на разных ступенях школьного образования, внедрения стандартов нового поколения, разработки и издания соответствующих учебников. В свете последних тревожных событий в школах, касающихся конфликтов между подростками важно обеспечить нормативные правовые условия и организационную поддержку формирования воспитывающей среды и усиления воспитательной работы в образовательных организациях.  Усилить совместную работу с органами местного самоуправления по учету детей, не посещающих школу и возвращению их в систему образования.

Что касается Управления профессионального образования, Агентства начального профессионального образования при министерстве, то они должны обеспечить контроль над разработкой стандартов нового поколения на уровнях начального профессионального и среднего профессионального образования и внедрением соответствующих стандартов на уровне высшего профессионального образования.

А также, обеспечить формирование плана приема в образовательные организации начального, среднего и высшего профессионального образования с учетом потребностей рынка труда и заявок работодателей соответствующих отраслей.

Управлению бюджетной  политики, финансового  анализа и инвестиций надлежит обеспечить контроль над реализацией структурными подразделениями индикаторов и условий Финансового соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским Союзом, Азиатским банком развития.

Планируется предусмотреть в бюджете МОН средства для проведения тестирования выпускников 11 класса — претендентов на получение аттестата с отличием о среднем общем образовании, а также проведения Итоговой государственной аттестации выпускников 11-х классов школ областных центров и Иссык-Кульской области.

Производить финансирование подведомственных организаций в соответствии с утвержденной сметой расходов, обратить особое внимание — на финансирование расходов на заработную плату педагогам.

Управлению дошкольного, школьного и  внешкольного образования, Управлению профессионального образования продолжить работу по созданию единой базы открытых образовательных ресурсов при поддержке информационной программы Фонда Сорос-Кыргызстан.

В свою очередь, Отдел лицензирования должен обеспечить проведение мониторинга качества предоставления государственной услуги «Лицензирование образовательной деятельности и контроль над исполнением предписаний и устранением нарушений обязательных требований по результатам проверок (акты и уведомления) деятельности образовательных организаций на соответствие лицензионным требованиям.

Департаменту науки при министерстве обеспечить эффективную деятельность Национального фонда науки при Минобразования и финансирование приоритетных и новых направлений науки и техники, научно-исследовательских и опытно-конструкторских разработок, научных программ и проектов, а также научных мероприятий.

Отдел мониторинга, стратегического планирования и информационного обеспечения должен организовать процесс разработки, обсуждения и утверждения Третьего плана действий на 2018-2020 годы по реализации Стратегии развития образования на 2012 – 2020 годы.

Айнура КАНИМЕТОВА

 


КЫРГЫЗ ТИЛИ МУГАЛИМИ Людмила ВОЙТЫШИНА: “АТА-ЭНЕЛЕРДИН СЫЙ-УРМАТЫ —МЕН ҮЧҮН ЧЕКСИЗ СЫЙМЫК”

$
0
0

Кара-Балта шаарынын тургуну, 20 жылдан ашык мектепте балдарга билим-тарбия берип эмгектенип келаткан Людмила Войтышинанын башка кесиптештеринен бир өзгөчөлүгү бар. Ал кыргыз тилинде эркин эле сүйлөбөстөн, окуучуларга кыргыз тили сабагын окутат.

Бала кезинен кыргызча “түш жоруп” чоңойгон Людмила ал учурда кыргыз тили өзүнүн турмушунда маанилүү роль ойнорун билчү эмес. Бишкек шаарынан турмуш шартына байланыштуу Суусамыр өрөөнүнө көчүп барышканда ал беш жашта эле. Иниси Юра экөөнүн кыргыз тилин жакшы өздөштүрүп кетишине айылдагы бала бакчанын жалаң кыргыз тилдүү болгондугу да түрткү болду окшойт.

  • Кыргыз тилин үйрөнгөн оңой болдубу дейсизби? Мен аны атайын деле үйрөнгөн жок болсом керек. Бала кезде андай нерселерди ойлобойт деле экенсиң. Биз шаардан айылга көчүп барганда? иним экөөбүз ал айылдагы кыргыз бала бакчага бара баштадык. Ал элет жериндеги жападан жалгыз бала бакча болчу. Бала бакча, көчөдөгү, коңшу балдар-кыздар менен бирге ойногон учурлар менин тилди тез үйрөнүп кетишиме ыңгайлуу кырдаал түздү го деп ойлойм. Кийин мектепте орус тилинде окудум. Анткени мектебибиз кыргыз жана орус тилдүү эле. Баса, жакында эле өзүм окуган мектебиме барып келдим. Үч кабат мектебим жылуу, таза, биз окуган кездей эле жагымдуу экен,-деп кошумчалады Людмила Владимировна биз менен баарлашып жатып.

Балалык чагын ошентип Суусамыр өрөөнүнүн тоо менен талаанын айкалышкан не бир сонун табигый кооз жеринде кыргыздар менен коюн-колтук алышып өткөргөн Людмила 10-классты аяктагандан кийин борбор калаага өзү бала кезден кыялданган мугалимдик кесипти багындырганы келген. Анын айылдан чыккан чыйыр жолу түз эле жетелеп улуттук университетке алып келди.

  • Суусамыр өрөөнүндөгү кыргыз айылында өткөн бала чагым, эне сүтү менен оозанган орус тилине катарлаш үйрөнгөн кыргыз тили, кыргыздын нукура салт-санаасы, айтор көз менен көрүп, кол менен кармоого мүмкүн болбогон улуу касиети мени дагы бир жолу колдоп, Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясынын ошол кезде жаңы башталыш катары жанданып жаткан кыргыз тилдүү мектептерге орус тилин окутуу багытында окуп калдым. Эсимде, менден кирүү экзамен алып жаткан мугалим дагы бир жолу ынангысы келгенсип, жанындагы гезитин алып чыкты да бир үзүмүн которуумду өтүндү. Мен аны оңой эле которуп бере салдым. Бул ийгилигим менин студенттик бактылуу күндөргө жол ачты. Ошентип мен кыргыз класстарга орус тили жана адабияты мугалими кесиптиги боюнча окуп калдым. Баарынан кызыгы, мен ошол кесибим боюнча тап-такыр иштеген жокмун,-деп күлөт каарманыбыз Людмила Владимировна. – 1995-жылы жогорку окуу жайын аяктаганда өз кесибим боюнча иш издеп жүрүп, барган жеримден эле “бизге орус тили жана адабияты боюнча адис кереги жок” деген жоопторду алып жаттым. Ушундай жолум болбой жүргөн күндөрдүн биринде үзүлбөгөн үмүт менен Бишкек шаарындагы №11 орто мектептин директорунун каалгасын кактым. Директорго менин дипломумдан да кыргызча сүйлөгөнүм таасир эттиби, айтор, дипломумду карап көрдү да, анан мени карап: “орус тилдүү башталгыч класстарга кыргыз тилин окутуп көрбөйсүңбү?” деп калды. Мен адегенде так түйүлө каршы болгом. Анан ары ойлонуп, бери ойлонуп макул болдум. Анткени иш издеп жүрүп чарчап калсам керек. Ошентип менин турмушумдагы дагы бир жагымдуу учур кыргыз тили менен башталды,-деп эскерет Людмила Владимировна адеп ишке киргенин эскерип.

Борбор калаада беш жыл кыргыз тили сабагынын мугалими болуп иштеп жүргөн кезин текке кетирбей, Людмила Войтышина жогорку окуу жайында квалификациясын өзгөртүп, өзү сабак берип такшалып калган кесибинин дипломдуу адиси болуп калды. Эң негизгиси, заман талабына шайкеш кесиптин ээси болду. Артында беш жылдык тажрыйбасы бар мугалим эми майда класстардын балдарына эле эмес, жогорку класстын окуучуларына кыргыз тилин окута баштады. Ал арада сөз байлыгын арттырууну да эстен чыгарбай, өз алдынча кыргыз тилин тереңирээк үйрөнүүгө бардык күчүн жумшады.

  • Менден кээде кайсы тилде ой жүгүртөрүмдү сурап калышат. Мен дароо эле “кыргызча” деп жооп берем. Көрсө мен эс тутумумду такшалдырам деген максатта ыргыз тилинин түгөнбөс байлыгын казып окуй берип, өзүм да байкабай дайыма кыргыз тилинде ойлонуп, кыргыз тилинде кыялданып калыптырмын,-дейт Людмила жылмайып.

2000-жылы кара-балталык жигит колун сураганда, ал көпкө  ойлонгон жок. Балким өзүнүн туулбаса да тутунган, балалык алтын доору өткөн Жайыл районунун тузу тарттыбы, айтор дароо макул болду да, шаардын кайнаган турмушу менен коштошуп, өзүнүн кичи мекенине жөнөп кетти. Людмила Владимировна барган жеринде “кыргыз тили мугалимимин” деп ары ынанымдуу, ары сыймыктануу менен айтып жатты. Ал адегенде Кара-Балта шаарындагы №11, №7 мектептерде иштеп жүрүп, акыры токтогон жери №5 орто мектеп болду. Балдардын ары аруу, ары ак барактай тап-таза дүйнөсүнө сүңгүп кирген жаш адистин арымдуу аракеттери жетекчиликтин көз жаздымында калган жок. Ага мугалимдердин түрдүү кароо-сынактарына катышуу сунуштары байма-бай түшүп турар эле. 2008-жылы кыргыз тили мугалимдеринин арасында өткөн ошондой сынакка катышып марага жеткенде, ден соолугуна байланыштуу аягына чыкпай калган. Бирок калыстардын көз кырына илинип калган Людмила Войтышкина кийинки жылы Жайыл районундагы кыргыз тили мугалимдеринин арасындагы райондук сынакта биринчи орунду жеңип алган. Бул сынак Мамлекеттик тилдин 20 жылдыгына арналып атайын өткөрүлгөн эле.

  • Жашырганда эмне, балдарына кыргыз тилин окуткан мугалим орус улутунун өкүлү экендигин угушкан ата-энелер адегенде ишенбегендей чоочуркап калышканын байкачумун. А бирок алар менен бетме-бет кездешкенде, тескерисинче, ортобузда ушунчалык сый-урмат мамиле түзүлөт дейсиз, аны сөз менен жеткирип айтуу кыйын. Айрыкча, алар менин алардын өз эне тилинде сүйлөгөнүмдү, балдарына кыргыз тилинде туура жазууну, туура сүйлөөнү үйрөтүп жатканымды көрүшкөндө, жетине албай калышат. Алардын мага болгон сый-урматын көрүү – мен үчүн да чексиз сыймык,-дейт Людмила Владимировна.

Людмила Владимировна бактылуу эне. Учурда ал эки кызды тарбиялап келет. Улуу кызы болочокто энесинин кесибин улап, башталгыч класстын мугалими же психолог адиси болгусу келет.

  • Өкүнүчтүүсү, кыздарым кыргызча жакшы эле түшүнүшкөнү менен сүйлөй алышпайт. Буга алар курчап турган чөйрө ошондой шарт түздү деп ойлойм. Биринчиден, алар Кара-Балта шаарында төрөлүп, өсүп калышты. Ага кошумча орус тилдүү мектепте окушат. Алардын жоро-жолдоштору кыргыз улутунда болгон менен алар да орус класстарында окугандар, демек, алар да орусча сүйлөп, орусча ой жүгүрткөндөр. Бул эми жалпыбыз биригип ойлоно турган маселе болуп калды. Азыр мен Жайыл райондук билим берүү бөлүмүндө иштеп жатсам да, мектепти, өз кесибимди таштаган жокмун. Учурда Кара-Балта шаарындагы №5 орто мектебинде окуучуларга мурдагыдай эле кыргыз тилинен сабак берем.

Балага кыргыз тилин үйрөтүүнүн кандай кыйынчылыгы бар дейсизби? Балага эле эмес, баардыгына эле тил үйрөнүүгө, мейли ал кыргыз тили болобу, мейли ал орус тили болобу, мейли англис тили болобу, тил үйрөнүүгө тоскоолдуктар көп эле кездешет деп ойлойм. А бирок эң биринчи себеби – бул тек гана каалоонун жок болушу. Адамда эң оболу каалоо болуш керек. Ал кааласа, бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгат жана бардык шартта жеңишке жетише алат. Экинчиси, менин адис катары айтарым, кыргыз тилин үйрөтүүдө башка чет тилдерди окутуп-үйрөткөндөй система жок. Биз көпчүлүк учурда балдарга жандуу байланыш түзүп берүүнү ойлобой эле керексиз маалыматтар менен алардын баштарын оорута беребиз.  Маселен, мен кыздарымды жыл сайын каникул маалында өзүм өсүп-чоңойгон Суусамырга жөнөтүп турсам, алар да эбак эле кыргыз тилинде сайрап калышмак. Тилекке каршы, азыр ата-энем ал жактан көчүп кетишкен, алар да биз менен Кара-Балтада турушат. Шаарда өскөн балдарды айыл турмушу менен камыр-жумур өстүрсөк, тил жагынан да, дил жагынан да мыкты инсан болуп калыптанышарынан эч шек санабайм,-дейт Людмила Владимировна.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Өткөөл курактагы өспүрүмдүн көмүскөдөгү көйгөйлөрү

$
0
0

Кечээ Нарын шаарындагы, 21-январда Араван районундагы, андан мурдараак 19-январда Кочкор районундагы бычакташкан мектеп окуучулары коомчулукту кайрадан бейпайга салды. “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алгачкы күндөрү өспүрүм балдардын адеп өксүктөрүн ашкерелеген окуялары менен коштолуп отурганы өкүттүү. Мындай ич ара мушташтар бүгүн эле капилет чыга калбаган, ал үй-бүлөдө, коомчулукта орун алган агрессиялык терс таасирлерден улам ырбап отуруп, акыры жарылган жара экендигинен кабар берет.

Балага үй-бүлөдөгү агрессиялык кырдаал күчтүү таасир этет

Мектептерде, үй-бүлөдө таалим-тарбия иштери тап-такыр эле жүрбөй жатат деп айтууга болбойт. Бирок ал тарбия иштери таасирдүү болбой жаткандыгын ушундай терс окуялар айкын далилдеп турат. Психолог адистер мектептерде окуу-тарбия иштеринде орун алып жаткан боштуктар, үй-бүлөдөгү социалдык мүчүлүштүктөр келип-келип отуруп ушундай натыйжа берип жатканын айтышат. “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог Чынара Термечикованын айтымында, балага үй-бүлөдөгү кырдаал өзгөчө курч таасир берет.

  • Көпчүлүк ата-энелер үйүндөгү тиричилик менен эле алышып, балдарынын, айрыкча, өспүрүм курактагы уул-кыздарынын кулк-мүнөзүндөгү өзгөрүүлөргө баам салышпайт. Алар баласынын курсагы ток, кийими бүтүн болсо болду деген маанайды карманышат. Чындыгында андай эмес. Өсүп-жетилип келаткан өспүрүмдөр өтө татаал процесстен өтүшөт. Муну балдар өздөрү да көп аңдай беришпейт. Мындай кырдаал жетишпеген, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдө эле эмес, бакубат жашаган мамлекеттерде да, жетиштүү турмуш кечирген үй-бүлөлөрдө да кездешет. Ошого жараша алардын келип чыккан себептери да ар түрдүү. Көп жылдык иш тажрыйбамдан улам байкаганым, балага эң оболу үй-бүлөдөгү агрессия курч таасир этет. Өткөөл курактагы өспүрүмдөрдүн өзгөчөлүктөрүнө ата-энелер тургай, атайын билими бар мектептеги адис мугалимдер да убагында маани бербей өтүштүрүп жибериши ыктымал. Мектеп жетекчилери бизде рэкет сыяктуу терс көрүнүштөр жок деп жаап-жашырууга мажбур болушат, себеби, таяктын бир башы келип эле өзүбүзгө тиет деп чочулашат. Көмүскө каткандан көрө, тыкыр иликтеп, сурамжылоо жолдору менен окуучулар арасында изилдөө жүргүзүшсө, маектешсе, маалымат беришсе дурус болмок. Албетте, балдар ич ара талаш-тартыш маселелерин оңой менен айта коюшпайт, бирок, байма-бай айтылган маалыматтар бирде болбосо, бирде кулактарына сөзсүз илинет, — дейт.

Чынара Термечикова белгилегендей, ырасында эле мугалимдер, мектеп администрациясы мектеп ичинде орун алып жаткан талаш-тартыш маселелерин жаап-жашырууга аргасыз болушат. Анын себеби деле түшүнүктүү, жоопко тартылышат. Бирок “шибегени капка каткандай” эле минтип оркоюп чыгып калып жатпайбы. Андыктан ата-эне, мугалим жана коомчулук биргелешип, балдардын тарбиясындагы өксүктөрдү ачыкка чыгарып, чогуу чаран талкуулашса, бири-бирине көмөктөш болушса, балким балдар ичтерине каткан көмүскө көйгөйлөр ачыкталып, бири-бирин бычакташканга жеткен кырдаалдарды алдын-алууга болот беле деп ойлойсуң.

Тарбия иштериндеги талаш-тартыштар  

Балдарды тарбиялоодо орун алып жаткан өксүктөрдүн ордун толтурууга тоскоол болуп жаткан себептердин дагы бири, баланын ата-энесинин бирөөсү жок болуп, толук эмес үй-бүлөдө өсүп жаткандыгы же болсо да, баланын жанында эместиги. Кийинки учурда мигранттардын балдары деген термин кеңири жайыла баштады. Бакубат жашоо куруу үчүн балдарын курмандыкка чалып, алыскы жана жакынкы мамлекеттерде иштеп жүргөн эмгек мигранттары азыр ар бир үйдө бар, болгондо да эки-үчтөн бар. Аздыр-көптүр акча салып, балдарынын киймин бүтөп, кардын тоюндуруп жүрүшкөндөрүнө каниет эткен ата-энелер балдарын тарбиялоо ишинен сырт калып жаткандарына кабыргасы кайышпайт деп да айтууга болбойт. Алар көкүрөгүнүн тээ түпкүрүндө ишеним жүктөп таштап кеткен жакындарына, туугандарына, мектепке таянышар балким. Ал ортодо балдары жакындарынын толуп-толбогон мээриминде, таасири тийип-тийбеген тарбиясында өсүп жатышат.

Коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору Ишенгүл Болжурованын пикиринче, ата-энелер балдарынын кардын тойгузуу менен чектелбей, башка жактан да тарбия берүү жагын колго алуулары зарыл. Ал тарбия түгүл, ата-энесин көрүүгө зар болгон балдардын өсүп жаткандыгына кейийт. “Статистикалык маалыматтар боюнча элдин 5-7 пайызын социалдык абалы туруктуу үй-бүлөлөр түзсө, калганы карапайым, колдоого муктаж жарандар. Дал ушул катмар илгертен келаткан салттуу тарбиядан артта калууда. Капчыгы жука ата-энелер балдарына кошумча билим тарбия бере алышпайт. Балага кошумча билим берүү, аларды спортко катыштыруу, музыка жана башка ийримдер аркылуу тарбиялоо шаар ичинде гана өнүкпөсө, айылдыктарда бул маселе жабык бойдон. Ошондуктан айыл мектептерин кечкисин да иштетип, компьютер, тил үйрөтүү, эркек балдар үчүн спорт секцияларын уюштуруп, кыздарга түймө түйгөндү, кийим-кече бычып-тиккенди үйрөтүүчү ийримдерди уюштурууга эмне үчүн болбосун? Болгону каалоо гана керек. Мисалы, азыр айылдагы клубдардын көбү бош жатат” деп ой бөлүштү ал.

Өлкөдөгү ички жана тышкы миграция агымынын натыйжасында жону катуу жокчулуктан жапа чеккендердин катарында ата-эне мээриминен өксүк өсүп келаткан балдардын бүтүндөй бир мууну пайда болгону да чындык.

Эмгек мигранттарынан эсеп-чотту катуу талап кылуу керек

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Венера Ибраева мектептеги билим-тарбия иштерине балдардын үй-бүлөсүндөгү кайдигерлик, жоопкерчиликсиз мамилелер да кедерги тийгизип жатканын жашырбайт. Венера Назарбековнанын айтымында, аягы өкүнүчтүү аяктаган окуялар көп учурда ата-энелери кашында болбогон учурларда орун алат. Анын эсеби боюнча учурда Кочкор районундагы мектептерде 244 сырткы мигранттардын балдары, 354 ички мигранттардын балдары катталган.

  • Тилекке каршы, көпчүлүк учурда көйгөй жараткан өспүрүмдөрдүн үй-бүлөсүндө абал тынч эмес болот. Окуудан, жүрүм-турумунан жетишпеген балдардын үй-бүлөлүк шарттарын изилдегенде, атасы же энеси жок, болсо да жанында эмес шартта экендигин көрөсүң. Бизди айрыкча ички жана тышкы мигранттардын балдары тынчсыздандырууда. Ошондон улам айтар сунушум, балким, иштөөгө сыртка кетип жаткан энелер балдарын кимге, кандай шартта таштап кетип жатышат, калтырган жооптуу адамдарда соттун чечими барбы деп талап койсок жакшы болмок беле деп ойлойм. Анткени кандай болгон күндө да жооптуу бирөө болушу керек. Биз азыр социалдык өнүгүү башкармалыгы менен ушул багытта тыгыз иш алып баруудабыз. Андан тышкары, райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, айыл өкмөттөрү менен да биргелешип белгилеген бир катар иш-чаралар бар. Ушулардын баары балдарды туура тарбиялоо, адеп-ахлакка үйрөтүү максаттарын камтыйт. Арийне, мектептеги мугалимдер, мектеп жетекчилери балдарды окутуп-тарбиялоодо бардык милдеттерди аткара албайт эмеспи. Балдарга адегенде эле ата-эненин көзөмөлү, талабы, тарбиясы катуу болууга тийиш.

Биздин райондун мектептеринде таалим-тарбиянын заманбап ыкмалары кеңири жайылтылган иш-чаралар байма-бай жүргүзүлүп келүүдө. Жакында эле “Зомбулуксуз мектеп” программасынын алкагында иш-чараларды жүргүзгөнбүз. Андан мурда мектептерде жогорку класстардын окуучуларынын катышуусунда “Биз кылмыштуулукка каршыбыз!” деген аталыштагы флэш-моб өткөн. Ошондой эле өспүрүмдөргө кызыктуу, аларга пайдалуу түрдүү тематикаларды камтыган театр-форумдар уюштурулуп турат. Мындай иш-чараларга окуучулар активдүү катышууда. Анткени заманбап, алардын табитине туура келген тарбия ыкмалары аларга кызыктуу болуш керек деп ойлойм, — деп биз менен пикир бөлүштү.

Венера Ибраева ошондой эле азыркы жаштарга тийип жаткан диний таасирлерге өтө этият мамиле жасообуз керектигин белгилейт. Анын пикири боюнча, диний окуулар жеке эле ыйман, адеп-ахлакка тарбиялабай, тескери агымга буруп, балдарды же окуудан азгырып, коомдук активдүү турмуштан алыстатып жиберүүдө. Адистердин айтымында, мындай шартта ата-энелер, коомчулук өтө сак болушу абзел. Адистер ошондой эле ата-энелер мектебин түзүп, анын ишин жандандыруу зарылдыгын да белгилешүүдө. Ата-энелер комитети, жаштар комитети, өкмөттүк эмес уюмдар, аксакалдар коомчулугу биргелешип, бир багыттуу, бир максаттуу иш-чараларды өткөрүшсө, мындай көрүнүштөр утурумдук болбой, байма-бай өткөрүлүп турса, суроо-талап күчөтүлсө, жаш өспүрүмдөр коомчулуктун көзөмөлүндө болушмак. Бүгүнкү тестиер бала эртең эле эр жетип өзү үй-бүлө куруп, балалуу болот. Алар өздөрү балдарына бере турган тарбия угуту, алардын келечеги бүгүнкү ата-эне макамындагы адамдарда экендигин эстен чыгарбасак.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Толос АБЫЛКАСЫМОВ: «Среднему профобразованию нужна гибкая современная система обучения»

$
0
0

28 февраля состоялось очередное заседание рабочей комиссии по разработке макета и стандартов среднего профессионального образования. Напомним, что приказом министра от 20 января была создана рабочая комиссия по разработке стандартов среднего профобразования. В ее состав вошли представители Министерства образования и науки КР, Ошского государственного университета, КНАУ имени К.Скрябина, Бишкекского технического колледжа, Кыргызской музыкальной школы имени М.Куренкеева, Информационно-технического колледжа, Бишкекского медицинского колледжа, Кыргызского авиационного колледжа и др.

Главный специалист Управления профессионального образования Министерства образования и науки КР Толос АБЫЛКАСЫМОВ рассказал газете «Кутбилим» как продвигается работа в этом направлении.

— Почему возникла необходимость в разработке нового макета и стандартов в системе среднего профессионального образования?

— Этого требует само время, сегодня в век новейших технологий, в наше стремительно меняющееся время, когда каждый день несет в себе что-то новое и креативное, системе среднего профессионального образования необходим отход от старых, изживших себя методов и переход к гибкой современной системе обучения. Здесь надо также помнить о том, что новая гибкая система обучения должна соответствовать следующей ступени обучения, то есть высшему профессиональному образованию, в котором тоже произошли изменения  в части двухуровневой системы обучения, имеется ввиду, бакалавриат и магистратура.

Как вы знаете, с 2012 года Кыргызская Республика перешла на двухуровневую систему высшего образования, которая дает возможность получения степени бакалавра (240 кредитов), магистра (120 кредитов) и специалиста (5 лет обучения, ряд медицинских, инженерных специальностей и специальностей, связанных с творчеством).

Поэтому наша рабочая группа предложит новую модель для системы среднего профобразования, вполне отвечающей требованиям времени, соответствующей и востребованной на рынке труда.

— Как продвигается работа над новыми стандартами, каковы сроки исполнения?

— Следует отметить, что еще в 2012 году 5 сентября был разработан новый макет стандартов нового поколения и перечень специальностей для среднего профессионального образования. Тогда было получено много замечаний и предложений по данному проекту, и соответственно возникла необходимость его пересмотра и доработки, а также долго длился процесс согласования проекта с министерствами и ведомствами. Таким образом, по многим объективным и субъективным причинам тогда макет не был утвержден. В этой связи, приказом министра от 20 января 2017 года была создана рабочая комиссия по разработке стандартов среднего профобразования, 28 февраля состоялось уже третье заседание рабочей группы, где были обсуждены вопросы внесения изменений в проект, обозначен был и конкретный срок до 1 марта. Однако, срок продлен, в настоящий момент идет интенсивная работа, предстоит еще несколько заседаний рабочей группы, мы вводим некоторые новые специальности, и наоборот убираем некоторые другие из перечня специальностей среднего профессионального образования. Много вопросов и разногласий возникает с учреждениями культуры и искусства, ведь туда поступают ребята и после 9-го и 11-го классов. Особенная специфика музыкальных школы и училища соответственно требует к себе отличного от других колледжей подхода.

В целом, до  10 марта мы рассчитываем, что будет уже готово постановление об утверждении новых макета стандартов и перечня специальностей среднего профессионального образования, которое будет в установленном порядке направлено на согласование в министерства и ведомства.

— Какова сегодня ситуация в сфере среднего профессионального образования?

— Ежегодно растет количество желающих поступать в среднеспециальные учебные заведения. Количество студентов увеличивается в разы, так, за 10 лет количество студентов в этой сфере возросло в 2,2 раза с 40 тысяч  до 100 тысяч человек.

Многих студентов, вероятно, привлекает возможность избежать сдачи Общереспубликанского тестирования, а также то, что после окончания колледжа можно сразу «сесть» уже на второй курс соответствующего профилю вуза.

Радует то, что растет доля трудоустроенных выпускников, с учетом продолжения обучения и самозанятости, от 50% в 2013 году до 70,7% в 2016 году. По данным Минобразования КР растет интерес работодателей к участию в процессе обучения через включение их в составы Государственных аттестационных комиссий. Так, в 2013 году этот процент составлял 10%, в 2014 году -15 %, в 2015 году — 28%, а в 2016 году возрос вдвое и составил 30%.

Также для содействия обновлению материально-технической базы организаций профессионального образования для соответствия навыков выпускников требованиям рынка труда, принят Закон КР от 29 июня 2016 года № 92 «О внесении изменений в некоторые законодательные акты КР».

Согласно этому закону,  доход, полученный от передачи материально-технической базы государственных и муниципальных образовательных организаций в аренду, распределяется в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, доходы, полученные от сдачи в аренду имущества, относящегося к государственной собственности, распределяются следующим образом:  30 процентов вносятся в республиканский бюджет — 70 процентов используются государственными органами и организациями на содержание и ремонт государственных зданий (помещений).

— Какова ситуация в республике с численностью средних профессиональных учебных заведений, сокращается или напротив, количество их растет?

— Количество ссузов и спузов растет с каждым днем. Так, например если в прошлом году их насчитывалось 130, обучающих по более, чем 100 специальностям, то сегодня уже 139 колледжей, при этом, скоро готовятся открыться еще 3-4  средних профессиональных учебных заведений. В настоящий момент при каждом вузе есть колледжи и не один, а несколько.

Айнура КАНИМЕТОВА, «Кутбилим»

УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИ ЭНЕЛЕРДИН КОЛУНДА

$
0
0

Элибизде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө жана коомдо татыктуу орун ээлеп келет. Учурда аялдар дээрлик бардык тармакта иштеп, коомдун жүгүн көтөрүп келе жатат. Кыргызстанда калктын 53 пайызын аялдар түзөт. 8-март – Аялдардын эл аралык майрамын утурлай, «Аялдардын коомдогу орду жана ролу кандай?» деген суроо менен билим берүү тармагында эмгектенген айрым жетекчилерге, жаштарга кайрылып көрдүк.

Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору:

— Коомду аялдарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Аялдар жаратман, куруучу, жүк көтөргөн, коомдун тарбиячысы катары келе жатат. Аялзат — стратег. Ал эртеңкини жана муктаждыкты көрө билет. Маселен, кышка канча варенье жасаш керек, аны канча үй-бүлөгө бөлүштүрүп берем, же болбосо балама эртеңки күнү кандай бут кийим алсам болот, аны бир жыл же эки жыл кийеби деп эртеңкисине чейин ой жүгүртө билет. Аялдар ар дайым жумуш жок деп өпкө кагып отурбайт. Керек болсо мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин дагы ага эки түбөлүктүү жумуш даяр турат. Ал жакшы эне жана жароокер жар деген миссияны аткарат. Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган социалдык, экономикалык программалардын аткаруучулары, ички дүң продукциясында иштеп жаткандар да аялдар. Фабрика, заводдордун жоктугу кризистик кырдаалда эркектердин жүктү көтөрө албастыгын, ишке даяр эместигин далилдеп койду. 25 жылдан бери аял, эне жүктү солк этпей көтөрүп келе жатат. Эмне үчүн агартуу системасындагы аялдарга ыраазы болушубуз керек? Бул кызматтын түйшүгү өтө көп. Анан калса ары та-таал, ары жоопкерчиликтүү. Бала бакчадан мектепке чейин аялзаты эмгектенет. Эң төмөнкү иштерде да аялдар иштешет. Өтө өкүнүчтүү нерсе, тарбиянын башатында жалаң гана аялдар турганында. Тарбия куштун эки канатындай, бир канаты эркек болсо, экинчиси — аялзат болушу зарыл. Бир канаты менен куш алыска уча албайт. Кыргызстандагы коом эненин кучагындай мемиреген бейпилдикти, жылуулукту, токчулукту, комфорттуу жагдайды көксөп турган мезгил.

Рахат СУЛАЙМАНОВА, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин деканы:

— Аялзаты коомдук, мамлекеттик иштерге жигердүү катышуу менен бирге үй-бүлөдө жароокер жар, мээримдүү эне болуп келишет. Аялдарга арнап акындар ыр саптарын шурудай тизмектесе, обончулар жүрөк кылдарын чертип обон салышкан. Аты карт тарыхта катылган кыргыздын кыраан кыздары Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Каныкей, Айчүрөк, Курманжан Датка сыяктуу аялзаты биз үчүн теңдешсиз үлгү. Кыргыз кыздарынын арасынан атагы алыска кетип, эмгеги менен даңкталган асылзат айымдарды бүгүн да коомдук турмуштун бардык жагынан табууга болот. Кыргыз кыздарынын ичинен көрүнүктүү окумуштуулар, акындар, жазуучулар, дарыгерлер, мугалимдер чыгышкан. Билим берүү тармагын ала турган болсок мектеп мугалимдеринин 90 пайызын аялдар түзөт. Алгачкы билим уясы болгон бала бакчадан жаш бөбөк турмуш жолуна кадам шилтейт эмеспи. Андагы ар бир наристеге мээримин төгүп, тарбия берген асыл адамдардын мээнети ат көтөргүс. Ал эми наристенин таза, баео кыялын аруулап, анын адамдык, атуулдук, инсандык сапаттарын үй-бүлө менен бир катарда калыптандырып келген бала бакчаларда да эжейлер, аялзаты гана эмгектенери да жөн эмес. Аялзаты үйдө өз балдарына эне болсо, мектепте топ балдарга жүрөгүнөн орун таап, алардын ар бирине мээрим төккөн өзгөчө жан тура. Ал дүйнөдөгү эң билимдүү, жогорку маданияттуу, адамзаттын жан дүйнөсүнө өзүнүн жүрөгүндө алоолоп жанган отту бүркүп, миңдеген жаштардын демине жалын чачкан өзгөчө феномен. Мугалим аялзаты ошонусу менен улуу.  Бул ойлор мугалимдик улуу кесипти аркалаган он миңдеген аялзатына түздөн-түз таандык. Аялзаты, сен сулуусуң, сен улуусуң, бийиксиң! Балдарга жан дүйнөсүн, тунук, таза сезимин арнаган эжекелер, күзгү сымал силерге баары каранып, силерден үлгү, таалим-тарбия алышат. Энелерге кандай гана жылуу сөз арнап, ак сүтүн актоого канча аракет кылсак да колубуздан келбегендей, мугалимдин түйшүктүү эмгегин актоо да оңойго турбас.

Ширин ЭГЕМБЕРДИЕВА, Кулчу негизги мектебинин директору, Чоң-Алай району:

— Аял — бул балдарын мээримге бөлөп өстүргөн эне, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй сактап келген жар, жаны тынбай эмгектенген чарбакер, Мекенди коргоого, мамлекеттин өнүгүүсүнө, эркектер менен тең тайлаша салым кошкон патриот инсан. Азыркы учурда мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууда, анын ичинен жаш муунга тарбия берүүдө да аялдардын орду чоң. Мектепте балдарга билим берип эле тим болбостон, баланын табитин таап, көңүлүн алып келечектин пайдубалын курууда да орду чоң деп эсептейм. Мектептерде аялдардын саны эркектерге караганды басымдуулук кылат, бирок айыл жеринде, жетекчилик кызматтарды көбүнчө эркектер ээлешет, буга себеп, аялдардын үй-бүлөдөгү, иштеген жумушундагы түгөнбөс, өтө бааланбаган терең маанилүү түйшүгү болсо керек.

Махабат ЖУМАГУЛОВА, “Эмгек” партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси:

— Кыргыз аялдары эзелтеден эле үйдүн куту, шам чырагына теңелип, татыктуу сый-урматка бөлөнүп келген. Бул да бекеринен эмес, апаларыбыз көчмөн элдин урпактары ка-тары, үй-бүлөсү менен ойдон тоого, жайлоодон ойго кайсы учур болбосун кам-кешиги жайланып, бешиги беленделип, журт менен бирге жүргөн. Элибиз не деген апааттарды башынан өткөрүп, акыры эгемендүүлүккө жетти. Айымдардын аткарган иш-аракеттери эгемендүүлүктүн алкагында өтө зор баскычтарга келип жетти. Себеби социалдык маселелерди тиешелүү органдарга жеткирүүнү колго алган уюмдардын жетекчилиги бүтүндөй айымдардан турат. Билим берүү системасына жаңыланууларды алып келүүгө, кошумча билимдин зарылчылыгын белгилеп, терең билим алууга ынтызарлангандар да айымдар. Коомдогу жат көрүнүштөрдү калк арасында тартынбай чындыкты талашкандар алар да айымдар. Ар бир аялзат үй-бүлөсүнүн бакубатчылыгынын камсыздалышын, балдарга татыктуу тарбия берүүнү ойлойт. Ал эми мектепте кесибин ардактап, ар бир баланын жүрөгүнө мекен идеологиясын тартуулаганга аракет кылган күжүрмөн адистер, мугалимдер, дагы эле айымдар. Сыртта эркектерден кем калбай кошо эмгектенип, бирок бир аз маяна алса да, эч кабатыр болбой, үйгө келип балдарынын мээримдүү энеси, жол-дошунун сүйүктүү жары болгон айымдарга не дейсиң? Айымдар коомдун эң орчундуу, ишенимдүү каарманы. Жашоо деген театрда айымдарсыз бир да аракет, бир да эпизод ишке ашырылбайт.

Мирлан ТОКТОБЕКОВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу:

— Аялзатынын коомдогу ролу өтө зор. Кайсы гана тармакты албайлы, аялдар, эркектер менен тең тайлаша эмгек кылып, бүгүнкү күндө жогорку бийиктиктерди багынтып жатат. Кээ бир тармактарда, аялзаты артыкчылык кылып, эркектерден да озуп чыгышты. Алар бул аракеттери менен мамлекеттин социалдык-экономикалык абалына эбегейсиз салым кошууда.

Нарын АЙЫП, журналист, публицист:

— Аялдардын орду башкалар сыяктуу эле – эркектер, балдар, карылардыкындай – татыктуу болуш керек. Эркектерге караганда аялдардыкы өйдө, же тескерисинче, эркектердики өйдө болбош керек. Латвиянын Президенти Вайра Вике-Фрейберга журналисттер менен бир жолукканда: «Аял кишиге президент болуу канчалык кыйын?», – деген суроого: «Аялдар эмне, адам эмес бекен?», – деп жооп берген. Коомдо эч кандай кемсинтүү болбогон учурда – ар башка улуттар, эркектер менен аялдар, ден соолугу начарлар менен байлар же кедейлер – ошондо гана чыныгы өнүгүү менен ынтымак орнойт.

Ырыскан МЫРЗАЕВА, Бишкектеги №69 ОТКнын директорунун орун басары:

— Аялзаты иштебеген кесип же болбосо тармактар жок. Алар коомдо белгилүү жана маанилүү иштерди аткарышат. “Аял үйдүн куту” деп бекеринен айтылбаса керек. Кыргыздын каада-салттары, моралдык жүрүм-турум эрежелери да өз убагында аялдардын коомдогу ордун так белгилеп, ар дайым аны сактап келишет. Көчмөн кыргыз эли аялдардын коомдогу ордун кылымдардан бери ооздон-оозго өтүп сакталып, элибиздин адабий, маданий мурастары катары калыптанып калган дастандарда, эпостордо, элдик чыгармаларда колдонуп келе жатышат. Ал чыгармаларда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазаланган. Кыргызстан-дын билим берүү, маданият жана башка тармактарында салым кошкон белгилүү аялзаты көп. Маселен, Айтматова Нагима, Кондучалова Күлипа, Отунбаева Роза, Абылкасымова Майрамкан, Болжурова Ишенгүл, Мамбеталиева Какен жана башкалар. Бийлик башында же болбосо парламентте аялдардын көбөйүшү да коомдогу аялзатынын ролун жогорулатат жана жоопкерчилигин арттырып келет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим»

ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ — ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕКТЕ

$
0
0

Бишкек шаарындагы алдыңкы №113 бала бакчасын 1997-жылдан бери билим берүүнүн мыктысы Гүлмира Адылова жетектейт.

Гүлмира Пржевальск шаарындагы Педагогикалык институтун ийгиликтүү аяктагандан кийин алыска кетпей эле Ысык-Көл облусунун Долинка айылындагы мектепке орус тили жана адабияты мугалими болуп алгачкы эмгек жолун баштайт. 1982-жылы ал кездеги Фрунзе шаарына көчүп келип, №81 бала бакчага тарбиячы болуп орношот. Шаардык билим берүү башкармалыгы өткөргөн бардык сынактарга активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлейт. Иштин көзүн билген тарбиячыга 1996-жылы №113 бала бакчаны жетектөө үчүн шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан ишеним көрсөтүлөт.

Андан бери 20 жыл өттү. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, Г.Адылова бала бакчанын айлана-чөйрөсүн оңдоп-түздөгөнгө жетишти. Мезгилден артта калбай жаңы муундагы технологияларды өздөштүрүүнү, жаңы усулдарды, ыкмаларды тарбиячылар сабакка пайдаланышын талап кылып турат.

— Кандай гана семинар, тегерек стол же майрамдарды уюштуруу керек болсо, сөзсүз Г.Адыловага кайрылабыз. Анын эшиги дайыма жакшы саамалыктарды көрсөтүү үчүн ачык. Анын жетекчилиги алдында мекеменин жамааты «Жүрөгүм менин балдарда» ат- туу шаардык сынактарга активдүү катышып келишет. Маселен, 2011-жылы «Мыкты мектепке чейинки мекеме» номинациясында 3-орунду, 2013-жылы «Мыкты оюн аянт-часы» номинациясында 2-орунду жана 2014-жылы «Мыкты кыргыз тили кабинети» номинациясында 2-орунду камсыз кылышкан, — дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г.Безродняя. Ата-энелер менен тыгыз иштегендиктен алардын жардамы менен бала бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдап койду. Маселен, бардык тайпалар эмеректер менен жабдылып, методикалык жана адабий китептер, компьютер жана мультимедиалык аппаратуралар, идиш-аяк менен камсыз болгон. Ошондой эле бала бакчанын айлана-чөйрөсүн жашылдандырып, керектүү ин- вентарлар менен камсыздаганга жетишти. Гүлмиранын эмгеги жерде калган жок. Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, Свердлов райондук администрация менен Свердлов райондук билим берүү борборунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине татыктуу болду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

Viewing all 382 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>