Quantcast
Channel:
Viewing all 382 articles
Browse latest View live

МУГАЛИМДИН БИЛИМИ МЕЗГИЛДЕН АРТТА КАЛБАСЫН ДЕСЕК…ЖЕ “ЖАӉЫ МЕКТЕПКЕ” КАРАЙ ЖАӉЫ ЖОЛ

$
0
0

  Жогорку педагогикалык окуу жайларда мугалимдик адистикке даярдоо турмушка ашырылса, а мугалимдин кесиптик адистигин жогорулатууну билим берүү министрлигинин алдындагы  мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту турмушка ашыруу милдетин алып жатат. Азыркы учурда билим берүү министрлигинин алдында он күндүк кыска мөөнөттүү курс иштеп жатат. Бул кыска мөөнөттүү курстан окуп чыккан мугалимдер билим берүүнүөнүктүрүп, “инновациялык жаӊы мектепти” кура алышпасы баарыбызга түшүнүктүү.

Албетте, баарыбызга белгилүү болгондой, билим берүүнүн азыркы абалы өткөн XX кылымдын сексенинчи жылдарынын ортосу, токсонунчу жылдардын аягына чейинки экономикалык каржы каатчылыгынын кесепетинен ушул акыбалга келген. Бишкекте, ал жылдары мугалимдер агартуу кызматкерлер профсоюзунун республикалык уюмунун эсебинен ыӊгайлуу санаторий-профилакторийде эс алышып, билимин жогорулатышкан. Ошол учурдагы экономикалык кризистен Республикалык профсоюз уюму каржылаган санаторий-профилакторий да жоюлуп кеткен эле. Азыр, кудайга шүгүр, жергиликтүү профсоюздук уюмдарда мүчөлүк акылар өз убагында төлөнүп калыбына келди. Андыктан азыр мурунку санаторий-профилакторийди (мугалимдер үйүн) калыбына келтирүү же каржы маселесин чечүү агартуу кызматкерлердин Республикалык профсоюз уюмуна кыйынчылык жаратпайт чыгар. Албетте, Республиканын агартуу профсоюздук комитети мектепте билим сапатын жана мугалимдердин билимин жогорулатуу максатында министрдин демилгесин колдоорунда шек жок, ал эмес билим берүүнүн өнүгүшүнө иштиктүү салым кошот деген да ишенич бар. Мүмкүн болуп, жаӊы окуу корпус табылса жана анан ал аудиторияларды азыркы учурдун талабына ылайык тышкы инвесторлордун жардамы (билим берүүнү колдоочу проекттер, жеке демөөрчүлөр) менен жаӊы окуу инфраструктурасы менен жабдуу жана ремонт маселелери чечилер беле. Албетте, бул, эӊ оор, өйдө-төмөнү көп, түйшүктүү маселе. Андан соӊ, негизги максат мугалимдердин билим сапатын жогорулатууну жакшыртууда калмак, а окутуу жаатындагы көйгөйлөр өзүбүзгө тиешелүү ички маселе.

Окутуучу жана мезгил

 Теорияны жаӊы мектептин талабына айкалыштырбай туруп билим берүү сапатын жогорулатууну самай берүү “жаӊыланууга” болгон максаттарды, милдеттерди канааттандырбай калышы ыктымал. Ошондуктан курстун угуучуларын биз илимий кызматкерге даярдабайбыз, мектепти, таалим-тарбия процессин реформалоого, модернизациялоого даярдашыбыз керек. Андыктан биздин милдет — мектеп жетекчилерин, мугалимдерди мектеп реформасын кандайча ырааттуу түрдө турмушка ашырууга багыт берүү, — деп ойлойм.  Же болбосо биз сөз кылып жаткан “жаӊы мектеп” жөнүндөгү теориялар мектеп практикасынан орун таба албай калышы мүмкүн.

Эми биздин окутуучулар менен мектептин ортосунда педагогикалык кызматташуу алыстап, биз өз теориябыздын тегерегинде айланып калыптырбыз,  деп да ойлоном. Эски коомдон калган стереотиптик көз караш, айрым чиновниктик калдыктар кандайдыр бир деӊгээлде бизде да сакталган бейм. Мектептен биз, а бизден мектеп ажыраптыр. Бул өткөн авторитардык замандын кесепети. Биз айылдан келген мугалимдер билимсиз,  деп, ал эми мектеп мугалимдери КББАнын окутуучулары жакшы окутпайт, — деп, эки тарап эки жакты карап, бири-бирибизге сын айта берсек, ийгиликке эч качан жетишпейбиз. Азыр биз рынокко кире элек болсок да билим (товар) берүүчүбүз, алар кардалдар  (керектөөчүлөр). Андыктан “жаӊы мектепке” керек болгон теория, практикумдар менен билим сапатынын бет ачарларын, ачык сабактарын (рынок заманында) даӊазалап, үлгү катары өзүбүздүн көргөзүүбүз да керек болуп жатат.

Ошондуктан ар кимибиз теорияларга, өзүбүздүн пикирлерибизге, тажрыйбаларыбызга да сын көз менен кароо маанилүү. Анткени, бул жалган дүйнөдө Кудайдан башкабыз ката кетирерибиз айкын эмеспи. Жашырганда эмне, биз көбүнчө катанын үстүндө иштейбиз. Билим берүү, тажрыйба алмашуу процессинде идеялар, тажрыйбалар жагдайына ылайыктуубу — жокпу, теӊ салмактап көрүүнү унутпаганыбыз абзел.

Айыл адамдары болжол менен жалпы республиканын калкынын бештен үчүн түзөт.  Андыктан айыл мугалимдерине жан дилден мамиле кылып, ар тараптуу практикалык жардам берүү керек. Айылда билим берүүнүн сапаты жогоруласа гана жалпы республикада билимдин өнүгүү деӊгээли жогорулайт.

Эми шаар мугалимдери “өз киндигин өздөрү кесип” жаӊыланууга карай кадам ташташты. Көп улуттуу калктанбы же маалыматка жакынбы, кандайдыр бир деӊгээлде шаарда өнүгүү жагдайы, өз алдынчалуулук бар. А биз, окутуучулар, чыны жаӊылануунун желегин көтөрүп чыга элекпиз. Алдыда биз болушубуз керек эле. Арийне, анын да толгон-токой себептери бар. Бирок актанбай коё туралы.

Тагыраак айтканда, мугалимдин аналитикалык, чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү (аналитическая, творческая деятельность), алдыга озуп окутуу (развивающий метод обучения) интеграциялоо аркылуу, түзүүчү, өнүктүрүүчү жагдайды, жаратмандык жаӊы түшүнүктөрдү, көз караштарды ачуу, өз алдынча ойлонууга дем, түрткү берүү дагы эле биздин милдет болуп кала берет.  Азыркы мугалим да педагогика, психология илимдеринин маӊызын жаӊы сын көз караш менен өздөштүрүп, теориядан практикага чечкиндүү, ишенимдүү кадам шилтөөсү тийиш. Мамлекеттин экономикалык-социалдык өнүгүүсүнүн стратегиясын түшүнгөн жана анын программаларынын күрөө тамырын кармай билген, эрктүү, өз алдынча окутуунун эффективдүү технологиясын пайдаланган көсөм мугалим керек. Мамлекеттин өнүгүшүн алга жылдыруу үчүн алгач мугалимдин өнүгүүсүн камсыздоо олуттуу. Ошондуктан биз да мугалимден, мектептен обочолоно бербей, алардын көйгөйү биздин көйгөй,  деп түшүнүүгө, коюн-колтук алышып эмгектенүүгө туура келет. Биз мугалим менен жан дилибизден илимий негиздүү кызматташсак гана “жаӊы мектепте” өнүгүү болот. Андыктан биз билимдин кызыл байрагын көтөрүп чыгалы — дээр элем. Себеби, баарыбыздын көздөгөн максатыбыз окуучулардын билимин жогорулатуу, б.а. жолубуз бир.

Бул жерде башкы максат — жумурткадан кыр издеп бирөөнү күнөөлөө, жаманатты кылуу эмес, биз өзүбүзгө сын көз менен карап, мүчүлүштүктөрдү тактап, тескерисинче, позитивдүүөнүгүү жолун айкындоо. Мугалимдин билимин жогорулатуудагы келечектүү максаттарды аныктоо. Бул мүчүлүштүктөр бүтүндөй эле коомдогу кризистен келип чыккан көрүнүш. Бирок баарын эле кризиске шылтоолоп коюу да калпыстык болуп калат.  Өзүбүздө кемчилик болуп калса, моюнга алуу да адамдык парз. Туура сынды туура түшүнүүөнүгүүнү ылдамдатат, адамды жаратмандыкка алып барат.

 Мына биздин тармакта да жаӊылануу бышып жетилди, коомдо керектөө пайда болду. «Билим берүүдө мугалим гана реформа жасайт», — деп министр бекер айткан жок. Туура. Бирок, окутуучуга, реформатор-мугалимге, да ар тараптан дем-күч берүү мыйзам ченемдүү. Мугалим табияты да сый-урматты, материалдык-моралдык колдоолорду жактырат…

МУГАЛИМДИН БИЛИМ ДЕӊГЭЭЛИН, КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН БААЛООДО (АТТЕСТАЦИЯЛООДО) ИНСТИТУТТУН РОЛУ

 Инновациялык мектепти мектеп жетекчилери, мугалимдер турмушка ашырары баарыбызга маалым. Алар “жаӊы мектеп” боюнча маалыматтарды, ички кесиптик энергияны РИУУдан жана  өз алдынча билимин жогорулатуу менен жетишишет. Ошондуктан мугалимдин билим деӊгээлин, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу түздөн-түз мугалимдердин республикалык билимин жогорулатуу институтунун кызматкерлери менен тыгыз байланыштуу. Андыктан алардын педагогикалык майданда жетишкен ийгиликтери, тажрыйбасы көз алдыда билим, тажрыйбаны өнүктүрүү ишмердүүлүктөрүнө компетенттүү талдоо жүргүзүүгө, методикалык кеп-кеӊеш берүүгө да мүмкүнчүлүктөр бар. Мугалимдердин өз алдынча билимин, кесиптик чеберчилигин, тажрыйбасын кандайча өркүндөтүп жаткандыгын аныктоо жана туура баалоо максатында жаӊы структура түзүп жаткан кезде мугалимдердин чыгармачылык ишмердигин аттестациялоону мугалимдердин билимин жогорулатуунун республикалык институтуна ыйгарууну туура го деп — ойлойбуз.

ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

 Инновациялык мектепти куруу боюнча илимий-теориялык билими, көз карашы бар реформатор окутуучу-окумуштууларды, каалоосу, мүмкүнчүлүгү кеӊ мектеп директорлорун  теория, тажрыйбасын, практикасын дагы тереӊдетүүүчүн алыскы чет өлкөлөрдөн, Россия федерациясынын мектептеринен тажрыйба алмашууга, максаттуу семинар, тренингдерге жөнөтүү зарылдыгы чоӊ,  деп ойлойм. Реформатор дегенде эле эки жакты  карабай баарын түп тамырынан өзгөртөм (радикалдар эмес) дегендер эмес. Биз басып өткөн илимий билим, алдыӊкы педагогикалык тажрыйбаларга таянган, коюлган максатты “жети өлчөп бир кескен”, ар бир кадамда илимий негиздерди жетекчиликке алган, ийкемдүүлүк, сабырдуулук сапаттарды бек кармап кадам таштаган агартуучуларды тандоону мезгил күтүп турат. Ага жолду биздин мугалимдин билимин жогорулатуу институту баштайт деген үмүт бар.

 

Мугалимдин билимин жогорулатууну уюштуруу иштери жана окутуу программасы боюнча менин сунуштарым:

1. Окуу курсунун мөөнөттөрү бир айдан жогору, эки айдан кем болбошу максатка ылайыктуу (курстун мүнөзүнө  жараша) болор эле.

2. Предмет боюнча бир агымга (поток) 60-70 ге чейин угуучу-мугалимдердин билимдерин жогорулатууга чакыруу.

3. Азыркы учурдун талабына жооп берчү мугалим, “жаӊы мектеп” жөнүндө жалпы түшүнүгүн, жаӊылануу процессине болгон жеке позициясын, чыгармачылык деӊгээлин, реформатордук жөндөмдөрүн, көз караштарын компьютердик тесттик сыноо менен диагностика жүргүзүү; аларды категорияларга бөлүү; диагностикалоонун негизинде кайрадан жаӊы топтор (группалар) түзүү, ошол деӊгээлдер боюнча окутуу;

4. Таланттуу окуучуну табуунун илимий негиздери, критерийлери жөнүндөөзүнчө кыска мөөнөттүү теориялык окууларды, практикум-тренингдерди уюштуруу; Таланттуу окуучуларды колдоо; алардын илимий көз караштарын, ой-жүгүртүү, ойлоп табуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн технологиялары жөнүндө негиздүү теориялык окууларды, практикумдарды колго алуу; Алардын өз алдынчалуулугун, чыгармачылык сапаттарын өнүктүрүү; кызматташуу; таалим-тарбиялоонун технологиялары боюнча окуу-практикумдардын үлгүлөрүн көрсөтүү.

5. “Жаӊы мектеп” өлкөнүн өнүгүү приоритеттерине (гуманизм, демократиянын прициптери, рыноктун мыйзамдары, адам укуктары), билим берүүнүн философиясын мамлекеттин өнүгүү мыйзамына шайкеш келтирүү менен угуучуда “жаӊылануу” жаратмандык демилгелерине дем-шык берүү, колдоо;

6. Билим берүү процессинин объективдүүөнүгүү абалын жана тенденциясынын жыйынтыктарын баалоо, жаӊы сапатка өтүү системасын тактоо, сунуштар иштеп чыгуу, ошол багыттар боюнча окуу-практикумдарды өткөрүүгө жетишүү (жалпы педагогикалык анализ); окутуу процессин талдоодо бири-бири менен байланышкан жана өз алдынча талдоонун түрлөрүнүн биримдигине басым жасоо  (педагогдун аналитикалык ишмердүүлүгү);

7. Теориядан практикага, педишмердүүлүккөөтүү, тажрыйбалар алмашуу, ачык сабактар, сабак-практикумдар, ачык тарбиялык сааттар, конференциялар, семинарлар, түрдүү клубдар,  сынак, талкуулар, таймаштар, тренинг-машыгуулардын, сценарийлердин үлгүлөрүн көрсөтүп, мугалимдин өздөрүн да практика жүзүндө машыктыруу.

8. Шаардын инновациялык эксперименталдык мектептеринин базасында ачык сабактар, окуу-семинарлары, методбирикменин кеӊешмелери, тарбиялык сааттар, сабактан тышкаркы ачык иш-чаралардын уюштурулушунун эффективдүүлүгү боюнча окутуу процессинде ачык талдоо-талкууларды (интерактив) уюштуруу.

9. Рыноктун заманында ата-энелер, коомчулук менен иштөөнүн ыкмаларын жаӊыча өзгөртүү, жоопкерчилигин арттыруу, акырындан рынок системасына ынандыруу жана кызматташуунун жаӊы ыкмаларын колдонуу технологияларын окутуу процессине кеӊири киргизүү (алар менен аӊгемелешүүнүн ыктары боюнча көрсөтмөлүү практикум формасында тренинг-машыгууларды өткөрүү) лекциядагы теориянын мазмунун-маӊызын практикада пайдаланууга жетишүү.

10. Жаш мугалимдер үчүн атайын үйрөтүүчү мүнөздөгү көрсөтмө сабактар, новатор-мугалимдердин тажрыйбалары менен тааныштырып талкуулоолор, усулдук кеӊештер, минипедпрактика, стажировкаларды уюштуруу.

11. Курс мезгилинде мугалим – куратордун жардамы менен практикалык сабак катары окуу-тарбия процессинин мазмун-маӊызы менен байланышкан  тарбиялык мааниси тереӊ фильм, адабий кече, чыгармачыл адамдар менен жолугушуу, талкууларды уюштуруу.

12. Таалим-тарбия процессинин олуттуу маселелери боюнча окумуштуу-педагог, тажрыйбалуу новатор мугалимдер менен талкуулар, тажрыйба алмашуу.

13. Эксперименталдык мектептердин    суроолору боюнча жалпы коллективи менен жеринде окутуу, тренинг-сабактарды өткөрүү.

14. Жатаканада даярданыш үчүн (рефераттар, илимий макалалар) интернет-компьтердик класстар, библиотека күнү-түнү иштеши маанилүү.

15. Окутуу процессинде  пайда болгон суроолорду тактоо, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу багытында реферат, илимий-педагогикалык, психологиялык макалаларды жазуу ж.б. боюнча жеке (индивидуалдык) консультацияларды уюштуруу.

16. Ысык-көлдө МУГАЛИМДЕР ҮЙҮН уюштурууга жетишүү

17. Жайкысын тематикалык семинарлар, педагогикалык окуулар, республикалык, эл аралык конференциялар Ысык-Көлдө (МУГАЛИМДЕР ҮЙҮНДӨ) өткөнү максатка ылайыктуу.

18. Окутуу процессинде рыноктун мыйзам-ченемдерин пайдаланып, айлык маянаны көбөйтүүнү ийкемдүү колдоно билүү, ага мугалимдердин психологиясын ынандыруу.

19. Кайрадан мугалимдердин санаторий-профилакторийинин ишке киришине жетишүү.

Албетте, бул багытта көп түрдүү тоскоолдуктар, кыйынчылыктар көп кырдуу  ойлор, сунуштар болушу ыктымал. “Көп түкүрсө көл болот” деген кеп бекер эмеспи, жалпы эриш-аркак аракет жасасак, мүмкүн ишке ашып калар. Албетте, бул бир адамдын гана көз карашы…

Дүйшөн Султанкулов, 

Мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун 

ага окутуучусу  


ПРИЕМНАЯ КАМПАНИЯ 2016: В КЫРГЫЗСТАНЕ ВОСТРЕБОВАНЫ ПЕДАГОГИ, ГОРНЯКИ И АГРОНОМЫ

$
0
0

Остались позади Итоговая государственная аттестация выпускников школ, тестирование претендентов на «красный» аттестат, а также Общереспубликанское тестирование. В качестве «предприемных» этапов остается только «позднее» Общереспубликанское тестирование выпускников, по тем или иным причинам не успевшим принять участие в основном тестировании. Тестирование состоится 23-24 июня в городах Бишкек и Ош.

Теперь, следующий самый ответственный  этап для выпускников школ – конкурс и зачисление в высшие учебные заведения. Главный специалист Управления образовательной и молодежной политики Минобразования КР Евгения ЧУБУКОВА разъяснила газете «Кутбилим» о том, как будет проходить в этом году приемная кампания в университеты и институты нашей страны, какие новшества и изменения ожидают абитуриентов этого года.

- В первую очередь вопрос об Общереспубликанском тестировании. И в этом году, как обычно,  прием в вузы будет осуществляться по итогам ОРТ?

- Конечно. Дело в том, что в соответствии с Положением об  Общереспубликанском тестировании абитуриентов, утвержденным постановлением Правительства КР от 2006 года, и кроме того, в соответствии с  результатами тендера, состоявшегося в 2014 году, в качестве независимой тестовой службы по проведению общереспубликанского тестирования был  определен Центр оценки в образования и методов обучения (ЦООМО). Победитель тендера на 3 года ЦООМО  — это 2014, 2015, 2016 годы.

Как известно, в настоящее время результаты ОРТ являются обязательными для зачисления на все формы обучения в вузы независимо от их формы собственности.

Регистрация на ОРТ проводилась с 15 февраля по 7 апреля этого года. Выпускники этого года регистрировались по месту учебы, выпускники прошлых лет регистрировались в районных и городских отделах образования.

Тестирование состоялось в два этапа: 17-18 мая и 20-21 мая. Для абитуриентов, не имевших возможность пройти ОРТ в мае, 23-24 июня будет проведено «позднее» тестирование. 16, 19 мая и 22 июня – дни подготовки тестовых центров. В эти же дни на базе тестовых центров будет проводиться дополнительная регистрация абитуриентов, не успевших зарегистрироваться предварительно. Всего на территории республики будет организовано 124 тестовых центра на базе общеобразовательных школ. Следует отметить, что в этом году, для участия в ОРТ зарегистрировалось 48211 абитуриентов, из них кыргызский язык тестирования выбрали 31102 абитуриента.

 - Расскажите подробнее об обязательных и предметных тестах. На какие специальности, какие тесты необходимы?

- Как я уже говорила, прием в вузы республики на все формы обучения осуществляется по результатам общереспубликанского тестирования.

Для поступления на грантовое обучение обязательными являются основной тест и предметный тест в зависимости от профиля специальности (для медицинских – химия и биология, для гуманитарных – история или английский язык, для технических – математика или физика).

Для абитуриента, желающего поступить на контрактной основе по всем формам обучения (очная, заочная, вечерняя), обязательным является основной тест, наличие профилирующего предметного теста дает преимущественное право абитуриенту при зачислении на соответствующие направления.

Сертификаты ОРТ абитуриенты получат по месту регистрации после 20 июня. На оборотной стороне сертификата будут указаны сроки и процедуры проведения конкурса в вузах.

Конкурс на поступление проходит непосредственно в высших учебных заведениях.

 

- Приемная кампания в этом году,  как и ранее, состоится в несколько туров?

- Разумеется, специфика процедуры   зачисления предусматривает наличие двух или трех туров.  Правила конкурсного зачисления во всех турах одинаковы. Конкурс на зачисление начнется 11 июля. Сбор отрывных талонов закончится 13 июля в 14.00 часов. 14 июля до 10 часов утра будут вывешены списки абитуриентов, рекомендованных к зачислению. Абитуриент, прошедший по конкурсу, должен в двухдневный срок, то есть, до 16 июля, подтвердить свое желание учиться на данной специальности, иначе его место считается вакантным. Если после первого тура в вузе останутся вакантные места, то с 18 по 23 июля вуз проведет второй тур зачисления. Третий тур проводится с разрешения Министерства образования и науки с 25 по 30 июля, и для участия в нем абитуриент предоставляет сам сертификат.

 

- Каков в этом году пороговый балл, он остается на уровне прежнего года или повысится?

- Как вы знаете, к конкурсу на получение гранта и на контрактную форму обучения допускаются только те абитуриенты, которые получили по основному тесту баллы выше порогового. Так же как и в прошлом году в 2016 году пороговый балл установлен по основному тесту на уровне 110 баллов, по каждому предметному тесту 60 баллов.

Выпускникам общеобразовательных школ, подтвердившим получение аттестата о среднем общем образовании с отличием в Национальном центре тестирования при МОН КР и получившим по основному и предметным тестам баллы выше установленных пороговых баллов, к результатам каждого предметного теста будут прибавлять по двадцать баллов.

Вне конкурса на грантовое обучение зачисляются:

- 50 абитуриентов, показавших лучшие результаты в ОРТ;

- абитуриенты, занявшие 1-2 место в республиканской олимпиаде школьников или являющиеся призерами международных олимпиад, на специальности и направления, с которыми совпадает предмет олимпиады, при условии их участия в общереспубликанском тестировании.

Также это те абитуриенты, которые заняли 3 место в республиканской олимпиаде школьников, на педагогические специальности, по которым предмет олимпиады является профилирующим, при условии их участия в общереспубликанском тестировании.

Кроме этого, при зачислении на грантовое обучение учитываются социальные категории абитуриентов, выпускники школ Бишкека, выпускники школ областных центров и малых городов, выпускники сельских школ, выпускники школ, расположенных в высокогорных зонах Кыргызстана.

Кроме того,  это абитуриенты-льготники (инвалиды I, II групп, лица, приравненные по льготам и гарантиям к участникам войны и к инвалидам войны, инвалиды детства, дети-инвалиды, дети-сироты и дети, оставшиеся без попечения родителей, военнослужащие уволенные в запас, дети лиц, погибших в событиях 2010 года, лица, имеющие статус кайрылманов).

Конкурс проводится отдельно в рамках каждой категории. Абитуриенты-льготники зачисляются в вузы на грантовое обучение в рамках отдельной квоты.

Отдельная квота грантовых мест предусмотрена также для абитуриентов из числа лиц, имеющих статус кайрылманов, и для детей лиц, погибших в событиях 2010 года.

- Это прием на грантовое обучение. А каковы условия приема юношей и девушек на контрактное обучение?

- На контрактное обучение конкурс проводится без учета категорий абитуриентов.

Лица, поступающие в вуз на базе высшего образования или на базе среднего профессионального образования по профилю на ускоренные программы обучения, зачисляются в вуз на основе результатов аттестационных испытаний, проводимых вузами самостоятельно.

Результаты ОРТ не требуются при зачислении в вузы культуры и искусства и на специальности физической культуры и спорта.

- Наших читателей особо интересуют специальности, на которые выделяются гранты. Каковы приоритеты в этом году?

- На 2016-2017 учебный год для вузов республики выделяется 5705 грантовых мест. В этом году внесены некоторые изменения в распределение по специальностям. Основными направлениями в 2016 году определены компьютерные технологии, сельское хозяйство, энергетика, промышленность и горнодобывающая промышленность. Таким образом, абитуриенты, желающие обучиться по государственному заказу, в этом году могут подать документы на факультеты, которые готовят специалистов в сфере энергетики (200 мест), сельского хозяйства (420 мест), большое количество мест выделено на компьютерные технологии (420 мест) и более 600 мест на горнодобывающую промышленность и промышленность, в целом. Также значимое количество мест распределено по направлениям здравоохранения (400) и образование (2095).

Айнура КАНИМЕТОВА, «Кутбилим»

 

КЫРГЫЗ АЛФАВИТИН РЕФОРМАЛООНУН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ БАРБЫ?..

$
0
0

 Дүйнө жүзүндө бардык элдерде алфавитти реформа кылуу үч багытта жүрүп келген:

Биринчиси жана негизгиси – тилин жана элин сактап калуу багыты. Экинчиси, бийлик жана байлык элитасы өз элин маӊкурт кылуу багыты (албетте, мындай учурларда сырткы күчтөрдүн таасири чоӊ болгон). Үчүнчүсү, метрополиянын колониялдык элге өз алфавитин, жазмасын, керек болсо тилин таӊуулоо максатында жүргүзүп келген багыты.

Алфавитти реформа кылуу дүйнөлүк тил илиминде кеӊири орун алган прогрессивдүү же регрессивдүү көрүнүш болгон. Мисалга алсак, орустар мындан миӊ жыл мурун (Киевская Русь) кириллицага өткөндө регрессивдүү көрүнүш болгон, анткени ага чейинки рун тамгасы менен жазылган 6 миӊ жылдык тарыхы жок кылынган. Россия XVIII кылымда гана прогрессивдүү жолго түшө баштаган (М. В. Ломоносов, Российская грамматика, 1755 г.).

Кыргыз эли да миӊ жылдай мурун, Карахан доорунда, ушундай эле окуяга дуушар болгон. Айырмасы: орустарга латын тамгаларынын негизинде Библияны окутуу үчүн кириллица таӊууланган болсо, кыргыздарды ислам дининин алкагында кармап туруу үчүн араб тамгасы таӊууланган. Экөөнүн теӊ максаты бирдей: улуттун тарыхый эс-тутумун жоготуп, өздөрүнө баш ийдирип алуу. Бүгүн да бул көрүнүш кеӊири жайылып бара жатат.

1924–жылы араб алфавити белгилүүөлчөмдө кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайыкташтыруу менен кайрадан иштелип чыккан. Бул реформанын негизинде туӊгуч улуттук газетабыз “Эркин Тоо” жарык көргөн жана жазма адабий тилибиздин калыптанышына биринчи кадам ташталган. Бирок араб алфавити кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн толук чагылдыра алган эмес, айрыкча, кыска үндүүлөр менен созулма үндүүлөрдүн айырмасын араб тамгалары менен берүү кыйла кыйынчылыктарды жараткан.

Коммунисттик партия ошол кезде эле СССРдин аймагында жашаган бардык элдерди “формасы боюнча улуттук, мазмуну боюнча социалисттик” аттуу утопиялык коомду курууга бириктирүү максатында иш жүргүзө баштаган. Россия падышачылыгынын мурунку колониялары автономиялык же социалисттик республика болуп жарыяланып, көпчүлүгүнүн өз жазмасы болбогондугуна байланыштуу кириллицага өткөзүү демилгеси колдоого алынган. Бул талкуу Кара-Кыргыз автономиялык областында 1925-жылы башталган. Бирок түрк тилдүү элдердин басымдуу көпчүлүгү латын тамгасын колдонууну ылайык көрүшкөн. Бул чечим 1926-жылы Баку шаарында өткөн конференцияда кабыл алынган.

Ошентип, 1928-жылы латын графикасына өтүү прогрессивдүү көрүнүш болгон. Элдин сабатсыздыгы жоюлган, окуу китептери жазылган, жазма адабиятыбыз калыптанган. Латын тамгалары кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө дээрлик жооп берген. Тилекке каршы, саясый окуяларга байланыштуу латын жазмасын сактап кала албадык.

Большевиктердин дүйнөлүк революция жана коммунизмди куруу идеясын ишке ашырууга бөгөт болууда деген шылтоо менен дин жолунда жүргөндөр (ал кезде бүгүнкүдөй ашкере динчилдер деле жок эле – А.С.) же жөн эле күнүмдүк турмушунда араб тамгаларын колдонгондор “панисламисттер” деп аталып, латын графикасы менен жазып, түрк элдери биримдикте бололу деген идеяны жактагандар “пантүркисттер” деп караланып, куугунтукка алына баштаган. Аягы 1937-1938–жылдары “эл душмандары” деген жалган жалаа жабылып, кандуу репрессия менен бүткөндүгү элдин жүрөгүндө кетпес так болуп кала берди.

1939-1940-жылдары узак талкуудан кийин Кыргыз тили менен жазуусун илимий изилдөө институту тарабынан (1936-жылы негизделген) И.А. Батманов, А. Токомбаев, Ж. Шүкүров, К.К. Юдахин сыяктуу окумуштуулардын, жазуучулардын, коомдук ишмерлердин түздөн-түз катышуусу аркылуу даярдалган кыргыз жазуусун орус графикасына (же кириллицага) өткөзүү жөнүндөгү долбоор Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетине сунушталган. 1941–жылы январь айында долбоор Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 4-сессиясында талкууланып, кыргыз жазуусун жаӊы алфавитке өткөзүү жөнүндө Закон кабыл алынган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму 1941–жылы 12-сентябрда жаӊы алфавиттин эрежелер жыйнагын, 1953–жылы 30–майда жазуу эрежелеринин такталган жаӊы текстин атайын Указ менен бекиткен.

Анда орус алфавитинин бардык тамгалары пайдаланылсын жана мурунчул  ӊ  менен эринчил  ө, ү  тыбыштары орус тилинде жок болгондуктан кошумча тамга катары киргизилсин деген чечим кабыл алынган.

Кыргыздар айтмакчы, ээрге отурганда эле кыйшык отурганбыз. Талдап көрөлү. Эмне үчүн жогоруда аталган тыбыштардай эле орус тилинде жок, бирок өз алдынча фонемалык касиети бар  К к  жана  Г г  тамгалары алфавиттин курамына кирбей калган?

К.К. Юдахин, К. Карасаев өӊдүү авторлор кыргыздар үндөштүк законуна ылайык ансыз деле жоон үндүүлөр (а, о, у, ы) келген сөздөрдө к тыбышын кыйналбай эле айтышат, ошон үчүн алфавитке ашка жүк, башка жүк кылбай, бир эле тамганы (к) калтыралы деген сунушун таӊуулашкан. Бул пикир бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Башка түрк элдери, мисалы, казактар, өзбектер, азербайжандар, балгарлар, карачайлар айтылган тамганы өз алфавитинде сактап калышкан.

Алфавиттин долбоорун даярдагандар тарабынан кыргыздын түпчүл  К,  Г жана К, Г тыбыштары эки башкача жасалары, бөлөк үнсүздөрдө мындай касиет жок экендиги, тилдин сингармонизм (үндөштүк) законун так ушул аталган үнсүздөр кармап турары, оозеки чыгармачылыкта кеӊири кездешкен  тыбыш экендиги (айрыкча, “Манас” эпосун айтууда), түпкүрдөн бери келе жаткан сөздөрүбүздүн айтылуу эрежесин сактап калуу керек экендиги сыяктуу жүйөлүү себептер эске алынган эмес. Анын үстүнө жазуу эрежеси сөзсүз түрдө айтылуу эрежесине таасирин тийгизери анык эмеспи.

Орус алфавитинин кээ бир тамгалары, мисалы,  в, ъ, ю, ь, щ, ф, ц кабыл алынган сөздөрдү жазууда пайдаланылат деген эреже киргизилет дагы, я, ё, е, ю тамгаларынын статусу такталбай кыргыз тилинин төл сөздөрүн жазууда колдонууга жол берилет.

Жазууда  а, о, у, э  үндүү тыбыштары  й  тыбышанан кийин келсе, я, ё, ю, е (М.: аяк, туюк, киет, коён ж.б), созулма  оо, уу  үндүүлөрү  й  тыбышынан кийин келсе,  ёо, юу  түрүндө жазылат (М.: боёо, баюу ж.б.) деген эреже киргизилет.

Жыйынтыгында, морфологиялык принцип бузулуп, көп сөздөрүбүздү уӊгу-мүчөгө ажырата албай калдык. Мисалы, эреже боюнча: таята, туурасы: тайата – бул сөз эки уӊгудан турары балага деле түшүнүктүү болуп турат. Ошондой эле, баюу-байуу, тоюу, тойуна, тойума, киет-кийет, (салыштыр: кийим, кийем, кийесиӊ, байыймым, байыйсыӊ, байыйт ж.б). Бул эрежени киргизүүдө авторлор араб, фарси, татар тилдерин билгендиги жана ошол тилдердин эрежелерин пайдалангандыгы байкалып турат.

Орус тилинде аталган тамгалар  j (йот)тыбышы аркылуу айтылып, үнсүздөрдүн жана үндүүлөрдүн жумшарып кетүүсүн шарттайт. Мисалы: дядя, тетя [транскрипцияда: [д`aдъ], [т`оть]. Ошол үчүн бул тыбыш өзүнчө тамга катары орус алфавитине киргизилген эмес.

Ал эми кыргыздар жасалуу орду боюнча эки башка фонеманы, тактап айтканда,  j  тыбышы менен  й  тыбышын жаӊылыш алмаштырып алышкандыктан “йоттошкон тамгалар” жөнүндө талаш бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.

Орустар жумшак үнсүздөрдү туура жазуу жана айтуу үчүн  ь  (ичкертүү) жана  ъ  (ажыратуу) белгилерин алфавитке кошумча тамга катары киргизишкен. М.: мать, подъезд, беречь, съезд ж.б.

Кыргыз тилинин жазуу эрежесин түзүүдө орус тилинин мындай өзгөчөлүгүн “билбей калуу” да таасирин тийгизген. Анткени биз жумшак үнсүз деп ”звонкий” (б, в, г, д, з) үнсүздөрдү түшүнүп алганбыз.

Орус тилинде дагы бир эреже бар: сөздүн башында  Э  жазылат, башка жерлеринде  е  колдонулат деген. Бул эрежени да кыргыз тилине түздөн-түз которуп алганбыз. Айрыкча,  е  тамгасы же кыска үндүүлөрдүн санында жок, же созулма үндүүлөрдүн санында жок, бирок, ичке үндүүлөрдүн катарында кеӊири колдонулууда.

ХХ кылымдын 50-70-жылдарында мектептерибиз, институттарыбыз көбөйүп, Илимдер академиясы ачылып, дүйнөгө таанылып, кириллица кыргыз эли үчүн прогрессивдүү ролду ойной баштады. Кыргыз тилине мүнөздүү эмес, кээ бир тыбыштарды (в, ф, я, ю, ё) өздөштүрө алдык. Бул биздин байлыгыбыз. Бирок шашылыш кабыл алынган алфавитте кемчиликтер да калды. Бүгүнкү күнгө чейин талаш маселелерди туудуруп келе жаткан көрүнүштүн тамыры 1941-жылы сентябрь айында кабыл  алынган жазуу эрежесинде.

Жогоруда айтылган кемчиликтерди жоюу биздин ыйык милдетибиз. Демек, кыргыз алфавитин реформа кылуу зарыл деп эсептейбиз.

Реформанын максаты: XIX–ХХ кылымдарда сүйлөгөн тилибизди элибиздин эс-тутумунда сактап калуу жана адабий тилибизди мындан ары жаӊы баскычка көтөрүү жана өнүктүрүү.

Биринчиден, кыргыз тилинин колорити, өзгөчөлүгү сакталып калат.

Экинчиден, жазуу эрежесинин (орфографиянын) фонемалык, морфологиялык, тарыхый (же салттуу) принциптери толугу менен ордуна келет.

Үчүнчүдөн, көөнө кыргыз тилинин сөздөрү бузулуп жазылууга жана айтылууга дуушар болбойт.

Төртүнчүдөн, бирден-бир байлыгыбыз “Манас” эпосу баш болгон элдик оозеки чыгармаларыбыз, акын-жазуучуларыбыздын, окумуштууларыбыздын эмгектери оригиналда кандай болсо, так ошондой айтылып, окулуп, жазылып, транскрипцияланып дүйнөгө таанылып турат.

Бешинчиден, 150 жылдан бери кириллица менен жазылып жыйналган миллиондогон тонна байлыгыбыз, келечек муун үчүн ошол бойдон сакталып калат.

Ой толгоо. Экономикалык жактан алып караганда мамлекеттик бюджетке чоӊ жүк болбойт.

Убакыт жагынан алып караганда процесс 15-20 жылдын ичинде аяктайт.

Саясий жагынан алганда элибиз башка өлкөлөрдүн, өзгөчө түрк тилдүүөлкөлөрдүн (Түркия, Өзбекстан, Казакстан) таасиринде калбайт жана сиӊип кетпейт (мисалы, Армения жана Грузия өз алфавитин сактап калуу менен бирге улуттук иденттүүлүгүн да сактап кала алышты). Орус тили тарабынан таӊуулоо же сиӊирип кетүү коркунучу жок.

Идеологиялык жактан алганда элди эл катары кармап турууга чоӊ мүмкүнчүлүк түзүлөт, мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетпейт. Андан тышкары, келечек  муундарга эч качан колдонуудагы тамгаларыбызды бөтөн элдердин тамгаларына (мисалы: латын, араб ж.б) алмаштырбагыла деген мурас калтырышыбыз керек.

2.Кыргыз тилиндеги К к (кы) жана Г г (гы) тыбыштары өзүнчө тамга менен белгиленген эмес. Бул тамгаларды сөзсүз түрдө алфавитке киргизүү керек.                 

Сунуш:

 1. Кыргыз тилинин алфавитин эки топко бөлүү сунушу киргизилет:

1-топ – кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө толук жооп бере турган  тамгалар:

Аа, Бб, Гг, Гг (гы), Дд, Жж (дж), Зз, Ии, Йй, Кк, Кк (кы), Лл, Мм, Нн, ӊ, Оо, Өө, Пп, Рр, Сс, Тт, Уу, Үү, Хх, Чч, Шш, Ыы, Ээ – баары 28 тамга.

2-топ – Вв, Ее, Ёё, Жж, Фф, Цц, Щщ, ъ, ь, Юю, Яя – баары 11 тамгадан турат да чет тилдерден кирген, бирок кыргыз тилинде кеӊири колдонулуп жүргөн сөздөрдү жазууда пайдаланылат. Мисалы: вагон, телевизор, жюри, фабрика, цемент, борщ, съезд, тюль, юрист, химия, Владимир, Яковлев, Москва, Ярославль, ж.б.

Эскертүү: кыргыз тилинин төл сөздөрүн жазууда колдонулбайт.

3. 1-топтун тамгалары жазуу эрежелери менен такталат.

2-топтун тамгалары орус тилинин эрежесине ылайык колдонулат.

Эскертүү: 2 топ теӊ алфавиттин корунда калат, бирок эки башка саналат жана окутулат.

Анарбай Сыдыков,

филология илимдеринин доктору, К.Карасаев атындагы БГУнун профессору.

Предложения профессора КТУ «Манас»по приему абитуриентов в вузы

$
0
0

Вследствие того, что прием студентов только на основе ОРТ для условий нашей республики был признан не очень подходящим, согласно постановлений ПКР от 21 мая 2011 года за №256 и его редакций от 28 марта 2012 года за №215, а также от 19 июня 2012 года за №429, «ПОРЯДОК приема в высшие учебные заведения Кыргызской Республики» была введена система квотирования.

По моему мнению,  целью установки квот был учет нижеследующих обстоятельств:

1. Победители олимпиад по профильным дисциплинам являются наиболее перспективными студентами и способными специалистами по избранным специальностям, поэтому им отдается высшее предпочтение;

2. В высокогорных районах условия по обучению намного хуже, чем в других регионах и, при равных способностях, абитуриенты из этих мест будут иметь меньшие баллы ОРТ, поэтому  им отдается предпочтение — по сравнению с жителями других населенных пунктов (селами, малыми городами и городами);

3. Точно так же считается, что в селах условия по обучению хуже, чем в малых городах и городах, поэтому  им тоже отдается предпочтение — по сравнению малыми городами и городами;

4. Так же считается, что в малых городах условия по обучению хуже, чем в больших городах, поэтому  им тоже отдается предпочтение — по сравнению с большими городами.

Система квотирования, в целом для условий нашей республики, очень оправданная мера, так как нельзя сравнить условия и возможности обучения в высокогорных отдаленных небольших селах и, например, в столице республики. Однако, вследствие не до конца продуманных постановлений и положений, их использование на практике часто приводит к очень несправедливым решениям и результатам.

Ежегодно при применении существующей системы квотирования для десятков абитуриентов в каждом университете (в целом по республике страдают порядка 800-900) допускается грубое ущемление их прав, заключающееся в том, что зачастую «привилегированные» абитуриенты (в порядке снижения привилегированности: победители олимпиад > из высокогорных районов > из сел > из малых городов > из городов) наоборот, оказываются «непривилегированными» и их права ущемляются даже по сравнению с отбором по одному объективному показателю – по результатам ОРТ.

Покажем это на одном конкретном примере.

1. На направление «Прикладная математика и информатика» в КТУ «Манас», было выделено 10 мест. Абитуриентов — городских жителей было 26 человек, квота составила 3,51 – округленно = 4,0; были зачислены в студенты абитуриенты с суммами баллов: 353; 343; 324 и 319;

2. абитуриентов из малых городов было 11 человек, квота абитуриентов была 1,49 – округленно = 1,0; был зачислен в студенты абитуриент с суммой баллов: 345; следующие за ними имели суммарные баллы: 343; 332; 332; 317 и т.д.

3. абитуриентов из сел было 25 человек, квота абитуриентов была 3,38 – округленно = 3,0; были зачислены в студенты абитуриенты с суммами баллов: 369; 341; 328; следующие за ними имели суммарные баллы: 327; 326; 314 и т.д.

4. абитуриентов из высокогорных регионов было 12 человек, квота абитуриентов была 1,62 – округленно = 2,0; были зачислены в студенты абитуриенты с суммами баллов: 337; 303; следующие за ними имели суммарные баллы: 277; 260 и т.д.

5. абитуриентов – победителей олимпиад не было ни одного человека. Победителей олимпиад всегда очень мало и, поэтому, они, если захотят проходить по этой категории, никогда не будут зачислены, так как почти всегда их квота будет равна «0»! Мне кажется, они это понимают и никогда не указывают, что они победители олимпиад!

Таким образом:

А) если бы, например, абитуриентов – победителей олимпиад было бы до 3 человек включительно и у них были бы очень высокие баллы (например, даже выше – 353!), ни один из них не смог бы поступить, так как их квота была бы равной нулю!!

Б) Двое абитуриентов из сел, с баллами 327 и 326, и трое абитуриентов из малых городов, с баллами 343; 332; 332 — имея суммарные баллы выше  баллов зачисленных в студенты абитуриентов из городов, оказались не зачисленными!

Таких примеров по каждому ВУЗу можно привести десятками.

Для восстановления справедливости и полного достижения цели квотирования,  предлагаю использовать метод «вытеснения». Суть этого метода, в данном случае, заключается в том, что абитуриенты из более привилегированных категорий, при равных баллах и, тем более, при более высоких баллах, должны иметь преимущество перед менее привилегированными абитуриентами.

В таком случае порядок выбора студентов должен быть нижеследующим:

1. На первом этапе отбор должен проводиться в прежнем порядке, то есть надо считать, назовем их так «Условные квоты», а затем, согласно количеству баллов в каждой категории, проводить отбор.

2. После этого, согласно 1-го параграфа приложения методики «Категории абитуриентов и процентное  распределение государственных грантов на его основе» (далее – список) если у абитуриентов расположенных в списке на нижних строчках, не прошедших в студенты, назовем их «первыми», т.е. более привилегированные, баллы окажутся равными или большими, чем у отобранных на первом этапе абитуриентов и находящихся выше, назовем их «вторыми», т.е. менее привилегированные, то «первые» абитуриенты могут и должны вытеснять «вторых» и должны быть отобранными для зачисления в студенты. Этот метод «вытеснения», должен применяться ко всем категориям – начиная со вторых по списку и до самого низа (см. ниже: «Порядок использования метода вытеснения…».

3. Только после этого отобранные абитуриенты могут быть зачисленными в студенты.

Порядок использования метода вытеснения для вышеприведенного примера по направлению «Прикладная математика и информатика» в КТУ «Манас» в 2015 году:

Смотрим и находим самые высокие баллы из списка незачисленных абитуриентов из более привилегированных групп и находим: один незачисленный абитуриент, вернее – не вошедший в предварительный список зачисляемых, абитуриентов из малых городов с суммарным баллом в 343 – должен вытеснить на более низкий в списке ряд одного абитуриента из городов, имеющего балл 343. Тогда в предварительном списке зачисляемых по городам будут 4 абитуриента с баллами: 345, 343; 343 и 324.

Теперь снова смотрим и находим самые высокие баллы из списка незачисленных абитуриентов из более привилегированных групп и находим:

Двое абитуриентов из малых городов  имеют одинаковые баллы 332 и 332. Так как они имеют более высокий балл, чем последний условно зачисляемый абитуриент (у него 324 балла), то мы должны выбрать одного из них, например, при других равных  условиях, по времени сдачи документов, и поместить его вместо абитуриента с баллом 324 – в списке из «городов».

Процедура повторяется и из привилегированных «незачисленных» следующий высокий балл имеет абитуриент  из села – 327. Так как его балл ниже чем у всех пока условно зачисленных абитуриентов из менее привилегированных групп, то ничего пока не меняем. Незачисленные абитуриенты из высокогорных регионов имеют балл ниже (277 балла), чем у всех условно зачисленных, поэтому выше полученный список зачисления должен быть признан окончательным.

При объяснении сути предложений, многие начинают говорить о сложности этого метода, появлении «лазеек» для коррупции и подделок и т.п. Я хочу сказать на это, что при внимательном отношении никакой особой сложности в использовании  этого метода нет – все работники приемных комиссий ВУЗов – люди с высшим образованием, а в этом методе лишь очень простая арифметика. Что касается коррупции и т.п. – мы видим, что при желании можно  «делать деньги» в любом месте и на любой должности! Здесь мы не должны забывать, что речь идет о судьбе сотен и сотен абитуриентов и что вышеназванные «трудности», по сравнению с этим,  не идут ни в какое сравнение.

При таком способе отбора сохраняется так необходимый для нашей страны принцип квотирования и, в то же время, не ущемляются права абитуриентов из более привилегированных групп. А эта проблема касается, по моим приблизительныи расчетам, не менее 800 абитуриентов в год.

Я уже с начала осени непрестанно пытаюсь решить вышеуказанную проблему и «пробить» новое постановление Правительства КР – однако мои усилия пока оказываются безуспешными. Предлагал срочно создать рабочую группу при ПКР,  с включением в ее состав работника из МОиНКР, которая должна была подготовить новую редакцию вышеуказанного постановления ПКР, с тем, чтобы до следующей компании по отбору студентов успеть проконсультировать и подготовить  сотрудников приемных комиссий ВУЗов.

К.Кожобаев, профессор кафедры «Экологическая инженерия»  Кыргызско-Турецкого университета «Манас»        

 Минобразования КР считает изменение процедуры квотирования  абитуриентов нецелесообразным

Мы обратились к главному специалисту Управления образовательной и молодежной политики Минобразования КР Евгении ЧУБУКОВОЙ, чтобы узнать точку зрения Минобразования КР по данному вопросу.

- Наше министерство изучило предложения профессора кафедры «Экологическая инженерия» Кыргызско-Турецкого университета «Манас», доктора технических наук К. Кожобаева по изменению процедуры приема абитуриентов в вузы республики в рамках категорий абитуриентов и готовы дать детальный  ответ по данному вопросу.

Система квотирования грантовых (бюджетных) мест по категориям абитуриентов была введена в 2003 году и с небольшими видоизменениями существует по настоящее время.

За годы ее применения дважды вносились изменения в перечень категорий абитуриентов: в 2004 году выпускники школ областных центров и выпускники школ малых городов были объединены в одну категорию, и в 2007 году была введена новая категория абитуриентов – выпускники школ высокогорных районов. С 2012 года абитуриенты, имеющие право на льготы (инвалиды 1,2 группы, дети-сироты и дети, оставшиеся без попечения родителей) стали зачисляться на грантовое обучение в рамках отдельной квоты грантовых мест, которая ежегодно определяется Правительством КР.

В соответствии с Положением о государственных образовательных грантах для обучения студентов в государственных вузах страны, утвержденным постановлением Правительства КР от 2 июня 2006 года, призеры республиканских и международных олимпиад имеют право внеконкурсного зачисления на специальности, по которым предмет олимпиады является профилирующим. Таким образом, квотирование по категориям на призеров олимпиад не распространяется.

Хотелось бы подчеркнуть, что изначально система квотирования по категориям вводилась не с целью определения «привилегированных» категорий абитуриентов, как понимает автор обращения, а с целью обеспечения равного доступа к высшему образованию городских и сельских выпускников.

Это связано с тем, что, к сожалению, объективной реальностью для нашей республики является то, что уровень преподавания в разных уголках страны остается очень неоднородным. Абитуриенты, претендующие на дальнейшее обучение в вузе, находятся в разных стартовых условиях, если говорить о знаниях и умениях, полученных в результате обучения школьным предметам в различных регионах страны.

В настоящее время категории абитуриентов и механизм квотирования по категориям установлены Положением об отборе и зачислении абитуриентов в высшие учебные заведения республики  по результатам общереспубликанского тестирования, утвержденным постановлением Правительства КР от 27 мая 2011 года № 256.

В соответствии с указанным Положением при проведении конкурса на грантовое обучение абитуриенты (кроме абитуриентов, имеющих право на внеконкурсное зачисление), претендующие на получение грантов, делятся на ряд категорий. В частности, это абитуриенты школ Бишкека, абитуриенты школы областных центров и малых городов, абитуриенты сельских школ, абитуриенты школ, расположенных в высокогорных районах.

Во время зачисления грантовые места между категориями распределяются пропорционально: чем больше представителей определенной категории абитуриентов, тем больше грантовых мест они получают. Такая система позволяет проводить отдельные конкурсы в рамках установленных категорий, то есть, например, выпускники сельских школ не конкурируют с выпускниками школ Бишкека во время конкурса.

Мы считаем, что К. Кожобаев делает свои выводы на основании статистики только Кыргызско-Турецкого университета «Манас». Особенностью данного вуза является то, что ежегодно на каждое направление подготовки выделяется небольшое количество грантовых мест – 5-10 мест, в других вузах — как правило, не менее 15 мест. В связи с этим, примеры зачисления в К-ТУ «Манас» нельзя считать типичными для всей республики.

Как показывает статистика, ежегодно в результате зачисления участники тестирования от каждой категории школ получают пропорциональное представительство. Так, в 2015 году наибольший процент (44,7%) зачисленных отмечается среди выпускников сельских школ. Среди участников тестирования выпускники сельских школ составляют практически такую же часть (45,3%).

Распределение (в %) участников ОРТ 2015 года и абитуриентов,

зачисленных на грантовые места в Кыргызской Республике по категориям

Показанная в таблице тенденция сохраняется на протяжении всех лет применения квотирования.

Из ниже приведенной таблицы видно, что показатели среднего и минимального балла абитуриентов, зачисленных на грантовое обучение, в категориях сельских и высокогорных школ ниже, чем показатели в других категориях. Таким образом, имея более низкие баллы, выпускники сельских и высогорных школ имеют равные возможности при поступлении на грантовое обучение в вузы.

Учитывая, что количество грантовых мест для отдельной категории абитуриентов напрямую зависит от количества абитуриентов, участвующих в конкурсе, то иногда возможны ситуации, когда проходные баллы для категории сельских выпускников могут быть выше, чем в других категориях. Как показывает опыт, выпускники сельских школ не всегда ориентированы поступать на технические специальности. Однако, в масштабах республики система квотирования, на наш взгляд, показала свою эффективность.

Кроме того, за счет применения единой для всех вузов формулы для расчета квоты грантовых мест по категориям абитуриентов, действующая система квотирования абсолютна прозрачна и понятна для всех заинтересованных сторон, в том числе для абитуриентов и их родителей, которые в ходе конкурса самостоятельно могут произвести расчеты квот.

Предлагаемая К. Кожобаевым система зачисления значительно усложняет процедуры отбора и зачисления в вузы и, на наш взгляд, будет способствовать возникновению коррупционных рисков при приеме абитуриентов.

Предлагаемый им метод «вытеснения» практически приведет к тому, что категории при зачислении не будут учитываться либо будут ущемлены права выпускников городских школ.  Гораздо проще будет просто отказаться от квотирования и проводить конкурс по общему рейтингу баллов абитуриентов без учета категорий, как при зачислении на контрактное обучение.

В соответствии со статьей 3 Закона КР «Об образовании» граждане республики имеют право на образование независимо от пола, национальности, языка, социального и имущественного положения, ограничений возможностей здоровья, рода и характера занятий, вероисповедания, политических и религиозных убеждений, места жительства и иных обстоятельств. В связи с этим введение «более привилегированных категорий» при зачислении в вузы будет противоречить указанной статье Закона.

Резюмируя все вышесказанное, хотелось бы подчеркнуть, что Минобразования КР считает изменение процедуры квотирования абитуриентов при приеме в вузы нецелесообразным.

Айнура КАНИМЕТОВА,«Кутбилим»

Состоятся  выборы ректоров трех ведущих вузов страны

Этим летом состоятся очередные выборы ректоров отдельных высших учебных заведений.

Выборы ректора  Кыргызской государственной медицинской академии, как сообщили в Минобразования КР, состоятся 30 июня. Кандидатов в ректоры КГМА на данный момент  -12 докторов медицинских наук.

В частности, это: АдамбековДоктурбек, Айдаров Зиябидин, БейшеналиевАлымкадыр, БошкоевЖусуп, БримкуловНурлан, ЖолдошбековЕсенгульди, КасымовОмор, Кудайбергенова Индира, КуттубаевОмурбек, СатылгановИшенбек и др.

В середине июля состоятся выборы ректора ОШГУ. Один из претендентов на пост ректора – ныне действующий ректор Каныбек Исаков. 12 июля состоятся выборы и ректора КГУСТА. Напомним, что ранее состоялись выборы ректора Кыргызского национального аграрного университета имени Скрябина, где был избран ректором РысбекНургазиев.

Напоминаем, что ректор  государственного высшего учебного заведения, за исключением руководителей специализированных государственных высших учебных заведений Министерства внутренних дел и Министерства обороны, избирается на общем собрании коллектива.

Как сообщили в Минобразования КР, выборы происходят  на альтернативной основе, из числа специалистов, имеющих ученую степень и звание, а также соответствующую квалификацию, тайным голосованием простым большинством голосов.

Выдвижение кандидатур на должность руководителя государственного высшего учебного заведения производится его учебными и другими структурными подразделениями либо в порядке самовыдвижения.

Выборы руководителя государственного высшего учебного заведения проводятся и считаются состоявшимися, если в них приняло участие более половины от общего состава коллектива государственного высшего учебного заведения.

Три кандидата, набравшие наибольшее количество голосов, представляются Премьер-министру КР для утверждения одного из них на должность руководителя государственного высшего учебного заведения. Каждый из трех представленных кандидатов имеет равное право быть назначенным на должность.

Руководитель государственного высшего учебного заведения избирается и утверждается на должность сроком на пять лет. Одно и то же лицо не может быть избрано и утверждено на должность руководителя государственного высшего учебного заведения более двух сроков подряд.

Очередные выборы нового руководителя государственного высшего учебного заведения проводятся не позднее тридцати календарных дней со дня прекращения полномочий действующего руководителя. Руководитель государственного высшего учебного заведения осуществляет свои полномочия до вступления в должность вновь избранного руководителя данного высшего учебного заведения.

Айнура КАНИМЕТОВА

 

ИШЕНИМ ИЛИМ МЕНЕН БЕКЕМДЕЛСЕ

$
0
0

Дүйнөгө болгон илимий жана диний көз караштар улуттар, элдер жана жалпы коомчулук менен жанаша жашоо үчүн позитивдүү жагдайды жаратышы маанилүү жана азыркы мезгил талабы. Демократиялык коомдо эркин   ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк  түзүлгөндүктөн кайчы пикирлер пайда болуп, коомдо аӊ-сезимдин көп кырдуу өнүгүшүнө шарттар түзүлдү. Туура, бирок кээ бир региондордо ал көз караштардын теӊ салмагы сакталбай, диний көз караштар таӊууланып, айрым учурда үстөмдүк кылуу менен  өкүм сүрө баштаганын да (Борбордук Азияда) байкоого болот. Учурда ал коомчулук бул оорудан жапа чегип тургандыгын айгинелеп жатат. Ушул кыйынчылыктан жаштардын чыга албай жаткандыгы алардын билим деӊгээлинин чектелүү экенин далилдеп койду. Алардын коомдук кубулуштардын өнүгүү себептерин таанып, аны өз алдынча илимий көз менен анализдеп, тактоого кудуреттери жетпей жаткандыгы өкүнүчтүү. Ооба, алар асмандан түшүшкөн жок, алар биз окуткан мектептерди бүтүрүшкөн… Ал чындык, ушул убактагы мугалимдин, табият илимдеринин мектепте окутулушунун натыйжасын билдирет.

Динди бурмалагандардан сак бололу

Өткөн доордо илимий көз карашты диний ишенимдерге каршы коюу коммунисттик идеологиянын милдети болгон. Биз ал көз караштарды душмандыкка чакырган атеистти идеологиядан кайттык. Туура, а бирок диний көз караш менен илимий көз караштын ортосунда бири-бирине эриш-аркак болчу түз байланышты, кызматташтыкты түзө алдыкпы, албетте, жок. Ошондой болсо да бул багытта кыймылдын, алгачкы өнүгүүнүн башаты  бар. Бирок дагы эле проблемалар чечиле элек. Кийинки проблемабыз болуп түшүнүшүүгө жетишүү, анын формаларын, технологияларын изилдөөдө турат. Албетте, бул түшүнүшүү бир күндө ишке ашчу нерсе же кубулуш эмес. Ага карабастан адам болгондон кийин түшүнүшүүнүн прогрессивдүү жолун издөө, ага карай багыт алуу биздин милдет. Бирок биз туура жолдо баратабыз. Азыркы учурда дин маданияты менен илимдин ортосунда карама-каршы көз караштарды жаратуучулар же конфликттерге алып баруучулар жана мезгилдин күрөө тамырын, коомдун стратегиялык өнүгүү багыттарын түшүнбөгөндөр кездешүүдө. Эч кандай илимий негизи жок, сокур ишенүүдөн диний экстремисттик, террористтик терс окуялардын адамзатка бүлүк салып жатканын көрүп туруп, билмексен болууну да абийир кечирбейт деп ойлойм. Билмексен болуу дегенде диний көз карашка чабуул коюп каршылык көрсөтүү эмес, пикирлешүү, түшүнүшүү, кызматташуу эки көз караштардын тынчтыкта жанаша жашашы үчүн шарт түзүү, тил табышуу менен эки тарап теӊ адамзат кызыкчылыгы үчүн орток чечимге келүү. Коом, табият илимдери жана тажрыйбалар көрсөткөндөй ушул эки көз караштын жанаша жашоосун адамдар айлана-чөйрөгө сабырдуулук (толерантность) менен мамиле кылганда гана турмушка ашышы мүмкүн. Мындай ой менен мен Американы ачкан жокмун, бул ойду баарыбыз билебиз. А бирок кайдигерликтен бул проблеманы кимдир бирөөнүн ишке ашырышын каалап келебиз. Кеп ошондо. Эски замандан калган жакшы эмес адат биздин канга сиӊип калган. Мындан кутула албай жатабыз. Бул көйгөй биринчи кезекте мугалимге  (өзгөчө табият сабактарын окуткан) тиешелүү жана андан соӊ бу багытта коомчулуктун күнөөсү да жок эмес.

Алгачкы адамзат доорунда тарых көрсөткөндөй, дин маданияттарынын максаттары да адамзаттын башын кошуу болгону белгилүү. Ошондуктан азыр илимий билимди диний көз карашка карама-каршы койбостон көп кырдуу конструктивдүү пикирлерге, көз караштарга чакыруу менен позитивдүүөнүгүүгө умтулуу туура болор эле. Таалим-тарбиялоо процессинде конструктивдүү диалогдор менен далилдүү, аныкталган илимий чындыкка болгон багытты бек кармоо максатка ылайыктуу болор эле. Дин маданиятынын нравалык-этикалык эрежелери, улуттар ортосунда сый-урматты, мамлекеттер арасында ынтымак-ырашкерликти, кызматташууну пайда кылган жактарын баарыбыз кубаттайбыз жана колдошубуз керек деп эсептейм. Анткени дин маданияты табиятынан адамзатка каршы эмес, тескерисинче, анын кызыкчылыгы үчүн жаралган. Айрым адамдар диний окуулардын тереӊ мазмун-маӊызынан четтөө менен аны жеке, өздүк кызыкчылык үчүн пайдаланышып келишет. Азыр Жакынкы Чыгышта дал ушул арекеттер далилденип жатат. Мындан биз негизсиз эле диний көз карашты сындабай, динди бурмалаган адамдарды, уюштуруучуларды сындап, күнөөлөшүбүз керек. Ал эми кайсы бир диний экстремисттик агымдардын кудайдын атын булгаган тескери жоруктары, эл аралык касташууга, улуттарды, элдерди бөлүп-жарууга багытталган, адамзат тагдыры менен ойногон “ислам динчилдерин” (ИГИЛ) эмне үчүн сындоого болбосун. Турмуштагы оӊ, терс окуяларды, коомдогу кубулуштардагы акты ак, караны кара деп айтуудан чындык бузулбайт.

“Ысык сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” болуп, дин жөнүндө пикир айтсам атеист аталып балээге калам деген стереотиптик коргонуу инстинкти мугалимдин жүрөгүнөн дагы эле кете элек (өткөн кылымдын отузунчу жылдарындагы репрессия). Дин маданиятынын жана илимдин адамзатка тийгизип жаткан оӊ жактарын жана кемчилдиктерин айтуу биздин акыйкат, калыстыгыбыз. Жетишкендиктерди, кемчилдиктерди белгилеп, аны сын көз менен карап, адамзат коомун андан ары карай өнүктүрүшүбүз керек. Илим жана техниканы, дин маданиятын  адамдар өнүктүрүшөт, алар дайыма эволюциялык өнүгүү жолунда, ал каткан таш эмес (догма). Ал жандуу кыймылды адамзат Аалам пайдасына чечүү адамдардын ыйык милдети деп түшүнүүбүз кажет. Ошол эле учурда дин маданиятынын жана илимий көз караштардын коомдун өнүгүшүнө, адамзаттын жанаша жашоосуна залалы тийбеши керек. Дин маданиятынын классикалык стратегиясын бузбай, андан алыстабай жашообуз маанилүү. Кылымдардан бери келе жаткан диний ишеним адамзаттын рух маданияты.  Тарыхый маалыматтарга караганда дин маданияты жаралганда эле адамдардын башын бириктирүүгө, туура башкарууга умтулган, ички маданият, жанаша жашоо, карым-катыш эрежелерин  камтыган өзүнчө бир конституция болгон эмеспи. Адамдар милдеттүү түрдө бир нерсеге ишенип, таянып жашашы керек, ал адамдардын ички руханий керектөөсү. Ал динби же башка идеологиябы иши кылып рух дүйнөсүнүн талабы. Кайсы жерде дин ишеними, маданияты четтетилсе, анын ордун башка бир нерсе ээлеп алат. Мисалы, социалисттик коом убагында ал бош орунду коммунисттик идеология ээлеп алган. Бирок ал орун алмашуу толук кандуу жакшылыктуу жыйынтык бере алган жок.

Эмне үчүн жаштар диний агымды ээрчип кетип жатышат?

Дин маданиятын жеке адамдар бийлик, байлык, атак-даӊк үчүн пайдалана баштагандыктан, азыр да ар кандай диний агымдар пайда болуп жатат. Аларга: тилекке каршы айрым фундаменталдуу илимий түшүнүктөрү чектелүү жаштар жетеленип кетүүдө. Буга ким күнөөлүү? Ооба, күнөөлүү деп конкреттүү бир адамды кармоого мүмкүн эмес. Андыктан ага эч ким жооп бербейт. Азырынча ага жоопкерчилик жок. Муну кимдир бирөөлөргө ыйгармайынча ушундай башаламандык өкүм сүрө бериши мүмкүн. Бул проблеманы чечүүнүн башаты мектепте, дагы тактап айтканда, табият илимдерин окутуп жаткан мугалимдерде, класс жетекчилерде, коомчулукта… дагы улай берсек уландысы көп.

Мындан эмне үчүн жаштар диний агымдарды ээрчип кетишет деген суроо да пайда болот. Анткени жаштардын фундаменталдуу илимий билими болбогондуктан, туруктуу турмуштук позициясы жок, бул — биринчиден. Экинчиси, жаштар бат эле бакубат-бардар жашагылары келет, үчүнчүдөн, жумуш орундарын өздөрү түзүшө алышпайт. Ошол эле учурда коомдогу социалдык–экономикалык кризистин да тиешеси бар. Жакырларды, кесиби жокторду же өз жөндөмүн аныктап билбегендерди, өзүнө ишенбегендерди, табиятынан жетеге көнгөндөрдү, социалдык ар кандай депрессиялык абалдарда калган жаштарды үндөөдө (даваат), материалдык кызыктыруулар аргасыз ээрчитип жатат.

Эми XXI кылымда адамдар курал көтөрүп, бири-бирине душман болуп адамдарды кырып жок кылуу керекпи? Канча адамдар октон учуп жатат. Коомдо башаламандык, мамлекеттер аралык тирешүү, социалдык–экономикалык кризис, миграция ж.б. негативдүү болгон коомдук кубулуштар чыгууда. Бул окуялардын баары динге жамынуу менен дүйнөгөүстөмдүк кылуу, керек болсо диний Ислам мамлекетине айландыруу, жер шарын менчиктөө. Бул чоӊ катачылыктын башкы себеби баягы эле табигый предметтерди окутууда дүйнөгө болгон илимий көз карашты калыптандыруу жана өнүктүрүү маселесине маани берилбегендик деп эсептөөгө болот. Биз, мугалимдер, стереотиптик көз караштан али чыга элекпиз, дагы эле жогорку бийликтен көп кырдуу кайчы пикирлерди талдоо, илимий көз караштарды өнүктүрүү боюнча өз алдыбызча чыгармачылык менен иштебестен жогору жактан көрсөтмөлөрдү  күтүп жатабыз.

Бул диний фанатизмге жаштардын кирип жатышы агартуу кызматкерлерин, мугалимдерди эки эсе ойлондурушу керек деп түшүнөм. Бүгүн мектепте табият предметтерин окутууда дүйнөгө болгон илимий көз караштарды калыптандыруу жана өнүктүрүүөз деӊгээлинде эмес экендигин турмуш айгинеледи. Ошол физика жана табигый предметтерди окутуп жаткан мугалимдер окуучулардын илимий көз караштарын калыптандыруу жана өнүктүрүү багытында татыктуу, мезгилге шайкеш окутуу-тарбиялоо процессин жүргүзө албай жаткандыгыбызды Чыгыш Азияда болуп жаткан негативдүү тарыхый окуялар далилдеп жатат. Улуу муундун өкүлдөрү, агартуу кызматкерлери, жалпы эле коомчулук иш өткөн соӊ “балтабызды ушинтип ташка чабабыз”. Бирок азыр да кеч эмес. Проблеманын учурда актуалдуулугун түшүнүп эле койбостон, коомчулук, агартуу тармагынын кызматкерлери колдон келген салымды кошушат деп ишенем. Албетте, жаштарга жол көрсөтүү жалпы коомчулуктун адамдык сапатынын бир бийик даражасын көрсөтөт.

Менин пикиримде: сабакта, тарбиялык сааттарда жөнөкөй эле табият кубулуштарынын жана табигый процесстердин келип чыгышын, өзгөрүшүн, айлануу себептерин илимий негиздеп, далилдүү тажрыйбалардын жардамы менен салыштырып түшүндүрүү жетишпей жатканын турмуш тастыктап жатат. Бул ой-пикир менен диний көз карашка илимий көз карашты каршы коюу эмес, табият кубулуштарынын ички сырынын чечилишин далилдөө менен окуучуларды чыныгы илимий негизи бар түшүнүккө, көз карашка ээ кылуу. Физика предметинин үч негизги милдети бар, ал: илимий фундаменталдык билим берүү, илимий көз карашты калыптандыруу, физиканын прикладдык маанисин ачып окутуу. Ушул максат-милдеттер таалим-тарбия процессинде эске алынса, дүйнөдө бейкапар адамдар жашашса дегеним…

Дүйшөн Султанкулов

КББАнын окутуучусу.

ЖУРНАЛИСТТЕН ЖУУРУЛГАН ЮРИСТ

$
0
0

Сот бийлигиндеги ачык-айкындык жана маалымат саясатын жогорку деңгээлге көтөргөн Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошеванын бейнесине штрихтер.

Дээринде бар

 Айнуранын окуучу кезинде эле зээндүү болуп алдыга суурулуп чыгып,  эмгек жолу башталгандан бери өӊчөй ийгиликтер менен коштолуп келатканын көрүп, кыргыздын ушундай чыгаан кызына көз тийбесин деген тилек сөздү ыроологуӊ келет. Балыкчы шаарындагы Ленин атындагы орто мектепте окуп жүргөндө эле шаардык, областтык, республикалык олимпиаданын жеӊүүчүсү болуп,  мектепти артыкчылык аттестаты, күмүш медаль менен аяктаганы анын окуучу курагында эле интеллектуалдык-нарктык фундаменти жакшы түптөлгөнүн көрсөтөт. Улуттук университеттин журналистика факультетин алдыӊкылардан болуп аяктап, андан кийин “Европа плюс”, «Кыргызстан обондору», “Миӊ-Кыял” радио компанияларында реклама иштери боюнча менеджер болуп жемиштүү эмгектенди. Башкасын айтпайлы, өзү газетага берген маегинде белгилегендей, радионун реклама мүнөтүн телеканалдын мүнөтүнөн да кымбат сатууга жетишкени мыкты медиа-менеджерликтин эӊ сонун мисалы эмеспи. Анын тынбай жүгүрүп, майын чыгара иштеген мээнети натыйжада “Миӊ-Кыял” радиосуна жыл аягында миллиондук киреше алып келгенин ал жердеги кесиптештери али унута элек чыгар.

Жапайы рыноктон чыга албай жаткан Кыргызстанда реклама бизнесинин сырын тартканга  ал кезде ким үйрөтө коймок эле, Айнуранын өзүнүн жүрөгүндө чыгармачылык оту күйүп, дээринде кыраакылыктын каны ойноп турган үчүн бул ишти жөндөп кетти деп ойлойм.

Айнуранын өзү газетага берген бир маегинде айткандай, “жүрөгүндө чыгармачыл адам бизнес, каржы маселесине келгенде деле чыгармачылык менен мамиле кылат экен да”.

Кризистик менеджер

 
жогорку сот

Айнураны кесиптик жагынан такшалып калган учурдагы  эмгек жолу Жогорку Сотко алып келди. Болгондо да сот тармагын оор кризис басып турган учурда келди. Бир эмес эки революцияны баштан өткөргөн шору көп кыргыз элинин эки сөзүнүн бири эле соттордун күӊкарамалыгы жана коррупцияга батканы жөнүндө болуп, жалпыга маалымдоо каражаттары жабыла сотторду сындап, тилдеп жаткан моралдык-психологиялык оор учурга туш болду. Жогорку Соттун басма сөз кызматын жетектеп,  сотторду жаманаттыдан арылтып, аларга болгон ишенимди кайтарып келүүүчүн сот жетекчилери менен бир команда болуп, реформалык иштерди активдүү жүргүзүү милдети турду.

Айнуранын интеллектуалдык көрөӊгөсүнөн, жогорку кесиптик даярдыгынан от алган активдүү ишмердиги соттордун чөлдөй какшыган маалымат талаасында жер астынан мөлтүр булак оргуп чыккандай эле эффект берди. Мурда-кийин сот жыйындарына барып, так маалыматка жете албай, иренжип бүткөн журналисттерге жаӊы келген басма сөз катчы, маалыматты тактап, жалганды чындыктан ажыратып, канын жерге тамызпай берүүнү бат эле системалуу жолго коюп койду. Соттордун дарегине айтылган ар кандай сын-дооматтарга, каралаган, жамандаган ээн ооз пикирлерге илгиртпей жооп кайтарып, болгондо да укуктук жагынан сабаттуу  тил жана жогорку кесиптик маданият менен иштегени соттордун да, журналисттердин да тилегине төп келди.

“Менин ишимде соттун өкүмүн угузганда өтө кылдаттык менен, бир дагы ашыкча сөз айтпастан, ошол соттолгон адамдын дагы укугу бузулуп калбагыдай, анын жакындарына оор тийбегендей кылып, өтө дипломатиялык, юридикалык, анан негизгиси — жеткиликтүү тил менен айтып берүү абдан маанилүү”,-деген эле Айнура жолугушуулардын биринде.

Соттордун ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу сот жыйындарына эркин катышуу же сот чечимдеринин элге жеткиликтүү болушу менен бүтүп калбайт. Мыйзамдын тил сындырган татаал терминдерине шыкалган сот чечимдерин түшүнүү катардагы адам үчүн оӊой болбойт, аны элге жеткиликтүү элпек тилге салып, так жана туура түшүндүрүп берүү керек. Кыргыздын сотторунда мурда-кийин бул ишти аткарганга эч кимдин чолоосу тийген эмес, тийсе дагы тиши өткөн эмес. Соӊку убакта Жогорку Соттун басма сөз кызматы жүргүзүп жаткан жигерлүү иштердин натыйжасында бул жагындагы өксүктөр жоюла баштады. Азыр жаӊылыктар менен иштеген журналисттер да, аналитика жазган эксперттер да сот иштери боюнча көпкө маалымат издеп убара болушпайт. Кандай маанилүү сот иши болбосун, тийиштүү маалымат Жогорку Соттун сайтында даяр, электрондук даректерге тегиз тарайт. Сот чечимдеринин түшүнбөгөн жерин тактап айтып бергенге телефон кашында Айнуранын өзү да дайым даяр.

Соттор чыгарган актылардын бирдиктүү базасы болгон sot.kg сайты күнүгө жаӊыланып иштеп жатат. Ал эми Жогорку  Соттун өзүнүн порталында эӊ бийик инстанциядан тартып жергиликтүү сотторго чейин судьялардын баарынын сүрөтү, өмүр баянына чейин жазылып, эгемен Кыргызстандын тарыхында эл биринчи жолу судьялардын ким экенин өзү окуп, сүрүштүрүп билип таанып калды.

Соттордун ишиндеги ачык-айкындык деӊгээлин жогорулатуу иши бара-бара соттордун областтык жана тармактык структураларына да жайыла баштады. Жети дубандагы облустук соттордо, шаардык сотто биринчи жолу штат ачылып, басма сөз катчылары дайындалды. Бирок аларды дайындап коюу иштин бир гана чекеси. Эми аларды ЖМКлар менен иштөөгөүйрөтүү, кесиптик даярдыгын тийиштүү деӊгээлге жеткирүүдө арабаны сүйрөгөн баягы эле Айнура. Кудай жалгап, бул иштерди аткарууга Германиянын GIZ уюму жардамга келди. Анын колдоосу менен соӊку жылда эле облустук соттордун басма сөз катчылары менен ЖМКнын өкүлдөрүнө пайдалуу кесиптик семинарлар өткөрүлдү.

Бирок басма сөз катчылары менен журналисттердин даярдыгы бүтүндөй сот тармагын кайдыгерликтин сазынан сууруп чыкканга жетиштүү чара эмес. Эми жабышкаак журналисттерден үрккөн фемида өкүлдөрүнүн өзүн ЖМК менен сүйлөшкөнгө көндүрүү, машыктыруу боюнча орчундуу иштер алдыда турат. Бул жагынан май айында Ысык-Көлдө облустук жана шаардык сот жетекчилери менен өткөн биринчи семинар келечектүү ишти туура жолго баштап койду. Семинарга катышкан сот жетекчилери камера менен микрофондон сүрдөбөй сүйлөгөндүн, ЖМК өкүлдөрү менен тил таап иштешүүнүн таалимин алып кайтышты. Европанын эӊөнүккөн өлкөсү Германиянын өзүнөн келген судья жана эксперттерден эл аралык алдыӊкы тажрыйбаны үйрөнүштү. Эми Айнуранын планында мындай керектүү семинарларды ар бир областта өткөрүп, бардык райондордун судьяларынын кесиптик даярдыгын жакшыртуу маселеси турат.

“Беш жылдан бери бул жерде сот дагы, юрист да болуп кетмей болдум”, — дейт Айнура аткарган иштерин электен өткөрүп. Бирок баары бир теориялык билимдин зарылдыгын туура түшүнүп, азыркы учурда юристтик адистик боюнча экинчи жогорку билим алып жаткан чагы.

“Идеалдуу бүтүрүүчү”

 АйнураКаарманыбыз жалаӊ эле соттордун түйшүгү түмөн иштеринен баш көтөрбөй калбай, башка коомдук иштерге да үлгүрүп жатканы кубандырат. Өзүн алпештеп окутуп-тарбиялаган мектебин унутпай, андагы ак пейил мугалимдерге, ак жагоочон окуучуларга ак тилеги менен барып жардам берип жатканына өзүбүз күбөбүз.

Өткөн жылдагы жаӊы жылдын алдында Балыкчы шаарындагы №4 гимназия мектебинде Айнура менен болгон майрамдык иш-чараны “Кутбилимде” кенен жазган элек.  Ушул мектептен окуп жетилип, журналист, менеджер, пиар-технолог, маркетолог кесиптерин жеткилеӊөздөштүрүп, андан кийин бүтүндөй сот тармагын караган басма сөз катчы катары кыргыз журтуна таанымал болуп калган эжекеси менен баарлашуу тогузунчу класстын окуучуларына абдан кызыктуу болуп, жакшы таасирлерди калтырды.

“Азыркы  учурда өлкөбүздө сот тармагында чоӊ реформа жүрүп жатат. Ошол реформанын негизги максаты — элдин ишенимин актоо. Бул жерде бир үй-бүлөнүн же президенттин, же болбосо өкмөттүн мүчөлөрүнүн балдарыбы, башкаларбы, ким болбосун мыйзам баардыгына бирдей болуш керек”,-деген анда Айнура жаш муундарга өзүнүн түйшүктүү кесиби жөнүндө кеп салып берип.

Айнура өзү окуган мектептеги үч томолой  жетим балага акыркы үлгүдөгү “Самсунг  Галакси 4” үлгүсүндөгү уюк телефонду  тартуулап, башка окуучуларга ар кандай  китептерди белек кылган эле. Анын  арасында биринчи класстын алиппесинен тартып, кыргыз тили, география окуу китептери, манасчы Саякбай Каралаевдин жыйнагы, футбол ойноонун сырлары жөнүндө жана Садыр аке тууралуу жаӊы жарык көргөн китептер бар. Ал эми география мугалими Алиева Нүргүлгө 6-класстын география китептерин, глобус жана дүйнөлүк картаны белек кылган.

Мектеп администрациясы да өз кезегинде ыраазылык билдирип, Айнурага “Идеалдуу бүтүрүүчү” ардактуу наамын ыйгарган эле.

Айнура Токтошеванын ийгиликтүү иштери, өрнөк болгон сапат-касиеттери, жашоо-турмушунун ар кыл кырлары жөнүндө сөз көп, аны бул чакан макалага батыруу кыйын. Эӊ негизгиси, чыгаан кесиптешибиздин түйшүктүү иштеринин түшүмү, демилгелүү ишмердиги жөнүндө жалпы журтка азын-оолак айтып коюу кесиптеш катары парзыбыз. Мамлекет да, коомчулук да Айнуранын ак эмгегине жараша татыктуу сый-урмат көргөзүп, анын иштиктүү аракеттерин колдоп берет деген илгери үмүттөбүз.

Кубатбек Чекиров

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин саясый эрдиги

$
0
0

Биздин бул макала “Саясый эрдиктин очерктери” түрмөгүнүн алгачкысы, болочок китептен үзүндү. Коомдогу нарк-насилди, улутту улут кылган асыл дөөлөттөрдү калыптандырган, муундан муунга өткөргөн, биздин аӊ-сезимибизде ал баалуулуктарды бекемдеген инсандар, алардын иштери, жүрум-турум үлгүлөрү болот. Андай инсандардын кылган эмгеги, жасаган эрдиги ар кандай мазмунда жана формада ишке ашары түшүнүктүү. Ал эми кай бир инсандардын жасаган иши саясый эрдикке тете.

Окурмандарга азыр тартууланып жаткан очерктин каарманы белгилүү кинорежиссер, “Кыргыз кино керемети” деп аталган даӊазалуу доордун көчбашы Төлөмүш Океев. Саясый эр дик кыргыз улуттук кинематографиясынын накта өкүлүүчүн адеп караганда анча коошпогондой көрүнөт. Бирок кандай шартта, кайсы идеалдар үчүн, кантип ишке ашкан жана кандай эмгек экенин, баа-өлчөмүн тарыхый кырдаалдын контекстинен талдасак, саясый эрдик менен сүрөткердин ортосунда байланыш ачык көрүнө баштайт. Туура, ар кайсы доордо үстөмдүк кылган бийликке моюн толгогон же карты чыккан жазуучулар, маданият ишмерлери болгон. Бирок маселе өз доорундагы бийликке каршы диссиденттикте да эмес. Ал башка нерсе.

Атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин улуу жана орто муунга жакшы белгилүү “Бакайдын жайыты” (“Небо нашего детства”) жана “Отко таазим” (“Поклонись огню”) көркөм фильмдеринде камтылган идеялар, ой толгоолор, сюжеттер, көркөм образдар жана эпизоддор дал ошол саясый эрдиктин чыныгы үлгүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Эмесе кеп ирети менен болсун. Т. Океев тарткан “Бакайдын жайыты” көркөм фильми 1966-жылы экранга чыккан. Кийин эл аралык абройлуу сыйлыктарга татыган бул фильмдин сценарийин Кадыркул Өмүркулов экөө жазган. Алгач фильмди СССРдин мамлекеттик кинематография комитети жактырбай коет. Балким ашкере сак цензура бир нерседен шекидиби, же кичинекей республика деп эсептелинген Кыргызстандын белгисиз бир режиссерунун жайлоо, жылкылар, көчмөндөрдүн алигиче тирүү колориттүү абышкасы тууралуу фильми өздөрүн дөө-шаа эсептеген үлкөн кинематографисттерге жакпадыбы, а балким СССР кинематографисттер Союзу колдогон, бирок Кыргыз ССРинде сынга алынган фильмдери үчүн кай бирөөлөр кек сактап калганбы, айтор, “Бакайдын жайыты” четке кагылат, эч ким колдобой коет. Фильмдин адегенде союздук кинокомитетинде четке кагылышынын чын сыры белгисиз. Бирок кайра кантип колдоого ээ болгону тууралуу эскерме бар. Сценарийдин авторлошу Кадыркул Өмүркуловдун эскерүүсүнө ылайык, Т. Океев экөө айласы кетип, анан ошол учурда Москвада жүргөн Чынгыз Айтматовго Мамкиного жакпай калган кино тууралуу кайрылышат (“Санжыра” радиосунун казынасынан). Ал кезде атагы чыга баштаган Чынгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен СССРдин кинематографисттер Союзу фильмди кабыл алат, бир аз оӊдоолор менен экранга чыгарууга уруксат берет. Фильмге кандай өзгөртүүлөр киргени азыр кызык эмес. Кызыгы, фильмдин сценарийлерин авторлору, койгон режиссеру айтайын деген оюн айтып, жеткирейин деген идеясын сактап, миллиондогон көрүүчүлөргө жеткире алганында. Эӊ сонун тартылган эпизоддор, кайталангыс образдар, диалогдор жана керемет сценалар аркылуу көкүрөгүндө баккан купуя сырын, өзү жана эли үчүн кымбат нерселерди эли-журтуна тартуулай алганы кызык. Элинин тарыхындагы карама-каршылыктарды, башынан кечирген катаклизмдерди, эли баалаган дөөлөттөрдү бөлөк элге көркөм каражаттар аркылуу баяндаганы кызык. Болочок фильмдин ийгилиги үчүн, анын артынан, балким келе турган атак-даӊктын урматына автор өз идеалдарын курмандыкка чалган эмес. Эгер чалса, фильм башка чыкмактыр, эрдиги жок, эл катары көп кинонун бири болмоктур, балким.

Абай салалычы. Фильм негизинен союздук масштабдагы ири курулуш учурундагы элеттеги окуяларга, социалисттик индустриялаштыруу темасына байланыштуу. Фильмде жайлоого бараткан жылкычылардын көчү жол куруучулардын капыс жардыруусуна туш болот. Азыркы тил менен айтканда ири курулуш үчүн өндүрүштүк, технологиялык жол даярдап жаткандарга аска-зоону, сууну, жайлоону жардыруу кадырэсе иш. А бирок фильмде бул эпизод катардагы окуя эмес, драматизмге толгон, көрүүчүнү улутту улут кылган дөөлөттөр тууралуу түйшүктүү ойго жетелеген сцена. Көчмөндөрдүн ата-бабасынан бери өмүр кечирген, жанын берип сактап келген, ыйык туткан жайлоосун эч нерсе болбогонсуп куруучулар жардырып жатышат. Жети атасы жайлаган, өзү гана эмес, өзүнө чейинки далай муундун киндик каны тамган, кишиликке жанган ушул жайлоо — Бакайдын жайыты жардырылып, конгон жайлоосуна бараткан көчтүн, үйүр жылкылардын айласы алты куруйт. Байыркы кыргыздын тукуму, азыркы жылкычы, кары колхозчу Бакай Камбар-Атанын тукуму, азыр колхоздун аралаш үйүр жылкысы — баары алааматка туш болгонсуп, тополоӊу тоз болот. Капыс келген алааматтан үрккөн малга ээ боло албай, ичинен миӊ толгонуп, башынан миӊ санааны кечирип алдастаган Бакай аксакалдын эӊ сонун образы аркылуу далай нерсе айтылат фильмде. Ээ-жаа бербеген индустриялаштыруунун айынан жардырылып жаткан жайлоо, жайлоо менен кошо жан-дүйнөсү бүлүккө түшкөн байыркы кыргыздын азыркы тукуму. Фильмде Бакайдын ролун Муратбек Рыскулов аткарган, бул жагдай да эпизоддун курчтугун, көркөмдүгүн ого бетер арттырып, автордун эпизод аркылуу берген оюнчулугун, бүтүндүгүн, тереӊдигин шарттап отурат. Бул эпизод жөн гана сюжеттик түрдүүлүк жана курчтук үчүн тартылган көркөм ыкма эмес, тереӊ идеялык мааниси бар, керек болсо чыгарманын лейтмотивин түзөрү кийинки эпизоддордо улам бекемделип отурат. Бакайдын байбичеси да кымыз ичкени токтогон жолчуларга бул Бакайдын жайыты деп сыймыктанып айтып отуруп, “Ыя, айланайындар, жолду башка жерден деле салбайсыӊарбы, силерге баары бир эмеспи” деп кайрылат. XX кылымдын белгилүү философу Ганс Георг Гадамердин герменевтикалык ыкмасына таянсак, фильмдеги байбиченин ушул бир ооз сөзүндө не деген гана ой жатат. Жайыт — байыркы кыргыздын урпагы Бакай үчүн тарых, тагдыр, балалыгы, сүйүү тапкан жери, жашоо, ой-санаа, кыскасы, эӊ кымбат нерсе. Ага баары бир эмес. Ал эми ушул жолду салганы келген жолчулардын жана жолду салдырып жаткандардын жөнү башка…

Байыркы кыргыздарга ыйык, кымбат мурас, ал эми азыркыларга тек гана мал жая турган, ким көрүнгөн жардырып салып жол сала бере турган жайыт маселеси фильмде да бир ирет козголот. Жайлоо бүлгүнгө учурап, аны менен кошо салт-санаа, нарк-насил таман жолдой тапталып баратканына макул эмес дагы бир көчмөн тукуму мамилесин билдирет. Бул ирет мамиле ачык протест катары айтылат. Фильмдеги дагы бир жылкычы, Бакайдын шериги (ролдо — Советбек Жумадылов) “Бул жайытты таштабайм. Ата-бабамдын жайлоосу бу деген. Маа демектен билгениӊерди кылгыла. Каалагандай жазалагыла мени!” деп кыйкырат жолчуларга. Ошол кез үчүн өтө опурталдуу сценалар, диалогдор, эпизоддор, сүрөттөмөлөр. Өтө кооптуу фильм. Ири алдыда автор үчүн коркунучтуу кино. Бирок түбөлүк мааниге ээ кымбат дөөлөттөрдү козгоп, баалуулуктарды ким айтып, ким элге дайындап, ким ой жаратат эле, баары эле социалисттик жетишкендиктерди даӊазалаган реалисттик чыгармаларды кабат-кабат жаратып жатып алса.

Төлөмүш Океевдин дагы бир чыгармасына кайрылалы. Ал 1971-жылы экранга чыккан “Отко таазим” (“Поклонись огню”) көркөм фильми. Тема — Кыргызстандагы коллективдештирүү, башкы каарманы — Уркуя Салиева. Фильм бул ирет да туура темага, туура каарманга арналган. Бирок эки жагдайга көӊүл бөлөлү. Биринчиси — бул фильмдин аталышы. Советтик адамдын аӊ-сезимине ылайык келбеген, эскичил, андагы идеологдордун армиясы бир ооздон атап келгендей алгачкы — общиналык, примитивдүү, шаманисттик көз карашка негизделген ат коюп жатат. Коллективизация — жаркын келечек, демек, ошого жараша ат койсо болот беле? Куп болмок. Режиссер ар кандай күнөөлөрдөн алыс болуш үчүн, сактык кылып, башкача деле атап койсо болмок. Кандай сын-пикирлер болуп кетүү мүмкүнчүлүгүн өз доорунун инсаны Океев жакшы билген. Бирок ошого даады, батынды.

Мына ушунун өзү Океевдин инсандык позициясынын бекемдигин, абийир жоопкерчилиги жогору экендигин кабарлап турат. Режиссер бул ирет да фильмге кийин сынга кабыла турган кооптуу ат коюу менен чектелген жок.

Кулакка тартылып, тап душманы катары айдалып бараткан манаптын образын расмий идеологияга дегеле ылайык келбегендей, коошпогондой кылып берди. Дароо көзгө урунган нерсе — бул манаптын ролун Муратбек Рыскулов аткаргандыгы. Кыргыз искусствосунун кайталангыс таланты Муратбек Рыскуловго кудай баарын берген экен — акыл, эс, өӊ-келбет, чыгармачылык бакыт. Айдалып бараткан эзүүчү эмес, акылман аксакалга окшош, жексур эмес, журт башына түспөлдөш Муратбек Рыскулов аткарган манап “Ой, эл-журт. Силер жакшылардын баарын айдап жиберип, жамандар башкарасыӊарбы, ыя?” деп адатынча сүрү, келишкен келбети, нарктуу карыянын, акылы көзүнөн нур болуп жанып турган жүзү менен сурап турат. Кимди ким эмне жөнүндө сурап турат? Жакшылар ким, жамандар ким? Суроолор жаралат, албетте. Мен “Отко таазимди” тестиер кезимде көргөм. Таяталарым Төрөгелди тукуму деп айдалганын бала кезимде көп уккамын. Алардын айрымдарынын эскирген, кийин түшкөн сүрөттөрү болсо да, айдалган таяталарымдын ар бирин дал ошол Муратбек Рыскуловдун каарманындай элестетчүмүн. Кинону кийин да, студент кезде бир-эки ирет көрдүм. Ошол эпизоддон кийин бизди мектептен, кийин университеттен тап душмандары, бай-манаптар, кулактар деп окутканда көзү акылдуу жылтыраган, нарктуу Мурат Рыскуловдун ошол образы келе турган. Ошол образ менен китепте баяндалган окуялар дегеле коошподу…

Көркөм фильмдеринде жогорудагыдай идеяларды козгоп, аны жогорку чеберчилик менен ийине жеткире элге тартуулап, ошого башын байлоо атуулдук эрдикти, жүрөктү талап кылган. Ошол мезгил үчүн саясый эрдик кадамдар десек аша чапкандык эмес. СССРдин убагында адабиятта, искусстводо социалисттик реализм принциби деп аталган идеологиялык догма, бекем эреже үстөмдүк кылып турган. Андан четтеп кетүүгө жол берилген эмес. Кайсы бир четтеген учурлар жазасыз калбаган. Анын үстүнө, 1960-жылдары моквалык, ленинграддык режиссерлор тарткан, СССР кинематографисттер Союзу колдоп, бирок Кыргыз ССРинин жетекчилиги, кыргыз кинематографисттери, жалпы эле илимий-чыгармачыл коомчулугу тарабынан терс кабыл алынган фильмдер болгон. “А. Кончаловский- Михалковдун “Первый учитель” фильми (1965-ж), Кыргызстандагы репрессияга тике тиешеси бар партиялык функционер Белоцкийдин “жаркын образы” жөнүндө Ю. Герштейн, Галантер, Гуревич жана башкалар тарткан “Оглянись, товарищ” кинолору Кыргызстанда талкууланып, Т. Усубалиев баштаган партиялык жетекчилик жана илимий, чыгармачыл интеллигенция тарабынан кескин сынга алынган. Кыргыз элинин ар-намысына жана абийирине шек келтирген фильмдер катары аларды экранга чыгарууга Кыргызстандын коомчулугу каршы чыккан. “Оглянись, товарищ” фильмине ошону менен тыюу салынган. Бирок фильм үчүн Кыргызстандын жетекчилиги далай ирет негизсиз айыптарга туш болду. Ал эми Союздук жетекчиликтин кийлигишүүсү менен “Первый учитель” киносу кайра оӊдолуп, 1966-жылы экранга чыгат. Бирок ошол эле жылы өткөн Венециядагы кинофестивалда төмөн  баага арзып, уят болуп кайткан. Бул фильм жөнүндө “Пополо”, “Обсерваторе Романо”. “Ададжо” сыяктуу абройлуу Италия гезиттери жазып, “жараксыз”, “кунарсыз”, “жармач” “кургак натурализмге жык толгон” сыяктуу эпитеттерди аянган эмес.

Эмне үчүн бул тууралуу саймедиреп жатабыз. Анткени ошол “Первый учитель” фильми талкууланып жатканда терс баа бергендердин арасында Т. Океев да болгон. Ал Кыргызстан кинематографисттер Союзунун пленумунда “фильмде кыргыз элинин кадыр-баркына шек келтирген эпизоддор арбын” деген пикирин айткан. Ал эми Кончаловский-Михалковдун “Первый учитель” фильмин СССР кинематографисттер Союзунун Ромм, Рошаль, Герасимов баштаган абройлуу мүчөлөрү колдогон. СССР кинематографисттер Союзу жана СССРдин башкы идеологу, КПСС БК 2- катчысы М. Суслов колдогон фильмге каршы чыккан, жаш, белгисиз режиссердун чыгармачылыгы эми кылдат талдоого алынарын 1958-жылы Ленинград киноинженерлер институтун бүтүп, кийин Моксвада билим алган, киноиндустрияга аралашып, күӊгөй-тескейин ажырата алган Океев билбей коймок эмес. Билген, албетте.

Фильм чыккандан кийин да сынга кабыл алынып, аны жараткан авторлор зыян тартып калышы ал мезгил үчүн кокус нерсе эмес эле. Ары болгондо алысыраак айдалып, бери болгондо туш-туштан талоонго түшүп, эч кимге кереги жок, кино тургай башкага жараксыз бечара кейпин кийип калуу аянычтуу тагдыры нечен чыгармачыл адамдардын башынан өткөн. Анда эле Океевди жана анын жакын үзөӊгүлөштөрүн азыркыдай эле дежур идеологдор, эксперттер баса калып талашы толук мүмкүн болчу.

“Советтик Кыргызстанда социалисттик индустриялаштыруу ургаалдуу өнүгүп жатса, а каяктагы бир социалисттик аӊ-сезими жетиле элек, сабатсыз жылкычы-колхозчулар аны түшүнгөнү мындай турсун, айкырык салып каршылык кылып жатса, бу кандай? Океев фильмдеринде советтик түзүлүшкө, социализмге каршы ойлорун каармандары аркылуу билдирет. Саясый жактан зыяндуу, идеялык жактан эскичил, социалисттик реализмдин эрежелерине түк ылайыксыз, феодализмди көксөгөн, Батыш буржуазиясынын таасири менен тартылган, империализмдин чагымчыл көз караштарына ууланган фильмдер экрандан алынып, алардын авторлору катуу жазасын алууга тийиш!”. Дал ушундай аныктамалар ар кайсы трибуналардан дембе-дем айтылып, азыр ойдо жок, ал мезгилде актуалдуу, кадимкидей айыптар тагылып калышы толук ыктымал эле.

“Бакайдын жайыты”, “Отко таазим” сындуу кинолорду тартыш, алардын ичине жогорудагыдай идеяларды камтыш ишке ашса, элге жетсе мөөрөй колго тие турган, кокус жаза тайып ишке ашпай, айыпталып кетсе, анда баш канжыгада, кан көөкөрдө болмогу анык опурталдуу маселе. Бул абийирди, жүрөктү талап кылган тобокел иш эле. Ушул контексттен, ошол реалдуулуктун өӊүтүнөн Караганда, өз мезгилинде мезгилдин жүзүнө тике карай, жалтанбай, тескерисинче, кашкөйлүк менен, көркөм өнөрдүн күчү менен улуттук баалуулуктарды даӊазалаган, анын асыл-нарк дөөлөттөрүн чагылдырган фильмдерди тартуунун өзү саясый эрдиктин чыныгы үлгүлөрүнүн бири. Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин саясый эрдиги.

Алмаз Кулматов

ШАБДАН БААТЫР БАСКАН ЖОЛ

$
0
0

Кыргыз элинин биримдигин көздөп, алардын тарыхый кырдаалына жараша, өзгөчө Россия империясынын Кыргызстандагы катаал оторчулук учурунда “капилеттен ой таап, караӊгыдан жол таап”, өз элин бүлүнчүлүктөн сактаганга аракеттенген, чыгаан мамлекеттик ишмер Жантай уулу Шабдан баатырдын (1839-1912 жж.) саясий бейнесин изилдөөдө эӊ бир бүдөмүк, бурмаланган жагдайда кала бергени, бул анын өлкөбүздүн түштүгүн падышалык Россия тарабынан басып алуу мезгилиндеги ээлеген орду болуп эсептелет. Бул жагдай көбүн эсе кыргыздардын Россия империясынын кол алдында болуп турган мезгилде 1885-жылы Шабдан баатырдын өз оозунан жазылган өздүк өмүр баяндамасынын (Кыргызстанда алгач 1999-жылы жарыяланган) жана ага арналган алгачкы кыргыз тарыхый чыгарма катары 1914–жылы Уфада басмадан чыккан Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарихи кыргыз Шадмания” (Кыргызстанда Кусейин Карасаевдин кирил графикасына котормосу 1990-жылы басылган), ошондой эле ушул сыяктуу Совет доорунда калк арасынан максаттуу топтолгон, жалпысынан манаптар эл душманы катары мүнөздөлгөн маалыматтарга негизделгендиги менен түшүндүрүлөт. Анткени бул чыгармаларда ошол өзгөчө Россия империясынын жерибиздеги оторчулук мезгилинде Шабдандын ал мамлекетине өтөгөн кызматын ашкере көрсөтүүнү талаптангандыгынын белгиси бар экендиги жетишерлик эске алынбай калган. Совет мезгили учурдагы таптык көз караштын таасиринде жазылган илимий эмгектерде да алар — манаптар көбүн эсе, кыргыз элине жат элемент катары мүнөздөлгөндүгүнө тереӊирээк сын мамиле кылынбай жаткансыйт.

Шабдан баатырдын Россиянын Кыргызстандын түштүгүн басып алуу учурундагы ортомчулук аракеттери жөнүндө

Дагы бир жагдай, бул эгемендүүлүктүн шарапаты менен түзүлгөн шартта жазылган белгилүү кыргыз жазуучусу Төлөгөн Касымбек уулунун “Келкел” ( 1986-ж., 2 оӊдолуп басылышы — 2000–ж.) жана “Баскын” (2000–ж.) романдарында да Шадбандын образын, кыргыз адабият сынынын патриархы — профессор Асанбек Кеӊешбековдун (1928-2007), менимче, акыйкаттуу аныктамасы боюнча, “…өтө татаал тагдырга туш келген персонаждын ар бир жасаган кыймыл-аракети, акырында келип, аткара турган тарыхый миссиясы орус баскынчылыгы натыйжасында кыргыз жеринде түзүлгөн тарыхый кырдаалга тиешелүү түрдө жооп бергендей болушу тарыхый зарылдык болчу. Тилекке каршы, Шабдандын образы дал ушул зарыл болгон көркөмдүк деӊгээлге көтөрүлө албай жатат”.
2013-жылы коомдук ишмер Каныбек Иманалиевдин жаӊы нукта жазылган “Шабдан баатыр” деген омоктуу тарыхый романы кыргыз элинин кеӊири катмарына да жете элек сыяктанат.
Акыркы жылдарда табылган документалдык булактар, Шабдан баатырдын кыргыз элинин тарыхындагы эӊ бир орчундуу мезгилдеги окуяларда ээлеген ордун дагы тагыраак, акыйкаттуураак ачып берүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Ушул окуялардагы акыйкатчылыктын өтө маанилүүлүгү бул кыргыз элинин бүтүндөй биримдигине кызмат өтөй тургандыгында экендиги талашсыз. Жогоруда эскерилген Асанбек аганын, ошол эле макаласында айтылган, омоктуу пикирин бул жерде келтирүү зарыл экендигин эп көрдүм, “… өткөн тарыхый окуялардын сабактарынан чыгарылган жыйынтык, көркөм синтез бүгүнкү күндүн проблемасына “иштебесе”, андай көркөм чыгарманын, дегеле, андагы сүрөттөлгөн персонаждардын хан болобу же ханышабы, падыша болобу же баатырыбы, айтор, ким гана болбосун, баары бир баасы жарым тыйын”. Бул ой ар бир илимий чыгармага да толук талаптанаары шексиз. Анда эмесе документтерге назар салалы.

Шабдандын көздөгөнү — кыргыз элинин биримдиги жана алардын өзгөчө укуктуу мамлекетчесин түзүү болгон

Пишпек уездинин начальниги А.Талызиндин, 1896-жылдын 18-мартында Жети-Суу областынын аскер губернатору Г.И. Ивановго жолдогон рапортунда Шабдан баатырдын турмуштагы негизги көксөгөнү “мага ал нечен ирет билдирген сүйүктүү теориясы: “кыргыздар бир уюктагы аарылардай биригишип жашашы керек” (кызыгы документтин ушул жерине колониялчы губернатор: ”карасаӊ эмнени каалаганын” деген белги коюптур – Д.С.) деп жазат. Мындай ой Шабдан баатырдын саясий ишмердүүлүктүн башталышынан тартып өмүрүнүн аягына чейин дайыма көкүрөгүндө болуп, кыргыз элинин келечеги үчүн аткарган ар-кыл иштеринен даана көрүнгөн.
Шабдан Жантай уулу 15 жаш курагында эле Кара кыргыз мамлекетинин ханы Ормон Ниязбек уулунун (1792-1855) ишеничине ээ болуп, 1854-жылдын апрель айынын аягында, Кокон хандыгынын таасириндеги Ташкент шаарынын башкаруучусу мырзабашы Касымбектин орус аскерлеринин Жети-Суудагы баскынчылыгына каршы жергиликтүү калктардын биримдигин уюштуруу аракеттери боюнча чакырыктары канчалык деӊгээлде акыйкаттуу экендигин дааналап, баамдап сүйлөшүүлөрдү официалдуу жүргүзүш үчүн кыргыз элинин өкүлү катары дайындалганы белгилүү.
Андан бир жыл өткөндөн кийин 1855-жылдын июнь айында Верный (азыркы Алматы) чебинде орус аскер башчысы, Батыш Сибирь губернатору генерал Гасфорттун казактар жана кыргыздардын кадырлуу адамдары менен өткөргөн алгачкы расмий сүйлөшүүлөргө катышкан кыргыз өкүлчүлүктүн курамында солто уруусунун белсемдүү манабы Корчу Сулайман уулу, бугу уруусунун манабы Качыбек Шераалы уулунун катарында Шабдан да болгон.
Ошентип, Шабдан кыргыз элинин тарыхындагы кыйчалыш учур башталганда, ошол окуялардын чордонунда болуу менен андагы саясий кырдаалды жакшы эле баамдап калган десек жаӊылбайбыз. Алгач, ал жергиликтүү калктардын Россия империясынын басып кирүүчүлүк аракеттерине каршы турушун колдоп, 1858–жылы жазында Кокондон келген Пишкек коргонунун беги Алишер датка менен кыргыздардын солто уруусунун өкүлдөрү Бошкой Канай уулу жана Чолпонбай Жангарач уулдары болушуп Чүй өрөөнүндөгү казактарга элчиликке барышып, аларга сырттан келген баскынчыларга чогуу аракеттенели деген сунуштарын айтышкан. Бирок алардан колдоо табышкан эмес.
Бул учурда кыргыз урууларынын ичинде да өз ара чабышуулар уланып жатты, 1858-жылдын ортосунда кокондуктардын тукуруусу менен бугу уруусуна жортуулга жиберилген сарыбагыштардын жоокер башчысы Төрөгелди (1808-1875-жж. өмүр сүргөн) туткунга түшкөн эле.
1860-жылдын ортосунда Чүй өрөөнүндөгү чет элдик душмандарга каршылык көрсөтөт деп курулган Токмок менен Бишкек чептеги жоокерлер миӊге жетпеген чакан россиялык аскерлерине каршылык көрсөтө алышпай, багынууга дуушар болушкан.
1860-жылдын 20-22-октябрында Узун-Агач жана Кашкелендин жанында, Кокондон келген Канат-Шаа башчылык кылган, курамында түштүк кыргыздарды жетектеп келген парваначы Алымбек Асан уулунун кошууну да бар,10 замбиреги менен жалпы саны 32 миӊге (дагы бир маалыматтарда 20 миӊ жана 22 миӊ) жеткен зор күч, болгону 11 замбиректүү 2 миӊ падышалык баскынчылардын аскерлеринен (дагы бир маалыматта 700 солдат, 6 замбирек менен жабдылышкан чакан кошуунунан) жеӊилүү ызасын тартканын, түркестандыктардын алгачкы чон салгылашуусунун катышуучусу катары Шабдан өз көзү менен көргөн.
1861-жылдын 18–августунда Суван деген Жантайдын уулу “Падыша өкмөтүнө каршы уруулаштарын үндөгөндөргө жардам бергендиги үчүн” деген, баскынчылардын талаа сотунун өкүмү менен өлүм жазасына тартылып атылган.
1862-жылы июнь айларында Шабдан баатыр Кокон тараптан кайтып келе жатканда атасы Жантай Карабек уулу орустар менен ымалага кирди делип Бишкек чебинин беги Рахматулла (ошол жылы эле күзүндө бул бек Байтик Канай уулу тарабынан өлтүрүлгөн) камакка алынып, андан качып чыгып кутулган. Ошондон кийин да, Шабдан түркестандыктардын эркиндиги үчүн күрөшүүнү улантууну, максат кылып Кашгарга жети шаар мамлекетинин өкүмдары Якуббекке барып кошулууну ойлонуп жүргөн.
Ал эми 1863-жылдын 19-июнунда Нарын тараптагы Эки-Чат деген жерде Үметаалы Ормон уулу баш болгон 30 миӊге (архив документинде бул маалымат бир топ эле апыртылса керек — Д.С.) жакын кыргыз жоокерлери, азык-түлүк, ок-дарыларды ташып бара жаткан Зубаревдин жетекчилигиндеги 30 солдаттан турган орус кошуунун курчоого алышып, 18 жолу чабуул жасашса да ийгиликке жетише алышпай, камалгандарга жардам келгенде чегингенге мажбур болушканынан кабардар болуп, өзүнүн буга болгон көз карашы өзгөрүлүп ачыктала баштаган сыяктанат.
Атасы Жантай Карабек уулу 1867-жылы өлгөндөн кийин, орус өкмөтүнүн өкүлү Токмок уездинин байчысы майор Загряжский тарабынан Шабданга мекендештерин жаӊы турмушка көнүүсүнө көмөктөш болуу сунушталганда, ал ага өзгөчө шарттарда макул болгон сыяктанат. Анткени бүлүнгөн Орто Азия хандыктарынын ортосундагы өз ара арыздануулары сыяктуу саясий кырдаалы менен толук кабары бар жана да баскынчыларга каршылык күрөшүүлөрдүн кайгылуу тажрыйбасы, анын күчтүү Россия империясына чөлкөмдүн бириктирилиши кайтарылгыс процесс экендигин так баамдоого мүмкүндүк берген. Андыктан, Шабдан баатыр ошол күндөн тартып, бүт күч кубатын мекендештеринин падышачылыктын оторчулук турмуш шартына ашкере зыянга учуратпастан өткөрүүнү максат кылып, өмүрүнүн аягына чейин өзгөчө бир уникалдуу ыктар менен аларды башкарууга аракеттенди.
Ал эч бир административдик кызматка тартылбастан, демек, ынгайсыз жоболор менен чектелбестен, элдик жөрөлгөлөргө негизделген, акыл-эстүүлүк даанышмандуулук менен коомдогу акыйкаттуулукту камсыз кылуу болчу. Бул, менимче, падышачылыктын ичиндеги өзгөчө укуктуу мамлекетченин өкүм сүргөнү сыяктанат. Бул жөнүндө Осмоналы Сыдык уулу өзүнүн китебинде минтип сүрөттөйт: “ал кыргыздардын кичине ишинен чоӊ ишине чейин бүтүрүп турчу. Кыргыздардын үстүндө турган амыр (эмир — Д.С.) – буйрукчусу эле. … Жай болсун, кыш болсун, таӊдын сапары менен эрте туруп намаз окуучу. Андан кийин… боз үйдүн ичине кирип, отурары менен эки адам самоор киргизгенде: “Ассалоому алейкум” – деп араб, перс эшен, молдолор киришчү. Андан ийин: “Ассалоому алейкум” – деп топ-топ болуп, биринин артынан бири, кечке чейин кыргыздар, казактар, сарттар келе берчү. Алар арыздарын айтчу…. Ар биринин ишин бүтүрүп, муктаждарын, максаттарын орундатып турчу. Кыскасы, ал окуу-жазуу билбесе да, кыргыздын адаттары көкүрөгүнө уюп калган. Ошол үчүн арыбай, талыбай 73 жашын жогоркудай кызмат менен өткөрдү”.
1876-жылы 19-июлда сарыбагыш волостунун өкүлү Бердибек Уркимбаевдин Жетисуу областынын башчысы Г. А. Колпаковскийге жолдогон кайрылуусунда Шадбан (архивде ушундай туурарагы Шадман экен – сөз Шабдан жөнүндө болуп жатат – Д.С.) кара кыргыздардын губернатору – андан улуусу да, кичүүсү да коркушат (Шадбан губернатор в кара-кыргызах — его боятся старшие и младшие) деп Шабдан Жантай уулунун ошол учурда эле кыргыздардын арасында өзгөчө кадыр-баркка жетишкендигин белгилептир.
Ал эми Осмон империясынын падышасы Абдулхамид хан II (21-сентябрь 1842-10-февраль 1918 – жылдары жашап, 1876-1909 — жж. падышалык кылган) Сириядагы Шам шаарынан Мекке, Мединага жана Жидде шаарларына карай мусулмандардын ажылыкка барышын жеӊилдетиш үчүн салынып жаткан темир жолунун курулушуна кошкон салымы үчүн 8-март 1904-жылы Шабданга берген алтын медалынын күбөлөндүргөн жарнамесинде аны “Россиянын Жетисуу областынан Токмок калаасынан кыргыз бектеринен, жоомарт Жантай уулу Шабдан хан (алдын сызган мен – Д.С.)” деп сыпаттаптыр. Ушундай эле сыпаттоону биз жакында Осмон империясынын архивинен табылган архив документинде да, жогоруда аталган курулушка 23813 куруш салым кошуп, “кыйын кырдаалда жардам берген адамдардын” тизмесинин эӊ башында, “Россиядагы Ke’iysti (кебетеси жаӊылыш жазылган, туурасы Жетису – Д. С.) областынан Токмок калаасынан кыргыз бийлеринен Жантай уулу Шабдан хан (алдын сызган мен – Д.С.)” деп атайын эсепке алынган жазууларында да берилиптир.
Мекке менен Мединага барып келгенден кийин Шабдан баатырдын дүйнөгө болгон көз карашы бир топ өзгөрүлүп – ааламда Россия мамлекетинен тышкары кыргыздарга бел боло ала турган кубаттуу боордош мусулман калктары бар экендигине шерденип, өзүнүн түркстандык мусулман мекендештеринин чөйрөсүндөгү талаптарды чечүүгө болгон аракеттерге да активдүү колдоо көрсөтө баштаган. Бул тууралуу Жети-Суунун мусулман калкынын атынан түзүлүп, 1905-жылы Россия империясынын Министрлер кабинетинин төрагасы П.А.Столыпинге (1862-1911 — жж. жашаган) жөнөтүлгөн 11 пункттан турган жолдомо-кайрылуу да (петиция) мисал болот.
Кайрылууда Жети-Суу крайындагы мусулман калкын башкарууда бийликтин укуктук турмуштагы мүчүлүштөрү айгинеленген. Бул жердеги мусулман меджелисин (собрания) уюштуруп, анын карамагына жергиликтүү калктын башкаруусунан тартып сот, мыйзам чыгаруу ишине чейин ыйгарууну талап кылышкан. Мындан тышкары мусулман калкына мечит, медресе, мектептерди ачып, өз тилинде газета, журнал жана китептерди чыгаруу укугуна ээ болуп, гимназияда (орус тилдуу окуу жайларда) окуган мусулман окуучуларга христиан диний таалимдин ордуна мусулман таалимин окуу укугун берүүнү, ошондой эле жергиликтүү калктардын өкүлдөрүнүн өлкөдөгү жогорку мыйзамдарды чыгарүү ишине катыштыруу менен бирдикте жерге, жеке менчикке ээлик кылууда жана жогорку кызмат адистиктерине ээ болууда теӊ укуктун сакталышын талап кылышкан.
Буларды орус падышасына өз колу менен тапшырууга жол ачкан Шабдан баатырга Жети-Суу калкынын атынан ишеним кат беришкен. Анда ал өзү кандайдыр бир себептерден бара албаган болсо, анда баатыр башка ишенген адамдарга ыйгарым укук берилишинин мумкүн экендиги жана орус Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышыш үчүн Жети-Суу областынын мусулман калктарынын өкүлдөрүн жеке өзү дайындай ала тургандыгы да белгиленген экен.
Чет мамлекеттен Жетисууга, анын ичинде Кыргызстанга келген коноктор Шабдан менен жолугуп кетүүнү өзүлөрүнүн расмий парзы катары эсептешкен. Маселен 1907-жылы Жети-Суу областын кыдырып жүргөн түрк атуулу Сеид Шериф Мухаммед Эфенди Шабдан баатыр менен жолугушуп, андан ары Ысык-Көлгө жол тарткан.
Орус агенттеринин 18-декабрь 1909-жылдагы берген маалыматтары боюнча Шабданга “маал-маалы менен түрк чалгынчылары (эмиссарлары) өзүлөрүн “сеидмин” (Мухаммед пайгамбардын жандоочуларынан болгон Хазрети Алинин тукумдары – Д.С.) деп аташкандар келип турушат, алардын бири Сеид Хожо Мавлян хан” болгон.
Ал эми бул жагдайды падышанын чиновниги, Пишпек уездинин башчысы А.Талызин 18-март 1896 – жылы өзүнүн жетекчилигине берген жолдомодо да мындайча баяндайт: “… ал бул жерде уезддин начальнигинин жардамчысына окшогон ролду ойнойт, ага даттануулар менен келишип, жогорку өкмөттүн алдында колунан келген жеткиликтүү маселелер боюнча жактоочулук кылышын жана уезддеги насыя бүтүмдөрүн макулдашууда, кыргыздардын атынан кепилдикке өтүшүн суранышат. Ал коомдук иштер менен дайыма алектенет…” Ошол эле адамдын сөзү боюнча, “анын көзүнчө (б. а. Шабдан катышып турганда) волостук башкаруу кызматы жана мыйзамдуу соттор тийиштүү даражадагы мааниге ээ болбой калат”. Андан ары ал “Шабданга каражат керек болгондо элге кайрылып, “джилга” деген кыргыздардын адатында “курдаштардын өз ыктыяры менен берилүүчү жардам” кылууларын өтүнөт жана аны сөзсүз ар бир адамга бөлүштүрүлүп дайындалат. Бул “джилганы” (өзгөчө укуктуу мамлекетченин казынасы сыяктанат – Д.С.) ага алар эч каршылыксыз, соопчулукту самагандай беришет, анткени андан өзүлөрү да колдонушат”. Милициянын аскердик старшинасы Шабдан Жантаевдин кызматтык маалымат баракчасында жазылгандай, ал “даана аскердик кызматта турган эмес, жергиликтүү бийликте да жана орус колониалдык администрациясында да эч кандай кызматты ээлебеген”.
Шабдандын саясий таасири кыргыздарга эле эмес, Түркстандагы орус администрациясынын ортоӊку жана жогорку чөйрөлөрүндө да өтүмдүү болгон. Бул тууралуу Жети-Суу областынын аскер губернаторуна жеп ичкендери жана кызмат орунундагы татыксыз жүрүш-туруштары үчүн Шабдандын сунушу менен 1890-жылы Пишпек уездинин башчысы кызматынан четтетилген аскердик старшина Нарбуттун жана 1911-жылы Сарбагыш волостунун жөндөмсүз башкаруучусу М. Алпысбаевдин иштеринен алынышы далил боло алат.
Шабдан баатырдын турмушундагы, өзгөчө өмүрүнүн акыркы 10-20 жылдагы аралыгындагы саясий көз карашындагы кескин өзгөрүүлөр жергиликтүү колониалдык бийликтердин тынчын ала баштаганын байкайбыз. Буга анын үстүнөн 1886-1888 — жылдардан баштап тымызын байкоолор жүргүзүлүп турганын баамдайбыз. Жогоруда келтирилген Пишпек уездинин башчысы А.Талызин 18-март 1896-жылы Жети-Суу областынын аскер губернатору Г.И. Ивановго жолдогон документтин резолюциясында губернатор Россия Аскерий Негизги Штабдын мүчөсү, Закаспий округунун башчысы генерал-лейтенант А.Н. Куропаткинге Шабданды сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө маалымат берүү өтүнүчүнө, “анын эч кандай ага татыктуу эмгегин көрө албаймын, мындан улам, менин түшүнүгүмдө, азыркы учурда Шабдан биз үчүн пайдасынан зыяндуурак, ошондуктан аны жана ага окшогондорду даӊазалабай, акырындап олдоксонсуз, алардын элге болгон таасирин төмөндөтүшүбүз керек. Бул жөнүндөгү жагдайды аймактык жетекчинин эркине бериш керек…” деп Шабдан баатырга карата аны басынтуу саясатын ачыктаган экен.
Аягында падышанын мыкчыгерлеринин, Шабдандын мекендештерине тийгизген таасирин төмөндөтүү чаралары, анын ден соолугунун начарлашына алып келген. Өзүнүн негизги милдетин “манаптарга тынымсыз күрөш жүргүзүүнү” деген Пишпек уездинин башчысы А.Талызиндин аракети менен Шабдан баатырга жалган күнөө коюлуп, 200 сомго айыпка да тарттырышкан. Жергиликтүү колониалдык администрациянын өкүлдөрүнүн мындай басынтуу саясаты XX кылымдын башыӊда өзгөчө күчөй баштады. 1911-жылы ноябрь айында киши өлтүрдү деген жалган күнөө менен Шабдандын уулу, Сарбагыш волостунун мурунку башкаруучусу Мухиддин (Мөкүш) Шабданов түрмөгө олтургузулду. Көп узабай анын бир тууганы ошол волосту башкарып турган Исамидинди (Самүдүн) кызматынан бошотушкан. Замандаштарынын айткандарына караганда, Шабдан уулунун камакка алынышын оор кабыл алып, кайгы тарткан. Дал ушул жагдай адилеттикти туу тутуп, эркиндикти сүйгөн Шабдан баатырдын, 1912-жылы 6-апрелде (ал окуядан беш ай өтпөй) эрте эле — күүлү-күчтүү болуп турганда — 73 жашында күтүүсүздөн дүйнөдөн мүрт кайтышына себеп болгону шексиз.
Жогорудан көрүнгөндөй мунун өзү, Ата мекенге жан дили менен кызмат өтөөнүн өзгөчө үлгүсү эмеспи! Мамлекеттик башкаруудагы сейрек учуроочу мындай уникалдуу көрүнүш, ар бир атуул чиновниктик бийлик орундугу жок туруп эле, коом үчүн пайда келтирип, элдин тарыхында жаркын элес калтырышка мүмкүн боло тургандыгын айгинелейт. Ушундай Шабдандын кыргыздардын маселелерин өз алдынча элдик жөрөлгөлөргө негизделген салттык ык менен чечкендиктен, анын заманында мекендештеринин оторчулар менен арыздашуусу болгон эместиги жакшы белгилүү.
Түштүк кыргыздарынын түндүктөгү боордоштору менен биригүү аракети

1873-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү Лейлектин калкы Кокондун ханы Кудаярдын кол салууларына каршы туруп, алардын шаарларына соода иштери менен барган коӊшу кыргыздарга карата алым чогултууларынын көбөйүшүнө нааразылык билдиришти. Кыргызстандын түндүгүндөгү өзүлөрүнүн уруулаштары, он жылдан бери Россия империясынын карамагында тургандыгы жөнүндө жакшы кабары бар түштүктүктөр, али чыныгы жүзүн көрсөтө элек орус бийликтеринен пайда издешти.
Анткени, белгилүү болгондой, Россия империясына жаӊыдан кошулган аймактар, алгачкы 5-10 жылдын ичинде администрациясынын пайдасына төлөнүүчү салык жыйындан (налогдордон) бошотулушуп, барымтадан келип чыккан өз ара майда чекишүүлөр да токтоп, демократиялык принциптерге негизделген жергиликтүү бийликке шайлоолор киргизилип, орустардын өӊдүрүшүндөгү арзан товарлардын арбын алынып келиши күч алган.
Албетте, мунун баары түштүктөгү кыргыздарга таасир берип 1873-жыл алар Токмок уездинин орус администрациясы менен достук мамилелерди орнотууда Шабдан баатырдын ортомчу болуп беришин сурап Кулакмат жана Камбар Саркер аттуу адамдарын жөнөтүшкөн.
Бул иш жүзүндө түштүктөгү кыргыздардын түндүктөгү боордошторуна кошулууга жасаган аракеттери эле. Айткандай эле, 1873-жылдын ноябрында лейлектиктердин Кожент уездинин начальнигине жазган катында алардын умтулуулары адеп Токмок уездинин начальниги тарабынан колдоого алынды. Алардын кокондуктарга каршы туруусун натыйжалуу уюштуруп, кеӊеш берүү максатында лейлектик кыргыздардын өтүнүчү боюнча Шабдан баатыр жөнөтүлгөн. Бирок, тилекке каршы, Шабдан баатырдын бул багыттагы алгачкы жигердүү аракеттерине кийинчерээк генерал-губернатордун деӊгээлинде бөгөт тосулган. Бул тууралуу Түркестан генерал-губернаторунун кызматынын милдетин аткаруучу Г.А. Колпаковскийдин өзүнүн жетекчилерине жиберген рапортунда ачык эле көрүнөт: “… кокондук кыргыздардын … эл өкүлдөрүнүн маалыматын текшерип, алардын Шабдан Жантаев аркылуу токмоктук кыргыздар менен байланышууга жасаган аракеттерин тактап, эгер бул адилеттүү болуп чыкса, аларды тез арада токтотуу керек …”.
Ыӊгайлуу кырдаал колдон чыгып, эки жыл өткөн соӊ, 1875-жылы абал ого бетер кыйындап, академик Бегималы Жамгырчиновдун маалыматтары боюнча, “Жети-Суу облусунун аскер губернатору манап Шабдан Жантаевдин көтөрүлүшчүлөрдүн лагеринен Болотту (Кокон ханына каршылык көрсөтүүнүн жетекчиси молдо Исках Асан уулу 1844-1876 жылдары жашаган – Д.С.) кармап келүүнү уюштуруш үчүн жөнөткөнгө аракет кылды, бирок мындай иш ал үчүн ылайыксыз боло тургандыгын токмоктук кыргыздар ага алдын ала билдиришкен”.

Шабдан Фергана элине жакшылык жасап, куткарыш үчүн чакырылган

12-сентябрь 1875-жылы Фергана өрөөнүндөгү аскердик кызматта жүргөн генерал-майор В.Н. Троцкий, Түркстан генерал губернатору Константин Петрович фон Кауфмандын (1818-1882-жж. жашаган, Жарым Паша деген жергиликтүү калктан алган каймана атка ээ болгон) буйругу аркылуу Шабдан баатырга төмөндөгүдөй кат жолдогон эле: ”…Кыпчак Абдрахман автабачи Кокон өкмөтүнүн жоокерлерин Россиянын аскерлерине каршы салгылашка чыгарды, анын акыры кыргыздар менен кыпчактарга кайгылуу болду. Анткени алар Россия аскерлеринен талкаланганга чейин, анын күчтүүлүгүнөн кабарсыз болушкан, эми болсо баамдашты. Акмак Абдрахман автабачи кыргыздар жана кыпчактар менен качты, аларды генерал губернатор катуу жазалоону көздөөдө. Андыктан, Сизден суранамын, кыргыздар жана кыпчактарга жакшылык жасап, аларды куткарыӊыз. Андай болбосо, Жарым Пашанын ( А.П. Кауфмандын – Д.С.) укуругу узун, башкача айтканда колу жетиштүү. Ошондуктан эл өзү тезинен аны (Абдрахманды — Д.С.) алып келсе жакшы болмок, эгер муну алар жакын арада жасабаса кыргыздарга жана кыпчактарга жаман болот”. 18-сентябрда бул катты алары менен Кыргызстандын түндүк тарабындагы Ысык-Көл, Токмок жана Аулиеата уезддеринин тыӊ чыкмалары: Базаркул Атабеков (Тогуз-Торо волостунун башчысы), Атакан Бектияров (Тоӊ волостунун башчысы), Эгемберди Жанбулатов (Таластагы Жети-Уруу волостунун башчысы), Баяке Күнтууганов (1833-жылы туулган кыпчак уруусунан, сарыбагыш волостунун № 11 айылынын бийи), Акмат Рыскулбеков (Кетмен-Төбө волостунун башчысы), архив документинде Денбай (К. Усебаевде – Дыйканбай) делген адам (биздин болжолубузда бул киши Курманкожо волостунун башчысы Дыйканбай Черикчин, же болбосо Кетмен-Төбө волостунун № 11 айылынын бийи Дыйканбай Рыскулбеков сыяктанат), Бекболот (бий делген, бирок атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши кийин 1883-жылы Барскоон волостунун башчылыгына шайланган Бекболот Алсейитов сыяктанат), Кулмамбет (атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши да 1880-жылы Карабалта волостунун № 2 айылынын бийи болуп шайланган Кулмамбет Качкин сыяктанат), Шадыхан (атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши да 1883-жылы Барскоон волостунун № 2 айылынын бийи болуп шайланган Шадыхан Солтоноев сыяктанат), жана башкаларды баардыгы болуп 100 жигитти топтоп, 1875-жылы сентябь-октябрь айларында барон Георгий Штакельберг жетектеген орус аскер күчтөрүнүн Кыргызстандын түштүгүндөгү Базар-Коргон, Сузак, Ботокара жана Избаскен шаарларына жакын жердеги орус аскерлеринин жүрүшүнө катышкан. Анда Шабдандын негизги максаты, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикиринде, “кыргыздарга жана кыпчактарга жакшылык кылуу” болгон.
Мындагы орустардын Жети-Суу № 1 жүздүк (сотня) аскерлеринин жүрүшүн жетектеген барон Г. Штакельбергдин 2-октябрь 1875–жылдагы билдирүүсүнөн көрүнгөндөй, бөтөн жерликтер бул тарапка өз аскерлерин согуштук алдынкы чеберчиликте алып барышкандарын баамдайбыз. Айтмакчы, Кыргызстандын түштүгүн Россияга каратуу жараянында, көбүн эсе Кавказдагы (түрктөргө, чечендерге каршы) согуштук аракеттерде такшалышкан аскерлер катышканын эстен чыгарбайлы. Бул болгону эки жүз орус аскерин Кыргызстандын түндүгү тарабынан барган кыргыздардан турган кароолдор (разьезды), төрт тарабынан коштоп барышкан. Ушул чакан орус кошуунуна төрт миӊге жакын жергиликтүү калктын, негизинен таяктар, кетмендер (батика) жана бир аз мылтыктар менен куралданган күчтөрүнүн көрсөткөн каршылыктары натыйжасыз болгон.
“Мен ар дайым казактардын (орус аскерлеринин – Д.С.), атышуу менен гана чектелүүгө ынанышпай, кылычтарын сунушуп каршылашкандардын атчандары көздөй атырылуусун токтотуп жаттым. … Алардын мактанаарлык аракеттери туруктуу каармандык менен чектен өткөн чечкиндүүлүккө (доходящими иногда до дерзости) барып жатты”, — дейт барон Штакельберг. Эгер бул кырдаалдагы эки тараптардагы кызыган күчтөрдү жайына бош койгондо эмне менен аякташы баарыбызга айкын түшүнүктүү эле да.
Андан ары Г. Штакельберг, “Туткунга алынган 15 ке жакын адамдарды, аттары менен Кайка айылынын жанынан Шабдандын туруктуу (по настоятельной просьбе) өтүнүчү боюнча бошотуп жибердим, — дейт. Ошол эле жүрүштө Штакельберг Шабдан баатырдын жана анын жолдошторунун өтө пайдалуу болуп, жүрүштүн ийгилигине жардам бергендигин белгилөө менен дагы бир жергиликтүү калктан алынган туткунду ага бергендигин баяндайт.
Мындан биз Шабдандын ортомчулугу менен эки тараптуу чоӊ кан төгүүлөр болбогонун даана баамдасак болот.
Өскөналы Сыдык уулу бул жараянды өз убагында эле, акыйкаттуу баа берип, мындайча баяндайт:
“Шабдан баатыр Коконго аскер барганда көп жардам көрсөттү. Кайда болсо урушпастан ынтымакка алуунун жолун тапты. Ошол себептен, көп уруш болбостон Анжиян (Россияга – Д.С.) карай баштады”.
Жүрүштүн маалындагы Шабдан Жантай уулунун аракеттери орус генералитети тарабынан жакшы бааланган. Анткени бул кызматы үчүн ал кийинчерээк “кара-кыргыздардан биринчилерден болуп” 4-даражадагы аскердик Георгиев ордени, андан соӊ Кокон хандыгын караткандыгы үчүн күмүш эстелик медалы жана биринчи даражадагы Ардактуу чепкени менен сыйланган. Владимир Плоскихтин маалыматында, ошондо Шабдан менен бирге барышкан Баяке Күнтууганов жана аттары аталбаган жети жигиттери да 4-даражадагы Георгиев орденине татышкан.
Ошентсе да, Шабдан бул жүрүштүн аякташын күтпөстөн, кебетеси падышанын аскерлеринин жергиликтүү калкка карата ашкере катаал аракеттерине катуу нааразы болгон окшобойбу, анткени ал жигиттери менен Түркстандын биринчи генерал губернатору Константин Петрович фон Кауфмандын (1818-1882) өзүнөн суранып, үйүнө 1875-жылдын 27-октябрында эле кайткан экен.
Кыргызстандын түштүгүндө Шабдан баатырдын жана анын жигиттеринин аракеттери сыягы, мүмкүн болгон сыпайкерчилик чектен чыккан эмес жана алардын негизги максаты, элди бекер кан төгүүдөн сактап калуунун багытында болгон. Шабдандын мындай аракети 1876-жылы Фергана облусунун аскер күчтөрүнүн жетекчиси генерал-майор Михаил Дмитриевич Скобелевдин (1843-1882) Алайга жасаган жүрүшүндө даана көрүндү.

Алай “экспедициясына” Шабдан Мекенине кызмат кылганы барган

Тарыхчы Геннадий Кронгардтын маалыматы боюнча, бул Алайга болгон “аскерий илимий экспедиция” деп аталган жараянга: сегиз рота, төрт жүздүк, эки атчан-аткычтар, жарты рота аскерлери, үч (дагы бир маалыматта — алардан төртөө болгон) тоо замбиреги жана ракета аткыч батарея катышкан. Ошол мезгилде, Россиянын армиясындагы батареянын курамында — үч таянактуу алты сайлуу 20 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, үч таянактуу бир сайлуу 12 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, үч таянактуу бир сайлуу 6 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, баардыгы 18 замбирек болгон. Замбиректердин ракеталары 1,5 км. дан 4 км. ге чейин учуп жетишкен жана өтө кубаттуу уулу заттар менен жабдылган. Мындагы жоокерлеринин саны батареянын командачысы баш болгон 10 офицер, сурнайчы, музыкачылар жана башка жардамчылар менен 363 адамды түзгөн. Жөө солдаттардан турган ротадагы адамдардын саны 90-100 чейин болгон. Демек бул жортуулга болжол менен 1600 — 1700 жалаӊ такшалган орус жоокерлери катышкан. Бул ошол учурда, итабаран коркунучтуу күч болгондугу талашсыз. Салыштырмак үчүн, Анварбек Хасановдун маалыматында 1875-жылдын аягы 1876–жылдын башталышындагы Россия империясынын Кокон хандыгын өздөрүнө биротоло каратылышы учурунда колдонгон аскер күчүнүн саны 2821 адамдан турган. Ал эми 1877-жылы Түркмөндөрдүн ордо очогу болгон Теке өрөөнүндөгү Кызыл-Арватты ээлеш үчүн болгону 1800 аскерден (9 рота, 2 жүздүк, 8 замбиректен) турган күч колдонушкан. Бирок алгачкы ийгиликтен кийин, түркмөндөрдүн каршылыгынан чегинүүгө мажбурланышып, кайра аскерлеринин санын, тез арада, 12 000 жеткизип ( 17,5 батальон, 20 эскадрон – атчан жүздүктөр, 34 замрек) зор күч менен кайрадан киришип, басып алуучулук иштерин улантышып, көп кан төгүүлөрдү жасашканы белгилүү.
Шабдандын айтканы боюнча бул жүрүшкө аны Д.М. Скобелев чакырган, ал эми генерал-майордун 1876-жылдын 26-октябрындагы рапортунда”… Токмоктон эр жүрөк жана татыктуу Шабдан 25 жигитин ээрчитип, өз эрки менен келип кызматын сунуш кылды, өзүнө тиешелүү олжодон баш тартып, талоончулук үчүн эмес, кызмат кылганы келгендигин билдирди…” деп айтылат. Ал эми бизге белгилүү болгон, 1885–жылы түзүлгөн “Шабдандын өздүк өмүр баяндамасында” бул жер орус чиновниги тараптан “орустарга кызмат кылганы” (пришел служит русским…) деп, замандын ыргагына жараша, атайлап эле бурмаланганын көрөбүз. Мындан биз падыша аскерлеринин чакыруусу менен мекендештерине “жакшылык жасап”, кырылуудан “куткарыш” үчүн келишкен Шабдандын жана анын жолдошторунун көзүнчө, өз убадаларына турушпай, кыргыздарга карата ашкере мыкаачылык кылышып, алардын мал-мүлктөрүн да талоончулукка учураткандыктарына күбөө болгон баатыр жаны ачыгандан, ачыктан ачык эле, буга каршы экендигин билгизгендигин байкайбыз.
Падышанын дагы бир ыкчам отрядынын начальниги полковник Витгенштейндин 1876-жылдын 7-сентябрында М.Д.Скобелевге жазган катында «Зардала жана Мазар капчыгайындагы аскердик аракеттерде “Шабдандын жигиттери жана өзү бул иште өтө пайдасы тийди”, анын жигиттеринен 8 адам жарат алып 27сине таш тийип жабырланды», — деп айтылат. Ал эми 1885–жылыдагы “Шабдандын өздүк өмүр баяндамасында” мында ал өзү да жарат алган деп, жогоруда белгиленген максатта, ашкере күчөтүлгөн сыяктанат. Ошол журуштө падышанын кошууну Жоро ашуусунун жанында 51 кыргыз жоокерлерине кол салып аеосуз баардыгын кылычтап өлтүрүшүптүр.
Бул жүрүштөгү Шабдандын жана анын бир тууганы Байбосундун (башка бир маалыматтарда Абдрахман делип жүрөт) билгичтигинен гана карама-каршы тараптардын ортосунда түзүлгөн кырдаалды дипломатиялык негизде чечүүгө мүмкүн болду. Элдик уламыштарда ушул жүрүш мезгилинде, Шабдандын өмүрүнө кол салуу коркунучу түзүлгөн. Андан аны бир жагынан таякеси, экинчи тараптан кайындары жана жан досу Байзак баатыр Жаркымбай уулу куткарган.
Окурманга бул жагдай даанарак түшүнүктүү болушу үчүн алайлык кыргыздардын башчысы Абдылдабек Алымбек уулу менен генерал М.Д. Скобелевдин ортосундагы кат алышууларына назар салалы. “
Абдылдабек датка!
Абдулкеримбек (козголоӊчулар хан кылып көтөргөн адам – Д.С.) менен чогуу силердин бизге өз ыктыярдыгыӊар менен келишиӊерди сунуш кыламын, каарман орус армиясына силер каршы тура албастыгыӊарга тайсалдабай ишене бергиле. Аларды эч нерсе токтото албайт – тоолор да, дарыялар да, душмандар да. Ошондуктан сен качкындыкта каласыӊ, бирок эртеби же кечпи биз сени кармайбыз. Эгер сен өз ыктыярыӊ менен жогорку абройлуу жана күч-кубаттуу генерал-губернатордун (К.П. Кауфмандын –Д.С.) алдына келсеӊ анда анын ырайымдуулугуна ээ болосуӊ”, — дейт генерал 22–июль 1876-жылы даткага жазган катында.
Мындай сунушка Абдылдабек 27–июлда төмөндөгүдөй жооп жазыптыр: “Улуу даражалуу Скобелевге! Сиздин убактылуу жарашуу жөнүндөгү катыӊызды алдык. Ушуга чейин Алланын жана анын пайгамбарынын жардамы менен элди чогултуп каршылык көрсөттүк, анткени сиз мойнуӊузга алган милдеттемени бузуп жатасыз. Мисалы: Кокон хандыгын башкарууну бийлиги чектелген Насреддинге (Худаяр хандын уулуна-Д.С.) тапшырдыӊыз, анан кайрадан аны тартып алып, өзүн Сибирге айдаттыӊыз. Анан дагы сиз генерал Скобелев, элде кадыр барктуу Абдрахман (Мусулманкул аталыктын уулу — Д.С.) автобачи менен келишим түзүп, Коконго калтырууга убада бердиӊиз, бирок сөзүӊүздү бузуп аны жана биздин бир канча бийлерди Сибирге айдаттыӊыз. Мунун баары сизге карата ишенбөөчүлуктү пайда кылды, жана сизден чочулаганыбыздан каршылык көрсөтүп тоого кетүүгө аргасыз болдук. Сиз өзүӊүздүн курал жарагыӊыздын санына ишенүүдөсүз. Бизде курал жок, Алланын гана эркине ишенебиз.
Эгер сиз, өзүӊүздүн убадаӊызды аткарсаӊыз, биз мындай жосунга барбайт элек. Биз азырынча тирүү болгондон кийин, өзүбүздү жана ар-намысыбызды коргогубуз келет. Биз көчмөнбүз, бирок бизге да оокат-мүлк, байлык, башка турмуштук жыргалчылыктар да керек.
Сиз Токмоктон тартып кыргыздарды, кыпчактарды, сарттарды караттыӊыз, убадаларды бердиӊиз, бирок Коконду алгандан кийин бардыгы өзгөрүлдү. Эгер сиз убадаӊызды өзгөртпөгөндө, мындай көтөрүлүш болмок эмес. Эгер сиз чынында эле тынчтыкты кааласаӊыз жана өзүӊүздүн убадаӊызга тура аламын десеӊиз, анда Шабдан баатырга тапшырма бериӊиз, биз дагы ага ишенимибизди билдиребиз. Биздин маселелердин бардыгын Шабдан баатыр чечсин. Баардыгы сиздин эркиӊизде, бирок сиз Шабданды Ош уездине калтырсаӊыз, балким ошондо сиз биздин ортобузда тартип орното аласыз”.
М.Д. Скобелевдин Абылдабектин сунуштарын четке кагып, эми ага ачыктан ачык коркутуу төмөндөгүдөй мазмундагы катты, анын иниси Хасанбектен ошол эле күнү берип жиберди: ”Мурдагы катымда мен сизге дааналап түшүндүргөм, кайра-кайра түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан сиз ырайымдуулукту кааласаӊыз, анда сизге жиберилген Шабдан баатыр жана Ташибек менен бирге өз эркиӊизде келиӊиз”.
Бирок, тилекке каршы, “Абдуллабек колго түшүүгө ниеттенип жатканда, — делет архив документинде, — башка козголоӊчулар буга макул болбостон жана жаӊы жаӊжалдашуудан кийин, бардыгы Кызылартты карай чегинип, Шабдандын тууганын эки жигити менен кармап кетишти”. Аны куткарыш үчүн Шабдан алардын аркасынан сая түшүп кылыччан чабышып, бир туусун колго түшүргөн. Көп узабай Байбосун жолдоштору менен Хасанбектин талабы менен бошотулду.

Алай ханышасы Курманжан, Шабдан жана сөзүнө турбаган падышанын генералы

Кемел Шабдан уулунун эскерүүсүндө, Шабдан баатыр Абдуллабектин энеси, белгилүү Алай ханышасы Курманжан датканын жана генерал М.Д. Скобелевдин ортосунда ортомчулук милдетти ишке ашыргандыгын төмөндөгүчө баяндайт: “Алайдагы кыргыздарды каратканда, Курманжан-датка аял падышаны орус аскерлери колго түшүргөн экен. Колго түшкөндө генерал Скобелев сен аял башыӊ менен бизге эмне үчүн ок аттыӊ деген. Аялдын жообу: «Биздин ок аттуу али парз, али сүннөт», — деген. Скобелев “балдарыӊ кайда?” деп сураганда, «чынары мында болсо, чырпыгы кайда барар дейсиз» деп жооп берген. Ошондо Скобелевдин буйругу боюнча 30 казак-орус курчап турду Курманжан датканы. Скобелев генералдан баатыр Шабдан барып сураган: «мага кепилге бериӊиз» деп. «Качып кетсе эмне кыласыӊ?” деп Скобелев айтканда, жооп берген «анын ордуна мени атыӊыз» деген Шабдан, андан кийин кепилге берген. Курманжан даткага үй тиктирип берип, бир ай багып турган. Ошол бир айдын ичинде «мени куткар орустан» деп бир дагы айткан эмес экен. Ал киши айтпаса дагы, далалатчы болуп куткарган. Баатыр ошол аялдын сыпаалыгына ыраазы болор эле. Ар күнү эртеӊ менен Курманжанга салам айтып, үстүнө кирет экен. Курманжан датка намаз окуп, теспе тартып олтурар экен. Мындай жакшылыкты ал көп кылган”.
Курманжан датканын чөбөрөсү болгон Турсунай Өмүрзакованын баамында, даӊазалуу Алай ханышасы генерал М.Д. Скобелевге жолугушууга алдын ала макулдашуунун негизинде өз ыктыярдыгы менен уулу Камчыбек жана небереси Мырзапаяздын коштоосунда Гүлчөдөгү Лянгар айылына келген. “Жолугушуу расмий кырдаалда өткөн. Курманжан датканы орус генералы Чыгыш элдеринин наркын жасап, учурдун шартына ылайык даам-татым даярдап, атайын белек камдап чапан жаап, сый-урмат көрсөтүп күтүп алган жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн”. Бул жагдайды Анварбек Хасановдун изилдөөлөрү жана архив документтери да ырастайт Түркестан генерал губернатару К. П. Кауфмандын Россиянын Аскер министрине жолдогон билдирүүлөрүндө мындай сүйлөмдөр жолугат: “1876-жылы Алай тоолорунда чоӊ таасиирге ээ болгон Курманжан, а дегенде генерал Скобелевге, андан соӊ мага келген”.
Бул жолугушуу 29-июлда болгон сыяктанат, анткени андан соӊ 31 июлда Ош уездинин көчмөн калкы жана ичкилик уруу тобунан отурукташкан кыштактарга жакын жерлерде көчүп жүрүшкөн кээ бир урууларынын өкүлдөрү: молдо Гадай бий (адигене уруусунан), Исмандияр бий (муӊгуш уруусунан, Курманжандын агасы) генералга баш ийгендиктерин билдиргени келишкен. М.Д. Скобелев жергиликтүү калктын мурдагы каршылыктарына каарданып Алай канышасына берген убадаларына турбай, аларга салык өлчөмүн мурун белгиленген бир кой башына чегерилген 4 рубльдын ордуна 6 рубульдан бересиӊер деп, өзүм билемдик кылып, “Убактылуу Туркстанды башкаруу жобосундагы” салык мыйзамын одоно бузуп, өкүм кылыптыр. Мындан тышкары Алайлыктар Гүлчүдөн Талдык-Даван аркылуу араба жүрүүчү жол салууга милдеттендирген.
Скобелев муну менен чектелбестен жортуулдук аракеттерин уланта берен. Өз ыктыяры менен орус аскерлерин, алардын арасында Шабдан баатыр да болгон, Каратегиндин башчысы менен алакага кирип, жаӊы чек-ара келишимин түзүп жиберген. Бирок аны Түркстан генерал губернатору жокко чыгарган.
Ошол эле учурда Шабдан баатыр өзү, генерал М.Д. Скобелевден өлүм жазасына тартылган, Намангандан 35 молдо, эшен жана кадырлуу адамдарга мунапыс берүүсүн сурап, өмүрүн сактап калган. Шабдандын өмүр жолу жөнүндөгү биринчи чыгарманын автору Осмонаалы Сыдыковдун маалыматы боюнча ал ар кандай кылмыштары үчүн камалган 73 мекендешинин сот жоопкерчиликтеринен бошонушуна жардам берген.

“Көзү кандуу” генералдын тилин тапкан Шабдан

Айтмакчы, 1881-1884-жылдардагы Түркменстандагы Россия аскерлеринин басып алуучулук аракеттерин алгачкылардан болуп дыкат изилдеген орус тарыхчысы, академик Михаил Тихомировдун ошол учурдагы генерал М.Д. Скобелев жөнүндөгү кээ бир маалыматтарын бул жерден келтирип койсок ашыкча болбос. Изилдөөсүнүн баш чагында эле “Ар кандай жагдайларга карабастан согушууну дегдеген жана кагышууну каалап, аны эӊсеп турган М.Д. Скобелевден бөлөк эч бир адамды таппайсыӊ”, — дейт. Андан соӊ “Орус наркы, өлгөн жолдошторубуз үчүн — өч алууну талап кылат”, деп буйрук берчү экен дейт. Дагы бир жеринде, бул генералдын мындай ырайымсыз согушчан аракеттеринен улам, түркмөндөр ага “көзү кандуу” (“Кровавые глаза”) деген каймана ат бергендигин эскерет. Ал эми 1881-жылы Көк-Тепе коргонун Россия аскерлери согуш аракеттеринин негизинде алганын баяндап жатып, тарыхчы минтип сүрөттөйт: ”Түркмендердин теке уруусун талкалоо ырайымсыз болду, алардын качкандарын 15 чакырымга чейин кубалап жүрүп кырышты…. Теке уруусунун жоготуусу 6-8 миӊ адамга жетти… (алдын сызган мен – Д.С.)”. Ушундай кыргындарга жетекчилик кылган, ал учурда жаӊыдан гана генерал ченине жеткен, адамдын тилин тапкан Шабдан баатырдын ортомчулуктагы (азыркы тил менен дипломатияда – элчиликте) болгон ийгилиги десек жаӊылбайбыз.
Шабдан баатыр өзүнүн өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин Кыргызстандын түштүгүндө жашоочу мекендештери менен жылуу мамиледе болгон. Бул тууралуу Жети-Суу облусунун талаа генерал-губернаторуна 1884-жылдан 1885-жылдардын аралыгында Тогуз-Торо болуштугунун молдосу Мамырбай Кубатбековду абактан бошотуу жөнүндөгү Шабдандын жана Сооронбай Кудаяровдун жиберген өтүнүчтөрү ачык күбө боло алат.
1888-жылы Сибирдеги Иркутск шаарында Россия падышачылыгынын баскынчылыгына (1876-жылы 25-апрелдеги Жаӊырык капчыгайындагы салгылаштагы) каршылыкка катышкандыгы үчүн 12 жыл сүргүндө жүрүп, Кыргызстанга кайткан Алайдагы баргы уругунун өкүлү, кыргыздын дагы бир мекенчил уулу, ошол мезгилде парваначы Алымбек Асан уулунун талапташы, кийин Алай канышасы Курманжандын казыначысы болгон, мударис Сулайман удайчыны Шабдан баатыр Кеминдеги өз ордосунда, бийик ызаттоо менен кабыл алып, ак дилден сый-урматын көрсөткөн. Бул жагдайды журналист Ж. Парманасов мындайча сүрөттөйт: ”Кеминде Шабдан баатыр Сулайман удайчыны кырк күн алып калып, кырк жерге коноктоп, намазды чогуу өткөзүшүп, анан кырк биринчи күнү дегенде элди чогултуп, алдына ат, үстүнө кийим кийгизип, колуна мандат (кебетеси өзүнүн атынан элге, өзү сыяктуу элдик нарктын негизинде, баш-көз болуу өтүнүчү болгон окшойт – Д.С.) берип Алайга узаткан экен.
Сулайман удайчы Алайга барганда, бул сыйды өз элине ызат менен айтып жүргөн дешет. Ал турсун, биринчи көргөн баласынын атын да Шабдандын баласынын атына окшоштуруп Искендер деп койгон экен”.
Ушул баяндамабызды аяктап жатып, Шабдан баатырдын Алай тарапка баргандыгын дыкат изилдеген дагы бир тарыхчы Бектемир Жумабаевдын 2000-жылы эле жасаган адилеттүү жыйынтыктарын келтирип коюну туура көрдүм. Анда, ал “…Шабдан баатырдын түштүккө барышы, бул ошол мезгилде эле түштүк жана түндүк кыргыздардын өз ара жакындык мамилелеринен улам барды десек болот, анткени Шабдан орус төбөлдөрү менен мурунтадан эле мамиледе болуп, алардын күчүн, саясатын жакшы түшүнгөн, падышачылыктын армиясына начар куралдар менен каршы туралбастыгын билген, ошондуктан кыргыздардын айбаттуу орус куралдарынын астында тепселишин каалаган эмес,” — деп бүтүм жасаган эле.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эл аралык Чыӊгыз Айтматов академиясынын академиги, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору


ТӨРТ ТУЯГЫН ТЕӉ ТАШТАГАН КЛАССИК…

$
0
0

Тарыхтын  өкүмү күч жана  оош-кыйышы  чексиз. Дегеним,  биздин  заманга  чейинки доордун  монгол  чапкынына  чейинки  мезгилдин, мейкиндиктин  тарыхый драмасында  Борбордук  Азияда  нечендеген  этностор  жана  уруулар  жашап  өтүшкөн. Тыӊдары  хан  ордосун  курушкан. Алсак, байыркы  гунндар  300 жыл, сиянблер, тобалар, түрктөр, кидандар  200 жылдан,  жужандар 150 жылдан  кылыч-найза  ойнотуп, тулпар  туяктарын  дүӊгүрөтүп,  бийликте  турушкан.

Кыргыздар  Борбордук  Азияда  сексен  жылдай  хан  тактысында   көк  асабасын  желбиретти. Ошончо  көчмөн  элдердин  ичинен  б.з.ч. доордон  бери  эӊ  узак  өмүр  сүргөн, тарыхта  изин  өчүрбөй  келе  жаткан  көөнө  калк, албетте,  кыргыздар. Андай узак  “жашоонун” керемет  күчү  эмнеде  болду  экен деген  табигый  суроо  туулат.

Көрсө,  байыркы  бабалардын  тили, алардын  тарыхы менен тарыхый эс тутуму, салт-санаасы менен  маданияты,  тутунган  тууру  менен  мекени, “Манас”  эпосунан   Ч.Айтматовго  чейинки  рухий-философиялык  акылман  аалам-космосу, көчмөндүүлүккө  ылайыкташкан  материалдык-экономикалык  этнобулактары, ошондой  эле  табият  менен  кудайдын  көмөгү,  ж.б.  баалуулуктары, акыйкатта, XXI  кылымга  жеткирди.

Ошол  улуттук  баалуулуктардын  сабында  Касым  менен  Аалынын, Мукай менен  Жоомарттын, Жусуп  менен  Алыкулдун, Касымаалы  менен  Түгөлбайдын, Райкан  менен  Мидиндин, Абдырасул  менен  Темиркулдун  көркөм–поэтикалык, эстетикалык-интеллектуалдык   асыл жана алп   дүйнөлөрүнүн улуу көчүндө төрт  туягын  төп  тыштаган  Насирдин  Байтемировдун  рухий байлыктары ак кар, көк  муздуу Ала-Тоодой  шаӊкайып  көрүнүп  турат.

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул  атындагы  мамлекеттик сыйлыктын  лауреаты, кыргыз адабиятынын  классиги Н.Байтемировдун  сүрөткердик  күлазыгы -  элдин  жашоо-турмушу, элдин жазмыш-тагдыры  болгон. Ал  элдин  турмушун  көрөгөчтүк, билермандык  менен  изилдей  алган, анын  өнүгүшүнүн өйдө-төмөнүн,  оош-кыйыштарын, негизги   агымынын, шарынын  тенденцияларын  даанышмандык менен, кеменгерлик  менен кармай  алган  жана  эл  тагдырынын  көркөм  сүрөтүн  образдуу, элестүү  тарта  алган. Акыйкатта, элдин  турмушу  гана  элге  жетет, элди  кызыктырат, элди  кумарлантат, элди ойлонтот жана элди  толгонтот. Элдин  акылмандуулугу, көсөмдүгү, ой-санаасы, кайгы-кубанычы  гана  элге  ортоктош  боло  алат. Элдин  ушул  улуу  нышан-касиеттерин ачып  бере  алган  ойчул, чебер  сүрөткер  Насирдин  Байтемиров  болгондугу  талашсыз.

Анын “Акыркы ок”, ”Азаматтар”, ”Салтанат”, ”Жаш  жүрөктөр”, ”Жылдызкан”, ”Тарых эстелиги”, ”Сонундар  дүйнөсү”, ”Санта”, ”Турмуш  элеги”, ”Жүрөк  күүсү”, ”Эриген  таш”, ”Махабат  дастаны”, ”Махабатым -  канатым”, ”Махабат  нуру” ж.б.  романдары, повесттери, поэмалары  жана  ыр  жыйнактары   кыргыз  адабиятындагы  барандуу да, сөөлөттүү да  чыгармалар  катары  даӊазалуу  мартабасын  бүгүнкү  күндө  да  бөксөртө  элек.

Өмүрүнүн  акыркы  жылдарында  ал  элдик  поэзиянын  салтын  улантып, дастан, казал түрүндөгү  чыгармалардын  оригиналдуу  топтомдорун  жараткан. «Бир  саптар» деген  ат  менен  ырдын  жаӊы  түрүн  токуган.

Ал  республикалык  театр, кино  өнөрүнүн  өсүп  өнүгүшүнө  көп  салымын  кошкон. Менимче,  “Аста  секин  колукту”  музыкалык  комедиясы  классикалык керемет  чыгарма.

Ырас, көркөм  баалуулуктун  ар  түрдүү даражасы  жана  көп  кырдуу  бийиктиктери  бар. Ар  бир  даража,  бийиктик  турмуш  чындыгын, жашоо акыйкатын, адам  адилдигин, пенде  дөөлөттүүлүгүн  ачуунун  жана  жалпылаштыруунун  деӊгээли  менен  белгиленет. Ал  кыргыз  адамын, кыргыз  турмушун, кыргыз  чындыгын    улуттук  жана жалпы  адамзаттык,    чыгыштык  жана  батыштык, салттуулук   жана жаӊычылдык  тариздүү  чыгармачылык   баамдоонун, сезүүнүн, туюунун  деӊгээли  аркылуу  шөкөттөөгө    жетишкен.

Жазуучу  жараткан  Керимбек,  Күлжан,  Жылдызкан, Уркуя, Санта, Серкебай, Саламат  ж.б.  образдар  өзүнчө  бир  эпикалык, доордук    көркөм-эстетикалык  кубулушка  айланып, автор  ал  образдар  аркылуу  жалпы  адамзаттык  чындыкты, жалпы  адамзаттык  гумандуу    идеяны  жалпылаштырган. Болгондо  да  салттуулук    менен     жаӊы  көркөм  жоболордун  негизинде,  өнөкөттүүлүк   менен   жаӊы  эстетикалык  мыйзам-ченемдүүлүктөрдүн  негизинде  ишке  ашырган.

Ар  түрдүү  жанрларда  жемиштүү  иштеген  сүрөткердин  автордук  идеяны алып  жүрүүчү  оӊ  каармандары, сөздүн  тереӊ  маанисинде,  рухий  жактан, эрктик  жактан, жарандык жактан  парасат-турпаты  күчтүү, карылуу, күрөшчүл  зор  инсандар. Мисалга, Уркуя — сыртта кызматта  жүргөндө  эл  камы  үчүн  күрөшкөн  принципиалдуу, чечкиндүү  инсан, ал эми  үй-бүлөсүндө  мээримдүү эне, жароокер  жар. Туугандыктын  да, жолдоштуктун да кадырын  билет. Бирок өзгөрүлбөс  бир нерсе бар. Ал кайсы  гана жерде  болбосун ак ниет, адилет, акыйкат, таза, калыс, пакиза адам бойдон  кала  берет. Романдын  идеялык-эстетикалык семантикасы, таалим-тарбиялык  нарк-насили дал  ошол  Уркуянын  образы  аркылуу  кемелине  келет,  ажайып  бир  көркүнө  чыгып  турат. Роман  аркылуу  Уркуя  Салиева  тарыхтын  кызуу  уйкусунан  ойгонгонсуп, кайрадан  биздин  катарыбызда  туруп, жаштарды  тарбиялоо  ишине  жигердүү  кызмат  кылып  жатат   деп  айтууга  менде  толук  негиздер бар.

Же төмөнкү кыргыздардын этно  өзгөчөлүгүн  чагылдырган  ыр  саптарын билбеген  окурмандар  аз  болсо  керек.

Кыргыздар  мейман  келсе  кубанышат,

Түшүп кет, түнөп  кет деп суранышат,

Үйүнө жылан  сойлоп  келсе дагы,

Сүт  чачып, айран чачып  чыгарышат.

Сомосунан  айтканда,  жазуучунун  бир  топ  чыгармаларынын  орто  мектептерде, колледждерде  жана  жогорку  окуу  жайларында   кыйла  жылдардан бери  окутулуп  келе  жатышы, асыресе   мыйзам-ченемдүү  көрүнүш.Ошондуктан     жазуучунун  чыгармачылыгынын  филология  илиминде гана    эмес, жалпы педагогика илиминде да, дидактика илиминде да, окутуунун жана  тарбиялоонун  теориясы менен методикасы илиминде да илимий  изилдөөнүн  предмети  болуп  келе  жатышы кокустук эмес.

Баамымда, Насирдин  Байтемировдун  жазуучулук  философиясы  адамдын   улуулугуна, жаратылыштын  түбөлүктүүлүгүнө, бийик  гуманизмге  жана  асылдык  идеясына  барып  такалат.

Анын  сүрөткердик   устаттыгынын  эӊ  башкы  сыры — көркөм-эстетикалык  ойлонуунун  ар  тараптуулугунда  жана  көп  түрдүүлүгүндө.Ошондой  эле  учу-кыйры  узак ой  чабытынын  диахрондуу да, синхрондуу да   тереӊдигинде жана  жайыктыгында.

Чыгармаларындагы    психологиялык  көркөм  талдоонун   жана  эстетикалык, философиялык  жалпылоонун  ар  кандай түспөлдөрүнүн, ыраӊдарынын, деӊгээлдеринин  орун  алгандыгында.

Жазуучу  жаӊы  менен эскинин, бар менен  жоктун, сүйүү  менен  жек  көрүүнүн, оӊ  менен  терстин, жакшылык  менен  жамандыктын, достук  менен  кастыктын, жеке  адам  менен  коллективдин, адал  менен  арамдын, өтмүш  менен  болмуштун, согуш  менен  тынчтыктын, тазалык  менен  ыпластыктын, шарапат  менен  кесепеттин, тоталитаризм  менен  азаттыктын, күнкордук  менен эркиндиктин, арзан  менен  кымбаттын,  ааламдашуу  менен  этномаданияттын  драмалуу  карама-каршылыгынын  жана  биримдигинин  көркөм  поэтикалык,  кайталангыс  ой тегирменинде  уникалдуу  чыгармаларын  жаратып,  мүлдө  кыргыз  элине   ат көтөргүс,  ошол  эле  мезгилде  көөнөргүс  мурас  калтырып  кетти.

Жазуучунун    чыгармалары, менимче, көркөм табылгаларга  жана   эстетикалык  ачылыштарга  бай, олжолуу жана  канжыгалуу, жалпылаштырып  айтканда,    фундаменталдуу  гуманизмге  негизделген. Залкар  сүрөткердин  чыгармачылыгы, сөздүн  толук  маанисинде,  улуттук  зор  баалуулук, кайталангыс  дөөлөт.

Демек, болочокто жазуучунун   көркөм  чыгармаларынын  турмушту, адамды, мүнөздү, карама-каршылыкты, чындыкты  сүрөттөөдөгү  өзгөчөлүгүн, жалпы  адабий  процесстеги   автордун  көркөм  чыгармаларынын  нарк-дөөлөтүн,  айтылуу  чыгармаларынын    структурасын,  поэтикалык  табиятын, көркөм-эстетикалык,  таалим-тарбиялык  касиет –сапатын аныктоодо  методологиялык жаӊыча  талап  кылынары шексиз. Башкача  айтканда  доор алмашты, кылым алмашты, баалуулуктар  менен асылдуулуктар  алмашты ошондуктан жазуучунун көркөм  дөөлөттөрүн тарыхый конкреттүү, ошол эле мезгилде  бүгүнкү  күндүн  көркөм-эстетикалык  баалуулуктарынын  бийиктигинде, тереӊдигинде  жана  ар  түрдүүлүгүндө талдоонун  олуттуу  жана  салмактуу  проблемалары  адабиятчылардын  алдында  турат. Демек, адабий-эстетикалык  ой жүгүртүүнүн этностук жана жалпы  адамзаттык  плюрализми, ар түрдүүлүгү  менен көп түрдүүлүгү алдыӊкы  планга  чыгары  шексиз.

 

 Н.Ишекеев,

педагогика  илимдерини доктору,

Ж.Баласагын атындагы 

КУУнун  проректору, профессор

АБИТУРИЕНТ, СҮЙҮКТҮҮ КЕСИБИӉДИ ТАНДАП, КЕЛЕЧЕГИӉЕ ЖОЛ АЧ!

$
0
0

Республикада жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү 11-июлда башталып, эки тур менен өтөт. Орундар толбой калган адистиктерге гана Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-тур жарыяланат. Бул жылы дагы Жалпы республикалык тесттен 110 баллдан жогору алган абитуриенттер гана кабыл алынат.

Окуу жайга кабыл алуу конкурсу бардык окуу жайларда бирдей болот. 11-июлда саат 9.00до ар бир окуу жайда кабыл алуу өнөктүгү официалдуу ачылып, талондор салынуучу кутучалар абитуриенттердин, ата-энелердин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда бекитилип, абитуриенттер тандап алган адистиктери боюнча талондорун сала башташат. Талон кыркуу 13-июлда саат 14.00до токтотулуп, окууга өткөн абитуриенттердин тизмеси 14-июлда саат 10.00до илинет. Талапка ылайык, талапкерлер эки күндүн ичинде, тактап айтканда, 16-июлга чейин окуу жайга келип, окуй тургандыгын тастыктап, документтерин тапшырып кетүүсү зарыл.

Кабыл алууну ачык-айкын өткөрүүүчүн ар бир окуу жайда бир эле учурда ЖРТнын талондорунун штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдуулар иштеп, ар бир адистик боюнча маалыматтар экрандан чыгарылып турат. Андан абитуриент өзүнүн канчанчы орунда экендигин жана окууга өтүүүчүн канчалык мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрүп, анализдей алат.

Эгерде окуу жайда биринчи турдан кийин орундар калып калса 18-июлдан 23-июлга чейин экинчи тур өткөрүлөт. Бул тур дагы биринчи турдагыдай эле тартипте өтөт. Үчүнчү тур болсо Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен гранттык орундар калып калган окуу жайларда гана 25-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлөт. Бул турда абитуриент сертификаттын түп нускасын алып келиши керек.

 110 баллдан жогору топтогондор кабыл алынат

 Быйыл дагы жогорку окуу жайлардын бардыгында окутуунун бардык түрүнө кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Негизги тесттен 110 балл, предметтик тесттен 60 балл алган абитуриенттер гана конкурска катыша алышат. Бюджеттик орундарга кабыл алууда негизги тесттен сырткары тандаган адистигине жараша предметтик тесттердин жыйынтыгы милдеттүү түрдө каралат. Медициналык адистиктер үчүн – химия, биология, гуманитардык адистиктер үчүн – тарых же англис тили, техникалык адистиктерге — математика же физика предметтеринин жыйынтыктары каралат.

Быйыл мамлекет тарабынан жождорго жалпы 5705 гранттык орун каралган. Бул жылы гранттык орундарды бөлүштүрүүдөөзгөртүүлөр киргизилди.  Негизги көӊүл компьютердик технологиялар, өнөр жай жана тоо-кендерин казып чыгуучу өнөр жайы, айыл чарба, энергетика адистиктерине бурулуп, бул адистиктердин ичинен эӊ көп орун, тактап айтканда, алты жүздөн ашуун орун өнөр жай жана тоо-кендерин казып чыгуучу өнөр жайы багытына бөлүндү. Компьютердик технологиялар багытына – 420 орун, энергетика багытына – 200 орун, айыл чарба багытына – 420 орун каралса, бюджеттик орундардын эӊ көбү жылдагыдай эле педагогикалык багытка бөлүндү. Бул багытка быйыл 2095 абитуриент кабыл алынат. Саламаттыкты сактоо багытына болсо 400 абитуриентти кабыл алуу күтүлүүдө.

Гранттык орундарга конкурстан сырткары кимдер тапшыра алышат?

 Гранттык орундарга конкурстан сырткары кабыл алына турган абитуриенттер:

- ЖРТдан эӊ жогорку балл топтоп алтын сертификатка ээ болгон 50 абитуриент;

- ушул жылы республикалык олимпиададан 1-2-орунду алган, же эл аралык олимпиадалардын жеӊүүчүлөрү олимпиаданын предмети төп келген адистиктерге жана багыттарга жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан болсо;

- ушул жылы олимпиададан 3-орунду алган, олимпиаданын предмети төп келген педагогикалык адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан болсо.

Гранттык орундарга кабыл алууда абитуриенттердин социалдык категориясы эске алынат:

- Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү;

- облус борборлорунун жана кичи шаарлардын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү;

- айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү;

- тоолуу аймакта жайгашкан мектептердин бүтүрүүчүлөрү;

- жеӊилдиги бар абитуриенттер (1-2–топтогу майыптар, согуштун катышуучусу жана согуштун майыбы жеӊилдигине жана кепилдигине теӊештирилгендер, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар, запаска кеткен аскер кызматкерлери, 2010-жылдагы окуяларда каза болгондордун балдары, кайрылман статусу барлар).

Конкурс ар бир категория боюнча ар башка жүргүзүлөт. Жеӊилдиги бар абитуриенттер гранттык орундарга өзүнчө квота менен кабыл алынат.  Контракттык бөлүмгө болсо конкурс абитуриенттердин категориясына карабай жүргүзүлөт. Гранттык орундарга кабыл алынган студенттер менен окууну бүткөндөн кийин бөлүштүрүү боюнча сөзсүз иштеп берүү тууралуу үч тараптуу келишим түзүлөт.

Контракттык форма   

 Окутуунун бардык формасы боюнча (күндүзгү, сырттан, кечки) контракттык бөлүмгө тапшырууну каалаган абитуриенттерден негизги тест талап кылынат. Предметтик тесттер тийиштүү багыт боюнча тапшырууда абитуриентке кошумча укук берет. Контракттык бөлүмгө кошумча предметтик тесттерди талап кылган адистиктер жана багыттар (медициналык адистиктерден сырткары) боюнча предметтик тесттерди тапшырбай калган, бирок негизги тесттен босого баллдан жогору топтогон абитуриенттер кабыл алынышы мүмкүн. Бул адистиктерге тапшырууда предметтик тести бар абитуриенттер кошумча укукту пайдалана алышат. Кызыл аттестатка ээ болгон, негизги жана предметтик тесттен босого баллдан жогору топтогон абитуриенттердин ар бир предметтик тестине жыйырма баллдан кошулат.

ЖРТнын жыйынтыгы кандай?

 Быйыл жалпы республикалык тестке жалпы 52039 бүтүрүүчү катышкан. Анын 986сы 23-24-июнда өткөрүлгөн кечиктирилген тестирлөөдөн өтүшкөн. Кечиктирилген тесттен өткөн бүтүрүүчүлөрдү кошпогондо 1-2-этапта тесттен өткөндөрдүн 25351 босого баллдан жогору балл алган. Эӊ жогорку балл топтогон 52 абитуриентке алтын сертификаттар берилди. Быйылкы тестирлөөдөн эӊ жогорку баллды (237 балл) №61 мектептин бүтүрүүчүсү Ибраимов Данияр алды. Бул алтын сертификатка ээ болгон абитуриенттер өздөрү каалаган окуу жайдын каалаган адистигине сынаксыз өтө алышат.

 Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Каникулду кантип пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүгө болот?

$
0
0

 Азыр окуучулардын жайкы эс алуу күндөрү көӊүлдүү жана эсте каларлык өтүүсүнө кам көргөн маданий эс алуучу иш-чаралар кызуу күчүндө. Бишкек шаардык мэриясы июнь айы башталганда эле борбор калаабыздагы 47 мектепте балдар үчүн 70тен ашык түрдүү ийримдери бар жайкы лагерлерди уюштурган. Программасында маданий жүрүштөр, бассейнге түшүү ж.б. камтылган бир айлык ушундай лагерлер былтыр да уюштурулуп, анда 2984 бала эс алган.

Быйыл да көл жээгиндеги лагерлер популярдуу

 Балдар жылы бою чыдамсыздык менен күткөн жайкы каникулдун да бир айы аяктап калды. Алдыдагы эки айлык эс алууну балдар кайда жана кантип өткөрүшөт болду экен деп кызыкканыбызда, балдардын басымдуу көпчүлүгү жылдагыдай эле көгүлтүр көл жээгиндеги лагерлерге эс алууга барууга даярданып жатышканын билдиришти.

Бишкек шаарынын кичинекей тургуну Актан Акылбеков каникулунун алгачкы айын айылдагы таенесине арнады.

- Мен Таластагы таенемдикине барып бир ай болуп келдим. Таенемдин неберелери Сыймык, Элмирбек, Байелдер болуп чогулуп, таенемдин огородун отошконго жардамдаштык. Таекеме да кол кабыш кылып, талаада чөп жыйнаштык. Мага негизи каникулда айылга барган аябай жагат. Үч ай бою жүрө берсем да тажабайм. Айылда жыргал, алма-өрүктү каалашыӊча жейсиӊ. Ысыганда таекем баарыбызды Аша суусуна алып барат. Таенемдин каттамасы менен тажеӊем Гүлжандын таттуу тамактарын жегенден тажабайбыз, — деп сыр бөлүштү биз менен Актан.

Эми ал апасынын алдын-ала түзүп койгон планы боюнча Ысык-Көлдүн жээгиндеги лагерлердин бирине барып эс алмакчы.

КР Профсоюздар федерациясынын эмгекчилердин жана алардын үй-бүлөсүнүн ден-соолугун чыӊдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Абдыбекованын маалыматы боюнча, учурда бардыгы болуп 18 балдардын ден соолугун чыӊдоо жайлары иштеп жатат. Алардын бири көгүлтүр көл жээгиндеги Тамчы айыл өкмөтүнө караштуу “Келечек” балдардын эс алуучу жайынын биринчи агымында 140 бала эс алганын айткан жайкы лагердин директору Асыл Орозобекова, 30-июлдан башталган экинчи агымында 400 баланын келишин күтүп жатышканын белгиледи.

- Июнь айы жаанчыл болгондуктанбы, айтор, биздин эс алуучу жайдын биринчи агымында балдардын саны азыраак болду. Бирок экинчи агымында жылдагыдай эле балдар көп болоору күтүлүүдө. Биздин лагерь республика боюнча эӊ мыкты эс алуучу жайдын бири десем аша чапкандык болбойт. Биз бул наамды сактап калыш үчүн жыл бою тынбай аракеттенип, бардык уюштуруу иштерине өтө кылдат мамиле жасап даярданабыз. Өзгөчө тарбиялык иштер көӊүл борборунда турат. Ал үчүн биринчи кезекте кадр маселеси зор роль ойногондуктан, атайын окуудан, сынактан өткөн, колдорунда сертификаттары бар гана вожатый, тарбиячыларды тандап алабыз. Тагыраак айтканда, Кыргызстандын эӊ мыкты делген жаштары менен иш алып барабыз. Балдардын коопсуздугун, анын ичинде суудагы коопсуздугун сактоодо, ден соолугуна кам көрүүдө жана ошондой эле тамак-ашынын жогорку сапатта болушун камсыз кылууда да эӊ мыкты делген атайын адистерди кабыл алабыз жана атайын тендердин талабынан өткөн гана чарбалардын тамак-аш азыктарын алабыз. Лагердин иш стили айтылуу “Артектин” программасына шайкеш жүрөт, — деди, “Келечекти” 17 жылдан бери жетектеп келаткан Асыл Кызайбековна.

Ырасында эле Асыл Кызайбековна сыймыктана турган жагдайлар лагерде арбын экен. Анын бири Бишкек мэриясынын социалдык колдоого муктаж 419 баланы эс алдыруу боюнча жарыялаган тендерин утуп алышкандыгы болду. Тендердин талаптарына шайкеш келүүнүн өзү эле канчалык сыймык экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Келишим боюнча эми ал балдар ар бир агымга 80 баладан эс алып кетишмекчи.

Мындан тышкары, башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын реабилитациялык борборлорунда окушкан балдар келишип, ден соолуктарын чыӊдап кетишет. Алар үчүн бардык шарттар бар. Алсак, психологдор, атайын медициналык билими бар жогорку квалификациялуу кызматкерлер, спортчулар, айтор, балдар лагердеги жайкы эс алуу мезгилин кызыктуу жана пайдалуу, коопсуз шартта жана ошондой эле жогорку деӊгээлде  өткөрүшүүчүн директор өзүнө мыкты адистердин курамындагы команда түзгөнгө жетишти. Учурда “Келечекте” 30 вожатый, тарбиячы эмгектенүүдө. Алар балдар сууга түшсө суу ичинде, топ ойношсо спорт талаасында болушуп, аларды колдоп, коргоп турууга даяр турушат.

Илмейип Интернет тиктеген шаардык балдар

 Актандай болуп борбор калаада окуп, бирок жайында ылайыктуу эс алуучу жай таппай, аптапта акыйып үйүндө отурган балдар көп эле. Алардын бири Бектур быйылкы жаӊы окуу жылында 9-класстын босогосун аттайт. Бой жетип келаткан уулун кайсы жерге жайгаштырсам деп баш катырган анын апасы Алия мына буларды айтты:

- Үч айга созулган жайкы каникулда балдардын эс алуусуна эӊ эле жайлуу жер – бул айыл экени чын. Айылда балдар, биринчиден, таза абада жүрүшсө, экинчиден, чарба ишине кол кабыш кылышып, кыймылдашып, дени сак да болушат. Бирок айыл-апада уулумдун жоопкерчилигин ала турган ишенимдүү адамдар жок болгондуктан, ал бир айдан бери үйдө камалып жатат. Айылдагы жакын туугандарымды деле түшүнөм, бойго жеткен бирөөнүн баласы үчүн жооп бергилери келбейт. Бала өөдө басат, төмөн басат дегендей. Андыктан эс алууну ойдогудай өткөрө албаган шаардык балдарга аябай кыйын болуп жатканын белгилеп кетким келет. Муну мен өзүмдүн башымдан өткөрүп жатам. Алектенгени жалаӊ интернет, чөнтөк телефон,  анан эӊ эле жок дегенде тиктегени — телевизор. Мындай шартта баланын мээси кантип эс алмак эле? Ошондуктан айылда өскөн балдарга салыштырмалуу илмейишип ден соолук жагынан да алсыз болуп жатышпайбы, — деп кейиди Алия.

Унутта калган улуттук каада-салттарды үйрөтүүчү этнолагерь

 Бойго жеткен балдарга, айрыкча, айыл турмушунан, улуттук каада-салттардан, кол өнөрчүлүктөн алыс өсүп келаткан улан-кыздарга ата-бабаларыбыз эбактан алектенип келишкен кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөтүүнү максат кылышкан “Өнөр булагы” коомдук бирикмеси 2002-жылы Кемин районундагы Шабдан айылында уюшулган. Уюшулгандан тарта айыл жергесинде жашаган аялуу, колдоого муктаж үй-бүлөлөргө, айрыкча, кыз-келиндерге күнүмдүк оокатка тыйын тапкыдай өнөр үйрөтүү менен алектенишет. Акыркы эки жылдан бери жогоруда белгилегендей, жаш өспүрүмдөргө унутта калып бараткан улуттук каада-салттарды үйрөтүү идеясын ишке ашырууну максат кылып жатышканы тууралуу коомдук бирикменин жетекчиси Алтын Жанышбаева бизге буларды айтып берди:

- Бул жаӊы саамалык болгону турат. 17-24-июлда этнолагерге алгачкы катышуучуларды кабыл алабыз. Аларга таалим-тарбия берүүдө салттуу билимди алып жүрүүчү жергиликтүү тургундар тартылат. Тарбиячылар атайын окуудан жана даярдыктан өтүшкөн. Алдын-ала түзүлгөн программабыз боюнча кыздарга шырдак жана ала кийиз жасоо, сайма саюу технологиялары ж.б. кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөтүшөт. Ал эми эркек балдар ат токуу, ат жабдуулары, кой союу жана аны устукандоо, боз үй жабдуулары: аталыштары, боз үйдү тигүү жана чечүүнүн эрежелерин үйрөнүп билишет. Кыздар-балдарга эс алуу учурунда темир комуз, ооз комуз, кыл кыяк сыяктуу улуттук аспаптарды да үйрөтүшөт.

Биринчи жолкусунда 15 баланы кабыл алууга даярданып жатабыз, кийинкисин дагы байкаштырып көрөбүз. Балдар жатакана, беш маал тамак-аш менен камсыз болушат. Алар үчүн төрт боз үй даяр: эки жатакана, бир ашкана, бир окуу корпусу болот. Балдар улуттук  оюндарды ойношот. Алсак, жайлоо оюндары, чүкө атышмай, топ таш, тогуз коргоол сыяктуу ары кыймылдуу, ары пайдалуу оюндары программага киргизилген. Мындан тышкары, ашканада да этноашкананын элементтери камтылган, — дейт Алтын Жанышбаева.

Боз үй жасоо боюнча уста Султан Дүйшөбаев бул өнөр менен алектенип келаткандыгына 30 жылдан ашты. Ал балдарга боз үй жасоо, аны тигүү жана чечүү эрежелерин үйрөтмөкчү.  Каалоочу жаштарга өз билгенин үйрөтүүгө дилгирленген Султан уста улуттук каада-салттарды үйрөтүүчү ушундай саамалыктарды кеӊири жайылтуу керек деген пикирин билдирди.

“Өнөр булагы” коомдук бирикмесине жайкы этнолагерди уюштурууга жаштардын “Көчмөн” коомдук фонду көмөктөшүүдө. Анын лидери Улан Үсөйүн фонддун башкы максаты – көчмөн элдин маданий мурастарын жандандыруу, сактап калуу жана өнүктүрүү экендигин белгиледи:

- “Көчмөн-Nomad” коомдук фонду өз жигердүүлүгү менен айырмаланып, иш жөндөмүн көрсөтө алган жаштардан турат. Ошондой эле, фонддун жумушу айлана-чөйрө менен таттуу мамиледе болууга, жергиликтүү экологиялык таза продукция өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Фонддун негизги багыттарынын бири — экологиялык маселелерди чечүү. Уюм мүчөлөрү жалпы өлкө боюнча “Биз таза Кыргызстан үчүн” акцияларын өткөрүп, жергебизди таштандыдан тазалап келет.

“Көчмөн-Nomad” ишке ашырган акыркы долбоорлордун бири — бул шаардык жаштар үчүн айыл турмушуна саякат уюштурган “Мурас” долбоору. Өз ара Эмануил Кантты сөз кылып көнгөн орусчалыш юрист, офис менеджер жана журналисттер тоо этегине чыгышып, жиликтерди өздөштүрүп, кыргыздын үрп-адаттарын четинен үйрөнүп келишти. Мындай иш-чаралардын аркасы менен кыргыз тилин жакшылап үйрөнүп алса болчудай, — дейт Улан мырза.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

“КУТТУУ БИЛИМ” ДАСТАНЫ – УЛУУ МУРАС

$
0
0

Улуу ойчул Жусуп Хас Хажип өзүнүн көөнөрбөс даӊктуу чыгармасын 1069-1070-жылдары Кашкарда жазган деп божомолдошот окумуштуулар. Ушул кезге чейин “Куттуу билимдин” түп нускасы табыла элек, көчүрмөлөрү гана бар. “Куттуу билим” дастаны Кашкарда бүткөрүлгөн деген ой басымдуулук кылып, дастанды жазуу качан башталганы жөнүндө сөз болбойт. Тек гана Жусуп бабабыз улуу дастанды он сегиз айда жазып бүткөн деген бүтүмдөр айтылат. Кандай болсо да Жусуп Баласагын Сары-Өзөн Чүй аймагындагы, Чүй дарыясынын боюнда жайгашкан, азыркы Бурана мунарасы турган  Баласагын шаарында 1015-1016-жылдары төрөлгөнү анык. Эгерде мындай улуу дастан автордун ой чабытында,  кыялында мурдатан эле бышып жетилбесе, даяр болбосо, он сегиз айда эле жазып коюшу – Жусуп Баласагын зор талантка ээ экенин айгинелейт.

Бирок биздин оюбузча, мындай улуу чыгарма Жусуп бабабыздын ой чабытында, кыялында, ой толгоосунда Баласагын шаарында эле башталып, кийин Кашкарда толук бүтүшү ыктымал. Эгер чыгарма мурда бышып жетилбесе, “Куттуу билимдей” улуу дастанды жаратуу мүмкүн эмес. Кашгарга чейин бабабыз өз чыгармачылыгын кагазга түшүрүп жүргөндүр. Канткен күндө да “Куттуу билим” дастанын Баласагын шаары  жана Карабуура хандыгы менен тыгыз байланышта кароо керек. Мындай ойду академик В.Бартольд да тастыктап кетет: “Бизге жакшы маалым болгондой, мусулман-түрктөрдүн бизге толугу менен жеткен адабий мурасы “Куттуу билим” чыгармасын Чүй суусунун жанындагы Баласагында төрөлгөн Жусуп хас-хажиб 1069-70-жылдары жазып бүтүп, анан Кашкарда жашап, “Табгач Кара-Буура хандар ханы аталган хандарга арналган” (В.Бартольд, Избранные труды. Б., 5-том, 472-бет).

Орто кылымда Баласагын (Кут ордо) шаары гүлдөгөн маданияттын, илим-билимдин очогу болгон жана Карахандар каганатынын борбор шаарларынын бири катары да эсептелген.

Баласагын шаарында жашап жүргөндө Жусуп бабабыз Кара-Буура хандыгынын мамлекеттик иштерине аралашып, мамлекет башкаруунун тажрыйбасына такшалып, атактуу “Куттуу билимди” жаратышы ыктымал. Улуу дастанды байыркы кыргыз тилинен азыркы кыргыз тилине оодарган Төлөгөн Козубеков төмөнкүдөй ойду айтат: “Анын үстүнө бабабыз бул чыгармасындагы ойлорду, мамлекет башкаруунун жол-жобосун асмандан албаган го дейм, элүү эки жашка чыкканча бабабыз жөн эле базарлап жүрбөгөндүр, турмуштук да, адабият жаатында да жетиштүү тажрыйбаны топтогондур, аны үчүн бабабызда, айрыкча, мамлекет башкарууда жетиштүү мүмкүнчүлүк болгон болуу керек. Катардагы карапайым адам мындай ишке бара албайт болчу, аракет да кылмак эмес”. (Төлөгөн Таластан. Жусуп Баласагын, бейне сүртүмдөрү, (кол жазма) 20-бет).

Демек, мурдагы окумуштуулар айтып келген “Куттуу билим” Кашгарда жазылган деген ой-пикирлер анчалык чындыкка  коошпойт.

Жусуп бабабыз Кашкарга барганга чейин эле Баласагын шаарындагы Кара-Буура хандарына ордодо кызмат кылган, мамлекет башкарууга аралашкан, мүмкүн ал хандардын эӊ жакын адамдарынын бири болгон, кийин Кашгарга мурдагы кызматын улантуу үчүн барган. Мурда жазып жүргөн “Куттуу билим” дастанын Кашкарда бүтүргөн. Жөн салды киши ханды ээрчип Кашкарга кантип бара алат?

Экинчи жагдай, совет мезгилинде идеологиялык саясаттын кесепетинен «Жусуп бабабыз хандардын эӊ жакын адамы, кеӊешчиси, ордо кызматкери болгон», — деп ачык түрдө айта алышкан эмес. Аны үстүнө совет мезгилинде Жусуп бабабызды кыргыз болгон деп айтуу “улутчулдуктун” ана башы болгон. Эмне үчүн “Куттуу билим” дастаны сөзсүз эле Кашкарда жазылууга тийиш. Эгерде логикалык ой жүгүртүүгө таянсак, “Куттуу билим” Кашкарда жазылганы чын болсо, Жусуп Кашкарлык деп аталышы толук мүмкүн эле. Жусуп Кашкарлык деп аталганы жок, ал Жусуп Баласагын деп эле аталып жатат. Албетте, мындай гипотеза  кийин тарыхта такталаар. Илим өзү гипотезадан турат эмеспи.

Жусуп Баласагын бабабыз Баласагын шаарынан Кашкарга келген учурда, Кашкар менен Баласагын аймагын Арстан хандын небереси, Али-Хасандын уулу, улуу өкүмдар Тавгач Буура Карахан башкарып турган. Бул окуяны академик В.Бартольд дагы бекемдеп кеткен: “Арстан хан Кашкарга өтүп Харундан бийликти тартып алган. Кашкарды, Хонтанды жана аларга тийиштүү болгон Баласагын шаарына чейинки жерлерде 29 жыл бийлик кылды. Ал 1102-03-жылдары каза болуп, андан кийинки бийликти анын уулу Акмат Ибн Арстан хан жүргүздү” (В.Бартольд, Ислам энциклопедиясынан макалалар, Т.,2, 491-бет)

Азыркы учурда илимде “Куттуу билим” дастанынын кыйла эле кийин көчүрүлгөн Вена, Каир жана Фергана нускалары белгилүү.

Вена нускасы 1439-жылы Герат шаарында Асан Кара Сайыл Шамсин деген илимпоз тарабынан көчүрүлүп, 1474-жылы Стамбул шаарына алынып келинген. Кийин аны кандайдыр бир себептер менен австриялык чыгыш таануучу Шунас Хаммер Поргештал Вена шаарындагы борбордук китепканага алып келип тапшырат. Азыркы учурда көчүрмө Вена шаарындагы китепканада сакталып  тургандыктан Вена нускасы деп аталып келүүдө. Герат шаарында “Куттуу билимдин” “Герат нускасы” да сакталып турат. “Куттуу билимдин” үчүнчү нускасы Мысырда (Каирде) “Хидив” китепканасында сакталууда (көчүрмө 5400 бет). Каир нускасын 1896-жылы немец окумуштуусу Моретис алгачкы жолу таап чыгып, 1897-жылы дагы бир улуту немец окумуштуусу-түрколог В.Радловго  жиберет. Көчүрүлгөн нускалардын ичинен Фергана нускасы кандайдыр бир деӊгээлде толук нуска деп эсептөөгө болот. Ал 6095 беттен турат.

Көчүрмөчүлөр араб арибиндеги көчүрмө нускадан “Куттуу билимди” өз тилдерине которуп жатышканда (уйгур, өзбек тилине) өз тилдеринин тыбыштык мыйзамына жакындатууга далалат жасашкан. Мисалы, дастандагы энчилүү аттарда жолуккан “а” тыбышынын ордуна “о” тыбышын, “ы” тыбышынын ордуна “и” тыбышы, “ө” тыбышынын  ордуна “о” тыбышы атайын эле бурмалап киргизишкен: Күнтууду – Күндугды; Айтолду – Айтолды; Акдилмиш – Огдилмиш;  Өткүрмүш – Огдырмыш болуп калган.

Ушул кезге чейин “Куттуу билим”         дастаны эски түрк тилинде, уйгур тилинде, караханиддердин адабий тили – хакания тилинде жазылган деген талаш маселелер окуучулардын башын айлантып келет. Эгерде “Куттуу билим” эски түрк тилинде жазылган болсо, ал кайсы тил, негизи кайсы тилге барып такалат, дегеле 10-кылымда  түрк тилдеринин негизги адабий тили кайсы тил болгон? Эгерде түрк элдери үчүн баба тил деп эсептелген Караханиддердин “Хакания” тилинде жазылса, анда эмне үчүн “Куттуу билимдин” лексикалык өзөгүн байыркы кыргыз тили түзгөн. “Хакания” тили деген бул хандыктын, бийликтин тили. Хандык кайсы тилде сүйлөсө, эл ошол тилди пайдаланат. “Хакания” тили дегенибиз орто кылымдагы кыргыз тили  болушу ыктымал. Орто кылымда кыргыз тилинде жазылган китептердин жоктугунан, “Куттуу билимдин” тилин аныктоо кыйынчылыкты жаратып жатат.

“Куттуу билим” байыркы уйгур тилинде да жазылган эмес. Академик, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков Т.Козубековдун котормосундагы “Куттуу билим” дастанынын биринчи басылышына (1988) жазып берген “Куттуу белгиси билик” деген макаласында төмөнкүдөй аргументти келтирген: “Академик түрколог В.Радлов Орхон рун жазмасын иликтегенден кийин “Куттуу билим” уйгур тилинде деген өзүнүн алгачкы аныктамасынан баш тартып мындай дейт: “1891-жылы мен Вамберинин көз карашы менен толук макул болуп, “Куттуу билим” байыркы уйгур тилинде жазылган деген пикирде элем. “Куттуу билимде” уйгур деген сөз бир да жолу кездешпейт…” деп белгилеп келип – “Менин “Куттуу билим” уйгур тилинде эмес деген пикирге келишиме да бир нерсе… өз эне тилинде биринчи китеп экенин көрсөткөн автордун сөзү негиз болуп отурат…” (В.Радлов. “Кыргызстан маданияты, 1969).

Ошол эле жерде Т.Сыдыкбеков мындай деп жазат: “Куттуу билимди” орус тилине которгон акын Наум Гребнев биз менен болгон бир маегинде: “Куттуу билим” силерге көбүрөөк тиешелүү. Жеке эле анын мекени силердин жер болгондо эмес, анын мүнөзү да силерге жакын”, — деп айткан эле.

Ал эми “Самаркан асманындагы жылдыздар” деген көп томдуу романдын автору СССР мамлекеттик сыйлыгынын, Өзбек ССРинин Ха мза атындагы Мамлекеттик сыйлыктын  лауреаты, Орто кылымдагы Орто Азияны жерлеген калктардын тарыхын жакшы билген тарыхчы окумуштуу, чоӊ жазуучу Сергей Петрович Бородин:

“Силер, кыргыздар, эӊ эле камырабайсыӊар. Жадаса өзүӊөргө тиешелүү маданий энчини алуудан да жалтайлайсыӊар! Деги байыркы адабий мурастарда силердин энчиӊер чоӊ экенин билесиӊерби? Кыргыз түрк элдеринин ичинен  байыркыларынан, “Манас” сыяктуу улуу баянды силердин бабаӊар жаратканы бекер эмес! Өз мурасыӊардан кур жалак калбагыла” дегени али эсимде” (Т.Сыдыкбеков, “Кут белгиси билик”, “Куттуу билим”, Т.Козубековдун котормосу, Б., 2015,12).

Демек, биз Ж.Баласагын бабабыз жазып кеткен “Куттуу билим” дастанынын тилин орто кылымдагы кыргыз тилинин лексикалык катмары менен салыштырып изилдегенде гана “Куттуу билимдин” кайсы тилде жазылганын так аныктай алабыз. Биз буга чейин орус окумуштууларынын айткандарын пир тутуп, ошолор эмне айтса кыӊк этпей макул болуп, өз оюбуз жок “ээрчиме илимди” гана түптөп келдик. Ошол эле атактуу орус окумуштуулары: “Эй, кыргыздар! Ойгонгула, ата-мурасыӊардын баркын билгиле! Башка элдерге тараттырып жибербегиле!», — деп жатышса да, бүгүнкү күнгө чейин моюн толгоп келебиз. Эгерде көөнөрбөс ата мурастарына ушундай мамиле боло берсе, тарых бизди кечирбейт.

Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастаны ыймандуулукта, акылмандыкта, руханий тазалыкта мамлекетти башкарууга, үй-бүлөлүк жана жарандык ынтымакка, элдин бөлүнбөс биримдигине, улуттук каада-салтты, наркты, үрп-адатты кадырлай билүүгө, улууга урмат, кичүүгө сый деген улуу касиетибизди сактоого, барктоого чакырган, тарбиялык мааниси теӊдешсиз, баа жеткис накта мурас болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Жусуп Баласагын бабабыздын “Куттуу билим” дастанына кыргыз журтчулугунун кызыгуусу артып жатышы – кыргыз эли өзүн-өзү таануусуна умтулган негизги белгиси. Эл өз тарыхын билбей туруп – ким экендигин аӊдай албайт.

Демек, биз “Куттуу билим” дастанын ар тараптан: лингвистикалык, философиялык, психологиялык, идеологиялык, этномаданий, тарыхый ж.б. жактан тереӊ  изилдеп, бала бакчадагы жаш бөбөктөн тартып, коомчулуктун калыӊ катмарына жеткирүүгө тийишпиз.

Себеби, Жусуп бабабыз жазгандай:

Китеп көп араб, тажик тилдеринде,

Бул китеп эӊ биринчи биздин тилде.

Эми улуу дастандын автор койгон аталышы жөнүндөөз оюбузду айта кетели. Буга чейин улуу чыгарма ар түрдүү  аталышта которулуп келди: “Кут алуучу билим”, “Кут даарытар билим”, “Куттуу билим”, “Кут билим”.

Эгер алгач табылган көчүрмө нуска “Кутадгу билиг” деп аталган болсо, “Кут алчу билиг” –  “КУТ  АТТУУ  БИЙЛИК”  болуп жүрбөсүн.

Муну далилдөөүчүн төмөнкүдөй аргумент келтиребиз:

Караханиддердин ордосу – Кара-Буура хандар ханынын ордосу “Кут Ордо” деп аталган. “Кут” деген сөз ыйыктыктын, бакты-таалайдын белгиси. Кут Ордо – элдин бакыбаттуулугун, бейпилчилигин, жыргалчылыгын камсыз кылат деген мааниде. Жусуп Баласагын бабабыздын дастаны, байкаган адамга, баштан аяк бийликтин элге, элдин ар кандай, карапайым да, бийликтин тараптарын камсыздаган да өкүлдөрүнө болгон мамилеси кандай болуш керек, мамлекетти кандай башкаруу керек ж.б. акыл кептер айтылат. Демек, дастан Кут-Ордонун – Кара-Буура хандардын династиясынын тарыхый маселелери туурасында акылман кептер айтылат. Жусуп бабабыз Ордону, болгондо да Кут-Ордону мактап жатат.

Ошондуктан дастан “Куттуу билим” эмес, “КУТ АТТУУ БИЙЛИК” болушу ыктымал. Буга китептин аталышы дагы – “Кут адгу билиг” деп аталып жатпайбы. “Кут” деген сөз – кут – бул түшүнүктүү, “атгу” деген сөз “аттуу” болушу ыктымал, ал эми билиг “билим” болуп которулуп калган, мүмкүн түп нускадагы “й” тыбышы айтылбай “бийлик” деген сөз “билиг” болуп котормолордо жазылып калышы толук ыктымал.

Бул айтылган ойлор гипотеза.  Илим гипотезадан жаралат.

Соӊунда айтарыбыз, элибиздин байыркы мурасын сактай да, даӊктай да жүрөлү.

Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ,

филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын Чыӊгыз АЙТМАТОВ атындагы Тил жана адабият институтунун директору                                                                                                                                        

КУСЕИН ИСАЕВ – улутчул публицист

$
0
0

Мударис Кусеин Исаев өмүрүнүн 65 жылын публицистикага арнап келе жатат. Алгачкы, тырмак алды журналисттик макаласы окуучу кезде 1952-жылы “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланган. Кийин студент кезинен баштап “Ленинчил жаш” гезитинин туруктуу авторуна айланганын байкайбыз.

Совет заманындагы Кыргызстанда чыгып келген “Советтик Кыргызстан”, “Советская Киргизия”, “Кыргызстан маданияты” гезиттерине дагы публицистикалык макалалары байма-бай жарыяланып келген. Кусеин Исаев агайдын Кыргызстанда кайра куруу заманында (1986-1990-жылдары) жарык көргөн аналитикалык курч макалалары кыргыздын улуттук аӊ сезимин көтөрүүгө жана көз каранды эместикке умтулуусун өстүрүүгө чоӊ түрткү болгон.

Кыргызстан көз каранды эместигине жетишкен 1991-жылдан кийинки мезгил Кусеин Исаевичтин публицисттик чеберчилигинин жаӊы этабы десек болот.

Моюнга ала турган бир көрүнүш: кыргыз маданий элитасыбы, илимий элитасыбы, саясий элитасыбы алардын арасында публицистика жазган (өз колу менен!), аны күндөлүк жашоосунун бир бөлүгү катары кабыл алып келаткандары саналуу гана. Ошол саналуулардын сап башында Кусеин Исаев агай турат десем жаӊылышпайм.

Агайдын публицистикасы темасынын актуалдуулугу, мейкиндиги, тереӊдиги, эмоционалдуулугу менен айырмаланат, ошонусу менен өзгөчөлүү.  Мударистин публицистикасы коомдогу маселенин ачык айтылышы, көйгөйдүн себептеринин так көргөзүлүшү, чечмелениши, суроонун жандырмагынын берилиши менен бийик турат. Автор коомдогу болуп жаткан көрүнүштөрдү сындап эле койбой, аны чечүүнүн жолдорун айтат, келечегин, жаман жагы болсо кесепетин да ачык айтат. Агайдын публицистикасында өз улуту, кыргызды сүйгөндүгү ачык, даана көрүнүп турат. Бул жагынан мударис Кусеин Исаев – улутчул публицист.

Кусеин Исаевдин публицистикасын көп багыттуу, көп тармактуу катары  үч чоӊ топко бөлүп карасак болот.

1. Саясий публицистика: Мударис Кусеин Исаевдин бул багыттагы макалаларында мамлекеттүүлүк негизи эмнеде, демократия принциптери эмне үчүн иштебейт, мамлекеттин башкаруу формасы, мамлекеттик идеология кандай болушу керек, Кыргызстандагы көп партиялуулук көйгөйү жана келечеги, кыргыз саясий элитасынын бедели, революциялар сабагы, шайлоо шарапаты, парламентаризмдин параметрлери, эл аралык мамиле маселери ж.б. өзөктүү темалар түзөт.

 2. Социалдык публицистика: Агайдын бул багыттагы публицистикасында балдарга карата зомбулук кыргыздын дүйнө түшүнүгүнө чыккынчылык, илим — тозбогон кудук, билбеген киши дудук, мугалим — социалдык чечүүчү күч, социалдык маалымат – туура чечимге өбөлгө, рухий дөөлөт менен билимдин үстөмдүгү жетишпей жатканы ж.б. социалдык көйгөйлөр жөнүндө чоӊ сөз кылып келатканын байкайбыз.

3. Кыргыз таануу публицистикасы: Кыргыз ким болгон? Кыргыз ким болот деген суроолор  агайдын жазгандарынын өзөгүн түзөт. Автор ал суроолорго бардык макалаларында жооп табууга аракет кылат. Кыргыздар -  көчмөндөр цивилин түзгөн улуу калк.Уруулук кызыкчылыктан элдин кызыкчылыгы бийик туруш керек. Манасизм – кыргыз таануунун негизи. Улут жана улуттук кайра жаралуу. Мекенчилдик, мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук – кыргыз идеясы. Кыргыздар – көчмөндөр цивилин жогорку деӊгээлге жеткирген улуу калк. Иденттүүлүк, иденттешүү, иденттештирүү – кыргыз мамлекетин бекемдөөнүн булагы. Баарын жыйынтыктап келгенде, кыргыз мамлекетинин келечеги, кыргыздын ооматы Чыгышта экенин ж.б. көптөгөн актуалдуу маселелерди ар тараптуу ачып берүүгө, далилдөөгө аракет кылат.

Кусеин Исаев агайдын публицистикасында портреттик очерктер өзгөчө орунда десек болот. Улуу ойчулдар, даанышмандар: Аль-Фараби, Ибн-Халдун, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкаринин, Ахмед Яссавинин; Кыргыз баатыры Алыбектин, Кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан инсандары: Жусуп Абдырахманов, Султан Ибраимовдун, өз замандаштары: Чынгыз Айтматовдун, Азиз Нарынбаевдин, Ракым Усубакуновдун, Ильяс Касендиевдин, Бектемир Мурзаибраимовдун ж.б. мекендештерибиздин портреттерин чоӊ чеберчилик менен ачып берген.

Кусеин Исаев – балдарын, үй-бүлөсүн сүйгөн инсан, Бостеридеги туугандарын, бостериликтерди сүйгөн инсан, Ысык-Көлдүн ар бир тамчысын, ар бир ташын сүйгөн инсан, Кусеин Исаев – жети дубан Ала-Тоо жергеси – улуу кыргыз мамлекетин жанынан артык сүйгөн инсан. Мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн улутчул публицист инсан.

 Бакыт Орунбеков,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн башчысы,

саясий илимдеринин кандидаты.

ШАБДАН БААТЫР

$
0
0

 «Баатыр» деген cөз кылыч чаап, найза cайып жүргөн тарыхый инcандарга гана эмеc, эл ичиндеги кадыр-барктуу, жоомарт, акылдуу, адилет, көпчүлүктүн жоопкерчилигин мойнуна көтөрө билген чечкиндүү мүнөздүү адамдарга карата да кеӊири колдонулат. Мына ушул cапаттардын көбү кездешкен, бүгүнкү күндө легендага айланып кеткен тарыхый инcандардын бири – Шабдан Жантай уулу. Анын кыргыз элинин коомдук-cаяcий өнүгүшүнө, ар түрдүү элдердин карым-катнашынын чыӊалууcуна зор cалым кошкон дипломат, cаяcатчы, коомдук ишмердиги тарыхчылар  тарабынан таcтыкталып келүүдө. Бирок тарыхый инcанды өз доорунан бөлүп карап,  ашкере дооматтарды койгондор да  жок эмеc. Андай учурда көпчүлүк кыргыз элинин белcемдүү инcандары – бай, манап, бий, болуш,  керек  болcо cаткынчы, чыккынчы  болуп  чыга келишет.  Албетте, алардын кемчиликтери, терc, зыяндуу жактары да болгондугун жашыра албайбыз. Ошондой карама-каршылыктуу,  полемикалык  пикирлерди  туудурган – Шабдан. Ал оруc падышачылыгына кызмат кылып, кыргыз жерин баcып берүүгө чоӊ жардам берген дешcе бирөө, оруcтар анcыз деле баcып алышмак, ал кыргыз элин тыптыйпыл кыйроодон cактап калган дешет экинчиcи. Бул ойлордун түбүнө жетүүүчүн ар бир окурман тарых барактарына объективдүү жана аргументтүү назар cалууcу керек. Тарыхтын актай барактары жаӊыдан гана толтурулуп жатканда объектиге этияттык менен мамиле кылуу зарыл.

Башка тарыхый инcандарга караганда Шабдандын образы көркөм адабияттын бардык жанрларында кездешет. Мына ушунун өзү эле инcандын тарыхта алган орду өзгөчө экендигин билдирет, ал эми аны акын-жазуучулар кандайча чагылдыргандыгы башка маcеле. Анткени, образдын оӊ же терc, ийгилиги же кемчилиги болушу мүмкүн.

Акындар поэзияcына келcек, кыргыз-казактын өткөн кылымдагы залкарлары Калмурза, Cолтобай, Эcперген ж.б. чыгармачылыктарынан алгач Шабдандын образдык портрети тартылат. Төкмө акындар аны менен аралашып жүргөн замандаштар болгондуктан көбүнчө бет маӊдайында жүз көрүшүп ырдашкан. Колдо бар материалдар боюнча алгач ырдагандардын бири cокур казак Эcперген:

Баатыр Шабдан аманбы,

Кудайым cүйүп кез келгем.

Кудайым cүйгөн адамга

Эки чырак көз берген –

деп баштап, баатырды аябай мактап батаcын бериптир. Ал эми казак акыны менен чогуу кирген, элде кара жаак аталган Калмурза:

Баатыр Шабдан аманбы?

Баарына айтам cаламды.

Казактан келген ырчынын,

Артында мен каламбы? –

деп келип түбү cарыбагыш экендигин, карта оюнунан беш жүз теӊге уттуруп жибергенин, анын эл башкарып турганын, карыздан кутултпаcа намыcы түшүп каларын, көп той-тамашаларга катышып, cый көргөнүн, амалы кетип турганда жолукканын узун cабак кылып төгүп айтат.

Акындын ырынан көрүнүп тургандай, Шабданды мактоо менен андан үмүт кылып, өлбөcтүн күнүн көрүү, карызынан кутулуу болуп cаналат. Жоомарттыгы, марттыгы калайык калкка билинген адамды cыноонун бир түрү болгонун жакшы түшүнгөндүктөн Эcпергенге чапан жаап, ат мингизcе, Калмурзага беш жүз теӊгеcин төлөп берген.

Ушул окуядан кийин Шабдан Калмурзанын чыгармачылыгында мыйзамченемдүү бир топ чагылдыргандыгын байкайбыз. Чолпонбайдын ашындагы ыры акындын эл-жерине кетүү cагынычы менен байланышкан: «Журтумду деги көрөмбү, Же тентип жүрүп өлөмбү?» … деген ички толгонуу cаптарынын идеяcы чыгарманын башынан аягына чейин тереӊ мааниде орун алган. Акын өз каарманына болгон ашкере сый-урматынан улам Шабданды өтө апыртуу менен мактап cалган.

Төбөбүзгө күн болгон,

Түн ичинде ай болгон,

Таянганга тоо болгон,

Жашынганга коо болгон,

Айткан cөзү баа болгон,

Баатыр Шабдан аманбы…

Миcалдын өзү айгинелеп тургандай, Калмурзанын cүрөттөөcү боюнча Шабдандай адамды дүйнөнү төрт айланcаӊ да таппайcыӊ! Каарманга жагалданып мындай ырдашынын дагы бир cебеби да жеке кызыкчылыктан келип чыккан, анткени ал бөтөн cолто урууcунда жүрүп, cарыбагыш элине көнө албай жүргөн. Ырдын макcаты жалаӊ эле Шабданды гана даӊктоо эмеc, өз башына түшкөн мүшкүлдү, арыз-муӊду билдирүү эле.

Ал эми «Шабдандын ажыга жөнөгөндө ырдаганы», «Шабдандын ажыдан келгенде көрүшүп ырдаганы» чыгармалары да мурдагы традицияны улап, мактоо, даӊктоо идеяcына cугарылгандыгын көрөбүз. Чындап айтканда, Калмурза Шабдандын идеолог ырчыcы катары кызмат кылган.

Калк – кара тал, Cиз – терек,

Калк кыcылcа – Cиз керек.

Акын кыргыз элинен чыккан аттуу-баштуу инcандарына токтолуп келип, бирөө да Шабданга теӊ келе албайт деген жыйынтыкка келет.

Аман барып, аман кел,

Ак боз бээни жүз cойcо,

Атын Шабдан жүз койcо,

Казак менен кыргыздан

Аcты чыкпаc cиздей эр.

Ажыдан кайткан Шабданды тоcуп алуу көрүнүшү да мактоого толо ыр менен коштолот.

Акындын чыгармачылыгында cубъективдүүлүк баcымдуулук кылат, Шабдандын жеке керт башына cыйынуу, бир беткей мактоо, жактоо, эпикалык баатырлардай обу жок эле «күн, айга» ж.б. теӊеш тирүүөкүм cүрөт. Калмурзанын жаагын жанып Шабданды көкөлөтүп ырдап турганы – экөөнүн теӊ кадыр-баркын арттырып турган.

Дегеле Калмурзанын Шабданга арналган ырларында бири-биринен өзгөчө айырмаланган cаптарды жолуктура албайбыз, бир эле ойду улам-улам айта берген кайталоолор жыш учурайт. Мактоонун өзү бир түрдүү болгондуктан чыгарманын мазмундары коёндой окшош болуп чыга келет. Эмнегедир акын Шабдандын адресине сын айтууга даабайт, ал эми өзүнүн кемчиликтерин жашырып жаппай эле ачык cүрөттөйт. Эмне үчүн Шабдандын мүчүлүштөрүн ырдабаган?! Шабдан телегейи тегиз адамбы?!  Акындын  кошоматчылыгыбы?! ж. б. cуроолор жаралат.

Уруулук карама-каршылык, көрө албаcтык, бийлик талашуунун кеcепети акындардын чыгармачылыгына да терc тааcирин тийгизбей койгон эмеc. Акындар айлаcыздан бийлердин тукурууcу менен бирөөлөрдү жамандап, кордоп ырдоого аргаcыз болушкан. Шабдандын акын Cолтобай тарабынан баcмырланып ырдалышынын мазмунун эл араcында тараган cанжыраларда, оозеки адабиятта жана кол жазмалар фондуcунда cакталган материалдарда негизинен бирдей. Ошондуктан, акындын ыры cтилдик жактан гана айрым өзгөрүүлөргө учураганы менен көркөм адабияттарда жалпыcынан айырмачылыктардын жоктугун көрүүгө болот. Белгилүү жазуучу К. Оcмоналиев «Көчмөндөр кагылышы» романында Cолтобай акын катышкан эпизодду ачып берүүгө аракеттенип, анын ырларынан үзүндү алган. Албетте, ар бир ырдын чыгышына кандайдыр бир окуя түрткү болууcу белгилүү, анын үcтүнө абройлуу Шабдандын элеcи чагылдырылып жаткандан кийин тарыхый фактыга барып такалышы турган иш. Көркөм чыгармаларда, тарыхый материалдарда көрcөтүлгөндөй Шабдан менен Чынаалынын (Чыныбай) ортоcундагы келишпеcтиктен улам эки уезддин тобун өткөрүү тууралуу cүйлөшүү болбой калып, Шабдандын ою ордунан чыкпай, аны караган эч ким болбой, ал турcун тамак-аштан кыйналышып, минип келген аттарын cоюп жешке мажбур болушат. Табаcы канган Чынаалыдан коркуп, колунда байлыгы жок, корооcунда малы жок ырчы баш тартcа кандай жаза күтүп турганын билип нөшөрдөй төгүп жиберет:

Келдиӊ эле cен Шабдан,

Бадана кийип балпылдап,

Эми кайра кайттыӊбы,

Байталга жетпей cалпылдап!..

Энчи бөлүп бергендей,

Энеcи бөлөк Тынайдын!

Эркелетип койгудай,

Эркеcи белеӊ кудайдын?

Акындын ыры башынан аягына чейин өтө терc мазмунду түзүп, кордоо жанрынын традицияcында жаралган. Кыргыз адабиятынын тарыхында манапты кордоп ырдагандын да алгачкыларынан болуп cаналат. Ыр багышталып жаткан адамды моралдык жактан руханий кыйроого алып барып таштайт: Ата-энеcи, тууган-туушканы, жоро-жолдошторунан тартып тамак-ашы, мал-мүлкү ж. б. чейин бурмаланып кордолот. Алcак, мындай cаптар оюбузду бекемдеп турат: «Бозоӊдон башка ашыӊ жок, Бозоӊду төгүп cалдыкпы», «Жылкы түгүл, итиӊ жок, Жылкыӊды тийип алдыкпы. Атайылап каралоонун макcаты факты, далилдер туура келеби, жокпу кеп мында эмеc, кандай болгон күндө да адамды эл, коом алдында cындыруу, кадыр-баркын төмөндөтүү. Эгерде кордолгон адамдын ар кандай шарттар менен кайра жооп берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун  cезген  cайын  акын  эрдемсип, ого бетер «кыйратып», «талкалап» cалдым деген ойдо агын cуудай каптап кетет эмеcпи! Ушул ырдан кийин Cолтобайдын атак-даӊкы «дүӊ» эле дей түшөт. Шабданга кордоо көрcөтүү эмеc, каяша айтуунун өзү чоӊ эрдик болчу. Шабдандын көрөгөчтүгү менен гана эки уруу кагылышуу кыргындан аман калышат. Болбоcо Баяке cыяктуу «бөрк ал деcе, баш алган» жигиттери «көз ачып-жумганча» акынга, анын тукуруучуларына курал-жарак көтөрүүгө араӊ эле турушпады беле?! Анын үcтүнө Ормондун куну тууралуу маcеле чечиле элек болчу – айыкпаган жараат козголуп кетиши мүмкүн эле. Ошондуктан Шабдан  канчалык  баcырылганына, шагы сынуу ызасына капталганына  карабай,  эрдин  тиштеп  баcып кетиши да түшүнгөн адамга зор жоопкерчиликти, милдетти жүрөгүндө туюп, акылында аӊдап билиши эле. Акын Cолтобайдын жана бийлеринин Шабдандын үcтүнөн болгон жеӊиши жөнүндө пикирлер тараcа да, а чындыгында анык эрдик бардык ызаны көтөрүү менен элдин канын агызбай cактап калган Шабдандын айкөлдүгүндө, кенендигинде болчу.

Шабдандын акылынын тууралыгын турмуш тарыхы далилдейт. Ошол эле Cолтобай бир жылдан кийин Шабданды көргөндө жагалданып, кошоматтанып, жогорку ырынан «аcман менен жердей» айырмаланган ырды чыгарат. Акындын бул ыры да чыгармаларда жана макалаларда мазмуну жагынан жалпылыкты түзүп турат. К. Оcмоналиевдин романынан жана кол жазмаларда элден жыйналган материалдардан миcал келтирели.

«Көчмөндөр кагылышы» романында:

Оо, хан алдында көп жүрдүм,

Хандан кайрып жеп жүрдүм.

Башыӊа келген заман бу,

Шабдан баатыр, аманбы?..

Көк-Ойрок менен Челекти,

Ак калпактуу кыргызда,

Таппадым cендей керекти!..

Жазуучу прозалык жанрдын мүмкүнчүлүгүнө жараша гана ырдан үзүндүлөрдү алып, образдардын ички дүйнөcүнө кирүүгө аракеттенип жатканын байкоого болот. Ырдагы курч, таамай cаптар тарыхый инcандардын кебете-кешпирлерин тереӊдетүүгө жол ачат. К. Оcмоналиев романда акындын кордоп, мактап ырдашына кайрылганда Б. Cолтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхында» жазылган материалдарды чыпчыргаcын коротпой пайдаланганы ачык эле көрүнөт. Ал эми кол жазмалар фондуcундагы материал Шабданды мактап ырдооcу боюнча Солтобайдын жанрдык жактан одага жатат. Апыртуу, даӊазалоо, көкөлөтүү эмоцияcы менен Шабдандын аброюн бийик көтөрүп cалган.

Ардактаган тулпарды

Адырга минcе тер чыкпаc,

Ак калпактуу кыргыздан

Артылып cенден эр чыкпаc …

Караӊгынын жарыгы

Шамы болдуӊ кыргыздын.

Айдалганда токтогон,

Тамы болдуӊ кыргыздын.

Кеме жүргөн дарыя

Cууcу болдуӊ кыргыздын.

Адашканда жоктогон

Тууcу болдуӊ кыргыздын.

Мындай мактоону кыргыз адабият тарыхында өткөн кылымдардагы тарыхый инcандарга арналган чыгармалардан табуу кыйын. Акындын бир жыл ичинде өзгөрүп кетишине cебеп дагы эле тарыхый окуяга байланышат. Шабдандын күчү менен топ Токмок уездинин Кара-Булак жеринде өткөрүлүп, ал Cолтобайды атайы чакырткан. Демек, Шабдан акындан өзүн өзү жокко чыгаруунун эӊ амалдуу жолун тандап алган жана ал натыйжалуу болду. Карама-каршы позициядагы ырлардын чыгышына акындын ички дүйнөcү шарт түзбөcтөн, cырткы cубъективдүү күчтөрдүн тааcири маанилүү роль ойноп кеткен. Акыйкат үчүн cуроо коёлу: Cолтобай өзүнүн эргүүcү менен Шабданды коргоп да, мактап да ырдайт беле?! Албетте, жок. Акындык талант бирөөнү жамандоодо же мактоодо эмеc экендигин жакшы түшүнгөн Cолтобай тагдырга моюн cунууга аргаcыз болгон. Натыйжада акын ырдады, чыгарма жаралды, эл араcына учкан куштай тарап кетти, а бирок «заказной» ырда  объективдүүлүктөн  cубъективдүүлүк ашыра баcып кеткенин, реалдуулуктун негизи жок экенин көрөбүз. Акын үчүн өз пикирин тактоодон мурда коюлган талапты орундатуу – Шабданды кемcинтүү же мактоо катары жеке же бир топтун кызыкчылыгын билдирүү керек болчу. Ошондуктан Cолтобай ал милдетти эки учурда теӊ кынтыкcыз кылып аткарууга жараган.

Казак акыны Жамбыл менен Шабдандын жылуу мамилелеринен эки элдин доcтугун, бир туугандыгын көрcөткөн пикирлер бар. Алгач Жамбылдын өзүнө келcек, 1879-жылы казак жеринде жут болуп, жаз айында Чоӊ Кеминдеги Шабдандын айылына келүүгө туура келген. Акын ырында жутчулуктан көргөн азап-тозокторун, пааналап келгенин, баатырдыгын cыйларын, күч-кубат алууга мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүcүн ачык билдирген.

Уа, шавибаз, хан Шабдан!

Атым арып келди эбден.

Тоным тозып жүдедим,

Орын бермей жан терден.

Ак ордаӊа енейин,

Аман-cалем берейин.

Шабдан cыйлаган акынды жакшы тоcуп алып, меймандап, кетеринде 18 жылкы айдаткан экен.

«Алардын доcтугу өмүр өткөнчө болбодубу» – дейт Ч. Айтматов М. Шаханов менен авторлошуп жазылган «Жар боюнда боздоп турган аӊчынын ыйы» деген чыгармада эки инcандын тарыхый байланышы публициcтикалык маанайда баяндалган. Авторлордун маалыматы боюнча, Жамбыл келип калгандыгына байланыштуу жолго чыгып калган Шабдан cапарын токтотуп генерал-губернатор Колпаковcкийге барбаптыр. «Оcтановитеcь! Даже еcли Колпаковcкий был бы царем, он не был бы выше Жамбыла. В дорогу тронемcя через пару дней, поcле того как проводим Жамбыла,- объявил Шабдан, затем раcпорядилcя уcтановить cпециально для cвоего друга-акына белую шеcтикрылую юрту и позвал вcех уважаемых cородичей». Акындын «Манаc», «Cуранчы баатыр» эпоcторун таӊ атканча аткарганын Шабдан толкундануу, тамшануу менен угуучу экен. Тарыхый инcандын жоомарт, март, кеӊ пейил cыяктуу каcиеттери cүрөттөлгөн, Жамбылдын 1912-жылы ашка келгендиги жөнүндө маалымат бар. Авторлордун жеке пикирлери чыгармада белгилүү факт-материалдардын үcтөмдүгүнүн аcтында калгандай элеc туйдурат.

Абдылдажан Акматалиев

 

(Уландысы бар)

БАШКЫ МИЛДЕТ —САПАТТУУ БИЛИМ

$
0
0

 «Элибиз билимдүү болсо, мамлекетибиз да ошончолук бекем болот» дегендей, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүөсүп келаткан жаш муундарыбызга билим-тарбия берүүдөүзгүлтүксүз иш алып барып жатышкан сегиз мектепке, алты балдар бакчасына, эки спорт мектебине жетекчилик кылып келет. Аталган шаардык билим берүү бөлүмүнүн милдети — билим берүү тармагындагы окутуунун сапатын жогорку стандартка көтөрүү, окутуу-тарбиялоо иштеринде жаӊы инновациялык ыкмаларды колдонуу менен компьютерлештирүүнү кеӊейтүү, окуу китептерин камсыздоо, материалдык-техникалык базаны чыӊдоо, педагогикалык кадрлардын сапаттык курамын жакшыртуу, чыгармачылык дараметтерин арттыруу болуп эсептелет.

Эл элегинен өткөн эжей

 Окуучуларга билим-тарбия берүүдө шаардык мектептерде жалпы 529 мугалим, балдар бакчаларында 77 тарбиячы-педагог жана спорттук мектептерде 18 машыктыруучу эмгектенишет. Окуучуларга татыктуу билим-тарбия беришип, үлгүлүү иштеп жатышкан мугалимдердин арасынан «КР Эмгек сиӊирген мугалими» деген наамга эки мугалим ээ болушкан. Алардын ысымдарын атай кетсек: №2 мектеп-гимназиясынын директору Самакова Айчүрөк менен №5 орто мектептин биология мугалими Ороӊова Жыпара болуп саналат. Ошондой эле 241 мугалим Билим берүүнүн отличнигине татыктуу болсо, Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасына» 273 мугалим ээ болушкан. Бул мугалим педагогдор, тарбиячылар мектептерде, балдар бакчаларында ж.б. жерлерде тарбия алышып окуп жатышкан окуучуларга мээримдерин төгүшүп, жаркын сезимдерин, билимдерин бөлүшүшүп, камкордукка бөлөшүп эмгек өтөп келишет. Дегинкиси, Нарын шаарындагы билим берүү тармагын жакшыртуу жана сапаттуу билим берүүнүөркүндөтүүүчүн аталган билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ашыралиева Айнагүл иштин кызыкчылыгы үчүн күйүп-жанып, жаӊыча ойлонуп, жасаган иш-аракеттери, жакшы саамалыктары коомчулуктун көз кырына түшүп калды. Себеби Айнагүл айым 2011-жылы шаардык билим берүү бөлүмүнө келгенден баштап, улам бир жетекчи тез-тезден алмашкан сайын алардын милдетин аткаруучу болуп, бардык түмөн-түйшүктү аркалап көтөрүүгө туура келип турду. Арийне, ар бир иштин көзүн так, даана билген, ой өрүшү кенен, кыял чабыты бийик, жашоосунда да ак пейили менен жаратмандык жакшылыктарга умтулган А.Ашыралиева 35 жылдан бери карай, бир өӊчөй билим берүү тармагында гана алектенип иштеп, эл элегинен, мезгил сыноосунан өттү десек жарашат.

А.Ашыралиева 1962-жылы Жумгал районуна караштуу Жумгал совхозунда төрөлгөн. Киндик каны тамган айылдагы орто мектепти «эӊ жакшы» деген баалар менен аяктагандан кийин, Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайынан окуп, билим алат. Аталган окуу жайды бүтүргөн соӊ, 1986-жылы Фрунзедеги В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтуна тапшырып окуусун 1990-жылы ийгиликтүү аяктайт. Алгачкы эмгек жолу, аттаган эшиги Нарын шаарындагы «Бакыт» бала бакчасы болду. Бул куттуу периштелер ойногон балдар бакчасында методист, башкы тарбиячы болуп 28 жыл эмгектенди. Ошол 1991-жылдары улуу держава — СССР ыдырап тарап, кайра куруунун татаал оор мезгилине туш болушуп, айлык акыларын 3-4 айлап ала алышпай калышкан. Ал кезде бала бакчага тамак-аш, керектүү оюнчуктар жетишпегендиктен бардыгын өз колдору менен жасаган учурларды да баштарынан кечиришкен. Кийинчерээк 2010-жылы «Ынтымак» бала бакчасына директор болуп дайындалып келери менен эски балдар бакчасын колдон келишинче жаӊыртып, ремонттотуп, күндүр-түндүр чаалыкпастан мээнет терин төгүп иштеди. Ал айрым жетекчилердей болуп, кол алдындагыларды каарып, кабагын бүркөбөстөн, жакын санаалаш досторундай кеӊешип-кесишип, акыл калчашып, кыйынчылыктарды чогуу жеӊип чыгышты.

Ал 2011-жылдан баштап Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө башкы адис болуп дайындалып келип үзүрлүү эмгектенүүдө. Учурунда жасаган татыктуу эмгектери үчүн бир катар жогорку сыйлыктарга жана ардак грамоталарга ээ болгон. Билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин ээси. Өткөн жылы да мамлекеттик кызматкерлер күнүнө карата «Мыкты мамлекеттик кызматкер» төш белгисине жана 2015-жылы КРнын «Ардактуу айымы» деген жогорку наамга татыган.

Билимдеги жигердүүлүк

 Биз А.Ашыралиеваны кепке тартканыбызда төмөндөгүлөргө токтолуп өттү: — Нарын шаарындагы орто мектептерде жалпы 7392 окуучу жана 1616 гимназия  класстарында окуп билим алышса, балдар бакчаларында 1822 тарбиялануучу бар. Быйылкы окуу жылында 9-классты 587 окуучу, ал эми 11-классты 381 бүтүрүүчү аяктап жатышат. Бул боюнча облустун борборунда, эксперимент катарында 11-класстын бүтүрүүчүлөрүүчүн атайын тестирлөөнүөткөрдүк. Мында окуучулар үчүн кыйла эле жеӊилдик болот экен. Себеби тестирлөөдөн эӊ жакшы бааларга ээ болгон окуучулар мамлекеттик экзамендерге катышышкан жок. Мисалы: №8 А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин 11-классы ЖМАдан эӊ жакшы деген бааларга арзышкандыктан, толугу менен экзаменден бошотулган. №5 К.Жакыпов атындагы орто мектептен да бир класстын окуучулары  ЖМАдан алышкан бааларына канааттанышкандыктан, экзаменге кирбестен окууларын аякташты. 2015-2016-окуу жылы үчүн өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын республикалык туруна М.Сыдыков атындагы №7 орто мектептин 11-классынын окуучусу Болотбекова Айжаркын англис тили сабагы боюнча 1-орунду, №8 А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Токтобек уулу Бекзат математика сабагы боюнча 3-орунду жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Мыктыбекова Жаркынай химия сабагы боюнча 5-орунду камсыз кылышты, — дейт ал өз кебинде.

Андан ары ал: быйылкы «Тарых жана маданият» жылына карата да ар бир мектепте иш-чаралар өткөрүлүп жатканын кабарлады. Мындан тышкары Нарын шаардык мэриясы менен билим берүү бөлүмү тарабынан биргеликте уюштурулуп «Кана эмесе балдар, кана эмесе кыздар» деген аталыштагы сынактар өткөрүлүп, 1-орунга №7, 2-орунга №8  жана 3-орунга №2 орто мектебинин командалары ээ болушуп, алдыга чыгышты. Ошондой эле №4 Э.Ибраев атындагы орто мектепте «Сармерден» жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган чоӊ иш-чаралар болуп өттү. Илим, техника жана өндүрүш жумалыгына карата, илимий-техникалык чыгармачылыкты жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана ага окуучуларды тартуу менен жөндөмдүү балдарды табуу, аларды колдоо максатында облустук кароо-сынак өткөрүлүп, М.Сыдыков атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу Мукан уулу Нурадил 3-орунду камсыз кылып, республикалык турдан 4-орунду камсыз кылып келди. Нарын шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардык ички иштер бөлүмү менен бирдикте «Милициянын жаш жардамчысы» аттуу кароо-сынак уюштурулуп, М.Сыдыков атындагы орто мектебинин командасы 1-орунга ээ болуп, облустук турунда 2-орунга жетишишти. Эл аралык театр күнүнө арналган «Театр фестивалы» №1 Токтогул мектебинде өткөрүлүп, аталган мектеп 1-орунга ээ болду. Алар облустук турдан да 1-орунга татышып, республикалык турда 4-орунду камсыз кылышып, акчалай жана баалуу сыйлык, белектер менен кайтып келишти. Ал эми №14 «Алтын балалык» балдар бакчасындагы кенже тайпадагы балдар арасында «Сармерден» оюн-зоогу абдан кызыктуу өттү жана буга жергиликтүү бийлик органдарынан да келип катышышып, балдарга кызыктыруучу сыйлыктарын тапшырышты, — дейт сыймыктана.

Саамалыктар жүрөк жылытат

 Эженин айтымында, азыркы учурда Нарын шаарындагы спорт мектебинин  жана №18 «Ак дил» бала бакчасынын курулуш иштери башталууда. Андан тышкары дагы бир жаӊы бала бакча ачылуу алдында турат. №17 «Ынтымак» бала бакчасынын ата-энелер фондусу тарабынан 2 ярустуу 10 керебет, 3 тайпага 50 литрлик аристон алынып, орнотулуп берилди. Ал эми №16 «Ыйман» балдар бакчасына да ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 4250 сомго 50 кг. кебез, 3400 сомго 40 метр кездеме алынды. Бала бакчанын жамаатынын иш-аракети менен 33 матрац капталды жана 2500 сомго 1 магниттик доска, 7000 сомго жалюзи, 8000 сомго килем алынып берилди. А.Садыков атындагы №9 орто мектепте «Кылым карыткан кыргыз тарыхы» аталыштагы семинар өткөрүлдү. Каржылоо кеӊешинин жардамы менен мектептин сыртын көзөмөлдөөүчүн 12000 сомго эки камера, 3000 сомго 3 прожектор орнотулду. Ошондой эле Ж.Чолпонбаев атындагы №10 орто метепке да «Кыргызстан» партиясынын колдоосу менен мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн 50 миӊ сомго төрт видеокөзөмөл орнотулган. 2015-2016-окуу жылында Нарын шаардык мэриясы тарабынан бүтүрүүчүлөргө, олимпиададан 1-2-3-орундарды камсыз кылгандарга жана окуткан мугалимдерге да 3000-4000 сомго чейин стипендиялар берилүүдө. Олимпиадага катышкан 72 окуучунун ар бирине да 1000 сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

- Бул  стипендия жакшы саамалык катары жыл сайын берилип турмакчы. №14 «Алтын балалык» бала бакчасынын медайымы Муханмедий кызы Ырыскүл балдарга тамак берүүдө калькуляциясын эӊ мыкты түзгөндүктөн, иш-тажрыйбасын жайылтуу максатында башка райондордогу бала бакчаларды да кыдырып, семинар өткөрүп келди. Аталган бала бакчада ар дайым рационалдуу аш болумдуу, витаминдүү тамак-аштар балдарга үзгүлтүксүз берилип турат. №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасынын орус тили мугалими Ибраева Нургүл өз ишине абдан такшалган мыкты педагог. Нургүл мугалимдердин алдыӊкы сабында турат. Себеби бала бакчага барган балдар тез эле орус тилинде сүйлөшүп, жазуу көндүмүн да ылдам өздөштүрүшөт. №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин география мугалими Дербишалиева Гүлай эже да өз кесибинин чыныгы устаты десек жарашат. Мектеп директорлорунан Самакова Айчүрөк эже менен Качкынбаев Токтогон агайыбыздын тажрыйбалары мол.  Аларды эӊ мыкты насаатчы мугалим жана жетекчи катары баалап, сыйлап келебиз. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылыгы кызмат ордуна жаӊыдан Өмүрбай кызы Чолпон конкурстук негизде, билимдүү, тажрыйбалуу адамдардын арасынан иргелип, күлүктөй алдыга суурулуп чыгып жеӊишке ээ болуп келди. Чолпондун жаӊы баштаган ишине да зор ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалап кетмекчибиз, – дейт каарманыбыз Айнагүл Ашыралиева биз менен болгон маегинде  толкунданып.

 К.Бугубаев, Нарын шаары


БАЛДАЙ ШИРИН ЧЫГАРМАЛАРДЫ ЖАРАТЫП…

$
0
0

Ата-бабалардан калган салттуу билимдер, үрп-адаттар, салт-санаалар менен маданий, диний баалуулуктар-бул дүйнөдө тексиз, урук-тукумсуз жок болуп кетпөөгө мүмкүндүк  берген парадигмаларды уюштурат.Бул баалуулуктарды астейдил  сактап, темирдей  бекем кармана албаган этностор тарыхтын айдыӊында жок болуп кетишкен.Демек, табият менен адамдын ортосундагы теӊ салмактуулукту жана шайкештикти сактоо — билим берүүнүн  жана маданияттын  түбөлүктүү милдети. Албетте, билим, илим, маданият жекече, индивидуалдуу жана кайталангыс феномен. Ал кайталангыс дүйнөнүн  кайталангыс космосу.

 Дал ошондой  кайталангыс  көркөм  дүйнөдө  асылдык  менен  сулуулуктун  феноменин  жараткан  жана  ширин  сөздүн  үнүн  тыӊшап, анын  кубанычы  менен  кайгысын, муӊу  менен  сүйүнүчүн,  акыл  менен  жүрөктөн  өткөрүп, адам  мүнөзүнүн  космосун  тереӊ  жана  кенен, ар  тараптуу  Мурза  Гапаровго  гана  таандык  стилде  иликтеген залкар  жазуучулардын сабында  турат.

Кыргыз  эл  жазуучусу  Кеӊеш  Жусупов  белгилегендей, анын  каармандары  көздөгөн  максатына, идеалына жетишет, же  сулуулукту  жаратышат, же сулуулукту  издешет, ага жетүүгө  аракеттенишет. Анын калеминен “Мейман”, “Бир шиӊгил жүзүм”, “Кара-Көлдүн каздары”, ”Дарыялардын шоокуму”,  “Кызыл беде”,  “Күнөстүү арал”, ”Жаӊгак токойдун  жомогу”, ”Экөө ээн  бакта” деген аӊгемелер, повесттер жыйнактары жаралган. Мектеп  балдар  үчүн ”Биздин  жакта-Арсланбапта” деген  ыр китеби  чыккан. Ал эми драматург катары ”Кадыр түн”, ”Дарыялардын  шоокуму”, ”Биздин үйдүн Карлсону”, ”Жамгырлуу  түндүн жомогу”, “Разияны  эскерүү, же өзүбүздүөзүбүз ойнойбуз”, ”Күнөстүү  арал”, “Зулайканын  шатысы”, “Чагылгандын  огу”, ”Темир  корук”, Сүйүү кайыгы”, “Киотого кеткен жол”, ”Туздуу  чөл”, “Аялдардын  деӊизи”, “Куурчак”, ”Өткөн  жылдын  кары кайда?”  деген пьесаларын  токуган. Ошондой эле  жубайы  менен бирге (Г.Гапарова) ”Мээримдүү  Мээри”, ”Бар  үмүтүм сенде  София-Булан”, “Өлгүм келет, спонсор керек”, ”Кызганчаак  келиндердин  кечеси”, кызы Айкыз менен бирге ”Караван  сарай” деген драмаларын жараткан. ”Бул да коога эмес”, “Көчө”, ”Квартирант”, ”Аталардын  жери” ж.б. көркөм  жана  документалдык фильмдердин  сценарийин жазган.

Өйдөкү аталган лирикалуу, романтикалуу  аӊгемелеринде, повесттеринде, киносценарийлеринде, пьесаларында  устаранын  мизинде  оодарылган  адам  тагдырлары  улуттук  жана  бүткүл  адамзаттык, Чыгыштык  жана  Батыштык баалуулуктардын  ширөөсүнөн  бүткөн  ичкиликтердин  тилине  мүнөздүү болгон  көркөм  боектор  менен  шөкөттөлөт. Анын  чыгармаларын  кайра-кайра  окусаӊ да кумарыӊ канбайт, балдай ширин.

 Автордун  чыгармаларында  өмүр  менен өлүм, жакшылык менен жамандык, адам  менен  табият, акыйкат менен  наадандык, адам  менен  ишеним, адам  менен улут, ыйман  менен ар-намыс, адеп  менен парс, мүнөз  менен  тагдыр  жана башка  проблемалар  көркөм-эстетикалык  жана  поэтикалык-философиялык  деӊгээлде  жалпылаштырылган.

Жазуучу  өзү  айткандай,  дегеле адабият  менен  искусствонун  милдети  адамды  адамгерчиликтүү кылыш, адамдын  мүнөзүн жумшартып,  пейилин оӊош керек. Ар бир чыгарманын  өзөгүндө  кандайдыр бир нравалык данек, уютку болушу эп.

Сомосунан  айтканда, сөз  менен ой  чебери  залкар  жазуучу  Мурза  Гапаров  жалпы  эле  окурманга  ат  көтөргүс  адабий  жана  маданий  мурас  калтырып  кетти.

Кыргыз адабиятынын  тарыхы, адабият  таануусу  жана  адабий  сыны — үчилтектүү  кыймыл-аракетте  өнүгүп  жаткан  таза  улуттук  илимдердин бири. Булар  өзүнүн  турпаты  боюнча  жаш  илимдердин  катарына  кирсе  да, азыр  калыптанып, сапаттуу  өнүгүүнүн  жана  тереӊдөөнүн  татаал  процесстерин  башынан  кечирүүдө. Ал күчкө  толуп  жетилген  сайын  өз  чөйрөсүнөн, өз алдынча  жаӊы  бөлүмдөр, жаӊы багыттар пайда болууда.

Мына  ошондой  өз алдынча  багыттардын бири – Мурза  Гапаровдун инсандык  тагдыры  жана көркөм  чыгармаларынын  эстетикалык-поэтикалык  баалуулуктары.

Менимче, жазуучунун  чыгармачылыгы  үч чен-өлчөмдүн, критерийдин  негизинде  каралганы  оӊ.

Биринчиден, жазуучунун  турмушту, чындыкты  сүрөттөөдөгү  өзгөчөлүгү.

Экинчиден, жалпы  адабий  процесс  жана  Мурза  Гапаровдун  көркөм  чыгармаларынын  нарк-насили.

Үчүнчүдөн, Гапаровдун  ар бир чыгармасынын  конкреттүү  турпаты, курамы, структурасы  жана көркөм-эстетикалык касиети, сапаты.

Албетте, жазуучунун чыгармаларын талдоодо төмөнкүдөй  методологиялык  проблемаларды эске алышыбыз  керек.

Асыресе, демократиялык  коомдо таанып-билүүнүн плюрализми үстөмдүк  кылып  турган  чакта  адабий  түшүнүктөр, терминдер  жөнүндөгү  интерпретациялар дайыма  эле бирдей  боло  бербейт. Ал  эми  адабий  чыгарма  жана  анын  автору  жөнүндө  ар башка  пикир  гана эмес, карама-каршы  позициялар да кездешпей  койбойт. Демек, М.Гапаровдун  көркөм дүйнөсүн изилдеген  инсан  ар дайым  жана туруктуу  түрдө  чындыкка  жакын  турушу  керек деген ишенимдемин.

Ошондой эле, баалуулуктар  өзгөчө кулпуруп  жана ар түрдүү  болуп  турган чакта  бардык  эле  адабий  теориялык  терминдер, түшүнүктөр  өзүнүн  бүткөн, биротоло  калыптанган  аныктамасына, формуласына  ээ эмес. Улам  жаӊыланган  адабий  процесске  жана  улам жаӊыдан  келген  адабий  муундун  чыгармачылыгына  байланыштуу  адабий-теориялык  түшүнүктөр  да өздүк  маанисин  кеӊейтип, кубулуп  олтурат.Демек, изилдөөчү  ар  дайым  жана  туруктуу  түрдө  багытын  жоготпой, адабий  окуялардын  тынымсыз  жүрүп  турган  процессинин  “тамыр”  кагышын  сезип  турушу  жөндүү.

М.Гапаровдун  маданий-эстетикалык  мурастарын көркөм  өнөрдүн көркөмдүк  касиети  менен  иликтөөгө  болгон орошон  аракеттер   жакында  жазуучунун  бир кезде өзү окуган  Улуттук университеттеги анын мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык конференцияда байкалды  жана сүрөткердин көркөм мурастары улуттук  баалуулук  катарында насыйкатталды.

Назаркул Ишекеев,

Ж.Баласагын атындагы КУУнун  проректору, педагогика илиминин доктору

ЧЫНЫГЫ ТАЛАНТТЫ ЭСКЕРҮҮ

$
0
0

Мезгил учат демекчи, жыл артынан жыл, ай артынан ай, күн артынан күн өтө берет турбайбы. Быйылкы 2016-жыл көп эскерүүлөр жана мааракелер менен эсте калат. Президентибиздин жарлыгынын негизинде “2016-жыл-Тарых жана маданият жылы” деп белгиленүүдө. Ошол маданияттын бир чордону болгон Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драм театрынын уюшулуп негизделгенине да 90 жыл толуп олтурат. Ушул театр түзүлгөндө биринчилерден болуп кирип, окуп иштеген кыргыздын таланттуу инсандарынын бири Ашыралы Боталиевди 110 жылдыгына карата эскерип кетүүнү чечтим.

Ашыралы Боталиев 1906-жылы ал мезгилдеги Фрунзе областынын Иванов районунун (азыркы Ысык -Ата) Киров айлында төрөлгөн.

Атасы Жайлобаев Боталы 1860-жылы жарык дүйнөгө келген. энеси Жайлобаева Балапан 1868-жылы төрөлгөн. Ашыралы Боталиевдин бала чагы ошол мезгилдеги жалпы кыргыз эли кабылган катаал учурга туш болгон. 1916-жылда болгон улуттук боштондук көтөрүлүштөгү каргашалуу, кайгылуу окуяда тестиер бала болсо да кыргыз элине түшкөн мүшкүлдү ата–энеси, бир туугандары менен бирге тарткан.

Чүй өрөөнүнөн эл менен кошо үркүп жөө жалаӊдап Кегетинин ашуусу аркылуу Кочкор, Жумгалга чейин барып, 1917-жылы Суусамыр аркылуу кайра келишкен.

1918-жылы атасынан көп өтпөй 1919-жылы энесинен ажыраган. 13 жашынан баштап өз кара жанын өзү багып ошол кездеги орус, дунган, кыргыз байларынын кызматын кылып жалданып иштеген. Жаш кезинен жөндөмдүү болгондуктан орус тилин жакшы өздөштүрүп алган. Ал ошентип 1921-жылга чейин иштеп келген. 1921-жылы Токмоктогу балдар үйүнө кабыл алынган. 1926-жылы борбор шаарга келип Н. Еленин менен А. Кутубаеванын тандоосу аркасында жаӊы ачылган музыкалуу–драма студиясына кабыл алынган.

Ал ошол убактагы табигый шыкка мол, келечеги кеӊ жаштар менен окуйт. Актердук чеберчиликти, сүйлөө техникасын, сахнадагы кыймылды, музыкалык сабатты үйрөнгөн. Студияда окуп жүргөн кезинде  Н. Елениндин “Молдо Насирдин” деген спектакли коюлуп, полковник Хайдардын ролун ойногон.

1934-жылы музыкалуу драма студиясы Кыргызстан мамлекеттик драма театры болуп, А. Боталиевдин чыгармачылыгында жаӊы изденүүлөрдү пайда кылган. Ошол мезгилде драматург Ж. Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасындагы башкы каарман Искендердин образын түзүү менен өзүнүн актердук чеберчилигин, талантын элге көргөзгөн. Талыкпаган эмгеги, чеберчилиги бааланып, Кыргыз ССРнин эл артисти деген наам берилген.

1939-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун декадасында коюлган спектаклдерде А. Боталиев башкы ролдорду мыкты аткарып, элдин эсинде калган. Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу  дегендей, А. Боталиев ыр менен жазылган драмаларды да аткарган. Композиторлор В. Власов, В. Ференин “Алтын кыз” музыкалуу драмасынан Жапардын, “Айчүрөктөн” Семетейдин, “Кызжибектен” Бекежандын ролдорун жогорку деӊгээлде аткарган.  А. Боталиевдин эмгеги бааланып, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Ардак белгиси” ордени менен сыйланат.

1940-жылы музыкалык драма театрдын базасында Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры түзүлөт. Опералык театрдын негиз салуучулары А. Куттубаева, А. Малдыбаев, М. Мустаева. С. Кийизбаева, Ж.Садыков. М. Махмутова, К. Эшимбековдор менен бирге вокалдык жактан татаал, ар түрдүү күлк мүнөздөгү ролдорду аткарат. Ал опера жана балет театрында 1952-жылга чейин эмгектенген. Ушул жылдар аралыгында нечендеген ролдорду жаратып өзүнүн талантын элге тартуулаган. Андан соӊ, өз өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик драма тетрында эмгектенип, сахнадан түшкүс образдарды жараткан А. Боталиев театр менен гана чектелип калбастан киного да тартылган. Биринчилерден болуп кинофильмдердеги кыргыз сөздөрүн үндөштүрүүнү да өздөштүргөн. Талыкпаган эмгектин натыйжасында таланттуу актердун эмгеги жогору бааланып, эки жолу Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдары менен сыйланган.

1979-жылы 24-февралда Кыргызстан компартиянын Борбордук комитетинин буйругунун негизинде Фрунзе шаарындагы Херсон көчөсү А. Боталиев атындагы көчө болуп аталган.

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине 1972-жылы А. Боталиевдин өздүк документтери жана сүрөттөрү тапшырылган. Борбордук мамлекеттик архив А.Боталиевдин документтерин кабыл алып, өздүк фонд ачылып, ага 2774 номери берилген. Фонддун ичинде А.Боталиевдин жеке өзүнө тиешелүү кол жазмалары, өмүр баяны, театрда ойногон ролдорунан сүрөттөр жана мамлекет тарабынан алган сыйлыктары боюнча маалыматтар сакталат.

Ушул быйыл 2016-жылы А. Боталиевдин туулганына кылымдан ашык убакыт өтсө да элеси искусство сүйүүчүлөрдүн эсинде түбөлүккө кала берет.

Б.Жолдошбекова,

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин жетектөө археографы

БИЗДИН АЙЫЛ (Таланттуу акын, чыгаан журналист Зарлык Сулаймановду эскерип)

$
0
0

…“Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсеӊ бир киши” демекчи, мен өзүмдүн ардактуу айылдашым, таланттуу акын, чыгаан журналист Зарлык Сулайманов тууралуу айыл-ападан көп угуп калар элем.

Бала кезден чыгармачылыкка  жакын болгон оӊ, калем кармап, бирдемелерди гезит бетине жаза коюп жүргөндүктөн, ышкы отум тутанып кетсе экен деген аруу тилек менен эӊ биринчи кезекте, туулуп-өскөн атыр жыттуу  айылдан чыккан аттуу-баштуу асыл адамдардын атын атап, ошолордой болгуӊ келет эмеспи.

Мен да ошондой чыгармачылыкка талапкер жаш жеткинчектердин катарында туруп, аймактык “Лениндик туу”, республикалык “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш” газеталарына “бешиктен белим чыкпай жатып” дегендей, 6-класстан тартып кат-кабар жөнөтө  баштадым.

Ошондо биздин айылдан Сүйүнбай Эралиев, Касым Каимов, Жакып Медетов, Зарлык Сулайманов, Медетбек Сейталиев өӊдүү жакшы чыгарма жараткан, чыгармачылыгы гүлдөп турган инсандардын атын угуп, “мен да алардын жолун жолдосом экен, атым элге угулса экен” деген чырымтал, темир канат тилек менен өзүмчө эле көкүрөгүм жалындап турар эле.

“Жаштын тилегин берет” деп, мен да тилегиме жетип 8 китептин автору болдум.

Ооба, “илим издөө — ийне менен кудук казгандай” болсо, чыгармачылык дагы ийне менен кудук казганга барабар. Айтайын дегеним, менин чыгармачылыгыма жогорудагы аты аталган айылдаш акын-жазуучулардын ичинен жаӊыдан телчигип келе жаткан жаш канатка (мага) акын Зарлык Сулаймановдун газета беттерине жарыялана калган ырлары чоӊ таасир берди (Акындын ырлары көзүөткөндөн кийин, белдүү чыккан балдарынын демилгеси менен жарык көрдү). Себеп дегенде, ал убакта “Ак мөөр” поэмасы аркылуу кыргыз элине кеӊири таанылып, “ак ырдын офицери” атка конуп калган С.Эралиевдин поэтикалык татаал, зор дүйнөсүнө караганда, акын Зарлык Сулаймановдун жөнөкөй, жатык тил менен мен өзүм көрүп-билип жүргөн айыл-апаны, тааныш жерлерди жазганы поэзия тилин (рифмасын, сүрөттөө ритмин ж.б.) тез өздөштүрүүгө, ыр жазууга кыйналбай-чайналбай, тартынбай эрте аралашып, эшигин какканга көмөк берди.

Мисалы, Кичи-Айрык, Терек, Балдыркан (мунун баары Терек деген чоӊөзөндүн ичинде) аттуу жаратылышы өтө кооз ажайып жерге бала кезде далай жолу классташтарым — Майрамбек, Бакберген, Наскул, Эсенкул, Такен, Чүкүй (Мырзабек) болуп сарымсак тергени жаз алды менен жөнөп калар элек.

Мен муну айтып жатканым, акын — зарлык Сулайманов өзүнүн (“Артыбызда издер калсын”, Бишкек, 2016-жыл), “Терек” (туулган жерге арзуу) деген ырында мындай дейт:

Жүрөгүмдөй кымбатсыӊ мага Терек,

Өзүӊдө киндик каным калса керек.

Мынчалык сүйгөнүмө кандай себеп,

Энемдей алдыӊ беле мени төрөп.

 

Чоӊойтуп бешигиӊе мени бөлөп,

Ажырап кете албаймын сенден бөлөк.

Өзүӊдү дайым эстеп согуп жүрөк,

Алыста жүрсөм дагы сен деп жүрөт.(60-бет).

Мына, бир кезде бут жоорутуп баскан, акыркы коӊгуроого коргошун гүл тергени барган, бир карасаӊ жупуну, бир карасаӊ аскасы асман тиреген сан тоолор, бир карасаӊ карапайым көрүнгөн менин ыйык Мекенимдин бир бурчу — Терек өзөнү! Ырасында, Терек аска-зоолуу, дары чөптөргө бай,  кайыӊ-талдуу, карагай-арчалуу, чер-токойлуу асыл жер. Бала кезде арстан, илбирс, карышкыр, күрөӊ аю баштаган толгон-токой жан-жаныбар бар деп угаар элек. Орозбак, Рахмадилде, Кудайберген, Макалай сыяктуу мергенчилер мергенчилик кылып, аӊ уулап келди дегенди кулагыбыз чалып калчу.

Мына ушундай керемет жерде көз жарып, ушундай ажайып кооз жайда туулганына акын ырында аябай ыраазы болот. Айылдан алыс кетсе, туулган жердин көзгө сүртөөр дарыдай касиеттүү элеси жүрөгүнүн тереӊинде жүрөрүн сыймыктануу менен эки куплет ырында таасын айта алган.

Анын үстүнө акындын уруусу жетиген болуп, анын ичинен жаӊы тууган деп аталып, жаӊы туугандар сары моюндар менен Терек өзөнүндө короолош, табакташ жашаган. Кайсы бир заманда Чыныке бий бул уруунун элин Кытайдан көчүрүп келип (тууганга таарынып көчүп кеткен дешет), ошол Терекке жайгаштырган экен.

Жаӊы туугандын улуу муундагы аксакалдары — Осмонбек, Сыдыкбек, Бейшенаалы молдо, Абаскан,  Молдоысак, Ибраимов Маалымбек, Осмонбеков Орозкан, Сыдыкбеков Молдокалый, Бегалиев Өзүбек, Бейшебаев Асанбек, Жусупбеков Майрамбек (ж.б.) сыяктуу адамкерчилиги күчтүү, карапайым, иштерман, асыл адамдар менен ар качан сыймыктанам.

Таланттуу акын, чыгаан журналист мына ушул инсандар менен насиптеш болуп бирге чоӊоюп, акыл-кеӊешин угуп, үзөнгүлөш чоӊойгон. “Аккан арыктан суу агат” деп кийин, чыгармачылык идиреги бар Зарлык Сулайманов  кыргыз элине кеӊири таанымал акын болуп чыга келди.

Бирин атасаӊ, бирин атабай коюга мүмкүн болбогон Арал  айылында бир канча таанымал, белгилүү инсандар бар. Алардын катарында Зарлык Сулайманов да турат. Зарлык Сулайманов Арал айылынын сыймыгы!

Азыр жаӊы туугандын кийинки жаштары эстүү чыгып, билимдүү, аракетчил, иш билги, элдин алды болушту. Айылдагысы-айылда, шаардагысы-шаарда оокат кылып, күн кечирип келишет.

Акындын балалыгы суктанып бүтпөгөн табияттын кучагында өтүп, кулун-тайга минишип, жарышып ойноп, мектепти Талды-Булактын оозундагы (илгерки Биринчи май колхозу) ал убактагы жаӊы мектептен аяктаган, Жаӊы-Турмуштан келген кезек сарынын, Талды-Булактан келген Төлөбай, Чокойдун балдары менен бирге аяктады.

Сөз кезеги келгенде айта кетчү нерсе, эжебиз Молдомуратова Наске акын агабыз Зарлык Сулаймановго бармактай кезден кошулуп, турмуштун арабасын өмүрдүн өрүн көздөй  бирге тартып келген кайраттуу, салабаттуу, урматтуу адам!

Арал айылынын тескей бетинде жайгашкан Сары-Булак  (Зулпукордун үстү) деген сары алтындай жер бар. Бала кезде  ал жерде далай жолу кой жайдык. Мал-келге байыстуу, жашоого ыӊгайлуу, жайыты кенен жер. Ошол жерде Наске эженин балалыгы өткөн. Молдомурат, Баймурат, Султанмурат, Кожомурат деген дыйкан, чарбакер, сөзүөтүмдүү, берекелүү бир туугандардын алдында эркелеп, батасын алып чоӊойгон. Бул аты аталган инсандардан билимдүү балдар чыгышты. Асанкан Султанмуратов энергетика жаатында Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Апыш Кожомуратов — мектептин директору, Асылбек Баймуртов — “Коммунизм” колхозунун башкы бухгалтери, Абаскан Султанмуратов — “Манас” колхозунун башкармасы болгон. Ал эми “Мураттарды” чарбакер дегеним — төөнү, жылкы баласын бапестеп баккан, дыйкан дегеним — тескейдин кайракы жерлерине эгин эккен, эмгекчил асыл адамдардан болушкан.

Наске эже менен биздин (куда-кудагый катары) жек-жаатчылык жайыбыз бар. Себеби, Баймурат жезде Рысбек кызы Кадырбүгө баш кошуп, андан Асылбек, Батын (кызы), Касымбек, Басылбек аттуу уул-кыз көрүшүп, тайке-жээн катары аралашып калдык. Наске эже Баймурат кызы Батын менен чогуу чоӊоюп калды. Наске эженин сиӊдиси — Нурипа ошол эле Арал  айылына Эсеналиев Шайлообек агайга турмушка чыккан. Агай убагында бизди тарых жана коом таануу сабагынан окутуп калды. Токой жээктеп, Аракенин айылында үй салышып, элдин арты болбой, жоон ортолоп жашоо кечирип, бала-чакалуу болушту. Агайдан жакшы таалим-тарбия алдык.

…Эми кайрадан сөзүбүздүн нугуна кайрылалы. Чындыгында, ар бир улуу адам эӊ биринчи кезекте өзүнүн (жогорудагы Зарлык Сулаймановго окшоп) Мекенин улуу, ыйык сезгени менен даражасы менен зоболосу бийик болот эмеспи.

Кезегинде, Ч.Айтматовдун философияга жык толгон, ары жөнөкөй “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” деген бир кеби эпиграфка айланып кетти. Көрсө, мындай Мекенге болгон арзуу ар бир акын-жазуучунун көкүрөгүндө кайнар булактай оргуп турат экен.

Табиятынан мекенчил акын жогоруда аталган китебинде мекен, жер-суу, жаратылыш темасына арбын кайрылган.

Көрсөм да сонун жерлерди,

Көӊүлгө таасир бербеди.

Көрсө бир сенде турбайбы,

Көкүрөк сүйүүм мендеги, — деп эл-жерге болгон тунук  сүйүүсүн бир куплет менен эле таасирдүү жеткиргенге жетишкен. Ырасында эле, биринчи коӊгуроонун, биринчи класстын босогосун аттоо, биринчи сүйүүнүн элеси эстен эч качан кетпейт эмеспи.

Акын Зарлык Сулайманов сатирик-акындар менен көбүрөөк аралашып жүрүп калгандыктан, ырларында жумшак юмор, элпек сатира көп кездешет. Айталы, “Досум” «Чалкан” (42-бет), “Мидин сөзү” (18-бет), “Бир жолдошко” (62-бет), “Ветврач” (70-бет), “Досума кеӊеш” (48-бет), “Кызматымды сурады” (49-бет), “Бир башкарма” (97-бет) ж.б.

Акын Зарлык Сулайманов жалаӊ эле сатира жаатында же эл-жер темасы менен чектелбестен, лирика багытында жакшы ырларды жазууга үлгүргөн. “Сен эмнеге?” (77-бет), “Сездиӊби, сезбей калдыӊбы?” (84-бет), “Асылы белеӊ аялдын” (111-бет), “Сен болчудай менин бак-таалайым” (100-бет), “Жамалыӊ гүлбү жайылган” (87-бет) ж.б.

Акын кайрылган тематика өтө эле ар кыл. Айталы, “Жолдоштук азил”, “Жоктоо ырлары”, “Арноолор” — мунун өзү акындын кандай гана кырдаал болбосун, ар кандай темада жаза ала тургандыгын далилдеп турат. Акын мындан тышкары, котормо менен да алектенген. Орус классиктеринен тартып, араб жазуучуларынын чыгармаларын ийине жеткире которгон.

Арноо ырларында кайнатасына, апасына, залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовго, Алыкулга жана ар бир уул-кызына, неберелерине бирден ыр арнап жазып, алардын кыял-жоруктарын, мүнөздөрүн даана ачып берип, өзүн поэзияда такшалган акын экенин көрсөтө алган.

Бир сөз менен айтканда, акын, журналист Зарлык Сулайманов аз жашап, саз жазууга жетишкен калеми курч акындардын катарына кирет. Акындын “Артыбызда издер калсын” (Бишкек, 2016-жыл) деген китеби окурмандардын купулуна толот. Себеби, китептеги ырлар жөнөкөй, жатык тил менен жазылганы башкалардан айырмаланып турат, ар бир ыр  көркөм жана чебер иштелгендиктен, окурмандарга өтө жакын. Автордун күйөрмандарынын колуна тийген “Артыбызда издер калсын” китебинин экинчи чыгарылышы жалпы окурмандарды кайдигер калтырбайт. Ар бир эпитет, ар бир сюжет даана поэзиянын көркөмдүгүнө сугартылган.

…Китептин баш сөзүн Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев жазган. Анда: “Кыргыз элинде “атанын уулу” илгертеден айтылып келе жаткан кеп бар. “Атанын баласы”, “Элдин уулу” деген атакка татыктуу болгон эр-азаматтар “эл четинде, жоо бетинде” болуп, Ата Журту үчүн кызмат кылып келишкен”, — деп автор тууралуу аксакалдык жылуу пикирин  айткан.

Сөздүн чыны — акындын уулу Эрнис Зарлыков китепти эки жолу басып чыгарган жана китептке демөөрчү болгон.

Чындыгында эле, акын, журналист Зарлык Сулаймановдун “атадан артык уулдары” — Болотбек (маркум), Деӊиз (КРнын суу траспорту жана транспорт мамлекеттик агентствосунун мүдүрү), Мелис (“Кутбилим” газетасынын башкы редакторунун орун басары), Нурпаис (жеке ишкер), Эрнис (Бишкек шаарынын вице-мэри) сыяктуу “атанын балдары” жеке жана мамлекеттик кызматты аркалап, эл жүгүн көтөрүп келишет. Биздин каарманыбыз балдарынын мындай эр жеткенин көрсө, анда иш башка эле! Акын беш уул, беш кыз көрүп (кыздары: Осипа, Нуриса, Афиса, Аиза, Аниса), аларга татыктуу тарбия берип жатып, 51 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ырасында эле, залкарлар элүүнүн (мисалы, Султан Ибраимов, Рыспай Абдыкадыров, Жолон Мамытов ж.б.) кырына чыгып кетет окшойт…

Сөзүбүздүн акырында, жогорудагыдай “артында өчпөс из калтырган” авторго, атанын эмгегин талаага таштабай жаӊыртып чыгарган, экинчи өмүрүн улаган “атанын уулуна” — Эрнис Зарлыковго, жакшылык каалайм.

Болотбек Бөкөлөев,

жазуучу

ОшМУ: изденүү жолундагы ийгиликтүү беш жыл

$
0
0

Акыркы беш жылда Ош мамлекеттик университетинде болгон өзгөрүүлөр, конкреттүү жасалган иштер жөнүндө ушул макалада айтууга аракеттендик.

Бүгүн университетте иштиктүү кырдаал түзүлдү. Жамаат ынтымак-ырашкерликте эмгектенүүдө. Жаӊы демилге, жаӊы көз карашты, жаӊы ойду кандай кырдаал болбосун колдоого алуудабыз.

Азыр ОшМУ бакалавр, магистр, PhD доктор даярдоочу жаӊы моделдеги университеттин формасын, мазмунун өздөштүрүүдө.

Максатыбыз – Борбордук Азиядагы мыкты университеттердин катарына кирүү. Бул үчүн бизде бардык тараптан потенциал жетиштүү.

_DSC9877

  ОшМУнун перспективасын бекемдөө максатында жаӊы ачылган структуралар

  1. “Зирек” балдар бакчасы, окуу-усулдук долбоор 2012;

  2. “Билим” лицейи, окуу-усулдук долбоор 2012;

  3. “Ыйман” лицейи, инвестициялык долбоор 2012;

  4. “Адис” окуу борбору, окуу-өндүрүштүк долбоор 2012;

5. Конфуций институту, инвестициялык долбоор 2013;

6. Медициналык клиника, окуу-өндүрүштүк долбоор 2014;

7. Стоматологиялык клиника, окуу-өндүрүштүк долбоор 2014;

8. Магистратура, перспективалык долбоор 2014;

9. Эл аралык медицина факультети, инвестициялык долбоор 2015;

10. Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институту, окуу-усулдук долбоор 2015.

Кайрадан ачылган факультеттер, структуралар

1. Искусство факультети 2011-жыл, август;

2. Эл аралык мамилелер факультети 2011-жыл, сентябрь;

3. Тарых факультети 2014-жыл;

4. Студенттик профилактория (60 орундуу) 2013-жыл.

Мындан сырткары:

1. Студенттик демократиянын үнү болгон “Нур” гезити 2010-жылы   Окумуштуулар кеӊешинин чечими менен жабылган. 2011-жылы сентябрь айынан баштап кайра ачылган.

2. “Үмүт” телестудиясы жаӊыланып, сапаттуу иштеп жатат.

ОшМУда жаӊы курулган имараттар (акыркы үч жылда)

1. Медицина факультетинин китепканасы 2012;

2. Медициналык клиника 2014;

3. Стоматологиялык клиника 2014;

4. Финансы-юридикалык колледжи (3-кабаты) 2015;

5. Өзгөн медициналык колледжи 2015;

6. Эл аралык медициналык факультети 2016;

7. Медицина факультетинин окуу лабораториялык корпусу 2016;

Курулушу башталган имараттар

1. Конфуций институтунун окуу имараты 2016-жылдын сентябрында бүткөрүлөт;

2. Студенттик жатаканасы 2016-жылдын сентябрында бүткөрүлөт;

3. “Ыйман” лицейинин окуу имараты башталганы турат.

4. Студенттик жатаканасы да курулат;

Курула турган, долбоору бүткөн имараттар

1. ОшМУнун интеллектуалдык борбору;

2. Искусство факультетинин имараты;

3. Заманбап конференцзал.

4. Спорттук-концерттик комплекс (2 000 орундуу) ж.б.

Билимдин сапатын көтөрүү багытында жасалган иштер

Максатыбыз – билим берүү инфраструктурасын жакшыртып, билим берүүнүн сапатын жогорулатып, эл аралык билим берүү мейкиндигинин тажрыйбаларын, жетишкендиктерин окуу процессине киргизүү болду.

  • “Экономика” багыты боюнча көз карандысыз аккредитациядан өтүп сертификат алынды.

• Эки баскычтуу билим берүүгөөтүп, бакалавр багыттары боюнча окуу пландары түзүлүп, окутуунун кредиттик технологияларын өздөштүрүү жолуна түштүк. Ушул багытта семинарлар, тренингдер, тегерек столдор, көптөгөн талкуулар өткөрүлүп, жаӊы жоболор, эрежелердин өзгөчөлүктөрүүйрөтүлдү.

• Университеттин бай тарыхын камтыган заманбап музей ачылды.

• Университетте студенттердин билимин реалдуу баалоо үчүн 7 көз карандысыз тестирлөө борборлору түзүлдү. ЮСАИД бул борборлорду түзүүүчүн 100 000$ грант берди жана бул борборлордо бир топ предметтер боюнча сынактар алынып, студенттердин колдоосуна ээ болду.

• Абитуриенттерди кабыл алууда республикабызда биринчи болуп, оперативдүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылып, абитуриенттерди кабыл алуу процесси он-лайн режиминде уюштурулуп, интернетке жайгаштырылды.

• Айлык акылар, стипендиялар толук түрдө накталай эмес (безналичный) эсептешүү формасына өттү. Бардык факультеттерде мультимедиалык залдар ачылып, интерактивдүү доскалар жайгаштырылды.

• Билим жана илим кызматкерлеринин борбордук профсоюз комитети уюштурган республикалык кароо-сынакта социалдык өнөктөш катары ОшМУнун ректораты 1-орунду жеӊип алды.

• Университеттин эӊ жогорку “Атуулдук стипендиясынын” же-ӊүүчүлөрү аныкталып, ректордун №1111/4 (19.12.12) буйругунун негизинде аларга айына 100 АКШ долларынан  бир жылдык стипендия берилди. Бул стипендия ошондон бери ар жыл сайын эӊ алдыӊкы 5 студентке берилүүдө.

• ОшМУда электрондук университет, электрондук факультет, электрондук кафедра толук түзүлдү.

• 2013-2014-окуу жылында университет Инновация, Инвестиция жана Интеграция, Интеллект стратегиялык өнүктүрүү программасынын алкагында иш алып барды.

• 2013-2014-окуу жылы Ош мамлекеттик университети үчүн өзгөчө тарыхый, маанилүү жыл катары эсте калды. Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык даӊктуу мааракесин белгилөө боюнча иш планга ылайык, 75 жылдан берки билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо сапарында мамлекетибизге сиӊирген эмгегибизди көрсөтүп, эл-журт алдында эсеп-кысап берчү жыл болду. Университетибиздин коомдогу аброю көтөрүлгөн, жамаатыбыздын жана жаштарыбыздын жакшылыгы көп болгон сапаттык өсүүлөр менен коштолду. Университетибиздин өмүр жашын 12 жылга узарттык (1939-жылдан баштап).

• Окуу процессин сапаттуу уюштуруу максатында кредиттик технологиянын талабына ылайык академиялык карыздарды жоюуда кайра тапшырууну уюштуруудан баш тартып, жайкы семестр аркылуу кайрадан окутуу ишке ашырылды.

• Студенттердин билимин баалоодо ачыктыкты, объективдүүлүктү камсыздоо максатында көз карандысыз тестирлөө борборлорунда сынактар уюштурулду.

• Автоматташтырылган информациялык системанын жарда-мында студенттердин рейтингин аныктоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, студенттердин арасында сапаттуу билим алуу үчүн атаандаштык жаралды.

• Университеттин бардык структуралык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери боюнча отчетторун сайт аркылуу коомчулукка алып чыгуу демилгеси ишке ашырылып, ОшМУнун сайтынын ишмердүүлүгү жаӊы баскычка көтөрүлдү.

• Бүтүрүүчүлөр менен байланышты күчөтүү максатында ОшМУнун сайтына бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы бөлүмү ачылып, миӊдеген бүтүрүүчүлөрүбүз менен байланышты кайра жандандырууга жетиштик.

• “Ирбис — 64” программасы алынып, библиотеканын ишмердүүлүгүн автоматташтыруу башталды.

• Кыргызстандын 52 университетинин ректорлору, вице-премьер министр, билим берүү жана илим министри катышкан Өкмөттүк жыйын ОшМУда өткөрүлүп, ОшМУдагы тажрыйбалар көрсөтүлдү. Өзгөчө электрондук башкаруу системасы жана антикоррупциялык иш-аракеттерибиз республикага жайылтылды.

• КВН командабыз “Тамашоу” лигасында өлкөбүздүн чемпиону болду. “Enactus” командабыз Кыргызстандын улуттук лигасында чемпиондукту жеӊип алып, Пекин шаарында дүйнөлүк чемпионатка катышып келишти.

• Университеттин билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу, реконструкциялоо, модернизациялоо багытында чоӊ долбоорлор ишке ашырылды.

• Бардык окуу корпустары, кафедралар, аудиториялар, жатаканалар, спорт комплекстери өзгөрүлдү жана жаӊы мазмунга, жаӊы обликке ээ болду.

• ОшМУда эмгектенген окутуучулар үчүн кыргыз, орус жана англис тилдери боюнча атайын курстар уюштурулуп, үч тилдүү профессордук-окутуучулук курам долбоору ишке ашырылууда.

• Билим берүү жана илим министринин 2015-жылдын 8-октябрындагы №1244/1 буйругунун негизинде жогорку кесиптик билим берүүдө бардык деӊгээлдеги жана профилдеги (бакалавр, магистр, специалист, илимий-педагогикалык кадрлар) кадрларды даярдоонун толук циклин ишке ашыруу укугуна ОшМУ республикадагы 2 университеттин бири болууга жетишти.

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы №515 токтомунун негизинде Ош мамлекеттик университети 2014-жылда Сапат боюнча диплом менен сыйланды.

• Университеттин “Алмашуу” программасы менен жүздөгөн сту-денттерибиз Германия, Кытай, Түркия, Индия, Япония, Корея, Швеция, Америка, Испания, Польша, Россия, Казакстан жана Европанын бир канча өлкөлөрүндөгү университеттерде стажировкалардан өтүштү. Көптөгөн окутуучуларыбыз, алдыӊкы студенттерибиз жеке ийгиликтери менен бизди кубандырды.

• Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арнап 4000 жакын студентибиз “Жеӊиш” ырын бирге ырдашты. Бул иш-чарага Россиянын мамлекеттик Думасынан 12 депутат, КРнын Жогорку Кеӊешинен 15 депутат катышты.

• Университетибизге республиканын эли, жетекчилиги ишеним арта баштады. Ош мамлекеттик университети менен кызматташууга кызыкдар болуп, бул окуу жылында дүйнөлүк университеттерден келгендердин агымы бир топ артты.

• Университеттин бардык структуралык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери боюнча отчетторун сайт аркылуу коомчулукка алып чыгуу демилгеси ишке ашып, ОшМУнун сайтынын ишмердүүлүгү жаӊы баскычка көтөрүлдү.

• 2015-жылдын 4-апрелинен ibooks.oshsu.kg даректүү iBook электрондук библиотекалык системасы түзүлүп, дүйнөлүк тармакка жайгаштырылды. Учурда бул системада 20000ден ашык китептин электрондук варианттары жайгаштырылган.

• ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын сайты төрт тилде (кыргыз, орус, англис, түрк) жарыкка чыгарылып, абитуриенттерди кабыл алуу боюнча On-Line сурап-билүү жайы жана абитуриентке On-Line консультация берүүчү атайын баракчалар менен толукталды.

• Факультеттерге жана колледждерге студенттердин ийкемдүү жана вариативдик индивидуалдуу билим алуу траекториясын курууну камсыз кылууну баштадык;

• Компетенттүүлүк ыкмасынын негизинде бүтүрүүчүлөрдү кесипке даярдоого кириштик;

• Европалык кредиттик окутуу системасын киргизүү жолу ме-нен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеӊейтүү жана ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдорунун чет өлкөлөрдө таанылышын камсыз кылуу багытында иштөөсүнө толук шарттарды түзүүгө жетиштик.

Эл аралык байланыштар

пекин

  Акыркы беш жылда ОшМУнун эл аралык байланыштарынын географиясы өтө кеӊейди. Дүйнөлүк университеттер  менен өз ара кызматташуу, академиялык мобилдүүлүк, стажировкалар, билим берүү жана илимий багытта биргелешип  иштөө боюнча  эки тараптуу келишимдерге кол коюлуп, көзгө көрүнөөрлүк иштер жасалды.

 ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар эл  аралык уюмдар, университеттер көбөйдү. ОшМУнун эл аралык аброю  көтөрүлдү, университетке ишенимдер жаралды.

 • Азыркы учурда 26 мамлекет, 105 университет жана 44 түрдүү өнөктөштөр менен бекем кызматташып жатабыз.

 • ОшМУнун профессорлору жана окутуучуларынын ичинен 800дөн ашуун кызматкерлер алыскы чет өлкөлөрдөн  академиялык мобилдүүлүк боюнча стажировкалардан өтүп келишти.

• 650дөн ашуун ОшМУнун студенттери жана магистранттары акыркы үч жылда алыскы чет өлкөлөрдөн Алмашуу программасынын негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча өтүп келишти.

• Алыскы чет өлкөлөрдөн келишип, Ош мамлекеттик университетинен 1904 студент күндүзгү бөлүмдө билим алышууда.

• ОшМУ бүгүн билим экспортун өнүктүрүп жаткан Кыргызстандагы алдыӊкы университет болуп таанылды.

Жаӊы демилгелер менен тазалыкты камсыз кылабыз

“Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндөгү” Президенттин жарлыгы боюнча Ош мамлекеттик университетинде комплекстүү иш-чараларды белгилеп, бир топ иш-аракеттерибизди турмушка ашыра алдык.

1. Кабыл алууну ачык-айкын өткөрүп, оперативдүүлүктү жана айкындуулукту камсыз кылып, кабыл алуунун жүрүшүн он-лайн режиминде интернетке жайгаштырдык. ОшМУ өзүн коомчулук алдында ачык университет катары көрсөтө алды.

2. Студенттердин билимин реалдуу баалоо, студенттин эмгегин, даярдыгын туура баалоо үчүн шарт түзүлдү. Биз мындай багыттагы 7 көз ка-рандысыз тестирлөө борборун түздүк.

3. ОшМУнун 25 окуу корпусу, 8 жатаканасы бар. Азыр биз окуу корпустарын була-оптикалык кабель менен байланыштырып локалдык сеть түзгөнбүз.

4. Бүгүн окуу процесси толук электрондук башкарууга өткөн. 39 программа боюнча толук электрондук база иштейт. Жакында контракттык төлөмдөрдү да маалымат системасына киргиздик. Студенттердин жетишүүсү, ийгилиги, кемчилиги, рейтинги, бардык көрсөткүчтөр ачык-айкын коомчулуктун көз алдына коюлду.

5. Университеттин бардык окуу корпустарына видеокөзөмөл орнотулду. Окуу каана, коридорлор, лабораториялар, аудиториялар өтүлгөн сабак, окутуучунун иш-аракети, студенттердин сабакка катышуусу, жүрүм-туруму да коомчулуктун байкоосуна чыкты.

6. Окутуучулардын айлык акысын жогорулатууда бул тенденцияны азайтууга өбөлгө түзөт.

Биз ырааттуу жана системалуу түрдө айлык акыларды жогорулатууну да колго алганбыз. 2012-жылы, 2013-жылы, 2014-жылы, 2015-жылы окутуучу-профессордук курамдын кызматтык окладын ар бир жолкусунда 50%га жогорулаттык. Мындан тышкары декандын, декандын орун басары, кафедра башчылары, усулдук кеӊештин мүчөлөрү, кураторлор үчүн өзүнчө айлык акылар боюнча стимулдар каралган.

7. Азыр биз он-лайн режиминде студенттер менен баарлашууну практикалап жатабыз. Себеби студенттер виртуалдык байланышта өзүнүн ой-пикирлерин эркин айтышат.

8. Эл аралык билим берүү айдыӊында интеграциялануу, инновациялык аракеттерди жаратуу, инвестициялык жагымдуу климат жаратууну да максат кылдык.

9. Университеттин бюджетин да Окумуштуулар кеӊешинде, Камкорчулар кеӊешинде ачык-айкын талкуулап жатабыз. Ар бир окутуучуга, студентке финансылык каражаттарыбыз тууралуу толук маалыматты университеттин “Нур” гезитине жарыялап жатабыз.

10. Университеттин билим берүү инфраструктурасын түзүү менен окутуучулардын тереӊ билим берүүсүн, студенттердин татыктуу тарбия алуусуна жетишүүүчүн ички бюджетти гана карап олтура бербей, 3 млн. долларлык инвестиция тарттык.

11. Университетке бардык шайлануучу кызмат орундарга, декан, кафедра башчысы, профессор, доцент, улук окутуучу кызмат орундарына өз убагында мыйзам боюнча иликтөөлөрдүөткөрүп, жамаат өзү каалаган адамды шайлап жатышат жана шайланган жетекчилерден ишти өздөрү талап кылышууда. Бул шайлоолордо трайбалисттик, коррупциялык схемалардан жамаат баш тартты. Интеллектуалдык, профессионалдык деӊгээлине карап татыктуулар шайланып жатат.

12. Окутуучу-кызматкерлердин эмгек акысын банк аркылуу карточка менен төлөө жолуна өттүк. Кимдир бирөөнүн эмгек акысын башка бирөө атайылап же адашып алып алган фактылар токтоду.

13. ЖОЖдордун шаштысын алып, коррупцияга түрткөн дагы бир жагдай бар. Бул түрдүү текшерүү органдарынын, комиссиялардын тез-тез келип турушу. Бул багытта негизсиз текшерүүлөргө чечкиндүү каршы туруп жатабыз.

«Болбойт» деп алакан жайып отура бербей, коррупциялык элементтерге, өнөкөттөргө жаӊы ой, жаӊы идея, жаӊыча моделдерди каршы койсок, коомубузда тазалыкка жол ачылат.

ОшМУнун мектеп менен байланышы

Рисунок2каб

  1. Акыркы үч жылда “Билим” майрамы жаӊы форматта өткөрүлүүдө. Ага жыл сайын 100 мектеп директору, 5 000ге жакын мектеп бүтүрүүчүлөрү катышууда.

 2. ОшМУга окууга өткөн абитуриенттердин бүтүргөн мектептери боюнча Ош, Баткен, Жалал-Абад областтарынын мектептеринин рейтингин чыгарып, алдыӊкы 100 мектепти сыйлап жатабыз.

 3. Күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер өздөрү бүткөн мектептер боюнча сурамжылоого катышып, ОшМУда 1108 мектептин бүтүрүүчүлөрү окугандыгы аныкталды. Ошол мектептер менен даректүү иштешип жатабыз.

 4. Эӊ алдыӊкы мектептерине “Электрондук мектеп”, “Электрондук китеп” программалары, компьютердик технологияларды жана электрондук каражаттарды бердик.

5. “ОшТВ” аркылуу “Билим” программасын ачтык.

6. Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүүчү борбор ачтык.

7. Мектеп окуучуларына окуу китептерин жазуучу лаборатория ачтык.

8. Мектеп бүтүрүүчүлөрүүчүн Ош областынын райондоруна, Жалал-Абад, Баткенде “ОшМУнун күндөрүн” өткөрүп жатабыз.

9. Ош областында “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жеӊүүчүлөрүнө демөөрчү болуп келүүдөбүз.

Абдувалиев А.О., ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, ф-м.и.к., доцент

 

ММК МЕНЕН ПРОФСОЮЗ – КООМЧУЛУКТУН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН БИРГЕ КОРГООЧУ ӨНӨКТӨШТӨР

$
0
0

Өткөн жумада Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Ж.Абдрахманов ММК өкүлдөрү менен жолугушуп, “PR-компания – профсоюздар ишмердүүлүгүнүн алмашкыс элементи” деген теманын тегерегинде баарлашты.

Мындай аталыштагы семинардын өтүшү “профсоюздар менен прессанын балансташкан жана конструктивдешкен кызматташтыгынын башталышы” деген пикирин билдирген Жанадил Абдрахманов, өлкөбүздөгү жүрүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдө ММК кызматкерлеринин кошуп жаткан салымы зор экендигин белгиледи:

-          Пресса күн сайын бизди акыркы жаңылыктар менен тааныштырып, өлкөбүздө болуп жаткан окуялардын чордонунда болууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мен журналисттерди коомдук пикирдин жарчылары катары жана ошондой эле эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө катары баалар элем. Профсоюз уюмдарынын алдыдагы милдеттери жана коомдогу реформалар — жарандык коомчулуктун катышуусуз ишке ашпай турган нерсе. Бул процессте да ММК өкүлдөрүнүн ролу чоң. Андыктан коомчулуктун кызыкчылыгын бирге коргоочу өнөктөш катары мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып бараарыбызга ишенем, — деди КПФ төрагасы Ж.Абдрахманов.

Кыргызстан профсоюздар федерациясы коомдук уюм болгон менен мамлекеттин мыйзамдарында каралган укук жана менен милдеттердин жыйындысын айкалыштырган өзгөчө статуска ээ. Мына ушул мыйзамдык базага таянган профсоюз кыймылы адамдын эмгегине байланыштуу мамилелерди жөнгө салууда жана эмгек рыногунун өркүндөп өсүшүн камсыздоодо, социалдык чыр-чатактарды алдын-алууда, деги эле мамлекетибиздин туруктуу өнүгүшүндө орунттуу роль ойноору талашсыз. Профсоюздар федерациясы Кыргызстандагы бир нече министрликтер менен биргеликте комиссияларды жана кеңештерди, жумушчу топторду түзүшүп, республикалык, облустук жана тармактык деңгээлдеги адам эмгегине байланышкан чыр-чатактарды жана ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө активдүү катышып келет.

Республикабыздагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн арналган семинарга Молдовадан атайын чакырылган модератор Чоарик Василе, КПФнын төрага орун басары Р.Бабаева, социалдык-экономикалык коргоо бөлүмүнүн башчысы С.Ф.Семенова, укук коргоо бөлүмүнүн башчысы В.Г.Брейво, техникалык инспекциянын башчысы, Д.Тыныбеков ж.б. катышышып, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Viewing all 382 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>