Quantcast
Channel:
Viewing all 382 articles
Browse latest View live

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫН РЕФОРМАЛОО КАНДАЙ БОЛОТ?

$
0
0

29-июнда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева мугалимдердин билим берүү жана окуу китептеринин сапатына жоопкерчиликтүү болгон орган — Кыргыз билим берүү академиясын реформалоо варианттарын карап чыкты.

Талкуу жыйынга билим берүү тармагындагы ыйгарымдуу органдардын жана Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчилери, мектептик мекемелердин жана коомдук кенештин өкүлдөрү катышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, мурда билим берүү тармагындагы системалык паракорчулукту токтотуу боюнча Коргоо Кеңешинин чечими менен аталган академияны реформалоо же жабуу зарылдыгы белгиленген. Министрде болгон кеңешменин жүрүшүндө министрлик атайын түзгөн комиссиянын жыйынтыгына негизделген билим берүү академиясын реформалоо варианттары көрсөтүлдү.

Мындан тышкары кызматтарды бөлүштүрүү, мугалимдердин билим берүү сапатын жогорулатууда педагогикалык окуу жайларга жана башка уюмдарга кызматтык мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү шарттаган дагы варианттар сунушталды.

Талкуунун жыйынтыгында министр билим берүү тармагындагы, айрыкча мектептеги билим берүү тармагындагы илимий-методикалык ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргыз билим берүү академиясынын башкы максаты билимди өнүктүрүүнүн илимий-теоретикалык багыттарын иштеп чыгууда илимий педагогикалык жана илимий уюмдарды бириктирүү, республикадагы билим берүү системасынын таасирдүүлүгүн жогорулатуу жана дүйнөлүк билим берүү ааламына чыгууга багытталган прикладдык милдеттерди чечүү болуп саналат.


БАЗИСТИК ОКУУ ПЛАНДЫН ЖАӉЫ ДОЛБООРУ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

$
0
0

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 30-июнда базистик окутуу планы боюнча кеңешме жыйынын өткөрдү. Кеңешмеде жумушчу комиссиясы тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандагы орто билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн жаңы базистик планынын долбоору талкууланды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, базистик окуу планынын жаңы долбоорунда мурдагы мамлекеттик жана мектептик компонентти калтыруу менен «предметти тандап алуу» компонентин киргизүү каралган.

IMG_0566Мындай окутуу планына ылайык, ар кайсы предметтерди тереңдетип окуткан лицейлер, гимназиялар, мектептер окуучулардын тандоосуна жараша сабактарды киргизе алышат.

Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан мурдагы базистик окутуу планы мамлекеттик стандарттарга туура келбегендиктен жана окуу сааттары кыскарып калгандыктан, мектеп мугалимдеринин нааразылыгын жараткан. Ошондуктан министр Эльвира Сариева жумушчу комиссиясына жаңы окуу планын иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма берген.

Жаңы базистик окутуу планы талкууда айтылган алымча-кошумчалар киргизилгенден кийин мугалимдердин талкуусуна чыгарылат.

 

ИССЫК-КУЛЬСКИЙ МЕЖДУНАРОДНЫЙ МАТЕМАТИЧЕСКИЙ ФОРУМ

$
0
0

По инициативе и под руководством Президента Союза ученых Кыргызстана, вице-президента НАН КР, академика А.А.Борубаева на Иссык-Куле, санатории «Кыргызское взморье» в г. Чолпон-Ате прошел Международный математический форум.

В его работе участвовали многие видные ученые-математики из 7 стран, всего более 100 человек. В их числе были академики И.А. Тайманов (г. Новосибирск, Россия), М.О. Отелбаев (г. Астана, Казахстан), Ф. Алиев (г. Баку, Азербайджан), профессора М. Хушек (г. Прага, Чехия), Л. Кочинас (г. Белград, Сербия), Ю.В. Садовничий (г. Москва, Россия), Н.А. Бокаев (г. Астана, Казахстан), Анин Омер (г. Стамбул, Турция) и др.

«Математическая наука на протяжении истории человечества является важнейшей частью мировой культуры, – отмечает инициатор и руководитель форума, президент Союза ученых Кыргызстана, вице-президент Национальной академии наук Кыргызской Республики, академик Алтай Асылканович Борубаев. Математика представляет собой ключ к познанию окружающего мира и стала основным «языком» практически всех научных отраслей. Решение многих вопросов техники, промышленности, экономики и другие разделы народного хозяйства идет через построение математической модели рассматриваемого объекта. Потому, подобные форумы, стимулирующие развитие математики, имеют неоценимое теоретическое и прикладное значение. Кроме того, такие встречи всегда консолидирует математиков различных стран, объединяя их усилия в решении актуальных задач современности, вносят свою весомую лепту в дело интеграции международного научного сообщества».

По словам академика А.А. Борубаева, на форуме обсуждены векторы дальнейшего развития современной математики, ее приложение к различным отраслям науки, а также пути укрепления сотрудничества математиков разных стран, совместной подготовки научных кадров, разработка совместных проектов, публикация научных статей и монографий.

Союз ученых Кыргызстана намеревается провести серию аналогичных форумов на Иссык-Куле, по отдельным отраслям науки. Идею иссык-кульских встреч впервые высказал в 1986 году классик кыргызской и мировой литературы Ч.Т. Айтматов. По его инициативе возникла традиция Иссык-Кульского форума мировых интеллектуалов, встреча крупнейших деятелей искусства, науки и литературы из разных стран мира, с целью обсуждения актуальных проблем современности и поиска новых путей развития цивилизации.

 

 

ЭЛЬВИРА САРИЕВА ВСТРЕТИЛАСЬ СО СТУДЕНТАМИ – СПОРТСМЕНАМИ, ПРЕДСТАВЛЯЮЩИХ КЫРГЫЗСТАН В УНИВЕРСИАДЕ В ЮЖНОЙ КОРЕЕ

$
0
0

 «Желаю вам удачи в соревнованиях и уверенности в своих силах», — сказала министр образования и науки Эльвира Сариева в обращении к делегации студентов-спортсменов, которые отправятся на Универсиаду в Корею

29 июня, в 17.30 в конференц-зале Министерства образования и науки министр Эльвира Сариева с напутственными словами обратилась к молодым и талантливым студентам-спортсменам, которым предстоит защищать честь страны на Универсиаде в Кванджу, Южная Корея.

«Я желаю вам всем удачи, чтобы вы вернулись домой с медалями, но заодно и получили удовольствие от самих соревнований. Мы в вас верим, вся страна верит в вас», — обратилась министр к делегации. Напомним, что 22 студента кыргызстанских ВУЗов отправятся на соревнования, проводимые Международной федерацией университетского спорта (FISU). Уже завтра вечером делегация вылетает в Южную Корею.

Согласно существующей традиции одному из отличившихся спортсменов передают флаг. В этом раз флагоносцем и капитаном команды назначен дзюдоист Бектурсунов Азамат, серебряный призер чемпионата Азии. Министр Эльвира Сариева одела на спортсмена калпак и торжественно передала государственный флаг.

Все спортсмены уже были одеты в новую форму, которую получают все делегаты Универсиады. На нашей форме изображены государственный флаг и эмблема.

Напомним, что студенты отечественных ВУЗов представляют 4 вида спорта – дзюдо, таэквондо, легкая атлетика и настольный теннис.

Летняя универсиада пройдёт в Кванджу (Южная Корея) с 3 по 14 июля 2015 года. Соревнования проводятся по 21 виду спорта: Академическая гребля, бадминтон, баскетбол, бейсбол, водное поло, волейбол, гандбол, гольф, дзюдо, лёгкая атлетика, настольный теннис, плавание, прыжки в воду.

К. КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ

$
0
0
  • Кыргызстандагы гуманитардык билим берүү системасынын лидери.
  • Евразиялык Ассоциациялар университетинин мүчөсү.
  • Шанхай Кызматташтык Уюмунун гуманитардык университеттер консорциумунун мүчөсү.
  • Кыргызстанды жана дүйнөлүк билим берүү алкагын бириктирүүчү көпүрө.
  • Чыгыш жана Батыш цивилизацияларынын тил  жана маданиятын гармониялык айкалышкан жана жолугушкан жери.
  • Кыргызстандын келечектеги саясий жана интеллектуалдык элитасын дардооочу негизги борбор.
  • Америка, Европа, Азия мамлекеттеринин 70тен ашуун университеттери менен эл аралык кызматташта.

 

Кытай, жапон, корей, иран, араб жана башка мамлекеттердин тилдерин билген мыкты адистерди даярдоочу  негизги борбор. Батыш Европа жана Чыгыш мамлекеттеринин тилдерин үйрөтүүчү    50дөн ашуун чет элдик профессорлор иштеген университет. Жыл  сайын 500 дөн ашуун  БГУнун студенти дүйнөлүк  мыкты Сока (Жапон), ММУ (Орусия), Питтсбург (АКШ), Гуанчжоу (Кытай), Сеул (Корея) ж.б. университеттерде эл аралык тажрыйбалык  окууга катышып келишет.

 

Дүйнөнүн 16 тилинде (англис, немис, италия, жапон, кытай, корей, араб ж.б.) окутуу жүргүзүлөт.

Мамлекетибиздин беделдүү жана мыкты жогорку окуу жайына кош келиңиздер!

Бишкек гуманитардык университети 2015-2016-окуу жылына кийинки багыттарга кабыл алуу жарыялайт:

Адистиктер/

Даярдоо багыттар

Квалификациясы/

окуу мөөнөтү

Талап  кылынуучу ЖРТ
КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ    

 (кыргыз тили, түрк тили)

Филология (түрк) Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Филология (кыргыз) Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Филологиялык билим берүү: профили – Кыргыз, түрк.  

Бакалавр  4  жыл

 

Негизги тест (ЖРТ)

Мамлекеттик тил кыргыз эмес  мекемелеринде  

Адистик  5жыл

 

Негизги тест (ЖРТ)

Лингвистика (кыргыз) Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Лингвистика Магистр   2 жыл  Аўгемелешүү
 СЛАВЯН ТААНУУ ФАКУЛЬТЕТИ    

(орус, украин, польша, англис тилдери)

Чөлкөм таануу (россия таануу, славян таануу) Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Лингвистика (орус тили) Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Лингвистика (чет өлкөлүк  жараандар үчүн) Бакалавр  4  жыл Орус тили –ооз эки; Орус тили — жазуу.
Филологиялык билим берүү: профили – Орус тил жана адабият  

Бакалавр  4  жыл

 

Негизги тест (ЖРТ)

Педагогика: профили –

Социалдык  педагогика

Бакалавр  4  жыл  

Негизги тест (ЖРТ)

Филология (орус тили) Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Университет ШОС

(чөлкөм таануу)

Магистр   2  жыл Аўгемелешүү
Чөлкөм таануу

(россия таануу, кытай таануу)

Магистр   2  жыл Аўгемелешүү
Лингвистика Магистр  2   жыл Аўгемелешүү
Лингвистика (чет өлкөлүк  жараандар үчүн) Магистр  2   жыл Аўгемелешүү
Филологиялык билим берүү Магистр  2   жыл Аўгемелешүү
Педагогика Магистр  2   жыл Аўгемелешүү
 ЕВРОПА ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

(англис, немис, италия, француз тилдери)

Лингвистика (англис тили) Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ), предметтик тест — англис тили
Лингвистика ( немис тили) Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Филологиялык билим берүү: профили– Англис тил мугалими,

немис тил мугалими

 

Бакалавр  4  жыл

Негизги тест (ЖРТ),

предметтик тест — англис тили

Негизги тест (ЖРТ)

Котормо жана котормо таануу:

Лингвист – котормочусу

англис тили

немис тили

 Адистик 5 жыл Негизги тест (ЖРТ),

предметтик тест — англис тили

Негизги тест (ЖРТ)

Эл аралык мамилелер: ( англис, немис,

француз жана италия тилдеринде сүйлөгөн)

Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ),

предметтик тест — англис тили

Негизги тест (ЖРТ)

Лингвистика — Магистратура Магистр   2  жыл  Аўгемелешүү
Лингвистика — Магистратура

(чет өлкөлүк  жараандар үчүн)

Магистр   2  жыл  Аўгемелешүү
 ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК СИСТЕМАЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

(англис, немис, кытай тилдери)

Журналистика Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Коомчулук менен байланыш: профили -  Басмакана иш  

Бакалавр  4  жыл

 

Негизги тест (ЖРТ)

 

Китеп жайылтуу Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Китепкана ишин жүргүзүү жана документ таануу: профили -  Китепкана информациялык иш аракет

Архив жүргүзүү

 

Бакалавр  4  жыл

 

Негизги тест (ЖРТ)

Журналистика Магистр   2 жыл  Аўгемелешүү
Журналистика (чет өлкөлүк  жараандар үчүн) Магистр   2 жыл  Аўгемелешүү
 ЧЫГЫШ ТААНУУ ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИ

(чыгыш тилдеринде сүйлөгөн: араб, корей, фарсы, түрк, жапон

Эл аралык мамилелер:

корей/ фарсы,

түрк, араб/жапон тилдери

 

Бакалавр  4  жыл

 

Негизги тест (ЖРТ)

 

Лингвистика: профили ТПМК

жапон/түрк

араб/корей/фарсы тилдери

 

Бакалавр  4  жыл

 

Негизгитест (ЖРТ)

 

Чыгыш таануу, африканистика

жапон/корей/араб тилдери

Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)

 

Экономика: профиль – Дүйнөлүк экономика

жапон/түрк/фарсы тилдери

Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)

 

Чыгыш таануу, африканистика Магистр   2  жыл Аўгемелешүү
Эл аралык мамилелер Магистр   2  жыл Аўгемелешүү
 КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ    (кытай, англис тилдери)
Эл аралык мамилелер Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ),

англис тили

Чөлкөм таануу Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Философия Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Чыгыш таануу, африканистика Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Котормо жана котормо таануу  Адистик  5 жыл Негизги тест (ЖРТ)
Экономика: профили – Дүйнөлүк экономика Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
 СОЦИАЛДЫК-ПСИХОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ 
Социалдык иш Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Социология Бакалавр  4  жыл Негизгитест (ЖРТ)
Политология Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Психология Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Социология Магистр   2  жыл Аўгемелешүү
Социалдык иш Магистр   2  жыл Аўгемелешүү
Политология Магистр   2  жыл Аўгемелешүү
Психология Магистр   2  жыл Аўгемелешүү
Магистратура (чет өлкөлүк  жараандар үчүн) Магистр   2 жыл Аўгемелешүү
 ЭКОЛОГИЯ ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИ
География Бакалавр  4  жыл Негизгитест (ЖРТ)
Экология жана жаратылышты пайдалануу Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Менеджмент

Профилдер:

Муниципалдык менеджмент

Жарнама менеджменти

Социалдык менеджмент

Туризмдеги менеджмент

Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Бакалавр  4  жыл Негизги тест (ЖРТ)
ЭКОНОМИКА ЖАНА КАРЖЫ ФАКУЛЬТЕТИ                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                            
Экономика: профили –

Каржы, насыя жана банк иши

Бухгалтердик эсеп-кысап, талдоо жана аудит

Улуттук экономика

Салык жана салык салуу

Экономика  жана ишканада башкаруу

Бизнес башкаруу

Коммерция

 

 

Бакалавр  4  жыл

 

 

Негизги тест (ЖРТ)

 

 

Экономика Магистр   2  жыл Аўгемелешүү

 

ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ЖАНА ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

 

Адистиктер Окуу мөөнөтү Адистиктер Окуу мөөнөтү Талап  кылынуучу ЖРТ
Филологиялык билим берүү: профили –Орус тили жана адабияты  

5 жыл

3,5 жыл

Филологиялык билим берүү: профили –Кыргыз тили жана адабияты  

5 жыл

3,5 жыл

 

 

Негизги тест

(ЖРТ)

Социалдык иш 5 жыл

3,5 жыл

Китепкана ишин жүргүзүү жана документ таануу 5  жыл

3,5 жыл

Негизгитест

(ЖРТ)

Педагогика: профили – Мектепке чейинки билим берүү  

5 жыл

3,5 жыл

2,5 жыл

Социология 5 жыл

3,5 жыл

Негизги тест

(ЖРТ)

Журналистика 5 жыл

3,5 жыл

 

  Мамлекеттик жана

и муниципалдыкбашкаруу

 

5 жыл

3,5 жыл

 

 

Негизги тест

(ЖРТ)

Экономика: профили — Экономика  жана ишканада башкаруу

 

 

5 жыл

3,5 жыл

2,5 жыл

 

Педагогика: профили – Башталгычбилим берүү  

5 жыл

3,5 жыл

2,5 жыл

 

 

Негизги тест

(ЖРТ)

Экономика: профили –

Бухгалтердик эсеп кысап талдоо жана аудит

 

5 жыл

3,5 жыл

2,5 жыл

Менеджмент 5 жыл

3,5 жыл

Негизги тест

(ЖРТ)

Экономика: профили – Дүйнөлүк экономика  

5 жыл

3,5 жыл

2,5 жыл

Экономика: профиль – Каржы жана насыя

 

 

5 жыл

3,5 жыл

2,5 жыл

 

 

 

Негизги тест

(ЖРТ)

 

Окууга тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

- Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты (ЖРТ);

- Абитуриенттин ректордун наамына жазган арызы;

- Орто билими тууралуу аттестаттын түп нускасы;

-  3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;

-  Паспорт жана анын 2 даана көчүрмөсү.

 БГУда ошондой эле колледж жана лицей иш алып барат:

  • колледж – орто-кесиптик билим берүү 9-11 класстардын базасында: менеджмент, маркетинг,  экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап талдоо жана аудит, каржы, салык жана салык салуу;
  • лицей — 10-11 класстарга кабыл алат, лицейди бүткөндөн кийин жалпы орто билим жөнүндө аттестат берилет.

 

УНИВЕРСИТЕТТИН ДАРЕГИ:    720044  Бишкек шаарыТынчтык проспекти 27.Тел: (996 312) 21-87-27, (0709) 71-85-86        

БГУ боюнча тоолук маалыматтытөмөнкү сайттан билип аласыз  www.bhu.kg

1-СЕНТЯБРДА МЕКТЕПТЕРДЕ ДАЯРДОО КЛАССТАРЫ АЧЫЛАТ

$
0
0

Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү жана илим  министрлиги  Дүйнөлүк  банктын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим  берүү  максатында  глобалдык  өнөктөштүк)  долбоорунун  колдоосу  менен  2015-жылдын күз  мезгилинен  баштап  балдарды  мектепке  даярдоо  программасын  жайылтууну  пландаштырууда. Мектепке  даярдоо  программасынын  негизги  максаты — мектепке  чейинки  билим  берүү  мекемелерине  барбаган   5-6  жаштагы  балдарды  мектепке  даярдоону  көздөйт. Ушул  тууралуу  Дүйнөлүк  банктын  “Кыргыз  Республикасында  мектепке  чейинки  билим  берүү” (Билим  берүү  максатында  глобалдык  өнөктөштүк)  долбоорунун  координатору Александра  ИСАЕВА  «Кутбилимге»  маек  куруп  берди.

А

 

- Александра Арапмаматовна, бала бакчага барбаган балдарды  буга  чейин  100, 240 сааттык  программалардын  негизинде  мектепке  даярдап келдиңиздер эле. Эми 480 сааттык программага өттүңүздѳр. Сааттык программалардын айырмасы барбы?

- Ооба, туура айтасыз. Бирок үч айдын ичинде бир жылдык программанын негизинде балдарды мектепке даярдоо болбойт экен. 240 сааттык программа тез жардам сыяктуу  эле болду. Албетте, айырма чоң. Мисалы, 240 сааттык программа боюнча үч айга иштеп бергенге мугалимдерди табуу да кыйынга турду. Ал эми 480 сааттык программа  бардык мектептерде ачылат. Аны  мектепке чейинки  даярдоо классы деп айтсак болот.

480 сааттык программанын башкы максаты – бир гана жазганды жана окуганды үйрөтпөй, ар кандай оюн, музыка, куурчак театры аркылуу балдардын ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү жолу менен мектепке даярдоону көздөйт. Буга байланыштуу Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк) долбоору тарабынан бир нече дидактикалык, окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыкты. Ошондой эле 60 аталыштагы ар түрдүү  көрсөткүч колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар да бар. Мындан тышкары,  мугалимдер үчүн атайын хрестоматия иштелип жатат. Анын ичинде балдар үчүн жомоктор, макал-лакаптар ж.б.у.с. кызыктуу материалдар камтылган.

- Бул окуу-усулдук колдонмолорду кимдер иштеп чыгышты?

- Кыргыз билим берүү академиясынын, И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштуулары, адистер жана практик-мугалимдер, тарбиячылар иштеп чыгышты. Бул материалдар апробациядан өткөн. Ар бир иштелип чыккан материалдар балдардын курагына жараша даярдалды. Балдардын моторикасын өнүктүрүү үчүн атайын сүрөттөрдү боектор менен бое ыкмасы колдонулат. Колдонмолор орус жана кыргыз тилдеринде даярдалды.  Бул материалдар диск түрүндө да чыгат. Анткени Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын аны чыгара албайт. Ошондуктан ар бир мектепте компьютер бар, материалдарды көбөйтүп чыгарса болот.

- Менимче, 240 сааттык программага социалдык жактан жетишпеген үй-бүлөлөрдүн гана балдары кирген эле. Ал эми 480 сааттык программа кимдерди камтыйт?

- 5,5-6 жаштагы бардык балдар камтылат. Май айында ар бир мектептин айлана-чөйрөсүндө (микроучастокто) жашаган мектепке чейинки балдардын тизмелери такталды. Мына ошол тизмелердин негизинде бала бакчага барбаган балдар мектепке келишет, ал эми бала бакчадагылар ошол эле жерден программанын негизинде окушат. Биз бул боюнча дагы кошумча маалыматтарды берип турабыз. Учурда төрт ролик даярдалып жатат. Буюрса, 1-августта бул темага дагы кайрылабыз деп ойлойм. Билим берүү жана илим министрлиги жылдык программаны ишке ашыруу үчүн ар бир мектепти даярдоо класстарын ачууга милдеттендириши зарыл.

DSC03254

- Ал эми класстарды ачууга мүмкүнчүлүгү жок мектептер эмне кылышат?

- Эгерде мектеп даярдоо классын ача албаса, анда мектептен тышкары билим берүү мекемелери бар. Алардын базасында дагы даярдоо класстарын ачса болот. Мисалы, Бишкек шаарында мектептер жетишсиз. Анткени миграция толкуну азаймак түгүл күчөп жаткан кез. Ошондуктан борбор калаадагы мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде даярдоо класстарын ачууга мүмкүнчүлүк болот. Балдарды мектепке даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда так жазылган. Ошондуктан мыйзам чегинде ар бир мектепте даярдоо класстары ачылышы керек.

- Бул программаны ишке ашырууда кайсы мугалимдер ишке тартылат?

- Албетте, башталгыч класстын мугалимдери, бала бакчадагы тарбиячылар. Июнь айынан бери республика боюнча башталгыч мектептердин мугалимдерине, директордун орун басарларына жана мектепке чейинки билим берүү мекемелердин тарбиячыларына окутуу өтүп жатат. Тренингдердин жүрүшүндө мугалимдер мектепке чейинки курактагы балдардын психологиялык-педагогикалык өзгөчөлүктөрү жөнүндө, балдарды окутуу жана өнүгүү процессинде ата-энелердин салымы жөнүндө маалымат алышууда. Мындан тышкары, тренингдин катышуучулары даярдоо класстарында меймандос жана коопсуз чөйрөнү уюштуруу, окутуу процессин пландаштыруу жана уюштуруу үчүн керектүү көнүгүүлөрдү алып жатышат. Республиканын мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана мектептер балдарды мектепке даярдоо программасынын алкагында акысыз окуу-усулдук колдонмолор, көрсөткүч колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар жана эмерек менен камсыз болушат.

DSC05568

- Мектептерде даярдоо класстары ачылса жалпы билим берүү 12 жылдык болуп калат экен да?

-  Биз андай максатты көздөгөн жокпуз. Маселен, куррикулум боюнча ата-энелер тарабынан бир топ нааразычылыктар чыккан. Ата-энелер 1-класска балдарын кантип даярдоо керек деп кайрылышканынан  жылдык программа менен даярдоо идеясы келип чыкты. Негизинен бала бакчадан мектепке балдардын 3-4% гана келишет. Анан дагы бала бакчада 3, 4, 5 жаштагы балдар. Алар деле мектепке даярдыксыз келип жатканын тажрыйба өзү далилдеп жатат.  Ошон үчүн башталгыч класста билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Караңызчы, эл аралык изилдөөлөр боюнча Кыргызстан билим берүүдө акыркы орундарда жүрөбүз.  Балдар китепти окуганы менен аны түшүнүшпөйт.  Биздин программа балдарды жаттатып окутпайт, алардын ой жүгүртүүсүнө басым жасайт. Балдар мугалимдин берген тапшырмаларын окуп эле койбостон, аны анализдеши керек.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Семинардан кийинки ойлор

Майрамгүл Нуракунова, Түп районунун «Керемет» балдар бакчасынын мектепке даярдоо тайпасынын тарбиячысы:

- Мен 16-20-июнда Каракол шаарында өткөрүлгөн мектепке чейинки балдарды даярдоо тайпасына окутуу үчүн семинар-тренингге катыштым. Семинар-тренинг абдан туура пландаштырылган. Анда окуу процессин уюштуруучу талаптар, андагы педагогдун ишинин принциптери, окутууга болгон талаптар, сабакты  өткөрүүнүн шарттары, үй-бүлө менен иштөөнү үйрөндүм. Семинар лекция менен чектелбей, оюн түрүндө, топ-топторго бөлүп, практикалык мааниде өткөнү кызыктуу жана жеткиликтүү болду. Базистик окуу планынын (программада) варианты  мага жакты. Менин сунушум: кошумча экинчи тилди үйрөтүү сөзсүз керек, анткени бул турмуштун талабы.

 Н.Мамбетова,  Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы: 

- 9-14-июнунда Балыкчы шаарындагы №5 Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде өткөрүлгөн семинар-тренинг боюнча №8 «Ак-Тилек» бала бакчасынын тарбиячысы Б.Мамбетованын, №7 «Келечек» бала бакчасынын тарбиячысы Н.Абдрасулованын жана №5 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери А.Токсонбаеванын жана Е.Г.Басованын 480 сааттык программа  тууралуу айткандары боюнча Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмү төмөнкүдөй маалымат жыйнады.

480 саат боюнча өтүлгөн семинар негизинен жогорку деңгээлде, кызыктуу өттү десек болот. Балдарды окутуп тарбиялоону борборлор аркылуу жүргүзүүнү үйрөттү, б.а. улуттук маданият борбору, элестетүү борбору, китеп жана искусство борбору, сабат ж.б.у.с. борборлорго бөлүп окутуу — азыркы учурдун заманбап талаптары экендигин түшүндүк жана колдодук.

Семинардын катышуучуларын жогоруда аталган борборлорго бөлүп, практикалык сабактарда көрсөтмө куралдарды темага жараша даярдап өтүүгө үйрөттү. Практикалык иши кызыктуу болду, аны өзүбүз колдонуп, эстен чыгарбаганга аракет кылып, бала бакчадагы балдарыбыз менен аткарып жатабыз.

Ар бир күнү, беш күнү катары менен саламдашуунун ар түрдүү формасын уюштурганы жакты. Сабактын болжолдуу жумалык планын түзүүнү үйрөндүк, башкача айтканда тематикалык план, жумалык план, календарлык сабактын пландары жана  дагы 480 сааттык шакекче планын түзүү баарыбызга абдан жакты. Кызыктуу үйрөнгөн оюндарды бала бакчада балдар менен «Шамал», «Бороон», «Кар бүртүкчөлөрү» сыяктуу бир топ оюндарды  ойнотуп жатабыз.

Вольдорфдук педагогика, М.Монтессоринин педагогикасы жана принциптери менен кенен тааныштык, ар кандай курактагы балдарга багытталган 0-3 жаш, 3-6 жаш, 9-12 жаш, 12-18 жаштагы баланын кызыгуусу эркин болуусу, сырткы ички  тартиптери, дидактикалык материалдарды колдонуу, аны балдар өз колдору менен кармалап  көрүү менен жасай билүүсү, иштерин мактоо, баалоолорду илип коюу; ата-энелерди  окуу процессине тартууну пландаштырууну үйрөтүү; балдар үчүн үч портфолио түзүү керектигин түшүндүрдү.  Жалпы  портфолио — баланын эмгектери, демонстрациялык портфолио -  баланын жетишкендиктерин, баланын  өсүшү, баалоо портфолиосу -  жогоруда чогулган материалдардын негизинде баланын жетишкендиктерин жана башка балдардан өзгөчөлүктөрү боюнча чогулган документтери менен жылдык баалоо сөзсүз жыйнтыгын берерин тастыкташты.

 

 

 

 

 

 

 

ВНИМАНИЕ! КОНКУРС!

$
0
0

ВНИМАНИЮ УЧИТЕЛЕЙ НАЧАЛЬНЫХ КЛАССОВ СЕЛЬСКИХ ШКОЛ

ЧУЙСКОЙ ОБЛАСТИ!

Продолжается прием сочинений на конкурс «ПЕРВЫЙ УЧИТЕЛЬ» 2015 года.

Оргкомитет конкурса напоминает желающим принять участие, что дата окончания приема  работ — 21 июля. Тема 2015 года: «Как приучить к чтению художественной литературы детей, у которых дома нет книг».  Присылайте ваши сочинения,  резюме и заявление по форме, а также табель учеников  по следующему почтовому адресу:

Кыргызстан, Бишкек, ул. Турусбекова, 109/2, Бизнес-центр Азия-Трейд, 3 этаж, каб. 307, Мамбетову Нурдину

или по адресу электронной почты: sdkf.meldesh@gmail.com

Тел. 0 778 27-59-50

Подробную информацию об условиях участия и формы сопроводительных документов можно найти на сайте Фонда Санжарбека Даниярова или позвонив по указанному выше телефону.

Обращаем внимание участников: на конкурс принимаются только самостоятельные работы, представляющие собственные идеи и тексты авторов.  Оргкомитет проводит ПРОВЕРКУ сочинений НА ПЛАГИАТпрежде, чем отправить работы членам жюри для оценки.  Оргкомитет конкурса очень надеется, что этот контроль не остановит учителей от участия в конкурсе, а, напротив, подстегнет желание поделиться своими идеями с коллегами и родителями.

Напоминаем, что главный приз — ПРЕМИЯ ФОНДА САНЖАРБЕКА ДАНИЯРОВА: культурно-познавательное путешествие в Москву на 10 дней с  посещением прославленных театров, известных на весь мир музеев и галерей, осмотром знаменитых архитектурных достопримечательностей и других интересных мест древнего города.

Ежегодный конкурс учрежден Общественным Фондом Санжарбека Даниярова впервые в 2011 году  и одобрен Министерством образования и науки.

Дорогие учителя! Воспользуйтесь шансом поучаствовать в интересном конкурсе и, возможно, получить премию!

 

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду • Общественный Фонд Санжарбека Даниярова • Sanjarbek Daniyarov Foundation

 

www.daniyarov.kg

КАЧЕСТВО ОБРАЗОВАНИЯ —ДОСТОЯНИЕ ВСЕГО ОБЩЕСТВА

$
0
0

Передовые практики общественного мониторинга и оценки образовательных реформ.Под таким названием с 27 по 30 июня в Бишкеке в «Парк-отеле» прошел международный семинар в рамках реализации совместного проекта Минобразования  КР, ЕС в лице Фонда имени К. Аденауэра и ЭД «БИОМ» под названием «Содействие и мониторинг реформы образования в Кыргызстане». Проект стартовал в Кыргызстане в январе 2015 года и направлен на обеспечение прозрачности деятельности отечественного сектора образования, то есть выполнять общественный мониторинг реформ при помощи Общественного Совета из числа опытных, авторитетных людей.

Вряд ли кто-то сомневается в том, что хорошее образование – достояние не только каждого человека в отдельности, но и всего общества в целом, поскольку оно является залогом успешной и полноценной  жизни. Образованному человеку легче достичь поставленных целей, успешно решать  основные жизненные задачи, преодолевать трудности на карьерной лестнице.

«Поэтому вопросы образования являются приоритетным стратегическим направлением государственной политики КР,- отметил Советник министра образования и науки КР Азамат Дикамбаев,- Задача государства – сформировать социально-ориентированную систему образования, позволяющую учащимся и студентам овладеть знаниями и компетентностями,востребованными в обществе и необходимыми им для самореализации и для выполнения ими обязанностей гражданина».

Для придания системности ведущих реформ в секторе образования разработан целый ряд стратегических документов. Это и Закон «Об образовании», и Концепция развития образования, и Стратегия развития образования до 2020 года, и Национальная Стратегия Устойчивого Развития на 2013-2017 годы, которая, по словам Председателя ЭД «БИОМ» Владимира Коротенко, впервые выдвинула приоритет человеческого развития.

«Современный выпускник должен обладать выраженными коммуникативными навыками, действовать независимо на основе творческого и инновационного подходов, владеть общими и специализированными знаниями и навыками, позволяющими стать успешными на рынке труда и в жизни»,- говорит Владимир Коротенко. По мнению директора Агентства социальных технологий Зульфии Кочорбаевой,  современный выпускник также должен разделять ценности прав и свобод человека, а также гендерного равенства и уважать культурное, этническое и политическое многообразие.

А вот профессор Эмиль Шукуров акцентировал внимание на неоценимом вкладе качественного образования на пути продвижения страны к устойчивому развитию.«Подлинная достойная задача образования – формирование свободного, гордого, честного и творческого подсознания. И оно будет всю жизнь достаточным основанием организации поведения по формированию достойных целей, по поиску необходимых для их достижения знаний, формированию соответствующих умений, способности нахождения и организации единомышленников и средств реализации поставленных задач»,- сказал Э. Шукуров.

По мнению эксперта Фонда имени Конрада Аденауэра Андрея Зыбкина, с каждым днем меняются основные тенденции современного мира. Это глобализация, практически мгновенные средства коммуникации, отсутствие экономических границ, обучение через Интернет, коммерциализация обучающего процесса  и многие другие.

«В связи с этими новыми веяниями времени учебные заведения не могут оставаться в стороне»,- считает координатор проекта «Содействие и мониторинг реформы образования в Кыргызстане» Кристина Турзер. Напротив, они должны стать круглогодичными ресурсными центрами образования для всех членов общества в течение всей жизни человека, на основании лучших мировых методик и технологий приспосабливаться к индивидуальным особенностям общества.

Словом, в настоящее время перед сектором образования стоят непростые задачи. По словам Заведующей отделом мониторинга и стратегического планирования МОН КР Ларисы Марченко, эти задачи и лежат в основе образовательных реформ в нашей стране.  По ее словам, в Кыргызстане на сегодняшний день существует достаточно серьезное нормативно-правовое обеспечение, механизм внесения изменений и дополнений в нормативно-правовую базу сектора. Последние изменения датируются маем 2015 года, когда был подготовлен целый пакет изменений в Закон «Об образовании», в которых уточнены ключевые термины («магистр», «бакалавр», «инклюзия», «образование для устойчивого развития» и пр.) Такие изменения направлены на общность понимания процессов, протекающих в системе образования, а изменения, вносимые в конкретные статьи, позволят уточнить процедуры и содержание ряда процессов (проведение аккредитации, нормы отработки студентов педагогических специальностей и др.).

Можно отметить также, что успешно прошла реализация первого плана действий на 2012-2014 годы Стратегии развития образования до 2020 года. Например, за последние годы практически в два раза увеличилось количество детских садов (в том числе – за счет открытия их альтернативных форм) и выросло до 132 тысяч количество детей, посещающих детские сады. Открыты более 5 тысяч классов для проведения дошкольной подготовки, разработана программа предшкольной 480-часовой подготовки. Также в рамках действующей сейчас 240-часовой предшкольной подготовки удалось охватить ей практически всех детей, не посещающих детские сады.

Л. Марченко также коснулась вопросов развития образования на остальных его уровнях, отметив ряд достижений: например, общее увеличение охвата детей основным образованием (1-9 классы),  переход к двухуровневому обучению (бакалавриату и магистратуре) в вузах, рост интереса в обществе к среднему профессиональному образованию и др.

С другой стороны, как отметила Л.Марченко, хотя в рамках Стратегии и стояла задача разработки стандартов нового поколения, она до сих пор не выполнена до конца. В то же время, качество образования – измеряется именно по исполнению стандарта. Проблемой является также и сохранение у многих учителей традиционного понимания цели образования – «дать знания» детям. Между тем, речь должна идти о том, чтобы полученные детьми знания активно использовались в учебных, жизненных, а позднее – и профессиональных ситуациях. Поэтому в системе образования говорят о формировании компетентностей, включающих в себя, помимо знаний, еще и овладение определенными способами деятельности и ценностными отношениями.

Чинара Курбанова, специалист УДШВО МОН КР, считает, что большая «вина» за то, что в нашем образовании до сих пор нет того качества, которое ожидает общество, лежит в области необеспеченности учащихся учебниками, а педагогов — методическими пособиями. Она рассказала об опыте обеспечения учебниками в Польше, где современные учебники помогают расширить доступ к качественному дошкольному и школьному образованию.Она отметила, что руководители кыргызстанских школ повсеместно отмечают необходимость новых методик и практик работы по улучшению качества образования в школе и в частности, учебников и учебно-методических материалов по физике, математике и английскому языку для школ с кыргызским языком обучения.

«Учебные программы обновляются, но КАО не успевает разрабатывать сами учебники. При этом КАО установил монополию на разработку всех учебников и учебных материалов, — сообщила член Общественного экспертного  совета по развитию образования при Президенте КР Замира Дербишева. — Существующая система не позволяет получать качественные учебники и учебно-методические материалы и программы по повышению квалификации педагогов. В итоге- 27% школьников  не имеют возможности изучать предметы из-за отсутствия необходимой литературы и оборудования, недостатка преподавателей или  низкого уровня их квалификации. Сложности возникают и с обеспечением школ компьютерами, особенно с выходом в Интернет, интерактивными досками, лабораториями и т.д.».

Также Замира Дербишева презентовала результаты экспертной в рамках ОЭС работы рабочей группы по антикоррупционной экспертизе нормативно-правовой документации в сфере образования, сформированной в марте текущего года. Рабочей группой выявлено, что в настоящее время только 13,4% из 3-6-летних детей в стране охвачено дошкольным образованием, а 80% учащихся первого класса, не посещавших дошкольные организации, демонстрируют недостаточную успеваемость в изучении школьной программы. В школьном образовании все  еще существует проблема  обучения по  ученикам устаревшего содержания. Также отмечается несоответствие профтехобразования требованиям рынка труда, который развивается быстрее, чем перестраивается образовательный процесс. Причем,  за последнее десятилетие снизилось число желающих получать среднее профессиональное образование с 10,8% до 7,1%. Зато каждый двадцатый гражданин Кыргызстана является студентом высшего учебного заведения,хотя постоянно теряется качество и престиж нашего высшего образования.

О реформировании системы высшего образования подробно рассказала собравшимся  ректор БФЭА Светлана Симбард. По ее словам, сегодня идет подмена сущности реформ терминологией. Например, была кафедра- сегодня она называется факультетом, хотя по сути ничего не меняется. Еще в 2012 году был официально зафиксирован переход Кыргызстана на 2-х уровневую систему высшего образования: бакалавриат и магистратуру, но по сей день не определено, а какими же характеристиками должны владеть бакалавр и магистр. Этот шаг у нас формальный, потому что наши образовательные программы не соответствуют тем государственным образовательным стандартам, которые приняты в Европе и США. И нет единой национальной структуры, которая выстраивает это соответствие»,- говорит Светлана Симбард. Также ректор указала на отсутствие государственного финансирования на разработку стандартов и высказала мнение, что нельзя утверждение стандартов проводить через правительство КР, потому что это- очень трудоемкий процесс, а стандарты требуют постоянного обновления.

«Все ГОСы должны быть соотнесены с национальными квалификационными рамками, а у нас этой рамки нет»,- говорит С.Симбард.

Член Наблюдательного Совета при МОН КР Алмаз Тажибай обозначил важные направления работы Совета: поддержка стратегии развития образования, стандартизация государственных образовательных услуг, анализ изменений в законы об образовании и бюджетирования сектора, доступность  граждан к исчерпывающей информации, обсуждение текущих вопросов  работы министерства, обеспеченность школ учебниками и их содержание, прозрачность проведения тендеров, готовность школ к полноценному учебному процессу, наличие единой школьной формы, качество  детского питания и т.д. и т.п.

Как считает Алмаз Тажибай, пока что работу членов  ОНС можно считать недостаточной, несмотря на то, что они принимали активное участие в обсуждениях разных проблем и давали свои рекомендации. Единственное, на его взгляд,  достижение ОНС при МОН КР — это создание вебсайта Минобразования КР.

Также, приглашенная на семинар эксперт Фонда имени К. Аденауэра Биргит Ветцель поделилась опытом реформ в системе образования ФРГ и других развитых стран.

Ирина Байрамукова


ЖУСУП  БАЛАСАГЫНДЫН 1000 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛАТ

$
0
0

Улуу аалым Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата «Түрк дүйнөсү: Кеп көркү — тил, ой көркү — сөз» аттуу эл аралык түркологиялык илимий-практикалык  конференция ушул жылдын 14-16-августунда Таластагы  Кыргыз улуттук «Манас-Ордо» комплексинде өтөт.

Конференция Талас районундагы А.Эсенбекова атындагы орто мектеп  жана Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык предметтер боюнча лабораториясы тарабынан өткөрүлүп, «Жусуп Баласагын: Кеп көркү — тил, ой көркү — сөз»; «Манас —  тарыхый инсан»; «Манас ааламы»;  «Жусуп Баласагындын коомдук-философиялык көз караштары» деген багыттарда иш алып барат.

Конференцияга кызыктар жаш илимий изилдөөчүлөр, окуучулар, чыгармачыл мугалимдер жана окумуштуу-педагогдор катыша алышат. Каалоочулар илимий макалаларынын электрондук версиясын ушул жылдын 5-августуна чейин Бишкек шаары, 720040, Эркиндик Бульвары, 25, 21-бөлмөгө же e-mail: aigulelebesova@mail.ru дарегине жөнөтсө болот.

СЕКРЕТ ОТЛИЧНОГО ОТДЫХА

$
0
0

Что нужно для отличного летнего отдыха? Хорошая компания, яркое солнце, веселые игры и, конечно же, любимый Иссык-Куль! Все этого смогли найти ребята в летнем лагере «Технодром «Алтын туйун»», который с 20 по 29 июня 2015 года собрал старых и новых друзей в оздоровительном центре «Спутник» на берегу жемчужины Кыргызстана.

IMG_0066

В лагере отдыхало 110 детей. Приятно отметить, что многие ребята приезжают в лагерь уже не первый год на время летних и зимних каникул. Детский лагерь «Технодром «Алтын туйун»» замечателен тем, что ребята здесь не просто отдыхают и весело проводят время, но еще и имеют возможность посещать авторские мастер-классы по математике, художественному творчеству, техническому моделированию, теории решения изобретательских задач, астрономии от лучших преподавателей Республиканской детской инженерно-технической академии «Алтын туйун».

Программа лагеря была очень интересной и насыщенной. Помимо увлекательных мастер-классов и активного пляжного отдыха ребята с удовольствием принимали участие в различных конкурсах и мероприятиях, таких как: «День Нептуна», «Мисс «Технодром»», «Мистер «Технодром», конкурс видеорепортажей, «День индейцев» «Пиратская бухта», интеллектуальная игра «Сорви куш!», конкурс детских театров «В гостях у сказки», «Инопланетная вечеринка», конкурс караоке «Летняя песня».

Очень интересной была защита творческих проектов по теории решения изобретательских задач, которую преподавал ребятам доктор технических наук, профессор КРСУ им. Б.Н.Ельцина Шамсутдинов Марат Мубаракшаевич. Ребята приятно удивили своими исследовательскими работами компетентное жюри. Они предлагали интересные идеи по созданию устройств для очистки пляжей, ликвидации мусора со дна озера, созданию подводного транспорта и даже затронули тему разработки мозговых имплантатов.IMG_0048

Очень понравились ребятам увлекательные экскурсии в Семеновское ущелье и культурный центр «Рух Ордо» им. Ч.Т.Атматова. Кроме этого все желающие смогли принять участие в открытом шахматном турнире «Чемпион «Технодрома»».

На закрытии лагерной смены, запуская в вечернее небо фонарики, ребята загадывали свои самые заветные желания и, с надеждой глядя им в след, говорили о том, как бы хотелось встретиться вновь в лагере «Технодром «Алтын туйун»» следующим летом!

КЫРГЫЗСКИЙ НАЦИОНАЛЬНЫЙ УНИВЕРСИТЕТ им. Ж. БАЛАСАГЫНА ИНСТИТУТ УПРАВЛЕНИЯ И БИЗНЕСА

$
0
0

директор

 УВАЖАЕМЫЕ АБИТУРИЕНТЫ — 2015!

Быть студентом Института Управления и бизнеса Кыргызского национального университета им. Ж.Баласагына — почетно и ответственно. Большие перспективы открываются перед Вами. Вы будете учиться по специально разработанным профессиональным программам, вести научные исследования под руководством известных учёных и опытных преподавателей, участвовать в интересных молодёжных проектах и внедрять их в реальную жизнь. В Институте созданы все условия для подготовки высококвалифицированных специалистов, способных вести бизнес и быть лидерами в различных областях экономики со знанием китайского и турецкого языков.

Институт имеет хорошо оснащенную  техническую базу (Internet классы с собственным веб-сайтом, WI-FI, электронную библиотеку, адаптированную к особенностям учебного процесса на русском и английском языках), сеть мультимедийных классов позволяющих студентам реализовать свои научные идеи. Для прохождения производственной практики предусмотрена стажировка студентов в национальных компаниях, на основе заключенных договоров с крупнейшими компаниями и Ассоциацией Молодых Предпринимателей «Жаш Ишкерлер Ассоциациясы» которая включает в себя более 300 предприятий. Кроме того предусмотрены международные стажировки в иностранных компаниях Китая, Турции и Казахстана.

Полученные вами в ИУиБ знания по  востребованным специальностям  обеспечат нашей стране прорыв в высокотехнологичных секторах экономики.

Уверена, что впереди у вас много смелых открытий и личных побед. Желаю, чтобы Ваш правильный выбор приближал Вас к главной цели — обрести свое достойное место в жизни нашей страны!

Институт Управления и бизнеса — структурное подразделение Кыргызского национального университета им.Ж.Баласагына. Осуществляет подготовку специалистов на контрактной основе по высшим профессиональным образовательным программам в соответствии с Государственными образовательными стандартами Кыргызской Республики.

Будем рады видеть вас в нашем Институте!

Директор, Заслуженный деятель науки КР., д.э.н., профессор Айсалкын Асанова

Институт Управления и бизнеса готовит профессионалов по следующим направлениям и  профилям обучения:

Бакалавриат

Менеджмент:          

Управление малым и средним бизнесом

Финансовый менеджмент

Рекламный менеджмент

Социальный менеджмент

Менеджмент в спортивной индустрии

Управление персоналом:

Аудит и контролинг персонала

Управление социальным развитием организации

 

Маркетинг:

Рекламная деятельность

Международный маркетинг

Банковский маркетинг

PR (связи с общественностью)

 

Коммерция:

Коммерция в сфере торговли

Коммерция в таможенном деле

Товароведение и экспертиза товаров

Коммерция  ресторанного бизнеса

 

Логистика:

Предпринимательская логистика

Транспортная логистика

Управление качеством:

Управление качеством  услуг

Управление качеством  охраны окружающей среды

Управление качеством продукции и производством

Магистратура

 

Менеджмент:

Бизнес управление

Финансовый менеджмент

Международный менеджмент

Управление человеческими ресурсами

Управление международными проектами

 

Коммерция:

Международный маркетинг

Международная  торговля

 

Формы обучения:

- бакалавр 4 года.

- заочное с применением дистанционного  обучения – 5 лет.

- на базе среднепрофессинального образования:

• очное  – на 2 курс,

• заочное – на 3 курс.

- магистратура (очная 2 года обучения).

Вступительные испытания

По всем направлениям и формам обучения прием осуществляется по результатам Общереспубликанского тестирования. Для магистратуры и на базе СПО — собеседование.

При поступлении необходимо предоставить:

• Аттестат о среднем образовании (оригинал);

• 6 фотокарточек  3х4;

• Мед. справка 086-У (оригинал);

• Паспорт (копия);

• Приписное свидетельство (копия);

• Сертификат общереспубликанского тестирования (ОРТ) (оригинал).

Добро пожаловать в Институт Управления и бизнеса КНУ им. Ж. Баласагына!

Прием документов: г. Бишкек, ул. Жибек-Жолу, 394 учебный корпус №8,

тел: 32-48-70 – приемная, 32-48-64 — Учебный отдел,  32-48-76 -  Центр карьеры и практики.

e-mail: iub@university.kg , imb@imb.kg

Наш сайт: www.imb.kg , www.university.kg

КЫРГЫЗСКО-РОССИЙСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

$
0
0

НОВЫЙ ПОДХОД В ОБРАЗОВАНИИ

Кыргызско-Российская академия образования создана Постановлением Правительства Кыргызской Республики № 344 от 9 июня 1997 года и Федеральными ведомствами России. Академия образования позволяет получить современные знания и практические навыки по престижным и востребованным на сегодняшний день профессиям.

Академия имеет лицензию Министерства образования и науки Кыргызской Республики ЖБ № 61 от 18.06.2012 года и бессрочную лицензию Федеральной службы по надзору в сфере образования Российской Федерации 90П01 № 0002721 от 27.08.2012 года на право ведения образовательной деятельности.

Успешно окончившие обучение в КРАО получают два диплома государственного образца Кыргызской Республики и Российской Федерации, позволяющие продолжить научную, педагогическую и  деловую карьеру в различных странах мира.

НАПРАВЛЕНИЯ ПОДГОТОВКИ:

530300 Психология (бакалавриат, магистратура и аспирантура)

580100 Экономика

710100 Информатика и вычислительная техника

530500 Юриспруденция

580900 Менеджмент

520500 Лингвистика

550700 Педагогика

Продолжительность обучения на базе среднего общего  образования:

• очное, очно-заочное и дистанционное обучение — 4 года бакалавриат.

Абитуриенты зачисляются в КРАО только на основании конкурса баллов ОРТ.

Одним из крупных подразделений КРАО является профессиональный колледж.

Лицензия: Министерства образования Кыргызской Республики на право образовательной деятельности в сфере  образования  № LC150000476 от 05.06.2015 года.

Профессиональный колледж готовит по следующим специальностям:

№ шифра СПЕЦИАЛЬНОСТЬ Срок обучения
на базе

9 класса

на базе

11 классов

0602 Менеджмент 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.
0201 Правоведение 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.
0312 Преподавание иностранного языка в начальных классах 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.
2204 Техническое обслуживание средств вычислительной техники и компьютерной сети 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.
0601 Экономика и бухгалтерский учет 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.
0603 Финансы 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.
0312 Преподавание в начальных классах 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.
2307 Туризм 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.
0604 Банковское дело 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.
0615 Налоги и налогообложение 2 года 10 мес. 1 год 10 мес.

Форма обучения в колледже на базе 9 -11-классов только очная.

Вас ждут новые подходы в обучении:

• современные образовательные технологии;

• эффективные методы обучения.

Материально-техническая база:

• библиотека, читальный зал;

• 3 компьютерных класса,

• Интернет.

После успешного окончания выпускники колледжа для получения высшего образования могут продолжить обучение в Кыргызско-Российской академии образования (КРАО).

Условия приема и льготы

• Прием в КРАО и профессиональный колледж производится согласно установленным правилам утвержденным ректором КРАО.

• Обучение платное, предусмотрена гибкая система оплаты за обучение.

• Обучающиеся в КРАО и колледже, согласно действующему Законодательству КР,  освобождаются от призыва в рядах  Вооруженных сил на период обучения.

Для поступления в Кыргызско-Российскую академии образования необходимо завершить программу среднего полного образования и сдать в приемную комиссию следующие документы:

- Заявление;

- Аттестат  о среднем полном образовании (оригинал);

- Сертификат ОРТ;

- Копия паспорта;

- 6 фотографий (3х4);

- Медицинская справка по форме 086-У;

- Военный билет (копия)

Для поступления в Профессиональный колледж КРАО необходимо завершить программу общего образования (9 или 11 классов) и сдать в приемную комиссию следующие документы:

- Заявление;

- Свидетельство о завершении 9 класса или аттестат об окончании 11 класса (оригинал и копию);

- Копия свидетельства о рождении (паспорт), при себе иметь оригинал;

- 6 фотографий (3х4);

- Медицинская справка по форме 086-У;

- Справка с места жительства (с указанием состава семьи).

При КРАО имеются курсы повышения квалификации: клиническая психология, информатика, иностранный, кыргызский, русский языки, 1С бухгалтерия, после завершения которых выдается сертификат общего образца.

АДРЕС: г. Бишкек, ул. Л. Толстого, 210, тел.41-81-03; 41-81-04; 41-82-62; 41-60-31; 69-93-16;

41-80-84. E-mail: krao@elcat.kg, web-site: www.krao.kg

МУГАЛИМДИ ШЫКТАНДЫРГАН ИДЕЯЛАР

$
0
0

Асыл ой, бийик идея, максаттуулук жашайт. Аны биз педагогикалык философия деп айтып жүрөбүз. Чындыгында асыл ой, улуу идея адам жашоосунун азыгы гана эмес, ал мүдөө-максаттарды ишке ашырууда кубаттуу энергия боло алат. Педагогикалык философиядагы асыл ойлор мугалимди дайым шыктандырат, адал иш, ак эмгек аркылуу алдыга сүрөйт.

«Аалым болуш оӊой, адам болуш кыйын». Бул кылымдарды карыткан элдик накыл. Билим берүү жөнүндөгү Концепцияда адилеттүү айтылат: базар экономикасы эгоист, өзүмчүл, эпчил, шылуун, акча табууну 1-орунга койгон инсандарды калыптандырды. Коомдогу экономикалык кризистин себеби руханий негиздердин кыйрашында. Экономикалык кризистен руханий кризис коркунучтуу. Башын компьютердик техника, эс тутумун интернет, кулагын телефон ээлеген баланын жүрөгүнө от тутантып, жан дүйнөсүн тазартуу зарыл.

• Пейил оӊолбосо, кыргыз оӊолбойт. Таза пейилдин экологиясын улап адамга, андан үй-бүлөгө, андан айылга, айылдан ааламга жайылталы. «Жакшы сөз жан эргитсе, жаман сөз жан кейитет». Кейиген адамдан кейитчү сөз чыгат. Андан коомдун жүрөгү кысылып, буулат. Илимий көз карашы калыптанган, билимдүү, улутман, мекенчил адам – улут үчүн баа жеткис капитал.

• Энергиянын сакталуу мыйзамы физикага гана таандык эмес, ал педагогикалык да мыйзам. Жакшы сөз жерде калбайт, жылуу мамиле эӊ зор эргүүгө, бирин-бири улаган, коштогон улуу күчкө айланат. Жылуулуктун таасири менен жүрөктөгү муз эрийт. Анын натыйжасында үзүлгөн уланат, жыртык бүтөлөт, бөксөргөн курсак тоёт, жер жүзү бейпилдикке бөлөнөт.

• Педагогикалык ишмердик аркылуу улуттун ден соолугуна эӊ зор салым кошсо болот. Мугалим мектептеги окуу-тарбия ишинде гана эмес коомчулукта, бардык жерде – көчөдө, аялдамада, автобуста, мааракелерде, маданий-массалык иштерде да мугалим. Мугалимдин үлгүсүндө калыптанган сабырдуулук, адамгерчилик, ынтымак, мамилечилдик адамдын ден соолугуна чоӊ таасир этет. Ошондуктан «Жалгыз адамдан улуттун ден соолугуна!» деп ураан чакыралы.

• Сабактын чордонунда адам турат. Бала – бул  акыл эстүү адам, инсан. Адамга адамча мамиле кылуу керек. Дайыма балага табигый, нукура, натуралдык адам катары кала берели. Жасалма мамиле, баланы алдаймын деген өзүн алдайт. Адамды калыптандыруудан улуу иш барбы? «Адам төрөлөт (биологиялык зат катары), кулк-мүнөзү төрөлбөйт (социалдык зат катары калыптанат)». Ааламдын алп ойчулу Ч.Айтматовдун «Эӊ кыйыны — күн сайын адам болуу» деген учкул сөзүн туу тутсак, анда мугалим өзүнүн канчалык адам экени тууралуу өзүнө сын менен караганы абзел. Ансыз «молдонун айтканын жаса, жасаганын жасаба» болуп калбайбы. Жакшы же жаман болуу Адамдан, Адамга, Адам үчүн. Кыргыз элиндеги ак баталардын атасы – «Адам бол!».

• Албетте, окутуунун жаӊы технологиясы, интерактивдүү усулдар, сынчыл ойлом стратегиялары ж.б. инновациялык ыкмаларды пайдалануу — ар бир алдыӊкы, жаӊычыл мугалимдин кылар иши. Алдыӊкы усулдар «Кутбилим-сабакта» байма-бай жарыяланууда. «Ким окуса «Кутбилим», ал чыгаан мугалим» деген сөздө калет жок.

этнопедагогиканы инновация  менен айкалыштыралы. Улуу «Манас» баш болгон элдик оозеки чыгармалар, жомоктор, макал-лакап, накыл-кептер, үрп-адат, салттар, оюн-зоок, ырлар, элдик өнөрлөр, акылман-ойчулдардын, И.Раззаков сыяктуу улуу инсандардын учкул ойлору, хадистеги ыйманга чакырган тарбиялык икаялар – ушулардын баары биригип руханияттын чексиз мухитине куят да, тарбиянын түгөнгүс руханий кенчине айланат. Этнопедагогика – рух базасы, ал аркылуу, дилге, жан дүйнөгө таасир этилет. пейил оӊолбойт, пейил оӊолбосо коом өзгөрбөйт.

***

«Бийиктеш үчүн тереӊдеш керек» деген теманы өтүүдө «Адам дарак сыяктуу» деген идеямды төмөнкүдөй чечмелеп берем.

• Адам да дарак сыяктуу бийиктеш үчүн тереӊдеш керек. Тамыр тереӊдеген сайын бийиктик жаралат.

• Дарак – чежире, санжыра. Адам дарак сыяктуу бутактайт, шактайт, бүчүрлөп ачылат, чырпыктан чынар өсүп чыгат. Тегибиз бир, тууганым.

• Дарак бир жерде көгөрөт. Карманган кесибиӊди, жериӊди чанба, майнап чыгар. Мугалим – мөмөлүү дарак.

• Дарак мөмөлөйт, мөмөсү бышкан сайын ийилет, адам да окуган сайын, билген сайын бой көтөрбөйт, анын улуулугу жөнөкөйлүктө.

• Биз чындап бутак-шактарга кам көрчү болсок, даракты азыктандырган тамырга үӊүлүп, тереӊдеп көрөлү. Адамды азыктандырган тамыр деп ата-эне тарбиясын, мугалимдин, устаттын эмгегин, элдик рух казынасын, дүйнөлүк илимий баалуулуктарды, исламий адеп маданияты сыяктуу булактардан канча суу ичүүнү түшүнгөнүбүз туура болор эле.

Жоошбай Каримов,

Лейлек району, М.Баетов атындагы орто мектебинин тарых, адеп сабактары боюнча мугалими, билим берүүнүн мыктысы.

ТАТЫКТУУ ЖЕТЕКЧИ ЭЛДИН ТАЛАБЫН БИЛЕТ

$
0
0

 Илгертеден  коом  башкаруучу  жана  башкарылган  адамдарга  бөлүнүп келген. Бийликке  кандай  адам  келсе – турмуштун  агымы   ошого  жараша  болуп, коом  ошого  жараша  өнүккөн.  Адамдын  көз карашына, социалдык  жүрүм-турумуна, баалуулуктарына таасирин  тийгизип, анын  жоопкерчилигин  сезе  билген   да — билбеген да, ошону  менен  тарыхта  из  калтырган   инсандарыбызда,   жок  эмес.  Коомду, үй-бүлөнү, жок  дегенде  жамаатты  башкаруу  оӊой  эмес.  Башкаруучулук  касиет  бардык  эле  адамдарга  таандык  эмес  экени, башкаруу  бийликсиз    жүргүзүлбөгөнү   илгертеден  элге  маалым.  А бийликти кандай  түшүнсө  болот? Бийлик — адамдын  кыймыл-аракетине, жүрүм-турумуна, эркине, ой  жүгүртүүсүнө  саясат  аркылуу, атайын  программа,  бирөөнүн  кадыр-баркы  аркылуу, мактоо, же  болбосо зордук-зомбулук  менен, укугун  чектөө  аркылуу   адамга  таасирин  тийгизген  башкаруу   каражаты  катары  эсептелип келүүдө.  

Турмушта  ата-эненин  бийлигин, мамлекеттик  бийликти, мыйзамдын  бийлигин, саясаттын, саясий  партиялардын, мамлекеттик  кызматтын  ж.б. бийликтерин  кезиктиребиз.

Коомду, коллективди  туура  башкаруу жолдору социометрия  илиминде  көрсөтүлгөн. Бул  түшүнүк  коомго  60-жылдары  окумуштуу  социологдор  тарабынан киргизилген. Башкача  айтканда, бул  башкаруучулардын  жана  башкарылгандардын  ортосундагы  мамилени  чыӊоо  эрежелери  болуп  эсептелет. Жетекчи түрдүү  интеллектуалдык  деӊгээлдеги, түрдүү  психологиясы  бар, түрдүү  катмардагы  жарандар  менен, түрдүү  көз караштагы  партиялардын  өкүлдөрү  менен  иштешет  эмеспи. Турмуш  көрсөткөндөй,  жакшы  жетекчи  ишти  алдыга  сүрүш  үчүн  бардыгы  менен  тил  табышып, калыстык  менен  эмгегин  баалап, сыйлап  кызматташат  жана  ошону  менен  ийгиликке  жетишет  экен.  Татыктуу  башкаруу – меритократиянын  принциптерине таандык.

Бул  термин 1958-жылы  атактуу  англиялык  социолог  Майкл  Янг  тарабынан  коомчулуктун  көӊүлүнө  жана  түшүнүгүнө   “1970-2033-жылдары  меритократиянын  аброюнун  жогорулашы” аттуу  китебинде   кеӊири  тартууланган. Латын  тилинен    алганда  меритократия — жөндөмдүүлөрдүн, татыктуулардын  бийлиги  деп  которулат. Өзүнүн  эмгегинде  Янг “капитализм  доорунда  коом бара-бара   меритократиянын  принциптерине  таянган  коомго  айланат” — деп  белгилеп  кеткен.

Демек, бийликке, жетекчилик  кызматка жөндөмдүү,  билимдүү, тажрыйбалуу, даяр, татыктуу, патриот  гана  инсандар  келиш  керек!  Эскиден  сөз  бар: ”Өзүн  башкара алган  адам  гана  коомду  башкарат”.

Тарыхтан  алып  көрсөк, XVIII  кылымда  Россиянын  падышасы  Улуу  Петр I  да мамлекетти  башкарууну  реформалоо, артта  калган  Россияны  өнүктүрүү  максатында  социалдык  катмарына  карабастан   кедейлердин    балдарын  чет  өлкөдө  атайын  окутуп,  жөндөмдүү  инсандарды  жетекчилик  кызматка  тарткан.

Меритократиянын  принциптери  алгач ХХ кылымдын  70-жылдары   Түштүк  жана  Түндүк Африка  мамлекеттеринде пайдаланылган. Азыркы  учурда  меритократиянын  принциптери  бийликке, кызматка  тандоодо кеӊири  пайдаланылат.

Меритократия  демократия  жана  аристократиянын  принциптерине  карама-каршы  келет. Анткени: аристократия (лат.тил) — урууларга, кландарга таандык барктуулардын-нарктуулардын, элитанын  бийлиги. Ал  эми, демократия (лат.тил) — эл  бийлиги.

Биз 24 жылдан  бери  конституциябызга  ылайык эгемендүү, унитардык, демократиялык, социалдык, укуктук, динден  ажыратылган  мамлекетте  жашап, баш  мыйзамыбызга  жети  жолу  толуктоо  киргизип, аристократиянын  жана  демократиянын  бийлигин  башыбыздан  өткөрдүк. Турмуш  көрсөткөндөй,  аристократиянын  жана  демократиянын  бийлиги  биздин  коомго  ийгилик  алып  келген  жок. Анткени, эки  бийликте  теӊ  мамлекеттүүлүк   саясатты, социалдык саясатты  жетишээрлик  түшүнбөгөн жетекчилер  кезигип,  көп  каталар  кетирилип,  өлкөнүн  стабилдүү  өнүгүшүнө  өзүнүн  тетири  таасирин  тийгизбей  койгон жок.

Учурда  ар  ким  өз  очогуна  күл  тарткан  мезгил болуп уруучулукка, жердештикке, тууганчылыкка, тааныш-билишке жол  берилип, адамдын  жана  коомдун  баалуулуктары  көзгө  илиyбестен  бийликке, жетекчилик  кызматка  жөндөмү  жок,  даярдыгы  жок  татыксыз  адамдар  келип калууда.

Шартка  байланыштуу  жумуш  орду  жоктугунан  үй-бүлөсүн  багуу  максатында эмгек  миграциясына  көптөгөн  мыкты  адистерибиз  кетип, мамлекетке пайдасы  бар алдыӊкы  идеяларыбыз  да  чет  жакка  кетүүдө. Мунун   үстүнөн  да  ойлонушубуз  керек!

”Көч бара-бара түзөлөт” — дегендей? учурда коомубуз да изденип, парламенттик башкаруу шартында өнүккөн демократияга (цивилизованная)  жетишүүгө  аракеттенүүдө. Ошону  менен бирге, жакшы натыйжага  жетишүү  үчүн  меритократиянын  принциптерине  таянсак  жаман  болбос.

Меритократиянын  принциптеринин  негизинде   иш  алып  барсак  биз  эмнеге  жетишебиз: акыйкаттуулукка, коомдогу социалдык  теӊсиздиктин азайышына,  башкаруучу  жана  башкарылган элдин, коомдун  элитасы  жана карапайым  калктын  ортосундагы  ажырымдын  азайышына, элдин  арасында бийликти  талаштырбай, адат  болуп  калган утурку  төӊкөрүштөргө  жол  бербей, мыкты адистерди пайдаланып, өстүрүп, демократия  жана  меритократиянын  принциптерин  интеграциялоо  аркылуу мамлекетти  стабилдүү  өнүгүшүнө  алып келүү десек  жаӊылышпайбыз. Бир  саат, бир  күн  болсо  да  билген  адам  иштесе  коомчулуктун  муктаждыктарын  чече  билип,  канча  коомго  пайда  алып  келээри  талашсыз. Жетекчини  тандаганда  мамлекеттин, коомдун, келечек  муундардын, жок  дегенде  жашаган  айылдын  келечегин  унутпасак  экен.

Татыктууларды  бийликке  алып  келүү  үчүн   атайын  механизмдерди  иштеп  чыгуу, коомчулуктун арасында  кеӊири  саясат  жүргүзүп, “кыргызчылыкты“, ”жердештикти”, трайбализмди  жоюп, калкты  туура  багыттоо  талап  кылынат.

Мыкты  адистер  бардыгын  чечип  жолго  салат  эмеспи! Бул  саясат  бизге  Союз  мезгилинен  бери  мурас болуп  келген. Дагы  эле  ошол саясатты  туура  көрүп мыкты  адистерди  резерв кылып  даярдап, жаштарыбызды өстүрөлү. Башкача  айтканда,   жетекчилик  кызматка, айыл  өкмөттүн  башчылыгына, айыл  кеӊештин  төрагалыгына, депутаттыкка  ж.б. татыктуу  инсандар  шайланса  өзү  үчүн  эмес — калк  үчүн  иштеп, натыйжалуу  эмгек  жаратып, мамлекетибиздин  келечегине эбегейсиз  салым  кошоор эле.

Н.Исманова

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ ОШТОГУ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

$
0
0

 

Билим берүү жана илим министри Э.Сариева Oштогу бала бакчалардын тарбиячылары менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын пресс-катчысы Тынчтык Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Э.Сариева Ош шаарындагы бала бакчалардын тарбиячылары менен жолугушуу учурунда алардын жасап жаткан иштерине жогору баа берүү менен өзүнүн жылуу пикирлерин билдирди.

Ал эми шаардагы №69 “Мээрим” балдар бакчасындагы жолугушуу учурунда аталган бакчанын “Мыкты билим, мыкты бала бакчалар Кыргызстандын балдары үчүн” долбоору менен иштеп жаткан эмгек жамаатынын үзүрлүү эмгектерин мактоого алып, “Тарбиячыларга кеп-кеңештер” аттуу китептерди акысыз таратты. Аны менен катар семинар-тренингдин жыйынтыгы менен тарбиячыларга сертификаттарды тапшырды.

Эске сала кетсек, №69 “Мээрим” балдар бакчасында буга чейин аталган долбоордун алкагында семинарлар өткөрүлүп, ага шаардагы кырктан ашуун тарбиячы катышкан.

 

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим


ОЛИМПИАДАНЫН ЖОБОСУ ѲЗГѲРТҮЛДҮ

$
0
0

Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү окуучулардын жөндөмдөрүн жана көнүгүүлөрүн ачуу жана колдоо, жалпы орто билим берүү системасында билим алган окуучулардын, мугалимдер жана педагогикалык-илимий кызматкерлер арасындагы атаандаштыкка жараша шыктуулардын чыгармачылык өз ара мамилелерин өнүктүрүү максатында өткөн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын Жобосуна өзгөртүү киргизди.

Билим берүү министри Эльвира Сариева «Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жөнүндөгү Жобого»  олимпиаданын уюштуруучуларынын катышуусунда айрым толуктоолорду жана өзгөртүүлөрду киргизүү боюнча өткөргөн кеңешмеде жаңы Жободо олимпиаданын жүрүшү, өткөрүү этаптары, жалпы билим берүү предметтеринин аталышы, ошондой эле топтордун жетекчилеринин милдеттери, калыстар тобунун жобосу ж.б.у.с. так жазылаарын баса белгиледи.

- Олимпиаданын жүрүшүндө Жободогу айрым кемчиликтердин кесепетинен катышуучулардын укугу чектелгенин көрдүк. Ошондуктан, Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди. Айрым кошумча-алымчаларды олимпиаданын катышуучуларынын ата-энелери сунушташты, — деди Э.Сариева.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

100 ВАРИАТИВДИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ

$
0
0

Мектепке чейинки билим алуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк) долбоорунун алкагында 2016-жылында, кыска мөөнөттө турууну камтыган 100 вариативдик мектепке чейинки билим берүү мекемелерин түзүү пландаштырууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейин, мектептен тышкары жана мектепте билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айгүл Камалованын берген маалыматына таянсак, 100 бала бакчаны ачуу министр Э.Сариеванын планында бекитилген.

- 100 бала бакчаны ачуу “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк) долбоорунунколдоосу менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ачылат. Бүгүнкү күнү кандай жумуштар аткарылып бүттү?  Ириде маалымат берилчү тегерек столдор өткөрүлдү. Ага чейин түзүлгөн жумушчу топ бардык критерийлерди иштеп чыгышты. Бул программанын максаты – мектепке чейинки билим берүүнү камсыздоо менен аны көбөйтүү болуп саналат. 100 вариативдик мектепке чейинки билим берүү мекемелерди түзүү боюнча коомчулукка кеңири маалымат жеткирүү максатында айыл өкмөтү, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнө республика боюнча маалымдоо иш-чарасы өткөрүлдү. Азыркы учурда республиканын бүт региондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилге топторунун мүчөлөрүнө долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу боюнча семинарлар өтүп жатат.
Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк) долбоорунун алкагында тандалган бала бакчалар керектүү окуу-усулдук жана көрсөтмө колдонмолор, өнүктүрүү оюнчуктар менен жана ылайыктуу эмеректер менен камсыз болушат. Андан тышкары, мугалимдер үчүн окутуу тренингдери өткөрүлөт. Ошондой эле, муктаждык болсо санитардык-гигиеналык шарттар жакшыртылат (ажааткана салынып, суулар киргизилет), — дейт А.Камалова.

Мындан сырткары, жаңы окуу жылынан баштап 480 сааттык программа бардык мектептерге киргизилет.  Учурда республика боюнча 1062 бала бакчага 152116 бала барат. Бул болгону 18% түзөт.

- Буга чейин башка коңшу мамлекеттердин иш тажрыйбасын карап көрүп, министрлик тарабынан мектепке чейинки билим берүү программалары даярдалып, жер-жерлерде изилдөөлөр жүргүзүлүп келген. Анда балдарды мектепке даярдоого муктаж болгон ата-энелер, аны ишке ашырган педагогдор, башчылар көптөгөн көйгөйлөрдү  көтөрүп чыгышкан эле.  2012-жылы Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан программа  иштелип чыккан. Үч жыл аралыгында бир топ өзгөрүүлөр болду. Өзгөрүүлөрдү эске алуу менен программа кайрадан окумуштуулар кеңешине жиберилип, кайрадан бекитилди. Бул программаны ишке ашыруу боюнча даярдалган токтом учурда Өкмөттүн кароосунда турат. Бул документке кол коюлгандан кийин министрдин буйругу менен 1-сентябрдан тарта бардык мектептерде мектепке чейинки даярдоо топтору ачылат. Жумасына 15 саат, күнүгө үч сааттан окутулат. Программага 5,5-6 жаштагы балдар камтылат, —  дейт башкы адис.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

ЖАЙЛООДОГУ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ – БАЛДАРДЫ ОКУТАТ ЖАНА ТАРБИЯЛАЙТ

$
0
0

Бүгүнкү күнгө “Р.Отунбаева демилгеси” коомдук фонду тарабынан Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 78 жайлоо бала бакчасы ачылып,  толук кандуу иштеп жатат.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду тарабынан 2012-жылдан бери жайлоо балдар бакчасын уюштуруу колго алынган. Балдар бакчанын саны өлкө аймагында 90го жакын. Учурда, Баткен областынынын аймагында төртүнчү жайлоо балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

- Баткен шаарына караштуу Арал конушундагы жайлоо балдар бакчасына 3 жаштан 11 жашка чейинки 25 бала тартылган. Мындагы балдар күн сайын 3 саат келип билим алып, ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, ар тараптуу өнүгүүгө тарбиячылар тарабынан кам көрүлүп келет, — дейт Арал конушундагы жайлоо балдар бакчасынын тарбиячысы Асель Мурзакарим кызы.
Өнүгүү борбордогу тарбиялануучулар үчүн А.Жайнаков атындагы Баткен облустук  музыкалык драма театрынын кызматкерлери «Сутак» спектаклин коюп беришти. Ошондой эле, чыгармачыл жамаат тамашалуу оюн көрсөтүп, балдардын көңүлүн көтөрүштү.
Жайлоо балдар бакчасында өнүгүү борбордун ачылышы ата-энелер үчүн да жакшы саамалык болду. Анткени эс алуу мезгилинде да ар тараптуу өнүгүүсү балдардын зээндүү болушуна шарт түзөт дешет ата-энелер. Мындай жайлоо балдар бакчасы облустун Лейлек районундагы Төө жайлоосунда жана Жылгаяк-Таш конушунда да ачылган.

Ал эми Кара-Буура жана Бакай-Ата районунун жайлоолорунда ачылган  бала бакчаларга камтылган 28 бала эми 3 сааттык окутуу программасы менен күнүгө бир ай аралыгында тарбияланмакчы. Бул бала бакчаны ачууга Кара-Буура райондук жайыт комитети зор салымын кошуп, боз үй алып берип, тарбиячыларга тамак аштарын камсыздап берди.
Мындан тышкары, тарбиялануучулардын ата-энелери да түрдүү сүт азыктары менен камсыз кылууну колго алышкан. Ошондой эле Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосундагы малчылардын балдары үчүн ачылган бала бакча бардык шарты менен камсыздалган. Нарын облусундагы Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Бел жайлоосундагы «Эдельвейс» бала бакчасында 3 жаштан 12 жашка чейинки 40тан ашык бөбөктөр үч тараптуу көмөктөшүүнүн алкагында билим жана тарбия алып жатышат. «Эдельвейс» Нарын шаарындагы №15 «Бактылуу балалык» бала бакчасы жана Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулган.
- Быйыл июнь айынын соңку күндөрү жаан-чачындуу болгондуктан жайлоо бала бакчасын кечирээк 28-июндан баштап уюштуруп калдык. Жайлоодо 26 түтүн малчылар бар. Алардын үйлөрүндөгү 40 ашуун балдар келип 3 сааттан билим ала башташты, — дейт айыл аймактын жайыт комитетинин жетекчиси Кенжебек Нурмамбетов.
Жайлоого балдар үчүн атайын кербен жүрүш барып турат. Мисалы, облустук китепкана тарабынан «Китеп кербени» уюштурулса, облустук кино дирекциясы Ш.Жапаровдун «Космонавттар кыштоосу» тасмасын жана «Мадагаскар-3» мултьфильмин көрсөттү. Ал эми облустук театрдын алдындагы «Айданек» куурчак театры Н.Вишневскаянын «Кыялкеч кирпи» жомогун тартуулашты.       Ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду 16миң сомдук китептер, балдар үчүн эң керектүү окуу куралдар менен камсыз кылды.
- Биз азыр деле жайлоо бала бакчалар деп айтып келе жатабыз. Бирок эми бул түшүнүк борбор деп аталышы абзел. Себеби жайлоо шартында бөбөктөр жөн эле эс албастан атайын программа менен билим жана тарбия алышат. Нарын мамлекеттик университетинен эки студенти тарбиячы катары кызмат көрсөтүүдө, — дейт уюштуруучулардын бири Салия Жолдошова.

Мурда ата-энелер да, жайыт комитеттери да, республикадагы интеллигенциянын айрым өкүлдөрү да жайлоо бала бакчасын кооптонуу менен карашкан. Айылдарда ачылбай жатканда жайлоодо ачуунун эмне зарылчылыгы бар дешкен.

-   Бул долбоордун уникалдуулугу — азыр мамлекет типтүү бала бакчаларды кура албай жатат. Республикада 800 миңге жакын бала болсо, алардын 15 пайызы гана бала бакчага барат. Айыл жергесинде 7-8 пайыз гана балдар барат. Натыйжада көпчүлүк балдар кенже куракта өнүкпөй калып жатат.Биздин жайлоо бала бакчалары бул — бир альтернатива катары эсептелет. Балдарды өнүктүрүүнүн, жашоодогу көндүмдөрдү үйрөтүүнүн бир жолу. Азыркы учурда 400дөй жайыт комитети бар болсо, ал жерде чабандар мал менен жайлоого чыгышат. Бала өзү менен өзү болуп, социалдашуу процесси жүрбөй калат. Эң негизгиси, системалуу бир нерсени үйрөнбөй жатат. Ошондуктан, баланын өнүгө турган убагында, маалыматтарды кабылдай турган мезгилде биз убактысын өткөрүп жибербестен, кармап калалы деген ниетте ушул аракеттер жасалууда.Быйыл натыйжасын көбүрөөк бериш үчүн жайлоо бала бакчаларын өнүктүрүү борборлору деп атап жатабыз. Түрдүү мастер-класстар көп өткөрүлөт. Максатыбыз балдарды ар тараптуу өнүктүрүү болуп эсептелет. Окуганды-жазганды эле үйрөтүүгө басым жасасак, биз аларды кыйнап коёбуз. Себеби балдар ар кыл курактагылар. Тоодогу балдар эркин жүрүп көнүп калган, бирөө тажап кетет, бирөө тынчы жок. Ошол себептен ар бир баланын өзгөчөлүктөрүнө жараша мамиле кылып, атайын программа иштелип чыкты.  Андан тышкары былтыркы практикадан улам айтсак, жайлоо бала бакчаларын уюштуруу үчүн так статистика керек экен. Бул үчүн паспорт иштеп чыктык. Анда бала бакча тууралуу бардык маалыматтар жазылат, — дейт Р.Отунбаева демилгеси коомдук фондунун кызматкери Асылбек Жоодонбеков.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

ЖОЖГО КАБЫЛ АЛУУНУН ЭКИНЧИ ТУРУ БАШТАЛДЫ

$
0
0

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 10-июлда аяктап, план 49% аткарылды. Учурда экинчи тур өткөрүлүүдө, анын жыйынтыгы 17-июлда чыгарылат. 17-июль республикада Орозо айт болгондуктан, бул күнү окууга өткөндөрдүн тизмеси гана илинип, документтер 18-июлдан тарта кабыл алына баштайт.

Талапка ылайык, окууга өткөн абитуриент үч күндүн ичинде окуу жайга келип, окуй тургандыгын тастыктап, документтерин тапшырып кетүүсү зарыл. Эгерде экинчи турдан дагы гранттык орундар толбой калса үчүнчү тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн абитуриент сертификаттын түп нускасын алып келиши керек.  Бардык турга кабыл алуу бирдей тартипте жүргүзүлөт.

 

Биринчи турдун жыйынтыгы

Мамлекеттик жогорку окуу жайларга жалпы 5430 бюджеттик орун бөлүнгөн. Анын 468 жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын талап кылбаган адистиктерге каралган. Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, Кыргыз улуттук консерватория, Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы абитуриенттерди ички сынак менен кабыл алууда.

Калган 4862 гранттык орунга конкурс өтүп, 1-турда 2441 абитуриент кабыл алынды. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан 51931 абитуриенттин 25135 босого баллдан жогору топтоп, конкурска катышууга укук алган.

1-турда ЖОЖдордун ичинен эң көп абитуриент кабыл алган ИИМ Академиясы болду. Бул окуу жайда план 93% аткарылып, бөлүнгөн 122 бюджеттик орундан 2-турга болгону сегиз орун калды. Андан кийин Ысык-Көл мамлекеттик университети планды 77% толтурса, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы 75% аткарды.

Ал эми Ош техникалык университетинде, Талас мамлекеттик университетинде план болгону 32% аткарылса, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жана Кыргыз-Орус Славян университетинде план 40% гана аткарылды. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда болсо 1-турда абитуриенттер ички сынактан гана өтүшүп, билим деңгээлин экинчи турда сынашат. Бул окуу жайга жалпы 102 бюджеттик орун бөлүнгөн.

Былтыркыга салыштырмалуу быйыл кабыл алуу планы 1-турда 2% көбүрөөк аткарылды. Былтыр 1-турда план 47% аткарылган.

Дене тарбия академиясы планды 100% толтурду

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жок кабыл алып жаткан окуу жайларда ички сынактар жүрүүдө. Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде 1-тур 20-июлдан 22-июлга чейин болот. Учурда окуу жайда документтер кабыл алынып, абитуриенттерге кеңеш берүүчү курстар иштөөдө. Абитуриенттер тандап алган адистиктери боюнча чыгармачылык сынактарга даярданышууда.

-         Биздин окуу жайдын төрт факультетине жалпы 130 гранттык орун бөлүнгөн. Учурда 250дөн ашуун абитуриент документин тапшырып, сынакка даярданышууда. Эгерде 1-турдан орундар толбой калса август айында экинчи тур өткөрөбүз, — дейт окуу жайдын ректору Мамашарип Чотонов.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болсо 1-тур 8-июлда аяктады. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн 190 гранттык орун биринчи турда эле толуп, план 100% аткарылды. Бул окуу жайга тапшырган абитуриенттер спорттун түрүнө жараша сынактан өтүштү. Учурда контракттык орундарга документтер кабыл алынууда.

 

Мыктынын мыктылары кайсы ЖОЖду тандашты

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл топтоп, алтын сертификатка ээ болгон 54 абитуриент жылдагыдай эле каалаган окуу жайында, каалаган адистигин тандап алуу укугуна ээ болгон. Бирок алардын болгону 22си өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланды.

-         Билим берүү жана илим министрлигине  алтын сертификат алган 22 абитуриент гана кайрылды. Анын 13 Кыргыз-Орус Славян университетин тандаса, төртөө Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин, үчөө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын, экөө Кыргыз-Түрк “Манас” университетин тандады. Калган 32 абитуриент бизге кайрылган жок, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Евгения Чубукова.

 

 ЖРТдан 110 баллдан жогору топтогондор гана кабыл алынууда

1-турда жогорку окуу жайлардын баардыгында окутуунун бардык түрүнө кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен гана жүрдү. 2-турда дагы ушул эле талаптар сакталууда. Негизги тесттен 110 баллдан, предметтик тесттен 60 баллдан жогору балл алгандар гана кабыл алынууда. Талапка ылайык, ар бир окуу жайда бир эле учурда ЖРТнын талондорунун штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдуулар иштеп, ар бир адистик боюнча маалыматтар ачык-айкын чыгарылууда.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

 

 

Э.САРИЕВА ЖОЖДОРДУН КАБЫЛ АЛУУ ИШИН ТЕКШЕРДИ

$
0
0

 

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева 15-июлдаКыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Кыргыз-Орус Славян университетиндеги кабыл алуу өнөктүгүнүн 2-турунун жүрүшүн текшерди.

Текшерүүдө министр кабыл алуу комиссиясынын ишмердүүлүгүн, абитуриенттердин билдирүүлөрүнүн агымын, жалпы республикалык тесттин талондорунун жыйналышын, автоматташтырылган электрондук саноо боюнча маалыматты текшерди. Э.Сариева абитуриенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, жаштардын кесип тандоодогу мүмкүнчүлүктөрү  жана алар дуушар болуп жаткан көйгөйлүү маселелер тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуунун ачык-айкындыгын камсыздоо максатында Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен ар бир окуу жайда бир эле учурда ЖРТнын талондорунун штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдуулар иштеп, ар бир адистик боюнча маалыматтар ачык-айкын чыгарылууда.

  Ч.Кийизбаева, “Кутбилим”

 

Viewing all 382 articles
Browse latest View live